jindirak (21 Апрель 2021 - 09:53) жазган:
Жүрөгүм...
#23 27 Апрель 2021 - 12:14
jindirak (21 Апрель 2021 - 10:53) жазган:
Отто соонун жазып атасын жаным, тириликти мен жасап сен только чыгарма жазат окшойсун.
********
"Бахххх! Жаздын жыты кандай керемет!" - деген Кызгалдак көздөрүн жумду. Жерден жаңы башын көтөрүп келе жаткан үлбүрөгөн жашыл чөптөр, жаап койгон кардай аппак болуп оронгон мөмө багынын гүлдөрү. Адамдардын шаттуу, кубанычтуу жүздөрү. Кудум жаз менен тирүүлүк келгендей айлана чөйрө жанданып өзүнчө бир шаң. "Сенсиз тосуп жаткан биринчи жазым!" - деди жумулган көздөрүнөн бир тамчы сыдырылган кыз өзүнчө күбүрөнүп. Жаздын илеби жан дүйнөсүн кытыгылап көөдөнүндө башкача бир сезим уялайт. Бир аз шамал болсо учуп кетчүдөй үлбүрөк бул жанды аягандай салкын жел да саамайына төгүлгөн капкара чачтарын аяр гана сылап өттү.
-Мезгилдерим сенсиз токтоп калгандай! Сенсиз мен соолуп бараткандаймын Медер!
-Соолубайсың. .. - деди жанында турган жигиттин элеси дайымкыдай жумшак сүйлөп.
-Жооок! Сен мени түшүнбөйсүң. .. - Кызгалдак ошол көздөрүн жумган калыбында баш чайкады.
-Периштем менин, сени мендей түшүнгөн бирөө болду беле?
-...
Кыздын сыдырылып аккан бир тамчы жашына улай дагы тамчылар куюлуп кетти.
-Көрдүңбү мен гана сени түшүнө аламын.
-Анан эмне таштап кеттиң мени жалгыз? Өзүң гана түшүнүп башкасы түшүнө албаган бул жапайы, таш боор дүйнөгө?
-Мен сени таштаган жокмун Гүлүм! Мен сени мененмин! Ар дайым, түбөлүк.
-Азырчы? - Кызгалдак көздөн аккан жашына мууна шыбырап жиберди.
-Салам!
Ошол убакта артынан чыккан бул үндөн селт этти кыз. Шарт башын буруп артында өзүн кубанычтуу карап турган Мейкинди көрдү. Салаалап аккан жаштарын шашыла колу менен аарчып жиберип, бирөөнү жоготуп алгандай көздөрү коркунучка толуп элеңдеп эки жагын карап алды. Азыр эле жанында өзү менен сүйлөшүп турган Медердин элеси жоголуп кетиптир.
-Билбейм эмнеге, бирок сенин ушул бакта экениңди билгем, - деди Мейкин үнү кубангандай шаңдуу чыгып.
Жоок, Кызгалдак мурунку жолу Мейкинди Медерге окшотуп жаңылган экен. Көрсө экөө эки башка аалам туура. Медер мээримдүү, жумшак сүйлөп, оор токтоо болсо, Мейкин анын тескериси экен. Тамашакөй, үнүн бийик, шаңдуу чыгарып сүйлөгөн шайыр жигит...
-Салам, - деди кыз акырын.
Кызгалдактын сулуу, капкара каректери жашка толуп турса да Мейкинди арбап алды. Туптунук жүзүнө жарашкан бир тамчы жашы. Санаа баскан көздөрү муңдуу жанып, ансайын өзүнө чөгөрүп бараткандай. ..
-Ыйладыңбы дагы?
Кызгалдак башын чайкады. Колдору менен сумкасынын сабын кармалап олтурат.
-Сен ыйлаба. Мен өзүмдү сенин алдыңда күнөөлүү сезем! Чындыгында күнөөлүмүн. Кечир...
-Жок! - деди кыз Мейкиндин сөзүн бөлүп.
-Сенин күнөөң жок! - Кызгалдак баса айтты бул сөздү.
-Бул жөн гана тагдырдын жазганы, - деди кайра башы шылкыя жер тиктеп.
-Болгону мен ал адамсыз жашай албайм! Түшүнүп жатасыңбы, дем ала албай каламын! Ал менин жан дүйнөм, ал менин бүтүндөй ааламым. Мен менен Медер экөөбүз ажырагыс бүтүнбүз. Медер өлгөн күнү мен да өлгөм. Аны менен кошо сүйүүмдү, кубанычымды көмүп салгам. Жер үстүндө болсо оор денемди сүйрөп, жарым жан рузум гана сүйрөлүп жүрөт.
Кызгалдак эмнеге булардын баарын Мейкинге айтты өзү да түшүнгөн жок. Болгону бирөөгө айтып жеңилдебесе мынча оордукту, азапты көтөрө албай бараткандай. Мейкиндин кантсе да жүрөгү өзүнө жакын. Азыр дүйнөдөгү эң жакын адамы да ушул өзүнө бейтааныш Мейкин. Анткени бул дененин ичинде Медердин жүрөгү бар...
Ийиндери болор болбос дирилдеп турган назик кызды бооруна баскысы келди Мейкиндин. Жүзүндөгү жаштарын колдору менен аарчыгысы келип, бирок батына алган жок. Жөн гана кыздын үнүн чыгарбай титиреп ыйлап жаткан карап тура берди. Кызгалдак бир убакта барып басылды. Ошону эле күтүп тургандай Мейкин да кыздын шарт колдон алып сүйрөп жөнөдү.
-Сага эмне болду?!
-Жүр сага бир нерсе көрсөтөм! - деген жигит кызды унаасына алып келип салды. Тааныбаган адамдын эле мынтип күчкө салып алып баратканына бир жагы жини келсе, Мейкиндин түрүн көрүп кайра күлкүсү келет. Зымыраган жолдо унааны ушунчалык тездик менен айдап баратты Мейкин. Ушул ирмемде өзү да өзүн билбейт болчу. Кудум ичине бирөө кирип алып өзүн башкарып жаткандай. Кайда, эмнеге бара жатканы белгисиз. Кандайдыр бир сыйкырдын, же гипноздун күчүндө жүргөндөй.
-Акырын... - деген кыздын назик үнү угулду.
Алып учуп бараткан унаа тездигин азайтып жайлап Мейкиндин жүрөк согуусу баттап баратты.
-Мен тездиктен корком... - деди кыз кайра.
Шаардан чыгып бир кыйла жүрүшкөн соң ээн адырлуу талаага келип токтоду. Кызгалдак түшүп эле көргөн көзүнө ишенген жок. Баягы кызгалдактуу талаа. Медер экөө далай жолу келип гүлдөрдүн арасында куушуп ойногон ошол талаа. Кыз чуркап кетти. Ошол убактагыдай гүлдөрдү аралап чуркай берди. Артынан Мейкин да чуркады. Талаанын ортосунда гүлдөргө оролуп көздөрүн жумуп жаткан кыздын жанына катарлаш жатты жигит.
-Рахмат!
-Эмнеге?
-Бул жака алып келгениң үчүн! Чынында өз күйүтүм менен болуп, бул жакты унуткан экем. Балким жалгыз келгенден корксом керек. Кызгалдактар гүлдөгөн маалда биз дайым келип турчубуз.
-Кызгалдак?
-Оов
-...
-Эмне унчукпай калдың?
Кыз көздөрүн ачты. Каректери от чачып, жүщүн күлкү уялап башкача болуп калыптыр. Көрсө Кызгалдак күлсө, жылмайса такыр башкача болуп калат турбайбы? Жүзүнүн сол жагында чуңкурча пайда болуп, карагаттай көздөрү күлүңдөп таптакыр башка кыз. Күлсө аябай сулуу экен. Мейкин кыздын дайым суз жүзүн, жашка толгон муңдуу көздөрүн көрүп жүрүп үйрөнүп калган окшойт, азыр жылмайып турган кыз көзүнө периштедей эле көрүндү.
-Сен күлсөң аябай сулуу болуп кетет экенсиң, - деди акырын.
Кызгалдактын көздөрү ансайын бакырайып, жүзү кызарып кетти. Жаткан ордунан шарт олтура калып чачтарын оңдоп жатты.
-Мен чын айтамын, - Мейкин да өйдө болуп кызга катарлаш олтурду.
-Рахмат, - деди кыз кайра жигитти карап жылмайып.
-Ысымың неге Кызгалдак?
-Чоң атам койгон. Кызгалдактарды жакшы көрчү экен. Анан мен төрөлгөн жылы дайым бозоруп турган биздин айылдагы адырларды кызгалдактар каптап, оймо түшүрүлгөндөй укмуш кооз көрүнгөн экен. Ошол маалда төрөлүптүрмүн. Ошондон улам койгон.
-Өзгөчө.
-Өзүңчү эмнеге Мейкин?
-Өз атам койгон. Мейкиндиктей жүрөгү таза, келечеги мейкиндей ачык болсун деп.
-Ылайым... - деди кыз.
-Карачы асманды, түпсүз мейкиндик. Аалам чеги жок мейкиндик. Анан кызгалдактуу талаа... - Мейкин Кызгалдакты тиктеди. Кыздан жооп болгон жок.
-Мейкин менен Кызгалдак! Сонун жарашат экен ээ? - деди кайра.
Кызгалдактын азыр эле жадырап турган жүзү негедир суз тартып, Мейкинди укпагандай алысты тиктеп туруптур. Көздөрү кайра жашка толуп чыкты. Бир убакта ордунан атып турду да чуркап жөнөдү.
-Медееееер?!
Тээ адырдын жанында Медердин элеси чала көрүнүп кайра жоголуп баратты.
-Медеер токтоооо?! Кетпееее?! .
Кыз чуркап баратып мүдүрүлүп жыгылып кетти. Артынан келе жаткан Мейкин жерде жаткан кызды ала койду.
--Кызгалдак? !
Кыздын жүзү бопбоз болуп, тердеп кетиптир.
-Медееер?! - кыздын үнү алсыз чыкты. Көздөрү тумандап, кирпиктери бири - бирине чапталып калгандай көздөрү жумулуп бара жатат. Өзүнөн бир канча алыста Медери турат. Колдорун ошол тарапка алсыз көтөрдү Кызгалдак. Мейкин кыздын колдору көтөрүлгөн тарапты карады. Эч ким, эч нерсе көрүнбөйт. Колдорун кармады. Муздак. Дароо кызды көтөрүп унаага чуркап жөнөдү. Мейкиндин көкүрөгүнө башын шылкыйтып коюп бараткан кыздын көздөрүнөн жаштар куюлуп кетти.
#24 29 Апрель 2021 - 04:00
jindirak (21 Апрель 2021 - 10:53) жазган:
Отто соонун жазып атасын жаным, тириликти мен жасап сен только чыгарма жазат окшойсун.
*****
-Алло?
-Угуп жатамын?
-Мейкин сен кайдасың?
-Ооруканадамын, - деди жигит акырын шыбырап.
-Эмне?! Жакшысыңбы? Азыр, азыр мен барып каламын... - телефондун ары жагында Гүлжандын тынчсызданып ыйлап баштаганын үнүнөн эле билди.
-Жоок, жок мен жакшымын. Гүлү мен бир жакшынакаймын. Тиги Кызгалдакты алып келгем.
-Кызгалдак?
-Ооба, мен өзүм сага чалып коём макулбу?
Мейкин Гүлжандын жообун укпастан телефонду өчүрүп койду. Алдында узун болуп кайрылган кирпиктерин болор болбос титиретип уктап жаткан Кызгалдакты тиктеп олтурду. Кырдач мурду менен апакай жүзү, бөрсөйгөн эриндери... "Бул кыздын уктаганы да ушунчалык сулуу, керемет экен." - деди Мейкин өзүнчө ичинен.
Кызгалдактын ар бир кыймылын, жада калса мынтип акырын дем алып уктап жатканын карап олтуруу да азыр өзүнө ушунчалык жагып турганын билген жок. Ушул тапта жүрөгү магдырап, болуп көрбөгөндөй тынч эле. Колдору менен кыздын ийне сайылган назик колдорун аяр кармады. Жумшак, ушунчалык назик кол... кайра кыздын колдорун акырын керебетке коюп, сыртка чыгып кетти.
-Сиз кимиси болосуз? - жашы өтүп калган дарыгер көз айнегин алып Мейкинди карады.
-Мен...мен таанышы.
-Мм таанышы. Жакындарынан чакыра аласызбы?
-Эмнеге? Орчундуу маселе барбы? Мен жакын таанышы боломун.
-Ооба орчундуу. Бул кыз өтө кыйналып жүрөт. Баарын ичке жута берген болбойт. Акыры мынтип жыгылып калуусу мүмкүн.
-Түшүнүктүү. Чоң жоготуу болгон эле... - деди Мейкин акырын.
-Апасы, же жакынынан бирөөбү?
-Күйөөсү...
-Ыйманы саламат болсун. Анда мен силерге психологту сунуштамакмын.
-Кызгалдак каршы болот менимче.
-Албетте каршы болот. Ага азыр ушул абалы өзүнө жагып турат. Бирок ден соолугуна зыян келтирип жатканын билбей жатат. Көндүргүлө. Мындай учурларда жанында колдогон, жалгыз калтырбай алаксытып жүргөн адамы болуусу кажет. Эгер ошондой болсо, психологтун жардамына муктаж болбой сактап калсаңар болот. "Унут, эстебе!" - деп да адамды эзе берген болбойт. Жөн гана жанында болгула, колдоп тургула. Эгер ыйлагысы келсе токтотпогула. Ыйласын, төгүлсүн. Жеңилдейт. Болгону жалгыз калтырбагыла, өзүн жалгыз сезбөөсү керек.
-Рахмат сизге!
-Бүгүн бизде болсун, эртең жооп беребиз.
Мейкин дарыгердин бөлмөсүнөн чыгып Кызгалдакка келсе кызга колуна медайым ийне сайып жаткан экен.
-Жакшысыңбы? - деди Мейкин кыздын жанына келип.
-Жакшы.
-Коркуттуң го...
-Кечир, мен...
-Чын эле коркуп кеттим. Экинчи мынтпей жүр.
Кызгалдак болор болбос жылмайып койду. Баягы адырда көргөндөгү жүзүндөгү кубаныч жок. Кайрадан суз, кайрадан муздак Кызгалдак.
-Сен бара бер, - деди кыз акырын.
-Жок, кетпейм.
-Эмнеге? - кыздын көздөрү бакырайып жигитти тиктеди.
-Сени кантип калтырып кетем?
-Мен жаш бала белем?
-Ооба, жаш баласың го, - Мейкин кызга жакын келип саамайын уйпалап койду.
-Сени десе, керек болсо мен эжең болом.
-Сенби?
-Ии да. Канчага чыктың сен айтсаң?
-22 ге.
-Мен 26. Көрдүңбү чоң бекем?
-Сен 26 дасыңбы э?
-Ооба.
-Такыр окшобойт, - Мейкиндин үнү таарынгандай чыкты. Башын кармалап керебетте олтурган Кызгалдакты карап турду. Назик, апакай кара көз сулуу. Такыр чоң кыздарга окшобойт. Кудум наристедей көрүндү көзүнө. Жүзүнүн баёлугун айт. Ошол турган калыбында башын чайкап ууртунда күлүп жибергенин өзү да билбей калды.
-Сага эмне болду? - деди Кызгалдак өзүнөн көзүн албай жылмайып турган Мейкинди таң кала карап.
-Эч нерсе, мен өзүмчө ойлонуп. Кана эмне жейсиң айтчы?
-Эч нерсе, - деди кыз башын чайкап.
-Бул жооп өтпөйт. Мен азыр тамак алып келем, анан сен жеп бүткүчө карап олтурамын.
-Мейкин, андай кылбачы?
-Болбосо кетпейм.
-Ушундай көктүгүң да бар беле сенин? - деди Кызгалдак аргасыз күлүп.
-Ооба көкмүн, өжөрмүн! Медерге окшоп суранбайм, мен талап кылам.
-Медер суранбайт болчу, ал айткан нерсени мен өзүм эле жасай берчүмүн. Же анын ушундай адамды бат көндүрчү сапаты бар беле билбейм. Көздөрүнө карап эч качан жок деп айта албайт элең, - кыздын көздөрүнөн дагы тамчылар биринин артынан бири кулап кетти. Дайым ушундай, кокустан Медердин ысымы аталып калса болду өзүн кармана албай Медери жөнүндө сүйлөй берет. Көз жашы болсо өзүнөн өзү жамгырдай төгүлүп киргеничи.
-Кечир... - деди Мейкин эми гана кыздын талуу жерине тийип алганын түшүнүп. Тамаша катары көңүлүн көтөрөм деп байкабай сүйлөп алган болчу.
-Жакшы баары, - кыз көздөрүнөн салаалап аккан жаштарын сүртүп жатып жылмайды.
-Азыр тамак алып келейин. - Мейкин палатадан шашыла чыгып кетти.
Ошол күнү кечке ооруканада кыздын жанында олтурду. Кызгалдак үйдөгүлөргө кабар берген жок. Ансыз да кызын ойлоп санаага баткан апасы менен атасын дагы кыйнабайын деп айтпай эле коюну туура көрдү. Мейкин менен көп нерселер жөнүндө сүйлөшүштү. Кызгалдактын Медер өлгөндөн кийин биринчи жолу жүзүнө жылмаю келди. Биринчи жолу үнүн чыгарып күлдү. Мейкиндин куудулданып тамашалап сүйлөгөнү кыздын мээсин чарчаткан ойлордон бир кыйла алаксытты.
Таң эми гана атып, жердин бетин жаңы жарык каптап келе жатканда Кызгалдак көздөрүн ачты. Палатага таңдагы жарык бир аз түшүп турган экен. Өзү керебетте кечинде Мейкин менен сүйлөшүп жатып уктап кетиптир. Өзүнөн бир аз алыс аралыкта олтургучта Мейкин уктап жатыптыр.
-Тентек, - деп сүйлөнүп алды Кызгалдак.
Эки колун кайчылаштыра бүрүшүп уктап жаткан Мейкиндин көрүнүшү күлкүлүү да, бир тараптан адамдын боору ооругудай болчу. Кызгалдак акырын ордунан туруп өзүнүн жуурканын Мейкинге жаап койду. Жигитке жакын келген кыз негедир Мейкиндин капкара, кою анан бир аз тармалдап кеткен чачтарынан сылагысы келип кетти. Акырын колун созуп уктап жаткан жигиттин жүзүнө тийгизди. Жылуу экен. Куюлуп капкара болгон каштары, кыздардын кирпигиндей узун кирпиктери Кызгалдак дагы бир аз ийилип жакын келип Мейкинди абдан карап жатты. Анан эле бир убакта денеси ток ургандай дүрт эте колдорун шарт тартып алып, керебетине чуркап чыкты. Азыр эле өзүнүн эмне кылып салганына акылы жетпей, жүрөк кагуусу катуулап башкача бир абалда калды. Кудум ушул көрүнүш, кудум ушул окуя мурун болгон эле. Анда Кызгалдак менен Медер Америкада окушат болчу. Кызгалдак сокур ичеги менен ооруканага түшүп, Медер да дал ушинтип түнү бою жанында карап чыккан.
Көздөрүн ачса операциядан кийинки оору жанын кыйнап тызылдатып жатыптыр. Эрдин бекем тиштеген кыз алгач жардам сурамакчы болуп палатаны айланта карап чыкты. Маңдайындагы диванда колдорун эки бутуна катып алып бүрүшүп жаткан Медерди көрдү. Кызгалдакты карап жатып уктап кеткен окшойт. Жанынын кыйналганына карабай ордунан турган кыз Медерге келип жуурканын жаап кыйла жигитти тиктеп турган. Медердин өзүнө болгон камкордугуна, мээримине ичи элжирей акырын ылдый болуп жигиттин ыпыссык эрининен өөп алган болчу. Эми гана титиреген эрини Медердин эринине тийгенде жигит көзүн ачып ийсе болобу?! Кызгалдактын көздөрү чакчайып кеткен. Шарт өйдө болуп, ордуна келип жүзүн жуурканга беките жатып алды.
-Ээээй! Сени кылмыш үстүндө кармадым! - Медер каткыра керебеттин чекесине олтурду.
-Мени карачы?
-Жоок! - Кызгалдак жуурканга оролгон бойдон сүйлөдү.
-Гүлүм менин мени карасаң?
Кызгалдак акырын бетин ачты, кызарган жүзүн колдору менен тосуп алганын көргөн Медер ансайын каткырат.
-Күлбөөө дейм! - кыз бир убакта ыйлап жиберди.
-Гүлүм менин! Сүйөм сени!
Медер дароо кызды кучагына алып мурдунан чымчып койду.
Ушулардын баары бирден көз алдынан чууруп өткөрүп жаткан Кызгалдак көздөрүнөн жаштары куюлуп жатканын өзү да билген жок.
-Дагы эле ыйлап бүтө элексиңби? - деген Мейкиндин үнү угулду. Башын буруп караса Мейкин эки колун эки жака керип турган экен.
-Могу жуурканды сен жаап койдуң деп кыялдансам болбой калат э? Бир медайым келип байкуш деп боору ооруп жаап кеткен го, - деди өз алдынча кубүрөнө.
-Мен жаптым.
-Эмне?
-Ошол.
-Кантип?
-Ушинтип эле болбойбу эмне?
-Болот, рахмат. Мага да бооруң ооруганы таң калычтуу да.
-Жөнчү, бол баттан даярдан кетебиз.
-Эмне анча шашасың? Дарыгер келип сени көрөт, анан чыгабыз. Кал десе дагы калабыз.
-Мейкин, кетем үйгө. Кал десе да өзүм каламын, сен кетесиң.
-Ой эмне кууйсуң, кетем эле. Ансыз да сен коңурук катуу тартат экенсиң уктай албай чыктым.
-Эмнееее?? Мееенби?
Кызгалдактын көздөрү кайра бакырайып кетти. Кыздын ушундай абалы Мейкинге аябай жагып калган. Ошон үчүн ушинтип жок нерсе айтып чычалатып алганды жакшы көрөт.
-Ооба, сен да анан. Тим эле биздин палата бүт ооруканага угулду окшойт.
-Кетчи жиниме тийбей! - Кызгалдак артында турган жаздыкты Мейкинге атып жиберди.
Кызгалдакты орукандан чыгарып үйүнө таштап, анан үйүнө келсе Гүлжан булардыкында экен.
-Оо биздин султан үйүн эстейт экен ээ? - босогодон эле Гүлжандын какшык аралаш сөзү тосуп алды.
-Албетте, бул үйдө ханышаларым жашаса.
-Биз ойлогонбуз бул жакты унутту деп.
-Кайда унутат? Сен качан келдиң? - деди Мейкин Гүлжандын жүзүнөн өөп жатып.
-Түндөсү, сарсанаа болуп келсем жоксуң. Апам менен калып калдым анан.
-Апам кайда?
-Үйдө, жуунуп чык тамак бышты.
-Мен жакшы көргөн апамдын таттуу мантысыбы?
-Мен жасадым, - деди Гүлжан ашкана тарапка баратып.
-Анда жебеймин, жашагым келет! - деген Мейкин аркы бөлмөдөн чыгып келе жаткан апасына көз кысып койду.
Жуунуп чыгып апасы менен Гүлжан үчөө тамактанганы олтурушту.
-Кана Гүлү биринчи өзүң жеп көрсөтчү, эч нерсе болбосоң анан биз жейли.
-Ай бала койчу эми тамашаңды. Бир даамдуу тамак жасады Гүлжаным. Капа болбо балам мунун сөзүнө.
-Ой апа көнүп бүткөм.
-Ооба мен да, байкуш ашказан да көнүп бүттүк сенин тамактарыңа.
-Ырас болот! - деген Гүлжан Мейкиндин апасына көрсөтпөй тилин чыгарып койду.
-Ии андан көрө айтчы Кызгалдакка эмне болду? Эмне болуп сен аны менен чогуу жүрөсүң?
-Жолугуп калдык анан Медер жөнүндө сөз болуп, өзүн жаман сезип ооруканага алып баргам.
-Ошондой дечи, - деген Гүлжан бир кашын көтөрүп койду.
-Эмне таштап баса берейин беле?
-Мен анткен жокмун.
Ушуну менен үчөө үнсүз тамактанып жатышты.
#25 03 Май 2021 - 03:14
*******
-Гүлүм...
-Оов?
-Сен неге сулуусуң?
Кызгалдак жылмайды.
-Карасаң жылмайганың да сулуу...
-Сага ошондой сезилет да...
-Жоок, сени баары жакшы көрөт. Анткени сен ушундай жансың.
-Кандай?
-Назик, боорукер, мээримдүү, анан жумшак гүлдөй үлбүрөк, көпөлөктөй көркөм...
Кызгалдак тыкылдап баратып жанындагы Медердин сөздөрүнө ууртунан жылмайып баратты.
-Кызгалдааак? !
Алыстан кыйкырган үндөн жалт караган кыз Мейкиндин чуркап келе жатканын көрдү. Ошол замат жанындагы Медердин элеси жоголуп кетти. Азыр эле ууртунда күлкү уялап келе жаткан кыздын жүзү мостоюп, көздөрүнө жаш толуп калды.
-Кандайсың? - деди чуркап келгенге энтигип калган Мейкин.
-Жакшымын, - Кызгалдактын үнү таарынычтуу чыкты. Дайым ушундай, Медер менен сонун сүйлөшүп баратканда бул пайда боло калат да Медерин жоготуп алат...
-Сага эмне болду? - Мейкин кыздын балбылдап турган жаштуу көздөрүн көрүп таң калды.
-Эч нерсе.
-Кайда баратасың?
-Үйгө да.
-Кайдан?
-Жумуштан.
-Жумушка кирдиңби?
-Ууф Мейкин! Мынча көп суроо бересиң? - Кызгалдак тыкылдап баратып тык эте токтой калып жигитке карады.
-Эмне эле артымдан калбайсың? Кайжерде жүрсөм да чыга каласың? Түшүнчү сени деп жанымда турган Медер жоголуп баратат. Ажыратпачы мени андан!
Кызгалдактын көздөрүнөн жаштары салаалап төгүлүп кетти.
-Жок дегенде ушинтип жанымда жүргөнүнө тоскоол болбо! Ал менин жанымда. Сен пайда болгонуңда жоголуп кетет!..
Ушуларды айткан кыз чуркаган бойдон кетип калды. Мейкин болсо турган жеринде катты. Азыр эле кыз айткан сөздөргө түшүнүп түшүнбөй кала берди. "Жанымда жүрөт дейби? Чын эле бул кызга жардам керек! " - деп ойлонуп баратты, бир убакта өзүнө келип жолун улаган жигит. Ал ошол күндөн Медер жөнүндө өзүнчө маалымат чогулта баштады. Эмнеге экенин өзү да билбейт, ал жөнүндө билгиси келди. Эмнелерге кызыгат, эмнени сүйөт, эмнени жактырбайт негедир Медер Мейкинге кызык боло баштады.
Жумуштан көңүлсүз чыккан кыз жол боюнда унаасына жөлөнүп турган Мейкинди көрдү.
-Кандайсың?
-Жакшы. Мейкин ошол күн үчүн кечир... мен өзүмдү кармай албай эле.
-Баары жакшы. Эгер каршы болбосоң бир жерге барып келели?
-Кайда?
-Сага жагаарына ишенем, - деген жигит унаасынын эшигин ачты.
Кызгалдак да унчукпай унаага олтурду.
-Мейкин?
-Ии?
-Оорубай эле жүрөсүңбү?
-Жоок, өзүмдү жакшы сезип жатамын.
Ошол убакта Мейкиндин телефонуна чалуу келди. Экранда бажырайган Гүлжандын сүрөтү менен Гүлү деген жазуу чыгып турат. Кызгалдактын көзүнө жаш ирмеле калды. Медер да телефонуна Кызгалдакты "Гүлүм" - деп сактап койгон болчу.
-Алло? Оов Гүлү? Жакшыы. Жоок, кеч барамын. Сен кайдасың? Макул, чалып коём...
Мейкин телефондо сүйлөшүп баратты, дал ушул учурда арткы орундукта олтурган Кызгалдак телефонун алып Медерге чалып жаткан. Бир чакыруу кетип андан соң "Саламатсызбы азыр бош эмесмин, маанилүү билдирүүңүз болсо сигналдан соң калтырсаңыз болот, бошоп сизге сөзсүз чалам, Медер!" - деген Медердин шаңдуу үнү жаңырды. Кызгалдактын көзүнөн ылдый кулаган тамчы эрдине келип токтоду. Күнүнө он, жок кеминде жүз жолу чалып бул үндү укса керек. Сагынган сайын чалып угат. Бирок сагынычы тарап же көксөөсү кансачы... Аңгыча унаанын терезелерин черткилеп тамчыларын төгүп, жамгыр жаап кирди. Мейкин унааны чукул бура салып жол боюна токтотту да сыртка чыкты. Эки колун эки жака керип жамгырга жүзүн тосо калып көктү тиктеп тура берди. Унаадан түшкөн Кызгалдак таң калган көздөрү менен тиктеп турат.
-Кандай керемет!
-Эмне? - деди кыздын үнү титиреп.
-Мына бул жыт. Айрыкча жамгыр жааганда топурак аралашкан жыт ушунчалык жагат.
-Медееер?!
Кызгалдак эки колун керип турган жигиттин кучагына бой урду. Мейкин да бул жолу кызды кучагына бекем кысып алды. Көкүрөгүнө жөлөнүп алып өпкө өпкөсүнө батпай ыйлап турган назик кыздын чачтарынан жыттап алганын өзү да билген жок.
-Медер! Жаным, жарыгым!
Кызгалдак күбүрөнө сүйлөнө берди...
Ал ансайын Мейкин кызды катуурак кучагына басат. Чачтарына кошулуп, кийимдерине чейин өтмө катар болуп суу болуп кетишсе да ошол абалынан козголушкан жок. Качан гана шатырап төккөн жамгыр басаңдап калганда Кызгалдак биринчи эсине келип Мейкинди өзүнөн алыстата түрткүлөдү. Бирок Мейкин кызды андан бетер бекем кучактады. Кыналыша турган экөөнүн жүрөктөрүнүн кагуусу бири - бирине даана угулуп турган. Кызгалдак көзүн көтөрүп жигитти тиктеди. Чоктой күйүп турган каректер өзүн өрттөп ийчүдөй карап турат. Ал эми кыздын узун болуп кайрылган кирпиктерине туруп калган тамчы да Мейкинге ушунчалык ажайып, ушунчалык сулуу көрүнүп турду. Кызгалдактан келген жыт ого бетер башын айлантып магдыратып жиберди. Кызгалдак баары бир күч топтоп биринчи болуп көздөрүн тартып алып Мейкиндин кучагынан бошоду.
-Кечир, - деди суу болгон чачтарын кармалап.
-Жакшы, жакшы баары, - Мейкин ошол калыбында кыздан көз албай турат.
-Кеттикпи? - деген кыз Мейкинден жооп күтпөстөн унаага олтуруп алды. Жол бою унчукпай баратышты.
-Кызгалдак талаага алып бара жаткам сени, - деди жымжырттыкты бузган Мейкин.
-Жетпей калдык...
-Ооба жамгыр төгүп, а мен жамгырды сүйөм! - деди Мейкин суу болгон чачтарын артка сылап.
-Медер да жамгырды сүйчү. Айрыкча ушинтип жамгыр төккөндө шаардан сыртка чыгып адырларга жакын келип жытын сезгенди жактыраар эле...
-Түшүнүктүү. .
Кайрадан үнсүздүк.
-А баса мен бир жерден документ алуум керек, аны алып анан сени үйүңө жеткирип койоюн, - Мейкин күзгүдөн артында бараткан Кызгалдакты карап кайрылды.
-Убара болбо мен өзүм эле...
-Жок, өзүм жеткирем. Сени бул абалда кантип таштаймын? - деген Мейкин көйнөгү суу болгондон денеси жармашып, чачтарынан жамгырдын суусу тамчылап турган Кызгалдакты башын буруп бир карап алды. Экөө тең бырс эте күлүп жиберишти.
-Мени жумушумдун алдына алып бар, унаам калган, - деди кыз жылмайып.
-Макул анда.
Кызгалдактын жумушуна жеткирип келип кызды унаасына чейин узатканы Мейкин кошо түштү. Кыздын унаасынын жанында Медердин досу Жоодар кызды күтүп турган экен. Чачтарынан тарта, кийиидерине чейин суу болуп жымыңдап күлүп келе жаткан экөөнү көрүп Жоодардын оозу ачылды.
-Кызгалдак?
-Жоодар? Кандайсың? - деди кыз суу көйнөгүн тарткылап.
-Жакшы.
-Жөн жай элеби?
-Салам алейкум! - деди Мейкин биринчи кол сунуп.
-Алейкум салам! - Жоодар жактырбагандай кол сунду.
-Жөн эле, сенден кабар алайын деп.
-А баса бул Мейкин!
-Жоодар!
-Кызгалдак бир жерге баралы сүйлөшүп дегендей, - Жоодар кызды колдон алып акырын сүйлөдү.
-Жоодар башка күнү э? Карачы абалымды? Бул абалда сен менен бир жайга кирип олтура албайм да.
-Макул анда эртең?
-Сүйлөшөбүз, - деген кыз унаасына карап баратты. Жоодар эшикти ачып кызды олтургузуп койду.
Алыстап бараткан Мейкин улам Жоодар менен Кызгалдакты кылчактап карап, ичинен башкача сезим ойгонуп жада калса тиги жигиттен Кызгалдакты кызганым кетип жатты.

#27 05 Май 2021 - 03:37
*********
Үйүнө жакындай бергенде унаанын жарыгына жалгыз караан урунду. Каалгага жөлөнүп башын жерге салып турган экен. Гүлжан... Ооба Гүлжан. Унаадан түшүп эле чуркап келди.
-Гүлү?
-Мейкиин?! - шап эте колун мойнуна артып кучактай калган кыз Мейкиндин жүзүнөн өөп алды.
-Сен эмне турасың бул жакта?
-Сага келгем... - деди Гүлжандын көздөрү жайнап.
-Үйгө кирбедиңби?
-Бек экен...
-Аа, ооба апам тиги коноко кетпеди беле? Эсимден чыгыптыр.
-Качан келдиң?
-Көп эле болду, сага чалсам өчүксүң..
-Аа, азыр.
Ошондо гана Мейкин телефонунун кубаты өчкөнүн эстеди. Унаадан телефону менен кошо үйдүн ачкычын алып үйгө Гүлжан экөө киришти.
-Эмне жаанда калдыңбы? - Гүлжан Мейкиндин суу болгон чачтарын уйпалап койду.
-Ооба Кызгалдак менен адыр жака барганбыз, - деген жигит жуунучу бөлмөгө кирип кетти.
-Кызгалдак менен?
-Ооба, - Мейкин жуунучу бөлмөдө сүйлөп жатты.
-Эмнеге? - канчалык билдирбейин десе да Гүлжандын үнү дирилдеп чыкты. Кандайдыр бир түшүнүксүз нерсе жүрөгүн мыжып өткөндөй болду.
-Кызгалдактарды көргөнү...
-Мейкин?
-Оов?
-Сен көп жолугуп жүрөсүңбү ага? - Гүлжан суу болгон жүзүн сүлгү менен аарчып жаткан Мейкиндин алдына келди.
-Кимге?
-Тиги Кызгалдакка?
Мейкин түшүнбөгөндөй Гүлжандын жүзүнө эңилип карады. Дайыма жайдары турган жүзү кызарып, бир нерсеге капа болгондой ачуусу келип туруптур.
-Ээй сага эмне болду? - деди Гүлжандын бетинен чымчып.
-Мен каалабаймын ал кызга мындан ары кезигүүңдү! - бурк эткен кыз ары жакка басып терезени карап туруп алды.
-Мени карачы? Сен кызганып жатасыңбы мени? - Мейкин ары карап эки колун кайчылаштырып турган Гүлжанды өзүнө каратты. Көздөрүнө жаш келип турган экен.
-Бери келчи, - кызды колдон жетелеп столго маңдайлаш олтургузду.
-Уксаң, мисалы жөнөкөй эле. Мен менен тиги жигиттин оруну алмашып калса. Мен өлүп, менин жүрөгүмдү ага салышкан болсо.
-Андай сөздөрдү сүйлөбөчү! ...
-Бөлбөй уксаң сөзүмдү. Анан сен кандай абалда калмаксың Гүлү? Элестет эң жакын адамың жок. Бирок анын жүрөгү башка адамда. Баарынан да Кызгалдакты сен жакшы түшүнүүң керек. Анткени анын абалына сен да түшкөнсүң. Тагдыр экөөңөрдү бирдей сыноого салган. Бирок анын жакынын тартып алды. Мындай учурда ага жардам керек Гүлү. Сен аны көргөн жоксуң. Чын эле жардамга, колдоого муктаж. Ал кыз керек болсо Медердин элеси менен сүйлөшө берет. Медердин алдында мен да карызмын, демек анын таштап кеткен аманатына мен да жооп берүүм керек.
-Бирок мен андан сени...
-Ал эми Кызгалдактан мени кызганууң акылга сыйбайт. Ал деген менден чоң да. Анан сени гана сүйөөрүмдү билесиң го Гүлү? - Мейкин алдындагы Гүлжандын жүзүнө тамып турган көз жашын колу менен аарчып койду.
-Экинчи мынтпей жүр э?
-Кечир мени. Мен чын эле тентекмин...
-Тентегим менин, - деген Мейкин Гүлжанды кучагына басты.
Жумушунда олтурган Кызгалдакты бирөө чакырып жатат дешкенинен Мейкин деп ойлоду. Сыртка чыкса Жоодар экен. Колуна гүл кармап имараттын алдында туруптур.
-Салам!
-Салам, - деди кыз таң калып. Анткени муну күтпөгөн болчу.
-Кандайсың?
-Жакшы, өзүң?
-Мен жакшы. Сенин жумушка чыкканыңды угуп кубандым.
-Ооба, Медердин жалгыз тилеги, кыялы мыкты жактоочу болуп, атайын жактоочулардан турган, карапайым элге бекер кызмат көрсөтүүчү мекеме ачуу эмес беле? Ошого аракет кылып жатабыз.
-Ооба мен да кошуламын, эгер жардам керек болсо тартынба.
-Албетте.
-Бул сага, - Жоодар колундагы бир кучак гүлдү кызга сунду.
-Рахмат, бирок зарылчылыгы жок болчу, - Кызгалдак гүлдү алгысы келбей бирок ошол эле убакта Жоодарды капа кылып албайын деп акырын алды. Салкын шамалга желбиреп ар кайсы тарапка учкан чачтарын кулагына кыстарып койду кыз.
-Балким түштөнүүгө барып келербиз.
-Мен, бир аз жумуштарым бар эле.
-Суранам, - Жоодардын жалооруган кебетесин көрүп жок дей албады.
Тынч тамактануучу жайда экөө олтурушту.
-Жашоого кайтканың кубантты, - деди Жоодар кыздын бир аз кызыл жүрүп калган жүзүн көрүп.
-Рахмат, - кыз эрдин бекем тиштеди.
-Медер экөөң көп нерсеге жетишүүңөр керек болчу, бирок..
-Бирок Жараткан дайым эле биздин кыялдарды орундата бербейт экен, - деди кыз Жоодардын сөзүн бөлө башын көтөрүп. Балбылдаган карагат көздөрү жашка толуп турат. "Өххх не мынча керемет жансың сен? Жада калса мынтип ыйлайын деп турганың да укмуш жарашат?!" - деди Жоодар кызды суктана карап.
-Бул күндөр да өтөт Кызгалдак.
-Өтөөрүн билем, бирок Медер өчпөйт!
-Ооба, - Жоодар андан ары сөз улай албады. Анткени дагы бир сөз айтчу болсо кыз ордунан атып туруп чуркап кетчүдөй олтурат. Жоодарга болсо ушинтип гана Кызгалдактын жанында болуу да бакыт. Экөө андан ары үнсүз тамактанышып кайра Жоодар кызды жумушуна алып келип койду.
-Рахмат сага! - Кызгалдак коштошуп жатып колун сунду.
-Жакшы кал, байланышабыз! - Жоодар күтүүсүздөн Кызгалдактын жүзүнөн өөп алып унаасына түшүп кетти.
Ушул күнгө чейин Медеринен бөлөк бирөө жүзүнөн өбө элек болгону үчүн Кызгалдак оңтойсуз абалда калды. Дал ушул учурда жолдун аркы бетинде Мейкин Кызгалдакка келе жаткан. Жоодардын кыздын жүзүнөн өөп коштошконун көрүп жүрөгү атылып кете жаздады. Өзү да түшүнбөгөн абалга түшүп, көкүрөгү түрсүлдөп кагып Кызгалдактын жүзүнөн сүйө унаага олтуруп кеткен жигитти жек көрө карап кала берди.
Колундагы гүл менен жол боюнда узун көйнөгүн шамалга желбирете турган Кызгалдактын жанына чуркап жетип келди.
-Ким ал?!
-Ой, Мейкин? Кандайсың? - Кызгалдак Мейкинди көргөнүнө негедир кубанып кетти, жүзүнө жылмаю келип көздөрү болор болбос жадырайт.
-Ким дейм тиги?
-Сага эмне болду?
-Жооп бер! - Мейкин кызды колдон алып өзүнө тартты.
-Жоодар, Медер экөөбүздүн досубуз! Коё бер! - кыз колун тартып алып Мейкинден кетенчиктеп алыстай берди.
-Кызгалдак кечир мен... мен өзүм да билбей. Ишен өзүмдү башкара албай калдым окшойт.
-Эмне жаныма келип сүйлөп койсоң эле бардык нерсеге укуктуу болуп чыга келесиңби? Бул менин жашоом уктуңбу? Эмне мени тергейсиң? Сен мага ашыгы менен ини гана боло аласың! - Кызгалдак Мейкинге катуу сүйлөп чуркаган бойдон жумушуна кирип кетти.
Мейкин болсо өзүн өзү түшүнбөй, көкүрөгүн өрттөгөн бир кызганыч каптап жанын коёрго жер таппай тыбырчылай берди. "Мага эмне болуп жатат? Жолукса жолукту, өпсө өптү! Ага анча менин жаным кашаят? Чын эле буга ким элем? Делөорүп кызганып алганым неси?" - деп ойлоп алып өзүн соороткону менен жүрөгү туйлап, чыркыраганын койбойт.
Иш столундагы Медер экөөнүн түшкөн сүрөтүн колуна алды Кызгалдак. Окууну бүткөндө түшүшкөн сүрөт. Медердин көздөрү күлмүңдөп бир башкача жайнайт. "Ээхх кандай адам элең? Медер сени сагынып жатамын? Эмнеге келбей калдың жарыгым? Кантип мени сагынбай жүрөсүң? Кантип жүрөгүң түтүп жатат?" Кызгалдак титиреген колдору менен Медерди сылай берди. Жүрөгүң деген сөздү эстеп дароо оюна Мейкин келди. Бир аз мурун убакыт эле алдында тентек болуп турган Мейкиндин кебетесин эстеп жылмайып алды да, кайра ага катуу сүйлөп алганын ойлоп телефонун алып чалып кирди. Өчүрүлгөн.
-Тентек! - сүйлөнүп алган кыз өз жумушу менен алек болуп кетти.

#29 06 Май 2021 - 20:42
jindirak (21 Апрель 2021 - 10:53) жазган:
Отто соонун жазып атасын жаным, тириликти мен жасап сен только чыгарма жазат окшойсун.
********
Үч күн, төрт күн. Бир жума өттү... Баягы күндө жумушунун алдынан тосуп алчу, же болбосо өзү сүйгөн сейил бактан капысынан алдынан жадырап чыга калчу Мейкинден дайын жок. Билинбегени менен бул өткөн аралык ичинде Кызгалдак аны ушунчалык сагынганын билди. Көнүп алыптыр. Мейкиндин каткыра күлгөнүнө, жанында көңүлүн көтөрүп сүйлөп тамашалап ойноп кеткенине көнүп калган экен коңултуктап жалгызсырап эле калды. Күркүрөгөн күздүн алгачкы айлары. Сыртта күз болгону менен күн ысып эшик үп тартып турган маал. Кызгалдак дем алыш күнүн үйдө өткөрүп жаткан. Адатынча терезесин чоң ачып коюп китеп окуп олтурган.
-Кандайсыздар? Кызгалдак үйдөбү? - деген тааныш үндөн башын шарт көтөрдү. Ооба Мейкин, анын үнүнөн эле тааныды. Чуркап келип терезеден акмалап турду. Мейкин апасы менен учурашып үйгө кадам коюп кирип келе жатат. Кызгалдактын жүрөгү дагы дүкүлдөп согуп, колдорун болор болбос майда калтырак басып турду. Толкунданып ордуна барып олтуруп, кайра туруп бөлмөсүнүн ичинде эки жак баса берди. Улам күзгүнүн алдына келип чачтарын оңдоп коёт. Мейкин экинчи кабатка көтөрүлүп басып келе жаткан дабышы угулду. Колуна китебин кармап олтуруп калды.
-Салам, - эшик кыйгач ачылып андан Мейкин баш багып турган экен.
Кызгалдак үңүлүп олтурган китебинен башын көтөрдү. Бөлмөнүн ортосуна коюлган жумшак олтургучта эки бутун бүктөп алып китеп окуп олтурган кыз Мейкиндин көзүнө ушунчалык сүйкүмдүү көрүндү. Жүрөгү дегдеп сагынып калган экен. Оюна койсо азыр эле барып кучагына басып алгысы келип турду.
-Салам, кел. - Кызгалдак олтурган ордунан туруп бери басты.
Ачылган терезеден кирген шамал кыздын капкара чачтарын ары - бери ойноп желбирейт.
-Кандайсың?
-Жакшымын. Сенчи?
-Жакшыы, - Мейкин Кызгалдактын бөлмөсүн айлана карап басып жүрдү. Баары көзүнө сонун, баары сулуу көрүнүп жатты. Кыз уктаган керебет, иш столу, андагы кыздын колу тийген барактар. Барактардагы сулуу кол жазма. Бөлмө ушунчалык таза, анан жыпар жыттанат. Кудум Кызгалдактын өзүндөй. Көрсө Медер ошон үчүн бул сулууга ашык болгон окшойт. Сулуугуна төп келген жумшак мүнөзү анан тазалыгы. Мына бөлмөнүн төрүндө Медер экөөнүн сүрөтү илинип турат. Жигит кызды аяр кучактап турган сүрөт. Кызгалдак күлүп түшүптүр. Экөөнүн тең көздөрү бакыттан жанып балбылдап, кош каректери чексиздикти тиктеп тургандай. Кызгалдак чын эле күлгөндө такыр башка адамга айланат экен. Наристедей тунук, баё жүзү бажырайып көз жоосун алган перидей.
-Медерби?
-Ии, - кыз акырын унчукту.
Мейкин сүрөттүн алдына келип кыйла тиктеп турду. Анан көздөрүн тартып алып бөлмөнү айланта карап жатып текчеде, күзгүнүн алдында, Кызгалдактын иш столунда турган Медердин сүрөттөрүн көрдү. Жанатан байкабаган окшойт, бөлмөнүн жарымы анын сүрөттөрү экен. Ары жакта эки колун кармалап бүжүрөйүп турган кызды аяп кетти.
-Кыйналган жоксуңбу? - деди башкача мээримдүү камкор үн менен. Дайым үнүн бийик көтөрүп шаңдуу сүйлөгөн Мейкиндин бул сүйлөгөнү кызга Медерди эстетип жиберди.
-Жок, - кыз башын чайкады.
-Мен муну сага алып келгем, - Мейкин аппак болуп оролуп кооз байлагыч менен байланган баракты кызга сунду. Кызгалдак ичке колдору менен баракты аярлап ачып окуй баштады.
"Урматтуу Кызгалдак сиздерди Мейкин менен Гүлжандын үйлөнүү..." Кызгалдактын ал жагын толук окуганга чамасы жетпей барактан көздөрүн тартып алды. Ичиндеги бир жылуулук жалп эте өчүп, дүйнөсүн караңгылык каптагандай абалга түштү.
-Куттуктайм! - деди Мейкинди мээримдүү карап кучагын жая.
Кызгалдак жигитти бооруна басып көздөрүн жумуп жибергенде жанатан ирмелип турган жашы кулап түштү.
-Бактылуу болгула! Силер үчүн абдан кубанычтамын! - деди шыбырап. Ооба шыбырап айтты. Негедир көөдөнүн жарган бир күч келип тамагынан ары өтө албай үнү араң чыккансыды.
-Рахмат, чооң рахмат.
Негедир Мейкиндин үнү да калтырап чыгып жатты. Кучагында өзүнө ыктап турган кыздын назик денесин аярлап кучактап, анын демине жүрөгү магдырап көз алды айланкөчөк боло түштү. Жүрөгүнүн түрсүлдөп кагышы кадимкидей угулуп, атүгүл Кызгалдак аны сезип жатты. Акырын колдорун Мейкиндин сол көкүрөгүнө жүрөк тушуна алып келип койду. Мына өзүнө таандык жүрөк! Дүкүлдөп, жулкунуп, сагынычтуу кагып жатат. Кызгалдактын көздөрүнөн жаштар чууруп кетти.
-Ыйлабачы?! - Мейкиндин үнү жалынычтуу чыкты.
-Ыйлаган жокмун, - кыз шашыла колдору менен жүзүн жууган жашты сүртүп жылмайды.
-Мага көңүл бурба! Мени билесиң го жашыкмын.
-Ооба билем! Сен күчтүүсүң! Мен элестете албаган даражада күчтүү экениңди билем. Илмейип, бир аз шамал болсо учуп кетчүдөй араң турган бул жан кандай эрктүү экенин билем.
Кызгалдак көздөрүн ирмегилеп жигитти тиктеп турду. Дал ушул учурда экөөнүн тең дүйнөсү эңшерилип, экөөнүн тең жүрөктөрү канап жаткан...
-Биз сени күтөбүз! - деди Мейкин көзүнө келген жашты Кызгалдакка көрсөтпөй жылмайып.
-Барам, албетте барам...
Мейкин чыгып кетти. Бөлмөнүн ортосунда жалгыз калды Кызгалдак. Азыр эле сонун болуп кубулуп турган жаратылыш, дүйнө көз алдында көчүп кеткендей болду. Өзүнө ээ бербеген жапайы бир сезим оргуштап, түшүнүксүз кызганыч көөдөнүн өрттөп Кызгалдак озоңдоп ыйлап жиберди. Бөлмөсүндөгү колуна тийгендин баарын ыргытып, чачып, сындырып да жатты, өксүп ыйлап да жатты. Бир убакта барып төрдө илинген Медердин сүрөтүн көргөндө басылды. Жинди немедей чачтары чачылып, көзүндө жаш менен турат.
-Кечир! - деди сүрөткө жакын келип колдору менен аяр сылап.
-Мен... мен сенин жүрөгүңдү башка менен бөлүшкөнгө даяр эмесмин Медер. Ал жүрөк меники...
Кызгалдак тизелеп олтура калып шолоктоп ыйлап жиберди. Мейкин өзүнүкү эмес экенин акылы менен туюп турса да негедир аны кыйбай жатты. Балким өзү айткандай Медеринин жүрөгүн бөлүшө албай жаткандыр.
-Негеее?? Неге мынча көкүрөгүм өрттөнүп жатат айтчы? Медеееерр? ...
Кызгалдактын үйүнөн сыртка атып чыккан Мейкин унаасына олтура октой учуп жөнөдү. Көз алдында кыздын жоодураган капкара, жашка толгон каректери. Чакыруу катты окугандагы анын томсоргон жүзү... Айдап бараткан ролду уруп, уруп алды Мейкин. Дароо көзүнө мындан бир жума жасаган чукул кадамы тартылды.
Окуу жайдан чыккан Гүлжан колуна гүл кармап Мейкин унаасына жөлөнүп турганын көрдү.
-Ооу жаңылык го? - деди кыз шоктоно келип жигитинин бетинен өөп.
-Эмнеси?
-Мейкин эстеп көрчү сен качан эле мага гүл бергенсиң?
-Ошол бербегенимди эстеп сага сюрприз кылайын десе...Жакпаса айт азыр эле ыргытып салам, - деген жигит гүлдү ыргытмакчы болду.
-Ээй! Жинди го! Келе бер. Жагат эле. - Гүлжан Мейкиндин колундагы гүлдү жулуп алып рахаттана жыттап койду.
-Ошентсең.
-Кайда барабыз?
-Гүлжан тынч жерге баралы? Сүйлөшчү сөздөр бар.
-Эмне болду?
-Жүр кеттик.
Экөө тынч жайга келип олтуруп жайланышканы менен Мейкинден сөз чыкпайт. Эки колун бириктирип, каштарын болор - болбос жыйрып алган Мейкин бир чекиттен көзүн албай ойлуу.
-Болду жетет эми! - Гүлжан столду колу менен уруп алды. Мейкин чууруп тизмектелген ойлорунан селт эте кызды карады.
-Келгенибизге эки сааттан өттү. Тунжурайсың, мени да бышырып бүтмөй болдуң. Айтчуң болсо айтып жарыл да.
-Гүлү мен...
-Ооба Гүлүмүн, сен тааныгандан бери Гүлүмүн. Кана эми айт? Мага эмнени айта албай жатасың? Же башканы сүйүп калганыңды айта албай кыйналып жатасыңбы? Мени аяп жатасыңбы сен? Мен муну сезип жүргөм! Керек болсо билгем ким экенин да! Мына таптымбы? Эми сага жеңил болду!
Гүлжан ордунан туруп алып сүйлөй берди, Мейкин аны биринчи жолу көрүп тургандай таң калуу менен тиктеп турат. Ооба биринчи жолу Гүлжандын бул абалын көрүшү. Көздөрү жашка толуп турган экен.
-Кечир Мейкин. Кечир. Мен жөн гана сенин бактылуу болушуңду каалаймын! - Гүлжан колундагы бир убактары Мейкин берген шакекти чечип жигиттин колуна карматты да жөнөмөкчү болгондо Мейкин колдон тартып кучагына алды.
-Тентек! Тентегим! Бул эмне кылганың? Мейкин сенсиз кантерин ойлогон жоксуңбу?
-Мен...мен.
-Гүлү үйлөнөлүчү? - деди кыздын кулагына шыбырап.
-Ыя? - Гүлжан ишенбегендей Мейкиндин көздөрүнө карады.
-Мага турмушка чыгасыңбы дейм?
Гүлжан чын эле мындайды күтпөгөнгө дендароо болуп эле туруп калды. Ооба ал оюнда Мейкин өзүн таштап кетет деп күткөн. Ошол үчүн мындай олуттуу болуп сүйлөшкөнү келди деген. Анан эле капыстан бул сунуш...
-Гүлү?
Гүлжан чоочуп кетип Мейкиндин мойнуна кайра асылып алды.
-Макулмун, макулмун жаным! - деди ый аралаш шыбырап.
Кыздын жаш баладай сүйүнүп, улам Мейкинди карап жүзүнөн өөп алганын көрүп Мейкиндин да көңүлү көтөрүлө түштү. Бирок баары бир жүрөгүнүн бир бурчу мазасын алып башкача ооруп жатканын сезди. Кудум өз жашоосу менен жашоого акысы жоктой, бирөөдөн карыз болгондой абалда турду.
Мына ушинтип Мейкиндин өтүнүчү менен той шашылыш белгиленип, даярдыктар көрүлө баштаган. Бул аралык ичинде өзүнүн эмне иш жасап жатканына өзү түшүнбөй, башка бир ааламда жүрө берди. Телефонун да өчүрүп койду. Качан гана тойго бир жумага калганда мынтип чакыруу кагазын көтөрүп Кызгалдактын алдына келген.
Мейкин учуп күйгөн бойдон түз эле баягы Медердин мүрзөсүнө келди.
-Кандайсың досум? Билесиңби абдан кыйналып кеттим? Эмне кылайын айтчы? Кызгалдакты мага таштаганыңды билем, бирок ага жакындоого акым жоктой сезем өзүмдү. Менин сага чейин өз жашоом гана болгон. Мындан кийин да өз жашоом менен гана кетүүгө милдеттүүмүн досум. Билем сен азыр мени айыптап да жаткандырсың. Бирок сен да түшүн, мен Гүлжанды жарым жолдо калтыра албайм. Ал эми сенин Кызгалдагың күчтүү. Бирок... Эххх Медер, Медер! Кызгалдактын көздөрүнө кароо канчалык азап экенин билесиңби? - Мейкин ушинтип сүйлөнүп алып мүрзөнүн жанында олтура берди.
#30 07 Май 2021 - 02:12
********
Кооз жасалган ресторанда той өз нугунда өтүп жатты. Апакай көйнөк кийген колуктунун жүзү жаркып, көздөрү бакыттан балбылдайт. Көрсө бакыт гана адамды сулуу, сымбаттуу көрсөтө алат турбайбы? Гүлкайырдай кулпурган колуктунун жанында кабагы салыңкы Мейкин. Негедир өзүнүн тоюнда маанайы ачылбай түнөрүп, тойдогу шаан - шөөкөт, оюн - күлкү да анын жүзүнө жылмаю тарта алган жок. Ал тымызын көпчүлүктүн арасынан бирөөнү издеп жаткандай мойнун созуп улам эшик тараптан кирип келе жаткан конокторду үзүлүп карайт. Тойго конок болуп Медердин атасы менен апасы да келишкен. Баары жайдары, баары бактылуу. Эки жашка арналып канча каалоолор айтылып, канча шараптар көтөрүлдү. Бирок азыр булардын бири да Мейкин үчүн маанисиз эле. Анын бүткөн ою менен кыялы, таптакыр башка жакта жүргөн. Той ортолоп калганда гана өзү көптөн күтүп, жолун карап арзыганы көрүндү. Узун боюна жараштырып кийген көгүш түстөгү жайкалган көйнөгү, төбөсүнө байлаган чачы, капкара көздөрү... Кызгалдак менен Жоодар ээрчишип келишти. Залда ошончо конок болсо да негедир алар киргенде баарынын көңүлү түшүп, жапырт бурула карашты. Адамдардын бул көз караштарынан ыңгайсыз абалга түшкөн Кызгалдак колундагы атайын эки жаш үчүн сатып алган бир кучак гүлүн мыжыга кармап алды. Түз эле Жоодар экөө эки жаштын алдына келишти.
-Куттуктайбыз!
-Куш бооңор бек болсун! - Кызгалдак Гүлжандын жүзүнөн өөп, Мейкиндин колун катуу кысып койду. Аппак колдору дагы муздак экен. Мейкин бир нече ирмемге Кызгалдактын көздөрүнө карап туруп, колун коё бербей тура берди. Экөө көз ирмемчелик убакыт ичинде жүрөктөрү менен не деген сөздөрдү сүйлөшпөдү? Кайрадан жүрөктөрдүн согушу баттап, алар нелерди гана шыбырашпады. ..
Качан гана Гүлжандын колу өзүн колтуктап алганда коё берди Мейкин.
-Рахмат, келгениңерге кубанычтабыз! - Мейкин өзүн колго ала атайын Жоодарды жактырбагандай көзүнүн үстү менен карап сүйлөдү. Кызгалдактын суйкайган бул сулуулугун ич - ичинен кызганып жүрөгү өрттөнүп бараткандай жалындайт. Жанатан суз олтурса эми жини кайнап, айланасында болуп жаткан эч нерсе жакпай муштумдары түйүлө калып кайра элди көрүп айласыз түйүлгөн муштумун жазат. Аргасыз, чарасыз болуп тушалып калган бул абалдан чыга албай калгандай кыйналып кетти. Кызгалдак тарапты карап алып, анын жанында Жоодар кызга камкордук кылып жүргөнүн көргөн сайын дем жетпей бара жатты. Мойнуна байланган галстукту жулкунуп бошотуп жиберди.
-Сага эмне болду? - Гүлжан жүзү кызарып башкача болуп олтурган күйөөсүнүн колун кармады.
-Эч нерсе!..
-Мейкин?!
-Гүлү баары жакшы. Болгону бир аз демим кысылып турат.
-Жүр сыртка таза абага чыгып келели, - деди Гүлжан Мейкинди колдон алып ордунан козголо.
-Жок, экөөбүз тең жоголуп кеткенибиз болбойт. Мен өзүм чыгып келем.
-Бирок...
-Бат эле келем, - деген Мейкин келинчегин аяр сүйүп ордунан туруп кетти.
Ресторандын арт тарабына өтүп эле мойнун бууган галстугун чечип ыргытып, көйнөгүнүн топчуларын чечип ийди.
-Уууххх! - деп алды көктү тиктеп терең дем ала.
-Эмне жүрөгүң кысылып кеттиби? - арт тарабынан чыккан назик үндөн шарт бурулду.
Кызгалдак беш алты кадам арыда өзүн карап туруптур.
-Эмне келдиң? - деди Мейкин ачуусу келгендей кабагын түйүп.
-Аба жетпей кыйналып сыртка чыкканыңды көрдүм.
-Тойго дейм.
-Эмне?
-Тойго эмне келдиң? - Мейкин бери бурулуп кызга эки аттап жетти да анын капкара көздөрүнө тигиле карап турду. Эс - акылыңды уурдаган сулуу каректер...
-Өзүң чакырдың го? - деди кыз күнөөлүүдөй көздөрүн ансайын жалдыратып.
-Атайын тигиңди ээрчите келдиңби э? Мени сынайын дедиңби? Же өч алып жатасыңбы ушинтип? Кандай болот экенин көр дегени турасыңбы?! - Мейкин жинди немедей Кызгалдакты эки ийинден ала жулкулдатып ийди.
-Эмнеге? Эмнеге мен сени көрсөм өзүмдү жоготуп коём? Эмнеге сени кызганам? Эмнеге сенин жаныңда мен жинди боло берем? Айтчы?! Балким ичимде, могу жеримде сени сүйгөн адамдын жүрөгү болгон үчүндүр? - Мейкин көкүрөк тушун ургулап алды.
-Бирок билип кой мени жүрөк эмес акыл башкарат! Мен жүрөктү укпай акылым менен кеңешип чечим чыгарып жашаймын! - деген Мейкин колун чекесине коюп көрсөттү.
-Жүрөк башканыкы болгону менен акылым өзүмдүкү!
Кызгалдак адатынча кара көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаштарын агызып жылмайып гана карап тура берди. Буркан, шаркан түшө баарын сүйлөп алган Мейкин кызды тиктеп алып шалдырай түштү. Жаштуу көздөрү менен мээримдүү тигилип туруптур.
-Мени келип бир урчу Кызгалдак! - деди ыйламсырап.
-Эмнеге? - деди кыз ансайын жумшак үн менен.
-Урчу, урушчу, тилдеп, каргап сал! Болгону мынтип үнсүз жазалаба мени! Мынтип жылмайып өлтүрбө! - деген Мейкин бул жолу акырын, жалбара суранып сүйлөдү.
Кыз болсо үндөбөстөн ары жакта жаткан галстукту алып Мейкинге жакын келди да, акырын мойнуна байлап баштады.
-Медер да галстук такса жүрөгү кысылчу. Анан мен атайын ага бош кылып байлап берчүмүн. Дайым галстугун мага гана байлатчу, - Кызгалдак назик колдору менен аярлап байлап жатып сүйлөдү. Ошол эле убакта көздөрүнөн жаштары кулап кетип жаткан эле.
-Мынакей эми сени да кыспайт, - деди да колдору менен көйнөгүнүн жакасын тууралап оңдоп койду.
-Кечир... - Мейкин ылдый болуп кыздын чачтарынан жыттап алды.
-Ичкери кир Мейкин. Келинчегиңди мынтип жалгыздатпа макулбу?
-Сен неге мындай жансың айтчы?
-Мейкин бар дедим, - деди Кызгалдак аны түртүп.
Мейкин кыйылып жатып араң узап кирип кетти. Мейкин кирип кетери менен Кызгалдак буркурап ыйлап жиберди. Эмнеге экенин өзү да билбейт. Бул экөөнүн мындай аянычтуу абалын асмандагы толуп турган ай менен караңгы бурчта күзөтүп турган Жоодардан башка эч ким көргөн жок...
Мейкин бул жолу ачуусу келип, баарын бузуп талкалагысы келбеди. Жөн гана жүрөгү канап, жан дүйнөсү жанчылып гана олтурду. Кызгалдак менен Жоодар тойдон эрте эле кетип калышты. Жол бою машинада үнсүз, терезени карап келе жатты кыз. Жоодар болсо көз кыйыгы менен гана Кызгалдактын ар бир кыймылын күзөтүп баратты.
Той соңуна чыгып Гүлжанды Мейкиндин үйүнө алып келишти. Мейкин болсо негедир ичкери кире албай, сыртта бакчаны айланып жүрө берди. Бир аз мурун эле асман бетин жыбыраган жылдыздар каптап турган болсо, эми аларды карарган булут тосуп калыптыр. Кыязы жамгыр жаачудай түрү бар. Колуна ичимдик көтөрүп алып атайын Гүлжан экөө үчүн дайындалган бөлмөнүн терезесин сырттан карап тура берди. Жарыгы күйүп ичиндеги колуктусу өзүн чыдамсыздык менен күтүп жатканынан кабар берип турат. Мейкиндин жүрөгү ачышып чыкты. Колундагы ичимдикти ошол бойдон көтөрүп жутуп алды да теңселе басып жөнөдү.
Дыбырап жааган жаандын үнүн уккан Кызгалдак терезеге жакын келип түртүп ачып ийип жүзүн жамгырга тосту. Жүзүнө тамган муздак тамчылар денесин чыйрыктырып жибергенине карабай ошол абал өзүнө ансайын жагып, турган калыбынан жазбай көздөрүн жумуп тура берди. Мынтип дагы көпкө турса керек эле телефонуна келип жаткан чалуу кызды алаксытты. Экранда Мейкиндин номери. Чоочуп кетти Кызгалдак.
-Алло? - деди шашыла кабатыр үн менен.
-Кызгалдак! Мен, мен сени көргүм келди! - деген Мейкиндин үнү энтигип угулду.
-Сага эмне болду? Кайдасың?
-Сенин, сенин эле жаныңда! - деди да байланыш үзүлүп калды.
Шашыла үстүнө күрмөсүн таштаган Кызгалдак үйүнөн сыртка чыкты. Дарбазасынын жанындагы бийик дубалга жөлөнө суу болуп Мейкин туруптур.
-Эээй! Жинди болгон го бул?! Эмне турасың бул жерде?!
-Сага... сага келдим!
-Мени карачы?! Сен ичтиңби эмне?
-Ооба! Ичтим!
-Жүр үйүңө алып барам. Токтой тур. Мен унаамды алып чыгайын!
-Жоок! Жоок! Үйгө барбайм мен! - деген Мейкин Кызгалдактын колдорун кармады.
-Мени талаага алып барчы суранам!
-Эмнеее?
-Жок дебе?
-Эй бала, сенин деген бүгүн нике түнүң! Үйдө келинчегиң күтүп олтурат!
-Азыр алып барбайм десең өзүм деле кете берем! - деди Мейкин да көгөрүп.
Унаада экөө түн жамынып шаардын сыртындагы талаага бара жатышты. Сыртта болсо жамгыр көнөктөп коюп жатат. Ошол адырга келип жол боюна токтотту унааны кыз. Мейкин дароо сыртка чыгып колдорун эки жака керип көктү тиктеп тура берди. Топурак жыттанган талаа менен жамгырдын жыты өзгөчө сонун сезилди. Терезени түшүргөн Кызгалдак да негедир кере дем алып, жүрөгү жеңил тарткандай боло түштү.
-Олтур эми шамалдап каласың! - деди кыз унаадан түшүп Мейкинди карап. Теңселе баскан Мейкин кайра унаага келип олтурду.
-Ушул жерде түнөп калалычы... - деди бир убакта Мейкин.
-Тентек болбочу! Ансыз да бүгүн жаш баланын ишин кылдың!
-Суранам! Могу жүрөк азыр ушунчалык тынч болуп турат. Бул абал мага да жагып жатат.
Кызгалдак эч нерсе дей албады. Капкара чачтары суу болуп унаанын терезесине капталдап жөлөнө уктап бараткан Мейкинди тиктеп олтура берди.
-Мен жүрөктү башкара албай жатам, - леп сүйлөнүп жатып уктап кетти Мейкин. Кызгалдак унааны жүргүзүп кайра шаарга кайтайын деп кайра бул абал өзүнө да жагып турганын байкап кайра унааны өчүрдү. Арткы орундукта дайым сала жүрчү жука жамынгычты алып Мейкиндин үстүнө кымтылап жаап койду да өзү болсо колу менен анын жүрөк тушун сылап койду. Жүрөгүнүн кагышы даана сезилип жатат. Көкүрөгүн жарып дүкүлдөп согуп жатат.
-Медерим! - деди шыбырап Мейкиндин көкүрөгүнө колун койгон калыбында.

#40 21 Май 2021 - 16:20
Урматтуу окурмандар айрым себептерге байланыштуу бул чыгарма токтодулду,
бул учун сиздерден кечирим сурайбыз.Буюрса бир эки кундо жаны чыгарманын бетер ачары болот.