Эл катары мектепти алдынкы окуучулардын катарында окудум. Жогорку окуу жайына келгенде да артыкчылык диплому менен буттум.Окууну бутуп айылга орношуп иштей баштаган учурда,мени ала качып кетишти.Жигит менен журуу,суйлошуу деле болбоптур.Мына ошентип келин болдум элдердей чон той деле кылбадык,карапайым бир уй булого келин болдум.Куйоом сулууча келген жигит экен.Ошентип турмушум башталды.Кайненем, мен,жолдошум. ..
Учообуз элебиз тынч жашоо. Тамак кылып уй жыйнап ак жоолук салынып келиндик кызматымы откоруп жаттым. Мен барганда эле негедир кайненем жактырбады, асыла баштады маани деле бербедим. Турмуш ушундай экен деп журдум,бирок ашыкча эле болуп баратты. Куйоом жакшы эле адам экен бирок ичет. Тойдон уч кундон кийин досторун чакырып вечер кылганбыз,ошондо мас болуп уктап калган, кайнежем экообуз зорго которуп жаткырганбыз. Анан эле кобойо баштады корсо ичет экен да жоош кыз болгонго ошого да башым жетпептир, бойдокчулук эле убакта жакын экен эле. Кийин кайненемин ыры чыга баштады,кайнежемдер суйлошуп бизди Россияга жонотушту.Ошентип кичине кыбырап тирилик откоруп жаттык.
Ал арада бир кыздуу болдук кызыбызды эжекеме суйлошуп таштап дагы жонодук.Жанагы уйубузду ондодук.Уйду бутуруп дагы темселеп иштеп уйдун айланасын тосуп кыйла иш бутурдук.Ошол убакта деле уруш талаш,ичкилик болуп жатты.кетип да калдым жолдошум барып алып,келет.Ал ортодо дагы экинчи кыздуу болдук ошондо айылда жашап калдык,кайненем такыр тынчтык бербей койду.Конулум ушунчалык калды менин да тилим беш карыш болду,мурунку жоош кыз жок башкача болуп калдым.Чыйрак келинге айландым.Куйоомо да кылганым жакпай калды.Бирок апасынын пейлин билген учун мага болушат эле.
Канчалаган каргыш уктум,жолдошуман таяк жедим. Каяка барам апам жок болсо деген ойдо жашап журо бердим. Акыры кайненемен бетиме келтек жегенде дагы Россиялап жонодук.Мына ошентип азыр уч кыздын энесимин,менде ажырашуу жонундо такыр ой жок.Себеби жолдошуму суйом,жолдошум кыздарын аябай жакшы корот. Бирок отто кызганчак,отто митаам, эркек болгон менен ашыкча митаам, бардык нерсеге киришет. Кээде жадап кетем. Элдердей одноклассникке кирбейм.Телефонум деле жолдошумун эски телефону телефонуму тынбай текшерет. Мен да аныкын да текшерип ичип келгенде удалить этип таштачумун, друзьясындагы кыздарды.Эми ток этээр жери мейли баарына чыдайын,соксун, урсун ичкенине чыдабай калдым. Жумушунан жарым саат кечиксе уже ичип келет. Бир стакан арак ичкенин билем,профессионал болуп буттум.Жамман жададым,ичкенинен. Бир нанга жоното албайм,европу кошуп бир пиво.. .Анан элдердей ичпейм деп моюнга албайт.Он уч жыл жашадым бир да кечирим сураган эмес.Куйоомо тийгенден бери иштейм.Айлык деле кудаага шугур(жолдошуман кобуроок алам). Же кийим жакса олойун кийим алышы бир тозок,эч нерсе жакпайт. Бирок жакшы жактары да бар,бироо менен жургонун уккан эмесмин. Той топур,туулган, кунго барсак созсуз ичет,корунгон кызды,келинди которуп жаткан,кучактап жаткан,анан мас болот да ээрчишип чыкпайбыз.Эки адам эки жагынан кармап чыгабыз.Той, вечерди жакшы корот. Анан кечээ жакында досу чакырганынан барганбыз. Ал жерге классташ кызын чакырыптыр, кухнядан келсем эшикти илип алыптыр,досу учоо такылдатсам ачты кирсем жолдошум классташынын санында жатат (барганда эле сыйпалат кучактап жаткан утуру жон отур дегем. Анан кирип эле аябай бакырып таштадым "жамбаштасан мына жолонгуч ушуга жат" деп моюнан чымчып таштадым (досу тамашалап илип койгон экен) "Не болуптур жатсам" дейт."Сени менен кандай айырма" дейт.Мен никеде турган аялымын го. Классташы унчукпайт,жолдошу бар КРда экен эле. Мисалы мен тааныш эркек менен кол алышып учураша албайсын го. Мен айттым "менин классташым саныма жатса не кыласын" десем,олтуром дейт. "Эркексинби эри келгенде ошондо да санына жатып кор" десем жок дейт. Эми ушу кылганы туурабы же мен туура эмес кылдымбы дейм.Анан эч нерсе сатып албайм жумушуман алып келем коп нерсени(кроме продукт) Остургон гулдорум да жакпайт.
Айта берсе отто эле коп кыздарымы да азыр атана мынаны айтпа мынаны айт деп жатып калпка уйротуп албайынбы деп корком.Жашырбасак эч жакка жонотпойт,айтпай барып кыздарымы ойнотом,магазин айланабыз.Оюна койсом мен кийинбесем, иштей эле берсем,бала багып иштеп эле журо берсем,оорубасам ошол жагат.Же отто эле козун карап койдумбу дейм.Кандай кылсам болот.Эгер ажырашсам мага тынчтык деле бербейт.Кенешиниздерди бериниздерчи, отурсам турсам ичкенин эле таштаса деп тиленем,ынсап берсин деп,кандай айла кылсам. Кыздарымы да жини келсе согуп таштайт.Кыздарым да чыйрак атабыздын кабак кашын карап турабыз.Ичкенде мен козуно не коруном,мага эле сайылып калат,ушактай берет.Кыздарыма жакшы куйоо туш келсин деп тиленем.Анан ойлобонуздар мен деле онум жакшынакай билимдуу эле келинмин озумду караган.
P.S. Тема бир жакшынакай эженин суранычы менен ачылды, сиздердин кенешинерге муктаж экен. Кенеш берип коесуздар деген умуттомун...
Билдирүүнү түзөткөн: Begai_kg: 13 Сентябрь 2016 - 00:57