АЙЫЛДЫК, ЖУМУШЧУ ЖАНА ӨНӨРПОЗДОР
Снелман бала кезинен эле элге таандык маселелерди жана дүйнөдөгү өнүгүүнү хан сарайдагы аң-сезим, “кожоюн” жана “кул” түшүнүктөрү менен айтылышына кыжырданат эле. Себеби, бардык тарых сабагы китептеринде падышалар жана вазирлер, ак сөөк үй-бүлөлөрдүн интригалары,
ошондой эле барондор, генералдар,
таанымал агартуучу, жазуучу жана искусство адамдары жөнүндө жазылган. Алардын өмүр баяндары айтылган. Согуштар, хан сарай интригалары,
дипломатиялык куулуктар, буюртмалуу өлтүрүүлөр жана төңкөрүштөр эң майда түшүнүктөрүнө чейин түшүндүрүлөт.
Тарых мугалимдери да бир гана ушуларды айтышат, ушуларды түшүндүрүшөт.
Өткөн көптөгөн кылымдар бою башка-башка жерлердеги коомчулуктар жана эл катмарларынын кандай жашоо жашагандыгы жөнүндө эч айтышпайт.
Миллиондогон адам: жумушчу, айылдык, өнөрпоз кылымдар бою тарыхтын изилдөөчү аймагынын сыртында калтырылган.
Элдин сезимдерин ойготуп, логикалык жактан өнүгүүсү үчүн аракет кылгандардын саны аябай аз. Же болбосо элдин материалдык жана рухий жактан өнүп-өсүүсү үчүн аракет кылгандар сейрек болушкан. Жашылдандырууну,
мал чарбасын, кыш, кагаз жана материал өндүрүүнү дайыма өркүндөтүү жолунда болушкан. Бирок жумушчу карапайым элдин рухун, маанайын, ден соолугун, азык оокатын жана жашоо шартын оңдоону эч качан ойлонушкан да эмес. Элдин жашоосун кандай болсо ошондой абалына калтырышкан.
Элдин проблемаларын ойлонуу эч кимдин иши эмес сыяктуу.
Ар дайым жана ар жерде элди сабыр жана чыдамкайлык менен жалгыз калууга мажбурлашкан.
Кыйынчылыктарга жана жокчулукка чыдоо элдин тапшырмасы катары кабыл алына баштаган. Бир канча темада аларды кемсинтишкен.
Ар дайым жана ар жерде мындай деп сөздөр айтылган:
«Эл акмак жана аңкоо. Жалкоо, корс жана ач көз». Өкүнүчтүүсү,
бул сөздөргө мына бул сөздөр да кошулуп айтылган:
«Эл сабырдуулук жана чыдамкайлыгы менен кыйындыгын көрсөтүп жатышат. Суукка, ач калууга чыдашат, арызданышпайт».
Ар ким элдин бул сабырдуу жана чыдамкайлык мүнөзүн толкундануу менен айтышат. Элдин бул мүнөзүн чоңойткондон чоңойтушат.
Снелман элдин сабырдуулук жана чыдамкайлык даражасын курулай чоңойткон сайын чоңойткондорду жек көрүп жана элди да урушат эле. Өздөрү үчүн эркиндик жана кеңчилик, бактылуулук каалаган элге да, жокчулуктарга каршы сабыр жана чыдамкайлык талап кылган чоңдорго да ачууланчу. Үнөмдөө саясаты дешет, бирок өкүнүчтүүсү чоңдор өздөрү молчулук ичинде, а эл болсо чыдамкайлык менен алек.
Снелман мындай татаал абалга чыдагандыгы үчүн элге да ачуусу келет болчу. Элге жасалган укук тебелөөлөргө каршы унчукпагандыктарына,
аң-сезиминин төмөндүгүнө,
жашоонун материалдык руханий жардылыгына,
адилетсиздикке көнүп алышына ачууланат эле. Снелман ачууланган кезде мындай дечү:
«Миллиондогон адам бир гана кара курсагын тойгозуу үчүн жашап жүрөт. Тытынып иштөөнүн ордуна жалкоолук менен алек».
"Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" Григорий Петров
#22 09 Август 2019 - 22:50
Ачуусу таркаган кезде болсо мындай деп кошумчалайт эле:
«Бирок кемчилик элде бекен?»
Снелман мындайча салыштыруу колдоноор эле:
-Бак жана токой… Бактын ичинде чыйыр жолдор ачылган. Жолдорго ичке, сонун, таза кум төгүлгөн. Жолдордун эки бети гүлдөр жана мөмөлүү көчөттөр менен кооздолгон. Айдоо жерлери ар күнү сууланып тегиз кыркылган жашыл чымдарга бөлөнгөн… Айлана кооз гүлдөргө оролгон… Чорголордо суу… Жолдордун чекелерине отургучтар орнотулган… Бул бакчада чебер багбандын бар экендиги караган адамга ар бир жердеги ар бир көчөттөн байкалып турат.
Келгиле, токойду карап көрөлү. Токойдун көрүнүшү башкача. Бул жакта бардыгы жапайы, өз абалына ташталган. Уруктары каерге түшкөн болсо, дарактар жана тикенектер ошол жерде өсө берет. Токойлордун кээ бир жерлери адам өтө алгыс жерлерге айланган. Катуу шамалда жыгылган дарак ошол жерде чирийт. Токой ичинде пайда болгон чыйыр жолдор адамдардын ары-бери катташы менен пайда болгон. Ал чыйыр жолдордун жакшырышы үчүн эч ким алектенбейт. Мына, элдин элитасы жогоруда айтылган бакчага окшойт. Билим алуу, тарбия, комфорттуулук, ден соолук, искусствонун таттуу даамы ар дайым алар үчүн.
Ал эми элдин абалы болсо табигый абалдагы токойго окшойт. Эгерде кадырын билишсе аны карашат. Бирок аны жандуу жана керектүү болгондугу үчүн кадырлашат. Токойдогу дарактар да, бактагыдай эле дарактар болгондой, элдин ичиндеги ар бир адам да, элитадагы адамдардай эле бир адам. Алар да жаратылышынан эле акылдуу жана таланттуу. Эң жогорку руханий абалга ачык жана ыңгайлуу. Бир гана аларга мээнет кылыш керек. Миллиондогон адамдардын ар бирине толук өнүп-өсүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк бериш керек. Снелман бардык айылдык, жумушчу жана өнөрпоздордун же кең элдин катмарын бардык тараптан ойготуп, туура жолго багытталышын жана сабатынын жоюлушун жашоосунун эң негизги иши катары санап, Финляндияда билим берүүнүн жана тарбиялоонун жол баштоочуларынан болгон.
Ал бардык жерде мындай сөздөрдү кайталады:
-Мамлекетибизде элдин калың катмарынын сабатсыздык ичинде калышына кайдыгер кароо уят! Өзүн маданияттуу деп санаган ар бир адамдын бул маселеге кайдыгер кароосу - кылмыш. Мамлекет дегениң, үстүңкү кабаттары кең терезелүү, бийик шыптуу, желдетилген жана жарык, ал эми жер төлөөсү болсо караңгы, тар жана кичине терезелүү бир чеп эмес да. Снелман өзгөчө мындай сөздөрдү да баса белгилеген:
-Өлкөбүздүн элинин көпчүлүк бөлүгүнүн илимсиз жана маданиятсыз, билимсиз калтырылышы, өзүнчө кылмыш. Мамлекеттин өзүн-өзү кыйратуусу, талап-тоноосу дегендик. Жапайылардын кембагал болуп, өлкөлөрүнүн байлыктарынан пайдаланууну билбегендиктеринен ачарчылыктан өлүшкөндөрүн айтышат. Чындыгында, бир өлкөдө жашаган ар бир жарандын ээ болгон материалдык жана рухий потенциалдык күчүнөн пайдаланууну билбегендик жана каалабагандык дагы жапайылыктын жеткен чеги.
Эң жакшысынан жана эң кымбатынан он миллион дарагы болгон бир токойду көз алдыңызга келтириңиз. Бул токойго эч ким карабаса, тазалабаса, аны кооруган багбан киши болбосо, мунун эмне пайдасы болот? Чопчоң дарактар катуу шамалдардан кулашат жана жамгыр сууларына нымдалышып чиришет. Бул кооз токой кароосуздуктан чиркейлер мекенине, баткакка айланат. Токойдун таза абасынын ордуна жүздөгөн аянт кеңдигинде келте оруусунун микробдору учат.
Снелман: «Түшүнгүлө! Түшүнгүлө! Түшүнгүлө! » деп кайра-кайра айтаар эле: «Өлкөдө иштеген, окуган ар бирөөсү, өзүнчө чоң байлык. Булардын жеп-ичүү үчүн жумшаган акчаларын эсептеңиз. Жөнөкөй бир абалда өстүрүлгөн ар адамдын өлкөбүзгө эмне пайда алып келээрин ойлонуңуз.
Эми өлкөбүздөгү аракечтердин санын карап көргүлө! Эгерде, коомчулук тарабынан жакшы бир билим алган болгондо, алардын ар бирөөсү мамлекетибиз үчүн иштеген чоң бир күч
болот эле».
Снелман Европага жасаган саякаттарынын бирөөндө болгон окуяны айта берер эле. Берлинде таанымал бир европалык журналист менен таанышыптыр. Ал киши славян улутунда болгондугуна карабай, эмгектерин немис тилинде жазат экен. Ошол убакытка чейинки гезиттерге жазган сансыз макалалары жана түрдүү брошюралары менен австриялык немистердин Галициядагы Лехтерге, Моравядагы чехтер жана словактарга, Воеводинодогу серптер менен хорваттарга үстөмдүк кылуусунун туура экендигин далилдегенге аракет кылыптыр. Бул саткын киши, мындайча жазаар эле:
-Славян улуту - аял мүнөздүү назик бир улут. Бул улуттун элдери кыялданууну жакшы көрүшөт. Бирок кыялкеч жана куунак эмес. Жаратылышынан жалкоолор. Көп убакыттан бери көз каранды жашагандыктары үчүн, өз алдынча иш кылууну билишпейт. Булар тил албас, тополоң бир эл. Ийгиликке жетишпеген учурларында, адамзатты уялткан жана маданияттуу европалыктарды жийиркенткен бечара жана жалкоочо бир жашоону тандашат. Ийгиликке жеткен учурларында, өзгөчө соода тармагында макоо, алдамчы, паракор, ач көз, куу жана амалкөй болушат. Чоң жана оңой пайдалардын артын сая куушат. Тапкан-туткандарын ысыраптык менен жумшап жок кылышат. Славяндарга акылман жана катуу немис тарбиясы керек. Славян улуту коюу жана жумшак жүндүү, кир, сасык койдун терисине окшойт. Аны тазалоо үчүн немис теричисине берүү керек. Ошондо гана андан жакшы жана ысык бир тон болот. Жетишээрлик деңгээлде акылдуу болгон бул саткын журналист жогорку билимге ээ. Европа тилдерин жакшы билет жана жакшы сүйлөйт. Жазган макалалары адамды өзүнө тартат жана таасирдүү жазылат. Макалаларынын арасына түрдүү улуттун, кээ бир кылымдарда жашаган ойчулдардын, тарыхчылардын жана адабиятчылардын эмгектеринен алган жазууларды да кошуп жазат эле. Тилекке каршы, макаланын
мааниси дурус эмес болчу. Себеби ал макалалары үчүн Австрия мамлекетинен көп суммада акча алат эле. Башкача айтканда калеминин изин сатат эле.
Бул саткын журналист да башка элдердей эле табиятында жаман киши эмес. Башкача айтканда, жаман адам катары жаратылган эмес. Кийин напсиси үчүн, көңүл ачуу үчүн аял, кумар, арак ичкен адам болуп калган. Мындай кир жашоо үчүн албетте көп акча керек. Бул киши, жогорку билими жана ээ болгон талантын колдонуп намысы менен адал акча тапса болот эле. Бирок, мындай таза жашоо үчүн рухтун алоолонуп жанышы зарыл. Пикир тазалыгы жана жогорку адеп-ахлак керек. Кыскасы, идеалисттик мүнөз керек. Булардын баары саткын журналистке жат нерселер эле. Австрия университетинде окуп жүргөн кезинде кара мүртөз Меттерничтин туура эмес идеясы менен азыктанган болчу. Меттернич - эски ак үй “түлкүсү”, Европалык министр кылыгындагы Византия шакирти. Жеке кызыкчылыгына басым жасоо менен байлык топтоо саясатын жүргүзүп, билип туруп белгилүү пландын негизинде, бардык европа улуттарынын ахлагын бузган. Ал адамдарды өзүнө тартуунун жолун паракорлук менен ишке ашырган. Меттерничтин өзгөчө пара ала турган катчылары жана адистери болгон. Алар кимди, кантип жана эмне менен сатып алууну изилдешчү.
Меттернич убагында паракорлукту жеңил жана оңой пайда табуу жолу катары, сыйлуу иш катары жайган. Коомчулук ичинде адеп-ахлактын абасын жутуу мүмкүн болбой калган. Интеллигент сезилген адамдардын негизги бир бөлүгү дагы Меттернич саясатынын көмүр кычкыл газына ууланышкан. Өкүнүчтүүсү, жакшы бир максаттарга талапкер болгон жаштар да ушундай түрдө төмөнкү деңгээлге түшүшкөн. Жаштардын чоң идеялары жана жол көрсөтө турган жол башчылары жок эле. Пикири жок жана максатсыз чоңоюшту.