Күйөөм үйгө түнөбөйт Сиздерден кенеш күтөм
#101 13 Июнь 2018 - 01:01
#102 13 Июнь 2018 - 05:17
#103 13 Июнь 2018 - 09:19
#104 13 Июнь 2018 - 10:22
#105 13 Июнь 2018 - 12:25
#106 13 Июнь 2018 - 12:48
#107 13 Июнь 2018 - 13:22
Mart19 (13 Июнь 2018 - 12:48) жазган:
Карыздын тиешеси жокко дейм ал карызга чейин эле жургон экен
#109 21 Ноябрь 2019 - 15:45
tannuru1503 (29 Май 2018 - 06:26) жазган:
Теманын акырында сиздерден туура кенеш сурайм.Мага ката кетирбегенге жардам бергилечи... .
Жомоктогудай жашоомду бир заматта өзгөрткөн,азыркы учурдагы башымдагы проблеманы айткым келет.
Жолдошум экөөбүз 3 жыл сүйлөшуп,сүйүшүп жүрүп баш кошконбузга 20 жылга чукулдады.Ортобуз сый...бири бирибизди жакшы көрөөрүбүздү баары билип,идеальная пара деп баары суктанышчу.
Мен аны сүйгөндүктөн жана ишенгендиктен эч качан кызганып көрбөгөм.Ал түз жүргөн,так,түз сүйлөгөн,бир мүнөз жакшы адам.Ушуга чейин күнүгө сүйөм деген сөздөрдү айтышып,кучакташып жатчубуз.Ал болсо өтө кызганчаак. Акча ,оокат үчүн эмес ,только анын жөнү жок кызганганынан улам уруш чыкчу.Мени ак жеримден эле ар ким менен жүрдүртүп,жаткырып айламды кетирет.Достор болуп чогуу отурганда,сенин күйөөн түз...колунан тартсак да тескери жолго баспайт деп кеп кылышчу.А мен болсо ошондой деп сыймыктанчумун. Эгер чын эле башканы сүйсө кете берсин..бактылуу болсун..мен сени кармабайм деп айтчумун.Ал болсо сен мени такыр кызганбайсын. ..менин сага керегим жокпу дечу...
Адам 40тан ашканда өзгөрөбү же көбөбү билбейм,акыркы 3 айда өзгөргөнү даана билинди.Негедир мамилеси муздак.төшөк мамилеси таптакыр унутулду,кучактап жатмак турбай колун да тийгизбейт, жуурканды ортосунан кымтылап алат.Ары карап жатат,мени менен иши жок,балдарынын кем карчын толуктап,акча берет и болду...Өзү кичинекей ишканада 6 адамды иштетет.Акчасы бар.Алардын арасынан эн жашын алаарда,жумушту өзүм үйрөтүп...тын экен деп 20дан өтүп калган келинди жумушка алганбыз.Жолдошу экөө жаш семья болуп,ата-энеси жок жаш балага турмушка чыгып,2 кызын өзүнүн ата-энесине бактырат экен. Кийинчерээк жумушуна барсам,баякы мен айткан тын келин күйөөмдүн соткасын алып,сериал көрүп отурат.Күйөөм болсо күнүгө 200 сомго ед.салат.Анан жиним келип күйөөм менен,эзели мага бербеген сотканы эмнеге ага карматасын деп урушчу болдук.Ал болсо ой.жөн эле сураган деп актанат.Кийинчэрээк ал кыз өзүнүн номерин скрытый кылып,алып күйөөмө чалганы көбөйө баштады.Сотканы мен алсам ,унчукпай коюп коет.Мен күнүго күйөөмө аз чалсам ,ал номер менден көп чалат.Күнү чалат..Туну чалат...Бир күнү ..эй ,мен сен экенинди билем да.Өзүн күйөөн ,балдарын туруп,не эле чаласын десем,эже мен жумуш тууралуу эле чалам.Сиз мен жөнүндө жаман ойлобонуз дейт . Күйөөм болсо аны жумуштан кетире албайм,анын ордуна ким иштейт,бул жумушту оной менен үйрөнө албайт,сен менин жумушчуларыма кыйын болуп,чон болбо дейт.Акыркы убакта жумушуна барып калсам да ичине кирбей,сыртынан эле кетем.Кандайсынар деп коебуз,бүттү башка нерсе сүйлөкей жок.Үйго жакшылык болгондо иштеген жериндегилер да келип чай ичип кетип турушат.Баякы кыз да келет.Арык,сулуу, боенгон ,тын тарсылдаган кыз.Ответти укмуш берет.Кой сыйымды кетирбейин деп унчукпай жашап келем.Бирок ал кызды жек көрөм.
Өзүм болсо карапайым үй кожойкеси.Турмушта чынчылдыкты, ишенимди өйдө коем.Ажылдап, урушкум келбейт.Сен түшүнбөгөндөн кийин ,сага корогон кайран сөзум деп,сүйлөбөй, унчукпай, ичимден өзүмчө дүйнө түзүп алып жүрө берем
Мындан 4-5 ай мурда тиги кыз вотсаптан жазыптыр мага...Боюмда бар экен,алдыртсамбы билбейт.Күйөөм жумуш таппайт,жатат, кыйналып кеттим деп.Анан эле күйөөсү Бишкекке стройкада иштеп атат деп угуп калдым.Аябай жоош бала. 2 кызын ата-энесине берип коюп баякы кыз квартирада жалгыз жашайт.Кызганычтын айынан сураштырып атып,ал кыз кайда жашаарын билип алдым Андан бери 5айдай убакыт өтуп,баары унутулгандай болгон.
Анан менде проблема башталды.Соода сатык кылам деп,колуман келбей өтө эле чон сумма карызга батып калдым.Күйөөмдөн коркуп,биринен алып ,бирине берип атып,кашаны чалып,аргам калбай калганда күйөөм ,анын бир туугандары, меники бүт билип,уят эле болдум.Кечиргиле деп ыйлап...туруп бердим.Өлөйүн десем жан таттуу экен.Балдарым үчүн баарына чыдайм.Мени не дешсе да унчукпай көтөрөм дедим.Күйөөм болсо стресске тушту,жек көрдү,бирок акырында аман болсок кутулаарбыз, сарсанаа болбо мен турбаймынбы деп,ого бетер,жанталашып иштеп акча таап менин карыздарымды төгө баштады.Ата- энем билбейт,берээрге эчтекелери деле жок,атам давление,апам жүрөк оорусу менен ооруйт деп эчнерсемди билгизбейм. Алар үчүн мен турмуш орду түптөлгөн,жакшы кыз ,жакшы күйөө балабыз.
Менин карызым билингенге 3 ай өтту.Анын-менин бир туугандарым, болгон акчаларын берип,жардам кылышты.Күйөөмө кечирип кой,ушундан кутулта көр.Мен сага кара жумушчу күч болуп берейин деп ыйлап жалынгам.Бул жашоодо мага жалгыз гана күйөөм түтот экен.Аябай нерв болду,стресс болду,үшкүрүнүп эле отуруп калды.Мынча сумманы угуш ал үчүн түшкө кирбес нерсе эле.Себеби өзу карыз албаган,бербеген так адам болчу.Укканда сенден муну күтпөгөн,дүйнөдөгу эн честная деген сен болсон деп аябай нааразы болду.Койнумда аял эмес эле анаконда жаткан турбайбы деп...Бир жаман сөз укпаган жаным,башымды шылкыйтып анын мени жек көргөн сөздөрун угууга,заар чачкан көздөрүн көрүүгө туура келди.Анда санда коноктон ичкен жаны, ичкени көбөйө баштады,үйгө түнөбөйт.Машинасына плед салып алган.Үйгө түнөбөгөну көбөйдү,сурасам. ..жиним келип,стресс болуп ичтим.ГАИ кармабасын деп машинада жатам дейт.Мен күнөөлүдөй унчукпайм.Суроо берсем,эмне болду,ишин канча ,сен мага суйлөгөнгө укуксузсун дейт.Балдар үчүн баарына чыдашым керек дейм.Кээде Бишкекке баарын тыштап кетип калгым келет.Ушул убакта күйөөм баш аягы 1 айдай үйгө түнөгөн жок.Өмүрү бөлүнбөгөн экөөбүз уктабай жалгыз жатам.Телефонун өчүрүп салат же албайт.Акыркы убакта негедир соткасын мыкчып кармап,эч кимди тийгизбей жолотпой калганын байкадым.Үйгө кирсем эле сотка менен сүйлөшуп,смс жазышканын байкасам да байкамаксан болуп унчукпайм.1 жума мурда ал уктап жатканда соткасын текшерип кирсем,10 дон кийин баякы кыздын номери...атын жазбайт..только номер...Ал номерди мен да жатка билем.Өзумду күнөөлөп,байкуш күйөөм мен үчүн түн ичинде кетип,эртен мененкиге ишти эрте даярдап атат деп ойлоп жүргөн жаным негедир мунусунда шектенүү жаратты.Анын сим касы мага катталгандыктан ошкага барып мага 3 күндүн ичиндеги чалууларды чыгартып алдым да көргөн көзүмө ишене албай турдум.3 күндүн ичинле 82 жолу чалуу,. смс.Күйөөм көп чалат экен.1604 секунд сүйлөшулду дегенде укканда чалкаман кеттим.Демейде ооба,жок менен чектелген сүйлөбөгөн күйөөм анын жанында булбул болуп калган го...Эмнеси болсо да азыр ызы-чуу чыгарбай,дагы байкамай болдум.Корсулдаган күйөөм саат 12лерде түнкү сменге кетет...мен чарчадым ...күнүгө түнкү саат 3тө турам..Сенин карызындан кутулалы дейт.Мага мас болуп айтты:Баары бүткөндө мен сенден балдарды алып алып кетем деп,синдиме болсо карызынан кутулткандан кийин ажырашам..эженер ушундай иш кылды деп смс жазыптыр .Эми масчылыгы менен жазгандыр деп жүргөм.
Аны түндөсу 10до,кээде 12де жакшы бар деп узатып коюп..андымай болдум.Ал кетээри менен такси чакыртып ,тундө жумушуна бардым.Барсам жумуш бек.Жумушчуларынан аста сурамжыласам. ..күйөөн өмүрү түнкү сменге келбейт...дайыма танкы 5терде жумушка келет дешти.Менин күйөөм бирөө менен жатат-турат, ойнош күтөт деп өмүрү оюма,түшүмө кирмек эмес.Мен ага ушунча ишенчүмун.Байкатпай андымайым уланды.Жаны машина алганда агыш,боз түстогу полотенце салып койгом машинасына. Карасам эле ал кирдеп калгам...байкасам пудра суйкөлгөндөй. ..анан жатканда аарчылгандай агала-сагала. ..Бул эмне десем,балыкка барганда булганат да деп койду...Мурдагуну да үйгө конок келген анын бир туугандары. Тункү 11 болуп калганда батаны күтпөй мен кечигем...жумушка барып эрте эс алышым керек,түнкү үчтө турам деп характерин көргөзүп...жумушка шашып кетти.Баары кеткенде ,балдарды уктатып коюп жумушуна барсам...эшик бек..Таксини тиги кыз жашаган үйгө айдатып бардым..бирок машинасы көрунбөгөндөн кийин докозательство жок кайра келдим ...таксиде билгизбей күтүп турсам баякы характерин көргөзуп шашкан күйөөм танкы 5те жумушка келди...Жумушуна күндүз барсам..кандайсыз деп тиги кыз жүрөт...эчтекесин билдирбейт. Мүмкүн мен кызганычтан ичим өрттөнуп жатабы дейм.Кечээ түнү да ал кеткенден кийин да такси айдатып жумушка барсам жок, кайра тиги кыздын үйүнө келсем күйөөмдүн машинасы турат.Көргөн көзумо ишене албай турдум.Не кылсам...эшикке чык десемби...жаткан жеринен кармап алсамбы,бирок күйөөм тигинин көзунчө мени баса калып,тур жогол дейби деп...
Еки бутту биийиииик которуп берип койсонуз Уйго туноп калат аха
#112 22 Ноябрь 2019 - 18:28
#113 23 Ноябрь 2019 - 03:53
Сиздерге кааларым мындай тагдырды эч кимдин башына салбасын.Баарыныздарга уй-булолук бекем бакыт каалайм.Чымчыктын да уясы бузулбасын! Кудай кошкон жарынар менен,бактылуу карылыкка жеткиле,бир жаздыктан чачынар агарсын!
Ал эми омур,жашоо кербени тируулукто улана берет экен.
...мен сени суйом ,омур!
P.S.Омур бою тарыхта кал деп сайтка жазып салганымды куйоомо айтпаганымда , баарын жазмакмын балким.Кээде ойлоном,мумкун даяр бир китеп чыкмак.
Билдирүүнү түзөткөн: tannuru1503: 23 Ноябрь 2019 - 04:01
#114 23 Ноябрь 2019 - 10:28
Куйоонуз бул жакты окуп жатса, ага айтаарым: Бул жашоодо эч нерсе туболуктуу эмес!
#115 23 Ноябрь 2019 - 10:28
#116 23 Ноябрь 2019 - 22:17
Baktyluu_bolgum_kelet (21 Ноябрь 2019 - 23:42) жазган:
Анда эмнеге күйөөңө турмушка чыгып, бир постелде койнуда жатып, төрөп берип жатасың? Ажырашып кетта ишенбесең). Акылыңды иштетпей эле бирөөлөрдүн билдирүүлөрүн күчүктөй болуп ээрчип кете бергениң күлкүлүү экен актрисадай болуп.
Сенин кееде пустой мээңди иштетпей, жаманды каалаган сезимдериңе кул болуп, ойлонбой эле балп эттирип дөөрүп, урдуруп коё бергениң, акылдуу болумуш болуп көрсөткөн имиджиңди булгап, жийиркентип турат)).
Билдирүүнү түзөткөн: 555-777: 23 Ноябрь 2019 - 22:19
#117 23 Ноябрь 2019 - 23:04
555-777 (23 Ноябрь 2019 - 22:17) жазган:
Сенин кееде пустой мээңди иштетпей, жаманды каалаган сезимдериңе кул болуп, ойлонбой эле балп эттирип дөөрүп, урдуруп коё бергениң, акылдуу болумуш болуп көрсөткөн имиджиңди булгап, жийиркентип турат)).
Актриса деп сени айтса болот.Же сен катынынды алдап жүргөн бир шордуусун! Мен сага бирдеме дебегенден кийин кырчаңгыланып жетип келбе!
#118 04 Февраль 2021 - 18:52
М ен бул турмушта балдарым жетим калбаса экен деп коркуу менен жашадым....
Мен коргон кунду эки неберем корду ошондо аттин кылдым балдарыма мен жетим осконумду байма бай айтып кулагына куйбаганыма. Келин име болушуп баламды ак кылдым.Эгер аялын менен ажырашсан сени балам дебейм,мен олсом уйго келип топурак салбайсын,эшигимди атабайсын деген талап койдум.Тагдыр экен ажырашты,эки баламдын арманын журогум менен сезип эчен ооруп калган кундорум коп болду.Келиниме балам башында кызым дегем кызым бойунча кал,эки неберемди бизден ажыратпа,ата журту болсун.Колунду узбо деп суранды,сен беш балам болсо сен алтынчы бол,жангыз кызым болсо сен шериги бол,менин козум откончо сени сыйлап алат,козум откондо сенин оз оордун болот дедим Туугандарга тойтопурга чон неберемди кошуп дайыма чакууру кагазын бергиле,мени кандай сыйласанар келинимди кошо сыйлагыла деп эрчитип барып жаныма отургузуп журом....Кээде кызыма журогум ооруп,уруксат да бердим.Балам бактынды сен да тап бирок балдарын чонойуп калды уйу бар адамга чык,сени сыйлаган болсо ал жигитти мен да сыйлайм деп журогум каалабаса да айтышты туура кордум.
Бирок алтын келиним оз жарын суйот экен башкага чыкпады.Азыр эми балам деле жакшы корот экоону тен сыйлап турат.Силердин жашоонор азыр балам да.....
Экинчиси экоону тороп берди.Айла жок неберен болгондон кийин,неберен жакшы келин жаманбы...
Бирок мен дайыма алтын келинимди колдоп да коргоп да турам.Экинчисине айтам чыдасан ушул турмуш ,мен келинимди эч качан кечпейм...
Учооно тен айтам кашаны бышырдынар озунор жекгиле,асты корду неберелерим жебесин.
Балам уйдон чыканда уйду таштайсын,машинанды таштайсын,сен эркек болуп чыгып кетип атасын,сен табасын ошого чыдайсын деп айткам балам алиге апам мени эмес сени колдогон деп мага капа ....
Азыр ойлонуп атамы кечирбегениме Аллахыдын мага берген жазаасы го деп кээде кыжаалат болом.Анткени аял кишиден да коп куноо кетишин,сабыры жок болсо,балдарын ойлобой оз керт башын ойлоп чыр чыгарып,балдарын жетим калтырып,озу тируу жесир калышын андадым....
Ошон учун кыздарды дайыма сабырдуу бол,балдарынды айа деп коп кенеш берем.
Азыр жазып отуруп сен кандай кундо калдын экен деп толгонуп турам.Ушуну бил кызым эч качан бироонун коз жашы менен экинчи аял бактылуу боло албайт.Мен муну экинчи энем менен экинчи келинимен коруп отурам....
#119 04 Февраль 2021 - 19:13
raia (04 Февраль 2021 - 18:52) жазган:

#120 10 Февраль 2021 - 14:14
Азыр кандайсыз? Акыбалыныз кандай?