Жакшы сөзгө муктажмын! ....
#1 01 Март 2015 - 15:10
Саламатсыздарбы форумчулар!
Бугун мен оз жан дуйномду сиздерге ачкым келди. Себеби бул жерге жазбасам, башка эч кимге айта албай кыйналып журо берет экенмин.
Анда соз башынан болсун:
Мени кичинемде чон энем баккан. Ал убакта аябай кичине болчумун б.а адамды тункусун уктатпай турган, ыйлаак, кежирленген учурум эле. А ата-энем болсо Россияда иштеп журушкон. Арадан 2-3 жыл отуп ата-энем келип, мени оздору менен кошо башка айылга алып кетишти. Ал убакта бир аз эс тартып калган элем. Эмнегедир ата-энеме чон энеме жакын болгончолук жакын боло албадым. Ал тургай "чон энеме кетем" деп да ыйлачумун.
Ошентип, арадан жылдар отту ата-энем дагы 1 уул, 1 кыздуу болушту.
Эмнегедир тунт, ачылып суйлобогон кыз болуп чонойдум.
Апам мени жуунтуп тарантканы менен, бир да жолу бооруна кысып "кызым" дегени жок. Эмнегедир апамдан ушул созду кутчумун, башкалардын апаларына окшоп мени да эркелетуусун кутчумумун. Эне мээримине муктаж болчумун.
Синдим менен инимди аябай жакшы корот, алар менен сырдашат, "кызым" , "балам" деп суйлойт. Алардын эмне кемчилиги бар, баарын толуктап турат. А мен ошолордун жашындагыдай убакта мени ошентип караган эмес. Туура кемчилигимди толуктагандыр, бирок эне мээримин берген эмес.
Азыр да ооруп калсам "жакшы болуптур, чоноюп эле калдын озунду-озун жакшы карабайсынбы" деп кайрадан оорума оору кошуп жемелеп берет. Конул да бурбайт. Жон гана "дары таап ич" деп коет. Мына ошондуктан да оорусам да апама айтчу болбой калдым. Ич-ичимден "апа мага деле конул буруп, "жакшы болуп каласын кызым" деп койсонуз эмне болмок?" Деп ичимден сызып алам. Ошол кичине созу деле мага чон кубат бермек да.
"Эне" дегенде эле копчулук, баласын колдоп, таяп турган периште сымаал адамды элестетет экен. А менин апам мени ар дайым копчулук арасында басынтып келет. Бир жаны нерсени баштайын же уйронойун деп жатсам да "ал сенин колундан келбейт, сенин колундан балээ келеби" деп духумду тушуруп коет.
"Карга да баласын аппагым дейт" деген соз бар эмеспи, а бизде тескерисинче. Суротко тушуп "мобул жерим жаман болуп калыптыр" деп калсам "сен озунду сулуу деп ойлойсунбу, сен куниксин озунду сулуу элестетип жибересин да" деп маанайымды тушурот.
Озунун маанайы жок болсо болду, менин да маанайымды тушурот. Ар бир созундо "жетим" , "олугунду коройун", "моюнун узулгур" деп суйлойт. Биринчи укканда жаман болчумун, кийинчерээк бул создорго да уйронуп кеттим.
Баарын ичиме жутуп журот болчум. Бирок апамдын кечээ койгон айыптоосу кайра жарамды тырмады.
6-класста окуп жургон мезгилимде бир досумдун соткасын байкабастан сындырып алган болчумун. Аны толоо керек болуп, апамдан акча сурасам бербей койгон. Ал кыз болсо мектепте жанымды койбой "телефонумдун экранынын акчасын толо" деп кыйнай берчу. А апам такыр эле акча бербей койгон. Айлам кетип апамдын сумкасынан 200 сом алып ал кызга алып барып бергем. Апам билип калган сон мени аябай жемелеп урушкан.
Мына эми ошол окуядан кийин арадан 5 жыл отту.
Апам откон куну отурушка баратып сумкасына 500сом салып, сумкасын уйго таштап кеткен экен. Мен уйдо жок болчум. Окуудан келсем уйдо эч ким жок. Озумчо ишимди кылып журо бердим. Апам кечинде бир аз градус менен келди. Ичип алыптыр.
Эртеси окууга жоноп кеттим, келсем апамдын кабак-кашы туйулуп калыптыр. "Кечээ сумкама 500 таштап кеттим эле, сен алгансын ууру" деп кетти. Ызаландым, "мен ал акчанызды эмне кылайын" десем "сен бир жолу дагы уурдагансын ууру жетим, башкалар албайт сен аласын" деп 6-класстагы окуяны эстетип жатпайбы.
Эмне десем да ишенген жок, "ак ийилет, бирок сынбайт" деп гана тим болдум. Азыр да мени жаман козу менен карап, суйлобой журот. Мен да суйлобойм. Жок жерден "ууру" кылып койгонуна апама аябай капа болдум.
Мага ишенбейт, жек корот, "тезирээк сенден кутулсам экен" деп бетиме эле айтат.
Буларды жазуу менен апамды жаман корсоткум жок, болгону ичимдеги жазып женилдеп алгым келди. Кээде туруп "огой апамбы" деп ойлоп кетчумун, бирок жок андай эмес экен, мени жарык дуйного алып келген оз апам экен.
Баарынан окундургону оз жакындарымдын мага карата кылган терс мамилеси. Башка жат бироо ушундай мамиле кылса мынчалык кайгы тартпасам керек эле.
Буйурса келечекте мен да эне болоормун, мына ошондо ата-энем мага бербеген мээримди мен аларга берем деп озумчо ниет кыла берем. Куйдайым ал кундорго да жеткизээр.

#3 01 Март 2015 - 15:23
Kaisy ene oz balasyn jetim desin???
Jakshylap suruwturup korunuz, balkim chyn ele oz apanyz emestir??
Bir nerse dew dele kyiyn, kandai okunuchtuu.
Alaksynyz, jany nerselerdi uironuz, kurstarga barynyz, sport mn mashygynyz, jakwy jardam beret.

#4 01 Март 2015 - 15:33
Психология боюнча алып карасак, копчулук учурда тагдырына нааразы адамдар апаныздай болуп калат. Сиз баары бир ата-энениздин уйундо туболукко калбайсыз. Сизге каалорум туболуктуу уйунуздон (кайын журтунуздун уйунон) мээримди, бакытты табыныз. Тыйындын эки жагы болгондой, турмуштун да он жана терс жактары болот. Сабыр кылыныз.
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 01 Март 2015 - 15:34
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 01 Март 2015 - 15:39
Болок чонойгон балагп боор бербей каласын. Мени да таенем баккан учун апама жакын эмесмин. Менин баламды да таенеси баккан ал да боор бербейт. Кичине туура эмес суйлосом кагып салчу. Бир кун дагы какты . Сага жаман соз айтып,озундой кылып кыйкырсам жагабы десем ,жок дейт мага да жакпайт. Бироого суйлордо ойлонуп суйло ,озунду оордуна койуп кор дедим Ошол суйлошуудон кийин жакшы суйлошуп калдык.
#6 01 Март 2015 - 15:46
Мен сизди жакшы тушунуп турам. Вроде жакын адам бирок анын кайдыгерлиги,
конул бурбагандыгы чоочун адамдын элесин берип туруп алчу. Жакын болуп турсандагы алыстык окум суруп, анын эмес менин журогум ооруп, ата деген боштукту толтура албай далай кыйналгам. Билесизби мындай кризистен кантип чыгыш керек. Сиз андан мээрим менен конул бурууну талап кылбаныз (ал менин жакын адамым , демек мага жакшы мамиле кылыш керек деген ойду алып таштаныз). Сизге кандай жаман мамиле кылып жатса да жылмайып гана жооп берууну адатка айландырыныз.
Себеби ал эмне болгон кундо да апаныз, багып мээримин того албаса да, тогуз ай которуп омурткасы сыздаган чыгаар. Кантсе да устубуз Кудай деген чындык бар. Акыретте таразанын ташы сиз жакка оосун десен мамиленин жакшысын узо корбонуз.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#7 01 Март 2015 - 16:07
Жашыныз канчада, сыр болбосо?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 01 Март 2015 - 16:09
Каяктагы курстарга барат ошого да апасы акча берсе барабы? Башына келбегенден кийин эч ким тушунбойт.Сабырдуу болунуз! сабырдуулук мн бир чон бакытга жетишесиз, бактылуу болунуз!
#9 01 Март 2015 - 16:18
мына кызыык атаныз кайда балким атаныз тушуноттур бирок элестетуу абдан кыйын менин апамын ошентип атканын даже элестеткимда келбейт аллах таалам апанызга ыйман мееримдуулук сизге тынч жана конулдуу жашоо берсин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#10 01 Март 2015 - 17:04
Мындай мамилени атаныз коруп унчукай коёбу же атаныз кандай мамиле кылат сизге?
Мектепти жаны буткон жаш кыз экенсиз деп ойлоп койдум.

#11 01 Март 2015 - 17:37
#12 01 Март 2015 - 17:43
fittoniya (01 Март 2015 - 17:04) жазган:
Мындай мамилени атаныз коруп унчукай коёбу же атаныз кандай мамиле кылат сизге?
Мектепти жаны буткон жаш кыз экенсиз деп ойлоп койдум.
Мектепти жаны буткон жаш кыз экенсиз деп ойлоп койдум.
Атам Казакстанда иштейт. 1 жылда бир жолу келип турат. Апам атамдын козунчо антип суйлобойт. Атам деле мага кош конул. Ал да кобунчо иним менен синдиме уйрулуп турат. Мектепти быйыл бутом.
#13 01 Март 2015 - 17:44
Баарыныздарга рахмат, дагы да болсо кенешиниздерди кутом. Ар бириниздердин билдируунуздор мен учун ото маанилуу.
#14 01 Март 2015 - 18:18
Синдим эмне деп айтарымды билбей турам,ата-энен туруп мээрим корбогондон артык азап барбы?!Ата-
эне бардык балдарын бирдей корот,болгону сен чон энендин тарбиясына анын мээримине конуп алгансын,кантсе ал сени тороп ак сутун берген,кечиримдуу сабырдуу бол...
#15 01 Март 2015 - 18:44
кандай болгон кундо да, атага энеге таарынып болбойт убактылуу нерсе отуп кетээр, озун ото эле жаш экенсин, алдыдагы жакшылыктан эч умутунду узбо, узулбогон жакшы умутто пайда бар, эгер уйдо жалгыз болгон убак таап Жаратканга болгон жашынды тогуп, жакшы тилегинди сурана билсен ал созсуз кабыл болот, коптогон практикадан откон, Чын журогундон Жаратканга жеткире бил, бир эмес дагы да сура, ичиндеги бук чыкканча сурана бил, женилдейсин кадыресе,
бактылуу бол.
бактылуу бол.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#16 01 Март 2015 - 19:32
Кандай десем :Менин апам бизди эч кимге бербей эле озу баккан.Бирок коп бир тууганбыз,ооруп калсам мени деле дары алып ич не кылайын оорусан чонойдун деп кагып койчу.Туура эмес иш кылсак коп таяк жейт элек.Сага окшоп мен дагы коп ойлонот элем озумун апамбы деп.Атам эрте эле козу отуп кетип,бизди тарбиялап чонойтуш бир топ эле апама кыйынчылык жаратчу окшойт .Азыр турмушка чыгып кыздары,балдары баары уйлонушкон.
Апамы сагынам,таяк жеген кундоруму .Торогондон кийин тушундум бир эле мисал,эненин толготкону канчалаган азап.Апанызды да тушунуп жетесин
Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 01 Март 2015 - 19:45
#17 01 Март 2015 - 20:03
Бул убактынчалык корунуш, турмуш куруп балалуу болгондо апакенди сопсоонун тушунуп каласын.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#18 01 Март 2015 - 22:37
Азыр откоол мезгилин окшойт.Отуп кетет,сабыр кыла тур.Менида таенем баккан.Апакем туура эмес иш жасасак кок чыбык менен аябай эле сабап салчу,эшикке чыгарып тизип койчу,синдим экообуз кошуна эжени коруп,ошо биздин апабъз б.п калбаптырда дечубуз.Жаш экенбизда тарбияны тушунчу эмеспиз.Эми алтын апакемди кундо унун укпасам сагынам.Корсо жакшы болсун деген эле тарбия экен.Эми кадырын билдик озубузда эне болуп. Эми сен сабыр кыл,апан ичинде жакшы корсо керек.
#19 01 Март 2015 - 23:01
аракетчил бол. Жакшы максат койуп алдыга умтула бер. Чынын айтсам Мен торт бир тууганбыз апам башка бир туугандарымды эркелетип жакшы корчу, амени антип эркелетип кызым деп атачу эмес. Турмушка эрте чыктым 2 кыздуу болдум бирок морально болбосода материално жардам берет. бир жолуда ыйлап айтып салгам мага жылуу мамиле кылбайсыз деп. менде ошондонбу эч ким менен жылуу мамиле кыла албайм. жолдошум эле жакшы тушунот мени эркелип манайымды бузбайт. андыктан сенда кейибе баары жакшы болот.