Royal55 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 211 (0,09 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (156 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Октябрь 17
- Кароолор:
- 11 931
- Соңку аракети
- 11 Ноя 2020 13:18
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 11, 1988
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Артта калган издерим
Жазылган күн: 11 Май 2020
Кандайсыздар суперчилер! Кармаган орозонуздар кабыл болсун.Бир аздан кийин тириликтен кол бошогондо жазам. -
Темасы: Артта калган издерим
Жазылган күн: 10 Май 2020
Аэропорт Домодедового кондук.Тушуп эле эл аккан тарапты коздой кетип жаттым.Жолду катар жанымдагы эже менен таанышып алдым.Коп жолу барып келип жургон эже экен.Озумчо ботон жерде адашып калбайын деп аны коздон качырбай ээрчип алам.Карайлап телефонумдун кубаты тугонуп калды акеме келгенимди билдирейин десем.Эжеден телефонун сурасам,менин телефонумдуку да тугонуп калды дебеспи?.Келип кетип жургон адам баардык нерсени билгени учун шуулдап ары-берисине отуп,самолеттон тушуп эле автобуска бара коюп атты.Артынан чуркаганча эжелеп ээрчиген мени элге адаштырып,озу алды жакка отуп алды.Самолетто чогуу жакшы эле келатып,эми такыр озгоргону эмнеси?.Кыргыз аттуунун баарынан эле сурадым окшойт.Эч кимиси берген жок.-Гудок эле кетирип алам,оздору чалат десем да эч ким конгон жок.Омуру мындай учурга чалдыкпаган жаным таныркап эле кала бердим.Бир чети иренжидим.Ушундай да мамиле болобу?Азыр менде болгондо аянбай баарына берип чыкмакмын.Бул не деген ичи тардык?
Бул корунуш кийинки коргондорумдун алдында тыйынчалык да болбоорун билсем кана?.Жукторубузду алуучу жерге келип,сумкамды кутуп туруп алдым.Бирок алып кеткени араба жок издеп журдум.Кыргыздардан сурасам дале жооп жок.Оздорунчо суйлошуп,кулак да салбай карап коюп кете беришти.Адашып калбайын деп чыйпылыктаганым ай!.Ошол жерде иштеген орус аялдан сурасам ал да усту-башымды бир тиктеп алып-Билбейм деп чекчейип койду.Ичимде оло суйлонуп алдым.Жерге киргир мисирейген сары чач десе!.Биринчи жолу келип атканга аландап эле журдум.Чыгуучу жолду таптым да элендеп акемди издей баштадым.Алды жакта тайкемдин кызы экоо кол булгалап чакырып калышты.Суйунгонумду айтпа.Барып эле кучактап учураштым.Аман- соолук сурашып,Крдагы тууган-уруктун баарын бирден сурап атышты.Шугур баары тынч-аман отурушат дедим аптыга.Унаага отурдукда уйду коздой бет алдык.Акелерим бул жакта жеке унаалары мн айдоочулук кылышат коп жылдан бери.Ары туйшуктуу жумуш.Жандарын уучтап алып,ботон элде журуу деле оор.Айла канча тирилик деген дангыр жол,ырыскы кайда чачылса ошол жакка барып терип жемей экен да.Чон шаар.Тирелген имараттар,чон катарлаш жолдо,тизилген унаалар.Тыгынды коруп эле баш айланалат.Байкуш акелерим,ушундай учу-кыйыры корунбогон жолдо канчалаган туйшук тартып,жан уучтап журуп даалай кундорду,даалай тундорду откорушту экен?.Кээдеси чалып калганда эки же торт саат суткасына дем алаарын айтканда аябай кое албайсын.Боорун ооруйт.Озумчо ич-ичимден ар бир Кыргыз жараанын ушундай аяп,ичим ачыша кетип жаттым.Эх,аттин ,озубуздо ушундай эле жумуштун маянасы бир аз кобуроок болгондо эч ким мынтип тентимек эмес!.Ботон жерде,ботон элде ата-энесин,уул- кызын сагынып куса болмок эмес.Кайран гана жаштыгы кучу сарпталган жаштар!Канчалаган ата-эне балдарынан алыста мээрим корбой,канча бала куса бул жакта.Канчалаган адамдын тагдыры,омуру, жаштыгы сарпталган Москва.Канчалаган эр азаматтар ботон элде омурун откоруудо.Канчалаган коз жаштар тогулду экен бул жерге?.Москва коз жашка ишенбейт дегендерин угуп калчу элем.Демек,бул жерде даалайдын тагдырын озгортуучу кенебес Москва жатат.Мени да кандай сюрприздуу кундор кучагын ачып тосуп жатты экен?.-деген тумон туйшуктуу ойлор менен кетип жаттым.Ангычале кубур-шыбыр кулкудон озумо келе синдимди карасам,акем экоо мени карап жылмайганча суйлоп атышыптыр.Сыягы, Москваны коруп эси ооп атат дешти гоо?.Анча деле таныркаганым жок тааныш жолдой эле кетип бараттым.Апамдын мурда бул жакка келгенде ар бир кадамын сурот,видео кылып жоноткондо Аиии,ушундай шаар турбайбы?-деп ошол маалда таныркабасам, азыр ошол суроттогу жерлер.Коруп жургондой эле элес калтырган экен.Уйго да жетип калыптырбыз. Негизи тайкемдин уулунукуна бармакмын синдим мн.Акем биз жашаган жакка бар биринчи деп болбой алып келди.Кирдик. Тогуз кабаттуу уйдун экинчи кабаты экен.Уч болмолуу,ашкана, залы мн экен.Кенен жана да таптаза, иреттуу.Оздору квартира алып жашагандары учун баардык нерсени сатып алып келип,уйго чапташат.Уйго кирип бир аз отуруп бата кылдык да акеме аталган нерселерин бердим да синдим мн мени тайкемдин улуунун уйуно жеткирип койд.Ал жакка барбайле ушул жактале калбайсынбы, не кыласын ал жакты,жаныбызда магазин бар ошого киресин,Мээрим деле (синдим)куйоо бала экоо ушул жерде иштеп анан кетишпедиби? -деп мага шыбырайт синдиме угузбай.Айтканча анын аты Арзыгул.-Жок, апам ошол жакка жоноткон эле да,барайынчы болбосо анан келем деп койдум.Макул деп калды.Апамдарга дароо видео чалуу аркылуу келгенимди кабарлап,бул жактагы жанылыктар мн болуштум.Алтын кызым да уйкудан турган экен,мени коруп эле,жанымдагы тайкесин коруп тушунду окшойт-Ээк десе,апооу мен уктап атканда сени тайкем Москвага алып кетип калдыбы?-деп чойтулдайт шириним.Азыр эле жанынан келсем да сагынып турдум.Билбейм. Бул убакыт канчага созулаар экен.Дагы канча жолу кызымды сагынаар экенмин ээх!. -
Темасы: Артта калган издерим
Жазылган күн: 9 Май 2020
Соодага чыгып журдум.Сезону келип,жакшы эле болу аткан.Негедир конулум ачылбай чогуп бараттым.Кундор жылга алмашкандай узун жана корксуз сезиле берди.Ал арада Азамат мн телефон аркылуу урушуп кеттим.Баягы эле тема,мен жакшы эмесмин.Башымды оорутпа,жаман болсом жакшысын таап ал дедим да такыр байланышты узуп салдым.Бул абалымды апакем дароо сезип,сурай баштады.Азамат мн кайрале эски создор козголуп урушуп кеткенибизди айттым.Апам да ойлуу отуруп калды.Коп кун отпой тайкем кызы мн келип калды.Кызы дагы кетип жатыптыр Москвага.Дайымгыдай биздин уйго конуп,базарлыгын кылып,кийим- кече алып кетишмек экен.Тайкемдин кыздары уч-торт жылдан бери каттап кыйла конуп калган.Апам алар мн суйлошуп,мени да аларга кошмой болду.Коп отпой барат артынардан. Синдисине барайын десе ал да тороп бул жакка келип калбадыбы?.Кичуу акеси бар,бирок кыз киши силер мн эле бирге журсун.Кайтканынарда кайтат деп калды.Айтканча ал синдимдин Москвага барып иштешине апамдын салымы чон.Анткени тайкем конбой жургондо,кондуруп, уул балдарын али жаш,алар чонойгуча качан, кыз киши деле иштеп ата-энеге кол кабыш кылса болот деп кондургон.Карайлап акча да жок эже дегенде-Мен берем деп озу кошо барып,билет алып,жоноткон эле.Андан бери 3 жылдай иштеп,синдисин кошо чакырып,уйлоруно кыйла жардам кылып,тайкем жер тилке,унаа сатып алды.Эски уйун ремонттоп жашоолоору оноло баштады.Куйоо бала мн ошол жакта табышып,кеч куздо той откорушмок экен.Кр га келип сойко салдысын откоруп,кузго тоюн белгилешиптир. Ошентип кузго чейин иштеп туралы деп кетип жаткан жери экен.Ага кошуп мени да ал жакка бара турган кылып мени суйлошушту. Мен да бараар-барбас болуп кошумчалап отурдум жандарында. А мен эч эле кыйылып баргым келбейт же жок деп жооп кайтара алсам кана апама?Бир чети кызымды таштагым келбеди.Бир куну апам аныма да карабай,акемди кошуп билет алып келгиле деп жонотту.Жолдо буркан-шаркан болуп коз жашымды аарчыганча бараткан акем мени тан кала карап,
-Сага эмне болду?.
-Эмне эле,баргым келбей атат.Азыр мен ушул жерделе болсом дейм.Эч нерсе кылгым деле жок.
-Анда апама барып айт да билет албай эле.Кызымды таштап кеталбайм,барбайм деп эле айтсан болбойбу же мен айтайынбы айталбасан? .
-Ооба,айтмакмын, сиз айтпай жле коюунуз,бирок апамды билесиз гоо айтканы айткандай болушу керек.Антпесек болбойт гоо.Жаштыгыбыздан ушинтип чонойбодук беле?.
-Анын да туура бир чети.Апамды аяш керек.Ансызда баарыбыздын туйшугубуз жалгыз апамдын колунда.Барсан бар да,жакса иштейсин,болбосо коруп келгенин калат.Айланып эс алып келесин.Созсуз иштеп акча табышын шарт эмес.Биз турабыз гоо?- деп конулумду которгонсуду.
-Чын эле барбайм деп айтканда не?.Андан коро барсам барыпмында деп калдым озумчо.Аз эле убакытка кетип жатпаймынбы? -деп озумду жубаттым.Бардык. Билет алып каттык.30-июльга. Ал кун да тез эле келип калды.Кызыма кетээримди айтып,тушундуруп аттым.Ал да бир нерсе тушунгондой созумду макулдап коет.Танга жуук акем,апам учообуз болуп аэропортту коздой жонодук.Келбей калчудан бетер,апамды акемди бекем кучактап,ыйлап алдым.Корунбой калганча кол булгап,кете бердим.Текшеруудон отуп,самолетко чыгып кеттик.Орундуктардан орун алдык.Самолет жогоруну коздой которулуп,булуттарга аралаш кирип кетти.Ичиндеги толгон мигрант ар кандай тагдырлар мн кетип жатат.Мен да чыныгы мигранттын жашоо даамын татканы желкеме ары жооптуу,ары коопту жукту алып жоноп кеттим. -
Темасы: Артта калган издерим
Жазылган күн: 9 Май 2020
Жолдо келатып,унсуз унаанын терезесин тиктеген мага карап-Эмне болду,суйлоп кетчи,узак жолду кыскартып-деп дагыле унсуз турганыма,кайра озу созду улай суйлоп кетип жатты.Анча мынча гана созуно аралашпасам, дээрлик суйлогум келген жок.Анткени менде маанай жок эле.Чынында озумду ага ыраа корбодум.Досторун, аяштарын коруп, менден кыйла улуу экендиктерине иренжидим,али мындай чойродо коп жолу озумду ынгайсыз сезээримди ойлодум,конулум сууду.Азыр булар келин алып,уул уйлоор курактагы адамдар экен.Алар мн тендеш болгум келген жок.Байлар жалан байлыкты гана суйлошобу,келээр келгиче акча жонундо, миллиондогон суммалар жонундо суйлоп келатты.Ооба, табышы жакшы,жашоосу жакшы,акчадан, жеп-ичкенден кем жери жок.Бирок мен ага деген кыпындай сезимди жандыра албасам кантейин?.Озумду зордосом да болгон жок.Сезимсиз, суйуусуз кантип жашайм.Ал нерсе аба-суудай керек уй-булоо курганга.Жакшы коргон адамындын жанында озунду бактылуу сезуу бул-миллиондогон акчага да сатылгыс сезим.А мен куйоомдун созуно очошуп отуруп,козумо эч нерсе корунбой калгандай,акчага алмаштырып алса боло турчудай сезилчу.Жок! .Корсо жан дуйнодогу аруу сезим,таза суйуу,махабаттын баасы тенсиз турбайбы?.Миллиондогон акчага алмашкыс баалуу сезимимдин баасын ушундайда тушунуп жеттим.Уйго жетип калдык.Унаасын алысыраак жерге токтотту.Мени карап жымындай-Мына келип жеттик.
-Рахмат,бугунку кун учун.Жакшы айланып келдик.
-Эч нерсе эмес,сага жакса болду.Айтканча отконку созумду ойлоп кордунбу?.Кандай дейсин,мага турмушка чыкканга макулсунбу? .
-Ойлонуп коройун,жообун созсуз айтам -дедим.Унаада буулуккан кызым тушом деп ызы-чуу салып калды.Озу да эрке немем мындайда адаты кармады да калды.Кабагын бурко
-Кызын тоскоолдук кылат экен ээ биздин суйлошуубузго, жолугушуубузга, жолдо деле конбойт экен?-дегенде ичиркенип кеттим.Кайра эмне?-деп сураганымды билбей калдым.Кыскача кайталап койду.
-Кызын тоскоолдук кылат экен.
-Ооба,кызым ушундай дедим маанайым тушо.Мм,ушундай де
уч торт сааттык жолго тоскоолдук кылат деп атса,демек бутун омурумду байлап алсам,бул байкушумду не деп чыгат болду экен?.Сыртка кууп чыгып,же кызынды кетир деп кордук корсотсочу? .Кызым кайсыл жакта калат?.Апалап секунд сайын издеп турган кара козумо азыр "апа"гана керек.Мен эрди деп баланы кечкендерден эмесмин.Ушул наристе учун,мен тируумун деп алдым ичимде кайраттана. Жакшы деле суйлоп,коштошпой кетип калдым.Уйго келдим да,экинчи байланышпайм деген ант бердим озумо.Контагымдан очуруп,номер алмаштырып салдым. -
Темасы: Артта калган издерим
Жазылган күн: 9 Май 2020
Кирип бардык.Ал-жай сурашып бутуп, уйун коздой кол жансап,бизди ээрчитип кетип атты уй ээси.Уйго кирсек,баары белен дастаркон жайылуу экен.Кабатталган тошокторго отуруп,чайдан ичип отурушканча улам мен жакты карап коюп атышты.Ар кыл ой мн карап атышат да деген ойдо ынгайсыздана тушуп,кызымды шылтоолоп сыртка чыгып кеттим. Сыртта жаш келин кызматта журот экен.Аны мн таанышканча кобурашып отурдум.Менден эле беш алты жаш кичуу экен жашы.Жайдары, шыпылдак келин экен.Оюмда менден бир азгале кичуу келини болсо,а мен ушул келиндин кайтанасындай кишиге турмушка чыгам деп жатамынбы?-деп озумчо озумо-озум суроо берип аттым.Келиндин айтымында кайненеси (уй ээсинин аялы)аяшы мн кошо жайлоодо боорсок,майда- чуйдо бышырып атышыптыр.Ангычале кишилер сыртка бака-шака болуп кой сойгону киришишти.Баягы унаасын токтотуп,улам бизди акмалаган киши жаныма келип суйлоп калды.Танышуу ирээтинде.Кайсыл жердин кызы,аты жонум,кыскасы тек жаатымды сураганы отту.Кыскача айтып койдум.Бирок бир жердик болгон учун чынында туурасын айткым келген жок.Атымды да жеримди да башка айттым.-Мм жакшы жердин кызы экенсин,менин досум Капар да тектуу бай манаптардын тобунан.Учурунда жакшы жерлерде журдук,коп жерлерде кадыр-баркыбыз бар,дайыма жардамга кол сунат.Жакында эле мечит куруп берди.Акелери копуро,мечит салып беришет элдерге.Кыскасы жашоосу жакшы,колунда бар адам.Мен да ошондой элемин.Жакшы турабыз.Балдарым чон-чон жерлерде окуп,иштейт. Менин деле жаш аялым бар,аны аялым билет.Анда-санда барып жашап келем деп мактанып кобуруп атты.Унсуз тиктегенче айрым создоруно баш ийкеп гана созун угуп тура бердим.Ортодо кайра мага суроо узатып-Озундогу турмушун эмне болбой калды беле,кандай жерге туштун эле,ата-энен барбы?-деп суроо жаадырып атты.Баарынан дагы ата-энен барбы?-дегени ото конулго тийди.Эмне ажырашуу,же турмуштан жолу болбой калуу ата-энеге такалат беле?.Же оюнда ата-энеси билип туруп,бул жашы улуу кишиге узатмакчы болушуптурбу дейби?.Кыскасы конулум чогуп кетти.Ангычале кишилер жайлоого барып , жакта отуруп келебиз аялдарыбыз жайлоодо, дегенине конбой койдум кун кечтеп кетет деп.Капар акеге бир сааттарда кетеди дедим.Кыйла калгыла деп кысташкансыды. Конбодум.Анан эле жайлоодон аялдарын алдырып,келип калышты.Кулмундоп эки аял келе жатты мени коздой.Учурашып тааныштык.Менден кыйла улуу,чачтарын ак аралаган тайженем тендуу эжелер экен.Куйоолору курсактары челектей,Чекелерине бырыш тушкон,тиштери бир экоосу кубулгон.Буларды коруп дагы наамыстандым. Арада Капар акени салыштырып кордум чагылган чаккан убакчалык арада коз электен откоруп аттым.Ал деле чачтарын ак аралап,чекесин бырыш баскан,бир аз курсагы бар,мурутчан киши.Аялдары кетээрибизге жакын бизге бакыт каалап,мага ак жоолук,Капар акеге калпак,койдун бир мучосунон берип узатышты.
Комментарийлер
Royal55
03 Апр 2020 - 17:14