Маалыматка караганда, ырчы Омар жана шериги Нуржанбек Токтогулов “өткөн жылы Талас облусунун жашоочусунан төө буурчак алышып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталышууда. Нуржанбек Токтогулов мындан бир жума мурун кармалып, эки айга камакка алынган. Ал эми кечээ, 27-июлда ырчы Омар кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эртең сот анын баш коргоо чарасын карайт. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
![Сүрөт](http://www.super.kg/upload/janylyk/2015/7/119859_1.jpg)