Rozalia Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 256 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (142 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Декабрь 14
- Кароолор:
- 12 464
- Соңку аракети
- 30 Янв 2016 01:05
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 5, 1988
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Комуз сатып алам
Жазылган күн: 16 Сен 2015
Форумчулар,жакшы жазалган комуздарды кайсыл жактан сатып алса болот жана баасы канчадан? -
Тагдырдын тамашасы
Жазылган күн: 12 Сен 2015
Темасы ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ болчу ката жазып алыпмын,оңдой албай койдум.
Ооба,тагдыр мени менен азыркы убакта тамашалашып турган чагы.Өткөн жашоомдогу адамдын бакытка балкып турган үй бүлөөмдүн эшигин какылоосуу жүрөгүмдү оорутуп келет.Баарына көз жумуп,чындыкты айтайын десем, айланамдагы мен сыйлап жакшы көргөн адамдарды азапка салып,көңүлүн калтыргым келбейт.Айтпай койсом да,аягы жаман бүтөбү дейм.
Дал кинодогудай эле жашоо чиркин.....
Көп жолу убараланып жазганымды өчүрүп,кайра жаздым.Сиздердин башыңыздарды өзүмдүн көйгөйүм менен ооруткум келбеди чыгаар....
Балким,сиздердин кеңешиңиздер менен бул азаптан кутулаармын, балким, жөн гана сиздерге жан дүйнө төңкөрүшүн төгүп алгым келгендир,айтоор, билбейм.
Студенттик доорду сүрүп, 3-курста окуп жаткан кезимде Амантур аттуу өзүмдүн айылдаш байкем жолугушууга чакырып калды.Көрсө, ал мени өзүнүн эң жакын досу менен тааныштырмак экен.
-Алмаз,деп курч көздөрү менен караган жигиттен мен да кем калбай
-Айпери,дедим көзүмдү албай.
Ал мени өзүн таза алып жүргөнү,чечкиндүүлүгү, өзүнө ишенимдүүлүгү менен арбап алган.Дал ушундай жигитти кыялымда багып жүргөм.
Убакыттын өтүшү менен экөөбүздүн махабат баяныбыз уланып,көптөгөн кызыкттуу күндөрдү өткөрдүк.Ал ансайын Амантур кудундап сүйүнүп алат."Силер экөөң мага эң жакын адамсынар.Кармашкан колуңар үзүлбөсүн" деп.Ал өзү Казакстанда окугандыктан, кетээринде "Алмаке карындашты жакшы кара.Таарынтсан капа болбо"деп алып кетчү.
Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болгондон кийин,окуум аркылуу жумуш таап алдым.Эми экөөбүздүн жолугуушуларыбыз бир аз да болсо азайып,көбүн эсе телефон аркылуу байланышып турдук.
Кызганыч деген нерсе жакшы дечи.Адам сүйгөнү үчүн кызганат.Бирок, аша чаап кызгануунун кереги жок деп ойлойм.Эң башкысы сүйүктүү адамына болгон ишенич.А Алмаз менин баскан турганымды баарын текшерууго отту.Кээде клиенттер келип алаксып калганымда телефон чалып калат,ала албай калсам,жинденет, кызганат.Айтоор бара бара биздин уруштар кобойо баштады.Мен негизи ото эле сабырдуумун. Болгон жинимди ичиме сактап,унчукпай журо берем.Болгону, эч бир адам жокто кыйкырып,ыйлап алмайым бар.Алмаз экообуз урушканыбызда да "Алтыным, эн башкысы ишенич.Сенин кызгануун менен сен мага ишенбейт деген кудук ойлор пайда болот.Сабырдын болчу"деп урушту басканга аракет кылсам да,бир аз басылып эле кайра телефондогу кат алышуу менен адамдын мээсин жеп жиберээр эле.Бир куну чыдабадым дагы,"Кел анда биздин жумушка кел.Сен да жумушка орнош"дедим. Ошол кезде озу да жумушунан чыгып,кыйналып жургон."Мен бироого жалданып иштебейм,озумо озум кожоюн"деп керсейип койду.
Биздин суйлошконубузго бир жыл болгон.Биздин таанышкан кун да келе жаткан.Суйуктуумо белек камдоону ойлонуп,жумуштан эрте суранып,шаардагы соода борборлорунун бирине барып калдым.Алмаз кичинекей белгилуу маркадагы машиналарды коллекция кылаарын угуп калгам.Мен да бир аз салымымды кошкум келип,катарлардан издеп журуп,белегимди да даярдап алып,сыртка жонодум.Бир маалда мага тааныш ун менен,ага кошумча эле кулкусун угуп калдым.Айланамды карадым,таптым. Таптым да жер айланкочок болуп кеткенсиди.
Менин "суйукттуум" деп жургон адам,кыналыша бир кыз менен отургучтардын биринде отуруптур.Ордумдан шарт бурулдум да,эшикти коздой чуркап жонодум.Уйго кандай келгенимди билбейм.Болмомо кирип эле,тошогумо кулап коз жашымды колдотуп ыйлай бердим.Мени коргон эжекем келип,"эмне болду"десе да суйлободум. Улам жездем кирет,кайра синдим кирет.Эч бирине ооз ачып эч нерсе дебедим.Тек гана ошол Алмаз басып жургон,ал дем алып жаткан абадан,баардыгынан баш тартып башка жака кетип калгым келди.Журогумдун ооруганы,анын мени кызганып,озу башка кыз менен жургонуно ичим орттонуп орттонуп кетип жатты.
Ыйлай берип уктап калыптырмын. Телефонума чакыруу келгенден ойгонуп кеттим.Сыртта карангы кирген экен.
-Алло
-Алло,алтышка кандай?Каяктасын?
-Уйдо.
-Жумушундан алып кетем дебедим беле,не чалган жоксун.
-Эрте кеттим уйго.
-Сен жакта журом,чыга калчы,10 минутадан кийин.
-Макул.
Кийинип эшикке чыгып баратсам,эжекем "Каякка?" деп калды."Азыр келем,сарсанаа болбонуз" деп коюп чыктым.Келди. Адаттагыдай эле шайыр.Эч нерсе болбогондой. А эмне болду,ал мени коргон жок да.Болгону кантип эки саат мурун башка кызды кучактап турган адам,эми мага келгени уяты тынчтык бербей элеби деп тан берип турдум.
-Бул не белек деди,машинага тушуп жатсам колумдагы ага арналганды коруп.
-Бул сага!Эртен биздин таанышканыбызга, кыз жигит болгонубузга бир жыл болот.
-Анда неге эртен берген жоксун.Билгенде мен да белек ала келмекмин да.
-Камсанаба,мен сенден укмуш белек алдым бугун.
-Кандайча?
-Мени унут.Ал кызын менен бактылуу бол.Мен сени баарынан артык коруп,суйуп, сыйлап келсем.Сен менин сезимдерим менен тек гана оюнчук катары ойногон экенсин.Ал кыз да сенин бул кылыгынды билбесе керек.Уятын бар болсо ачыгын айтып,эсине кел,-деп чыгып кеттим.
Уйго кирээрим менен эле телефон чалып баштады.Албадым. Кат жазды,Жооп бербедим.Ал мага эми жок адам болуп калды.Баардык ага деген сезимдерим жоголуп,журогумдо жылуулук очуп калгандай эле.
Эртеси куну сабактан чыгып,жумушка барайын деп маршрутка кутуп турсам,келип токтоду.Эшигин ачып "Айпери,кел тушчу.Суйлошолу. Баарын тушундуруп берем"дегенин кулак сыртымдан кетирип койсом,ага карабай машинадан тушуп алып,колуман суйрой баштады." Кое бер.Сени менен суйлошчу созум жок"дегениме карабай жаткандан,бир улуураак байке "Ай жигит,кыздын жайына кой.Ушул эркектик ишпи"дегенде гана кое берип,машинасыны каттуу айдап кетип калды.Андан кийинки кундорумдо да мага тынчтык бербей,жумушка, уйго,окуума келип,суйлошкусу келип жатты.А мен аны коройун деген козум жок эле.Суйуудон жек корууго бир кадам деген создун торкунуно эми тушунуп жаткан элем.Мен аны жек кордум.Ар бир суйлогон,ар бир чалуулары,ар бир каттары учун жинденип кетчу болдум.
Окуум жана жумушум котормочу болгондуктан, ошентип ызага батып жүргөн күндөрү директор чакырып калды.Ал мени 6 айлык командировка жана тажрыйба алуу менен Швецияга баруумду сунуштап,эртең жообумду алаарымды айтты.Албетте, сүйүндүм.Үйгө келип жакындарым менен бөлүштүм.Баары колдоп,мен эми чет мамлекетке кетүүгө даярданып баштадым.Ошол күндөн бир аз күн өткөндөн кийин Амантур чалып калды.
-Айпеш,кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?
-Жакшы.Өзүңүз кандайсыз?Келдиңизби?
-Ооба келдим.Жолугалыбы?
-Макул.
Бир сааттан кийин экөөбүз кафелердин биринде отурдук.
-Арыктап кетипсиң го.Жумушуң кыйын болуп атабы?
-Жоок ай баары жакшы.Жаңы диета кармадым "Жоопсуз сүйүү"деген.
-Эмне деген?А айтмакчы,Алмазка чалсас албады го..Сен билбейсиңби каякта экенин.
Баш чайкадым.
-Менин жаңылыгым бар.Буюрса кийинки жумаларда чет өлкөгө кетип атам.Жарым жылга.
-Охооо,жакшы жаңылык.Алмаз не деди?
-Аман ага,ал менин жашоомдо жок болду,-дедим. Ал ансайын көзүмдөгү жаштар куюлуп кетти.
-Эмне?!Э кандайча?Ошо Алмакенин телефон албаганында бир сыр жаткан.Болду ыйлаба!Өзүм сүйлөшөм аны менен.
-Туура кыласың.Эл жер көр ошентип.Кыргызстан менен чектелбе,-деди бир топтон кийин.
-Макул.Бүрсүгүнү апам атам айылдан келет.Сиз да келиңиз.Алар да сизди көрүп кубанышат.
-Барам.Сөзсүз барам.
Көп өтпөй эле чет мамлекетке кеттим.Сагынуу кусалык менен бирге болгон күчүмдү окууга,жумушка арнап,татыкттуу сертификат алып,жарым жылдан кийин мекениме кайтып келдим.Ал убакта Амантур ага менен байланышып турдум.Башында Алмаз жөнүндө кеп козгогондо, токтотуп койгом.Ошол бойдон ал жөнүндө экөөбүз да унутуп калгандайбыз. Сыягы эки дос аябай эле таарынышкан көрүнөт,бирок достуктары токтолбоду, токтолушун да каалаган эмесмин.
Мекениме келип,мурун иштеп кеткен жумушта иштеп баштадым.Бир күнү сокур ичеги болуп болур ооруканага түшүп калдым.Ошол жерден Бектурду жолуктурдум. Бою узун,чымыр денелүү,көздөрүндө от жайнаган,баардык ооруулууларына бирдей караган,жаш болсо да өзүнүн жумушун мыкты билген жигит.Ал күндө келип баарыбызды текшерип кетет.Бир жолу китеп окуп жатсам кирип калды.
-Кана,Айпери, бүгүн абалыңыз кандай?
-Рахмат,жакшы.
-Канат менен Зарина,жакшы китеп.
-Бирок,тилекке каршы андай сүйүү азыркы заманда жок.
-ЭМнеге антип ойлойсуз?Мүмкүн бар болсочу?
Мен тек гана ийнимди куушуруп койдум.
Ошол күндөн баштап биз жакын болуп,көп баарлашып турчу болдук.Палатадагы эжекелер да "Ай Айпери,бул доктур жигит сени сүйүп калган ушу","Доктур жигит келе жатат..."деп тийишип күлүп калышчу.Менин больницадан чыгып жаткан күнү,экөөбүз телефон номерлерибизди алмашып алдык.
Биз Бектур экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк.Андан кийин ал мага турмушка чыгуумду суранып,экөөбүз баш коштук.Ал күндөр менин эң бактылуу күндөрүмдүн бири.
Мен ошентип,көлдүн жана каада салтты каттуу кармаган үй бүлөөнүн жана уул кыздардын кичүүсү болгон адамдын келинчеги болуп калдым.Бектурду сүйлөшүп жүргөндө эле "Сиз"деп кайрылчумун. Акырындан ал дагы үйүндө баарына "Сиз"деп кайрылуумду, улуу кичүүнү тергешимди айтып өтүндү.А мага бул нерселер абдан жагат эле,күлүп эле макул болдум.
Үй бүлөөлүк жашоодо биз мурунку бойдок кездегиден да ынак болуп калдык.Нике ысык болот деген чын сөз экен.Экөөбүз айылда бир ай тойдун аягы бүткүчө,кызматыбызды кылып,шаарга жумушубузга келдик.Эртең менен ээрчише жумушка кетип,кечинде жан шеригим келгиче тамак жазап күтүп алам.
Үй бүлөөлүк жашоонун агымы менен жүрүп отуруп,3айдан кийин кош бойлуу экенимди билдим.Анан 9ай өтүп, балканактай уулу төрөп,кайын журтумду,ата энемди,эң башкысы өмүрлүк жарым Бектурду кубандырдым. Чоң атасы азан чакырып Назар деген ысым ыйгарды.
Кайын атамдар улуу агабыздын тун кызын кичинесинен багып өстүрүп,баарыбыз үйдүн кенжесиндей көрөөр элек.Мен жаңы келин болуп келгенде да экөөбүз ынак болуп,ал мага жаңы үйгө көнүшүмө да көп жардам кылды.Шаарга көчүп келгенден кийин аз өтпөй биз менен туруп калды.Жогорку окуу жайлардын биринде акыркы курстарында окуйт.Бир күнү экөөбүз Назарды сейилдетип жүргөнбүз.Анан мага суроо салып калды.
-Жеңе,сиз байкем экөөң сүйлөшүп баштаганда кандай сезимдер болду эле?
-Башында тек гана эч кандай сезим күткөн эмесмин.Байкең, менден өткөн кыялкеч.Дайыма менин көңүлүмдү көтөрүүчү,кубандыруучу сюрприздерди жазап жатып,өзүн сүйдүрүп алды.
-Аа...экөөң аябай жарашасыңар бири бириңе,-деп унчукпай калды.
-Э кызыке?Сен ушул сүйүп калгандан соосуңбу?
-Мен бир адамды сүйөм.Бирок, билбейм анын сезимдерин. Антейин десеи жакында эжеси менен тааныштырды. Сүйбөсө,олуттуу мамиле кылбаса тааныштырбайт эле го э жеңе?
-Ооба,а экөөң качантан бери сүйлөшөсүңөр?
-Жарым жыл болду.
-Мдаа,жарым жыл деле оңой эмес
-Жеңе,аны сиз менен тааныштырайынчы. Байкап көрүңүзчү?Суранааам. ..
-Маакул,кызыке. Болочоктогу күйөө баланы көрөлүчү.деп күлүп калдык.
Эртеси күнү эле Бектурга биз Назарга кийим алабыз деп,соода борборуна жеткирип коюнуу өтүедүк.А кайын сиңдим жигитин ошол жерге чакырмак.
Экөөбүз кафелердин бирине кирип,мен жаңы гана эки айлык наристемди уктатып коюп отуруп калдык.Бир маалда эле кайын сиңдим тура калып бирөөгө колун булгап калды.Артымдан келген адамды көрүп оозума келмем келип калды.
-Жеңе,таанышып алыңыз,Алмаз. А Алмаз бул менин жеңем Айпери.
Ооз учуман бир нерсе деп эле саламын алып отуруп калдык.Маңдайымда отурган Алмазда ыйгайсызданыр турганын байкадым.Бир маалда"бул мени алдабады беле?Эмнеге тартынышып керкк"деп ачык эле "Кандай тааныштыңар? Анан бир ок менен эки коёнду атып жүргөн жигиттерден эмессиңби?28 жашка келиптирсиң Үйлөнбөгөнүңдү себеби эмнеде?же үйбүлөөң барбы?"Деп суроолорду жаадыра бердим.Алмаз ал ансайын сөз таппай кайсалактайт. Бир маалда Бектур чалып,15минутадан кийин барып алып кетем деп калды.
Биз кетүүгө камынып,коштошоордо "Таанышканыма өтө кубанычтамын" деп колун каттуу кысып алып кетип калдык.Эми үйгө келип алыр,кайын сиңдимди да мурдагы мендей кылыр жүрөгүг оорутуп койбосо эле.болду деп ойлонгонум ойлонгон.А мен кызыбайды аябай жакшы көрөм.Ал дагы балакыял,ишенчээк. Аларды ойлой берип балама деп жылытып аткан сүтүп ташып кетиптир.Жан шеригим ашканага кире калды.
-Айпеш,сүт ташып атпайбы?!
-Ооой,кечириңиз. Мен ойлонуп кетипмин,-деп тазалоого кириштим.Андан кийин мага дагы бир нерсе сүйлөп атса укпартырмын. Маңдайыма келип,
-Сага не болду?
-Эээ..эчнерсе дедим калп айтканымды жашырып.
-Кечетен.бери башкачасың. Бир жериң ооруп турабы?
-Жок баары жакшы.Ойлонуп кетипмин.Мага эмнени айтып аттыңыз эле?
Сөздү ушинтип буруп кеттим.
Менин жан шеригим Алмаз жөнүндөгү окуямды билет,бирок, ал кайра биздин жашоого аралашканын, карындашынын жигити экенин билсе соо койбосун билем.Корком. Негизи сабырдуу адам.А мен Гүлжанаттын жүрөгүн оорушун да каалабайм.
Кандай чечим кабыл алаарымды билбей жатам.Балким өзгөргөндүр ал жигит дейм,бирок көнгөн адат калбайт эмеспи.Баарына көз жумуп,мен аны таанымаксан болоюн десем да кыңыр иш баары бир билинет,анын үстүнө өмүрлөшүмдөн кантип сыр жашырып айтпай коё адам?!Кандай айла кылам билбейм.... -
"Чыйыр" повести - Мар Байжиев
Жазылган күн: 2 Май 2015
Үргүлөгөн чоң айылдын үстүнө балпалактап каар жаап жатты. Кокту жактан келген кызыл түлкү барпайган куйругун сүйрөп, короолорду шимшип, аба жыттап, дабыш тыңшады. Жымжырт. Айыл терең уйкуда. Кез-кез гана чочугансып четки көчөдөн «каңк-каңк» күчүк үрөт.
Түлкү айылды жойлоп отуруп чоң короого келди. Бирок, мында көп жүрүүгө болбоду: ак селдечен бак-дарак, мамылар, жада калса оркоюп тизилип жаткан таштар да адам жыттанат. Ал эми заңгыраган чоң үйдүн ичинде билинер-билинбес от үлпүлдөгөнсүйт. Түлкү үч аяктап бир аз турду да, терезеден адамдын көлөкөсү көрүнгөндө жылт этип жок болду.
Абылкасым мешке кол күрөк менен таш көмүр салып коюп, экинчи бөлмөгө кирди. Мында абдан жылуу экен, бирок, дагы бир аз көмүр салбаса эртең менен чурулдап окуучу балдар келгенче муздап кетет. Ошондуктан ал дагы бир-эки жараңкы салды да, мештин оозун жаппай орундукка олтура кетти. Карагай отундар бачырап заматта тутанып, алоолонуп, адамдын сейрек сакалынын, башындагы чоң тумагын көлөксүп тамга эрбеңдетти. Абылкасым тумагын чечип, эмгек чору баскан алаканы менен кашкайган башып сылап, кызыл баштычкадан тамекисин, бүктөлгөн «Пионер газетасын» алып, шашпай чылымын ороду. Тамекинин ачуу даамы, балбылдаган от, сыртта жумшак жаап жаткан кар, дүлөй тунжуроо аны магдыратып, көңүлүн жылыткансыды. Баштан өткөн окуялардын элестери топурап, мештеги жалындардай сербеңдеп бийлеп, көз алдына тартыла берди. Ооба, азыр бул бөлмөдө өтө тынч, карарган парталар, жалтырата сүртүлгөн кара такта мелтиреп эч нерсе менен иши жоктой. Бирок, эртең менен бул жерге чурулдашып балдар келет, заматта чаң-тополоң чыгып, парталар тарсылдап, эшик улам чыйкылдап ачылып, чуру-чууга толот. Экинчи сабактан кийин класс муздай баштайт, ошондо Абылкасым көмүр салган чакасын шалдыратып жылуулук кудурети кетип бара жаткан мештин отун кайра тутандырат. Анан:
– Абыке, карачы, Муктажбекти, сыя челегимдин түбүн мык менен тешип салды, – деп бирөө айтса, экинчиси:
– Ики, сен өзүң жыртып салбадыңбы, менин китебимди, – деп чурулдайт.
– А, шайтандар, эмне үчүн антесиңер? Бири-бириңерге кас болбой жүрбөйсүңөрбү? Аны кийин, сабак бүткөндө оңдойлу, – дейт Абылкасым.
– Макул, Абыке…
Абылкасымды, анын улгайган жашына карабастан, айылдагы улуу-кичүүнүн бардыгы Абыке дейт. Буга өзү да көнүп калган.
Абылкасымдын бул айылга келгенине отуз жылдан көп болду. Өз атасы ким экенин, кайсы элден, кайсы жерден келгени белгисиз. Бирок, уруу сураша келгенде ушул айылды айтат. Анткени, он үч жашынан тартып ушунда чоңоюп өстү.
Четки көчөдөгү там үйдө Зыяда чоң эне жашап турчу. Ал киши турмушунда сегиз бала көрүп, сегизи тең бойго жетпей чарчап калыптыр. Абышкасы көз жумуп, ары карып кеткенде, Зыяда кемпир жалгыз калды. Бир уй, эки эчкисине өзүнүн алы жетпей калдыбы, же жалгыздык жанына баттыбы, иши кылып күндөрдүн биринде коңшусунун атын минип калаага кетти. Эки күндөн кийин 12-13 жашар бала учкаштырып келди. Баланын аты Абылкасым экен.
– Бу кайсы бала болуп кетти, кудагый? – деп сурады коңшусу.
– Э-э, айланайын, кайсы бала болсо да эми өзүмдүн балам болду. Ишенген кудайым куру койбойт деген ушул эмеспи. Бул да жалгыз мусаапыр экен, учкаштырып алдым, – деп жашылданды Зыяда кемпир.
Анын үйүндө балбыраган көйнөк, шым,өтүк кийген өспүрүм бала пайда болгонуна айылдаштар таң калган да жок. Анткени, ал жылдары Абылкасымга окшогон жетимдер көп эле. Кээси шаарга барып иштеп, окуп кетүүчү, кээси детдомго барып, андан качып, ар кайсы айылдарга ыраак-жакын туугандарынын колдорунда өз жолун таап кетмейин жүрө беришчү.
– Кагылайын, өңү серт болгону менен боорукер, элпек неме, жумшасаң кыңк дебей аткарат. Карыганда ушуну берген кудайыма миң тообо. Күнүм бүтүп, көзүм жумулуп кетсе короо-жай ээн калып, үйүмдүн төбөсү түшпөс, кырсыктан оолак болсок, эки-үч жылдан кийин эле келинчек алып берем, – муну айткан Зыяда кемпир сөөмөйү менен чеке терин алып, мамили чайдан баса куюп, шоркурата ууртачу.
– Ай, байкушум ай, жакшы адамды кудай таалам бир жеринен кемитпей койбойт көрүнөт го, бечарамдын колу айыгаар бекен? – дечү үшкүрүп.
– Колу эмне болуптур, таптатынакай болуп ордунда турат го?
Анда Зыяда кемпир чынысын жерге коюп, өтө жашырын нерсе айтып жаткансып шыбырачу:
– Колу оорулуу, байкушумдун. Оң колу шалдырап турат, кичинекей кезинде дарт болгонбу, же бирөө урганбы байкуш жетимди, билбейм, оң жак муундарында бир мандем бар, – Зыяда кемпир короодо музоо байлап жүргөн Аблкасымды көрсөтчү.
– А-а, байкуш де… айыгып кетер, бала эмеспи. Баягы Моңколойдун кенжеси деле бечел калып баспайт-баспайт деп жүрүп, эми дардайган жигит болбодубу. Кудай айыктырам десе…
– Кокуй, келе жатат, кулагына угузбагыла. Э, уулум! Келе кой, музоону байласаң, отуруп ысык чай ичип ал, үшүп да кетиптирсиң кагылайын, жыңайлак жүрбөй, атаңдан калган өтүктү кийип албайсыңбы. Кел, боорсокту чылап ичкен жакшы болот, мына май,о, алдыңа кетейин, сүрт мурдуңду. Мен өлүп калганда ыйлайсыңбы?
– Ыйлайм, – дейт Абылкасым.
– О кагылып кетейин сенден, жей кой. Жаңкы токол эчкибиз кысыр калыптыр быйыл, базар күнү алпарып сатып, уулума жаңы кемсел алып берейинчи, кыздар суктанып ыйлап жиберсин… Ала кой, тартынба, боорсоктон ал, деле тартынба, мунун бардыгы сеники. Жегиң келсе жегин, келбесе коюп анан же… Мектепке алып барайын, окуйсуңбу?
Абылкасым башын ийкеди:
– О кагылайын, ошент. Акылы бар. О жараткан. Ушул жаман уулумдун окумуштуу болуп, бир кулак суу башкарганын өз көзүм менен көрсөм, арманым жок эле бул дүйнөдө. Жаратканым, көрөр күнүм болор бекен ошону!..
– Кудай тиричилик берсе, көрөсүң, байбиче, көрбөй эмне! Өлбөгөн жанга бакты берет кудай, – дечү коңшусу чыныдагы чайын тегерете чайпалтып. – Мен деле байыман ажырап калганда, бөк түшүп ыйлагам. Чөбүрөгөн төрт балам менен кайда барам, кантип багам. Булар адам болгончо качан дечү элем. Эми мына, кудайга шүгүр, ага-тууган менен эл болдук, минтип балдарымдын ыракатын көрүп неберелеримди жыттап отурам, келе, кудагый, алдагы кантыңан бирди, жаңкы жаман кызым утуру карайт, чөнтөгүмө салып коеюн, келерим менен оодарат, тентегим…
– А-а, каран-кү-үн, мен андайга жетсем, бейишке жетпейт белем. Жетпейм го-о ага, жетпейм го, – деп боздоп калуучу Зыяда кемпир.
– Алда жарыктык киши ай, ошо да кеппи!
– Балам, тойдуңбу? – деп сурайт Зияда кемпир.
Абылкасым башын ийкейт.
– Анда очокко от жакчы, берекем, көйнөк-көнчөгүңдү чайкап жая салайын. Эртең окуу башталат дейт. Маалымдар менен сүйлөшүп койдум бүгүн.
Абылкасым тышка чыгып, очоктун алдына чөгөлөй калып, күлгө көөмп койгон тезекти тутандырып үйлөп, жалын аралашкан көк түтүн чыгарды.
Мектептин директору Абылкасымды жетелеп киргенде, экинчи класста сабак кызуу жүрүп жаткан экен. «Балдар, Абылкасым силер менен окуйт, жакшылап таанышып, жардам бергиле», – деди директор. Балдар дуу күлүп жиберишти. Мугалим да ээгин кармап жылмайды, анткени, Абылкасымдын бою солдоюп мындагы сегиз-тогуз жашар балдар эмес, мугалимден да чоң көрүндү. Сүрдөгөн Абылкасым жанындагы биринчи партага олтура калды.
– Мага такта көрүнбөй калды, – деп чыйылдады артындагы кыз.
Дагы күлкү.
– Арткы партага олтур, садагасы, боюң узун турбайбы, ар бир партага үчтөн эмес, экиден олтурат, – деди мугалим.
Балдар дагы күлүштү.
Абылкасым кичинекей партадан эптеп чыгып, аксаңдап артка басканда, негедир эч ким күлгөн жок.
Директор чыгып кетти.
Мугалим канча тырышса да, калган сабак чар-жайыт өттү, анткени, балдардын көңүлү эсеп чыгарууда эмес жаңы келген балада болду. Алар арткы партада унчукпай отурган Абылкасымга кылчактай беришти.
«Ө-өй, ой ушундай чоң бала да экинчи класста окуйбу?» – деп бири ойлосо, экинчиси: «Ө-өй, байке, аксак экен ээ?» – деп таңдангансыйт.
Бир-эки жумадан кийин балдар Абылкасымга көнүп калышты окшойт кээси ага уч, боек, карандаш берип, анын алып келген каймакка көөлөнгөн талканын, май токочун жеп, сүйлөшүп калышты. Муну байкаган мугалим баланы тактага чакырды:
– Абылкасым, алдагы борду алып жаз: «Күз келди, үтүр, эгин орулуп бүттү».
Абылкасым борду кармап тура берди.
– Балдар, баарыңар жазгыла, тактадан ката тапсаңар чурулдабай, кол көтөргүлө, жаз, Абылкасым: «Күз келди, үтүр,эгин орулуп бүттү»..
Абылкасым тура берди.
– Мен жазайымбы, агай?
– Тынч, Абылкасым өзү жазат. «Кү-үз келди, үтүр…»
Абылкасым былк этпеди. Балдар күлө башташты…
– Борду оң колуңа алып жаз! «Кү-үз…»
– Жазалбайм, – деди Абылкасым.
Балдар күлдү.
– Сологойсуңбу?
– Жазалбайм.
Балдар күлдү.
– Эмне үчүн жазалбайсың? -
"Тайганын алтын жолборсу" Чолпонбек Абыке уулу
Жазылган күн: 1 Май 2015
Саламатсыздарбы, адабият сүйүүчүлөр. Кезектеги чыгарма "Тайганын алтын жолборсу" чыгармасы.Байкасаңыздар мен жазган чыгармалар кыска келет.Өзүм узак чыгармаларды жаман көрөм,аягына жеткиче чыдабай,окубай таштап салган адатым бар.Көбүнчө кыскараак чыгармаларга басым жазайм.Көңүл бөлүп,окуп жаткандарга ыраазычылык.
Кызыл жуздуу,устуно ак чепкен кийген,аппак сакалы кокурогун жапкан ушул адам тушуно уч жолу кирди.Уч тушу тен куну бугункудой эсинде турат.Биринчи жолу он беш жыл мурда кирген,экинчиси арадан рн жыл откондон кийин беш жыл мурда кирди.Буга чейинки эки жолкусунда бул ак сакалдын козун коргон эмес.Учунчусундо козун корду.Агы жок капкара экен.Даанасы, козунун ордунда капкара,тупсуз тунгуюк тешик тургандай.
Коргон тушторунун айрымдарын гана эстеп калып оз ичинен жорумуш болуп койбосо,тушко ото маани бермей адаты деле жок.Журогундо Кудайга ишенип „мусулманмын”дегени менен динди да катуу тутпайт.Ошондо да ушул озгочолонгон тушторго маани берип,унуткус болуп калган жагдайлары бар.Эмесе, соз учугу башынан болсун. Республикада откорулгон панкратионго катышып баш байгени алгандын эртеси куну жеке машыктыруучусу „Сен чонтогу кенен бироолорго жагып калыпсын,Кудай берди деп эсептей бер.Экообуз мындан ары адамдай жашайбыз.Бизден болгон талап мыктап машыгып,мелдештерде жентшке жетишмей.Калган чыгымды бут ал которот.Сен али атын уга элек эс алуу жайларында машыгууларды откоробуз.Мингенибиз машина.Акча чонтокто тутам болот.Ашканага кирээрде майдабызды санап отурбайбыз. Мен баарына макул болуп,экообузгь тген пайдалуу келишим тузуп койдум”,-деп барбалактап суйунуп алыптыр.
Ото сыйлаган,бир чети атасындай болуп калган машыктыруучусына „Менин макулдулугумдуделе бир ооз сурап койсонуз болмок экен„ ...-деп айтууга тилин таптап барып ,кайра „Мактап эле калдыныз,мейли, бара королу,жакпаса баса беребиз да.
Ошентип,машыктыруучусу экоо жаны кожоюндун карамагына отушту.Жаны кожоюн эч нерседен кем кылбаган,чонтогу кенен болгону менен тартипти темирдей кармаган каардуу адам болуп чыкты.Машыктыруучусу экоо кайда тушкондорун да тушуунуго улгурушкон жок.Алардын пикирин да эч ким сурабады.Бардыгы план менен журшузуло баштады.Бир гана нерсе-бул тамашалашчуу адам эместигин,астыда ото олуттуу оюндар барын,ошого камылга башталганын туюшту.Мырзанын жалгыз башына эн акыркы улгудогу заманбап компьтерлер, анализ чыгарчуу апараттар менен жабдылган кабинет,бир догдур,чыгыш курошу боюнча бир машыктыруусу, индиялы бир иог,тибеттик лама экстрасенс, бир психолог догдур беркитилди. Булардын астында озунун машыктыруучусу Мырзаные жанында жон эле жургон тууганына же атасына окшоп калды.Алгач чычаламыш болду эле кайра иш озгочо журуш алганын коруп унчукпай тагдырына ыраазы болууга аргасыз конду.
Арадан бир айча откондо Мырзадай „менмин”деген спортсмендердин бери дегенде он чактысы машыгаарын билишти.Кызыгы ар кимиси оз-озунчо,бири- бирин корбой,башка башка машыктыруучуларда, ар кимисинин оз стилинде машыгышат
Мырзалар машыгуусун улам жер которуштуруп, бирде бийик тоонун арасында монгу тубундо айлап улантса,кайра токой арасында,дайра боюнда,дениз жеегинде айлап,жумалап созулат.Бирде кайнаган ысык чолдуу олкого барышса,бирде тундуктун Тайгасына барышчуу болду. Мырза да машыгууга тим эле баш оту менен кирип кетти.Болгон аракети машыктыруучуларынын талабын толук аткаруу.Орусча одоно суйлогон кытай машыктыруучусу канча жанталашып иштесе да дайым нааразы болуп башын чайкап ушкурунот да турат.Ансайын Мырза да ожорлонот.Анткени, азыр негизги машыктыруучусу ушул уюткан таштай болгон торт бурч кытай куну-туну жанынла.Индиялык иогго болсо жумасына уч гана жолу эки сааттан болунгон,психологго жумасына бир жолу бир саат.Тибеттик лама-экстрасенске жумасына бир жолу бир саат.Эртен менен,тушто, кечинде догдур байкоо жургузот.Озунун жеке машыктыпуучусуна болсо мунозундогу, журуш-турушундагы, табитиндеги, машыгуу учурундагы озгочолукторду узбой байкоо,кичине озгоруу болсо белгилеп жазып туруу,озгочо тынчсыздандырган жагдайды байкаса кытай машыктыруучуга же шефке токтоосуз билдируу тапшырылган. Ал ушуга да Кдайга тобоо деп кубанып журот.Болбосо такыр жумушсуз калуусу да мумкун болчу.Мына ушундай татаал график ойлоп таап тузгон да кытай машыктыруучусу болду.
Башкы шефти анда-санда корот.Ону сурдуу,коздору унуройгон,каштары калын,уксуйгон, кичине киркиреп кавказдык акцент менен суйлогон чечен.Нак атын,тубу ким экенин эч кимиси так билбейт.Шеф кытай менен гана суйлошот.Бут каражатты да ошого берет.Кытай болсо башкаларын керектешинче жабдып турат.Тогуз айдан ашыкка созулган мындай машыгуудан кийин Мырза озун жерде баспай эле учуп жургондой бир башкача сезип калды.Денесине жыйналган куч ташты да талкан кылчудай.Эми мен аткара албаган ыкма калбаса керек десе эле кытай жаны бир укмушту корсотот.
Башында „Биз ким менен беттешебиз? Мелдеш кайда болот?”-деген суроо бергенде кичинеге унчукпай туруп „Сен чын эле билбейсинби? ”-деп тикирейе карап сураган.„Жок. Билбейм”,-дегенде, адатынча башын чайкап „Отур”,-деп мандайына отургузуп алып шашпай тушундургон.
-Сен азыр туз маанисинде айтканда эрксиз гладиоторсун. Оз башынды беш жылга кожоюнга саткансын.Ал ким менен кандай мелдештерге катыштырат оз эрки.Мен да беш жылга оз эркимди саткан машыктыруучумун. Менин милдетим-болгон онорумду сага уйротуп,сени узгултуксуз машыктыруу. Бшканы билбейм.Билгим да келбейт.Кожоюндан бир гана нерсени сурадым.Сени бир жылга чейин мелдешке катыштырбай узгултуксуз машыктырууну. Сен азыр дуйнолук чон мелдештерге эч жараксыз,мажуроосун. Кандуу кармашта жаш баладайсын. Эгер азыр сени мелдешке салса,биринчи эле турда мойнунду жулуп алышат.Кожоюнга рахмат.Суранычыма макулдук берди.Буга биринчи кезекте сен „Тобоо”де. Убакытты каалашынча кыскартса да оз эрки эле.Анткени, сени бир жыл чыгым болуп бакса,анан биринчи эле мелдеште жожодой пырпырап женилууго учурап,бут чыгымын талаага учурушун толук мумкун.Кеп ушул.Экинчи доопурос суроолорунду бербе.Бут оюн машыгууга,онор уйронууго гана жумшалсын! -дегенде оозу ачылган. -
"Күздөгү жаандар" Мар Байжиев
Жазылган күн: 30 Апр 2015
Күздөгү жаандар
Редакциянын эски, дасыккан машинисткасы Айша апа бир кезде айрым тамгаларды, кээде бүтүн сөздөрдү баспай калып, оркойгон каталарды кетирчү болду. Алгач бул кокустуктар анда-санда гана кезиксе бара-бара мындай каталар көбүрөөк кайталана баштады. Ката кеткенин сезип ал, басылып бүтө жаздап калган барактарды чыгарып, себетке ыргытат, кайрадан басып, тексттин жарымына жете электе бир тамганын ордуна башка бир тамганы басып койгонун байкап, буга катуу бушайман болот. Мурда ал өзү баскан барактарды окуп чыкчу да эмес, редакциянын кызматчыларынын быты-чыт болгон, ал тургай кээде өзүлөрү да окуй албаган ийме-чийме кол жазмаларын да катасыз басып берчү. Эми биринчи бетке кетчү жооптуу материалдарды такшалган Айша-апага бербей, машбюрого кечээ эле келген Гүлсүнгө беришет. Бул көрүнүш картаң машинистканын кабыргасын майыштырып, бушайман кылып, күнүчүлүк туудурду. Муну сезген Гүлсүн чыйратылган абалды бир аз жумшартуу максатында балдарынын күлкүлүү окуяларын сүйлөп, кол жазмалардын бирөөн тандап алып: «О-о, муну басуу менин колумдан келбейт», – деп Айшага кандайдыр бир кырдаалда жасакерленгенсийт. Бирок муну жаш келин атайын жасап жатканын Айша-апа байкап коет. Бир караганга эки аял мээримдүү мамиледе жашагандай сезилгени менен, алар отурган кичинекей бөлмөдөгү ахыбал күндөн-күнгө чыйралып, курчуй берди.
Бир жолу Айша кызматка эртерээк келип, кече кечинде басып койгон материалдарды Гүлсүн окуп чыкканын байкады. Барактардын ар бир бетинде тескери басылган тамгаларды кара карындаш менен оңдоп коюптур.
Айша машинкасына барып отурду да, баш көтөрбөй, көпкө чейин басты. Анын арык, катуу манжалары роялда жакшы билген сонатасын ойноп жаткандай шакылдады.
– Чарчадым! – деди Айша-апа бир кезде.
– Акчага басып жатасызбы? – деди Гүлсүн, өзүнүн машинкасын чакылдата берип.
– Андайдын мага кереги эмне? Жалгыз баш кемпирге канча акча керек дейсиң? Айлыгым жетет. Эртеден кечке чейин баягы эле: «чака-чак, чака-чак». Кайда барбайын ушул дабыш кулагымдан кетпейт. Поезд өтүп бара жатса да дөңгөлөктөрү кадим машинкадай чакылдагансыйт. Музыка ойноп жатса да барабандары мунун тамгаларындай такылдайт, – деди Айша-апа.
Жаш машинистка ишин токтотту, анткени көп сүйлөбөгөн, токтоо апанын мындай кызуу кан сүйлөгөнүн эч качан уккан эмес.
– Эс албайсызбы? – деди Гүлсүн.
– Чики-чик-чики- чик, – деди анын «Мерседеси».
– Мен да ошону ойлоп жүрөм, жашым да небак келип калды! – Чака-чак-чак – чака-чак-чак, – Айша апанын машиникасы катуулай такылдады.
Жаш келиндин ага жөн гана айылга же курортко барып эс алсаңыз деген кеңешин картаң аял, тетири түшүнүп, ыза болду…
– Айша апа, сиз мени туура түшүнгөн жоксуз, – деп Гүлсүн актанууга аракет кылды.
– Айырмасы кайсы, – деди Айша апа ызалуу күлүмүш этип, – баары бир эртедир кечтир пенсияга кетиш керек да.
– Менин кайненем алтымыштан ашты, бирок, дагы эле иштеп жүрөт, – деди Гүлсүн. Чики-чик. – Чики-чик, – деди анын машинкасы.
Айша апа жооп берген жок, машинкасы: така-так-так- така-так-так, – деп такылдай берди.
Комментарийлер
Rozalia
05 Май 2015 - 21:12