Азыр тун ооп калды, Москванын кочолорундогу жарыктар куйуп, пропкада тыгылып турчуу жолдордон саналуу гана машиналар отуп жатат. Мен сен жашаган уйдун алдында, ар дайым сени коргум келип кутчуу жерде отурам. Журогум эртенменен келген смсти окугандан бери жайына тушо элек, уйку жок. Уч гана соз. Мени азаптаган, уйкуму да, жашоого болгон каалому да уурдаган уч соз."мен турмушка чыгатам". ..
Сен кетип жатканда ушул жерде кутуп отурдум элем, байкенден уялганындан жолукпай кеттин. Кут, аз кундо келем дедин. Журогум ошондо сезген, журокко эмес сага ишенгеме азар нааразымын. Азыр сен жашаган уйдун жарыгы очук, ар куну кечиндеси карачуу элем, куйуп турса негедир кубанчуумун, сен кетер куну акыркы жолу кутуп жатам деп ичимден окунгом, ошондо бугунку кунум ушундай болорун билсем ой боюна койбой бекем кучактап алып тоюна жыттаар элем, мумкун байкелериндин козунчо алам деп соз берип узатат элем. Бары откон, бугун журогум тынчыбайт, оюм ар тарапта. Эртен ак жоолук салынып башканын колун кармашын ойлосом козум карангылайт, журок зырылдайт. Эмнеге макул озун макул болдунбу деген суроомо ойлонбой туруп ооба деп жооп бердин, менин сен деген суйуумду бир коз ирмемдик убака да тенебединби. Же мени алдап жатасынбы, сага оюн болсо мага оору болуп жатат го. Арабызда 4000 чакырым аралык. Барсам болот, бирок сен каалабасан мен эмне кылам. Сен мен тарап болсон ата эненин кудалашканына каршы чыгат элем го. Башым ман, коздорум бутумдун учунан ары корбогон туман. Эмне кыларым билбейм, эмне жазарымы да билбейм. Мумкун эртен оюмду топтоп улантып жазармын...
Билдирүүнү түзөткөн: leader.kgz: 02 Октябрь 2016 - 05:25