Быйылкы жылдын өзүндө тест тапшыргандардын саны 55 миңге жакын адамды түзгөн, анын ичинде негизги тест боюнча 32500 адам 110 го жетпеген балл топтосо,калганы 110дон көп топтоп, анын ичинде 500 дон ашыгы гана эн жогорку деп эсептелген жана каалаган окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү 200 баллдык чекти багындырышкан. Белгилей кетсек, кабыл алуу баллдардын суммасы боюнча конкурстук негизде жургузүлөт. Бирок, ошол эле ББИМдин чечими менен акыркы эки жылдан бери ЖОЖго өтүү үчун негизги тесттен сырткары тапшырган адистигине жараша кошумча тест да тапшыруусу зарыл жана анын чеги быйыл 60 балл деп белгиленген. Далушул кошумча тесттин айынан далай абитуриенттердин багы байланып, окуу жайларга бөлүнгөн бюджеттик негиздеги квоталык орундар толбой жаткандыгы ЖОЖдордун чоң көйгөйүнө айланууда. Эң өкүнүчтүүсү, ЖРТ (же ББИМ) уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзө албагандыгынан улам жалаң элеттик абитуриенттер гранттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап , “борттон сырткары”калууда.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 13 Август 2012 - 21:04