aikera1992 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 546 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (518 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 28 Февраль 13
- Кароолор:
- 25 396
- Соңку аракети
- 06 Янв 2022 15:54
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 22, 1988
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Кыргызстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Эмнеге?
Жазылган күн: 15 Июн 2017
Окуп алып ойлонуп жаман болдум. Чын эле кайда? Эмнеге? (Автору мен эмес.)
ЭМНЕГЕ?
2017-жылы менин мектепти бүткөнүмө 11 жыл, Орусияга келгениме 9 жыл болот экен. Он бир жылдан бери мен мамлекеттен бир сом карыз албасам, гектарлаган кайрак( суусуз) иштетилбеген жерлерге налог төлөп жатсам, соцфонд төлөп жатсам, электр энергиясына очойто төлөп жатсам, ооруп калсам оорууканага төлөп жатсам, жол кире төлөп жатсам, катын алсам өз акчама алып багып жатсам, өз акчама машина алып налогун төлөп жатсам, там салсам өз акчама салып жатсам, той өткөрсөм өз акчама өткөрүп ресторанга, загска чыккан машиналарга төлөп жатсам, алар барып налогторун төлөп жатса, мага окшогондор миң эмес миллион болуп жатса, мамлекетке пайдабыз эле тийбесе зыяныбыз тийбей жатса анан каяктан эле Кыргызстандын карызы өсүп жатат?
Мамлекеттен аз эле маяна алып иштеген чиновниктер каяктан байып жатат?
Эң жакыр 50 өлкөнүн катарына кириптирбиз.
Өлкөнү башкарышты билбей карызга батырып МУЛЬТИМИЛЛИОНЕРМИН деп мактангандарга МЕН АЧЫК ЭЛЕ АЙТЫП КОЕЮН, МЕН АЧЫК ЭЛЕ АЙТЫП КОЕЮН, СЕН АЛГАН КАРЫЗДАРДЫ МЕН ТӨЛӨБӨЙМ! ЭГЕР ЭЛЕ ЭЛГЕ САЛА ТУРГАН БОЛСОН СЕНИН БИЙЛИГИҢЕ КАРШЫ МИТИНГКЕ ЧЫГА ТУРГАНДАРДЫН САП БАШЫНДА БОЛОМУН!
КЕЛГИЛЕ УРМАТТУУ ДОСТОР, КАЙДЫГЕР ЭМЕС МЕКЕНДЕШТЕР, ТАГДЫРЛАШ МИГРАНТТАР ЭМНЕГЕ КАРЫЗ ӨСҮП, МАМЛЕКЕТ ӨНҮКПӨЙ ЖАТКАНЫНА, АЛЫНГАН КАРЫЗДАР КАЯКА КЕТИП ЖАТКАНЫНА ЖООП БЕРҮҮСҮН МАМЛЕКЕТ БАШЧЫДАН ТАЛАП КЫЛАЛЫ?
ОН МИҢДЕГЕН ЖУМУШЧУЛАР ИШТЕГЕН ЗАВОД КУРУЛБАСА, МИЛЛИОНДОГОН ЭЛ ЖАШАЙТУРГАН ЧОҢ ШААР КУРУЛБАСА, САМОЛЕТ, ВЕРТОЛЕТ, РАКЕТА, ТАНКА, ПОЕЗД ЧЫГАРЧУ ЗАВОД КУРУЛБАСА, ЭМНЕГЕ КАРЫЗ ӨСӨТ? ЭМНЕГЕ? ЭМНЕГЕ?(Омурбек Азимбаев) -
Күтүү...
Жазылган күн: 16 Дек 2016
Жаралгандан тартып,болгон тируу аттуунун баары жашоо учун курошот экенбиз. Эс тартып,акыл токтотуп калгандан бери элдин алдында,копчулуктон кем болбогонго тырыщабыз. "Мен учун байлык-бийлик болбогон нерсе, мен акчага кызыкпайм... ж.б." деп озунчо философ болгондорго кулкум келет. Озгочо азыркы заманда акчалуулардын заманы э? Бийлик,байлык учун балдарынын жакшылыгын корбой коюуга даяр адамдарды коруп атабыз го. Мен да жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бутком. Канча жердин эшигин каккылап,калп жылмайып,далыга таптап узаткандардан тажап чет жака иш издеп келип, дипломум сандыкта жатканыга 10 жыл болуптур. Койгон максатыма жетем деп журуп кантип жалгыз калганымды, жаштыгымдын качан эле отуп кеткенин эми сезип отурам. Балким бугун сен жолукпаганда дагы эле иш,жумуш,уй деп журо берет белем. -
Конокту кантип тосуп, кандай коноко баргыңар келет?
Жазылган күн: 13 Сен 2016
Достор күз келди күз! Демек катар-катар тойлор! Ресторандардын күнү тууп, тойлор акыркы күндөрү светтик кечелерге айланып баштады. Ошол жака жасанып, ошол жака чачмай бар болгонун. Казан-казан тамак аш жасалып, дасторкондун бети жайнайт. Албетте жаман эмес. Бирок,ошонун баары жебейт деле. Жыл бою тапкан ташыганын тойго, ража, кошумчага кетет.Ысырапкорчулук. Муну баарыбыз билебиз дейли. Анан той бере беребиз, бара беребиз...Ушул заманда ар бир адамдын ою акча маселеси эмеспи. Келгиле тойду кандай өткөргүңөр келет? -
Кыздар, чынын айткылачы, келечекте айылда жашагыңар келеби же шаардабы?
Жазылган күн: 1 Июл 2016
Бир колдонуучунун тагдырын окуп, силерден сурагым келди. Азыр ар бир кыз билим алууда, шаарга келип окуп, жашап журуп анан кобунчо айылга баргысы келбегендер толтура. Балдар деле ушундай. Айла жок ата-эне учун барышат. Чынында окуган сон айылда жумуш жок коптор шаарга качып жатышат. Озгочо кыздар кайда жашагынар келет? -
Жөн гана бактылуу болгум келди...
Жазылган күн: 14 Июн 2016
Бутуруу кечеси. Мындан 9 жыл мурун мектепти артыкчылык менен аяктагам. Борборубуздагы кафелердин биринде окуучулук кундор менен коштошуп, барыбыз конулдуу отурдук. Бир убакта негедир кайда барсам да менден козун албай теше тиктеген жигитти байкап калдым." Сымбаттуу жигит экен" деп койдум ичимден. Негедир сырдуу коз карашынан мага озгочо сезилди. Коп отпой тааныштык. Аты Эрмек экен.Менден бир жашка уулу, Таластын бир айылынан келиптир. Студент. < br /> Чын эле озгочо адам. Кадимки жигиттерден ой-жугуртуусу башкача, токтоо, тамашакой... . Экообуздун кыз-жигит болуп жургонубузго 3 жыл болду. Козумдун кареги менен тен айланган, мен учун баарына даяр болгон Эрмекти мен да чындап суйом. Суйуу- керемет экен. Кээде таарыныша кетсек, ачуубуз ашып кетсе жарым кундо тарайт. Жетелеше Бишкектин кечтеринде далай сейилдедик. Экообуздун оюбуз,табитибиз, кыялыбыз да окшош. Ото ызы-чууну жактырбайбыз, достор менен тунку клубтарга, киного барып,кымбат кийим кийип, ашыкча акча коротконду да жактырчу эмеспиз. Биз учун Ата-Турк сейил багы менен Бишкектин кочолору эч нерсеге алмашкыс эле. Озгочо болуп, жигитимден ашыкча романтиканы талап кылуу колумдан келчу эмес. Анча-мынча белектерин да алгым келбеди. Менимче мунун себеби ото жонокой уй-булоодо тарбия алганымдан болсо керек. <br /> Жашырганда эмне, атам арактын артынан тушуп журот.Менден кичуу эки синдим, эки иним бар. Кичинемде атамдын аябай жакшы кызматта иштегенин билем.Уйдон киши узулчу эмес. Алыш-катыштар да мыкты болчу. Эн кичуу иним апамдын курсагындагы кезде 1997-жылы атамдын кызматынан айрылып калган.Мындай бурулушту которо албаган атам акыркы кундору ачуусун арактан чыгарып жатып, акыры аракеч болуп баратканын да билген жок.Бизди чыркыратып кол которот. Кээде эшикке кубалап чыгат. Бир куну апам балдар менен кечинде мончого кеткен, атам мас абалында мени катуу чаап салган окшойт. Кышында эшикте эсим ооп жаткан жеримден кошунам тез жардам чакырыптыр. Эки бойрогумо катуу суук тийиптир, заара ушата албай, кан сийип... аябай кыйналдым.Дарыгердин апама "кылдаттык менен дарылабаса, кийин торобой калышы мумкун" дегенин уктум. Апам атама эмнелерди гана кылбады. Айтты, тушундурду, таарынды, ыйлады, алдады, дарылатты... . Майнап чыкпайт. Эртен менен уйдон эки аяктап чыгат да, кечкисин торт аяктап келет. Кылган иши жок, тапкан акчасы жок, кечинде кайдан ичип келээрин апам экообуз тушунбой журдук. Же, бир куну аркасынан андып корсокпу? Жаш балдары менен апама туугандар башында каралашып жургону менен акыркы жылдары озулорунун тирлиги менен кетишти. Беш баланы кайда, таштап, кайда бармак эле. Апам тигуу цехинде иштеп бизди багып журду. Кээде апама жардам берип мен да тункусун иштейм. Адаттагыдай тункусун уйдун жанындагы цехте апам экообуз иштеп жатканбыз. Бир убакта кызыл шапкечен милициялар келип апамды алып кетишти. Корсо, атам ар кимдин уйуно уурулук кылып журуптур. Соттун чечими менен атам 5 жылга темир тор артына кетти.Канча сыздаганыбыз менен 5 жыл бат эле отуп кетет. Балким эсине келип кайтаар деп озубузду жоошуткан бойдон кала бердик.Ошол жылы мен мектепти аяктадым. Озум каалаган кесипке кудай жалгап мамлекеттик тестирлоонун жыйынтыгы менен бекер окууга оттум. Апамдын суйунгонун айтпа. Мен андан ыйлап алгам.Кундузу окуп, тундосу иштеп апама тирооч болуп, жашообуз бир топ тынып калды.Окуум менен чет олколорго барып, акча таап,туугандардын жардамы менен апам экообуз кенешип уйубуздун жанына кичинекей дукон ачып алдык. Бобокторумдун анча-мынча кем карчысын дукон жаап турчу. Буюрса, диплом алсам иштеп апама жардамым мындан да кобуроок тиет дейчумун. <br />Эрмек мындай кыйын учурда мени тушунду, моралдык да, материалдык да жардамын аячу эмес. Ал ЖОЖду аяктап жатканда менин колумду сурады. Мен учун кутулбостук болду. Мен аны канча жактырсам да, олуттуу турмушту ойлобоптурмун. Оюмдун баары бир туугандарым, апама кам коруп,аларды бутунан тургузуу эле. Мен кетип калсам апам кантет? Албетте каршы болдум. Эрмек ата-энесинин эки эжесинен кийин жалгыз баласы болчу.Айылдагы ата-энесинин колунда калаары бышык.А мен апамды кантип таштап кетем? Мына сага! Эрмек башкага уйлоном деп кетип калды. Ичимдин ачышканын сурабагыла. 5 жыл чогуу журуптурбуз. Бул оной эмес экен. Мен аны суйом. ошондогу ичимдин орттонгонун сиздерге соз менен жеткире албасам керек. Аз отпой атам бошотулуп чыгып келди. Мурункудан озгорулгондой. Кантсек атабыз да. Аябай кубандык, сагыныптырбыз. Бир куну апам мени турмушка чыгуум керек экенин, атам экоо эптеп жашоону улантаарын, дуконубузду чонойтуп, кирешелуу кылабыз деп соз беришти. Коп отпой Эрмек озу келди. Баягыдай эле. Таарынып кеткенин унутуп калса керек." Мен макулмун& quot; деген созду угуп, тобосу кокко жетти, анын мынчалык кубанаарын элестетпептирмин. Бул учурда менден откон бактылуу адам жок болсо керек э? Мени шаарга таштап, озу айылга ата-энесине айтканга кетти. Бирок бир кун отту, эки кун... бир жума кабар жок. Телефон чалбайт, чалсам албайт. Акыры анын апасы мени жактырбай жатканын уктум. Мени, менин уй-булоомду, атамды "аракеч& quot;, "зек& quot; дегенин угуп жаман болдум. Билгеним Эрмек Таластагы эн бай адамдарын биринин баласы экенин уктум.Таарындым, ызаландым. Бирок буга ким куноолуу? ооба, атам убагында ичкен, жанылган. Бирок мен атамды эбак эле кечирип койгом.Тоскоолдуктар коп болду. Мен чет олкого иштеп кетип калдым. Кээде мегаполисти аралай басып, коп ойлоном. Жумуштан чыгып жатакана кеч келем.Кундогудой метродон тушо бергенде алдымда турган Эрмекти коруп чочуп кеттим. Мындайды эч кутпогом. Ишенген жокмун. Адаттагыдай жылмайып & quot;Таарынчаак, мен сени издеп келдим, бул жакта эмне журосун? Бас, таарынгандар Таласка барат". .. Кучагына жыгылдым. Мен аны чындап, ал мени менден да катуу суйоорун эми сездим. Биз созсуз бактылуу болушубуз керек. Той болду. Бирок журогум бир орунда эмес. Баары бир тенсиздик айырмаланып турду.Биздин материалдык абал менен Эрмектин аабалы асман менен жердей. Келин болуп хан сарайдай уйго келгенде абдан сурдонуп жаттым. Эрмек менен бактылуу болом. Бирок кайын энеме жакпадым. Ооба, мен ага эч качан жакпайм. Балким байдын кызы болсом жагат белем. Тен тени менен, тезек кабы менен деген соз чын экен. Не деген кемсинтуулор болду. Кандай создорду уктум. Менин адамдык касиетим, жан дуйном менен ал жакта Эрмектен башка эч ким эсептешкен жок. Алар менен менин айырмам ото эле байкалат. Бир жылда жудоп кеттим. Келинин жактырбаган кайын эненин кылыктарын айтпасам да белгилуу да. Акыркы кундору "Мен качан неберлуу болом?" деген суроону берет. Кызык, кудай буюрган куну да. 3 жыл болду, текшерилбеген, корнубогон доктурум, табып калган жок.Баары эле жакшы, буюрса болот дейт.Кудайдан жалбарып сурасам да болбоду. Бара-бара Эрмектин да мага болгон мамилеси озгоруп баратты. Балким анын досторунун баары балалуу болуп калганына жаман болот го.Менин бойрогумо катуу суук тийгенин билет. А тугул мен ооруканада жатканда мага кун сайын алма алып келчу. Ишенсениздер мен кыйналып кеттим. Каардуу кайы эне,шаарда оскон мага айылдын тирлиги, элдин мамилеси ушундай оор, татаал,же алаксып иштегенге айылда жумуш жок, анан мынтип неберелуу кыла албасам...чунчуп кеттим. Апама эч нерсе айткым келбейт. Менде баары жакшы деп коем. Ансыз да апамдын азабы коп. Атам дагы эле аракеч онолнбой эле тетиринче кетип жатат. Эки синдим студенттер, инилерим мектепте. Бир куну кайын энем чай устундо "Атан кандай?" Буга не болду атамды сурап... "Жакшы& quot; дедим. "Дуконунор не болду" Эч нерсе тушунгон жокмун. Корсо, атам ичип алып, апам менен урушуп дуконду орттоп салыптыр. Мага ушул эле жетпей жатты эле. Эртеси кайын энем менин болмомо кирип, менин кийимдеримди чогултуп, кетуумду сурады. Мен учун бул жанылык деле эмес. Качандыр бир кезде торобогон келинди ушинтээрин билгем да. Буга чейин кетип калсам болмок. бирок Эрмектин мага болгон суйуусу, мамилеси эле. Ал кечинде иштен келгенде аны сыга кучактап, жытынан шуу этире жыттап алсам баары унутула тушоо эле. Чемоданымды суйроп, биринчи кабатка тушуп келатып эшиктин оозунда турган Эрмекти коруп ыйлап жибердим. Ал чемоданымды жулуп алып, "Апа, бул менин аялым, мен аны суйом, ал меники!& quot; деп, колумдан жетелеп жонойбу деген оюмдан айрылдым. Жарылып кетчудой аран турган мени бир тиктеп алып, мелтирей терс бурулуп кетти. Мындайды кинодон эле коргом. Босогону аттап,кочодогу алдын ала чакырылган такси менен уйго жонодум.Ажырашуу азабын ажырашкандар эле тушунот. Суйуунун азабын чындап суйгондор билет, ал эми баланын кадырын.... 5 жыл кыз жигит болуп, 3 жылдык никебизди, ак суйуум, Эрмектен башка эч кимди, эч бир эркекти билбедим аны унутуп кою болбойт экен. Мейли, бактылуу болсун дегеним менен мен учун оной болгон жок. Сотто ажырашуу чечимине келип, анын дароо эле экинчи аял алганын, аны менен жарым жыл суйлошуп жургонун угуп жер жузундо ушундай маскачан адамдар бар экенин кордум. Мага болгон сегиз жылдык суйуусу 2 айда алмашаарын кутпогом. Айтмакчы, алган аялы абдан сулуу, байдын кызы экен. А мен чын эле анын жанында "Серая мышка" окшоймун. Жан дуйнонун азабынан кутула албай. стрессте журуп, уйдон бир жыл чыкпаптырмын. Суйуум аябай кучтуу экен. Не болсо да баары бутту! Кайрадан жаны жашоо. Иштейм, жаным калбай калгыча иштейм. Бир туугандарымды иштетем. Менде баары болот. Билимим кудайга шугур, амбициям ашып-ташат. Силердин гезиттен "27 жашта балалуу болгон жакшы"экенин угуп, жасалма уруктандыруу, ЭКО боюнча маалымат алуу учун Асымбекованын борборуна бардым. Менде дагы бир жолу баары жайында экенин, турмушка чыгышым керек экенин айтышты. Эки тоо корушпойт, эки адам корушот дегендей ошол мен барган оорукананын жанынан Эрмекти кордум. Баягыдай эмес. Кабагы салынкы. Кызык, журогум "болк& quot; эткени эмнеси? башымды ийкеп учураштым. Ал да мени тиктеп тура берди. Кино, кино озунчо эле. Озумду аран кармадым. Баягыдай моюнуна асылгым келди. Ичим исып, эркимди аран башкарып, бурулуп кеттим.Артымда козун албай тиктеп турганын сезип жаттым.<br /> Коп отпой чет олколук фирма менен келишим туздум. Кесибим боюнча Америкага августун 25 де учам. Бир жума мурун эшиктин алдында Эрмектин машинасы турат. Мен Эрмекти сезем. Ал ичинде отурат. Буттарым озунон озу шилтенип, машинасына бардым. Ушуну эле кутуп тургандай алдымдан чыга калып мени бекем кучактап унсуз ыйлап жатты. Денесиндеги майда калтырак менин денеме отуп жатты. Анын кен далылуу кучагы негедир мурункудай жагымдуу эмес, моюнунда менин акылымдан алчу жыты жок. Туну бою машинада отурдук. Кичине кызуу экен. Анын балалуу боло албасын укканда не дээримди билбей калдым. Уруктугу кыймылсыз,жансыз экен. 1,5 жарым жылдан бери дарыланганынан корсоткуч жок.Аялы торкунуно кетип калганын айтып отурду. Таба эмес тобо кылалы.Кудай берем десе баланы жетимишке чыкканда берип коет. Не дейин... Эч айтаар созум жок машинадан тушуп кеттим. Баарын унутуп,ичимдеги сырлар менен болушуп анан жаны барактар менен жон гана бактылуу болгум келди...Мен аны кечируу учун канча убакыт кетет? Бермет.
Достору
-
Eldiyar -
sumaya -
Nurbek555 -
Adeli -
Lana_g -
FREELove -
nnn.sss -
nurian -
Tatyna_00 -
ararat... -
Nuriza9094... -
Laura92 -
joodar1202 -
nur_kadyr -
Asiet -
shaku2015 -
regina86 -
Koenek93 -
adilet9090 -
Medinaa -
Nuriza.kub... -
diamond1111 -
byityska -
Bak.taalai -
Bolunbo.ky... -
Aisan -
ariet.kaary90 -
Ajara_13 -
waiting -
Aizhan29 -
beru -
Ymanbekov -
Hatali -
baktyluuluk -
Syun17 -
Janum84 -
Asol.Aslo. -
Aijamal0405 -
Suhan15 -
talaa11 -
pupsik98p -
K.Madinam -
echkim -
nur.... -
aizira -
janbirge -
Jamka2013 -
MNK.88 -
Aika2018 -
Aizaada2301
Показать 50 случайных друзей 64 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
Disappear
11 Май 2018 - 22:51LunaSun
09 Фев 2018 - 14:20realliver
23 Дек 2016 - 03:12