Mydearzh Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 4 055 (1,56 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (1164 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 18 Сентябрь 17
- Кароолор:
- 100 988
- Соңку аракети
- 15 Фев 2022 23:42
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 24 жашта
- Туулган күнү:
- Август 24, 2000
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Жакшы адамдар арасы...
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
ISKENDER-ALI
11 Сен 2024 - 14:25 -
biznes
14 Июл 2023 - 05:46 -
Suprug
15 Фев 2022 - 23:46 -
poping.dance
24 Янв 2022 - 15:36 -
bessmertiy
31 Дек 2021 - 10:11 -
Sagyn.91
29 Дек 2021 - 20:55 -
Chagylgan7
28 Дек 2021 - 05:35 -
__anna__
17 Дек 2021 - 01:22 -
Romantik.
09 Ноя 2021 - 16:13 -
jonokoi.bala
07 Ноя 2021 - 01:30
Мен ачкан темалар
-
"Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы"
Жазылган күн: 22 Июл 2019
Акыркы окуган китеп ушул болду. "Окуш керек эле" деп жүрүп убакыт эми жеткен экен))
Сиздерге да сунуштайм.
Кириш сөз
ЖАШООНУ ОҢДОГОНДОРДУН ОКУЯЛАРЫ
1909-1910-жылдары Финляндияны эки жолу кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон элем. Бул өлкө адамга өзгөчө бир таасир калтырат. Бөлөк өлкөлөргө эч окшобойт. Адамдары да башкалардан айырмаланып турат. Биздин пикирлерибиз, кыймыл аракеттерибиз, жашоого болгон көз карашыбыз жана мамилелерибиз аларда жок. Кайсыдыр бир башка планетанын
өкүлүндөй сезилишет. Ыйык китепте баяндалгандай, ак лилия гүлдөрүн эске салат. Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө өзүмдүн чөнтөк дептеримдеги жазган күндөлүгүмдү жана байкоолорумду 1914-жылы «Съвременна мысл» деген журналга жарыялаган болчумун. Мен анда төмөнкүлөрдү белгилеген элем:
…Финляндиядагы маданияттын мындай жогорулашы Европанын эч жеринде жок. Ал эң жаш өлкөлөрдүн катарына кирет. Калкы Волга дарыясынан өтүп, Урал тараптан көчүп
келген. Балким байыркы болгарлар менен кошуна же алардын бир уруусу болгон чыгаар.
Бир кездерде «Эч кимдин бизге зыяны тийбесин, жапа чектирбесин» дешип тынч жерлерди издешиптир. Ансыз деле
алар өздөрүнө таандык табиятына ылайык жоош-момун христиан адамдар болушкан. Эч ким жашабай турган жана жашай албай турган бүгүнкү мекенине келип жайгашышкан.
Орусия менен Швеция азыркы Финляндияны ондогон, жүздөгөн жылдар бою табигый бир чеп катары колдонуп келген.
Швециялыктар дагы, орусиялыктар дагы Финляндияда чоң саздар жана өтүүгө мүмкүн болбогон чытырман токойлор көп болгондугунун айынан согушуу үчүн бири-бирине аскердик унаа жөнөтө алган эмес.
1808-жылдан баштап биринчи дүйнөлүк согушка чейин Финляндия орустардын бир облусу болгон. Бирок өздөрүнө таандык мыйзамдарга ээ болушкан. Бул укук аларга Александр I тарабынан берилген. 1894-жылы Николай II тарабынан дагы да бекемделген.
…Петербург жана Вибург шаарларынын арасындагы жол көп дегенде 4 саатка созулат. Петербургда фин улутундагылар эмгектенген жеке менчик бир фин бекети (вокзал) бар. Бул бекетке алгачкы кадамды таштаганда эле өзгөчө бир жылуу сезим пайда болот. Орус бекеттеринде жана кассаларында булардан айырмаланып чаң, кир, иретсиздик дароо байкалып, кыйкырышуулар, ызы-чуулар тынчыңды алат. Фин бекеттери болсо таптаза, иреттүү жана тынч. Вагондорунда да аябай
чоң айырма бар. Биздегиге окшогон орус вагондору түкүрүк идиши сыяктуу. Дубалдары сыйрылган, ар түрдүү сөздөр жана аттар жазылган. Жүргүнчүлөр менен контролерлор арасында же жүргүнчүлөрдүн өздөрүнүн арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөр орун алган. Фин вагондорунда болсо, ар ким өз ордун билет. Мындай жагымдуу абалды немис вагондорунан гана кездештирген болчумун. Эч кандай түшүнбөстүк жок, эч ким вагонго түкүрбөйт, катуу үн менен сүйлөбөйт, чылым чекпейт.
Өрнөктүү тазалык орун алган. Жол акысы арзан болгон үчүнчү класстагы жатуучу жайы бар вагондор да абдан сонун жасалгаланган, таптаза, шейшептер салынган. Сапарда эч ким эч кимге тоскоолдук жаратпайт. Уктап жатсаң эч ким катуу сүйлөп ойготпойт. Финдер негизи эле сүйлөбөйт, шыбырашат…
Хелсинкфорс шаарында же финдер өздөрү айтышкандай Хелсинкиде, Вибург шаарында же финче айтканда Випуриде жана бардык чоң шаарларында көчөлөрдөн миңдеген адамдарды көрүүгө болот. Бирөөлөр келет, дагы бирөөлөр кетишет. -
Көп сүйлөгөн калп...
Жазылган күн: 25 Июл 2018
Кээде биз каалабаган учурда калп айтууга туура келет.
Бироонун конулун оорутпоо учун, же биз учун санааркабоосу учун. Же кимдир бироодон кутулуу учун)))
Мисалы.
Акчаныз жок болсо да ата-энениз кабатыр болбосун учун "Акчам бар";
Каалабаган учурда досторунуз чакырганда "Уйдо эмес элем";
"Курсагым ток; ачка эмесмин", "Жумуштарым чыгып калды" жана башкалар...
Жана ушундай кунумдук калптарды суйлоп коюп, калпыныз чыгып калган учурунуз созсуз болсо керек?
Мындайда абалдан кайсы "калп" менен чыгып кетесиз?))) -
Кайсы форумчуну кандай келин элестетесиз?
Жазылган күн: 12 Июл 2018
Форумдун дээрлик 60%ын кыз-келиндер тузсо керек. Ошол эжелердин, кыздардын жазгандарынан, мунозунон кандай келиндин образы коз алдынызга тартылат?
Мисалы, Нурзина эже ото шамдагай, "шустра-быстрая" , кайын - журту менен жакшы тил табыша билгендей сезиле берет эмнегедир.
Данек эжем. Реалда жоош, ашыкча кеп-созу жок келин элестетем.
Эрке келиндердей Эркеша эже, Айсулуу (Айсле) сезилет.
Айтурган эже оор - басырыктуу, куйумдуу келиндин образын берди мага)
Шалун эжени тааныганга чейин биз тендуу "секелек" элестетип журуптурмун))
А Медина эжеден келечекте жезденин ашказанын капа кылбаган, сонун келин чыкса керек. Байкашымча, турлоп тамак жасайт экен.
Таня эже. Хмммм. Ото позитивнаЯ, бала кыял келин болосузбу дейм да?
А тентуш кыздар Мусулманка, Аси гулум, Аккыз, Акмолмол,Уулкыз, Айназик Азизалардан келечекте "от души" келин чыгат деп ойлойм.
Азырынча мен тааныгандардан ушуларды эле билип, элестетип коюптурмун
Оз оюнуздарды жазыныздар.
P.S.Мындай тема болсо алдын ала кечирим сурайм! -
Напси менен күрөшүү
Жазылган күн: 19 Апр 2018
Напси деген эмне? Кантип курошо алабыз?
Кантип куроштунуз эле? Напсинизди тыя аласызбы? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп беруунуздорду отуном.
Форумда Исламдан кабары бар колдонуучулар да толтура. Мерует, Систер эжелер жана бир канча байкелер.)
ТЕМА барбы жокпу билбейм. Болсо кошуп коёсуздар, админ) -
Форумдун эң тамашакөй колдонуучулары
Жазылган күн: 4 Янв 2018
Форумдан коп тамашакой ага-эжелерибиздин билдируулоруно кубо болдум.
Алардын ичинен "Кайдасын" аттуу колдонуучу куйкумдуу создорун куюлуштура курап, форумчулардын конулун которуп келсе, "Суши уок" эжебиз да тамашакойлордун катарын толуктай. Алардан сырткары, Сагын91, Бек_абад, Ася_92, Мусабаева, Ментолдорду та тамашакойлордун катарына коштум
Ал эми озум баарлашып жургон эн эле тамашакой эже "Ruya.son".
Сиздер билген эн тамашакой колдонуучу ким?
Комментарийлер
Mydearzh ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?