Талантбек кызы Аруке белгисиз дартка 2009-жылы кабылган. Көп жерлерге барышып, ооруну биле алышпай, 2010-жылы врачтар системалык склеродермия диагнозун коюшкан. Ата-энеси менен айылда турушчу экен, бирок Аруке регулярдуу түрдө дарыланышы керек болуп шаарга көчүп келишкен экен. Атасы Талант окуйт (стипендия алат), апасы иштебейт. Арукенин сиңдиси 9-класста окуп, цехте иштеп, үй-бүлөсүн багат. Арукеден тышкары үй-бүлөдө дагы 6 бала бар.
Арукенин бир дарысы 4500 сом турат, экинчиси андан арзаныраак.
Жыл сайын ооруканага жатып турат экен.
Атасы менен апасы кош көңүл эместерден жардам сурайт. Атасынын номери: 0779-892999
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1