Жарандарым, ушул менин катаал жагым:
Жашоо – тозок, түшүндүрүш - татаал аным.
Баарыңарга ачык айтам: Башчысыңбы. ..
Башың такта, же үстүндө баталганын.
(Ортозар бир өмүр сүрүп жүргөндөр көп,
Ооматы аз, бирок чынга үргөндөр көп.
Ошондуктан, орошон бир ойлуу инсан,
Оолак болор кыргыз салтын билсе, демек.)
Жыргал көрбө байлык менен жашаганды,
Же түрмөнү... толтурат бил башың аңды.
Кысталактар, кедейлерден сабак алгын:
Кынтыгы жок, кыйналса да жакшы жарды.
Жок-жок ага түк ыраазы эмессиңер,
Дүйнөдөгү байга келет теңешкиңер.
Өз кызыгын ойлоп сени бузуп салат,
Оолак болсун арамдыктан кеңешчиңер.
Башка да көп айтаарым да, дээрим менин:
Башкаларга кетпесин эч элиң, жериң.
Улутуңду бөлгөндөргө катаал бол да,
Улуулоочу жарандарга мээрим бергин!
Башчыларым, ойлон тактын катаал жагын:
Башың такта, же үстүндө баталганын! ...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Сентябрь 2018 - 10:06