Arzu (18 September 2009 - 13:19) жазган:
Урматтуу форумчулар,
мен сиздердин копчулугунуздордун алдыныздарга озумдун ырларымдын бироону сунуш кылып олтурам . Балким мен Чынгыз Айтматов жонундо ыр жазуучу денгээлдеги акын эмесстирмин ошентсе да Айтматовдун дуйнодон отуп кеткенине менин да ичим ачышат . Ошол себептен ушул ыр жаралып олтурат Конул болуп оз ой пикириниздерди билдирип койосуздарбы . Мындан башка дагы ар кыл мазмундагы ушундай эле денгелдеги жазылган ырларым коп эгер кимдидир кызыктырган суроолор сунуштар болсо коментарий жазгыла.
«Кыргыздан Чынгыз кетти»
Ким кетти?
Өңгөгө катардагы кыргыз кетти,
Кыргыздын чыгаан уулу Чынгыз кетти.
Ааламга кыргыз деп нурун чачкан,
Асмандан орду толгус жылдыз кетти.
Кыргыздын мандайынан жарык кетти,
Жазылбай дагы далай тарых кетти.
Жазганга улгурө албай жанган жылдыз,
Kөn нерсе жарык көрбөй карып кетти.
Көөнөрбөс көнүлүнөн алып жазды,
Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.
Kөn чыгарма көгөрткөн калем сабын,
Кыргыздын тарыхына малып жазды.
Көп чыгарма жетишпей жазылганга,
Kөn кендери жетишпей казылганга.
Адабият кампасы жабык калды,
Кампачы жок чыгарып сапырганга.
Kөn чыгарма жазылбай ыйлап калды,
Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.
Учурап орду толгус жоготууга,
Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.
Суктанып талантынын таңгагына,
Капамын шум ажалдын алганына.
Көзүнүн тирүүсүндө кол кармашып,
Өкүнөм бир көрүшпөй калганыма.
2008 Арзу email: Geroy86@inbox.ru
«Кыргыздан Чынгыз кетти»
Ким кетти?
Өңгөгө катардагы кыргыз кетти,
Кыргыздын чыгаан уулу Чынгыз кетти.
Ааламга кыргыз деп нурун чачкан,
Асмандан орду толгус жылдыз кетти.
Кыргыздын мандайынан жарык кетти,
Жазылбай дагы далай тарых кетти.
Жазганга улгурө албай жанган жылдыз,
Kөn нерсе жарык көрбөй карып кетти.
Көөнөрбөс көнүлүнөн алып жазды,
Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.
Kөn чыгарма көгөрткөн калем сабын,
Кыргыздын тарыхына малып жазды.
Көп чыгарма жетишпей жазылганга,
Kөn кендери жетишпей казылганга.
Адабият кампасы жабык калды,
Кампачы жок чыгарып сапырганга.
Kөn чыгарма жазылбай ыйлап калды,
Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.
Учурап орду толгус жоготууга,
Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.
Суктанып талантынын таңгагына,
Капамын шум ажалдын алганына.
Көзүнүн тирүүсүндө кол кармашып,
Өкүнөм бир көрүшпөй калганыма.
2008 Арзу email: Geroy86@inbox.ru
Эх Кыргызым Кыргызым
Очту жанган жылыдызын
Дуйно жузуно тараткан
Коштошуп кетти Чынгызын автор НУР КЫЗ