Стиль: Rap (Поп)
Аткаруучу: Жони
Эстей кетип откон кундорду жалгыз олтурамын,
Ойлонуп дагы деле, сен жонундо чырагым.
Ысымынды кайталап, козумо жаштар толот,
Ишене албай сенден айрылып калганыма жаным.
Сени суйгон элем алтыным, журогумдон,
Айланып сенин балбылдаган кара коздорундон.
Жан дуйномо жарык берген чырагым озун элен,
Бирок сага болгон сезимимди байкабадын сен.
Телефонду колго алып, смстерди жазып,
Олтурчумун айлуу кечте сени энсеп сагынып,
Коргум келип куса болуп озуно журогум,
Убакыт отпой койчу мени азапка салып.
Айтор озун менен жашоомду элестетчу элем,
Жалгызым учун эч нерсемди аябаймын деп.
Журчу элем сени менен туболук бир болом деп,
Корсо мен шашылып адашып жанылган экем.
Кайырма:
Журогумо толду арман,
Айралып махабатымдан.
Мен болдум бул жашоодо,
Оз бактыма жетпей калган.
Убакыт отуп кундор дагы айга айланды,
Сага арналган гулумдун корку кетип солуп жатты.
Акырындан элесин жоголуп коз алдымдан,
Аста секин бутуп жатты сезимдин жаралары.
Умутторум сынды эми, конул калып баарынан,
Кутпогон элем бирок мен муну тагдырымдан.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет демекчи,
Мейли ошол болсунчу сени бактылуу кылган.
Болду жетээр эми, азаптардан чарчадым,
Сен менин бир тамчы да коз жашыма татыбайсын.
Тоготпогонсуп кетип калган элен эсиндеби?
Мен да ал кундорду бир кун келип унутаармын.
Коз жумамын оз суйуумо канчалык оор болсо да,
Кабылаармын бир кун келип мен дагы оз бактыма.
Мейли откон кундор сен учун унут болсо болсун,
Туболуксуз махабатым кош айтамын сага.
Кайырма:
Журогумо толду арман,
Айралып махабатымдан.
Мен болдум бул жашоодо,
Оз бактыма жетпей калган.
Чынгыз Хан 515 аял алган,
Деп журом бирок билбейм чынбы жалган.
А мен болсо омурумдо бирди суйуп,
Ошого да жетпей калган жалгыз арман.
А мумкун жетким келсе жетээр белем?
А мумкун опкум келсе обоор белем?
А бирок жете албадым обо албадым,
Турбайбы суйуу деген татаал нерсе.
Кайырма:
Журогумо толду арман,
Айралып махабатымдан.
Мен болдум бул жашоодо,
Оз бактыма жетпей калган.
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 19 Январь 2015 - 15:54