"Мыкты кол жазма" темасына өз оюңузду жазыңыз
#381 12 Июль 2015 - 16:14
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#382 12 Июль 2015 - 16:17
KUMTOR1 (12 Июль 2015 - 16:12) жазган:
Эң мыкты кол жазма- Орхидея
Эң мыкты сүйлөм-Смс арома
Эң мыкты кол тамга-Бек-Жан
Чындыгында 3-тең мыкты экен. Бирок добуш менен Кол жазманы Орхидея айым илип кетти. Бирдикти 3-кө бөлөт окшойбуз? Кандай дейсиздер Психологтун номерине купуяга өткүлө.
Арткы барактарда жок болгону үчүн сурадык эле. Эми илдиңго номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү.
#383 12 Июль 2015 - 16:20
SMS Aroma (12 Июль 2015 - 16:14) жазган:
Туура эмес саналганына менин куноом жок форумчулар !
Смс Арома андай ой таптакыр болбосун.Андай ой болсо ызы чуу бп кетсе керек эле))).Кой алтыным,андай ойду тээ алыыс Жака кууп жибер.
Женишин кут болсун дагы бир жолу!!!
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 12 Июль 2015 - 16:20
#384 12 Июль 2015 - 16:22
KUMTOR1 (12 Июль 2015 - 16:12) жазган:
Эң мыкты кол жазма- Орхидея
Эң мыкты сүйлөм-Смс арома
Эң мыкты кол тамга-Бек-Жан
Чындыгында 3-тең мыкты экен. Бирок добуш менен Кол жазманы Орхидея айым илип кетти. Бирдикти 3-кө бөлөт окшойбуз? Кандай дейсиздер Психологтун номерине купуяга өткүлө.
Кумтор мырза, белегинерге ыраазычылык ! Мага салчу бирдиктин акчасын , ыйык Рамазан айынын урматына,КУДУРЕТТУУ АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ УЧУН , бей-бечара , муктаждыгы бар адамга берип коюшунузду суранам.
#385 12 Июль 2015 - 16:23
madina.87 (12 Июль 2015 - 16:12) жазган:
Рахмат Кумтор1 иним,жаш болсон да бир канча форумчунун башын бириктирип бир сынакты аягына чыгардын.
Рахмат эже! Ооба бул сынакты баштап алып бүтүрүш аябай эле оор болду. Өзүм жалгыз уюштурганымабы, же форумда биринчисиби айтор мынтип кетээрин билсем кана? Эң башкысы сынагыбыз орто жолдо калбай, аягына чыкты бул мен үчүн жеңиш. Эң башкысы жеңүүчүлөр аныкталды сиздердин жардамыңыздар менен (ХЕППИ02)
Ошондой болсода "Калыстар тобуна" рахмат! Баарыңыздар мени туура түшүндүңүздөр деген ойдомун.
#386 12 Июль 2015 - 16:28
meerim8793 (12 Июль 2015 - 16:17) жазган:
Дагы издесеңиз ДЕМӨӨРЧҮНҮН ТАБЫЛБАГАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ 3-ЖЕҢҮҮЧҮ ЭМЕС, 1-ЭЛЕ ЖЕҢҮҮЧҮ АНЫКТАЛАТ деген сүйлөм чыгат. Сизгеда рахмат, опозиционерлерда керек өзү сынактарга)
#387 12 Июль 2015 - 16:31
Тамаша
#388 12 Июль 2015 - 16:35
Bek-jan (12 Июль 2015 - 16:31) жазган:
Тамаша
Бекжан мырза анча-мынча кыздарды жеңип, алдыга чыкканда өзүнчө бир стимул. Жеңишиңиз кут болсун.
Модератор, Админдерден суранабыз. Теманы бир катар тазалап, 3-теманы тең жаап архивге жиберсеңиздер.
#389 12 Июль 2015 - 16:51
БекЖан
Орхидея досум
Смс арома эже
Жеңишке жетип,көптөгөн ийгиликтерди багынтып жүрө бериңиздер!
Кумтөргө да азаматсың демекчимин!
Алтын башыңар аман болсун!
Билдирүүнү түзөткөн: Aselina_kg: 12 Июль 2015 - 17:38
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#390 12 Июль 2015 - 17:12
Чыгыш өлкөлөрү кол жазмага аябай көңүл бурушат экен. Өзүнчө өнөрдөй баа беришет.
Сулуулук десе да болот. Куттуктайм, дагы бир жолу.
Бекжан
Орхидея
Смс Арома
Акырында, психолог эжебиз да эзиптир бирок. Аман болгула!
#393 12 Июль 2015 - 18:14
KUMTOR1 (12 Июль 2015 - 15:28) жазган:
Психолог, жогорку даражадагы педагог п.и.к доц Курганбаева Мавлюда Төлөновна баяндап берди.
Конкурсант СМС-АРОМАнын кол жазмасында мен бир өзгөчөлүктү байкадым. Анын тамгаларыны бирдейлиги жана окшоштугу өзүнө жасаган мамилесине карап мамиле жасайт. Жана бардык адамды өзүндөй кең пейил, ак көңүл деп ойлоп, кээ бирки сырларын өзү байкабаган абалда досуна да душманына да айта берет. Ошондой эле сүйлөмдөрү бири-биринен алыс жайгашкан мындай кол жазманын ээлери- план, ой-максаттарын тез тез алмаштырып турушат. Көңүлү аябай назик, бирок таарынсада билдирбешке аракет кылат. Сыртынан өзүн токтоо, бир сырдуу алып жүргөнү менен жан дүйнөсү жаш баладай күлүк. Идеага бай адам кээде бул кыздан кеңеш сурапда турушат, анткени жакшы кеңешчи. Бир ишти баштоодо шашпай, жети ойлонуп анан бир кесет. Себеби өткөн өмүрүндө бир жаңылган. Кээде өзү билбеген абалда бирөөнүн көңүлүн оорутуп алып, кийин көп ойлонот. Бою орточо, арыктайынан келген көзү күрөң, чачы кара-сары аралаш сымал. Ашыкча боёнушту жаман көрөт. Ал азыр эне бул адамдын бир кызы бар. А кесиби болсо чет тилдерге мисалы англис тил тармагына байланышкан.
Боорум ай, психолог эмес эле, турушу менен козу ачык экен го))
#394 12 Июль 2015 - 18:17
#398 12 Июль 2015 - 23:52