Саламатсыздарбы.
..Москва шаарында көптөн бери эмгектенем,
күндөрдүн биринде бир кыз менен тааныштым Социалдык түйүндө,аябай жөнөкөй кыз үнү да өзгөчө..ошентип ал кыз менен телефондо 6 ай сүйлөштүк ал да Москвада иштечүү..видео звонок менен сүйлөшчүбүз.
.эмнеге Качасың жолугуудан десем мага жолуксак бир нерсе айтам,аны укканда өзүң эле качып кетесиң ошол үчүн деди.Сени жоготкум келбейт аны айтсам мени таштап кетесиң деп ыйлады да трубканы коюп койду...Мен көпкө ойлондум эмне болушу мүмкүн деп ар нерсе оюма келди..ошентип дагы 1 ай сүйлөшкөндөн кийин жолуктук...аябай жакшы көрүп калдым ал да мени жакшы көргөндөй сезилди экөөбүз Тамактанып отурдук анан мен сурадым айтчы эмнени айта албайтасың десем...айтты мындан 3 жыл мурун айылдан ала качып кетишиптир Ата Энеси отургузуп 3 ай жашагандан кийин бала кол көтөрүп чала жан кылып сабап койгон экен...кыздын Ата Энеси келип ажыраштырып Москвага жөнөтүп ийишиптир...
аябай көпгө ойлондум үйгө барып анан дагы 3 ай сүйлөшүп Ата Энеме айттым дагы Нике кыйып жашап Атабыз баары жакшы Кош бойлуу...Бирок кээде ичимен сыздайм бирок билгизбейм Эмнеге менин маңдайыңа ушундай жазылган деп Биринчиси биринчи да Баары бир...силердин оюнар кандай???
Москвадагы Махабат... Сүйүү же убактылуу
#2 11 Декабрь 2018 - 16:15
Биздин оюбуз сенин көңүлүңү көтөрүп коюшу мүмкүн, же тескерисинче түшүрүп коюшу мүмкүн.
Бактылуу жашап атыпсыңар, тема ачып жарыя кылбай эле тынч жашооңорду өткөрө бергиле демекчимин.
Биринчисиби, үчүнчүсүбү негизгиси бактылуу болсоңор болду.
Сен жубан алдым деп өкүнбө, анча мынча эркектердин колунан келбеген нерсени кылдың, азаматсың!
"Кыз" албадым деп кыжаалат болбо, "кыз" алгандардын баары бактылуу жашап кетпей эле, тескерисинче ажырашуулар көбөйдү!

#3 11 Декабрь 2018 - 16:15
Сен сыздоон кандай багытта түшүнбөдүм?
Өзүңдү аяп жатасыңбы же аялындыбы? "Аттиң, мен да биринчим кылып алышым керек эле, "кыз" көрбөй калдым"деп ичтен сызып журосунбу же "Аялым мени эмес ошол биринчисин самап жүрөт" деген багытта ичтен сыздообу?
Эгер биринчиси болсо, сен бүт баарын билип туруп бардын бул кадамга. Эми аны таштап кетүүгө да жада калса жүзүнө салууга да акын жок. Өткөн өттү. Эскини чукуп маанай бузуудан эч кандай майнап таппайсын. Сени бактылуу кылып жатат. Ичинде балаң бар. Сен эркексин! Сенин күчтүүлүгүңө жоопкерчиликтигиңе ишенип бир адам өз өмүрүн арнап отурат. "Сени сүйөм, баш кошолу, бактылуу кылам" деп айткан өзүң! Эми будь добр, сөзүңдүн үстүнөн чык. Болбогур эле чача - мачаны жыйыштыр. Өзүңө жыйынтык чыгарып ал.
А эгер экинчи пункта сыздап жатсаң, "Узбагойся" . Аял киши эч качан азап бергенин эңсеп кыйналбайт, эгер сен эле андан бетер азап берчү болбосон. Наоборот радуйся. "Жаманды жолуктурмайын, жакшынын кадырын билбейт" деп койот. Ал жаманыны жолуктурду, сен эми жакшысы болуп кадырланасын!
Ашыкча ойунду жыйыштыр. Бой кат аялды да сыкпай, бүт бакытты тартуулап кой. Бактылуулук кандай экенин сезсин. Ал да ичинен "аттин, ушул болбой биринчим" деп жүргөндүр. Сен ага кошумча болгондон көрө, "ал нерсе" маанилүү эместигин, негизгиси экөөң бир - бирин сүйүп тушуносун жана бактылуу экендигинерди тастыкта.

#4 11 Декабрь 2018 - 16:51
Жашоодо эн негизгиси бактылуу болуу да , силер билип кабыл алып уйлонгондон кийин эмнеге окуносунор.
Бактылуу болгула. Эгер башка бироолордун коз карашы тынчсыздандырып жатса , анда жашоодо адам озу учун жашайт, озу учун кылат , бироолор учун кылбайт , башкалардын созу силерге тоскоол болбошу керек.
#5 11 Декабрь 2018 - 17:37
Эмнеге сыздайсың? Сүйөсүңбү жыргап жашай бер!
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#6 11 Декабрь 2018 - 17:38
Негизи эч кандай деле тан калыштуу нерсе жок экен. Болгону кичине эле болбогон кыздыкка анча капаланыщтын кереши жок. Кыздык менимче кыздын таза жургону, тарбиясы, озун кармай билгени, жаман жолло журбогондугу тууралуу тастыктоо эле болсо керек. Аялыныз таза эле жургонда болгону жоопкерчиликсиз бир оорукчан алып алып, ал тастыктоосунан ажыратып коюптур. Бирок аялыныз турмуштан чыкса деле таза журуптурго сизге жоолукпай, болбосо уже ал нерсе жок деп журо берсе болмок ар ким менен, менин оюмча аялыныз сизге кыз бойдон тийди десемда болот, анткени ал аруу жерин ар кимге талпактатпай сиз учун арнаптыр. Сыймыктанып,
суктансаныз болот. Кудайга шугур айтып.
#7 11 Декабрь 2018 - 17:43
Нике кайып деп коет. Алгандан кийин окунгондо эмне? Ичиндеги баланды ойло. Туштон кийин эзилбей.
#8 11 Декабрь 2018 - 23:08
Автор аталаң чыгып эзиле бербе
не болот
кантем
биринчи тиги бу деп.Башта ошол акылың каякта эле эшеке учкаштыңбы кө.үм дебе да.
Жашап жатат экенсиң жашай бер биринчи экинчи жүз жетимишинчи деп рыба не котлет дей бербей.

Помните Альберт Эйнштейн говорил:
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь

#9 11 Декабрь 2018 - 23:35
Нике кыйып чогуу жашаштан мурун ойлонушунуз керек эле!!!
Эми нике кыйылып кош бойлуу кезинде мен биринчиси эмесмин дегениниз туура эмес. Бактылуу болсонор болду да! Кандай айырмасы бар ким биринчи ким экинчи??
#10 12 Декабрь 2018 - 01:55
Биринчиден мындай жазмышты озун тандадын, сага эч ким таап уйлон деп кошуп берген жок. Жолунду озун тандап алып эми минтип окунгондой тур корсотконун туура эмес. Сеники азыр бактылуу жашап жатып, иий тойумда ак койнок кийбей калдым деген кыздыкындай болуп жатат. Ал кыз жаман жолдо журуп анан сага тийип калса башка кеп эле, ал бир турмуш коргонун, баарын болгонун болгондой жашырбай айтыптыр, сен ошондо баш тартсан ким кой деди эле?! Эми мындай, ал сага жароокер жар болсо, туз журуп сени сыйлап, биринди эки кылып жакшына жашап жатабы болду биринчи экинчи деген маселени ойлонбо да козгобо, элибизде бекер айтылган эмес "Кызга бергис жубан бар" деп, биринчин боло туруп тилинен заары тогулуп, айланды кетирип турган аял болсо анда кандай жол тутмаксын?!
Озун тандаган жолдун жарымына келгенде артка кылчайып, окунуп отурбай акырын басып ото бер, азырынча таш, тикенеги болбогондон кийин.
#11 12 Декабрь 2018 - 02:24
Baky006 (11 Декабрь 2018 - 16:12) жазган:
Саламатсыздарбы.
..Москва шаарында көптөн бери эмгектенем,
күндөрдүн биринде бир кыз менен тааныштым Социалдык түйүндө,аябай жөнөкөй кыз үнү да өзгөчө..ошентип ал кыз менен телефондо 6 ай сүйлөштүк ал да Москвада иштечүү..видео звонок менен сүйлөшчүбүз.
.эмнеге Качасың жолугуудан десем мага жолуксак бир нерсе айтам,аны укканда өзүң эле качып кетесиң ошол үчүн деди.Сени жоготкум келбейт аны айтсам мени таштап кетесиң деп ыйлады да трубканы коюп койду...Мен көпкө ойлондум эмне болушу мүмкүн деп ар нерсе оюма келди..ошентип дагы 1 ай сүйлөшкөндөн кийин жолуктук...аябай жакшы көрүп калдым ал да мени жакшы көргөндөй сезилди экөөбүз Тамактанып отурдук анан мен сурадым айтчы эмнени айта албайтасың десем...айтты мындан 3 жыл мурун айылдан ала качып кетишиптир Ата Энеси отургузуп 3 ай жашагандан кийин бала кол көтөрүп чала жан кылып сабап койгон экен...кыздын Ата Энеси келип ажыраштырып Москвага жөнөтүп ийишиптир...
аябай көпгө ойлондум үйгө барып анан дагы 3 ай сүйлөшүп Ата Энеме айттым дагы Нике кыйып жашап Атабыз баары жакшы Кош бойлуу...Бирок кээде ичимен сыздайм бирок билгизбейм Эмнеге менин маңдайыңа ушундай жазылган деп Биринчиси биринчи да Баары бир...силердин оюнар кандай???
Эң туура оа е биринчи баары бир биринчи болот башкача дегенде, . Сенда бир кыз ал коркосунбу же бир кыздардан ойнош таап ал жыргап жашайсин сен болбосоң башкасы деп.
Ушинтип коммент жазгандарды күтүп жатат белең сенида капа кылбай мен жазып койо бердим)
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#12 12 Декабрь 2018 - 03:13
Баары жакшы кош бойлуу экен дагы эмне керек?
Барын бардай айткан жакшы аялынар бар экен..

#13 12 Декабрь 2018 - 03:22
Иши кылса кийин мээсин чагып,эзгилебе да.Эң эле жаманы ушул.
Ал кыз сага ишенип,жакшы үмүт менен баш кошту.Ишеничин акта.Экинчи жолу эркектен көңүлү калбасын.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#15 12 Декабрь 2018 - 08:37
Абдан маани коюп окудум,ойлончу озун деле?жапжакшынакай кыз ушунтип жолу болбой калды,озун ынгайсыз сезет,бирок аны сен жактырдын!
жанада нике кыйдырып алдын.Ал сенин тогулгонунду жыйначу,кыйналганында жардамдашчу,
ата-энене сыйы карачу келини,ал Эми сага ак никелуу жарын!Сен ал кызды суйунтуп мурунку кыйынчылыктарын эскертбей колунда которуп карасан,Аллах Таалам сени тиги дуйнодо суйутот Инш Аллах.Эркектер биринчиси менен ажырашып кетип экинчисинда кыз алып жатбайбы.Бир аял Арман кылганын корбоптурмун болсода андайлар аз,ушунун биринчиси болуп калбаптырмын дегенди уга элек экенмин.Биринчиси кээбир эркектердики жылан чыгып аткандарыда бар,койнуна сойлоп кирип,башкасы менен конул ачып же болбосо башка эркек менен качып кеткендер толтура.Адам деген откон омурун кылчайып карабоо керек,откон оттуда кеткен кетти тек кана Алга карай ынтылып жашоо керек.Сен кайгырба афтор кайра сыймыктан мен ушунун коз жашын агызбай ардактап суйуп отом де.Анткени ал аял да сенден кудуктонуп озун кемсинтип журбосун.Аял сен учун ыйлабасын Аллахтын алдында ар бир тамчы коз жашы учун жооб бересин.
#17 12 Декабрь 2018 - 19:12
Бир аалымдан сурашкан экен.
Уйлонгону жатам кандай кенеш бересиз деп,аалым айтыптыр 3 нерсе болот биринчис пайдана экинчиси зыянына учунчусу пайдана же зыянына деп,кандайча чечмелеп бериниз деген экен?аалым айтыптыр биринчиси пайдана дегени эгер кыз алсан ал сенин биринчи эркеги болосун ошондуктан сени суйуп калат деп,экинчиси зыянына дегени эгер жубан алсан ал сенин малынды жейт жана мурунку куйоосун эстеп ыйлайт деп,учунчусу пайдана же зыянына дегени жубан алсан мурунку куйоосунон жакшы чыксан пайдана жаман чыксан зыянына деген экен

#18 12 Декабрь 2018 - 21:01
Surotchu-kyz (11 Декабрь 2018 - 16:15) жазган:
Сен сыздоон кандай багытта түшүнбөдүм?
Өзүңдү аяп жатасыңбы же аялындыбы? "Аттиң, мен да биринчим кылып алышым керек эле, "кыз" көрбөй калдым"деп ичтен сызып журосунбу же "Аялым мени эмес ошол биринчисин самап жүрөт" деген багытта ичтен сыздообу?
Эгер биринчиси болсо, сен бүт баарын билип туруп бардын бул кадамга. Эми аны таштап кетүүгө да жада калса жүзүнө салууга да акын жок. Өткөн өттү. Эскини чукуп маанай бузуудан эч кандай майнап таппайсын. Сени бактылуу кылып жатат. Ичинде балаң бар. Сен эркексин! Сенин күчтүүлүгүңө жоопкерчиликтигиңе ишенип бир адам өз өмүрүн арнап отурат. "Сени сүйөм, баш кошолу, бактылуу кылам" деп айткан өзүң! Эми будь добр, сөзүңдүн үстүнөн чык. Болбогур эле чача - мачаны жыйыштыр. Өзүңө жыйынтык чыгарып ал.
А эгер экинчи пункта сыздап жатсаң, "Узбагойся" . Аял киши эч качан азап бергенин эңсеп кыйналбайт, эгер сен эле андан бетер азап берчү болбосон. Наоборот радуйся. "Жаманды жолуктурмайын, жакшынын кадырын билбейт" деп койот. Ал жаманыны жолуктурду, сен эми жакшысы болуп кадырланасын!
Ашыкча ойунду жыйыштыр. Бой кат аялды да сыкпай, бүт бакытты тартуулап кой. Бактылуулук кандай экенин сезсин. Ал да ичинен "аттин, ушул болбой биринчим" деп жүргөндүр. Сен ага кошумча болгондон көрө, "ал нерсе" маанилүү эместигин, негизгиси экөөң бир - бирин сүйүп тушуносун жана бактылуу экендигинерди тастыкта.
Эгер биринчиси болсо, сен бүт баарын билип туруп бардын бул кадамга. Эми аны таштап кетүүгө да жада калса жүзүнө салууга да акын жок. Өткөн өттү. Эскини чукуп маанай бузуудан эч кандай майнап таппайсын. Сени бактылуу кылып жатат. Ичинде балаң бар. Сен эркексин! Сенин күчтүүлүгүңө жоопкерчиликтигиңе ишенип бир адам өз өмүрүн арнап отурат. "Сени сүйөм, баш кошолу, бактылуу кылам" деп айткан өзүң! Эми будь добр, сөзүңдүн үстүнөн чык. Болбогур эле чача - мачаны жыйыштыр. Өзүңө жыйынтык чыгарып ал.
А эгер экинчи пункта сыздап жатсаң, "Узбагойся" . Аял киши эч качан азап бергенин эңсеп кыйналбайт, эгер сен эле андан бетер азап берчү болбосон. Наоборот радуйся. "Жаманды жолуктурмайын, жакшынын кадырын билбейт" деп койот. Ал жаманыны жолуктурду, сен эми жакшысы болуп кадырланасын!
Ашыкча ойунду жыйыштыр. Бой кат аялды да сыкпай, бүт бакытты тартуулап кой. Бактылуулук кандай экенин сезсин. Ал да ичинен "аттин, ушул болбой биринчим" деп жүргөндүр. Сен ага кошумча болгондон көрө, "ал нерсе" маанилүү эместигин, негизгиси экөөң бир - бирин сүйүп тушуносун жана бактылуу экендигинерди тастыкта.
Жаш болсоңда акылыңа балли.
#19 12 Декабрь 2018 - 21:39
Тушунбодум баарын билип туруп уйдонуп эмнеге антип атат билбейм, сизди эч ким заставить этпедиго ал кызга уйлон деп.
Л
#20 12 Декабрь 2018 - 21:57
asdef (12 Декабрь 2018 - 19:12) жазган:
Бир аалымдан сурашкан экен.
Уйлонгону жатам кандай кенеш бересиз деп,аалым айтыптыр 3 нерсе болот биринчис пайдана экинчиси зыянына учунчусу пайдана же зыянына деп,кандайча чечмелеп бериниз деген экен?аалым айтыптыр биринчиси пайдана дегени эгер кыз алсан ал сенин биринчи эркеги болосун ошондуктан сени суйуп калат деп,экинчиси зыянына дегени эгер жубан алсан ал сенин малынды жейт жана мурунку куйоосун эстеп ыйлайт деп,учунчусу пайдана же зыянына дегени жубан алсан мурунку куйоосунон жакшы чыксан пайдана жаман чыксан зыянына деген экен
Уйлонгону жатам кандай кенеш бересиз деп,аалым айтыптыр 3 нерсе болот биринчис пайдана экинчиси зыянына учунчусу пайдана же зыянына деп,кандайча чечмелеп бериниз деген экен?аалым айтыптыр биринчиси пайдана дегени эгер кыз алсан ал сенин биринчи эркеги болосун ошондуктан сени суйуп калат деп,экинчиси зыянына дегени эгер жубан алсан ал сенин малынды жейт жана мурунку куйоосун эстеп ыйлайт деп,учунчусу пайдана же зыянына дегени жубан алсан мурунку куйоосунон жакшы чыксан пайдана жаман чыксан зыянына деген экен
Аалым айтпай эле өзүм айттым деп койсоң жарашмак,аалымдан ушундай сөз чыкса анда ал аалым эмес экен...