РИНГ
#21 22 Декабрь 2020 - 15:48
Соонун жаным окуп жыргадым дагын жаны чыгарма баштачы эки чыгарманы бирдей окуп кетейн тойбой атам.
#22 22 Декабрь 2020 - 21:06
Далай кыргыздын кыраандары чыгармадагыдай болуп криминалга аралашып кетип,өспөй калды го.
#23 23 Декабрь 2020 - 15:51
jindirak (22 Декабрь 2020 - 15:48) жазган:
Соонун жаным окуп жыргадым дагын жаны чыгарма баштачы эки чыгарманы бирдей окуп кетейн тойбой атам.
*******
Эржан Оштогу сапардан келген соң үйүнө да барбастан квартирасына келди. Колунда Шан убада кылган акча. Мыкты табит менен жасалгаланган бөлмөнүн ортосундагы кең керебетке колдорун эки жака жазып чалкасынан түшүп жата кетти. Ойлору кыйсыпыр түшүп, жакшы менен жаманын, туурасы менен туура эместерин айырмалай албай убара. Колуна берилген акчаны көргөндө Шан менен эле жүрө бергиси келет. Бирок кылмыш дүйнөсүндөгү жолдун аягы кууш экенин түшүнүп, өз көзү менен көрбөдүбү? Байлык төгүлүп, жашооң каймак үстүндө турганы менен өзүңдүн эле эмес жакындарыңдын өмүрү да дайым коркунучта. Бир эле жаңылсаң баары бүттү. Сага кошуп жакындарыңдын көзүн тазалап коюшат. Өзүнүн го өмүрүнөн коркпой деле калды. Бирок апасы менен карындаштарын ойлогондо. Аларда эмне күнөө бар эле?
"Жок, чыгамын бул чөйрөдөн! " - деди башын чулгуп. Бирок ишти кантип жана кайдан баштаарын билбей жатты. "Кеттим! " - деп оңой эле басып кетип кала албасын кече түшүндү. Демек акырын чыгып кетүү зарыл. Эң биринчи эле апасы менен карындаштарын коопсуз жайга көчүрүү маселеси. Бирок кайда? Кыргызстандын ичинде эркин күн кечире албасы айдан ачык болбодубу? Кыбыр эткендин баары биринчи Шандын кулагына жетет. Анан калса Эржан баш тартып, кызматташууну токтото турганын дагы бир жолу айтса анда эле Шан бүт чарасын колдонот. Өзү гана эпьей албасын түшүндү. Бирөөдөн жардам суроо керек. Бирок кимден? Эржан эми гана досторун, айланасында өзүн курчап турган адамдарды көз алдынан бирден өткөрдү. Жок! Кантип эле? Эржандын ушундай күндө жардам берчү, ишенчү досу жок экен. Баары эле Шандын жигиттери менен ичимдик менен оюн зооктон башканы билбеген шаардын элитасынын бекерпоз балдары. Ичи сыйрыла түштү. Дүйнө деп жүрүп, мынтип колдоп алаар, жөн гана сырын айтып бөлүшөөр досу жок калганына. Чолпон! Оюна бул ысым келди да кайра "жок!" - деди. Ал кыз менен жүргөн бул аралыкта кыздын кандай экенин билип бүттү го? Эсине досу Адилет келди. Намысы жол бербей, канчалык башкаларды эсептеп жатса да Адилет деген ысым кайра - кайра жаңыра бергендей.
*******
Айланага күүгүм түшүп калганда сумкасын артына асынып залдан чыккан Адилет маңдайында турган Эржанды көрдү. Унаасына жөлөнүп турган экен. Адилетти көрүп бери бурулганда сол көзүнүн көгөрүп шишип турганын көрдү.
-Салам алейкум!
-Ассалам.
Адилет жактырбагандай ооз учунда учурашты.
-Кандайсың?
-Жакшы.
-Сени сурабасам да белгилүү да, жашооң малина, - деди Алилет досуна карап какшык аралаштыра.
-Эгер кайра эле өзүңө кошуп алам деген сунушуң менен келсең, жообум өзгөргөн жок, - деди да Адилет кетмекчи болуп артына бурулду.
-Жардамың керек! - деген үндөн бери бурула карады.
Эржандын абалын эми гана байкагандай. Мурункудай болуп ишенимдүү сүйлөп, күпүлдөгөн досу жок. Көзүнө жүдөп кеткендей көрүндү. Анын жылтыраган көздөрүн көрүп, тээ бала кезиндеги Эржанды эстеди. Экөөнүн ошол таза убагындагы достугун эстеди.
-Кандай жардам?
Адилеттин үнү акырын, жумшак чыкты.
Шаардын сыртына чыгып машинаны токтотуп коюп экөө кең талаада басып жүрүштү. Эржан ошол дүйнөгө аралашкан күнүнөн тарта азыркы жашоосуна чейин кенен айтып берди. Кече эле көз алдында өзүнүн, ага кошуп жакындарынын өмүрүн баалап салышканын айтып келе жатып көздөрү жашылдана түштү.
- Мен жаңылганымды ошондо түшүндүм. Элестет алардын жөн гана мелдешине өмүрүм бааланды. Тиги жигиттин баасы кандай болду билбейм. Бирок мен ошол жерде жеңилгенимде азыр сенин алдыңда турмак эмесмин. Менин катачылыгым үчүн Шан апам менен карындаштарымды да жок кылмак.
-Шан дегенди балким сен мурун укпагандырсың. Бирок Темир байке аркылуу мен көп укчумун. Ар дайым чакан турнирлерге өз жигиттерин жиберип, келечектин мыкты мушкерлерин сатып алат. Кудум сага окшоп. Ал эми алардын жанында жүргөн жигиттерди өз көзүң менен көрдүң.
-Ооба, жада калса катышкам, - деди Эржан.
Эсинде бирде Шан акча койгон бир жигит беттештен жеңилип калганда, аялына кошуп эки баласын сүдүрөп келип көз алдында мууздап өзүн болсо кыйноонун түрүн көрсөтүп анан өлтүрткөн. Ошонун баарын Эржан өз көздөрү менен карап, күбө болуп турган. Кече жандалбастап жеңишке жеткени да ошондон. Карындаштары менен апасынын көз алдына алып келип мууздаганын элестетип... Көрсө Шан ошол күнү атайы Эржанды ээрчитип барып,ошол шумдуктун баарын көрүүгө мажбур кылган экен. Ал дегени "Жеңилсең, ушул күн сенин башыңа түшөт!" - дегени эле. Өзүнүн мыкаачылыгы менен кылмыш дүйнөсүнө белгилүү болгон Шан. Ал аёо дегенди билбейт. Жазалоо учурунда эч кимдин оюна келбеген, жүрөк үшүн алган жоруктарды жасайт. Кээде Эржан Шанды карап "оорулуу" - деп ойлочу. Анткени акылы соо адам мынчалык таш боордукка бара албайт...
-Аяш апамдарды кайда көчүрөбүз? - деген досу Эржанды коркунучтуу элестерден сууруп чыкты.
-Россияга, Ташкент аркылуу. Андан ары башка документ менен Москвага алып өтөсүң.
-Менби? - деди Адилет көздөрү чоңоюп.
-Сенден мага жардам ушул досум. Мен өлкөдөн эмес, шаардан чыгып кете албайм. Көзөмөлдөмүн, балким азыр сага жолукканым да алда качан Шандын кулагына жеткендир.
-Анда аяш апамдарды кантип алып чыгып кете алам? Баари бир чек арадан аныктап алат эмеспи?
-Ташкентке ушул өзүңөрдүн документиңер менен өтөсүңөр. Ушул жумада Ташкентте мелдеш өтөт, сени ошол тизмеге жөн гана киргизүү керек. Апамдар сенден кийинки күнү өздөрү учат. Ошол жактан тааныш адамга төлөп коём ал адамдары аркылуу апамдарды тосуп алып сага жеткирип берет. Жаңы документти да Ташкенттен жасап беришет. Ошол менен Москва, андан ары Екатеринбурга учасыңар. Сен кайра Ташкент аркылуу келип, өз документиң менен Бишкекке келесиң.
Адилет кудум кинонун сценарийин угуп жаткандай шок абалда калды.
-Таң калып жатасың, бирок бул чөйрө ошондой.
-Абалың ошончолук оорбу? - деди Адилет басып бараткан жеринен токтоп.
-Оор досум, оор. Сазга батып баратамын. Өзүмдү эле эмес, күнөөсүз жакындарымды да бул сазга кошуп ыргытканымды кара.
-Сенчи? Сен кантип кутуласың? - деди Адилет досун аягандай.
-Менин күнүм, менин жаным Шандын колунда.
-Антпесеңчи? Сени сууруп чыгууга да бир жол ойлоп табаарбыз, - деген Адилет Эржанды далыдан таптады.
-Бирок азыр аяш апамдар Шандын кайтаруусунда болсо керек. Кантип анын көзүн жазгырып кетет Ташкентке. Шаардан чыкты дегиче артынан адам салат го.
-Ооба, бирок ушул күндөрү биздин өлкөдө балким түштүк тарапта дагы жабык беттеш болот. Мен катышамын. Шан ошол менен убара болгондо чыгып кетишет. Ошондуктан батыраак кыймылдап, ишке өтүү зарыл.
-Түшүндүм.
-Адилет?
-Оов.
-Рахмат сага! Жүзүмө тиктебей койсоң болмок, бирок...
-Досумсуң, - деди Адилет жылмайып.
-Сенин айтканды укпаганым үчүн өзүмдү кечирбейм да. Сен эскерткендин баары туура чыкты. Жада калса Чолпон жөнүндө айтканың да.
-Эмне болду Чолпонго?
-Ага менин акчам керек, менин баркым керек. Ал жада калса ушул бирге жүргөн аралыкта менин эмне жактырып, кандай тамакты сүйөөрүмдү да билбейт. Чолпон жүзүмө назар салып, көңүл буруп карай элек. Чолпон чын жүрөктөн сүйлөшүүнү билбейт. Сезим деген ал кызга жат нерсе, - деди Эржан күлүп.
-Шашып кеттиң. Сулуу кыз дедиң.
-Ооба сулуулугуна арбалгам. Бирок...
Оюна Айдеми келди. Адилетти кыйла тиктеп турду да сөз баштады.
-Айдеми андай эмес, - деди Эржан.
-Ким?
-Айдеми, сен ашык болгон кыз.
Эржан сырдуу жылмайды. Адилет эч нерсени түшүнбөгөндөй дел болуп турду.
-Айдемини мен Чолпондун үйүндө көрдүм, сиңдиси экен. Аталары бир. Бирок апалары эки башка. Көзүм түштү. Жүрөгүмдү кандайдыр бир жылуу сезим аралап өттү. Артынан аңдууга өттүм. Окуусунан үйүнө чейин жеткирип барчумун акмалап. Ошондой күндөрдүн биринде сени менен көрдүм ал кызды. Албетте кызганыч болбой койгон жок. Азыр сенин ичиңдеги кайнап жаткандай кызганыч.
-Анан?
-Анан мен ал кызга жакпадым. Караган да, мага назар да салган жок. Бирок ал сени тандаса мен сөз берем жолтоо болбойм.
Адилет да макул дегенсип үн каткан жок.
-Акчаны посылка аркылуу, курьерден үйүңө жиберем. Азыр бизди сөзсүз аңдышканы маалым. Ким менен сүйлөшпө кызматташууну сунуш кылды де, мен да Шанга айтамын. Көнбөй койду деп.
-Жарайт.
-Айдеми аркылуу байланышабыз. Башка жол жок.
-Түшүндүм, - деди Адилет.
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 23 Декабрь 2020 - 15:56
#24 23 Декабрь 2020 - 16:48
******
Кооз болуп ар кандай оюлар түшүрүлгөн дарбазадан ичкери кире албай турду Эржан. Бул нерселерди кантип түшүндүрөөрүн билбейт. Апасынын алды артына түшүп айланып, кагылганы, карындаштарынын байкелеп мойнуна асылгандарын элестетип бактылуу жылмайды да үйгө кадам койду.
-Аппооов!
Босогону аттаары менен апасын чакырды.
-Садагаң кетейиним! - деп келе жаткан апасы Эржанды көрүп үрөйү учуп жүзү өзгөрүлө түштү..
-Көзүңө эмне болгон ботом?
-Апа, билесиз го катардагы мелдеш.
-Ээк, сенин ушул беттешиң. Жүрөгүмдү уучтап деги көргүм келбейт. Анан мынтип келсең.
-Аппаа, апоов. Алдыңда турам го бир жакшына.
-Эржан байкеее?!
Жарыша чуркап чыгышкан карындаштарын бирден көтөрүп учурашты.
-Чоңоюп калгансыңар го э? Экөөңдү бирдей көтөрө албай калыпмын.
Ошол күнү Эржан аябай шаңдуу олтурду. Апасына эркеледи, карындаштары менен ойноп, үй ичи күлкүгө толуп чыкты. Баары бирин - бири сагынышкан экен. Чер жазыша маңдайлаш олтурушуп чай ичишти, сүйлөшүштү. Бала кездерин эскерип каткырып да алышты. Көрсө адам баласынын бактылуу жашоосу үчүн көп нерсе керек эмес экен. Ден соолугуң, анан жакындарыңдын маңдайыңда эсен - соо олтургандары эле баа жеткис бакыт турбайбы? Эржан болсо ошол бактын көтөрө албай, балким сокур көкүрөгү менен сезбей бакытты дүйнө - мүлктөн, атак - даңктан издептир. Эми болсо баарын аңдап жеткенде кеч болуп олтурат...
Карындаштары өз бөлмөлөрүнө эс алганы кеткенде апасы экөө калышты.
-Аппов!
Эржан апасынын тизесине башын коюп жата кетти.
-Чарчадыңбы балам?
-Аябай...
-Эс ала гой. Бир жума, же он күнгө айылга барып келсек кантет? Таза абадан жутуп, чарчооңду деле жазып келмексиң.
-Апа?
-Ооу балам?
-Силерди аябай жакшы көрөм!
-Биз дагы каралдым!
-Апа, даярдангыла алыс жака кетесиңер, - дей салды Эржан. Үйгө келгенден баштап кантип сөз баштаарын билбей буйдала берип, акыры күч топтоп мынтип айта салды.
-Эмне дейт ботом?
-Ташкентке, андан ары Россияга.
-Эмне саякат уюштурдуңбу?
-Апа, укчу мени. Азыр ашыкча суроо бербе. Жооп бере албайм. Сен жөн гана карындаштарымды алып өлкөдөн чыгып кетүүңөр керек.
-Жүрөгүм сезген! Көңүлүм тынч болбой, делбирип атканымда эле балам бир нерсеге аралашканын туйгам.Эмне шумдукка илештиң балам? - деди апасы ыйламсырап.
-Апа, баары жакшы. Болгону бир аз убакыт керек. Анан баары жайында болгондо кайтасыңар.
-Сенчи? Сен да биз менен барасыңбы?
-Апа силерди Ташкенттен Адилет тосуп алат. Андан аркы жашооңор, деги баары үчүн ал кам көрөт.
-Эржан мен сенсиз эч кайда кетпейм!
Апасы алгач ыйлап сыктап, андан кийин урушуп да көрдү. Бирок Эржандын "кетесиңер" - деген сөзүн өзгөртө албады. Талашып - тартышып, таарынышып олтуруп ошол түнү таң аткыча эне бала уктабай чыгышты. Апасы канчалык жарга такабасын Эржан өзүнүн түйшүгү, башына түшкөн мүшкүлү менен , чарасыз калганын айтпай койду.
*********
-Айдемии?
Жаңы гана аялдамадан автобуска түшөйүн деген кыз өзүн чакырган үндөн жалт карады. Адилет жылмайып турган экен.
-Үлгүрдүм э? - деди жигит жанына жакын басып келип.
-Үлгүрүп калдыңыз, - деген кыз адатынча назик күлүп койду.
-Кандайсың?
-Мен жакшы, өзүңүз? Көрүнбөй кеттиңиз?
Экөө адатынча жол жээктеп сүйлөшүп баратышты.
-Сагындыңбы?
Жигит дагы көз кырында кызды тиктеди.
-Жоктугуңуз билинди.
-Демек издедиң.
-Балким...
-Издесең, анда сагынгансың?
-Мүмкүн...
Кыз ансайын наздуу жылмайды.
-Окууларың жакшыбы?
-Болуп жатат.
-Айдеми, эсиңдеби сага досум тууралуу айткам.
-Кыялынан баш тартканбы?
-Ии, дал өзү.
-Эсимде.
-Ошол досума жардам керек.
-Кандай?
-Сен аны тааныйсың.
-Чынбы?
-Ооба, Чолпондун жигити.
-Эржан...- деди кыз шыбырап.
-Ооба Эржан. Ошол досума экөөбүздүн жардам керек.
-Ал сиздин досуңуз беле?
-Ооба, эмнеге таңыркадың?
Адилет сыртынан билдиибегени менен кечинде Эржан айткандарын эстеп, негедир кызды кызганып кетти.
-Кызыык.. - деген кыз өзүнчө сүйлөнө берди.
-Эмнеси кызык?
-Жоо- жок. Баары жакшы. Эмне жардам керек? - деген кыз ичиндеги ойлорун сыртка чыгарып ийгенин билбей калган экен кайра шашыла суроо узатты.
-Экөөбүзгө почта болосуң.
-Кандайча?
-Ал сага кат, берет. Сен мага алып келип бересиң.
-Хаа,хаа,хаа.
Кыз каткырды.
-Эмне телефон колдонсоңор болбойбу?
-Кооптуу.
-Эмнеси? - деген Айдеми Адилеттин тамаша эмес, олутуу сөз сүйлөп жатканын көрүп күлкүсүн тыйды.
-Кийин түшүнөсүң. Болгону катты эч кимге билдирбей бири - бирибизге жеткирип турууң зарыл.
-Макул...
*********
-Карасаң бул агенствону. Кошумча бонус менен экен. Эки шаар эмес, ичинде Европанын 10 ашык шаарларына саякат бар экен. Элестет бир айда.
Эржан Чолпонго үйлөнүү тууралуу сунушту ал чет мамлекеттен учуп келгендин эртеси эле киргизген. Шашылыш чечим чыгарганын эми түшүнгөнү менен кызга айта албай жүргөн чагы. Анткени той эле эмес, керек болсо тойдон кийин болчу саякатты да пландап жатат Чолпон. Көйнөк, ресторан, гүлдөр деги баарын сайрап чыкты жанатан бери. Жанында баарына башын ийкегилеп олтурган Эржандын кулагына кыздын сөздөрүнүн жарымы кирсе жарымын сырттан гана кетирип жатты. Бир убакта Айдеми кирип келди.
-Кандааай? - деп үол көтөргөн Чолпонго жылмайган кыздын эки көзү Эржанда. Көзү менен ымдап арткы тараптагы бакчаны көрсөтүп өтүп кетти.
-Азыр жаным, - деп ордунан щашкан Эржан да үйдүн арт тарабына өтүп кетти.
Жанатан буларды экинчи кабаттагы балкондон карап турган Жайна да экөөнүн шектүү ымдашуусун түшүндү. Чуркап үйдүн бакчасын караган бөлмөгө баратты. Акырын парданы тартып терезеден акмалап турду. Эржан жалгыз туруптур. Бир убакта эки жагын элеңдеп караган Айдеми келди да Эржандын колун кармады. Жайнанын көздөрү чакчая телефонун алып чыгып экөөнү сүрөткө тартып алды. Мындай көрүнүш Жайнанын түшүнүгүндө эле. А чындыгында Айдеми Эржанга Адилеттин берип жиберген катын тапшырды.
-Адилет байке берди,- деген кыз колуна катты карматты да кайра шашылып жөнөп кетти.
"Темир байке менен сүйлөшүп, өзүмдү тизмеге коштурдум. Бирок мелдешке катыша албайм. Мени жөн гана машыктыруучу катары жазды.Артымдан аңдуу коюлуптур. Калбай бирөө ээрчип жүрөт. Сак бол. Айдеминин коопсуздугун камсызда! " - деген жазуу бар экен катта...

#26 23 Декабрь 2020 - 19:00
Рахмат Жалгызым.Мен толук ачпай эле жаза элек экен деп шашып кетипмин.
#30 24 Декабрь 2020 - 17:35
jindirak (24 Декабрь 2020 - 02:00) жазган:
Дагын жазчы жаным, окуп жыргап атам.
*********
Шан кайра Эржанды ээрчитип Ошто болчу беттешке кетишти. Эржан атайы шек алдырбай мурун кандай иштеп жүрсө өзүн ошондой алып жүрдү. Беттеш башталып кармашуу учурунда да ичинен "акыркы жолу, ушул акыркысы! " - деп кайталап жатты. Апасы менен карындаштары коопсуз жайга жетсе болду. Бүтөт баары. Келишилген боюнча алар азыркы тапта Ташкентте болуш керек. Ичи ачышып кетти. Ушунчалык. Кошулуп качып кеткиси келген. Бирок... Өзү мында туруп Шандын көзүн жазгырып турбаса болбойт. Беттеш кызуу жүрүп жатты. Чоң, эл аралык деңгээлде эмес болгону менен атайын бийликтегилер үчүн уюштурулганы көрүнүп турат. Кече эле телевизордон сайрап "кылмыш дүйнөсү менен күрөш катуу жүрүп жатат, бул жаатта бардык чаралар көрүлүп, алдын алуу иштери жүргүзүлгөн! " - деп төш кага сүйлөгөн коопсуздук комитетинин төрөгасы, депутаттар өздөрү мынтип ошол күрөш жарыялаган кылмыш дүйнөсүнүн төбөсү болгон Шан менен бир дасторкондон даам сызып олтурганы өкүнүчтүү. Эл көзүнө сүйлөнүп, бирок аткарылбаган убадалар, же болбосо калптан көрсөтүлгөн кылмышкерди темир тор артына киргизүү операциялары ушинтип уюштурулаарына Эржан нечен ирет күбө болуп келди. Өсө турган, кыргыздын мыкты жигиттерди Эржандай болуп булардын торуна чалынып келечектери кыркылганы канча. Мына бүгүн да бир жигит түштү беттешке. Болбосо ушул жигитти бир жума мурун теледен көргөн эле. Орто Азия чемпиону болгон. Бүгүн мынтип Шандын жанында жүрөт. Өзүн кимдерге байлап салганын байкабай, кичүү беттештен утканына маашырлана көкүрөгүн көтөрүп алып турганын көрүп Эржандын зээни кейиди. Мелдеш бүтүп, бүт коноктор чогулуп атайы булар үчүн даярдалган конок үйүндө кечесин улантышты. Керек болсо мындай жабык кечеге эл көзүндө жүргөн, таанымал ырчылар да келип ырдап беришет.
-Мурат Дөөөлөтович көрүнбөйт го бул жолу? - деди Шан бир чиновникке карап.
-Ал деген жакында министр болгону турат. Ошого күйүгүп. Анын үстүнө артын чукуп жатышат, - деген чиновник алдындагы ичимдикти көтөрүп жиберди.
-Дааа! Министр...
Шан ойлоно тигинин сөзүн кайталап койду. Ушуд азыр анын оюнда эмне деген пландар болуп жатканы Эржанга маалым эле.
Иренжий карап турду Шанды. Бир аз чыдаса баары бүтөт. Ары жакта бүгүн булардын чөйрөсүнө кошулган жигит, бир таңыркап көздөрүн алайтып Эржанды тиктеп туруптур. Шандардын ичимдикке кызып, жаш кыздар менен алаксып жатканынан пайдаланган Эржан жигиттин жанына келди.
-Сен элестеткен чөйрө эмес бекен?
-Жок, ушундай элестеткем, - деди тиги жигит шашып.
-Сагын...
Эржан далыдан таптап күлдү.
-Билесиңби, мындан канча жылдар мурун мен да сендей болуп киргем. Сендей болуп байлык менен атак - даңк артынан түшүп бул жака кирип калгам. Бирок адашкан экем. Билип турам сага канча сумма сунуштап бул жака сүйрөшкөнүн. Бирок эсиңде болсун, сенин, жакындарыңдын өмүрүнүн баасы бул акчадан да чоң! Үйлөнгөнсүңбү?
-Ооба, уулум бар.
-Азамат, анда ошол уулуңдун келечеги үчүн бул жактан кет. Сага бере турган кеңешим ушул. Мындан көрө көчөдө араба түрт, бирок түнү тынч уктайсың. Өз өмүрүң үчүн макул, бирок тиги балаңдын тынч жашоосу үчүн...
-Ошол уулумду деп келдим, - деди Сагын үнүн акырын чыгарып. Эржан түшүнбөгөндөй тиктеп турду.
-Кудай алдында кайсы күнөөм үчүн экенин билбейм уулум жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Көп жолу даарылаттык. Эми оор операция жасалуусу үчүн чоң суммада акча кетет деди. Ал эми мамлекет ал акчаны төлөп бере алган жок. Чемпион болсом да...
Сагын ызалуу жылмайды.
Эржан жанындагы жигитти далыга таптап алды.
-Кантип тузака түшүрүүнү билет Шан, - деген Эржан, төр жакта жыргап жаш кыздар менен майрамдап жаткан Шанды жек көрө тиктеп алды.
*********
Түштүктөн кайтаары менен Чолпондун үйүнө жөнөдү. Эшик алдынан Жайна жылуу тосуп алып ичкериге алып кирди.
-Кандай отурасыздар?
-Олтурабыз, баарыбыз Чолпон менен кошо дүрбөп.
-Чолпон жок беле?
-Курбусу менен көйнөк көргөнү кетти. Сен байланышпадыңбы? - деди Жайна таң кала.
-Аа, ооба айткан болчу, эсимден чыгып, - деген Эржан ыңгайсыз боло түштү.
-Негизи эркектер баары эле бирдей. Тойдун бардык ызы - чуусуна биз жүгүрөбүз. Силер ошол күнү костюм шым кийип, чыкыйып туруп берсеңер эле чоң майрам, - деген Жайна адатынча жасалма күлүп сүйлөп жатты..
-Олтура тур, азыр келип калат Чолпон деле. Мен азыр...
Жайна атайын Айдеми да үйдө экенин билип Эржанды жалгыз калтырып сыртка жөнөп кетти. Бирок үйдөн анча узабай терезе түбүнө өтүп акмалап туруп калды. Аңгыча экинчи кабаттан Айдеми чуркап түштү.
-Айдеми?
-Кандайсыз?
-Жакшы, кабар барбы?
-Адилет байке чалды. Екатеринбургка жетишиптир түндөсү. Эртең кечинде өзү кайтат экен.
-Кудайга шүгүр! - деген Эржан шыбырап алды.
-Кудайга шүгүр, эсен аман жетишти!
Кубанганынан дагы бир жолу кайталап Айдемини кучактап алды.
-Байке...
Айдеми эки жагын карап алып өзүн оолактата берди.
-Кечир, кечир мен байкабай...
-Дагы байланышса кабар беремин, - деген кыз кайра чуркап кетти.
Эржан да шашыла сыртка чыгып жөнөдү.
-Сен кеттиңби?
Босогодон кирип келе жаткан Жайна Эржандын кубанычтуу жүзүн көрүп таң калды.
-Ии, ооба мен Чолпонго тияктан эле жолугам. Жакшы туруңуздар, - деген Эржан чын эле кубанып бара жатты. Апасы менен карындаштарынын коопсуз жайда экенине жүрөгү ток болуп, терең дем ала ишенимдүү кадам таштап баратты. Анын артынан сынай караган Жайнанын Айдеми экөөнүн кучакташып турганын сүрөткө тартып алганын аңдаган да жок. Үйгө келгенде бир нерсеге кыжаалат болгондой кабагы салыңкы жигит, Айдемиге жолугуп чыккандан соң маңдайы жарыла сүйүнүп баратканы албетте Жайнанын күмөнүнө май тамызды.
#31 24 Декабрь 2020 - 17:39
********
-Акмак?! Ит! Өзүн ким сезип жатат бул?!
Бөлмөгө кирип бараткан Эржан Шандын кыйкырыгы сыртка дейре угулуп жатканынан дагы бир нерсе болгонун туйду.
-Уруксатпы?
-Эй кайда жүрөсүң сен? - деген Шандын көздөрү кутурган иттей кызарып, ушул азыр алдына бирөөнү салып берсе жеп салууга даяр тургандай.
-Ушул жерде элемин.
-Мурат Дөөлөтовичти жок кыласыңар!
-Эмне?
-Эмне деп уктуң ошол! Же берилген буйрукту кайталатып калдыңар беле?!
-Шан...
-Министрдин креслосун минсе эле бизди карабай калат бекен! Керек болсо олтурган кызматын кошуп жок кылып ийем. Мени менен кызматташууну токтотуу кандай болоорун көрсөтөм буга! Мени коркутуп келгенин кантесиң акмактын!
Шан сүйлөнө берди. Азыр ага бир нерсе деп сөз сүйлө ашыкча экенин ушунча жанында жүрүп билип калганга Эржан кым дебей угуп тура турду.
-Даярдангыла аң улоого барабыз!
Бир аз убакыт өтүп өзүнө келе түшкөн Шан бурк эте буйрук берди. Ооба бул ушундай мындай окуядан соң дайым ууга чыгат. Бир жаныбарды атып жарадар кылып, алдына алып келип алат. Анан үыйноо менен азаптайт, анын тыпырап жатканын көрүп ырахат алат. Бул ушундай мыкаачы... Кээде ошол жаныбардын ордуна адам деле болуп калат...
******
-Мам көйнөктүн бир жери жакпай кайра оңдоого бердим. Кыздардын да көйнөктөрүн карап чыгуу керек. Эржан болсо дайынсыз... - деген Чолпон узун тырнактары менен телефондон Эржандын номерин терди.
-Өчүк...
-Бүгүн сага жолукпадыбы? - деген Жайна кызын сынай тиктеди.
-Кайдан мам, жок деп жатпаймынбы? - деди Чолпон телефонду диван үстүнө ыргыта.
-Баарын өзүм бүтүрүүм керек. Фотограф, гүлдөр, кийимдер. Экин күндөн соң "Love story" тартмакпыз.
-Үйгө келди бүгүн.
-Ким? - деди Чолпон апасын карап.
-Эржан...
-Койчу? Эмнеге? Качан?
-...
-Маам, эмне унчукпайсың? Эмне мага айтпадыңар анан?
-Сени менен байланыштым деген, - деди Жайна дале кызын сырдуу тиктеп.
-Сен Эржандан эч кандай күмөн кылбай элесиңби?
-Эмнеге?
Чолпон сөз төркүнү эмне экенин түшүнбөй апасын жалдырап карап турду.
-Кызым ай! Неге мынча ишенчээк болдуң? Аның деген тиги Айдемиге ашык болуп жүрөт!
Саамга апасын үнсүз тиктеп алган Чолпон каткыра алакан чаап күлүп жиберди.
-Маам, ушинтип да тамашалайт бекен? Койсоңчу... - деди күлкүсүн араң тыйып.
-Ай кыз ач көзүңдү чооң!
Жайнанын ачуусу келе кызын каруудан кармап өзүнө тартты да телефондогү сүрөттү көрсөттү. Анда Эржан менен Айдеми үйдүн арт тарабындагы бакчада кол кармашып турушкан экен.
-Мам? Бул эмне?
-Көрбөй жатасыңбы эмнелигин?
Жайна кайра сүрөттү колу менен жылдырды. Анда Эржан кызды катуу кучактап алган экен. Чолпондун чакчайып турган көздөрүнөн жаштары төмолонуп кетти.
-Мам! Кантип? - деди шыбырап.
-Мына ушинтип! Папаң экөөңөр эле аны тим эле периште көрөсүңөр. Мына чыныгы жүзү! Мен билгем ушундай болоорун. Ал сени, мени көрө албайт. Биздин бактыбызга көз артып жүрөт.
Жайна бежиреп сүйлөй берди. Анын сөздөрү Чолпондун кулагына бири кирсе бири кирбей нес абалда колундагы телефонду мыкчыган бойдон олтура берди.
Ойлоруна эч нерсе келген жок. Бул нерсени Айдеми менен Эржандан такыр күтпөгөн.
-Ии келди биздин күнөөсүз периште!
Апасынын үнүнөн башын көтөргөн Чолпон Айдемини көрдү. Көздөрүн жоодуратып эшик оозунда турган экен. Чолпон ордунан ыргып туруп Айдемиге жакындап келди.
-Ушул чынбы? - деди көздөрүнө карап.
-Эмне? - деген Айдеми эч нерсени түшүнбөй бирде Жайнаны бирде Чолпонду карап турду.
-Өзүңдү билбегенге алба!
-Мен сени түшүнгөн жокмун Чолпон, эмнени айтып жатасың?
-Мына!
Чолпон колундагы телефонду Айдеминин маңдайына алып чыгып көздөрүнө такады.
-Эми түшүндүңбү? !
Чолпон кыйкырып жиберди.
Айдеми сүрөттү көрүп көздөрү чоңоюп кетти. Анда Эржан өзүн бекем кучактап турган эле.
-Жоок. Чолпон бул сен ойлогон нерсе эмес.
Эмнеге экенин билбейт, Айдеминин көздөрүнөн да жаштар кулады.
-Анан эмне? Күтүп жатам! Түшүндүрүп бер!
-Бул,бул... - деген кыз андан ары сөзүн улай албай мукактап кетти.
-Акмак!
Чолпон Айдемини жаакка чаап жиберди.
-Сенин ким экениңди, кимдин кызы экениңди унуткан экем! Көрсө сен да апаңдай шуркуя турбайсыңбы? !
Айдемини дел болду. Жүзүнө тийген Чолпондун колунан да бул сөзү катуу тийди. Жүзү эмес, жүрөгү ооруду. Сүйлөй албады. Башын чайкап көзүндөгү жашын куюлтуп артка кетенчиктеп барып чуркаган бойдон үйдөн чыгып кетти.
-Арсыз!
Артынан сүйлөнгөн Жайна жеңиштүү жылмая, өпкө өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан кызын бооруна басты.

#33 25 Декабрь 2020 - 16:51
jindirak (24 Декабрь 2020 - 18:31) жазган:
Так так дагын жаз жаным кызып калды
******
-Аза кыскасы ошол!
Шан креслосуна чалкалай шыпты карап жатты.
-Бул сүрөттөгү кыз.
-Чолпон! Мурат Дөөлөтовичтин жалгыз кызы.
-Ошондой эле планбы шеф? - деген жигит Шан алдына ыргыткан сүрөттү кармап сүйлөп жатты. Сүрөттө көздөрү жайнап, капкара узун чачтарын жазып, келишимдүү келбетине жарашкан көйнөк кийген кыз күлүмсүрөп турган.
-Ооба, кайырмакка ил. Байкашымча бул сен үчүн кыйынга турбайт. - деди Шан жигитке мыйыгынан жылмайып.
-Мага уруксат.
Шан бара бер дегендей колун жаңсап койду. Сүрөткө кошулуп алдына ташталган конверттеги акчаны көтөргөн Азат шыпылдап арты менен басып бөлмөдөн чыгып кетти. "Ошондооой Дөөлөтович! Сен мени али билбейт турбайсыңбы? Керек болсо өзүң алдыма келесиң жалдырап. Ал эми кызың, бекер айып кылдың!" Шан көздөрүн жумуп алып өзүнчө сүйлөнө берди. Көз алдына чөгөлөп турган Мурат, өзү болсо аны айланып басып кудум азыркы сөздөрдү айтып жатканын элестетип жыргап да алды. " Эч нерсе эмес! Аз калды!" - деди каткырып.
Чолпондун ошол күндөн тарта өзгөрдү. Өзү, мүнөзү. Баягы шаңдуу жүргөн кыз жок. Эржан менен такыр сүйлөшүүнү каалабады. Аны уккан да жок, түшүндүрүп, айтып берүүгө мүмкүнчүлүк да бербеди. Эржан артынан түшүп, такыр сүйлөшө албай койду.
-Чолпон токточу?!
-....
Тез тез басып кете берди кыз.
-Укчу дейм!
Кызга жеткен Эржан колунан жулкуп тартып токтотту.
-Жогол!
Эржан эми гана кыздын көздөрүндөгү жашты көрдү. Салаалап агып жатыптыр. Эржан билгенден Чолпон биринчи жолу ыйлап жатса керек. Анткени ар дайым жадырап турчу. Эч нерсени ойлонбой, каткыра күлүп жүргөн мында жүрөк жок деп ойлоп жаңылган окшойт.
-Чолпон мен сага түшүндүрөм. Ал сен ойлогон нерсе эмес..
-Керек эмес! Түшүндүрбө! Бүттү баары. Жөн гана мени жайыма кой!
Ушуларды айтты да кыз чуркап кетти. Артынан Эржан баскан да жок. Ооба бул кызга башында кызыгып ашык болгону ырас. Бирок адашкан экен. Ал убактылуу азгырык сезим экенин кеч түшүндү. Чолпондон тез эле тажап, көңүлү жарты болуп бир нерсе жетишпей жатканда билди. Бул окуя болбогондо деле баары бир экөөнүн жолу ажырамак. Эржан Чолпондон кетмек. Бирок мынтип бул кыздын көңүлүн оорутпай акырындык менен түшүндүрмөк да. Чолпондун артынан түшүү пайдасыз экенине көзү жетти да кол шилтеп басып кетти.
-Досуңузду куткара алдыңызбы?
-Жакындарын куткарып чыктык, эми кезек өзүнө келди, - деди Адилет Айдеми экөө катарлаш басып баратышып.
-Деги эмне болгон ишке аралашкан?
-Ээххх сулуу кыз. Сен аны түшүнбөйсүң. .
Унчукпай ийнин куушуруп койду кыз.
-Баса бул жак менен кетчү эмес элең го үйгө?
-Өзүмдүн үйүмө көчүп келгем..
Айдеми эрдин тиштей калып, колундагы сумкасын кармалап калды.
-Эмнеге? Жалгыз жашап жатасыңбы?
-Ошондой болуп калды.
-Атаң менен тартыштыңарбы?
-Жок, - деди кыз башын чайкап.
-Атам алыста, командировкага кеткен.
-Анда...
-Адилет байке, сиз чалып кабар берген күнү досуңуз үйгө келди. Мен ага айттым жетип алышыптыр деп. Анан Эржан кубанып кеттиби билбейм мени кучактап алды. Бирок көпкө турбады. Ошол убакта эже сүрөткө тартып алган экен...
Айдеми андан аркысын айта албай, колдору менен жүзүн жаап ыйлап жиберди.
-Чыыш болду.
Адилет кызды кучагына алды.
-Чолпон жек көрдү. Бирок кудай күбө менин эч кандай жаман ниетим жок болчу. Эмнеге антип турганыбызды сураганда эмне деп айтаарымды билбей....
Айдеми Адилеттин кучагында туруп актангандай ыйлай берди. Кулагына Чолпондун апасы тууралуу айткан сөздөрү келип, ансайын өпкө өпкөсүнө батпай буулугуп жатты..
-Жардам бердим десем түк ишенмек эмес. Анын үстүнө силер эч кимге ооз ачпа дебедиңерби?
-Болду ыйлаба! Сен баарын туура кылгансың. Көрсөсүң го Эржан оңой эле түшүндүрүп коёт, - деген Адилет кыздын жүзүн өзүнө буруп колдору менен жаштарын сүртүп, сооротуп жатып сүйлөдү.
-Атам келип укса капа болот.
Айдеми башын шылкыйта үшкүрүнүп алып алдыга басып жөнөдү.
-Атаң сени туура түшүнөт көрөсүң го...
*******
-Кызыңды карачы соолуп жатканын?!
-Анан эч нерсени тактабай туруп кууп салдыңбы?
-Мен кууган жокмун. Өзү кетти уятына чыдабай!
-Баары бир ошол кызды батыра албадың сен!
Мурат алыс сапардан келген соң Айдемини үйдөн таппай Жайнадан сурады эле колуна телефондогу сүрөттү карматты.
-Болгондо да бир тууганынын болочок жолдошун азгырат деген эмнеси?
Жайна дагы какшанып кирди. Анын оюунун баары Айдемини болушунча каралап жаман көрсөтүү эле. Атасынан алыстатып дегиле эле өздөрүнүн жашоосунан түп тамыры менен жок кылып салгысы келип турду.
-Айдеми бул жорука барчу кыз эмес.
-Эмнее? Кимдин кызы ал? Апасы ким эле да, кызы ким болду?
-Жап болду жаагыңды! Айгүл тууралуу бир жаман сөз оозуңдан чыкпасын!
Жайнанын жанына жете келген Мурат аялынын ээгин кайыштыра кармап туруп диванга түртүп жиберди.
-Өз кызыңды аябаган кандай атасың! Дагы эле ошол кызыңды сурайсың?! Чолпон эмне болуп жатат?
Жайна эми ыйлаганга өттү. Үстүндөгү костюмун чечип диванга ыргыткан Мурат аялын жубатпастан экинчи кабаттагы Чолпондун бөлмөсүнө жөнөдү.
-Чоопа? Кызыым?
Ичкериден жооп болбогондуктан акырын эшигин түртүп ичкериге кирди. Бөлмөнүн ортосунда, чачылган сүрөттөр менен тойго даярдалып чыгарылган чакыруу кагаздардын үстүндө колдору канга боёлгон кызы жатты.
-Чолпооон?!
Шашылып кызын көтөрүп чуркап жөнөдү. Биринчи кабатта ыйлап олтурган Жайна кызынын шалактап кан тамып бараткан колун көрүп андан бетер өңгүрөгөнгө өттү.
-Кызыым ай кызыыым!
#34 25 Декабрь 2020 - 16:53
Чолпондун кесилген колдорун тигип, таңып беришти. Бирок аябай көп кан жоготкондуктан ооруканада дагы бир аз калмай болду. Мурат качан гана дарыгер чыгып абалы жакшы дегенде Жайнаны кызынын жанына калтырып өзү Айдеминин алдына кетти.
Төрөлгөндөн апасы экөө жашап, эң сонун күндөрү өткөн үйдө Айдеми жалгыз жашап жатты. Бир тараптан ар дайым Жайнанын күнөөлөп тиктеген көз карашынан кутулуп ээн эркин жашап калганына кубанса. Экинчи тараптан көкүрөгүн ачыштырып, болбогон жалаа менен ал үйдөн кеткенине ызаланып турду. Эми гана сабактарын даярдап, жатууга кам урганда телефонуна чалуу келди. Караса атасы экен. Телефонду албай туруп, анын бул жерге келгенин сезди. Апасынын жылуу жемпирин үстүнө кийип сыртка чыкса чын эле атасы короодогу балдар ойноочу аянтчада селкинчекте олтурган экен.
-Атаа? - деди күнөөлүдөй үнү дирилдеп.
-Кечир кызым!
Мурат артына карабай эле сүйлөп жатты.
-Кечиргиле. Апаң экөөңөргө бакыт бере албадым. Айгүлгө сени сактайм деп сөз берип ал сөзүмдө да тура албадым.
-Аттооу!
Айдеми атасынын артынан барып кучактап алды.
-Кандай экенин билбейм кызым. Бирок сенин күнөөң жок экенине билем. Жайна Чолпонго сүрөттөгөнчөлүк акмактыкка барышыңа мен ишенбейм кызым.
-Ата туура эмес түшүнүп алышты. Чолпонго түшүндүрүүгө аракет кылдым бирок. Ал апамды...
Мурат кызын артына бурулуп кызынын өрүлгөн саамайынан жыттады.
-Алардын ордуна мен кечирим сураймын!
Экөө көпкө чейин үнсүз бири - бирине башын жөлөп олтура беришти. Мурат билгенчелик Айдемини эч ким билбес. Анткени ал апасын жазбай тарткан. Мүнөзүнөн тарта сүйлөгөн сөзү, атүгүл доошу да окшоп кетет.
Чолпон бир аз өзүнө келип калган. Эрте менен ойгонсо палатасындагы текчеде аябай чоң кыпкызыл розанын букети туруптур. Ордунан акырын туруп барып жыттап алды. Кайсы кызга болсо деле гүл тартуу кылсаң жагымдуу болот эмеспи? Буга чейин деле ар дайым күйөрмандарынан гүлдөрдү алып келсе да бул гүлдөрдү көрүр көңүлү көтөрүлө түштү. Кечесинде илинген кагазга көзү түшүп колдорун сунуп баратып токтоду. Оюна Эржан түштү. "Ооба андан бөлөк ким болмок эле? Кечирим сурап, абалымды билейин дегендир! " - деп ойлоп кайра керебетине келип жатып алды. Бирок бир күн кечке күтсө да Эржан чалган жок. Адатта дайым ушинтип гүл жиберип артынан сөзсүз смс жиберчү эле. Чолпон башында Эржанды жан дили менен берилип сүйбөгөнү менен убакыт өтүп кантип байланып калганын билбей калды. Ар дайым анын көңүл борборунда болуп, эркелетип турганынан кадимкидей ырахат алчу. Тойго камылга көрүлүп, бардык курбу кыздарынан бери кабар жетип, интернет булактарына экөөнүн мамилелери жарыяланып, атүгүл чакыруу баракчалы даяр болуп калганда тигинтип артынан бычак урганы оор тийди. Тойдун капысынан токтотулушу баарына кызык болуп, андан бетер интрига башталып Чолпондун дарегине жакшы жаман сөздөр жаай баштады. Мунун баарын көтөрө албай ыйлап олтуруп Эржан экөө түшкөн сүрөттөрдү кескилеп жаткан. Анан кайдан жайдан эле оюна жаман нерселер түшө эки колун тең кесип салбадыбы??. ..
Эртеси күнү дагы бир гүл келди палатасына. Негедир ушунун баарын Эржан деп ойлоп гүлгө илинген кагаздарды ачып окуган жок. Тез эле жаткан палатасы түркүн гүлдөргө толуп чыкты. Бир күнү эшик кагып Эржан кирип келди.
-Кандайсың? - деген жигит колундагы бир букет гүлдү башка гүлдөрдүн жанына кошту.
-Жакшы.
-Бөлмөң гүлдөр дүкөнү болуп кеткен го?
-Сенин шарапатың менен!
-Менин?
Эржан түшүнбөгөндөй кайра сурады.
-Эмне келдиң?
Чолпон ары карап кабагын сала корс сүйлөдү.
-Чолпон кече уктум. Кечир мени! Сен мындай жолго барбашың керек эле. Тентек, мен болбосом апаң менен атаңды ойлободуңбу?
-Кетчи!
-Кетем, болгону кечир. Сен уккандай эмес чындык. Түшүндүрүп берүүгө да койбодуң.
-Мен уксам ишенмек эмесмин! Мен өз көзүм менен көрдүм! Андыктан кетип кал! Тиги жиберген гүлдөрүңү жыйнай кет!
Башын салып ордунан турган Эржан эшикке жеткенде:
-Аларды мен жиберген жокмун! - деди чыгып кетти.
Ордунан ыргып турган Чолпон канча күндөн бери жиберилип жаткан гүлдөрдөгү кагаздарды жыйнай баштады.
"Салам сулуу! Сени бул жака алып келип жатышканда артыңдан келдим. Сен көзүңдү ачканга чейин кетпедим. Кудай сени кайрып берди..."
"Эмнеге гүлдөгү кагазды ачпадың? Уйкудан ойгонсоң аябай сулуу болуп калат экенсиң"
"Сулуу, дагы эле айланчыктап жүрөм. Гүлдөр жактыбы?" Ар бир кагазда өзгөчө сөздөр. Чолпон керебетине келип шалдырап олтура кетти. "Мына кызык! Бул ким? Ушунча күндөн бери Эржан го деп ачпай жүргөм. Кайсы сырдуу принц болуп кетти?" - деди өзүнчө күбүрөп. Аңгыча эшик тыкылдап дагы бир гүл десте киргизишти. Анда да кагаз бар экен. Шашылып ачып окуй баштады. "Баарын топтоп окудуңбу? Тиги сени ыйлаткан адамды сен үчүн муштап алгым келди, бирок. А баса жылмайганың жакты... "
Чолпон чуркап терезеге келди. Сырдуу эч нерсе деле көрүнбөйт. "Балким ушул жерде иштеген бирөө болбосун" - деген ой келди.

#35 25 Декабрь 2020 - 22:47
Качан улантасынар улам кирип карай берип козум торт болдугооо
#39 28 Декабрь 2020 - 18:37
********
Мурат Дөөлөтович, жаш кезинен баштап мамлекеттик кызматта иштеп, акырындан көтөрүлүп олтуруп бийликке чейин жетти. Министр болгон күнүнөн тарта өзү да билбеген абалда айланасында достун бет кабын кийген душмандар, ич күйдүүлүк кылып көрө албаган кошоматчылар жайнады. Алардын көбүн дос, душмандан айырмалоо кыйын эле. Бийликте иштесең сөзсүз мафияга аралашууга туура келерин депутат болуп шайланганда көргөн. Ошол жылдары Шан менен биргеликте түзүк эле иштерди бүтүрүшкөн. Кийин туура эмес жолго ооп баратканын сезип алыстай түштү. Айрыкча министрдин креслосуна олтургандан баштап, жүргүзүп жаткан иштерине, кадамына аябай сак болуп калды. Анткени көрө албастар өз тузагын жайып, качан Мурат ага түшүп жан далбастан калаарын күтүп жатышкандай.
Шан менен иштешүүдөн баш тартканына албетте Шандын жини келди. Адаттагыдай, сөгүнүп да алды. Бирок Мурат оюнан кайтпай койгондо өзүнүн планына өтпөдүбү. Мураттын талуу жери, кызынан кармоону чечти.
Чолпон күндө өзүнө келип турчу сырдуу белектер, жагымдуу смс каттар менен Эржанды бир аз унуткандай болду. Бир күнү адаттагыдай катардагы рекламага тартылууга келген. Съёмка бүткөндөн соң дагы бир кучак роза жеткирип келишти. "Дайымкыдай кереметсиң! " - деген жазуу бар экен. Ууртунда жылмайды. Дароо телефонуна кат келди анда да " сенин жылмайганыңды көрүү бакыт!" - деп туруптур. Башын көтөрүп эки жагын каранып алды. Жок эч ким. Акыркы күндөрү бул бейтааныш, сырдуу адамдын мындай сюрприздерине көнүп деле калгандай. Унаасына келип олтура берерде артынан чыккан үндөн бурулду.
-Эч кимди издебей элесизби? - деген узун бойлуу, классикалык стилде кийинген кара көз айнекчен жигит туруптур.
-Жок, - деди Чолпон да сыр бербей.
-Азат, - деген жигит көз айнегин алып кызга кол сунду.
Көз айнегин алганда жигиттин күлүп турган капкара каректери Чолпондун көзүнө урунду.
-Чолпон, - деди күлүмсүрөп.
Чакан кафеден орун алган экөө сүйлөшүп көпкө олтурушту. Азат тез эле Чолпондун көңүлүн алганга жетишти. Күн мурунтан жиберген гүлдөр менен качан эле өзү ойлоп койгон планы ишке ашканын кызды тиктеп туруп түшүндү. Чолпон алдында күлмүңдөгөн каректери жанып, сөздөрдүн берметин терип сүйлөп олтурган бул жигиттин ичинде эмне план бар экенин оюна да келтирген жок. Анын өзүн берилип карап, колдорун кармап аяр өөп койгонуна жибип, заматта ушул жигит аркылуу Эржандан өч алууну көздөдү. Көрүнгүсү келди. А бирок чынында кимди ким торуна түшүрүп жатты экен...
*******
Азат Чолпонду бүтүндөй өзүнө баш ийдирип алды. Кыздын съёмкага баруусуна, тартылуусуна каршы чыгып тыйып салды. Анын себебин кызганыч деп түшүндүрдү жигит. Азат менен көп кечелерге барып, анын досторуна кошулуп жүргөн кыз ичимдикке берилип баратты. Азат алгач кыздын ичимдигине гана даары кошуп жүрсө бара - бара жыттатып үйрөттү. Бир кечеде аябай мас болуп, өзүн билбей калган кыздын колуна укол сайып жиберишти. Ансыз да ары жагынан эрки жок кыз бат эле бул наркотиктин кулуна айланды. Кесибин таштап, өзүнүн ким экендигин да эсинен чыгарып, бул наркотик деген Чолпондун акылын алып, жан дүйнөсүн уулап жаш өмүрүнө чырмооктой чырмалып бара берди.
Айдеми акыркы курс болгондуктан, жеке клиникага жумушка чыгып алган. Адаттагыдай түнкү кезекто олтурганда шашылыш билдирүү келип түштү. Оор абалда жаш кызды алып келишкендигин айтышты. Кабыл алуу бөлүмүнө кирген Айдеми керебетте өзүн билбеген абалда жаткан Чолпонду көрдү. Чын эле абалы өтө оор болчу. Дозасынан көп колдонуп жиберип, өзүн жоготуп койгондо алып келишиптир, кимдер таштап кетишкенин да билишпейт. Тапырап кыздын өмүрү үчүн күрөшүп жатышканда кетип калышкан өңдүү. Таңга жуук көздөрүн ачкан Чолпон бозоргон шыпты көрдү. Эсинде эч нерсе жок. Бир гана башы жарылчудай ооруп, колдору өзүнүкү эместей, денесине болсо бирөө оор ташты бастырып салгандай жанчылат. Башын бери буруп, маңдайында ак халатчан Айдеми уктап жатканын көрдү. Колундагы сайылган асма уколду жулуп ыргытайын десе ,же колу көтөрүлбөйт.
Аңгыча Айдеми ойгонуп кетти.
-Өзүңдү кандай сезип жатасың? - деген кыз Чолпондун алдына келип чекесине колун тийгизди.
-Тийбе!
Өзүнүн ушул абалын Айдеми көргөнүнө жини келдиби же мурунку кылыктарын эстеп кетти Айдемиге бир тийди.
-Чолпон сага эмне болду?
Жалооруй карады. Баягы өзү биринчи жолу көргөн Чолпон жок. Арыктап, сөөгү эле калгандай. Жайнап турган көздөрүнүн алды карайып, аппак нурдуу жүзү бир абал.
-Сага эмне? - деди башын буруп.
-Эже билеби?
-Эмнени? - деди Чолпон чоочуп кетип.
-Өзүм да ушинтип ойлогом.
Айдеми ордунан туруп асылып турган асма уколдун алып жатып сүйлөдү.
-Сенин наркотик колдонуп жүргөнүңдү.
-Кайдагыны айтпачы?!
-Мобу эмне?
Айдеми олтура калып Чолпондун эки колун тартып көргөздү. Анда көгөрүп,жарылып кеткен тамырларынын эски щприцтерден калган тагы турган.
-Эч нерсе, - деди Чолпон.
-Сен даарыланууң керек!
-Менде жакшы баары.
-Жок жакшы эмес. Дарылануу курсун баштайбыз. Жок десең атама чаламын.
********
Мурат Шан менен мамилесин токтоткондон бери өзүнүн дарегине карата ар кандай, коркутууларды ала баштады. Алгач анча көңүл бөлбөй жүргөнү менен убакыт өткөн сайын ал коркутуулар күчөй берди. Атүгүл ишин артынан чукуп, улам текшерүү жүрө баштады. Ал эле эмес кызы Чолпон жөнүндө түркүн кептер айтылып, кээде кызынын ар кайсы клубтарда ичип,чегип олтурган сүрөттөрү тарай баштаган. Кызынын жагымсыз сүрөттөрү интернет булактарына тарагандан көп өтпөй белгилүү гезиттен "эл адамынын жалгыз кызы" - деп Чолпондун сүрөттөрү жарыяланып чыкты. Андан сырткары экинчи аялы Айгүл жөнүндө жазылып, кызы Айдеми тууралуу да кенен жазып кетишиптир. "Алгач тарбияны үйдөн баштоо керек, жалгыз кызына алы келбеген биздин министр мырза кантип эл башкарат?" - деген жазууну окуп гезитти мыкчып айрып салды.
-Жайнаааа?!
Экинчи кабаттан чуркап түшкөн аялына атырылды.
-Кана Чолпон?
-Мен, мен ...
-Тап!!
-Бүгүн Айдемини алып келемин. Үнүңдү чыгарба!
Эми оозун таптап келе жаткан аялына бакырды да сыртка чыгып кетти. Машинасына олтуруп эле жумушуна да барбастан Айдеминин үйүн көздөй айдатты. Жол катар жардамчысына чалды.
-Алло? Бул мен бүгүн жумушка чыкпайм! Билбейм, бир нерсени ойлоп тап. Райондорго кетти де, билбейм кыскасы. Анан эрте мененки кабарды окудуңбу? Тез гезитти сатыктан алдыргыла. Макаланы жазган журналистти тапкыла. Өзүң билесиң, кандай бүтүрүү керек экенин! - деди да телефонду ыргытты.
Айдемини алып келем дегенинин себеби, азыр эки кызынын тең өмүрү коркунучта турган. Жол катар үй алдына жан сакчыларды көбөйтүүнү да ойлоп баратты. Эң жакшы жол, үй бүлөөсүн алып өлкөдөн убактылуу чыгып кетүү зарыл. Анткени артын чукуп,текшерүү жүргүзүп жаткандардын мурдуна Шан экөө шерик болуп бүтүргөн бир канча контрабанда иштери жыттанып калгандай. Айдеминин үйүнө келип коңгуроону кыйла басып турду. Эч кандай жооп болгон жок. Кыязы үйдө эмес окшой. Дал ушул учурда Айдеми Чолпонду ооруканада жашыруун дарылоо курсун баштаган эле.
*******
Кеч кирип караңгы түшүп калса да Чолпондон дайын жок. Телефону болсо өчүрүлгөн. Жайна бир орунда тура албай улам колдорун ушалап ары - бери басып жүрдү. Мурат азыр келсе кантип жооп берет? Кызын кайда экенин эмес, кай жерден издөө керектигин да билбейт. Чолпондун мындай түн катып жоголгондору акыркы күндөрү көбөйүп калган. Жайна чындыгында маани бербеген экен. Эми гана келбегенине бүгүн бир жумага чукулдап, гезит беттеринде тигиндей сүрөттөрү чыга баштаганда эси чыгып издей баштабадыбы? Бир убакта эшик алдына машинанын токтогону угулду, чуркап эшик оозуна жеткен Жайнанын көздөрү чакчайып кетти. Алсыз шалдырап араң турган Чолпонду кармап Айдеми менен Мурат кирип келишти.
-Чолпоон? Кызым сага эмне болду? - деди колуна илинген асма уколду көрүп ыйламсырап. .
-Эже жакшы баары, - деген Айдемини жакадан алды.
-Сен! Сен уктуңбу баарын кылган? Эмне кылдың кызыма?!
Жаш айланган көздөрүнөн заары чачырап турган Жайнаны аяп турду Айдеми. Мурат Айдеминин жакасына жармашкан аялынын колдорун силкип алып өзүн түртүп жиберди да, Чолпонду Айдеми экөөлөп жетелеп бөлмөсүнө алып чыгышты. Ал эми Чолпондун бир нерсе деп сүйлөөгө чамасы жок эле.
Артынан чуркап барган Жайна кызынын бөлмөсүнө жете бергенде Мурат чыкты да аялын каруудан алып өздөрүнүн бөлмөсүнө сүйрөп жөнөдү. Алып кирип эле жерге түртүп жиберди.
-Эмне болду кызыма?
Жайна кайра ордунан туруп Муратка асылды.
-Эмне кылдыңар?
-Сен бищди айтып жатасыңбы? Кызың наркоман! Түшүндүңбү? Наркоман!
-Жоок! Ишенбейм!
-Эмне карабадың? Эмне көз салбадың? Жапжалгыз кызды эмнеге сактап кала албадың?
Мурат Жайнаны эки каруудан алып силкинтип жиберди.
-Бир жумадан бери Айдеминин кароосунда экен. Өзү даарылоону баштаптыр. Сенчи? Бир жума издебей жөн койдуңбу?
Жерде олтурган Жайна колдору менен эки кулагын баса калды.
-Болушу мүмкүн эмес! Менин кызым наркоман эмес!
Көз алдына мурунку Чолпон менен азыр эле өңдөн кетип шалдыраган Чолпон тартыла өңгүрөп ыйлап жатты.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 28 Декабрь 2020 - 18:38
#40 28 Декабрь 2020 - 20:19
*******
Эки ай мурун эле көзүнүн кареги менен тең айланып, айланчыктап укмуш сөздөрдү жаадырып белектерди сунган Азаттан дайын жок. Чолпон Айдеми берген уколдорду алып бир аз өзүнө келе түшкөндө Азатты издөөгө өттү. Телефону өчүк. Шалдырап олтура калды. Башка кай жерден издейт? Деги Азатты жакшы тааныйт беле? Ата энеси, жашаган жери, иштеген иши. Ал кезде булардын бирин сурап алуу да оюна келбеген экен кыздын. Ошончолук ишенген беле? Азат тааныштырган досторунун кыздарына чала баштады. Кызыгы жан досторум деп тааныштырган достору бири да билбейт экен Азаттын кайда экенин. Азатты издөө менен убара болуп, тамак жеп өзүнө келе түшкөндө баягы сайынып жүргөн уколдорунун кумары келе баштады. Канчалык өзүн карманган сайын жинди немедей колдору титиреп, денесин да майда калтырак басып акылына эч нере сыйбай өзүн жоготуп коюп жатты. Эки үч жолу эшикке жулунуп бараткан жеринен Айдеми менен Жайна кармап калышкан. Кызынын акылынан ажыраган немедей башын койгулап, кыйкырып жатканын көргөн Жайнанын эси кетти. Оозу менен колун жаба калып дубалга такалды.
-Коё бер мениии! Суранам мамаа бир жолу! Акыркысы мааамааа?!
Айдеми тынчтандыруучу укол бергенде гана көздөрү аңтарылып жатып калды.
Чолпонду экөөлөп көтөрүп бөлмөсүнө жаткырышып чыгып кетишти. Жайна ыйлап жатты. Көз алдына кызынын кичине убагынан азыркыга чейинкиси тартылды. Качан ушундай болду? Кайсы убакта бул жолго түшүп кетти кызы?
Канча уктаганын деле билбейт көзүн ачса эшике караңгы түшүп калган экен. Телефону болсо токтобой чырылдап жатыптыр. Дос кызы.
-Алло Чопа?
-Да!
-Тиги сенин Азатың жүрөт, - деди акырын шыбырап.
-Кайда?
-Жанагы клубта. Сенин унааңды жолдон көрүп киргенмин, клубта Азат башка кыздар менен олтурат.
-Эмне менин унаам?
Эми гана унаасы менен атасы туулган күнүнө белек кылган квартирасынын ачыкычын Азатка карматканын эстеди.
-Азыр барып калам! - деди да телефонду ыргытып шашыла кийинип жатты. Бирок ушул учурда да сайынып жүргөн дарынын кумары таркай элек болчу. Бир жолу клубтан алганча келем деп ойлоп койду. Маселе сыртка кантип чыгаарында. Терезени ачып тушундагы бак менен акырын түшүп үйдү айланып өттү. Короодо апасынын машинасы турган экен. Дароо чуркап жетти. Жайна дайым ачкычын унаасына калтырчу, азыр да унаасында экен. Чолпон кубанып алды. Эми дарбазадан чыгып кетүү калды. Жан сакчылар эшик алдында жайнайт. "Мени сыртка чыгарбай кайтаруу үчүн ушунча сакчы койдубу?" - деп алды өзүнчө. Кызды атасынын маселелери ойлондурбайт да болчу. Бир убакта чоң каалга ачылып Мурат кирип келди. Дал ушул учурдан пайдаланган кыз, унааны от алдыра катуу ылдамдык менен чыкканга үлгүрдү. Жанынан өтүп баратканда Мурат ролдо Жайна эмес Чолпон экенин көрдү. Катуу үндөн сыртка чуркап чыгышкан Жайна менен Айдемини көргөн Мурат кайра артына бурулуп Чолпондун артынан түштү. Кечки шаардын көчөлөрүндө зуулдап, кубалашып бара жатышкан Мурат менен Чолпон. Кыз артынан атасы келе жатканын көргөн да жок. Болгон ылдамдыкка салып бара жатты. Ал эми Мураттын артынан Шандын жигиттери. Кызыл жанган жол чырактан Чолпон өтүп кетти, ал эми Мураттын азыр ойлонууга убактысы жок эле. Токтоп калса кызын жоготуп ийчүдөй болуп ал да кызыл чырактан өтө бергенде кесилиш жолдогу сол тараптан чыккан унаа коюп кетти.
Тарс эткен үн менен кою түтүн каптаган жерге бат эле элдер чогула калышып тез жардам жетип келди. Бирок кечигип калышыптыр. Мурат ошол жерде жан берди.
Жука көйнөк менен чачтары иретсиз жазылып, жылаңаяк клубка кирип келген кызды баары таң калып карап турушту. Залдын төрүндө сулуу бийкечти кучагына алып Азат олтуруптур. Өзүнө күлмүңдөп караган баягы курч каректери менен тиги кызды суктануу менен берилип карап олтуруптур. Кызганыч Чолпондун алкымын бууду. Азат маңдайында арыктап көзүнүн алды көгөрүп, өзүн жек көрө тиктеп турган Чолпонду көрүп коркуп кетти. Кыздын абалы ушунчалык аянычтуу. Биринчи көргөндөгү, баягы теледен чыгып жүргөн кыздан кыпындай да калбаптыр. Анын ордуна наркотикке өмүрү байланган бирөө турду.
-Ооо Чопа! - деди Азат коркконун билгизбей.
-Акмак!
Чолпон жигитке жакын келип жүзүнө чаап жиберди.
-Ээй! Анчалык катуу кетпе!
Дагы бир жолу урмакчы болгондо Азат колдон алды.
-Жер жутсун сени акмак!
Чолпон кыйкырып жиберди.
-Бул жердеги тартипти караган бирөө барбы? Бул бийкеч бир аз мас болуп калыптыр, - деген Азат эки жагын карап алып кыйкырды да Чолпонду мазактуу тиктеп турду.
-Убалым уктатпасын сени! - деген Чолпон стаканда турган ичимдикти алып Азатка куюп жиберди.
-Өзүңдөн көр!
Азат ары бурулуп басып бараткан Чолпонду колдон булкуп сүдүрөп баратып кекерлүү шыбырады.
Туура эле унаасына сүдүрөп барып белгисиз тарапка айдап жөнөдү. Кыйкырып каршылык көрсөткөн бир уруп Чолпонду эсин тандыра койду да, арткы олтургучка жаткырып салды. Жол катар бирөөгө телефон чалып:
-Өзүбүздүн жайга кел, жигиттерди да алып ал! - деп өчүрүп койду.
Жарым саат жүрүшкөн алар шаардын сыртындагы бузулган, эски имаратка келишти. Бул жерде Азатты дагы төрт жигит күтүп турган экен.
-Эмне болду анча шашып?
Азат унаадан түшөөрү менен жигиттердин бири сурады.
-Машинада бирөө бар!
Ширеңкисин тамызган Азат ары жака өтүп кетти.
-Ооо ээй бул жанагы эмеспи? Теле жылдыз?
Унаанын ичине баш багып Чолпондун жүзүнө үңүлгөн жигит кыйкырды.
Ошол түнү төрт жигит Чолпонду каалаганча эрмектешти. Эки колуна тең щприц сайып ошол даарыдан берип салышып, таштанды курулушка кызды таштап кетип калышты.
-Азат балким шаарга жакын жерге алып барып таштасакчы? - деди жигиттердин бирөөсү эсин учун билбей жерде жаткан Чолпонду аяп.
-Өлбөйт! Өлсө да убалы жок! - деген Азат унаасына түшүп кете берди.