Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан
#21 21 Январь 2016 - 21:57
1 Тез-тез намаз окуу
2 Туруп заара кылуу
3 Заара кылган жерине даарат алуу
4 Туруп суу ичуу
5 Оозу менен уйлоп чыракты очуруу
6 Тиши менен тырмакты алуу
7 Койногунун жени же этеги менен бетин арчуу
ЖЕТИ НЕРСЕНИН СЕБЕБИНЕН БАКТЫЛУУЛУК КЕЛЕТ
1 Куран окуу
2 Беш убак намаз окуу
3 Аллага шугур кылуу
4 Жакырларга жана мумкунчулугу чектелген адамдарга жардам беруу
5 Куноолорго Алладан кечирим суроо
6 Ата-эне жана туугандарга жакшы мамиле кылуу
7 Эртен менен "Ясин" суросун, кечинде "Вакиъа" суросун окуу.
(Таамири Хаят 23-б)
БАКТЫСЫЗДЫКТЫН ТОРТ БЕЛГИСИ
Хадисте келген:Бактысыздыктын торт белгиси бар.
1 Коздон жаштардын акпай калуусу
2 Журоктун каттуулугу
3 Узун умут кылуу
4 Дуйного ач коздук кылуу (Маъарифул Куран 2-т 297-б)
#22 21 Январь 2016 - 22:23
- Маселе суралбаган аалым;
- Амал кылынбаган илим;
- Кабыл алынбаган жакшы кенеш;
- Иштетилбеген курал - жарак;
- Намаз окулбаган мечит;
- Окулбай уйдо турган Куран;
- Зекет берилбеген байлык;
- Минилбеген улоо;
- Байлык кууган аалым;
- Акыретке даярданбай откоргон олум"...
Азирети Али р.а айткан:
- " Мурастын жакшысы илим.
- Онордун жакшысы адеп.
- Акыретке алчу азыктын жакшысы такыбалык.
- Иштердин жакшысы ибаадат.
- Жолбашчынын жакшысы - жакшы амал.
- Жолдоштун жакшысы - жагымдуу кулк - муноз.
- Увазирдин жакшысы - жатыктык.
- Байлыктын жакшысы - каниет.
- Жардамчынын жакшысы - тоопук.
- Тарбиячынын жакшысы - өлүм...
#23 22 Январь 2016 - 10:30
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Январь 2016 - 10:31
#24 23 Январь 2016 - 05:14
-Кызым күнү-түнү Алланы эстеп ыйлай берип,көздөрү соолуп калды,-дейт ал аалымга,-бир айласын таппасаңыз, барбаган жерим калбады.
-Мени ээрчитип барчы,-дейт Хасан,-сүйлөшүп көрөйүн. Экөө үйгө келсе,кыз чындап эле ыйлап отуруптур,атасы айткандай,эки көзү тең көрбөй калыптыр.
-Кызым эмнеге мынча көп ыйлайсың,көздөрүңдөн да айрылып калыпсың?-дейт Хасан Басри.
-Эки себептен улам сокур болдум,-дейт кыз жооп берип,-
биринчиси:
- Эгерде бул көздөрүм менен акыретте Алланын жамалын көрө турган болсом,анда бул дүйнөдө көрчү нерселер ага садака болсун.
Экинчиден:
-Эгер акыретте бул көздөрүм менен Алланын нурлуу дидарын көрө албасам,анда мындай көздүн мага эмне кереги бар!?
Кыздын маанилүү сөзүнө жүрөгү элжиреген аалым,ага эч нерсе айта албай,сыртка чыга жөнөйт. Эшикке чыккандан кийин гана бир аз өзүнө келип,үй ээсине:
-Сен мени бул жерге акыл айт деп алып келдиң эле,а чынында,акыл айтчу адам ушул жерде экен. Мындай көкүрөгү бардык нерсени көрүп турган адамга эки көздүн кереги эмне?-деп ыйламсырай басып кетет.....
#25 23 Январь 2016 - 05:16
Кээде адам араздашкан эки тарап менен да жакшы мамиледе болушу мүмкүн жана учур келгенде аларды жараштырууга умтулушу керек. Жараштыруу мүмкүн болбогон шартта аларга бири-бири жөнүндө чындыкты жана жарашууга түрткү боло турган маалыматтарды гана айтуу зарыл. Пайгамбар с.а.в.: «…Аллах ичиңерден эң жаман көргөнү сүйгөндөрдү ажыраштырып, күнөөсүздөргө азап апкелүүгө тырышкан чагымчылар»- деген.
Айтмакчы, бирөөнүн жабыр тартуусун алдын ала токтотуу үчүн болгон эскертүү чагымчылык деп эсептелбейт.
М. Арстанбек
#26 23 Январь 2016 - 18:31
Кээ бир адамдар ырчы болууну тандап, ырдап жүрүп бул өмүрдөн өтөт. Өлгөндөн кийин ырлары кыяматка чейин радиолордон, телевизордон жаңырып турат. Ал эми кээ бир адамдар Куранды тандап, Куран окуп жүрүп көз жумат. Өзү өтүп кетсе да Куран окуган үнү радио телевизор аркылуу жаңырып турат.
"Тигилерге да, буларга да (дүйнө кызыкчылыгын көздөгөндөргө да, акырет кызыкчылыгын көздөгөндөргө да) Эгеңден (энчилерин) беребиз. (Эч кимге) Эгеңдин берери тыйылбайт. Исра сүрөсү 20 аят.
Бир адам мечит курса, экинчи бир адам казино же андан башка көңүл ачуучу жерлерди курат. Адамга тандоо берилген, каалаганыңды танда, каалаганыңды аткар! Бирок ар-бир башталышы бар нерсенин аягы бар экенин, ар-бир жаңы нерсенин эскирээрин унутпа! Дүкөндөн каалаган нерселериңди алсаң болот, бирок кассага баардыгы үчүн төлөйсүң. Ошол сыяктуу каалаганыңды кыл, баардыгы үчүн жооп бересиң. Үйүбүздүн кеңдиги жердин аянтына жараша болот. Ал эми кабырыбыздын кеңдиги жакшы амалдарыбызга жараша болот.
"Азык камдагыла! Чындыгында, азыктын жакшысы-такыбалык" . Бакара сүрөсү 197 аят.
(Сапарга аттанган ар бир адам азыгын камдагандай эле, силер да акыретке кереги тийүүчү азык-соопторду азыртадан камдагыла! Акыреттин азаптуу узак жолуна кур кол чыкпагыла! ).
Аалымдар кеңешинин төрагасы:
Абдышүкүр ажы Нарматов.
#28 24 Январь 2016 - 00:45
Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...
Ошентседа,терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...
"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын. ..
Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...
А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...
- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт...
"Мечит" аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка" жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок....
Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат...
"Намаз" аялдамасы... Дагыбы?
"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес...
"Байлык" , Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчумун убагында...
Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчү жерине жетип алган окшойт....
Айдоочунун жанына чуркап бардым:
- "Бакыт" аялдамасына жеттикпи?
- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз" , "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик.
- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?
- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат, тууганым?!
......КАБЫР аялдамасына жетпей туруп ойлонолу мусулман бир тууганым!!!
#29 24 Январь 2016 - 09:49
✏Ашъас бин Аслам айтат:"Ибрахим (а.с) олум периштесинен сурады:"-Эй, олум периштеси! Бир жан чыгышта, экинчиси батышта болсо, жер жузундо вабаа (холера) оорусу таркаса, кайсы бир жерде эки кошуун согушса, ошончо (коп) адамдардын жанын кантип аласын? -Алланын буйругу менен жандарын чакырамын. Алар дароо мына ушул эки манжамдын арасында даяр болушат. Анан жер олум периштесинин алдында табактай айландырылат. Олум периштеси анын ичинен каалаган жанды сууруп алат....".
Вахб ибн Мунаббих икая кылат:"Откон падышалардан бири кайсы бир жерге саякатка аттанды. Сапар алдында ал озуно баарын тан калтыра турган кийим алып келуулорун буйруду. Алып келген буюм падышанын динине туура келбеди. Дароо мындан да жакшыраагын келтируусун буйруду. Тан калуудан жака кармата турган даражадагы кийим алып келмейинче бул абал уланды. Падыша унааны да ушундай талап менен тандады. Ар бир корсотулгон аттарды кайтарып, Ансайын корком, жакшы ат келтиришин буйруду. Ошентип, падыша кооз кийимдерди кийип, эн корком ат устуно минди. Ошол учурда Иблис келип, анын мурдуна дем урду,падышанын ичи текебердикке толду. Эми анын козу кор болуп, айланадагы атчандарды, жолдогу адамдарды корбой калды.
Ушул учурда жупуну кийимде,ахыбалы начар бир киши жолдун ортосуна чыгып, падышага салам айтты. Падыша анын саламына алик албады. Ал киши аттын жылоосунан кармап,жолго туруп алды. Ошондо падыша:
-Тизгинди коё бер! Катуу жазага ылайык иш кылып жатасын-деди каарданып.
-Сенде жумушум бар-деди ал падышага.
-Сабыр кыл аттан тушойун.
-Жок,азыр,ушул жумушумду аткарасын.
Падыша аттын тизгинин ага тапшырууга мажбур болуп:
-Айт жумушунду-деди.
-Бул сыр!
Падыша башын ийип ага кулагын тосту. Ал сырды ачты:
-Мен олум периштесимин!
Падышанын ону бозоруп, тили келмеге келбей калды. Анан озуно келип: -Мумкунчулук бер, уй-буломо кайтып, аманаттарымды аткарайын,-деди жан алгычка.
-Жок, Аллага ант болсун, эми сен уй-булонду да, калган мал-дуйнонду да эч качан коро албайсын-деди да анын жанын алды.
Падыша куураган жыгачтай жерге кулады.
Кийин олум периштеси дал ушул абалда момун пендеге жолукту, ага салам берди. Момун пенде анын саламына алик алды.
-Сенде жумушум бар-деди олум периштеси ага.
-Айта бер кулагым сенде.
-Жакыныраак кел-деди да ага сырын ачты:
-Мен олум периштесимин!
-Куш келипсин, мархабат, эй ынтызарлык менен кутулгон зат! Жер жузундо кайып нерселердин ичинде мен учун эн суйуктуу сенсин!
-Эмне каалайсын? Муктаждыктарын болсо аткарып кал.
-Жок! Алла Таалага жолугуудан откон жана суйуктуу муктаждык барбы?!-деди момун пенде.
-Айт жанынды кандай абалда алуумду каалайсын?
-Сен мен каалагандай жанымды алууга кадырсынбы?
-Ооба, мен ошого буйрулганмын.
-Андай болсо мага аз гана убакыт бер, даарат алып, намаз окуюн. Башым саждада коюлган учурда жанымды ал.
Акыйкатта ушундай болду:момун пенде башын саждага койгон учурда олум периштеси анын жанын алды".
#30 26 Январь 2016 - 08:52
Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам):
Аллах Тааладан Кабыр азабынан сактанууну сурангыла" - деди.
Андан кийин дагы айтты:
"(Момун) кишини комуп буткондон кийин эки Периште келип аны отургузуп:
"Сенин Роббин ким?"- деп сураганда, ал жооп берет:
"Менин Роббим Аллах".
Андан кийин:
"Динин кайсы?"- деп сураганда ал:
"Менин диним Ислам"- деп жооп берет.
Андан кийин силердин аранарга жонотулгон киши жонундо эмне дейсин? (дегенде ал):
"Ал Аллахтын Элчиси"- деп жооп берет.
Алар сурашат:
"Сен муну кайдан билесин?" .
Мен Аллахтын китебин окуп, ишенип, аны тастыктагам" - деп жооп берет.
Ушундай туура жооп бергенден кийин асмандан бир ун угулат (тактап айтканда, Аллах тараптан чыккан ун):
"Менин Пендем чын айтып жатат.
Ага Бейиш тошогун тошогуло!
Бейиш кийимин кийгизгиле!
Бейиштен дарбаза ачкыла!" .
(Анын кабырына) Бейиштин жыты жана кооздугу келип турат.
Анын кабыры козунун нуру жеткен жерге чейин кенейтилет.
Андан кийин Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам) каапыр адам жонундо мындай деп айтты:
"Анын жаны ага кайтып келет.
Ага эки Периште келип:
"Роббин ким?"- деп сурашат.
Ал окунучтуу абалда:
"Эчтекени билбейм"- деп жооп берет.
Андан кийин:
"Динин кайсы?"- деп сураганда окунучтуу:
"Билбейм" - деп жооп берет.
"Пайгамбар болуп жонотулгон киши жонундо эмне дейсин?"- (дегенде) ал дагы (эле) окунучтуу абалда:
"Билбейм" - деп жооп берет.
Асмандан бир ун угулуп:
"Пенде жалган айтты.
Ага тозоктон тошок тошогуло!
Тозок кийимин кийгизгиле!
Тозоктон дарбаза ачкыла!" - (делет да, анын кабырына) (тозоктун) ысыгы жана куйук жыты келип турат.
"Анын кабыры ушундай тар болот, кабыргалары бири-бирине кирип кетишет".
(Абу Дауд).
•Тушундурмо:
Каапыр жонундо:
"Пенде жалган айтты"- дегендин тушунугу Аллах Тааланын бирдигине жана Пайгамбарына, Ислам динине ишенбеди. Булардын баары чындык болсо да.
(Маъарифул хадис).
Анас бин Малик (разияллооху анху) дан риваят:
"Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи уа саллам) айтты:
"Пендени шериктери кабырга комуп кайтышканда ал алардын бут кийиминин добушун угат.
Эки Периште келип, аны отургузуп: "Мухаммад (саллаллааху алайхи уа саллам) деген киши жонундо эмне дейсин?"- деп сурашат.
Ал эми момун киши болсо:
"Кубого отомун:
Ал Аллахтын пендеси жана Элчиси"- деп айтат.
Андан кийин ага айтылат:
"Тозоктогу жайынды кор, аны Аллах Таала Бейиштеги орунга алмаштырып койду.
Ошентип (ал) эки жерди тен корот.
• Ал эми эки жуздуу же каапыр болсо:
"Бул киши жонундо эмне дейсин?"- деп сурашканда:
"Мен билбейм, элдер (ошентип) айтканын айткам"- деп жооп берет.
Ага айтылат;
"Сен билген жоксун, билгендерди (да) ээрчибедин" .
Андан кийин, темир барскан менен катуу урулат.
Ал катуу кыйкырат. Аны Инсан менен жиндерден башка жакын болгондордун баары угушат".
(Бухари).
Анас (разияллооху анху) дан риваят:
Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам) айтты:
"Жерде "Аллах, Аллах"- деген Инсан калбаса Кыямат болот.
Дагы бир риваятта:
"Жерде: "Аллах, Аллах "- деген бир эле киши калса Кыямат болбойт "- (деп да айтылат).
(Муслим).
Тушундурмо:
Аллах Таала эске алынбай калса Кыямат болот.
Дагы бир тушунук боюнча:
"Аллахтан корккула!
Ага кулчулук кылгыла!" - деген адам болсо Кыямат болбойт".
(Миркат).
Абдулло (разияллооху анху) дан риваят:
Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам) айтты:
"Кыямат жаман адамдардын себебинен болот".
(Муслим).
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 26 Январь 2016 - 09:03
#31 28 Январь 2016 - 09:43
Кыз турмуш курганда жолдошунун ыйманы толукталат,
Кыз "эне" болгондо Бейиш таманынын астында болот. (Мухаммад с.а.в)
#32 28 Январь 2016 - 09:44
Кимде-ким жети жуз сексен алты жолу "Бисмилла" ны окуп, сууга дем салып, кун чыгып жаткан учурда ичсе, анын зээни ачылат жана кучтуу болот. (Хазаинул Амал) Булак:Жашыруун алмаз.
#33 29 Январь 2016 - 12:17
Кийимиң сырткы көрүнүшүңдү кооз кылса, зикир ички дүйнөңдү кооз кылат.
Чыныгы дос- унутсаң эстетип, эстесең жардам берип, ката кылсаң оңдоп жана адашсаң акыйкатка жетелейт.
Күнөө кылуунун ырахаты аз эле бирок жазасы түбөлүктүү.
Бир жамааттын артынан сүйлөп ушак кылбагын. Сурак күнү ар биринен кечирим суроого туура келет. Балким бири кечирет, бири кечирбейт.
Аялдын эң көп айтканы: кайда жүрөсүң?.
Күйөөнүн эң көп айтканы: байпагым кайда?.
Өзү күйүп өзгөлөргө жарык чачкан шам сыяктуу жашагын.
Адамдардын көбү уктап жатышат, өлгөндө ойгонушат.
Ар дайым тамактангандан кийин: "Аллахым! Мындан ширин бейиштеги сонундарды менин ата- энеме насип кыл" деп тилек айт.
Сенден эч ким акылдуу же кыйын эмес. Болгону ал сенден мурун ойгонгон.
Көп адамдар көпүрө курам деп, дубал куруп алышат.
Акча чакырылып сый болгон жерге, адилеттүүлүк чакырылбайт.
Ар бир падыша өлкөсүндөгү ар бир ачка ыйлаган жетимдер үчүн сурак күнү жооп берет.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 29 Январь 2016 - 12:20
#35 31 Январь 2016 - 12:22
А-Алланын
Р-рахматынан
А-Алыс
К-кылат
Бул создордун баш тамгасынан куралган ичимдикти билбеген пенде жок болсо керек. Андыктан Алланын Рахмат ,мээриминен алыс калуу бул озу эмне дегенди билдирет? албетте эки дуйно азапта калуу эмесби. ичимдик ичкен убакта пенденин ыйманы пендеден ажырап турат экен. Качан олорубузду билбеген пендебиз. андыктан сактаналы ошол ичимдик ичип ыйманыбыз озубуздон ажыраган убакта коз жумсак анда тозокко кетээрин анык маселе. Анткени ыймансыздын барар жери тозок дейт. Алла сактасын барыбызды тозоктон. Арак менен курошунун эн эле оной жолу- бул дават. озмо-оз суйлошкондо, интернеттеби кыскасын айтканда досторго,тугандарга ичимдиктин терс жактарын айтып,анын пайдасыз экенин эскертсек, Сиз,биз ыйманга чакырсак балким Алла ыйман берип ал нерседен алыстаар. бул нерсеге себепчи болсок кандай бакыт. Алланын алдында жузубуз жарык болор эле. Алла барыбызга ыйман берип ,Кыяматта жузубузду жарык кылсын. Эки дуйно оз ырайымына алсын.
Ар бир жакшы ишибиз калыс Алланын ыразылыгы учун болсун.
✏Сайпидин уулу Максатбек
#36 01 Февраль 2016 - 09:37
Жабраил алейхиссалам акыл, уят жана ыйманды Адам алейхиссаламга алып келип мындай деди: «Эй, Адам! Аллаху таала сага саламын айтты. Алып келген бул үч сыйлыктын бирин кабыл алууңду буюрду.» Адам алейхиссалам: «Алып келген үч сыйлыктын ичинен акылды кабыл алдым», - деди.
Жабраил алейхиссалам ыйман менен уятка карап: «Силер бара берсеңер болот», - деди. Анда Ыйман ага: «Аллаху таала мага: «Акыл кайда калса, сен да ошол жакта кал», - деп буйрук кылган. Ошондуктан, мен акылдан айрылып кете албаймын! Уят болсо: «Аллаху таала мага да дал ушундай буйрук кылган. Мен да акылдан айрылып кете албаймын! »
Аллаху таала кимге акыл берсе, уят менен ыйман бирге болот. Акылы болбогон адамдын уяты да, ыйманы да болбойт.
#37 01 Февраль 2016 - 13:11
✒Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи ва саллам шигардан кайтарган. Шигар - бул эки адам бири - биринин кызына уйлонуп, кыздарга махыр берилбей калуусу.
✒Кимге кошок айтылса, кыяматта ал себептуу азапка салынат. Мурзодгу олук, ага окуруп ыйлаганы себептуу азапка салынат.
✒Ким Аллахтан башкага ант ичсе каапыр болду же мушрик боллу. Ким ант ичсе Аллахга гана ант ичсин, болбосо унчукпасын.
✒Ким ант ичсе бир мсулмандын малын алган болсо жана ичкен анты жалган болсо, кыяматта Аллахка жоолукканда ага каарын тогот.
✒Соодада коп ант ичпелиге! Анткени ал сооданы откоргону менен берекени очурот. Ант сооданы жургузгону менен берекени очурот.
✒Ким бир каапыр коомго окшосо - ошолордон. Башкаларга озун окшоткондор бизден эмес.
✒Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи ва саллам мурзонун устуно жисс куюудан, отуруудан жана уй куруудан кайтарган эле (сахаабалардын созунон)
✒Силердин биринер мурзонун устуно отургандан коро чоктун устуно отурганы жана ал анын кийимин куйдуруп, этине жабышып калганы жакшы.
Пенде эгер (муктаж болбогон) нерсеге суроо эшигин ачса, Аллах ага кедейликтин эшигин ачат.
✒Ким озунун урматына элдердин ордунан туруусун жакшы корсо, озуно тозоктон жай даярдай берсин!
✒Ысытма чыкса сокпогуло. Ал адам баласынын куноолорун кетирет.
✒Алтын кумуш идиштерде ичпегиле, жибекти, барчакымкапты кийбегиле! Алар бул дуйнодо каапырлар учун, акыретте силер учун.
✒Аллахтын элчиси идиштен илебинен ичуудон кайтарган. Пайгамбар саллалооху алайхи ва саллам турган абалда ичууго тыюу салган. Уйлоп ичуудон кайтарган.
#38 02 Февраль 2016 - 09:20
Мындан бир нече жуз жыл мурда Араб урууларынын башчыларынын бири Авф ибн Милхам аттуу бир киши озунун бойго жеткен кызын Умму Инасты жанына отургузуп алып ушул кымбат насаатарды айткан экен.
Кагылайын кызым!
-Бир кишини жакшылыкка ундоо учун жакшы насаатар айтылат, негизинен насаат унутулнандарды эскертет жана уйротот.
Суйуктуу кызым!
-Эгер кыз балдар ата-энесинин бай болгондугунан турмушка чыгууга муктаж болушпаганда сен да муктаж болбойт элен, бирок жашоо сен ойлогондой эмес. Эркектер силер учун, ал эми биз алар учун жаралганбыз!
Айланайын кызым!
-Озун бир улгайган уй-булоодон чыгып, бей тааныш бир уйго барасын, эч таанышып суйлошпогон, кулк муноозун билбеген бир кишинин омурлук шеригине айланасын. Оз ара бири биринерге колдоочу-жолок болосунар.
Урматтуу кызым!
-Кел айрым насаатардан айтайын. Аларды жакшылап уронуп, амал кылсан омур бою ырахатта жашайсын.
1. Канааттуу бол! Омур жолдошун алып келген азык-оокат кийим-кечени бардыгын кубануу менен кабыл ал. Анткени канаат журоко бейпилдик жана таттуулук тартуулайт.
2. Айтып жаткан создоруну дайыма конул кою менен ук, жана дайыма омурлук жолдошуна баш ийгин. Омур жолдошуна кош конул мамиле кылба, аны менен сырдаш бол жана ак дилден жакын болушка аракет кыл. Мындай аракетерин менен Алла Тааланын ыраазычылыгына да жетесин.
3. Омур жолдошун козу тушуусу мумкун болгон бардык жерге конул бур, анын козу ылайыксыз жерге тушуп калбагандай болсун.
4. Жаман жыт чыгышы мумкун болгон нерсе жана жерлерге ото конул бур. Аларды таап тазала. Уйундон дайыма жыпаар жыт таркап турсун.
5. Ушуну жакшы бил:тазалык жана уйдун тыкандыгы сууга байланыштуу. Уйдо суулардын таза туруусуна конул бур,
6. Жолдошундун тамактануу убактысын жана уйку убактысына конул бур. Тамакты анын адаты боюнча даярда. Оз убагында уктоосу учун жумуштарынды ага чейин бутур. Анткени курсактын ачтыгы адамдын ачуусун келтирсе, ал эми уйкусуздук капалыктын жарчысы болот.
7. Уйдогу мал-мулк нерселерди этият кыл, бул нерсе сенин иш билермандыгынды корсотот.
8.Жолдошундун жакындары менен жакшы мамиледе бол, бул нерсе сени жакшы уй бекеси экендигинди билдирет.
9. Жолдошундун сырын эч качан бироого айтпа, эгер айтсан анда сенден конулу калып кетет.
10. Жолдошунду урмат кыл, буйруктарын так аткар.
"ЖАКШЫ АЯЛ бОЛОМ ДЕСЕН" китебинен
ЫЙМАН НУРУ
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 02 Февраль 2016 - 09:21
#39 02 Февраль 2016 - 11:59
ЧУБАК УСТАЗДЫН КИТЕБИНЕН сабагыбызды улантабыз.
АХМАДИЙЛЕРДИН КУРАН КОТОРМОСУ КОЛДОНУУГА ЖАРАКСЫЗ.
⛔ Чет өлкөдөн 3000 нуска менен басылып, Кыргызстандын аймагына таркатуу үчүн киргизилген "Курани Карим. Арабча текст жана кыргызча котормо" Эл аралык Ахмадия Мусулман жамаатынын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын көзөмөлдүгү астында, 2008-жылы "Ислам Интернешнал Пабликешанз Лимитед" басмаканасында басылган китеп, Ислам дин аалымдарынын көз карашында КОЛДОНУУГА ЖАРАКСЫЗ деп табылат. Себеби бул китептин ичинде Ислам дининин ишенимине туура келбеген маселелер орун алган. Мисалы:
⚫ Аталган китептин 887-бетинде жиндерди жокко чыгарган маани берилет. Жиндер Афганстанда жашоочу жөөттөрдүн кайсы бир уруусунан жол башчылары катары гана каралып, диндердин өзүнчө дүйнө болуу ишенимин жокко чыгарат. Бул пикирди айткан адам мусулман болуудан ажырайт.
⚫ 72-бетинде Иса пайгамбарды (алайхис салам) өлгөн деген маани берилет. Ислам ынанымында Иса (алайхис салам) тирүү деп эсептелет.
⚫ 839-бетте Мухаммад пайгамбардын (алайхис салам) пайгамбар болуусу жөнүндөгү маалымат, Мирза Ахмад негиздеген ахмадия агымы туурасында айтылган деп маани берилет. Албетте бул Куран аятынын маанисин шайкеш келбеген түшүнүк.
⛔ Жогорудагы жана андан башка толуп жаткан каталарды эске алуу менен китепти пайдаланууга берүү жараксыз.
⚫ Айта кетчү нерсе, Ыйык Куран башка тилге которулуусу мүмкүн эмес жана шарият тараптан тыюу салынат. Куран аяттарынын маанилерин которуу мүмкүн. Китептин атынан көрүнүп тургандай эле бул китептин авторлору Ыйык Курандын өзүн которууга аракет кылышкан.
⭐ Ал эми ахмадийлер тарабынан даярдалган бул китептер:
⚫ Аллох Хакида менинг китобим;
⚫ Исломнинг баьзи бир узига хос хусусиятлари;
⚫ Ахмадияттан кабар;
⚫ Исламдын элементардык окуусу;
⚫ Намоз
⛔ Ислам адабияты катары пайдаланууга жарабайт. Айрыкча дин таалиминен алысыраак мусулмандар үчүн коркунучтуу. Көптөгөн туура маалыматтардын катарында билиндирбестен жат пикирлерди таратуу орун алган. Мисалы, "Намоз" китебинин 23-бетинде истихаза каны келген аялдарга намаз окуу мүмкүн эмес деп айтылат. Шариятка бул маселе каршы келет. Буга окшогон мисалдардын кыйласын келтирсек болот.
⭐ Ахмадийлердин мусулман эместиги туурасында бир, же эки адам эмес, Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасы баш болгон кадыр барктуу ислам уюмдардын баары, ошондой эле сөзү этибарга алынган мусулман аалымдарынын баары бир ооздон айтышат.
❓СУРОО: Менин күйөөм 6-7 жылдан бери ахмадия агымында мүчө. Акыркы бир жарым жылдан бери күйөөм экөөбүз чогуу жашабайбыз. Ушул абалдардан улам күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы нике сакталдыбы, же бузулганбы? Бул тууралуу шарият мыйзамдарында эмне дейт?
✔ ЖООП: Бисмиллаахир- рахмаанир-рахиим. Ааламдардын Ээси болгон Аллахка мактоолор болсун, акыркы пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллоху ьалайхи ва саллам) Аллахтын тынчтыгы жана беркеси болсун!
1⃣ Сиздин күйөөңүз мындан 6-7 жыл мурда Ахмадия (Кадияния) агымына киргендиги, жана бир жарым жылдан бери чогуу жашабагандыгыңарды билдиргенсиз. Шарият эрежелерине ылайык сиз менен жолдошуңуздун ортосундагы нике, жолдошуңуздун ахмадия агымына киргенде дароо бузулган.
قال: »ازا ارتد احد الزوجين عن ا لاسلام، انفسخ النكاح، ووقعت الفر قه بينهما للحال بلا توقف على الفضاء، وهذه الفر قة
فسخ لا تنقص عدد الطلاق«.
الأحكام الشر عية في الأحوال الشخصية. الباب الرابع في الفرقةبالردة. مادة 303.
ج2، ص 735. محمد قدريباشات: 1306ه. دارالسلام-القاهرة. ط. الأ ولى.
"Эгерде жубайлардын бири Исламдан баш тартса (муртад болсо), ортодогу нике бузулат. Шарий соттун чечимиз эле заматта ажырашуу (фурка) түшөт. Бул ажырашуу талактын санын кемитпейт" . (Ал-ахкам аш-шариййа.. ., 2-том, 735-бет. Дарус-салаам басмаканасы, Каир, 1-басылыш)
2⃣ Бул маселе жолдошуңуздун ахмадия агымына киргендиги Алла Тааланын алдында анык болгон учурда ишке ашат.
Алла Таала баарыбызды ак жолдон адаштырбасын!
АКЫЙКАТ ЖОЛУ китебинен.
⭐ Ислам Нуру кызматы.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 02 Февраль 2016 - 12:00
#40 03 Февраль 2016 - 09:42
Аллах Тааланын Өзүнүн сүйүктүү пенделерине болгон ырайымы чексиз. Анткени аларга бул жашоодо көптөгөн жакшылыктарды кылууга ийгилик берип, ал эми алар бул дүйнөдөн өтүп кетишсе да ошол кылган жакшылыктарынын сооптору токтобостон аларга жетип турат деп убада кылган. Алар кабырда жатышса да, алар үчүн жакшылык кылуу мүмкүнчүлүгү токтосо да, алардын мурда кылган иштеринин сооптору аларга жетип турат. Муну менен алардын Аллахтын алдындагы даражалары көтөрүлөт, сооптору көбөйөт жана Кыяматта сыйлыктары эселеп берилет.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул туурасында мындай деп айткан:
«Пенде өлгөндөн кийин кабырда болсо да (анын кылган) жети түрлүү жакшылыктарынын сооптору ага жетип турат – үйрөткөн илими же (арык казып) агызган суусу же казган кудугу же отургузган курма дарагы же курган мечити же тараткан Куран китептери же ал өлгөндөн кийин артында калган баласынын ал үчүн Аллахтан кечирим сурап айткан истигфары». (Сахих аль-Жаамиъ, 3602)
Мусулман бир тууган! Пайгамбарыбыз жогоруда санап өткөн бул жакшылыктарды кылууга шашылгын. Бул жашоо тез эле өтүп кетет, ал эми өлүм алдын ала айтып келбейт. Ошондуктан бул жакшылыктардын кайсы түрүн болсо да аткарганга умтул.
Хадисте айтылган жети түрлүү жакшылыктар туурасында төмөндө кыскача түшүндүрмө берип өтөбүз:
1) ҮЙРӨТКӨН ИЛИМИ
Бул хадисте илим дегенден максат – адамдарга өз динин үйрөткөн, Аллах Тааланы тааныткан жана туура жолго багыттаган пайдалуу илим. Тагыраак айтканда, шариат илимдери. Анткени илим алуу менен адам баласы адалды арамдан, арамды адалдан, акыйкатты жалгандан, жалганды акыйкаттан айырмалап билет. Динди үйрөнүү менен адашуудан сак болуп, акыйкат жолду табат. Мына ушундан илимдүүлөрдүн, аалымдардын же дин жолуна даават кылган адамдардын кадыр-баркы канчалык бийик экенин билсек болот. Акыйкатта, мына ошолор адамдардын туура жолго түшүүсүнө жана дин тууралуу туура түшүнүккө жетүүсүнө себеп болгон адамдар.
Адамдардын арасында аалымдардын көп болуусу – ошол адамдардын бактысы, ал эми алардын бул дүйнөдөн өтүүсү – адамдардын орду толгус кайгысы. Анткени алар тирүү кезинде билбегенге үйрөтөт, күнөөкөргө эскертет, адашканга туура жолду көргөзөт. Ал эми алар бул дүйнөдөн өтүшкөн болсо, анда артында жазып кеткен эмгектери калат. Алардын жазып кеткен китептеринен же жаздырып кеткен сабактарынан нечендеген адамдар пайда алат. Адамдар анын китептерин окуган сайын, же сабактарын көрүп, уккан сайын аларга сооптор жазылып, Аллахтын алдында алардын даражалары көтөрүлө берет.
2) АГЫЗГАН СУУСУ
Хадисте айтылган “агызган суусу” дегендин мааниси – адамдар жеке муктаждыктарына пайдалана турган жана эгин-талааларды сугаруу үчүн арыктарды же суу каналдарын казуу. Каналдар же арыктар аркылуу келген суудан адамдар пайдаланат же малдарын сугарат же жерлерин сугарат.
Суу – бул жашоонун негизги булагы. Кимде-ким адамдардын жашоо-шартын жеңилдетип, аларга суу жана сугат маселесин чечип берген болсо, мисалы, алардын эгин-талааларын суу менен камсыздап, аларга суу каналдарын казып берген болсо, анда ошол адамдарга бул кылган жакшылыгынын сообу алар бул дүйнөдөн өтүп кетишсе да аларга жетип турат.
3) КАЗГАН КУДУГУ
Бул дагы жогоруда айтылган жакшылыктын түрү сыяктуу. Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз сахабаларына кайрылып бир окуяны мындайча айтып берет:
«Күндөрдүн биринде бир адам жолдо баратып катуу суусайт. Ошондо бир кудук таап, ага түшүп суу ичет. Кудуктан чыкса, анын сыртында акактап калган, суусаганынан ылай топуракты жеп жаткан бир итти көрүп калат. Ошондо ал адам: «Мен суусагандай эле бул ит дагы катуу суусаптыр», – деп кудукка түшүп, бут кийимине суу толтуруп чыгып итке ичирет. Мына ошол себептүү Аллах ага ыраазы болуп, анын күнөөсүн кечирет»,– деп айтканда, сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биз жаныбарларга кылган (жакшылыгыбыз) үчүн да сооп алабызбы?»,– деп сурашат. Ошондо ал айтты: «Ар бир жандууга (кылынган жакшылык) үчүн сооп жазылат». (Бухари, 2466; Муслим, 2244)
Эгерде суусуган итке берген суу үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетип, күнөөлөрү кечирилсе, анда кудук казып же адамдарды таза суу менен камсыздап, канчалаган адамдарга пайда алып келген жакшылыктын сообу канчалык экенин элестетүү мүмкүнбү?!
4) ОТУРГУЗГАН КУРМА ДАРАГЫ
Белгилүү болгондой курма дарагы – берекелүү жана пайдалуу дарактардын бири. Эгерде ким курма дарагын же мөмө берген кайсы дарактын түрү болбосун, адамдар ошонун мөмөсүн жесин деп отургузган болсо, анда ал дарактан адамдар жеген сайын ошол адамга сообу жетип турат. Жеке эле адамдар эмес, жан-жаныбарлар, канаттуу куштар, курт-кумурскалар жей турган болсо да ошол даракты отургузган адамга сооп жазылып турат.
Пайгамбарыбыз курманы анын берекелүү дарак болгону үчүн айтты. Бирок бул хадистин өкүмү курма дарагына эле чектелбестен, башка бардык мөмөлүү дарактардын түрлөрүн өзүнө камтыйт. Мисалы, кимде-ким алма, өрүк, алча жана башка мөмө берген бак-дарактарды отургузса, анда анын мөмөсүн канча адам жеп пайдаланган сайын ал адамга да сооптор жазылып турат.
5) КУРГАН МЕЧИТИ
Жер бетиндеги Аллахка эң сүйүктүү жай болгон жана ал жайларда Аллахтын ысымы эртели кеч эскерилип турган мечиттерди куруу – эң бир сооптуу иштерден болуп эсептелет. Эгерде мечит курулган болсо, анда ал жерде намаздар окулат, зикир чалынат, Куран окулат, адамдар динди үйрөнүшөт. Ошондой эле мусулмандар ал жерге дайыма чогулуп ибадаттарды аткарып, алардын арасында биримдик жана ынтымак күчөйт. Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Кимде-ким Аллахтын гана ыраазылыгын көздөп мечит курса, анда Аллах да ал үчүн ошол сыяктуусун Бейишке курат». (Бухари, 450)
6) ТАРАТКАН КУРАН КИТЕПТЕРИ
Мисалы, Куран китептерди бастырып чыгаруу же аларды сатып алып адамдарга же мечиттерге же медреселерге таркатуу. Анткени адамдар Куранды окуу менен көптөгөн соопторго жетишет жана Аллахтын Китебин үйрөнүшөт. Кимде-ким Куран китептерин таркаткан болсо жана адамдар аны окуп ой-жүгүртүп, андагы айтылгандарды аткарышкан сайын таркаткан адамга да сообу жетип турат.
7) БАЛДАРДЫ ТАКЫБАЛЫККА ЖАНА ЫЙМАНДУУЛУККА ТАРБИЯЛОО
Балдарга туура тарбия берүү, аларды такыбалыкка үйрөтүү – ата-эненин негизги милдеттеринен. Эгерде бала такыбалыкка тарбияланса жана ата-эненин кадырын билип, аларды тирүүсүндө сыйлап, ал эми алар бул дүйнөдөн өткөндөн кийин аларга дайым дуба кылса, алар үчүн кечирим сураса, анда ата-энеси үчүн кылган анын дубасы да аларга жетип турат жана Аллах Таала ал баланын ата-энеси үчүн кылган дубасын, истигфарын кабыл кылат.
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бир хадисинде мындай деп айткан:
«Адам өлгөндө анын иш-аракеттери токтойт, бирок үчөөсү гана уланат – (сообу) уланып туруучу садакасы, (адамдар) пайдаланган илими, салих баласынын ал үчүн кылган дубасы». (Муслим, 1631)
Аллах Таалам баарыбызга ушул жакшылыктарды кылууну насип этсин! Аамин!
Эрланбек Кушчубек уулу
_______________