Саламатсыздарбы,
мени кызыктырган суроо бул декреттик отпуск, мисал учун, декретке чыгып жатканда, кандай толонушу керек?
Баракча 1 - 1
Декретный отпуск дектреттик отпусктун толомдору жонундо айтып кетсениздер?
#2 14 Май 2013 - 16:50
Бизде военныйларда 4 айлык акынды беришет декретный отпуск кылып.(2 айлык акча до родовой,2 айлык акча после родовой деп аталат.)башка жумуштарда кандай билбейм. болокчо болсо керек.
#3 14 Май 2013 - 19:56
Мени да ушул суроо абдан кызыктырып жаткан болчу,тилекке каршы жооп жазыла элек экен.Менин билишимче айлыкты 100% төрт айын чогултуп,ишке чыкканда, декреттик эс алуун буткондо берет окшойт.Мен үмүтүмдү узуп эле койдум.Учурунда тийбейт окшойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Acia: 14 Май 2013 - 19:58
Элимде тынчтык болсун!
#4 06 Июнь 2013 - 15:12
Merin (18 Апрель 2013 - 12:10) жазган:
Саламатсыздарбы, мени кызыктырган суроо бул декреттик отпуск, мисал учун, декретке чыгып жатканда, кандай толонушу керек?
Acia (14 Май 2013 - 19:56) жазган:
Мени да ушул суроо абдан кызыктырып жаткан болчу,тилекке каршы жооп жазыла элек экен.Менин билишимче айлыкты 100% төрт айын чогултуп,ишке чыкканда, декреттик эс алуун буткондо берет окшойт.Мен үмүтүмдү узуп эле койдум.Учурунда тийбейт окшойт.
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берет
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндөгү” жобонун негизинде иш жүргүзүлөт.
Сиз иштеп жаткан мекемеден кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетип жаткан болсоңуз ушул учурда жогоруда аталган жобонун
№ 43,44,53,54 пунктарына ылайык Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, жөлөкпул төмөндөгүдөй тартипте төлөнөт:
- алгачкы он жумуш күнү үчүн айына эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө иш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (кирешенин же эмгек акы фондунун эсебинен), он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө; ( бир эсептик көрсөткүч 100 сомдун өлчөмү)
Ушул көрсөтүлгөн жобонун негизинде сиздин кош бойлуулук боюнча жөлөкпулдун эсеби төмөнкүдөй болушу керек.
Эсептөө үчүн биринчи 10 жумуш күнүнө эмгек акы, кошумча акы жана атайын каралган кошумча кош бойлуулук өргүүгө кетээрдин астындагы үч айдыкы алынат.
Орточо айлык = 3 айдын эмгек акысы : 3 айдын жумуш күнүнө
Алынган сумманы = орточо айлыкка х декреттик отпуска убагындагы күнгө.
Ал эми он биринчи жумуш күнүнөн баштап Кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык коргоо башкармалыктары тарабынан Республикалык бюджеттен каржыланат.
53. Кызматкерде үч же андан ашык айдын ичинде толук эмгек акы жок болгон учурда жөлөкпул кызмат орундарынын тизмесинде же эмгек келишиминде белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан) эсептелет.
54. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү келип чыгаар алдында үч ай бою толук эмес эмгек акы алган болсо, анда жөлөкпул иштеп берилген жумуш күндөрү үчүн иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет.
Ал эми Сиз айтып жаткан айлык акы кош бойлуул ук өргүүгө кетип жатканда жана декреттен келгенде төлөнбөйт.
#5 30 Ноябрь 2017 - 15:53
Декретный акчаны алуу учун кандай документтер керек болот. Айтайын дегеним биздин ЗАГС жок.
Баракча 1 - 1