Jibek91 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 10 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (4 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 03 Февраль 14
- Кароолор:
- 13 062
- Соңку аракети
01 Сен 2021 10:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 22, 1991
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Азыр сүйүүсүз эле жашай беришет
Жазылган күн: 16 Сен 2016
Жаш балдар өзүнөн улуу эжелерди ээрчип, ал эми жапжаш, супсулуу кыздар атасына окшогон чалдардын колун кармап жатканы чын эле жанды кейитет, кыжырдантат. Азыркы заманда андайларды көп эле кездештирип калбадыкты. Ата-энесинин тандоосу менен турмуш кургандар да жок эмес. Алардын арасынан өз бактысын тапкандар да, тескерисинче, жашоосуна нааразы болгондор да бар. Жашоо улана берет. Сүйүп жана сүйүктүү болуп жашаганга эмне жетсин?! -
Темасы: Мына, пенсияга чыкканда өлүп калсаң ошого чейин Соцфондго төлөгөн акчаң каякка кетет?
Жазылган күн: 10 Май 2016
Пенсияга чыгар замат алдынкы 10-20 жылдын пенсиясын төлөп берүү мүмкүн эмес го. Өкмөттүн чыгашаларынын баары алдын ала эсептелет да. Жеке менчик ишканалардыкы болсо өкмөткө көз каранды эмес. -
Темасы: Өзүңө кайсы мүнөзүң жакпайт?
Жазылган күн: 12 Апр 2016
Өзүмө көп эле мүнөздөрүм жакпайт экен. Мисалы, тартынчаактыгым, жалкоолугум, уйкучулугум жакпайт. Ашыкча сүйлөгөндү да жактыра бербейм, мүмкүн, ал дагы кемчилигимдир. Анан бир жиним келгенде тултуйуп кечке сүйлөбөй жүрө берем, ушу мүнөзүм да жакпайт. Көп эле экен жактырбаган мүнөздөрүм, оңдош керек -
Темасы: Акча каражатын иштетүүдө айымдар сарамжалдуубу же мырзаларбы?
Жазылган күн: 24 Мар 2016
Акчаны ар ким ар кандай коротот. Бири сарамжалдуу болсо, кээ бирөөнүн колуна акча токтобойт. Айдын аягына жетпей куру кол калгыча сарамжалдуу эле пайдаланган жакшы. Менин оюмча, аялдарга караганда эркектер акчаны сарамжалдуу колдонсо керек. Анткени алар бизге окшоп майда-чүйдө нерселерге көп коротушпайт. Акчаны алдын ала кайсы бир ишке пландап, болбогон нерсеге ой келди пайдалана бербей, шарты мене колдонгонду билүү зарыл. -
Темасы: Бишкек таза болушу үчүн эмне кыла аласыңар?
Жазылган күн: 17 Мар 2016
Жөө жүргүнчүлөр жеп жаткан момпосуйунун, банандын сыртын, суусундуктарынын бөтөлкөсүн, айтор, колундагы болгон таштандысын таштанды челекке салбай, ой келди жерге таштап кетет. Буларды тазалаган "Тазалыктын" кызматкерлери эле куурашат. Айрыкча мындай көрүнүш сейил бактарда көп кездешет. Буга көбүнчө жаштар күнөөлүүбүз. Андыктан коомдун алдында өзүбүздү татыктуу, жоопкерчиликтүү алып жүрсөк жакшы болмок...
Комментарийлер
daniyar93
03 Мар 2014 - 12:19