Билдирүүнү түзөткөн: seli: 17 Сентябрь 2017 - 10:17
Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны Мухаммед С.А.В пайгамбарыбыздын толук 4-чыгарылышындагы китеп
#142 17 Сентябрь 2017 - 10:16
БАДР СОГУШУ
(Хижраттын 2-жылы, Рамазан айынын 17си; 13-март, 624-жыл, жума)
ЧАЛГЫНЧЫЛАРДЫ ЖӨНӨТҮҮ
Меккелик бутпарастар канткен күндө да пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандарды ушул бойдон унутуп коюшпасы анык болчу. Тескерисинче эми аларды кантип жок кылуунун жаңы жолдорун караштырышмак. Мадинадагы жөөттөр жана мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен тымызын тил табышып, ислам нурун өчүрүүгө, пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) тындым кылууга аракеттене башташкан.
Мадинаны жаңы тартипке салган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аларга каршы чара көрүүнүн жолдорун издеп жатты. Себеби, душмандар түрдүүчө айлакерликтерди жасап жаткан учурда көздү жумуп кайдыгер карап олтурууга болбойт эле.
Ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) баарынан мурда экономикалык күрөш ыкмасын колдонгон жана бул максатта курайштардын Шамга каттаган соода кербендеринин жолун көзөмөлгө алууну туура тапкан.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) дагы бир чарасы болсо чөлдөгү коңшулаш араб уруулары менен тынчтыкта бирге болуу келишимдерин түзүү эле. Мунусу менен аларды меккелик бутпарастардын тымызын касчылыгына көмөкчү болуп берүүдөн сактоо жана курайштарды жалгыз калтыруу болгон.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) экономикалык согуштагы дагы бир тактикасы – бул туш тарапка чалгындоо топторун жөнөтүүсү эле. Хижраттын башында эле 30 кишиден турган чалгындоо тобун азирети Хамзанын башчылыгы алдына берген. Азирети Хамза Мадинанын жанынан өтүп бараткан меккелик бутпарастардын кербенин утурлай чыгат. Ал душмандын көзүнө мурдагыдан беш бетер күчтүү болуп көрүнөт. Ал эч кимге кол салган эмес, бирок душмандын жүрөгүнүн үшүн алган, артын карабай качканга мажбур кылган. Бутпарастар артын карабай качып баратканда, аны көргөн ошол аймакта жашаган элдин баары төмөнкүдөй ойдо калышкан: *«Меккеликтер эми өздөрүнөн башка бир күчтү кабыл кылып жатышат. Мындан кийин мусулмандардын айбаты күчөйт окшойт».
Ырас, бутпарастар мусулмандардан коркушкан сайын, ортодогулардын көңүлү Исламга жибип, өтө тездик менен мусулмандыкты кабыл ала башташкан. Эми элдер мусулмандар тууралуу мурдагыдан башкача ойлой башташкан.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мунун аркасынан дароо экинчи чалгындоо тобун жөнөтөт. Мындагы негизги максат – күчкө салып башкаларга үстөмдүк кылууга көнүп алгандарга күчтөрүнүн азайганын көрсөтүш керек болчу, күчтүн бир нерсеге жараса да, бардык нерсеге жарабай турганын далилдеш керек болчу. Бул чалгындоо тобу күчтүү болсо дагы, зулум жана адилетсиздик кылган эмес, чоочун бирөөнүн коюнан сүт саап иче турган болушса дагы, акысын төлөп, анан ичишчү. Мусулмандардын мындай адамгерчиликтүү мамилелери чөл адамдары үчүн күтпөгөн нерселер болчу. Бул нерселерге күбө болушуп, «Же асмандан Ибрахим пайгамбар айткан периштелер түштүбү?» дей башташкан.
Мындан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) 200 кишилик күч менен Шамга бараткан меккеликтердин кербенинин жолун тосот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) уруксат бербей койгондо, кербен токтоп калмак. Муну менен Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) эмне кылгысы келген эле? Курайштардын жүрөгүнүн үшүн алуу болгон. Бирок эч кимге зыян келтирген эмес.
Ошентип, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхм васаллам) Бадр согушуна чейин эле бир нече жолу курайштардын соода жолун көзөмөлгө алуу максатында чалгындоо топторун ишке салып, алардын жүрөгүнүн үшүн алуу максатында койгон.

#143 18 Сентябрь 2017 - 13:46
*ЧАЛГЫНДОО ТОПТОРУН ЖӨНӨТҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ*
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул чалгындоо топтору аркылуу бүтпарастарды экономикалык жактан алсыратып, абалды Бадр согушуунун көздөй багыттап жатты. Бул иштерди кылып жатканда ушунчалык сонун кабарлашуу системасын түзөт. Курайштар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) үйлөрүнүн ичинде болуп жаткан бардык нерсебизден кабардар болсо керек деп чочулап, айласы кетишкен. Бардык жерде төмөнкү чындыкты тастыктап жатышты: "Бул адам мындай кабарлашуу системасы аркылуу алыстан куш эмес, чымын учса да билип алат экен. Демек, бул адамдан коркуш керек".
Согуш деген согуш. Эң сонун согуш тактикася жана кабарлашуу системасы болгондон кийин, жеңиштин жарымы колдо дегенди билдирет. Душманга эч кандай сыр билдирбеш керек, тескерисинче, алардан күнүгө кабар алып туруш керек, борборго жа мүнөт сацын кабар жөнөтүп туруш керек болгон. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мына ушул нерсеге жетише алган, душман эч нерседен кабары жок, ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) болсо душманы тууралуу бардык нерседен кабардар болуп турган.
Эми меккеликтер өздөрүн коопсуз сезбей калган эле жана чөлдөгү элдер төмөнкүчө ойлоно башташкан: "Мындан кийин меккеликтер бизди коргой албайт. Биздин коопсуздугубузга кепил боло албайт. Азыр адамдардын коопсуздугу мусулмандарга өттү. Демек, биз дагы ага баш калкалашыбыз керек".
Ооба, алар ушинтип ойлоп, жамаат-жамаат, уруу-уруу болуп Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) баш калкалайбашташкан.
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бул чалгындоо топтору менен көздөгөн нерселеринин бардыгына жеткен. Эми чөлдө кандайдыр бир чоң пайда болгон эле. Курайштын каршысында Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын жамааты бар эле.
Эми күч борбору акырындап Меккеден Мадинаны көздөй жылып баратьы. Күч менен кошо коопсуздук дагы Мадинага кетти. Курайштар эми мурдагыдай башка элдин коопсуздугуна кепилдик бере албай калды, башка эл мындай турсун, өз кербендерин дагы коргой албай калышкан.
*КУРАЙШТАРДЫН ЧОҢ СООДА КЕРБЕНИ*
Хижраттын экинчи жылы курайш бутпарастары Шам жергесине чоң бир соода кербенин жөнөтөт. Бул соода кербенине Меккедеги бардык аял-эркек бутпарастар өз үлүштөрүнү кошконсуду. Кербенде 1000төө жана 50миң динар өлчөмүндө каражат бар болгон жана мындан түшкөн пайдага согушууга дайындык катары курал жарак сатып алууну пландашкан болчу. Курайштар айрыкча юул чоң кербенди коргоо үчүн Абу Суфян башчылыгында 30-40 чамасында коргоочу топту да кошо жөнөтөт.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) алардын планынан кабардар болот жана Абу Суфян башчылыгындагыбул соода кербенди Меккеге кайтаар жолун тосуп калууну чечет.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага өз ордуна Имам болуп намаз окутууга азирети Абдулла бин Умму Мактумду дайындап, ансарлардан азирети Абу Лубабаны шаарга убактылуу башчы кылып бекитикен соң, Рамазан айынын 13-күнү, ишемби күнү 300дөн ашуун сахабалары менен Мадинадан аттанат.
Байракты азирети Мусаб бин Умайр көтөрөт.
Кербенчилер менен Бадр деген жерден жолугуу пландалат. Себеби, бул жер Мекке, Мадина жана Шамга кеткен жолдун тоому катары стратегиялуу орун болчу.
Жайдын саратан аптабы алоолоп күйгөн оттой ысып турган чак. Рамазан айы болгондуктан баары орозо кармашкан эле. Унаа жетишсиз, төөлөрдү кещектешип минип, жөө-жалаңдап жолду улап баратышты...
Мындай каттуу ысыкта, чөлдө жол жүрүү бир топ эле кыйын болгондуктан, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйругу менен баары орозолоруну ачышты.

#144 18 Сентябрь 2017 - 14:11
КУРАЙШ КЕРБЕНЧИЛЕРДИН ЖОЛДУ ӨЗГӨРТҮҮСҮ.
Ислам кошууну саратан аптапта жолун улап бараткан эле. Алар ади Бадрга жете электе Абу Суфян мурдатан чочулап келаткан ишти кабарлады: "Мусулмандар биздин кербенди колго түшүрүү максатында жолго чыгыптыр! ".
Ал дароо Меккеге кабарлаш үчүн чабарман жөнөттү. Өзү да эч жерге токтоп конбостон кербендин демейки жолун өзгөртүп, Кызыл деңиздин жээги менен Бадрга жолобой Меккени көздөй качып жөнөдү.
КУРАЙШТАРДЫН СОГУШКА ДАЯРДАНУУСУ.
Абу Суфяндан мурда Меккеге жетип барган кабарчы Замзам унаасынан түшпөстөн оолугуп кыйкырды:
- О-уу, курайш калкы! Соода кербенибизге, Абу Суфяндын жанындагы мал - мүлкүбүзгө Мухаммед менен анын сахабалары чабуул койду! Ага үлгүрө албай калабыз! Кокуй күн, аттан, аттан!
Оолуккан кабарчынын абалынан эле курайштар чакчелекей түшүп жатышты. Анткени соода кербенинде ар бир үйдүн кошкон мал - мүлкү бар болчу. Курайштар заматта чогулуштужана көздү ачып - жумгуча даярдана башташты. Шашыла жыйылган бутпарастардын армиясынын саны миңген чапчыган эле. Эки жүзү аттуу, 700дөн ашуун төөчөн даяр болду.
Бутпарастардын кошуунуна кошулууну каалабагандар да сыккан эле, бирок Абу Жахилдин жана башка бутпарас башчыларынын опузасы менен аттанууга аргасыз болушту. Ошондо да, Абу Лахаб "ооруп калдым эле" деп шылтоолоп өзүнөн оордуна башка бирөөнү жөнөтүп Меккеде калды.
Бутпарастардын армиясы ырчы - чорчуларын ырдатып-чоордотуп, Меккеден Бадрды көздөй жолго чыкты.
Бирок орто жолго барганда башкача кабар келди. Кербенчилерин Бадрдан сак-саламат өткөзүп, ущап кеткен Абу Суфян чабарманын жөнөтүп:
"Силер кербендеги мал-мүлктү коргоого жолго чыгыпсыңар, Кудай куткарып, тынч - аман өтүп кеттик, силер кайра артка кайткыла" .
Бирок Абу Жахил кайткысы келбей, башкалардын да кацтуусун каалабай мындай деди:
-Кудай акы, Бадрга бармайынча артка кайтуу жок. Төөлөрдү сойуп, шерине жеп, арак ичебиз. Кыздарды ырдатып көңүл ачабыз. Чогулган араб уруулары бизди көрүп, байкашат, мындан ары бизден коркуп, тийише албайт, кана эмесе, кеттик!
Бутпарастардын армиясы Бадрга карай жол тартышып баратканда, чабаран да Абу Суфянга кайтып барып абалды билдирет. Ошондо Абу Суфян:
"Элге убал болдуго! Бул Амр бин Хишамдын, Абу Жахилдин эле иши. Кайткылары келбей, элге баш экенин көрсөткүсү келишиптир да. Арты оң болгой эле... Эгерде Мухаммеддин сахабалары алар менен кезиксе кудай урбадыбы! ".

#145 18 Сентябрь 2017 - 14:45
БАДРДАГЫ КҮЧТӨР
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Бадр согушуна үч жүздөн ашык (313) киши менен чыккан. Мусулмандардын эки атчан жоокери, 70төөсү бар болчу. Душмандын 200атчан жана 700төөчөн жоокери бар эле. Бир атчанга 100атчан каршы келген. Мусулмандардын 310жөө жоокерлерине каршы душмандын 1000ге жакын кишиси бар эле. Башкача айтканда, ар бир мусулман 3-4каапыр менен согушуусу керек болчу. Курайш ошол доордун эң мыкты согуштук техникасы менен келген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кошууну менен Бадрга чейин 200чакырым жол жүрүп келген.
САХАБАЛАР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)сахабаларын жыйнайт. Негизи булар курайш кербенин кармоо үчүн жолго чыгышкан. Бирок курайш күч жыйнап келгенде абал башкача болуп өзгөргөн. Түпкүлүгүндө согушабыз деген ойдо жок, согушка дайындык деле жок болчу. Курайштар чоң даярдык менен келгенинен кабардар болду.
Эми эмне кылуу керек, кербендин аркасынан түшүш керекби, же согушуш керекби?
А бирок Алла Тааланын каалаганы башка эле жана мусулмандар каалабаса дагы согушка алынып келинген эле. Алла Таала болсо Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам)согушканга буйрук берген. Куранда Алла Таала бул тууралуу мындай дейт:
"ОШОНДО (ОО МОМУНДАР) АЛЛАХ ЭКИ ТОПТОН (КЕРБЕН ЖАНА КОШУУНДАН) БИРИН СИЛЕР ҮЧҮН (ОЛЖО) КЫЛУУГА УБАДА БЕРГЕН ЭЛЕ. СИЛЕР КУРАЛ-ЖАРАКСЫЗ ТОП, (ТАКТАП АЙТКАНДА, КЕРБЕН) ТУШ БОЛУУСУН ЭҢСЕГЕН ЭЛЕҢЕР. АЛЛАХ БОЛСО ӨЗ СӨЗДӨРҮ МЕНЕН ЧЫНДЫКТЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ ЖАНА КААПЫРЛАРДЫН КУЙРУГУН КЕСҮҮНҮ КААЛАГАН ЭЛЕ. АЛ КЫЛМЫШКЕР-КҮНӨЛҮҮЛӨР ЖАМАН КӨРҮШСӨ ДА , ЧЫНДЫКТЫ ЧЫН, БУЗУКТУ БУЗУК КЫЛУУ (ЖОЮУ) ҮЧҮН (ОШОНДОЙ КААЛАГАН ЭЛЕ)".
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам сахабалары менен кеңешип, алардын ойлорун угат.
Ошол жыйында кээ бири согушка катышпай эле кербендин артынан түшөлү дейт. Бул сунушту Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жактырбайт. Анан азирети Абу Бакр менен азирети Умар бутпарастарга каршы согушуу керектигин айтканда, ыраазычылыгыны билдирет. Андан кийин сахабалардан Микдад бин Асвад:
- Оо, Аллахтын Элчиси! Жаратканың сага эмнени буйурса, ошону кыл. Кудай акы, биз Исраиль уулдарынын Муса пайгамбарга айткандарындай "Сен Жаратканың менен бирге душманга каршы чык! Биз бул жерде кыймылдабай олтурабыз" дей турган кишилерден эмеспиз. Биз сага баш ийебиз, - дейт.
Бул эр жүрөк сахабанын сөздөрүнө да ыраазы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага жакшылык тилеп дуба кылат.
Ушул сыяктуу сөздөрдөн кийин эми баары тең Аллах үчүн чогушка бара турганын билишет. Бирок мадиналык мусулмандардын (ансарлардын) да пикирин билиш керек болчу. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) алардын оюн сураганда, мадиналык мусулмандардын атынан азирети Саад бин Муаз сүйлөп мындай дейт:
- Оо, Аллахтын Элчиси! Биз сага ыйман келтирдик, сага чын пейилибиз менен ишендик. Бизге алып келген диниңдин да акыйүат экендигине күбөлүк бердик. Бул тууралуу сага мойун сунабыз деп кескин убада бергенбиз.
- Оо, Аллахтын Элчиси, каалаганыңдай кылабер. Биз сени менен биргебиз. Сени ак дин менен жөнөткөн Аллахка ант кылып айтабыз, сен бизди мына бул деңизди көздөй баштасаң, сени менен бирге деңизге киребиз. Биз жоого каршы аттануудан артка кайтпайбыз. Согуш учурунда качпайбыз. Аллахтын берекеси менен, кана, бизди баштай бер!
Эми алынган чечим кескин эле, мусулмандар бир ууч экенине карабастан саны да, куралы да өздөрүнөн көп артыкчылык кылып турган бутпарастарга каршы согушууга даярдык көрүлө баштайт.

#146 18 Сентябрь 2017 - 15:12
ИСЛАМ КОШУУНУНУН БАДРГА ДУШМАНДАН МУРУН КЕЛИШИ
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабалары менен бирге Бадргадушмандан мурун барат. 33жаштагы сахаба Хубаб бин Мунзирдин сунушу менен ал жердеги бир кудуктан башка бардык кудуктар жабылат, атайын суу сактоочу жай жасалып, суу менен толтурулат.
Бул жерге азирети Саад бин Муаздын сунушу менен Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам ) үчүн курма талдарынан чатыр тигилет. Азирети Саад бин Муаз бир нече сахабалар менен бирге Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) коргоо үчүн кезектеше күзөткө турушат.
КОШУУНДУН АСКЕРДИК ТАРТИБИНИН БЕЛГИЛЕНИШИ.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Бадрга келери менен сахабаларды аскердик бөлүктөргө бөлүп, ар биринин башына бирден он башы дайындайт. Саптарды өтө көңүл буруу менен тартипке салат. Кошуунду жалпысынан үч бөлүккө бөлүп, мухажирлер бөлүгүнүн байрагын азирети Мусаб бин Умайрга, аустар бөлүгүнүн байрагын азирети Саад бин Муазга, хазраж бөлүгүнүн байрагын азирети Хубаб бин Мунзирге карматат. Анан жалпы сахабаларга төмөнкү буйругун берет:
"Сабыңардан эч качан бөлүнбөгүлө; Өз ордуңарды бекем сактагыла. Мен буйрук бермейигче согуш баштабагыла! Душман жакындай электе эле окторуңарды атып жөнү жок корто бербегиле! Душман калканын ачкандан кийин гана ок чыгаргыла! Жакын келгенде таш менен ургула! Дагы жакыныраак келсе найзаңарды колдонгула! Кылыч эң акырында, душманга бетме - бет келгенде гана колдонулат! ".
Сахабалардын ар бири турган жерлерине душманга ыргытууга ыңгайлуу таштарды жыйышты. Коргонуу учурунда бул аябай ишке жарамак. Душмандар чабуул койуп келгендиктен, мындай табигый куралды колдоно алышкан эмес.