Саламатсыздарбы!
!!
Бүгүнкү күнгө чейин жүрөктү өйүткөн нерсени утута албай келем.Анда сөзүмдү баштасам...
Бизда эл катары эле сүйлөшүп бир жакшына болуп жүрүп кыргыздын салты менен той кылып үйлөндүк.Күндөр өтүп тойда бүттү коноктор таркап өзүбүз эле калдык.Үй бүлөм мени жакшы кабыл кылышты билбегенди үйрөтүп негизи баары оюмдагыдай болду.
Ошентип бактылуу болуп жашап аттык.Күйөөмө ишенип эч тынчын албадым кээде сүйлөшүп коет кээде кеч келет унчукпадым жаңы эле үйлөнсөк деп.Кийин билдим көрсө күйөөм тойдон кийин деле анча мынча кыздарын көңүлүн калтырбай жүргөнүн.
Ошол күнү кеч келди аябай бир аз ичип да алган..унчукпадым кайнатамдарга билдирбей уктатып койдум бирок өзүм уктай албай кыйналдым..каякта жүрдүн деп сурагым келди кайра аны аяп ширин уктап жатканын көрүп тим койдум...отуруп отуруп телефонун эстеди...блокировкасын мас абалында мага көрсөтүп ачып алганле ошону эстеп ачтым...
Мына кызык башталды эч нерсени ойлобой эле карап баштадым...
Вацапка кирсем толтураго смс...
Денемдин баары муууздай болуп суу куюп жибергендей катып отуруп калдым...
Сен болсо баарына эле...жаным жаным жаным жеп жазыпсын теги ким өзү жанын менби же аларбы деп көзүмө жаш толуп отуруп калдым...
Көрсө тойдон кийин эртеси эле сүйлөшүп баштапсын.Ошол кыздарга да таң калдым уят коркуу деген жок экен бир эле айылдан болуп алып үйдөнгөнүн билип туруп өздөрү да жазып чалганына..
Сүрөттөрүчү тим эле го өзүнчө бирөсү ваннга кирип көкүрөгүнүн жарымына чейин ачып түшүп жибергени..
Сенчи сен сен жөн калат белен күндө жалыныпсын сүрөт жөнөтчү жаным сени көрүп уктайын деп..
Акыры жаныңда уктап жатсам мен аздык болупмун...
Ыйлап жибердим сыгылганыман.
.өзүмдү жек көрдүм сенин көңүлүңө батпай жакпай атыпмында деп...кайра сени жек көрдүм ушунча шартыңа ынап айтканыңы кылып атсамда мага кылган мамилең көңүлүмү калтырып коюптур...
Мага кызыксыз алар менен жоолугуп жүрдүнбү не болгонуң болгону ошол күндөн баштап сага ишеничим жоголду...мурдагыдай кылган мамилем өчтү...сага өчөшүп менда сүйлөшкүм келди бирок кайра тим болдум өзүмү бастым...
Сага ушунчалык ишенчү элем сүйчү элем эми не болду кызыксыз жашоо..
Ошол күндөн баштап ишенбейм сага..кечирип койчу дегенинчи уккум да келбейт...
Ыйлап жатып сени ойготуп алдым ошо күнү сен болсо не болду деп керсейдин телефонуңу ыргытып жек көрүү менен карасам сездин билдин тутулганыңды бирок эч сыр бербей кайра мени уруштун...неге текшересин неге неге деп.. тынч жашаймбы деп алганынчы мен биринчи жолу текшердим эле
Бутылка менен уруп ийейн деп кайра зорго токтоп калды.. мага баары бир эле өлтүрүп алса да баары бир ушунчалык баардык нерседен үмүтүмдү үзүп коюпмун жакындарымды да эстебей өлүп эле алгым келди...билем көзгө чөп салып кыздары менен жолуукан жерден тутпасамда огол вацаптагы жалынып жазган смстери мени жеп койду
Күндөр өтө берди менда кечке карай бердим телефонун дагыле басылбаптыр.
..
Мына ким десем ал сүйгөнүүүм деп бакырганыңчы.
..
Бирө менен сүйлөшкөн экен алып бербей коюшуптур анан ошол кыздын сиңдиси менен мамиледе экен..
Эжеңден айрылганым жетишет сенда мени таштабачы деп жалынганыңчы.
..
Сүйлөшүп жүргөндө ката кетирипмин эч карачу эмесмин телефонуңу.
..ошондо эле билсем тиймек эмесмин...
Азыр болсо каяка чыксанда каяка барсанда эч тынч отура албайм ишенбейм кечке чалам кайрале уруш анан...
Мага ишен болду бир адаштым дедиң бирок көңүлүм эч ордуна келбей атат
Менда сага ишенип сени сүйгөн көздөрүм менен карагым келет бирок жек көрүү кайра кайра эле эстей берем ошол кыздарыңды.
..
Кечке сыгылганымабы боюма да бүтпөй жатат мүмкүн боюма бүтсө алаксып унутуп кетер элем...
Кайрадан кантип ишенем...жакындарыма айтпай айласыз эле жашап аткандаймын эчтекеге көңүлүм жок...
Кантип ишенем кайрадан...айтыңыздарчы...
Баракча 1 - 1
Кайрадан ишенүү кыйын болду сага
#2 17 Февраль 2018 - 13:49
Тошоктон кармап алганынарда деле озгорбойт. Куноосун сезип алдынарда бети кызаргандын ордуна кайра силерге атырылса анда озун укмуш бийик сезген неме го. Ачык эле суйлошкуло минтип кыйналып ич этинерди жеп журо берген болбой. Же кайнененизге айтып кенешкиле ушундай иш болуп атат бир нерсе деп койосуздарбы же жакшына жашагысы келбесе жакпасам ата энемди чакырып айыбымды айтып кошуп берсин деп анан баласы менен оздору суйлошот. Тушуном бул жакта отуруп жазып коюш оной бирок турмуш ушундай катаал экен айрыкча биз аялзатына. Журогунор канчалык ачышып жатканын тушуном, сабыр сабыр сабыр.
#3 17 Февраль 2018 - 18:21
Бала менен уй булоонду сактай албайсын, эгер куйоон башка тоонун чобун энсеп журсо. Ажыраша турган болсон боюна боло электе ажыраш. Ушинтип бироону суйуп башкага уйлонуп эркектер бироонун тагдырын талкалабаса.
Андай адам озу да бактылуу болбойт, бироону да бактылуу кылбайт. Торобойм деп эч кыжаалат болбо. Жаратканым,
берем десе планында жок кезде берип коет экен. Чокпо, сыгылба, сен озуно озун керексин.
#4 17 Февраль 2018 - 19:22
aijyldyz (17 Февраль 2018 - 18:21) жазган:
Бала менен уй булоонду сактай албайсын, эгер куйоон башка тоонун чобун энсеп журсо. Ажыраша турган болсон боюна боло электе ажыраш. Ушинтип бироону суйуп башкага уйлонуп эркектер бироонун тагдырын талкалабаса.
Андай адам озу да бактылуу болбойт, бироону да бактылуу кылбайт. Торобойм деп эч кыжаалат болбо. Жаратканым,
берем десе планында жок кезде берип коет экен. Чокпо, сыгылба, сен озуно озун керексин.
Orhideya
#5 17 Февраль 2018 - 19:55
Бир жолу ишеничтен чыккан адамга кайра ишенуу -ага дагы ошол ишти кылууга шанс беруу
#6 21 Февраль 2018 - 02:12
Сактан ай,алтыным сактан.Тируулой аталуу жетимдер сеникисиз деле жетиштуу
Билдирүүнү түзөткөн: ludimira: 21 Февраль 2018 - 02:13
#7 21 Февраль 2018 - 23:16
Ооба, сактаныныз.
Балага алаксып кетпейсиз, тескерисинче балалуу болгондо мындай эркектердики куч алат. Бала карап бир жагынан урушчаак, конулунуз назик да болуп каласыз, ошондо чыныгы уруш-мушташ,
жанжал башталат. Куйоонуз жаны уйлонуп ушундай экен, ал убакта кетип эле калат башкага.
#8 22 Февраль 2018 - 21:55
Ох ииий. Окуп жүрөгүм ооруп чыкты. Автор андай эркектин сизге кереги барбы?
#9 22 Февраль 2018 - 23:03
Toktotunuz,azyr bala jok eken ortonuzdarda...Kiin kech bolup kala elekte...
#12 28 Февраль 2018 - 23:18
Ал адаты калбайт. Куйоонун сага болгон суйуусу болбосо да сыйы болуш керек эле. Окунучтуу жок экен,ажырашып кеткенин эле дурус го , убакыт откон сайын татаалдашып барат...
#13 01 Март 2018 - 18:46
Чечкинсиздик кылып журо берсен, планын ашыгы менен толтуруп журо берет куйоон. Андай адамдын жанында жашаганча оз алдынча жашаган жакшы го.
#14 02 Март 2018 - 22:46
Озгорбойт.Боюна болбогону жакшы.Болбогон нерсени башында эле жыйыштыр.
#16 03 Март 2018 - 18:03
Автор, канттинер? Жашоонорду кандай чечтинер, жанылыктарынардан жазып тургула...
#18 05 Март 2018 - 20:38
Артынызды карабай качыныз демекмин.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
Баракча 1 - 1