Эне тил майрамыңыздар менен куттуктайм!
Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан Куттуктайбыз!!!
#21 23 Сентябрь 2011 - 21:07
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#23 24 Сентябрь 2011 - 07:25
#24 24 Сентябрь 2011 - 08:29
[quote]
Эне тилин сүйбөгөн
Элин сүйүп жарытпайт
[/ quote]
Атасы кыргыз- энеси башка улуттан болгондор кандай болуп калат???
Эне тилин сүйбөгөн
Элин сүйүп жарытпайт
[/ quote]
Атасы кыргыз- энеси башка улуттан болгондор кандай болуп калат???
#26 14 Октябрь 2011 - 09:59
метис
болот да
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#27 19 Октябрь 2011 - 11:24
Өнөр алды кызыл тил.
Тил кылычтан өткүр.
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Тил кылычтан өткүр.
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#29 23 Ноябрь 2011 - 16:53
Эне тили- ата-энендин,
оз линдин тили. Дуйно жузундо коп сандаган эл бар. Алардын озунчо эл экендигин, башкалардан ботончолугун белгилеп турган баарыдан мурда - оз тили. Тил эне суту менен биздин ан сезимибизге синет. Бой тарткан сайын тилди биз калк казынасынан,
маданият жана билим бешиги мектептен, китептен, гезит-журналдардан ж.б. улам терен оздоштуро беребиз.
Биздин кыргыз тилибиз- байыркы тил. Ошондуктан элдин байыркы замандан берки тажрыйба, билим,тарыхы, акыл=казынасы топтолгон чыгармалар да эне тилдин кучу менен бизге жетип, рухий дуйнобузду байытат. Кыргыз тил-бутундой элибиздин байлыгы....... ...

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#30 08 Декабрь 2011 - 14:46
Окуп койсоңор ашыкча болбойт экен...
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр… -
«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.
Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: -
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,
Бирок билгин,
Бирден гана тили бар,
Билгин,
Муну билип ал!
Эй эрендер!
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт,
Эне тилин түшүнбөгөн
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Ата Журттун
Анык уулу болалбайт!
Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курумшудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул –
МЕТРИКАСЫ улуттун!
Анан муну билип ал,
Адам түгүл,
Айбандын да тили бар.
Жана да бир кызык кеп,
Айтканыма далил болоор бышык кеп:
«Ав-ав!» десе күчүк деп,
«Мый-оо» десе,
Түшүнөбүз мышык деп.
Койдо «Ма-а» бар,
Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.
Тилибизди биз билбесек,
Кандай болот катыгүн!?
Суур деле таштай элек аңкушун,
А сен, кыргыз, байкушум…
Өз тилиңди жерисең,
Айтчы анда
Ким болосуң деги сен?!
Маңкурттарды көрүп туруп,
Маңкурттукка кыялбайм.
КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,
КЫРГЫЗ десе уялбайм.
Кыргыз тилин билбегенди
КЫРГЫЗ десе ынанбайм!
Көңүлүмдө жай таптырбас бушман бар,
Бул шумдукту
Укпаган бар,
Уккан бар:
Өз тилине өзү каршы чыккан бар,
Өзөк өрттөп,
Өздөн чыккан душман бар.
Кыргыз туруп
Кыргыз боло албаган,
Кийиз жүрөк
«Киргиздерге» таң калам.
Эне тили гүлдөп жаткан,
Эне тилде сүйлөп жаткан,
Коңшулардан арданам.
Тилибизге кесир кылсак,
Тирүү туруп жетим кылсак,
Чоң өкүнүч бар мында.
Жууса кетпес күнөө болор
Соңку келчү урпактардын алдында.
Эл ичинде эселек бар,
Эсер бар,
Ыймансыз бар,
Жана ырыс кесер бар.
Жакшы билбей эне тилин
«ЖАРДЫ» - деп,
Жанын жеген безер бар,
Ушундай бир кесел бар.
Эй кыргызым,
Ким деп айтам,
Кыргыз тилин
Жарды деген балаңды?
Жарды эмес кыргыз тили,
Так өзүнүн жан дүйнөсү караңгы.
Дегеле ошол
Кыргызмын деп,
Кыргыз үчүн
Кызмат кылчу адамбы?!
Жок, калайык,
Өздөн чыккан сасыткылар,
Саткындар дейм аларды.
Толубайың сындаган тил,
Арстанбек ырдаган тил,
Манас бабаң сүйлөгөн тил,
Жыйырма эки кылым бою
Кыргызды алга сүйрөгөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Жээренчебиз сайраган тил,
Жеңи жок ыр кайраган тил,
Карачачың канбаган тил,
Жаныбектей аксымдарды
Жарга такап жайлаган тил,
Тагай бийден тараган тил,
Кара мүртөз кан-бектерди
Кадамактай кадаган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Өнбөс доону өндүргөн тил,
Өжөрдү эпке көндүргөн тил,
Жаш жүрөктү ийиткен тил,
Таш жүрөктү жибиткен тил
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кылым менен оожалган тил,
Кыргындардан соо калган тил,
Байрон, Бальзак, Шекспирди,
Бал татытып оодарган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Пушкин, Тютчев, Есенинди,
Толстойду, Карамзинди,
Кыргыздарча сүйлөткөн тил,
Кызгалдактай гүлдөткөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кеп атасын барктаган тил,
Кесер башты сактаган тил,
Эрди кундан куткарткан тил,
Эгешкенди жумшарткан тил,
Кан төгүүнү токтоткон тил,
Касташкандар достошкон тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Санап-санап кетем эргип,
Сан ойлорго жетем эргип,
Ушул тилди жарды тил деш –
Ары жагы келесоолук,
Бери жагы текеберлик!
Тирүүчүлүк сезилбесе,
Турмуш өлдү деп билем,
Түндө жаркып көрүнбөсө,
Жылдыз өлдү деп билем,
Кыргыз тили сүйлөнбөсө,
Кыргыз өлдү деп билем!
Улутуңдун уулу болуп,
Улайм десең учугун,
Өзгөлөрдөн калып калбай,
Өссүн десең тукумум,
Эне тилге толук бойдон
Берүү керек укугун.
Басмырланып башка тилге,
Жыйындарда сүйлөнбөсө,
Аймагында жашаган эл
Аздап-аздап үйрөнбөсө,
Көчө тилдин деңгээлинен
Көтөрүлбөйт тилибиз,
Тил өспөсө,
Кантип өсөт дилибиз,
Энөө Кыке,
Анан муну билиңиз:
Токтом токуп салуу менен,
Буйрук кабыл алуу менен,
Өспөйт тилиң, калың журт,
Кан-жанымдан
Кайнап чыккан зарымды ук?!
Атың кыргыз,
Затың башка,
Өзүң кыргыз,
Сөзүң башка,
Диниң кыргыз
Тилиң башка
Болуп калсын дебесең –
Жыйындарда,
Курултайда,
Чогулушта,
Жолугушта,
Ажоң баштап,
Кожоң коштоп,
Өз тилиңде сүйлөбөйсүң неге сен?!
Кылым сүргөн кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн,
Жайып тамыр-бутактарын
Жаш арчадай бүрдөсүн,
Ишкананы кенен ээлеп,
Иш кагазда сайрасын,
Көчөлөрдө эркин басып,
Көрнөктөрдө жайнасын.
Бакчалардан байыр алып,
Окуу жайда окулсун,
Тоолуктардын өз тилинде,
Токтомдору токулсун,
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча,
Ата Журттун эне тили
Аралашсын турмушка.
Желбиреген желегиндей,
Жетсин колу жылдызга!
Бул чындыкты өз да,
Жат да угушсун,
ЭНЕ ТИЛИМ –
ЭНЕМ,
ЭЛИМ,
УЮТКУМ.
Тунук болсом, -
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом, -
Тилим менен улукмун,
УЛУТ БОЛСОМ, -
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Анткени тил –
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
ПАСПОРТУ да,
МАНДАТЫ да,
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!
Эсенгул ИБРАЕВ, Кыргыз Эл акыны
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр… -
«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.
Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: -
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,
Бирок билгин,
Бирден гана тили бар,
Билгин,
Муну билип ал!
Эй эрендер!
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт,
Эне тилин түшүнбөгөн
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Ата Журттун
Анык уулу болалбайт!
Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курумшудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул –
МЕТРИКАСЫ улуттун!
Анан муну билип ал,
Адам түгүл,
Айбандын да тили бар.
Жана да бир кызык кеп,
Айтканыма далил болоор бышык кеп:
«Ав-ав!» десе күчүк деп,
«Мый-оо» десе,
Түшүнөбүз мышык деп.
Койдо «Ма-а» бар,
Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.
Тилибизди биз билбесек,
Кандай болот катыгүн!?
Суур деле таштай элек аңкушун,
А сен, кыргыз, байкушум…
Өз тилиңди жерисең,
Айтчы анда
Ким болосуң деги сен?!
Маңкурттарды көрүп туруп,
Маңкурттукка кыялбайм.
КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,
КЫРГЫЗ десе уялбайм.
Кыргыз тилин билбегенди
КЫРГЫЗ десе ынанбайм!
Көңүлүмдө жай таптырбас бушман бар,
Бул шумдукту
Укпаган бар,
Уккан бар:
Өз тилине өзү каршы чыккан бар,
Өзөк өрттөп,
Өздөн чыккан душман бар.
Кыргыз туруп
Кыргыз боло албаган,
Кийиз жүрөк
«Киргиздерге» таң калам.
Эне тили гүлдөп жаткан,
Эне тилде сүйлөп жаткан,
Коңшулардан арданам.
Тилибизге кесир кылсак,
Тирүү туруп жетим кылсак,
Чоң өкүнүч бар мында.
Жууса кетпес күнөө болор
Соңку келчү урпактардын алдында.
Эл ичинде эселек бар,
Эсер бар,
Ыймансыз бар,
Жана ырыс кесер бар.
Жакшы билбей эне тилин
«ЖАРДЫ» - деп,
Жанын жеген безер бар,
Ушундай бир кесел бар.
Эй кыргызым,
Ким деп айтам,
Кыргыз тилин
Жарды деген балаңды?
Жарды эмес кыргыз тили,
Так өзүнүн жан дүйнөсү караңгы.
Дегеле ошол
Кыргызмын деп,
Кыргыз үчүн
Кызмат кылчу адамбы?!
Жок, калайык,
Өздөн чыккан сасыткылар,
Саткындар дейм аларды.
Толубайың сындаган тил,
Арстанбек ырдаган тил,
Манас бабаң сүйлөгөн тил,
Жыйырма эки кылым бою
Кыргызды алга сүйрөгөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Жээренчебиз сайраган тил,
Жеңи жок ыр кайраган тил,
Карачачың канбаган тил,
Жаныбектей аксымдарды
Жарга такап жайлаган тил,
Тагай бийден тараган тил,
Кара мүртөз кан-бектерди
Кадамактай кадаган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Өнбөс доону өндүргөн тил,
Өжөрдү эпке көндүргөн тил,
Жаш жүрөктү ийиткен тил,
Таш жүрөктү жибиткен тил
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кылым менен оожалган тил,
Кыргындардан соо калган тил,
Байрон, Бальзак, Шекспирди,
Бал татытып оодарган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Пушкин, Тютчев, Есенинди,
Толстойду, Карамзинди,
Кыргыздарча сүйлөткөн тил,
Кызгалдактай гүлдөткөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кеп атасын барктаган тил,
Кесер башты сактаган тил,
Эрди кундан куткарткан тил,
Эгешкенди жумшарткан тил,
Кан төгүүнү токтоткон тил,
Касташкандар достошкон тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Санап-санап кетем эргип,
Сан ойлорго жетем эргип,
Ушул тилди жарды тил деш –
Ары жагы келесоолук,
Бери жагы текеберлик!
Тирүүчүлүк сезилбесе,
Турмуш өлдү деп билем,
Түндө жаркып көрүнбөсө,
Жылдыз өлдү деп билем,
Кыргыз тили сүйлөнбөсө,
Кыргыз өлдү деп билем!
Улутуңдун уулу болуп,
Улайм десең учугун,
Өзгөлөрдөн калып калбай,
Өссүн десең тукумум,
Эне тилге толук бойдон
Берүү керек укугун.
Басмырланып башка тилге,
Жыйындарда сүйлөнбөсө,
Аймагында жашаган эл
Аздап-аздап үйрөнбөсө,
Көчө тилдин деңгээлинен
Көтөрүлбөйт тилибиз,
Тил өспөсө,
Кантип өсөт дилибиз,
Энөө Кыке,
Анан муну билиңиз:
Токтом токуп салуу менен,
Буйрук кабыл алуу менен,
Өспөйт тилиң, калың журт,
Кан-жанымдан
Кайнап чыккан зарымды ук?!
Атың кыргыз,
Затың башка,
Өзүң кыргыз,
Сөзүң башка,
Диниң кыргыз
Тилиң башка
Болуп калсын дебесең –
Жыйындарда,
Курултайда,
Чогулушта,
Жолугушта,
Ажоң баштап,
Кожоң коштоп,
Өз тилиңде сүйлөбөйсүң неге сен?!
Кылым сүргөн кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн,
Жайып тамыр-бутактарын
Жаш арчадай бүрдөсүн,
Ишкананы кенен ээлеп,
Иш кагазда сайрасын,
Көчөлөрдө эркин басып,
Көрнөктөрдө жайнасын.
Бакчалардан байыр алып,
Окуу жайда окулсун,
Тоолуктардын өз тилинде,
Токтомдору токулсун,
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча,
Ата Журттун эне тили
Аралашсын турмушка.
Желбиреген желегиндей,
Жетсин колу жылдызга!
Бул чындыкты өз да,
Жат да угушсун,
ЭНЕ ТИЛИМ –
ЭНЕМ,
ЭЛИМ,
УЮТКУМ.
Тунук болсом, -
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом, -
Тилим менен улукмун,
УЛУТ БОЛСОМ, -
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Анткени тил –
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
ПАСПОРТУ да,
МАНДАТЫ да,
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!
Эсенгул ИБРАЕВ, Кыргыз Эл акыны
)))
#31 08 Декабрь 2011 - 17:04
Улуттун улуулугун сактаган эне тил.
Тил көпүрө илим менен билимге
Тил адамга бакыт берет өмүрдө.
Тил көпүрө илим менен билимге
Тил адамга бакыт берет өмүрдө.
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#33 11 Декабрь 2011 - 10:14
Бычактын мизи бир , тилдин мизи мин.
Дил бермети - тил.
Дили адептуунун тили адептуу .
Дил бермети - тил.
Дили адептуунун тили адептуу .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#34 11 Декабрь 2011 - 11:34
Кыргыз тилин сактап калуу ,тилибизди байытуу,ар бир кыргыздын милдети.Андыктан баарыбыз аракетке берекет деп, мекенчил сезимди туу тутуп,алга карай арыштайлы.
#35 11 Январь 2012 - 08:26
Кылычын таптап, от чачып
Кимдер гана келген жок.
Чалгында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок!
Тил – ойдун сандыгы
Тил кылычтан өткүр
Тил жоголсо, жоголот дил,
Айланасың мунжуга тоголок бир.
(Ш.Дүйшеев).
Эне тилин билбеген,
Элин сүйүп жарытпайт.
(Б. Сарногоев).
Эртең тилим жок болоору чын болсо,
Анда бүгүн мен өлүүгө даярмын!
( Р. Гамзатов).
...Эне тилибиз – ар бир Ала-Тоолук атуулдун ар-намысы, улуттук паспорту.
(Э. Ибраев)
Тил – юристтин кесиптик куралы
(А. Ф. Кони).
Тил адамды бакыт, даңкка жеткирет
Тил адамды торго салат, өлтүрөт.
(Ж. Баласагын).
Өнөр алды – кызыл тил.
Тили жок калк өз калкын өлтүргөн калк
Тили жок калк сөөгү сөпөт болот.
(Ш.Дүйшеев).
Илим менен билимге көпүрө - тил ,
Көкөлөткон адамды тили деп бил.
(Ж. Баласагын).
Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
(А. Осмонов).
Кылычынан кан тамганды тилинен бал тамган жеңиптир
Эне тилсиз укмак белек “Манасты”
Эне тилсиз укмак белең санатты.
Эне деген улуу болот күндөн да,
Эне сүтү эне тилге синген да.
(Ү. Асаналиев)
Бул тилдин кылдат, кымбат сырын ачам,
Канымды сыя кылып китеп жазам.
“Таң эрте тил өмүрү бүтөт” десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам.
(А. Токтомушев).
Элдин өмүрү – анын тилинде.
( Ч. Айтматов).
Ар бир элдин тили –ошол нечен кылымдык акылман жаралган кымбат мурасы.
( Ч. Айтматов).
Тил – улуттун жан дүйнөсү.
(Д. Сарыгулов).
Ээлдин баа жеткис байлыгы – анын тили.
(М. Шолохов).
Тунук болсом, --
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом, --
Тилим менен улукмун,
Улут болсом, --
Тилим менен улутмун!

#36 11 Январь 2012 - 08:59
Цитата
"Эне тил" эмес, КЫРГЫЗ ТИЛ куну!
Цитата
Кыргыз тил эмес, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ!!
!
Кыргыздар озунор ушинтип ката коп кетиресинер да... .
Бул создордун баары эле синоним. Кыргыз тили-кыргыз элинин жеке тили жана ЭНЕ ТИЛи, эне тили болгондон кийин, кыргыздын мамлекеттик тили.
"Бирге журом эне тилим кадырлайм,
Бул тил менен суйлойм, иштейм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы корсом да,
Оз тилимди суйгонумдон жанылбайм... "
#37 11 Январь 2012 - 09:24
Кыргызстанга барганда коншуларым какшыктап: "Кыргызча унутуп калдынбы?"
-дейт.
30 жыл Кыргызстанда жашап, эне тилимде суйлоп, анан башка мамлекетке жашап кеткенде да, эне тилини унутуп коюуу мумкун эмес, ан учун мээнин бут памятьын очуруп эле таштабасан. ..
30 жыл Кыргызстанда жашап, эне тилимде суйлоп, анан башка мамлекетке жашап кеткенде да, эне тилини унутуп коюуу мумкун эмес, ан учун мээнин бут памятьын очуруп эле таштабасан. ..
#38 11 Январь 2012 - 09:26
Цитата
Тил көпүрө илим менен билимге
Тил адамга бакыт берет өмүрдө.
Тил адамга бакыт берет өмүрдө.
Тил арыстан босогондо чымданган,
Бошоп кетсе озунду да жеп салган.
#39 22 Сентябрь 2012 - 16:24
Эртен23-сентябрь Мамлекеттик тил, б.а. Эне тилибиз - кыргыз тил куну.
Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы, анын негизги көйгөйү эмнеде? деген суроо коюлганда эле, азыркы замандагы кыргыз тилине болгон муктаждыктын жоктугу дейбиз... Ооба, муктаждыктын таптакыр жоктугу. «Тил билмек– ырыскы, көп тил билмек - берекелүү ырыскы» демекчи, башка тилдерди өздөштүрүүнү четке какпайбыз, бирок ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билишибиз зарылчылыгы ыйык милдет. Аскерде кызмат өтөө сыяктуу эле ыйык милдет, бул кыргыз элине, жалпы Кыргыз атуулдарына, Кыргыз Республикасына таза, ак дил, адал кызмат өтөөнүн биринчи шарты десек да болот. Акыркы кездерде, бийлик тарабынан тилибизге таптакыр эле көӊүл бурулбай калгандай жагдайга кептелдик... Мамлекетибиздин эне тилибизге болгон көңүл коштугу өзүбүздүн эле кайдыгерлигибиз экендигин ким тана алат. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөн уялып турса жаштарыбыз, орусча билбейм десе уят болуп чыга калат да, кыргызча билбейм дегендерге чала-була орусча түшүндүрүп жан-алакетке түшөбүз... А мамлекеттик органдарда ишти алып барууларды айтпай эле коёюн...Жумуштары менен сырттан келген карапайм калкка кээде боорум ачыйт, аркы-беркини айтып оюн орусча түшүндүрө албай жатса, бизде баары тескеринен, орус тилине талап... Мына кечээ жакында эле, Парламентте кыргыз тилин өнүктүрүү демилгеси эми-эми көтөрүлүп, мыйзамдар алгач кыргыз тилинде жазылып, анан расмий же дагы башка тилдерге которулсун деген маселе көтөрүлдү,бул албетте жакшы, бирок, ошол мыйзамды жазуучулар кыргызча эки сөздүн башын бириктире албай отурушпайбы. ..Aлбетте, аракет кылышат, бирок бул нерсе,канча бир жылдан кийин гана толук иш жүзүнө аша турган көрүнүш деп ойлойм... Кечээ,улуттук Филармонияда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат болуп өттү, мамлекеттик тилди өнүктүрүшүбүз керек, керек жана керек деген сөздөр айтылды, албетте бул жакшы, бирок ошол «керектер» аткарылып калса андан да жакшы болот деп үмүттөнүп туралык. Өзгөчө, вице-премьер- министр К.Талиеванын: «Улуттук тилди биз сактап турабыз деп ойлогонубуз менен, бизди улут катары улуттук тил сактап турат» деген сөзү, ЖК депутаты Эгемберди Эрматовдун: «Кыргыз тилди өнүктүрөбүз дегенде, өзүбүздун эле ичибизден душмандар чыкты, биздин укугубузду тепсеп жатасынар, деп» деген сөзү, жана акын Шайлообек Дуйшеев агайыбыздын «Кайран тил» аттуу ыры жеке мен учүн күчтүү таасир калтырды... Ошондой эле, азыркы гезит-журналдардагы кыргыз адабий тилинин нормасы жөнүндө да кеп козголду. «Элди улутка бөлбөй, ынтымакты камсыз кылып,бириктире турган ушул массалык маалымат каражаттары. Ал эми биздин кыргыз тилдүү гезиттерде кээде сөзгө маани бербей, тилди өз билгениндей бурмалап жазган жаман өнөкөт пайда болуп калды» деген пикирлер айтылды, чын эле, кээ бир гезиттер «болуп туру, айтып туру, келип туру...» эле дешет, жөн эле «турат» деп койсо макаласынын мааниси бузулуп калчудай болуп. Дагы бир айта кетчү нерсе, кыргыз тилин жарды дешет, жарды болсо Алыкулдун «Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт» ырын орусчалап көргүлөчү, окшошот бекен... Эч мүмкүн эмес. Жарым миллион саптан турган «Манас» айтылган тилди ким жарды дей алат... Буга окшогон мисалдар толтура.
Эми тил көйгөйү тууралуу айта берсек сөз бүтпөйт, андыктан, жыйынтыктап айтаарым, акыркы учурларда республикада улуттук дөөлөттөрдү, анын ичинен тил маселесин чыңдоонун зарылдыгы жөнүндө пикирлер арбын айтылууда. Айрымдар аны мамлекеттик идеологиянын негизи катары баамдаса, айрымдар "улутчулдукка ыктап баратабыз" деген кыязда кабыл алып жатышат. "Улутчул" дегенде, кээ бирибиз Ата-Журттун жыргалчылыгы үчүн күрөшкөн атуулдарды (мындай атуулдарды «Улутман» дейт элем), айрым бирибиз башкаларды теңине албаган эр көкүрөк жарандарды элестетебиз. Ушул себептен коомчулукта эки анжы пикирлер жаралып, жаралмак тургай күчөп баратканы жашыруун эмес.
Мамлекеттик иште да, чыгармачыл иште да ысымы калкыбызга таанымал инсан – дипломат , таанымал акын Акбар Рыскуловго : «Көп эле акындар кыргыз тилин даңктап , тилди үйрөнгүлө деп ыр жазып жатса, Сиздин "Кыргызга кыргыз тилдин кереги не?" деген ырыңызды коомчулук кандай кабылдады эле?» деп, бир кезде суроо узатканымда , ал: «Тилди үйрөнгүлө , тилдин кадырын билгиле деп кайталай берсек , анчейин таасир тийгизчүдөй эмес. Ооба, ойлоп көрүп,"терс кайрык" иретинде замандаштын намысына тиейин дедим. Анан төмөнкүдөй саптар өзүнөн өзү куюлушуп чыга берди:
Кыргызгакыргыз тилдин кереги не?
Кызматта жарабаса керегиңе,
Билимдин бара албаса бийигине,
Илимдин кире албаса тереңине -
Кыргызга кыргыз тилдин кереги не?..
Кыргыз тили билимдин, илимдин, экономиканын, эл аралык дипломатиянын тилине айланууга тийиш. Маанилүү илимий жана иш кагаздарын жазып,кат алышып, керек болсо, эл аралык сүйлөшүүлөрдү да өз эне тилибизде алып барсак, эң сонун болбос беле! Бекеринен ЭНЕ ТИЛ делинбейт... Бул терс толгоо ырымдагы дагы бир талап азырынча аткарыла элек. Анткени анда "Бешик ыр эшитпесек келиндерден - кыргызга кыргыз тилдин кереги не?" деп жазган элем. Аттигиң, биздин чүрпөлөр ЭНЕ тилиндеги бешик ырды угуп чоңойсо деген тилек!» деп жооп узатканы бар. Бул ой-толгоом кимге кандай жетет, ким кандай кабыл алат, кандай түшүнөт ар кимдин кыргыз тилге болгон мамилесинде. Кыргыз тилин сактайлы, барктайлы, сыйлайлы... 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамынар менен куттуктайм!

Билдирүүнү түзөткөн: maksatkyz: 22 Сентябрь 2012 - 16:33
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#40 11 Октябрь 2012 - 17:11
Уй мооройт,уйдун тилинде,
Кой маарайт,койдун тилинде.
Уй,койдон томон болдук го,
Оз эне тилин билуудо.
(Байдылда)
Эне тилим - оз омурум,бул жалпы Кыргыз Атанын жардыгы.Мына, буну озубуздун эле ичтен чыккан "ийри жыландарыбыз" жээрип,аларга оон учурап отурбайбы... Бир кездерде," кыргыз тили менен Ала-Тоону аша албайбыз,орус тилин билуубуз керек,улуу элдин маданияты аркылуу биз дуйнону аралайбыз,конгресстерге чыгып,ушул тилде суйлойбуз ж.б.акыл айтуулардын айынан,эне тилибиз буктолмодо келген.Анда, акын Байдылда агабыз:"Орус тили - улуу тил,биздин жылдыз заманда.Бирок, кыргыз кыргызча суйлобосо жаман да."Эне тилин билбеген,эси жогун аныктайт,эне тилин суйбогон,элин суйуп жарытпайт деген мезелин айткан экен.Биз,кыргыздар орус тилинде суйлоону суйобуз....
Биринчиден, бала тили чыгаары менен,"мама" деп, "папа" деп айтат.Буга ата-энеси жетине албайт,курсант болот.
Экинчиден,жалан орус тилинде жашоо тиричилиги журот.Уй ичиндеги жасалга,жайылган дасторкон,булоодогу ич ара байланыш,сырткы турпатыбыз жалан орусча болсо,кыргыз тилин билууну "уруп" койбойт...Ак сутун берип чонойткон апасынын тилин озулору жээрисе,балдары эмне болуптур?! Балдары орусча бала бакчага барат....Мектепте да орусча.....
Учунчудон,бугун айылдан келгендерге, беркилер кыйынсынат эмеспи,жанагы жыланач маданиятка умтулуп,терс жоруктун жолуна тушкондорго жалан орус тилинде суйлоосу тийиш,тигилер уйротот....Уйронууго куштар,ансыз алардын катарында орун жок...."Устадан шакирти отот" болот....
Тортунчудон, "аран турган карышкырды кыйкырып жиберип,кучотуп, орус тилин кабыл алуу укугу,женил ойлуу,Ата Мекенине суйуу сезими жокторго, мындай шарт жага бербейт....Эне тили - эси жоктор учун кор тили....Эми эмнесин айтып чарчайын....

Адамга адам кымбат болуш керек....