- Мен2013-жылы мугалимдик адистигине ээ болуп чыгам. Буюрса, өз кесибим менеништесем деген оюм бар. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жаш мугалимдерге кандайжеңилдиктер каралаган? Билип алсам ашыктык болбос эле.
Жаманкулова Тамара, Жалал-Абад шаары.
Баракча 1 - 1
“Жаш мугалимдерге кандай жеңилдиктер каралган?” Редакцияга келген суроолордон
#2 19 Декабрь 2012 - 17:41
info (19 Декабрь 2012 - 17:41) жазган:
- Мен2013-жылы мугалимдик адистигине ээ болуп чыгам. Буюрса, өз кесибим менеништесем деген оюм бар. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жаш мугалимдерге кандайжеңилдиктер каралаган? Билип алсам ашыктык болбос эле.
Жаманкулова Тамара, Жалал-Абад шаары.
Жаманкулова Тамара, Жалал-Абад шаары.
- 2011-жылдын1- майынан тарта ишке кирген, жаш мугалимдерди колдоо, жана өз кесиби боюнчаишмердүүлүгүн улантууга шарт түзүүмаксатын көздөгөн КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мурдагы категория алыныпсалынып, жаш мугалимдердин эмгек маянасы 3 эсеге көтөрүлдү. Мындан сырткарыжергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мыйзам чегиндеги тиешелүү жеңилдиктерикаралган.
Суроолорго Билим берүү жанаилим министрлигинин пресс-катчысы Керез Жукеева жооп берди.
Мезгилден артта калбаңыз!
#3 19 Декабрь 2012 - 18:00
Хмм! Жаш мугалимдердин маянасы 3 эсеге көтөрүлгөн имиш... Ошондо жаш мугалим канча сом алат, билесизби? Урматтуу мырзайым К. Жукеева, жомоктун кереги не? Качан эми: "Мугалим болсоң, эгер ушул бойдон өзгөрүү болбосо, маянаң жашооңо дайыма өп-чап жетпей жүрө берет!.."
- деп чындыкты тике айтабыз?!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#4 13 Апрель 2013 - 15:34
Жаш мугалимдерге женилдиктердин бар экенин билбейт экенмин, тескерисинче "педагогикалык эмгек стажын жок экен" дешет го...
Максатыма кандай себеп тоскоол болбосун, Жашоомдо жетсем деймин коздогонумо.
Татыктуу турмуш куруп, туткунун болуп,
Баш ийип жашагым келет озуно...
Баш ийип жашагым келет озуно...
#5 18 Апрель 2013 - 16:27
Суроого министрликтин басма сөз кызматынын адиси Керез Жукеева жооп берди:
Аймак,шаарларда жаш мугалимдер үчүн тажырыйба Бирикмесин ачуу ылаыйктуу. Бир класста иштеген мугалим жумасына бир жолу Бирикмедеги иш билги мугалимдер менен тажырыйба алмашса, ал үчүн чоң табылга.
КАОдокесиптик билим берүүнү жогорулатуу системасы аркылуу регоналдык институттар жана борборлордо олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Билим берүү системасы ар кандайтоптогу мугалимдердин суроо талаптарын канаттандырат, ошол себептүү акырындык менен модулдук курстар киргизилет. Ал кесибин жогорулаткан мугалимди ого бетер калыптандырат.

#6 09 Май 2013 - 23:26
Тамара депозит молодого учителя деген конкурс болот ошого созсуз катыш . Эгер отуп кетсен жакшы суммадагы финансы утуп аласын
#7 28 Май 2013 - 16:29
Жаш мугалимге женилдик - картан мугалимден ашып калса,саатын кобойот.Болбосо 6-8 саат эле сага тийет.
#9 01 Апрель 2014 - 00:44
Айлык которулду деп коюп эле акырын аркыга беркиге деп кескилеп, бизге соогу м.н эле шилиси калат экен. Мен мисалы ЖОЖду артыкчылык диплому м.н буттум. Мектептерди бирден кыдырдым. Заочниктер эбак орундарды ээлеп алган. Орун сурасам акча сурашты. Ошентип эптеп орноштум. 16саат м.н иштейм, 6мин сом айлык чыгат бардыгы, анын 1700сомун мага жеткирбей эле кармап калышат. Ушуга да шугур бирок жаштарды минтип кордоп отурса...
#10 25 Июнь 2014 - 11:21
Үйү жок жаш мугалимдерге үй жагынан жеңилдиктер каралганбы?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#11 01 Август 2014 - 18:10
Мен 2008- жылы мектепке ишке орноштум. Башында 16 саат менен иштеп, эч канча айлык алалбадым. Дагы жакшы жогоруда бироо жазыптыр го " жаш мугалимдин депазитине " илешип калып , ошонун шылтоосу менен иштеп калдым.
Мектептерде жаш мугалимдерге эч кандай деле женилдик жок, кайра тескерисинче стаж жок дешет.
Мектептерде жаш мугалимдерге эч кандай деле женилдик жок, кайра тескерисинче стаж жок дешет.
Билдирүүнү түзөткөн: Nariste...12: 01 Август 2014 - 18:14
#12 01 Август 2014 - 18:43
Айылдык жаш мугалимдер шаардык жаш мушалимдерге караганда кобуроок аларын гана билет экенмин. Анан да жаш мугалимдерге 1-3 жылга чейинки стажы барларга мугалимдер кунундо премя кылып 1000(мин) сом акча берет.
#13 09 Октябрь 2014 - 22:01
Кайдагы премия карындашымдын иштегенине бир жыл б.ду премиясы жок эле конок тосмою коп экен. Текшеруу келсе эле коркутуп уркутуп жаш мугалимдерге коноктотуп коет экен жетекчилери
#14 25 Февраль 2016 - 09:05
2015-жылдын сентябрь айынан баштап жумушка орноштум.Башталгыч класстын мугалимимин.
Жаш мугалимге мамлекеттен 3000сом сыйлык катары берилет деп жатышат.Бирок башка аймактарда жер тилкеси жана 10000сом акчалай сыйлыктар тапшырылыптыр.
Ушу жонундо кененирек маалымат бересиздерби?
Айназик Ош шаары
#15 01 Март 2016 - 02:10
Мен 2жыл иштеп анан диплом алышым керек эле, бирок туруктуу жумуш жок декретке кеткен мугалимдин ордуна бир мектепте январдан майга чейин иштедим, кайра келишим бүтүп каникулдан соң башка бир мектепте так эле ушундай келишим менен сентябрдан декабрга чейин иштедим, азыр жумушсузмун.
Дипломумду алышым керек болуп жатат ал үчүн эмне кылам, себеби эмгек китепчени да карашат экен, ошондой эле мени башка мугалимдин ордуна алып, ал келген соң кайра чыгарып коюу туурабы?
#16 11 Март 2016 - 17:17
Siren90 (01 Март 2016 - 02:10) жазган:
Мен 2жыл иштеп анан диплом алышым керек эле, бирок туруктуу жумуш жок декретке кеткен мугалимдин ордуна бир мектепте январдан майга чейин иштедим, кайра келишим бүтүп каникулдан соң башка бир мектепте так эле ушундай келишим менен сентябрдан декабрга чейин иштедим, азыр жумушсузмун.
Дипломумду алышым керек болуп жатат ал үчүн эмне кылам, себеби эмгек китепчени да карашат экен, ошондой эле мени башка мугалимдин ордуна алып, ал келген соң кайра чыгарып коюу туурабы?
Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлунда бекитилген № 296, № 519 токтомдорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку жана атайын орто окуу жайларында педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү, жаш адистердин бөлүнгөн жеринде максаттуу иштеп кетүүсү үчүн шарт түзүү, жардам көрсөтүү жана жалпы билим берүү мектептерин мугалимдер менен камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөргө ар жыл сайын мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
Эгер сиз бюджеттик негизде окууну аяктаган болсоңуз, колуңузда министрлик берген жолдомо болушу керек. Жолдомодо мектеп, район, кесибиңиз толук жазылышы жана кайсы учурда барып бөлүнгөн жерге баруу тууралуу толук жазылган. Бир себептер менен учурунда бара албай калган болсоңуз райондук билим берүү бөлүмүнө же болбосо министрликтин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө кайрылышыңыз зарыл.
2 жыл отработка кылгандан кийин гана дипломуңузду алууга укугуңуз бар. Убактылуу декрет учурундагы бирөөнүн ордунда иштеп жаткан болсоңуз, ал мугалим келгенде бошотуп берүүңүз керек.
Кайрылууда кесибиңиз жазылбаптыр, ошондуктан орунду белгилөө мүмкүн болбой жаткандыгын маалымдайбыз.
#17 18 Март 2016 - 11:18
Mahabatym... (25 Февраль 2016 - 09:05) жазган:
2015-жылдын сентябрь айынан баштап жумушка орноштум.Башталгыч класстын мугалимимин.
Жаш мугалимге мамлекеттен 3000сом сыйлык катары берилет деп жатышат.Бирок башка аймактарда жер тилкеси жана 10000сом акчалай сыйлыктар тапшырылыптыр.
Ушу жонундо кененирек маалымат бересиздерби?
Айназик Ош шаары
Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Нургүл Мамбетакунова жооп берди.
- Өлкө аймагы боюнча жаш мугалимдерге так бир суммадагы акчалай жардам көрсөтүлбөйт. Бизде жалпы 56 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү бар. Алардын ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш мугалимдерге жардам берүүгө аракет жасайт. Мисалы, мамлекет тарабынан каржыланган райондор жаш кадрларды убактылуу үй менен камсыздоого гана чамасы жетет. Ага караганда Нарын облусунун кээ бир райондорунда бийик тоолуу аймак деп айлыктарынын үстүнө 20-50 пайызга чейин кошумча акча бөлүнүп берилип жана убактылуу турак жай менен камсыз болот. Мисалы, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаш мугалимге ижарага үй берилет, коммуналдык төлөмдөрү каржыланат жана жол киреси төлөнүп берилет.
#18 17 Июнь 2016 - 18:04
Саламатсыздарбы,
менин курбум учурда, мектепте директордун катчысы(секретарша) болуп иштейт. 4жылдык бокалавр тарых мугалими адистигин бүткөн, стажы 2жыл, штаттык бирдиги 1, тоолуу район деп 45% бар, мектепте жалпы 1400 окуучу окуйт, эртеден кечке иштеп болгону 4000сом айлык колуна алат экен, менимче аз. Сиздерден сураныч так эсеп менен айлыгы канча болушу керек. Жообуңуздар үчүн алдын ала рахматымды айтам.
Баракча 1 - 1