Мен киммин? Мейли соккуло, урушкула, аягыла ал силердин чечим
#1 20 Сентябрь 2018 - 19:43
Тааныштарым балалык жонундо соз кылышса, мага эмнегедир ошол аалам карангы дуйнодой сезилет. Ооба ойносом керек бирок мага кобунчо коз алдыма, жаш чырпыктын денемди матыра чуу эткен, ачышуу менен коштолуп, когоргон тактар 7 классыма келгиче менин тулку боюмду мекендеди. Ал кезде аябай жаш наристе элем, коп нерсени тушуно албайт элем, уйубуздо электр жарыгы жок, эшикте белден каар, апам ошол каарды кечип, арча кайындын куураган бутактарын сындырып келчу, ошончо меенет менен терген отуну, бир жалбырттап куйуп бат эле бутуп калчу, мени чоон атластан тигилген корпого ороп жаткырып, бобогумду коротуп апам кошуна эненин уйуно кетеер эле. Азыр ойлосом жеерге наныбыз жок, курсагыбыз ач апамдын эмчегинде сут жок, кошунанын уйунон чай ичип, келеерде бир сындырым нанды чыйбаркуттан тигилген кемселинин чонтогуно катып келип, каарды ээритип сууга нанды жибитип мага жедиреер эле, ошентип журуп жаз дагы келди, биз таятамдын чон багындагы жепирейген эски уйундо жашачубуз, жаныбыздагы чоон уйдо, тайатам жаш аялы менен жашачу. Алардын уйу тараптан суттун жыты ысык тамактын жыты жазгы шамаал менен ,жортуп келип мурдумду ордойт. Апамдын апасы каза болуп, атасы башка торобогон бир аялга уйлонгон экен. Жаны таяэнебиз бизди негедир жаман корчу. Ошондой кундордун биринде уч аял жаны таянемин уйуно келишти, деемейде бизди тиктеп койбогон куу аял, дал ошол куну башкача меерим тогуп турдуу тамак аш менен тойгузуп атты, бала экенмин да курсагым жарытылуу тойгонуна суйунуп ойноп журдум, апам жузу кайгылуу шатынын тепкичинде,
бобогумду копко эмизди, атлас койногу менен чачыктуу ак жоолугун эч чечпеген апам устуно помбаркыттан тигилген кызыл койнок, башына кызыл чоон гулдору бар жаны жоолук салып алыптыр. Улам кызыга кармалап жанында журом, апам ыйлап атты негедир. Бирок ошол куну алиги уч аял, менин бобогумду алып кетишти, бобогумду издеп ыйлап, таппай журдум апам мени кучагына бекем кысып, кызым ыйлаба сен акылдуусун да, инин эми дайыма курсагы ток журот, сен чонойгондо сага кооп конфет алып келет деп мени сооротуп жатты. Апамдын жылуу кучагында мемиреп уктап калган экенмин, чывыктын ачуу тийгенинен козум умачтай ачылды. Жаны тайенебиз ошол чыбык сынганча сабады ,коптон бери ысык тамак жёп таттуу жебегенге, ошол куну тошокко заара ушатып койгон экенмин,албетте 2 жаштагы кыз болсом. Апамды ошол кундон баштап коргон жокмун. Таятам жаны таянем учообуз жашай баштадык, мурдагыдай ачка калбаганыма суйунуп жеген таяктарга да ыраазы болуп жашап жаттым. Суу алып келем, уйларды тоого айдайм, негедир уйларды айдаган тоо жакта, мурзо боло турган, ошол мурзонун тубундо коп ыйлачумун билбейм себебин. Балким апам, озундун таянен ушул мурзодо жатат, ал болгондо бизди минтип ачка таштамак эмес деген созунонбу, Ким билсин. Дасторкон салам жыйнайм идиш жууйм, тамак жасаганга кучум жетпесе керек негедир апарык кичинекей 4 жаштагы кыз элем. Бир куну апамы сурасам, келет бир куну сен апана керек эмессин таштап кетти деп койгон жаны таянем, ошондон кийин сурабай калгам, бирок тымызын кутоор элем. Бара бара таякка да жедеп конуп бутком. Жылдар отуп мектепке барчу да убакыт келди 98 жылдар эле. Суу которуп сайдан чыксам, бир кундо бир жолу келчу сары автобуз, биздин уйдун тушуна токтоп, бала которгон бир келин тушту. Колундагы коздору бакырайган ак жуумал бир жашка толо элек, колунда гуруч кант ( ал кезде гуручко окшогон жабышкак, буудайдын даамын берген таттуу шириндик болоор эле) кармаган наристе бар экен. Челегимдеги суунун жарымы тогулуп шымымдын жарымы суу, резинка отугум сууга толуп былчылдап оор болуп калган ,эс алганы токтоп тургам. Баласын которгон келин мен жакты коздой кызым деп жылмайып келе жатты. 5 жылдын ичинде мен апамы тааныбай калыпмын, апам мени тааныптыр. АПА сизби, мени алып кетеспи деп бакырып ыйладым, себеби жаш таянем мага ыйлоого тыйуу салган, таяты жесем дагы ыйлабашым керек. Башымдагы томуктай болгон эки шишикти апама корсотуп ыйлап аттым. Ойумда барып менин кызымды эмнеге урасын, алып кетем деп, айтат мен бар болгону эки койногуму апамдын колундагы, ону очкон чаар сеткага салсам деп кыялдым. Апамдын колундагы наристе апамдын кызы экен, менин чачымы тарткылап кыткылыктап ойноп атты. Апам башка куйоого тийип кетиптир корсо. Таянем решеткадан корунгондо ыйымды токтоттум. Суйунуп апаам деп таяне апам келди деп кыйкырдым. Ажеп болуптур апан келсе деп таянемин кабагына каар жаап турду. Апама карай кел, ИИ эмнене келдин кызын олгон жок, мына чонойтуп койдум, тил укпайт иш кылбайт деп, дагы бир демелерди айтып ажаалданып кыйкырып кирди. Таятам уйдо болсо мага тил тийгизбейт ал дагы бир кун уйдо болсо уч кун талаада. Азыр апам мага болушат деп куткон умутум жалп очту, апам таянеме жинденип, ызасын менден алып тепкилеп жатты, озум аран жашап жатканда сени каяка батырам, алып кетпейм, ушул жерде каласын, болбосо кочодо кал, деп кыйкырып эки уч жолу жон талаштыра тееп жиберди да, ыйлаган кичинекей наристени, сен эле жетишпей аттын эле деп, опкого сокту да, ыйлап кызын которуп уйдон чыгып кетти. Ошол кундон баштап апамды кутпой калдым, кийин уксам бизге коп деле алыс эмес айылга, бир алкаш кишиге турмушка чыгыптыр. Ошентип мектеп босогосун аттадым. Классташтарымды аталары апалары жетелеп алып барды, чачтары орулгон, бантик тагынган, кошунабыз менден эки жаш улуу эгиз кыздарынын эски мектеп кийимин Берген эле, ошолоду кийип, алгам сыдырмалуу сумкалар алда качан чыккан болсо да, мен чаптырмалуу сумка которуп алгам. Жалгыз озум окуйм деп мектеп босогосун аттадым. Биринчи мугалим Асан агай ушунчалык мееримдуу корунчу, же мен алгачкы мееримди мугалимден алган учунбу.эч кимдин жардам бербегенине карабай жакшы окудум, мектептен уйго келгим келчу эмес, эн жылуу мееримдуу, Асан агайымды ээрчип уйуно кетким келчу. Аны башкалар кайдан сезсин.
#2 20 Сентябрь 2018 - 20:43
Өтө сонун жазылып атат.Уландысы.
...
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#3 20 Сентябрь 2018 - 21:28
Ошентип кун артынан ай, жылдарга алмаша берди ал аралыкта эмне ган кундор отподу баарын, ар бир кунду эскеруу мен учун мен учун аябай оор. Ошентип 3 класстын босогосун аттадым кышкы каникулга чыкканыбызда суу ташымай болуп чекеси тешилип калган уйго кийчу резинка озугумду кийип сууга сайга туштум, биздин айылда кыш аябай оор болгону учун озондун жееги муз каптап калаар эле, музду жарып суу алып жатып отугумдун жвртык жеринен суу кирип кетти, колум кок муштум болуп тонгону жетпегенсип,
бутум дагы томолок муз болуп калды, эки чакага суу алып уйго жетеерде, пружина менен тартып койгон эшик тирелген таш кармабай, жабылып калды чакамдагы суу тогулуп калды, кайра сайга тушуп суу алып келдим суук мурдумду чычыйт ысык уйду энсеп аран кележатсам,
бираз мурда тогулгон суум, музга айланып дагы тайып жыгылдым. Чыдамым тугонуп калды суук бир жагынан. Уйго бош чаканы которуп аран кирдим. Ошондогу таяк жегеним ай, эч кимге кереги жок жетим, тууган апан бакпаган мага да керегин жок, ушул сыяктуу дагы коп сощдорду айтты. жазаламакка муздак комнатага чыгарып койду. Кечее жездемдер жуктоп кеткенден калган 5,6 чакадай алманы тиктеп отуруп, ошол жездем эсиме келди, алар мурда мени 3 кунго уйуно алып кетишкен эле, уйун так эстей алам кайсыл автобуска тушууну да билип калгам. Ал менин апамдын эжеси тайежем эле. Кичинекей кыздардан жол акы алчу эмес, же элдин пейили ток беле, автобуска отуруп кетип калдым, кыштын суугунда тонуп туш оой тайежемдин уйун таап кирип бардым, бутум сыгып алма суу, тайежем мени коруп чоочуп кетти. Келген себебимди айталбай ыйлай бердим, бутумду чечип денемдин кок аласын коргон таежем баарын тушунду окшойт, бооруна кыса бир топко ыйлап, анан мештин жанына жылуу ороп жаткырып койду, уктап кеткен экенмин денем оорлошуп, жоолуп чыгыптырмын,
муздак тер каптап шалдырайм, тайежем бир дарыларды ичкизип, арактан шыбап копко жанымда ойлуу отурду, эртен менен женилдеп калвпмын, апамдын бир тууганы болгон учунбу билбейм, айтор апам жакшы Адам экенин айтып уйунун дарегин берип автобустун шаферуна дайындап салып жиберди. Ошентип апамын уйуно бардым. Огой атам башта жакшы мамиле кылчу, ал кезде апам эки кыздуу болуптур, тайежем жазган катты окуп бутуп, Эми менин жанымда кал кыздарды синдилеринди карашып журо бер деп алып калды. Там тун баскан томпойгон ширин кызды карап журдум, чон кызы кыйла чонойуп калыптыр. Ошол айылдан мектепке бардым, кызыгы ал мектепке да апам алып баобады бир кызга кошуп жонотуп жиберди. Негедир апам мени жакшы корбоду, арадан кундор откондон кийин огой атамдын МАС болуп алып кун алыс кууганын кордум. Кичинекей синдими уктатып койуп чон синдими жетелеп качабыз, тун бир оокумда огой атам уктап калган кезде, буттун учу менен акырын кирип жптабыз. Огой атам соо кезинде абдан жакшы Адам, тилекке каршы соо кези аябай аз эле, тапкан акчасын ичип айлыгын арак карыздарына таратып салчу. Уйдун алдында дупуйгон жангак дарагы бар, эх ошол дарактын тили болсо сиздерге айтып бермек. Огой атам Эми мага асылып баштады жетим атана кет деп кубалайт. Меерим издеп бирок эч кимден табалбадым.
Менин оз атам Ким, мен киммин деген суроолор меемди айлана баштады. Ата,мен бир жаш, иним апамдын курсагындагы кезде ажырышып кетишкен экен, себебин деле сураган жокмун, атамдын дайынын издеп таап, барууну чечтим баарыбир кыз киши кичи пейил болот окшобойбу. Атамдын уйун таап барып, атын айтып сурасам, арык узун жаак эти соогуно жабышкан киши чыкты. Мени тааныбады окшойт бир болсо, атымды айтым сенин кызынмын дегенде гана, аа кел деп колуман кармап эки бетимен аста ООП койду. Мынчалык суук кабыл алат деп куткон эмесмин, ары жактан аялы чыкты, жузунон жылдызы жанган мееримдуу аял чыкты, оз атам бербеген мееримди ошол аял тогуп, кучактап ООП тамак жасап, 5,6 жашар баласын сенин бир тууганын деп тааныштырды.
Атам делинген киши негедир кызыгып эч нерсе сураган жок, илгери уч аял алып кеткен инимди да, менин кайда Ким менен, кандай кун кечирип жатканыма да кызыккан жок. Эрте эле жатып алды огой Энем меерим токкон учун ага бир сыйра бышактап ыйлап бердим, коз жашымы аарчып, чачымы тараган огой энеме ыраазы болдум. Жашоомдо жолуккан биринчи камкор мееримдуу аялдан сурадым- эже мен чын эле ушул киишинин кызымынбы, эмнеге огойдой мамиле кылат деп. Огой Энем ооба бул сенин оз атат, мунозу ушундай экен ал деле сени коп эстейт, кыязы апанарга очошуп силерден кабар албай койду окшойт деди. Корсо атам апамды 10 кл бутоору менен ала качып алат, апам огой энеден кутулганына суйунуп отуруп калат, мен торолом атам уй булосуно кайдыгер карап, ашыкча кызганчаак ынжык болуп, иним боюнда болгондо ,кош бойлуу аялдын мунозун которо албай ажырашып кетишет. Эртеси апамын уйуно кайра жол тарттым, меерим бербеген, ушунча жылдан бери бир жолу кызым деп издеп келбеген атадан тунулуп калдым.
#5 20 Сентябрь 2018 - 22:25
Убакыт учкан куш деген чын белем, тириликке токмокко жедеп конуп буткон жаным, озумчул болуп бараттым, мага аябай керек зарыл болгон кезде табалбаган меерим, мени биротоло кайдыгер кылып таштады, окуум жакшы болчу, огой атама жини келгенде апам болгон бугун бизден чыгара сабачу, ал кездерди эстегим да келбейт. Бир куну апам экообуз бироолордун ишин кылып тапкан акчабызга жаны палас алып келдик, жашыл кара сызыктары бар, жука палас эле 300 сомго алганбыз, апам тунку сменге жумушка кеткен, огой атам МАС болуп жургон эле синдилерим чон атасынын уйундо аларга тийишпейт, мени акыркы кундору башкача коз караш менен карап баштады, бой жетип кундон кунго чонойуп калежаткан мага козу тушконун сезип журдум, бир эки жолу уйдон жаныдан баш баккан кокурогуму кармалап жиберген эле, ошондон коркуп кошунабыздын уйундо жургом, ал жаны магазин ачып ачылыш кылып конок тосуп аткан, ошол женеге жардам берип ал куну ошол жерде жатып калгам. Эртен менен уйго келсем апам отурат кабагы салынган, каргап кирди палас кана кимге бердин, мына азап жебеген самсага акча толоо башталды. Классташ кызымдын атасы катуу ооруп уйлорундо, жегенге наны жок калган эле, огой атам андан эки кун мурда магазинден бир мешок ун алып келген, ошол ундан 4 кг уйдон эч кимге айтпвй алып, ошол классташымын уйуно бергем, анымы апам билип калып паласты да менден корду окшойт, айылдагы эки албуут аял келип учоолоп сабай баштады, мен албадым деген сайын тепкилейт, ойумда мен алдым десем урбай калат деп ойлоп мойунума алдым, кимге бердин ошолоргобу дейт, ооба дей салдым, алардын уйуно кеткенде качып кетем деген тилегим таш каап, бироо мени кайтарып калды, таппай келди паласты, ал аял келип эмне бизди ууру кылып атасын деп ал да тепкиледи, ошол убакыттагы азап омур бою журогумдо кара так болуп калганын сезсе аттин ошолор, паластын дайынын айтмайынча жатасын деп колу бутумду уй байлаган аркан менен бууп, атканага таштап салышты, башым шишик, денем кокмок, отурсам белим талыйт, жатсам денемдин коктору оорутат, ал аз келгендей, колума кан отпой когоруп шишип баштады. Буулугуп кудайга жалынам, жардам берчу Жан Адам жок, албетте оз Энем ишенбей эки буттуу айбандарга салып берсе, кимден жакшылык кутом. Аялдардын бироосунун куйоосу мойунума сыйыртмак салмак болду, апам эчкирип жалдырап ыйлаганыма карап дв койбой басып кетти, ошол жерде бир кошуна келип колумун когоргонун коруп бошотуп, тигилерди урушуп салды. Мен качып кеттим тоо аралап качып барып райондун центрине кетип калдым. Эч кимден жардам кутпой калдым кимге ишенеримди,
кимге бараарымды да билбедим, баары муздак адамдар эле. Тентип журуп бир кыз менен тааныштым ал жылы 8 класска бармак элем барган жокмун, ал кыз мени алдаптыр, мен алданыпмын жакшы соз суйлоп, мени ишендирип жездесине салып берип койду,ал минуталарды жазукга да кудуретим жетейт. Ошентип менин, тагдырым биротоло сынып бырчаланып жок болду. Мындай окуяларда адамдардын олгусу келип, жанын кыйууга аракет кылат эмеспи, жок мен антпедим жашагым келди менин. Озумду алаксытам деп ойлодум, окууну биротоло жыйыштырып салдым, курч болгонду уйрондум, баарынан конул калды, бирок ишенчеектик деген сапат жабышты калды, Ким мееримдуу суйлосо эле ишенчу болдум. Менин кыздык деген намысыман айрылып калганымды бут айыл тууган урук укту, баары менден жуз бурган имиш, келбесин дешиптир, тимеле мурда мага, бир акыл соз айтып, коз жашымы суртуп койгонсуп. Капа деле болгон жокмун, кулкум кел
ди. Белди бекем бууп ошол кундон ушул кунго чейин иштеп журом, тапкан акчамын баарын апама берем негедир кыялбайм, айайм, канча жыл откон сон суйууго кабылдым, ал да менин алсыздыгымдан пайдаланды корунот, колдонуп кетти, кыз эмессин деп кетип калды. Ишенчектигимди кантип жоем билбейм, азыр кудайга шугур иштеген Ишим бар жардамымды эч кимден аябайм, эн окунучтуусу бир убактарда чанган туугандар, кошуналар менин жардамыма муктаж, Эми Ким жакшы мен жакшы, кобуно жардам бердим, огой атам дуйнодон откон, кыздары менин бир туугандарым, мен бактым, ошолор мен коргон кунду корбосун деп тапканымы берем, апам болсо мурда аяган мееримин Эми телефондон тогуп турат же акча бербей койобу деп коркуп, алдап мактайбы билбейм. Конулчоокмун Эми акча салбайм дейм бербейм дейм, кайра эле чыдай албайм. Бугун дагы жардам сурап бироо чалды, тее бир мезгилде палас уурдадын деп колу бутуму байлаган аял. Эстебейин десем, ошол кундор учун кечир деп, кечирим сурап эстетти, палас кийин арак саткан келиндин уйунон табылган 2 жылдан кийин. Ошол кундорду эстеп сиздер менен сырдашып женилдегим келди.
ди. Белди бекем бууп ошол кундон ушул кунго чейин иштеп журом, тапкан акчамын баарын апама берем негедир кыялбайм, айайм, канча жыл откон сон суйууго кабылдым, ал да менин алсыздыгымдан пайдаланды корунот, колдонуп кетти, кыз эмессин деп кетип калды. Ишенчектигимди кантип жоем билбейм, азыр кудайга шугур иштеген Ишим бар жардамымды эч кимден аябайм, эн окунучтуусу бир убактарда чанган туугандар, кошуналар менин жардамыма муктаж, Эми Ким жакшы мен жакшы, кобуно жардам бердим, огой атам дуйнодон откон, кыздары менин бир туугандарым, мен бактым, ошолор мен коргон кунду корбосун деп тапканымы берем, апам болсо мурда аяган мееримин Эми телефондон тогуп турат же акча бербей койобу деп коркуп, алдап мактайбы билбейм. Конулчоокмун Эми акча салбайм дейм бербейм дейм, кайра эле чыдай албайм. Бугун дагы жардам сурап бироо чалды, тее бир мезгилде палас уурдадын деп колу бутуму байлаган аял. Эстебейин десем, ошол кундор учун кечир деп, кечирим сурап эстетти, палас кийин арак саткан келиндин уйунон табылган 2 жылдан кийин. Ошол кундорду эстеп сиздер менен сырдашып женилдегим келди.
#6 20 Сентябрь 2018 - 22:47
Окуп жатып тогулуп ыйладым. Чын эле жашоодо ушундай адамдар барбы? Мындан кийинки жашоондо бактылуу болсон экен.
#7 20 Сентябрь 2018 - 23:01
Эх ушундай тагдырлар...
эми өзүңүзгө камкор өмүрлүк жолдошко туш келиңиз...балалуу болуңуз.бакыт балдар менен,апа деп кучактаса эркелешип да аласыз
Билдирүүнү түзөткөн: Flowhive: 20 Сентябрь 2018 - 23:05
#8 20 Сентябрь 2018 - 23:48
#10 21 Сентябрь 2018 - 00:03
Ошол уч аял алып кеткен бир тууганымды жылдар отуп таптым, уйлонуптур бир кызы бар экен, эч нерседен кем болбой чонойуптур,
Жогорку окуу жайына окутуптур, багып алган апасы каза болуп калыптыр, ал экообуз биринчи таанышканда мага таарынычын айтты, мен да ал кезде жаш кыз элем эч нерсени тушунбогон колумдан эмне келмек эле дедим, апам менен конбой атып аран таанышты дилинде дагы деле апамды куноолоп келет, бирок апамын жакшы жашоодо жашасын деп колунда бар кишилерге берип жибергенин тушунгусу келбейт, ач калсам дагы жанынызда чонойсом болмок деп таарынат, бирок анда экообуз кайсыл кунду кормокпуз, мен кыйналып ыйлап жургон кездеримде бала кыял болуп аны кутоор элем, келип мени ушул азаптардан куткарчудай сезилчу. Биз бирге чонойбогонубуз учун жат кишидей эле мамиле кылат. Катташып журдук аялы учунчу кызын торогондо ажырашып кетишти эркек торобойсун деген таарынч менен. Кийин Россияга кетип башкага уйлонуп алды деп уктук, бир куну соц тармактардын биринен жазсам, мен силерсиз эле чонойгом, силерсиз деле жашоом отот, сендей бир тууганым жок деп кара тизмеге кошуп койду, журогум канап аран таап умут кылган бир тууганымды экинчи жолу жоготуп алдым. Кантсе да каныбыз бир, бир жатынды жарып чыккан уялаш элек, таянар тоом деп аны тапканда Жан дуйном жарылып озгочо бактылуу болдум эле. Эми ал да жок, сагынам, ал мени чанса да мен аны жакшы кором, кайда болсо да аман болсо экен деп кудайдан тилейм, кыздары эжелеп чалып калса журогум кабынан чыкчудай турсулдойт.
Озубуз эне ата мееримине зар болдук, бирок менин медер туткан бир тууганым акылсыздык кылды, кыздарын атасыз таштап кетти.
#11 21 Сентябрь 2018 - 00:06
#12 21 Сентябрь 2018 - 00:41
#13 21 Сентябрь 2018 - 01:37
Тооба , чындап эле ушул заманда болгон окуябы , тобо чачынды тик тургузатко , кичинекей кызды байлап урат деген эмне кеп ? Тайэнесинеда тан калдым аябай , бирок негизи апанда куноонун баары , 2 баласы турса эрге эмнеге тиет тооба , бирин сптып бирин жаланкычка таштап.
#14 21 Сентябрь 2018 - 01:42
ох ий окуп буткучо журогум сыгылып кетти. айдын он беши карангы он беши жарык дейт го. Бактылуу кундорун алдыда жакшылыктан умут узбо
Турмуш- бул чоон мектеп!
#15 21 Сентябрь 2018 - 03:46
Bazana (21 Сентябрь 2018 - 01:37) жазган:
Тооба , чындап эле ушул заманда болгон окуябы , тобо чачынды тик тургузатко , кичинекей кызды байлап урат деген эмне кеп ? Тайэнесинеда тан калдым аябай , бирок негизи апанда куноонун баары , 2 баласы турса эрге эмнеге тиет тооба , бирин сптып бирин жаланкычка таштап.
Тилекке каршы мен апамды куноологум келбейт балким ошол жаныдан союз тараган мезгилдери, элдер бираз маныроо болсо керек, огой таенебиздин кийгилишуусу менен инимди беришкен экен, ошонун туугандарына, азыр ал тайенебиз ажырашып кеткен 5,6 жвл болду, таятам апамын колунда
#16 21 Сентябрь 2018 - 05:40
Эххх, аябай Жан дуйнонуз ыйлап жазгансызго.
.. Мен жон гана Алладан сизге Бакыт каалайм. Ылайым кооп балалуу, мээримдуу жолдоштуу болуп , бакытка балкып жашаныз.
#17 21 Сентябрь 2018 - 08:43
Жоок. 98-жылы мектепке барса автор азыр 27жашта болуш керек.
#20 21 Сентябрь 2018 - 15:03