Машина алар орун алаар менен зуулдап жөнөдү. Ошол убакта Айымды издетип посттордо текшерүү жүрүп жаткан. Кубандын шериктери ар бир постто бар болчу. Алар Зулфия бара жаткан машинаны өткөрүп жиберип жатты. Бир маалда Айым суу ичем дегенде Зулфия ушуну эле күтүп тургандай даярдап алган ак сууну сумкасынан алды да, кружкага куюп, уйку дарыдан кошуп койду. Сууну ичкенден кийин кыз бир аз божурап, андан кийин уйкуга кетти. Жанын оозуна тиштеген Зулфия кармалып калбасам экен деп коркуп баратты. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан өтө бергенде жол боюнан төрт-беш формачандар машинаны токтотту. Айдоочунун документтерин текшерип бүтүп, салонго баш бакты. Уктап жаткан кызды көрүп арыта турган шериктерин чакырып өздөрүнчө сүйлөшө кетишти да рация менен башка жакка кабарлашты.
Машинаны жолдун четине айдап чыга тур дегендей белги бергенде жол жээгине айдамыш болуп туруп, зуу койду. Айдоочу Кубан менен байланышып,
аларга окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#62 07 Август 2012 - 22:59
Эх бүтүп калды!Рахмат сага!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#63 08 Август 2012 - 01:23
- Дарегиңерди бергиле да, машинаны таштап, бизди күткүлө! - деди Кубан телефондон.
Айдоочу машинени көчөлөрдүн бирине таштап, номерин чечип алды. Мейманкана аталган менчик үйгө жайгашышып,
Кубанга кайра телефон чалып, дарегин так берди. Күн кечтеп, Айым да ойгонуп калды:
- Биз үйгө качан жетебиз? - деди кыз ыйламсырап.
- Азыр кызым, машина бузулуп калбадыбы.
- Качан оңдолот?
- Азыр оңдолот, бир аз күтө туралы...
Алар антип-минтип татаал тагдырдын табышмактуу мүнөттөрүнөн жакшылыкты күтүп, ар кимиси ар жерде ойлуу жата беришти. Кичинекей Айым да: "булар мени эмнеге үйүмө алып барбай жатат, шашпасын, папама жетсем элеби" деп өзүнчө кыялга батып, табышмактуу чөйрөгө жини келип жатты. Анткени Айым Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бирин иштеткен бизнесмендин небереси эле. Алар күнү-түнү милициялардын жанын койбой издетүү жүргүзүп жаткан.

#64 08 Август 2012 - 01:34
Түн бир оокумда дарек боюнча Кубан бир машина менен кошо кичинекей сандык ала келди. Ага Айымды уктатып, тумчугуп калбагыдай кылып салышты да, Кубан кайра Бишкекке, Зулфия менен айдоочу аэропортту көздөй шашылыш жөнөштү. Анткени аэропорттон аны күтүп клиенттер келишмек. Ага жетпей калса иш бүттү. Зуулдаган машина көз ачып жумганча аэропортко жете келди. Аларды күтүп жаткан клиенттер менен шаардын четине чыгып, кызды алып, Зулфиянын колуна бир дипломат карматты. Дипломатты машинанын артына коюп, Зулфия кийимдерин чече баштады. Маска менен кийимдерди сумкага салып бекитти да, чыкыя кийинип, көз айнекти тагынып алганда айдоочу таң кала күзгүдөн карап койду. Машинасын айдап, шаарды көздөй жөнөдү. Зуулдаган бойдон Казакстандан чыгып, тез эле Бишкекке жете келишти. Кубан аларды күтүп турган. Айдоочунун акысын берип, Зулфияны машинасына салып алып анын үйүнө келишти. Алар келгенде Наргиза менен Зарылбек ойноп олтурган.
- Бүгүн бир тойлойлу, базардан майда-чүйдө алып келсек кантет? Эгер макул болсоң мен эс ала берейин, сен барып алып келе кал, - деди Кубан Зулфияга.
- Чогуу эле барып келели. Үйгө да майда-чүйдө алып алайын сен барда, машине менен келип калат.
- Макул алтыным, сенин ийгиликтүү ишиң үчүн бүгүн тилиңди албасам болбойт.
Дарбазаны ачып, кайрадан экөө машинага отурушуп базарга жөнөштү. Кубан машинада калып, Зулфия базарга кирип, бир сааттай убакыттан кийин бир тачка менен толо азык-түлүк алып жетип келди.
Үйгө келип, дасторконду жайнатып, коньяктан соктуруп коюшуп, сүйлөшүп олтурушту.
- Эң сонун иш болду. Ак жолтой болдуң, эми бала табыш үчүн сага машина керек, мындан ары сен бала таап берип турасың, макулбу?
- Өтө кыйын экен, өз жанымды ойлобой эле мынабу экөөнү ойлоп жаттым. Эгер колго түшсөм мен го өз азабымды тартып жата берем, бул экөө эмне болот?
- Анын бетин ары кылсын, бул өтө чоң операция болду. Анткени сен энесиң да, "неберем болот" деп коюп өтүп кетсең болот.
- Ошентсе да кыйын экен. Айрыкча издөө жүрүп жатканда.
Алар акчаны бөлүп алышып, анан Кубан дагы ашыкча эки пачка долларды кошуп берди.
- Бул менин сага берген сыйлыгым.
- Рахмат! - деген Зулфия ага кылгыра карап койду.
Наргиза менен Зарылбек ички бөлмөгө жатышты. Кубан менен Зулфиянын кайсыл маалда жатканын же жатпаганын ал билген деле жок. Тек гана өзүнүн багына ушундай бай аял жолугуп, кыз кылып алганына сүйүнүп жүргөн. Ал эми Кубан менен Зулфия алар уктагандан кийин саунага заказ берип коюп, түн жарымында келишти. Кубан сырттан эле кетти. Кетип жатып:
- Зоичка, мен эми көптө келем, иш чыкканда. Эгер сен "жанагындай" таап калсаң дароо коңгуроо кыл, - деди.
Ичинен кыжыры келип, Анипа экөөнүн жүргөнүн элестетип атса да токтоолук кыла: "шашпайын, дагы эмне болоор экен, шашкан шайтандын иши" - деди. Кубандын артынан көпкө карап туруп, үйүн көздөй басты.

#65 08 Август 2012 - 02:08
Зулфия эртеси чыкыя кийинип, Зарылбекти да, Наргизаны да жакшынакай кийинтип алып, базарга барып тандап жүрүп эки килем алды. Наргизага да эки сыйра, кышкы кийимин кошо алып берип үйгө кайтышты.
Күндөн күнгө Зарылбек Наргизага ыктап, аны эжелеп жанынан чыгарбайт. Наргиза дагы Зарылбекти жанындай көрүп, эркелетип турат. Бир күнү Наргиза Зарылбекти ойнотуп жүрүп кайра келе жатышса дарбазанын жанында Анипа турган экен. Аны көргөн Наргиза байкамаксан болуп кирип кетерде:
- Чоң, кыз, токтой турсаң! - деди ал.
- Мени айтып жатасызбы? - Наргиза таң кала сурап калды.
- Ооба, ооба, токтой турчу! - деди да, жетип келип Зарылбекти кучактап бетинен өпкүлөп, ыйлап жатканда Зулфия чыга калды. Ал ушул саам өзүн абдан токтоо кармады.
- Эжекебай, мени кечирип койчу, мен... мен энемин да, чыдай албай эле... мен кетем, сиздин эле балаңыз! - деп артын көздөй басаарда Зулфия:
- Ыйлаба Анипа, ыйлаба, эне экениңди эми түшүндүңбү? Мен сенин ушинтеринди ошондо эле билгем. Сен ал үчүн күнөөлүү эмессиң! Үйгө кир, жакшылап сүйлөшөлү.
Анипа унчукпай Зулфияны жал-жал карап үйгө кирди. Үйгө киргенден кийин Зулфия анын астына чай коюп, тамак жасап сыйлады.
- Анипа, келип-кетип тур. Баланы эч качан сенден талашпайм, экөөбүздүн балабыз болсун.
Зулфия андан ары эчтеме дебей туруп калды. Анипа ыйлап-ыйлап, анан көз жашы түгөнгөндөй унчукпай отуруп калды.
- Рахмат эже, мен келип турам, - деди да чыгып кетти. Зулфия көз жашын төгүп отуруп калды. Эмне болуп кеткенине көзү жетпей карап турган Наргиза:
- Апаке, эмне болду, ыйлабаңызчы, мен аны тааныбай эле токто дегенинен токтоп калгам, - деди.
- Эчтеке эмес кызым, келбей турган учуру келет, ага чейин келип турсун.
Зарылбек болсо эч нерсе менен иши жок.
- Апа, апа дейм, - дегенден башкага тили да келбей жанында жүрөт. Айланчыктаган экөөнү көргөн Зулфия аларга жүрөгү элжиреп, эмелеки ызасы тарап кеткендей.
- Садагаларым, эрмектерим десе, эртең айылга, таятаңдарга барып келбесек чарчап кеттим бул жашоодон, баарынан тажап баратам. Эртеси ата-энесине бир сыйра кийим кылып, белек-бечкегин кошо алып, такси жалдап, айылга жөнөдү. Алар Зулфияны кубанып тосуп алышты. Зулфия алып барган кымбат баалуу кийимдерди көргөн ата-энеси кошуна-колоңун чакырып, шаардан барган базарлыктан ооз тийгизип, кызын мактап жатышты.
Зулфия айылда бир жумадан ашык жүрдү. Сагынычтары тараганда шаарга кайтты. Аны ата-энеси узатып кала берди.
Айымды издөөнүн аягы сууп, үмүт үзүлүп, ал жөнүндө рекламалар токтоп, унутула баштаганда Зулфия Кубанды телефон аркылуу чакырып алды.
- Кубан, сени чакырганымдын жөнү - мен машина алсамбы деп жатам, - деди.
- Эң сонун болот, бирок сен алдын ала айдоочулук курсун бүтүрүп, права алып албасаң айдай албайсың, алты ай окуп ал андан көрө.
- Макул анда, окуп алып праваны алганча жыл өтөт экен да ээ?
- Туура, убакыт өтөт, бирок сен баарын үйрөнүп алсаң, өзүңө жакшы да.
- Анда болуптур, - деген Зулфия Кубанды сырдуу карады. Анын эмне каалап жатканын Кубан илгиртпей түшүндү.
- Эмне, бүгүн түнөп кет дегени турасыңбы? - деди.
- Өзүң бил, сен го аялың бар, кааласаң келинкыздарга барасың. Мен байкушту айтсаң... же уруксат бер, мен да өзүмө ылайык бирөөнү таап алып жашайын.
- Кел, төшөк салчы, көп сүйлөбөй. Сен менен беш жыл убакыттан бери эрди-катындай болуп келе жатам. Кыскасы эмнеден кем кылдым - баары бар, айтчы, эмнең кем?!
- Ошон үчүн башка бирөөнү жолотпой жүрбөймүнбү, кеткен боюнча жоголуп кетпей тез-тез келип турсаң боло!
- Келем, сенден ажырабай калайын, деги ниетиңди башкага бура көрбө!?
Зулфия айдоочулук курска кирип окуй баштады. Эгерде машина алып калса бирөөгө жалдырамак беле. Ал Кубандын айтканын туура көрүп, айдоочулук курсту бүтүп права алды. Машина алаар күнү Кубанды чакырып, машина базарга жөнөштү.

#66 08 Август 2012 - 02:29
Эл көп, кыжылдаган базарда машинанын түрү толтура. Кубан аркы четте турган кызыл иномарканын жанына барып ээси экөө баалашып, Зулфия акчасын санап берип, машинаны айдап чыгып кетишти. Документтерин жасатып, ал күнү кечке Кубан менен Зулфия машинаны "жууп" көпкө чейин олтурушту. Кубан кетмек болгондо Зулфия кетиргиси келбеди.
- Бүгүн кетпей эле койбойсуңбу?
- Жок алтыным, барышым керек, бүгүн аялымдын төркүндөрү келмек.
- Анда макул, качан келесиң?
- Аны айта албайм, бирок өзүм кол бошогондо келип калышым мүмкүн.
- Жакшы бар.
- Болуптур анда, - Кубан машинасын айдап чыгып кеткенден кийин Зулфия дарбазаны бекитип, анан алган машинасын бир сыйра карап айланып чыкты. Ушул азыркы кубанычын толук бөлүшүп жанында болбой, минтип кетип калган Кубанга ызырынып алды.
Эртеси Зулфия Зарылбек менен Наргизаны машинага салып алып шаар кыдырып ойнотуп, кечке чейин жүрүштү. Алган машинасы Зулфия үчүн самолеттон кем эмес эле. Кыялында Жаныш жанында болсо, балдарын салып алып ойноп жүрүшсө. "Өхү, - деп алды Зулфия, - ушунуңа шүгүрчү". Көптөн бери ал Жанышынын элеси менен сүйлөшпөй калбадыбы.
Ар кандай ойлор менен алпурушуп отуруп үйүнө жетип келгенин да байкабай калды.
- Кызым, экөөң уйкуң келсе уктай бергиле, мен анан... - деди да подвалга карай жөнөдү. Негедир ушул кезде калтырап корккондой сезимге дуушар болду. Тепкичтен түшүп, анан текчедеги коробкага жетип аны алганда гана өзүнө келип чыйрала түштү. Колуна баш сөөктү алып аны карай сүйлөп кирди:
- Менин азыр кубанычымды тең бөлүшөөр эч кимим жок, билдиңби? Сен болсо минтип колумда сөөк болуп турасың. Илгерки хандар баш сөөктөн шарап иччү идиш жасатышчу экен. А мен сени жөн гана чарчаганда, ызаланганда сырдашым катары алып жүрөм. Көрдүңбү сени кандай сүйөрүмдү, - Зулфия ойлуу олтуруп калды, - анан менин күнөөм - төрөбөгөндүгүм, аны билип, туюп эле жүргөм. Ошол мен айтканда эле биротоло ажырашып кетсең эмне? Өкүнөм өз кылган ишиме... - Ал ыйлап жатты.
Түн бир оокум болгон кезде баш сөөктү кайра акка ороп туруп ордуна койду. Жогору көтөрүлүп, жертөлөнүн оозун жик билгизбей бекитти да, уйкуга кетти.
Кылаар иши жок, акча деген бар, эмне кылсам экен деп ойлонуп, акыры чочконун торопойлорунан алып келип бага баштады. Зулфияга эрмек табылды. Аларга жем-чөп берет, кыскасы эрикпейт. Баласы жанында ойноп, кызы тамак-ашын жасап, бардыгы жай-жайы менен өтүп жатты.

#67 08 Август 2012 - 02:35
Бир күнү жолдо машинеси менен баратып Кубан менен Анипанын колтукташып баратканын көрүп калды. Аларды карайм деп алаксып кеткен Зулфия аз жерден алдындагы автобуска урунуп ала жаздады. Машинесин жолдон обочороок токтотуп, эки жакты карап аларды таппай калды. Үйүнө кыжаалат болуп кайтты. "Шашпагыла,
шүмшүктөр!
" деп алды. Анипа баягы бойдон келе элек, дагы бир келерсиң деген Зулфия аны көзүнө көрүнсө атып салгысы келип турду.
Ошондон көп өтпөй эле Зулфия үйүндө жокто Анипа келип калды.

#68 08 Август 2012 - 03:03
Аны Наргиза үйгө киргизип чай берип отурган маалда Зулфия келип калды. "Ажал айдап келген экен" - деп койду ичинен. Эч сыр билгизбей учурашып, алжай сурашты.
- Ии, Анипа, кандай, көрүнбөй да кеттиң, келбей койдуң, кыйналбай-кысталбай эле жүрөсүңбү?
- Ооба эжеке, жакшы эле, баары жайында.
- Деги турмушка чыгайын деген оюң барбы, жаш эмессиңби, ушундайда күйөөгө чыгып алсаң болмок.
- Билбейм эже, бирөө бар, анын үй-бүлөсү бар экен.
- Ким деген, эмне болуп иштейт экен, деги сени кор кылбай багып ала турган эмеби?
- Милиция болуп иштейт, эгер макул десең үйбүлөмдү таштайм деп жатат, - Анипа эч нерседен тартынбай эле айтып кирди, - үй сатып алабыз деп жатат.
- Берки үйдү саттыңбы?
- Жок, аны саткан деле жокмун, квартирант жашап жатат.
- Ал үй кимдин наамында?
- Менин...
- Ий-ии, жакшы экен. Баса, Анипа, эгер бош болсоң машина менен сени бир ойнотуп келейин, жүрү!
- Жок эже, бүгүн эмес, бүгүн кеч кирип калды, анын үстүнө бир жакка бармакмын.
- Жетишесиң, жүрү, - деди Зулфия жини келгендей. Машинага олтурду да, Анипаны олтур дегендей ишарат кылып каалгасын ачты. Ал кыйылып туруп түштү. "Ким эле өлүмгө өз макулдугу менен келсин" - деди ичинен Зулфия. Машинасын жол боюндагы кафелердин бирине токтотту да, ичкери кирип жайланышып, тамакка заказ беришти. Бир бөтөлкө "Черные глаза" виносун алып кичинеден ууртап коюп, сүйлөшүп олтурушту.
- Анипа, ачыгын айтчы, сүйлөшкөн адамыңдын аты ким, эгер мен таанысам ага айтайын, сенин бактылуу болушуңду гана каалайм.
- Кубан...
- Да-аа. - Зулфиянын жүрөгү "зырп" этти: "Демек буга үйлөнөйүн деп жаткан экен да", - мен аны тааныбайт экенмин, - деген Зулфия ичинен "азыр эмес, эмкиде жайласамбы? Жок, жок, эмкиге калтырууга болбойт!" деп ойлоду.
Зулфия менен Анипа орундарынан туруп эшикке чыкканда саат кечки тогуздар чамасы болуп, иңир кирип калган эле. Машинага олтурганда Анипа:
- Эже, мен кечигип жатам, - деди чыйпылыктап.
- Эчтеке эмес, азыр мен сени жеткирип койом...
Анипа унчукпай олтуруп калды. Бирок зыпылдаган машина түндү жарып кайда кетип баратканын Анипа баамдай албай баратты. Анткени вино ичип алганга анын көзү алачакмактап бара жаткан.

#69 08 Август 2012 - 03:15
Бир кезде машина бактын ичине токтоп, Зулфия жерге түштү да, ары көздөй басып жанатан даярдап алган бычагын колуна кармап: "Ээ, Кудай, кечире көр, дагы бир адамды өлтүргөнү турам, мен эмес өзү күнөөлүү, ал дайыма менин жолума бөгөт болуп, менин бактымды талашып жатпайбы..."
- деп күбүрөндү. Аңгыча артынан келген Анипа:
- Эже, мен кызып калдым окшойт, бул жакка эмнеге келдик, үйгө барайынчы эжекебай, жүрөгүм элбе-делбе болуп коркуп жатам.
- Эмнеге коркуп жатасың, менденби? - Зулфия күлүп койду.
- Жок, жок, сизден коркуп эмне... Жөн эле жүрөгүм ойноктоп, коркунуч ээлеп алды дилимди.
- Анипа, айтчы, качан мага жолтоо болгонуңду койосуң?
- Эмне? Эмне дейсиз, жолтоо болуп дейсизби?
- Ооба, жолтоо болуп жатасың. Ар убак менин бактымды талашып туруп алдың!
- Мен эч нерсеге түшүнбөй жатам, эже.
- Түшүнбөсөң түшүнүп ал: Жанышты менден сен алыстаттыңбы?
- А-аа, кечирип коюңузчу эжекебай, мен... - ал мукактана сөз айталбай туруп калды.
Ансайын Зулфия кыжыры кайнап, жини келип Анипаны ийинден тарта өзүнө каратты.
- Кубанчы, ал дагы менин азыркы кездеги жан жыргалым, сүйгөнүм болчу. Эми аны да менден тартып алдың!
- К-к-кантип? Чын элеби? Мен аны билген эмесмин да, - Анипа көздөрүн алайта коркконунан Зулфияны кучактайын дегенде ал аны түртүп жиберди.
- Жолобо канчык! Жаныма жолобогун, мен эми сени Жаныштын жанына өз колум менен жиберем, Кубан мени менен калат, уктуңбу?! - көздөрүнөн заар чачыраткан Зулфия Анипага жакындай бергенде ал нес болгондой качууну да ойлобой тура берди. - Билсең, Жанышты ушул колум менен мен жайлагам, эми сени да жайлайм. Менден эми тирүү кутулам деп ойлобой эле кой!
Ошондо гана эмеле ичкен виносунун кызуусу тарап, заматта соо боло түшкөн Анипа Зулфияга жалынып-жалбарып кирди:
- Эже, эжекебай, мени өлтүрө көрбөңүз. Мен жашмын, жашагым келет, - ыйлап жиберди.
- Жашагың келсе тим жүрбөйт белең, менин бактыма жолтоо болбой. Жок, мен сени тирүү койо бербеймин!
Ал кетенчиктеп качып бара жаткан Анипаны жетип барып кармаганда тигил эч үн чыгарбай коркконунан калтырап туруп калды.
- Жан ширин, жашоо кызык, сен аны жакшы билесиң. Үнүңдү чыгарба. Сен Зарылбекти да менден бир кезде тартып алууга аракет кылышың мүмкүн.
- Жо-ок эжекебай, атыңызды атап, жолуңуздан чыкпай калайын, өлтүрө көрбөңүз!
- Чын элеби, атымды атабайсыңбы? - деген Зулфия калтырап-титиреп турган Анипага жини келе карап туруп бычакты шилтегенин билбей калды.
"Ык" дей түшүп өзүнө карай шалак бой таштаган Анипа ичин баса бир нерсе дегенге алы келбей:
- Эж-же, м-ме-ни өлт-үрб-бөң- үз! - деп барып жыгылып калды. Зулфия Анипаны ошол жерге таштап коюп, машинанын жанына келди да, колундагы бычакты эстей калып жерди чукуп бычакты көөмп, үстүнө чөп-чардан таштап, машинасына олтуруп жөнөп кетти. Анипа чала жан болуп кансырап жаткан болчу.

#70 08 Август 2012 - 06:47
Зулфия үйүнө келсе балдары эчак уктап калышыптыр.
Шырп алдырбай үйгө кирип ички үйүнө өттү да, жертөлөгө түшүп, коробкадагы башты алды.
- Жаныш, кечирип кой, мен анык канкор болдум. Бирок өзүңөр күнөөлүүсүңөр. Анткени өзүңөр мени кылмышка түртүп жатпайсыңарбы. .. Деги түшүмө да кирип койбойсуң, же Анипаны менден артык сүйдүң беле? - ал сустая түшүп, анан, - эгер аны ошончолук сүйгөн болсоң бүгүн аны сага жөнөттүм, тосуп ал, уктуңбу, тосуп ал!

#71 08 Август 2012 - 07:06
Зулфия мостойгон бойдон баш сөөктү кармап көпкө олтурду.
Ошондон үч-төрт күн өткөндөн кийин Кубан келип калды. Кабагы бүркөө. Зулфияга негедир бугун чыгарып, сырын айткысы келип мындай деди:
- Зоя. Зоичка, мен азыр күйүттүүмүн, менин күйүтүмдү кошо бөлүшө аласыңбы, билбейм...
- Күйүт, күйүт дейсиңби? Деги бала-чакаң аманбы?... - Зулфия билмексенге салып сурады.
- Ооба, күйүтүм күчтүү, сен мени кызганбачы, сен экөөбүз башында ойнош, дос катары жүрөбүз деп сүйлөшпөдүк беле, туурабы?
- Туура, эсимден чыга элек.
- Мен бала кезде жолукпаган сүйүүгө эми, кырктан ашканда жолугуп, дүйнөм түгөл, ал тургай үйбүлөм менен да ажырашайын деп жаткам.
- Ошончолук эле бала-чакаңды таштоого мажбур кылып, эс-акылыңды алып алдастаткан аял кандай аял болду экен, деги эмнеси болсо да абдан бактылуу экен, ээ? - Зулфия Кубанды ызалуу, кекке толгон көз карашы менен сынай карады.
- Антип менин сыздап турган жүрөгүмдү оорута көрбөчү, кудай жалгагыр, ал деле сен окшогон эле аял, болгону мен аны чын дилим менен жакшы көрүп калган элем, кыскасы сүйгөн элем...
- Аа, аа, сүйгөм дечи?! Бир кезде Жаныштын барында эле менин да артымдан жүгүрүп, өпкө-жүрөгүңдү чаап жүргөн элең, көрсө эркектер ошондой калк турбайсыңарбы? !
- Табаласаң табала, кызгансаң кызган, мен аны чын дилим, чын жүрөгүм менен сүйүп калгам, эми баары бүттү, ал жок, ал жок, уктуңбу? Аны бирөөлөр өлтүрүп кетишиптир!
- Койчу, чын элеби?
- Эмне, мен сага калп айтып жүрдүм беле?
- Жаман болуптур, мен сени эмнеге табаламак элем, курган жүрөк эски досту кыйбай жатканы го...
- Ошондой, Зайка, мен азыр кан жутуп олтурам, билсең. Ал байкуш абдан жаш эле да, аны эмнеге, кайсы күнөөсү үчүн өлтүргөнүн билбейм, ал өзү да жетим болчу.
- Издеп жатасыңарбы анан? - Зулфия бир аз сумсая, чындап кабатыр болгон адамдай сурап койду.
- Издеп жатабыз, кокус кармалып калса өз колум менен атып салат элем, табылбай кетсе арга канча.
- Кой эми, олтуруп тамактан, күйүтүңдү жүрөгүм менен сезип, кошо бөлүшөйүн. - Зулфия дасторкон жайып, арыдан бери үстүн толтуруп жиберди.
- Жүрөккө эч нерсе барбай турат, андан көрө төшөк эле сал, эс алалы.
Зулфия алып келген тамактан бираз ичип, анан кыңкая жата кетти. Арыдан бери төшөк салып, эс алууга киришти.
Эртеси Кубан ордунан туруп сыртка чыгып жуунуп келди да, Зулфияны ойготууну ойлоп эңкейгенде ал ойгоо эле. Бираз жаткан жеринен эркелетип, бетинен өөп, анан:
- Зайка, мага капа болбочу, сен менин эс алуучу жайым, чаңкаганда суусунумду кандырчу булагым экениңди унутпа, сага мен кубанганда кубанчымды, кайгырганда кайгымды бөлүшөт деп келем, сырдашаар ак барагым, муңумду айтаар курдашымсың билсең. Мен сени эч кимге, эч бир аялга алмашпайм!
- Ха, ха-ха! Чын элеби? Бир кезде Жаныш да ушинтип айтчу, алмашмак тургай менден биротоло караанын көрсөтпөй кетип калбады беле? - Зулфия ойлуу улутунуп алды. - А сен кимсиң, өзүң каалаган гана кезде көңүлүңдү көтөрүп эс алуу үчүн, кумарыңды кандыруу үчүн гана келесиң, а менин эмнени самаарымды, эркектен эмнени күтөөрүмдү билбейсиң, билсеңер да билгиңер келбейт, эркектер.
- Зайка, андай дебечи, кол бошобой калат чынында, кантип эле сени унутуп калмак элем, - Кубан Зулфияны кучактап өөп койду.
- Билесиңби, аялдар эркектен эмнени күтөт? Аларга силердин жалгыз гана алигиңердин кереги жок. Силердин жылуу кучагыңар, эркелетип сүйлөгөн жакшы сөзүңөр, аялга арналган мээримиңер керек. Аял канчалык оор турмуштан тажап, көңүлү чөгүп, жүрөгү ооруп турса да эркек кургур имере кучактап, элжиреп өөп, жылуу сөз айтып жубатып койсо баарын унутуп, бейпил турмушта жашап, кылымдар бою эч жамандык көрбөгөндөй момурай түшөт эмеспи.
- Алтыным, анын барын билем дечи, ошого убакыт болбой калган учурлар болот экен. Кечирип койчу, мындан ары тез-тез келип турам, - деген Кубан ордунан тура жөнөгөндө Зулфия ордунан туруп барып тамак-ашын койуп, дасторконго чакырды. Экөө бир топко чейин үн катпай тамактанышты да, Кубан кетүүгө кам урду.

#72 08 Август 2012 - 07:17
Зулфия Кубанды жөнөткөндөн кийин өзүнчө ойго батып көпкө-өө тунжурап отуруп калды: "Кудая тобо-оо, бу эркектер кызык эле калк болот тура, бирөөнө айткан эле сөзүн дагы бирөөнө кайталап, бир мүнөттүк жыргал үчүн кара жанын садага чаап ийүүгө да даяр. Жаныш да дал ушундай тажатма сөздөрү үчүн өз энчисин алды. Болбосо аны жанымдай жакшы көрчү эмес белем. Ошол кезде Кубан Жанышка билгизбей тийишип жаны калчу эмес, ал тургай бир-эки жолу ээн боло калганда: "Сени сүйүп калдым, Зоя, уктасам түшүмдөн, күндүзү эсимден кетпей койдуң, боор ооруп койсоң боло, мен деле адам баласымын го?" - дегеничи. Эми карасаң, "сүйүп калдым эле" деп уялбай айтып олтурганын.
Чала болот сага, мен эми сени эч качан күтпөймүн, ал тургай эркек аттууну жек көрүп калдым". Ызадан көздөрүнө жаш кылгыра ордунан турду да, жыйыла элек төшөккө жатып алып эчкирип ыйлап кирди.
Ошондон кийин Кубан көпкө келбей кетти. Зулфия аны эстеген сайын ичи өрт менен жалын болуп ого бетер ал кечиккен сайын туталана берди. Өмүрүнүн жалгыз өтүп жатканына, өзү ишенип дилин, бүт тулкусун арнаган адам минтип дагы башка бирөөнү, болгондо да Жаныштын аялын "сүйүп калдым" деп оозунан көк түтүн буркурап жатса кантип күйбөсүн. Канчалык аны көргүсү келбей ошол бойдон алыстап унуткусу келгени менен жалгыздык аны кимдир бирөөнү күтүүгө мажбурлап жатты. Сансыз ойлордун жетегинде термелип, кунарсыз өтүп жаткан күндөрүнө кайгырып жүргөн кезде кеч күүгүм ченде Кубан келди. Адегенде Зулфия аны анча кабыл алган жок, бирок эпилдеп-жепилдеп өөп, алды-үстүнө түшө калып, эч нерсе болбогондой жаркылдап кирген Кубанды көрүп аялдык кең пейил, кечиримдүүлүгү жеңип:

#74 08 Август 2012 - 17:55
- Кел, кел, деги аман-эсенсиңби,
сени эми көрбөймүн го деп ойлодум эле, анткени бая күнкү кайгы сени менден алыстатып салат деп жүргөн элем.
- Койсоңчу, Зоичка, ушундай арам ойду ойлобой жүрчү, жумуштан кол бошобой эле, анын үстүнө кылмышкер табылбай кетип бөөдө бир бечаранын убалына калып жатпайбы...
- Табылбай жатабы, издөө күчтүү болсо табылышы мүмкүн эле го, балким сенден башка дагы бирөө менен мамилеси болсо...
- Жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес болчу, анткени анын ишеничи менде күчтүү болчу, ал андайга барбайт эле да.
- А-аа, сен ага кудайыңдай эле ишенип калган экенсиң да, ээ? Көрсө сен аны менен күнү-түнү бирге болуп жанынан чыкпай калсаң керек?
- Ошондой десе да болот, себеби көпчүлүк убактымды ага бөлүүгө аракет кылчумун. Анткени ал жаш эле да. Зоя, сен ошону билсең.
- Билдим, түшүндүм, сенин аялың дагы, мен дагы картайып калбадыкпы, туура-туура, биз картайдык. - Зулфия улутунуп алды да, үйдү көздөй баштап кирди.
- Кеп анда деле эмес, чынында ал жетим болчу, жакын адамы да жок экен. Зулфия, ойлочу, бир бечараны бактылуу кылгым келген, сүйүүсүнө сүйүү менен жооп бергим келген...
- Туура кылгансың, бактылуу кыла бер!
- Табалабачы, эми ал жок болсо кимди бактылуу кылмак элем?
- Аялыңды, мени...
- Силер ансыз да бактылуусуңар, эмне, дагы эмне керек? Үй, машина, бала десе балаңар, ата-энеңер, күйөө, ойнош - баары-баары бар, эмне жетишпейт силерге, ыя?! - Кубан ачуулана кыйкырып сүйлөп кирди эле, Зулфия аны тикирейе карап койгондо унчукпай барып диванга олтуруп калды.
- Ооба-аа, баары бар дечи, ал эми менде сен айткандын экөө жетишпейт, биринчиси - күйөөм жок. Сен бирөөнүн эрисиң, каалаганда келесиң да, каалабасаң жок. Ал эми аялыңдыкы төрт тарабы кыбыла! Ал эми мен бирөөнүн баласына жалбарып олтурам.
- Койчу, Зулфия, мен сага келгенде эс алуу үчүн, сени менен чер жазып өзүмдү алаксытыш үчүн келсем эрди-катындай жаңжал кылчу болдуң да. Келчи, андан көрө эркелешип алалы, аны унутчу, ал бүтпөдүбү.
Зулфия унчукпай калды да, дасторкон жайып, чай алып келип Кубанга чай сунду. Экөө бир тынымга үнсүз олтуруп чай ичип олтурушту. Ортодо тынчтык өкүм сүрүп, чай кашыктын чыныга тийген шыңгыр үнү гана угулуп жатты.
- Келген экенсиң, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн деген элем, эгер менин оюмду туура көрсөң мындан ары экөөбүз жолукпай эле койолучу, мен ушу кезде баарынан тажадым, азыр мага эч нерсенин кереги жок болуп калды...
- Зайка, жаным десе, антпечи. Кантип мен сенден алыстайм, айтсаң?! Эч кандай мүмкүн эмес, мен сени эч кимге бербеймин! - Кубан тура калып, Зулфияны кучактап өөп, так көтөрүп алып диванга жаткырды да: - Же сен бирөөнү таап алдыңбы?
- Тапса эмне экен, же мен такыр эле эч кимге керек эмесминби, же эркектер жактыргыдай аял эмес бекенмин?
- Бас жаагыңды, менин көзүмдүн тирүүсүндө эч кандай эркек басып келиши керек эмес бул үйгө, мен гана келем, уктуңбу? Кокус чоочун эркектин жыты эле билинсе менден жакшылык күтпө! - Кубан ордунан туруп барып чылым күйгүзүп, ары-бери басып ачуусун токтото албай жатты.

#75 08 Август 2012 - 18:24
- Ха-ха-ха, "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" деген ушул да, жалгыз сени күтүп олтуруп, мен үчүн күн өтүп, таң атмагы кыйын болуп жатканы баары бир экен да сага, ээ?
- Балдарыңды алып келип алсаң таң атканын деле билбей каласың.
- Балдар кайда качмак эле, алар го келет дечи, сенин ордуң башка экенин ушул кезге чейин сезе элексиңби, ыя?
- Болду, башты оорута бербей ишиңди кыл, мага дагы бир бала керек, мындан ары только жаш балдар менен болот ишибиз. Анткени бизге ошондой тапшырма болду жогортон, баасы да кымбат.
- Жаш балдарды табыш кыйын экен, кокус колго түшүп калсам силер мени бошотуп албайсыңар да. Кандай кылышты билбей калдым, анткени кийинки күндөрү түшүмө Жаныш кирип абдан кыйналып жүрөм.
- Эч коркпо, алтыным, мен сени эч кимге, эч бир азапка салып берип басып кетпейм, эч качан коркпой иштей бер!
- Корккондо-коркпогондо эмнеси калды, кандай болгон күндө да кылмышкермин да, кылмышкерге баары бир эмеспи.
- Жок, андай дебе. Кыскасы, үч күндөн кийин келем, кыз-эркегинин айырмасы жок, беш жашка чейинки балдар болсо болду. Сөзсүз таап койгун!
- Болду-болду, айтканыңыз аткарылат. Эгер мүмкүн болсо, бул адамдардын тагдыры кандай болуп жатканын билсем жакшы болот эле...
- Тагдырыбы? Тагдырын, садагасы, мен да билбейм. Өз тагдырыбызды ойлойлучу, андан көрө ишиңди так аткар да, эмгегиңди алып, ханышанын жашоосундай жашоого магдырап жашай берсеңчи!
- Койдум-койдум эмесе, сөз бүттү.
- Бүрсүгүнү кечинде келем. - Кубан ордунан туруп баратып Зулфияны кучактап өөп койду да, сыртка чыгып машинасын айдап жөнөп кетти.
Зулфия бул саам кайдыгер гана анын артынан карап туруп эшигин жаап, үйүнө кирип кетти.
Зулфия шашылган жок, ал күнү да, эртеси да эч жакка чыкпады. Үчүнчү күн дегенде ал эртең менен эрте туруп тамактангандан кийин шашпай кийинди да, арткы эшик менен базарды көздөй чыгып жөнөдү.
Базарга келгенден кийин ал алчуларын алды да, акырын эки жакка көз салып бара жатып, аркы-терки өтүп жаткан элдин арасында бир кичинекей бала эки жагын карап бирөөнү издеп элеңдеп турганынан, анын адашып калганын байкай койду да, ага жетип барды.

#76 08 Август 2012 - 18:44
- Уулум, кимди издеп жатасың? - деп Зулфия андан сурай бергенде көздөрү жашылданып ыйлайын деп калган бала аны жалт карады.
- Апамды-ыы, - ал ыйлап жиберди. - азыр эле бул жерде турган, таппай жатам.
- Анда жүрү, апаң менин сиңдим болот, мени ээрчитип кел деген эле, жүрү жүрө гой тезирээк.
- А сиз ким болосуз?
- Менби, мен сенин апаңдын эжеси болом, тигил жерден жолугуп алып мага сени дайындаган.
Зулфия баланы колдон ала жетелеп жөнөгөндө ал дагы тарткынчыктабай ээрчип жөнөдү. Алар базардан ээрчишип чыгып калганда радиоузелден: "Урматтуу Ош базарынын меймандары жана кызматкерлери! Үч-төрт жаштагы бала ата-энесинен адашып калды, көрүп калгандар болсо радиоузелге кабарлап койсоңуздар, ата-энеси күтүп жатат", деп жарыя берип калды. Ан сайын Зулфия баланы колдон бекем кармап тез-тез басып бара жатты. Базардан узап, ызы-чуу болгон эл суюлуп калганда бала негедир бир нерсе сезгендей:
- Сиз кайда апарасыз мени, биздин машинабыз бар болчу, атамдар машинага барган чыгаар?... - деп суроолуу жалдырай карады Зулфияны.
- Машинаңар кайда эле, билесиңби кай жерде токтогонун?
- Жо-ок.
- Анда мен бул жүктөрдү үйгө жеткирип коюп, анан үйүңө жеткирейин, мен силердин үйүңөрдү билем.
- Анда макул. - Кантсе да бала да, макул боло үндөбөй калды.
- Атыңды айтчы, берекем, атың ким эле?
- Азамат.
- Азамат? Өзүң да азамат бала экенсиң, ээ?
- Мени апам чо-оң жигит болуп калдың, ыйлабай жүр деген болчу.
- Апаңдын тилин алган акылдуу бала турбайсыңбы!
- Ооба.

#77 08 Август 2012 - 21:49
Алар ээрчише үйгө жетип келишти да, Зулфия жолдон бурулуп, үйдүн артындагы жашыруун эшик менен кирип, баланы оозгу бөлмөгө отургузуп туруп:
- Ушул жерде отуруп тур, ээ. Мен буларды үйгө киргизип, анан чыга калам, - деп колундагыларды ага көрсөтүп ички бөлмөгө кирип кетти да, кийимин чечинип кайра эч нерсе билмексен боло кирип келип:
- Ой-оой, жигит, кимдин баласысың, кайдан келдиң? - деди жайдарылана.
- Айбектин.
- Азамат бала турбайсыңбы.
- Ийи, - Азамат акырын жооп берип, эки көзү каалгада болуп жатты. - Мени үйүмө алып барам деген апа кана?
- А-аа, билбейт экемин кайда кеткенин, азыр машина келип сени үйүңө алып кетет.
- Караңгы болуп калсачы?
- Баары бир сени жеткирет, коркпо, ээ? Сен чоң жигит болуп калган турбайсыңбы.
- Корккон жокмун, атам мени коркок бала болбо деген болчу.
- Оо аз-замат, сен атаңын айтканын так аткарат турбайсыңбы, ыя?
- Ооба, мен жакшы баламын.
- Азамат десе, - Зулфия Азаматтын ыйлабай олтурганына ичинен кубанып: "Кубан эрте келип калгай эле", деп чыдамсыздык менен күтүп жатты.
Сыртка чыгып, кайра кирип тынчы кетип жатканда Кубан келип калды. Ал келип эле баланы көрүп сүйүнүп кетти да:
- Тезирээк баралы, ала кел дешти эле, - дегенде Азамат машинага өзү эле түшүп олтуруп калды.
Ичинен жым дей түшкөн Зулфия менен Кубан бири бирин көздөрүнөн түшүнүшүп эптеп эле ыйлатпай алып кетүүгө ашыгып жатышты.
- Жанагы кемпир кана, менин апамдын эжесимин дебеди беле? Ал эмнеге мени жеткирип келбейт?
- Анын жумушу чыгып калып шашылыш кетип калды, сөзсүз ал силердикине барат, азыр сени бул киши үйүңө жеткирет.
- Сиз биздин үйдү билесизби?
- Ооба, билбей анан, силердикине барып жүрбөйүмбү, же тааныбай жатасыңбы?
- Жок, тааныбайм.
- Кел анда таанышып алалы, менин атым Сейит, эми унутпайсыңбы?
Азаматты алаксытып кете берди. Зулфия турган ордунда биразга машинанын артынан карап турду да: "Балдарымды алып келишим керек, Наргизанын окуусу жакындап калды", деп ойлоп айылга жөнөө үчүн майда-барат алып келейин деп базарга барууну ойлоду да, анан үйгө кирди.
Ошол эле күнү Зулфия айылга барып ата-энесине жолугуп, уул-кызын кучактап өөп, кубанычка батып, ал күнү калып калды. Эртеси Наргиза менен Зарылбекти алып шаарды көздөй жөнөдү. Үйгө келгендин эртеси эле Кубан келди да, бардык иштин жакшы бүткөнү тууралуу кеп-сөз кылып келип, анан Зулфияга жылмая карады:
- Зоя, бул операциябыз дагы эң сонун бүттү. Кыскасы. бул иштердин баардыгында сенин эмгегиң чоң, ошон үчүн мына бул 10 миң доллар менен кошо бул француз арагын ала келдим. Ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн бүгүн бир ичип койолу, - деп бир тутам белинен буулган жашыл кагаздарды Зулфиянын колуна карматты.

#78 08 Август 2012 - 22:46
- Ох-хоо, куттуктайм,
эч кандай коркунуч болбой бүттүбү? - биразга томсоро ойлуу боло калып, - мен бара-бара чоң кылмышкер болуп баратам, кокус колго түшсөк өлүм жазага кетем го!
- Анын бетин ары кылсын, жаман ойлой бербечи, алтыным. Кылмышкермин деп ойлонбой жүр, биз жөн гана иштеп жатабыз, билесиңби, жашоо керек, жан багыш парз, ошол жашоону жакшы жашап өтүшүбүз керек...
- Түшүнөм дечи, бирок өзүмдүн кылмышкер экенимди ойлогондо түнү бою кирпик какпай таң атырчу болдум.
- Антип өзүңдү чөгөрө бербечи, алтыным. Кел бираз эс алып, анан кетейин, - Кубан төрдөгү диванга чалкалай отуруп калды. Зулфия бир заматта аны-мунусун алып келип, дасторкон үчтүн толтуруп жиберди.
Кубан менен Зулфия көпкө чейин аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, бираз кызып да калышты.
- Зойка, сага бир жаңылыкты айтып койушум керек, мындан ары сени менен башка бирөө иштешет. Менин мындан ары колум бошобойт.
- Эмне, мени ага биротоло өткөрүп бересиңби? - Зулфия аны сынай карады.
- Жок, аны менен тапшырма боюнча гана иштешесиң, ал эми өзүң менин гана энчимде каласың.
- Кайран эр десе, энчилеп алганын кара, жумуш боюнча гана деп жатканын, аның деги адам менен иштеше ала турган эмеби?
- Жумушка жаңы кирип жатат, ал эмне десе аткара бересиң, кылт этсе мага айтасың, башын жулуп алам.
- Оо кудай, тим эле мыкаачыга айланып бараткандайсың да, сага башын жулдуруп койуп ал да туруп бере койбос дейм.
- Кылт этсе эле сөзсүз айт, менин тапшырмам боюнча гана иштейт, менсиз шак жылбайт. Ал болгону аткарат, мен сени менен эсептешип турам.
- Болуптур, аны көрө жатаарбыз, али келелек адамдан кызганбай койо тур эми, же мени дөбөт издеген канчыкка окшотуп жатасыңбы?
- Койчу, жаным, дароо эле тескери алып кетесиң да. Макул анда, мен барайын.
- Эмне, түнөбөй эле кетесиңби?
- Эгер колум бошоп калса, эки күндөн кийин келем, ал эми азыр зарыл жумушум бар, саат төрткө жолугушаар жерге барышым керек.
- Жакшы бар анда.
- Давай, сөзсүз келем.
- Күтөм.

#79 08 Август 2012 - 23:40
Мен дагы кол кабыш кылайын деп келип калдым
Бири кем арман дүйнө...
#80 09 Август 2012 - 00:07
Кубан машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти. Зулфия эшигин бекитип, уйүнө кирди да, Наргизанын китеп окуп жатканын көрүп, өзү ашканага кирип тамак жасоого киришти.
Бай турмуш, жай турмуш кимди гана манчыркатпасын. Зулфия чынында абдан ак көнүл, боорукер аял болчу. Кээде ал өзүнүн кылган ишине жүрөгү ооруп, аябай жинденип алат да, өзүн-өзү сооротуп: "Өз кылмыштары башына жетти", деп ойлонуп алат. "А тиги наристелерчи? Ал эми тачкисттерчи? " - деп ойлонгондо жооп табалбай, өз суроосунан өзү кыйналып кетет.
Кубан болжогон күнү келип калды. Зулфия да аны жаркылдап жакшы тосуп алды. Дасторкондо эмне гана жок! Баарын жайнатып, дүйүм тамакты койуп алып күлүп-жайнап отурушту. Ушул убакта экөө тең чексиз бактылуу болуп, өмүр бою бирге жашап келаткан жубайлардай бир-бирине өнтөлөп жатышты.
Улам аз-аздап ичип отуруп, экөө тең кызып калды. Акыры жатаарга келгенде гана экөө ички үйгө кирип, спальныйга киришти. Бул убакта Наргиза менен Зарылбек уктап калышкан болчу. Зулфия спальныйга жетип эле жаткан бойдон уктап калды. Кубан да итабар кызый түшкөн, бирок ал эркек эмеспи, Зулфияга караганда сопсоодой эле.
Эртеси Кубан кетип баратып:
- Зоя, мен түштөн кийин баягы айткан адамды ээрчитип келем, үйдө бол, - деп коюп чыгып кетти.
Күткөн менен ал күнү Кубан келбеди. Зулфия абдан кыжаалат боло күтүп жатты. Кичинекейи эркелеп жанынан келип кайра-кайра былдырап жүрөгүн элжиретип жатса да, Зулфия мостоюп өзүнчө мерез болуп кыжаалат ойдон арылалбай жатса кантсин. Арадан уч күн өтсө да Кубан келбей кечикти. Наргизанын окуусу жакындап калгандыктан Зулфия ага кийим-кече алып берүүгө базарга жөнөдү. Наргиза Зулфиянын кымбат баалуу кийимдерди алып бергенине аябай кубанып, үйгө келгенден кийин ыраазылыгын билдирип эки бетинен алмак-салмак өөп жатты:
- Апаке. мен сизге ыраазымын, өз апам жок болсо да сизди менин маңдайыма жазып койгонуна кубанамын, менин багыма, Заки экөөбүздүн маңдайыбызда сиз эле аман болуңузчу!
- Берекем, ырыстарым десе, силер үчүн кара жанымды да аябай калайын.
Эне-бала ошентип өздөрүнчө мамыр-жумур болуп кубанычта отурганда дарбазанын коңгуроосу басылды.
- Берекелерим, буларды ал дагы, тигил уйгө киргиле, - деген Зулфия сыртка жөнөдү. Дарбазаны ачканда Кубан менен зыңкыя кийинген жаш жигит турган экен.
- Кел, келгиле.
- Келип калдык, - Кубан үйгө баштап жөнөдү.
- Киргиле, үйгө киргиле! - Зулфия Кубанды жылмая карады. - Эмне, машина сыртта эле калабы?
- Ооба, биз тез эле кетебиз, жумуш чачтан коп.