Адаттагы көрүнүш Атам дагы мас
экен. Аябай жиним келип, ачуума чыдабай
эшикти катуу жаап чыгып кетип калдым.
Адаттагыдай эле апам байкуш артыман чуркап
чыкты.
“Эми каякка барасың балам. Мени аясаң боло.
Ошол мас кургур сенин ачууңду түшүнмөк беле.
Кайра эле менин мээмди жейт эми” деп ыйлап
кирди. Башында апамды аяп жүргөнүм менен
азыр бул мага адаттагыдай эле көрүнүш болуп
калды. Жакшы эле апамды аяйын дейм, бирок,
атамдын да жанында олтуруу мүмкүн эмес
эле. Ал мага эч нерсе дебегени менен ушул
куракка келип алып, күн сайын ичип жүргөнү
жинимди келтирет. Досторумдун,
тааныштарымдын,
классташтарымдын алдында уяла берип эч
нерсем деле калбай калды. Үйдөн чыгып алып,
булардын баарын ойлонуп, кайра үйгө кирдим.
Сарай кирип алып кимдикине барсам, кайсы
досум менен сырдашып, сүйлөшүп келсем деп
ойлонуп олтуруп калдым. Алардыкына да бара
берип жадаттым окшойт, андан көрө атам
уктаганда үйгө кирип өз бөлмөмө уктайын. Ага
чейин бул жерде эле боло турайын деп, ойго
батып олтуруп калдым.
“Эмне үчүн ичет? Канчага чыгып калды?
Кыздары турмушка чыгып, неберелүү болуп
калса деле ушинтип жүрө береби? Баягыда
менин досторуман доолашып жатып, мектеп
курагындагы балдарга арак алдырып ичкени
кандай? Алардын алдында мен эми
мурдагыдай сүйлөй албай, басынып да
калдым. Эмнеге?” деп башымды мыкчып
олтурдум.
Канча жолу жолдо мас болуп жатканда, элдин
баары карап шылдың кылышты. Ошондо да
унчукпай башымды жерге салып эжем экөөбүз
сүйрөп келебиз. Мен го эркекмин. А эжем
байкушчу. Ал быйыл окууну аяктап жатат. Өзү
мектепте президент, үлгүлүү, сулуу окуучу.
Артынан бир топ жакшы жигиттер ээрчип
эмитен кол сурап келе баштаганы менен
атамдан уялып өзүбүздүн айылга тийбейм деп
шолоктоп ыйлат. Анын да классташтарынан,
ээрчип жүргөн жигиттеринен арак доолап ичет
экен. Канча жолу апама ыйлап келди ал
байкуш. Ортодо апам байкушка эле жаман
болду. Жаман адаттан чыгара албай
ал дагы кыйналат. Биздин үй-бүлө Атамдын
ичип кетишин да жакшы түшүнсө болот. Ооба,
башында ушинтип, өзүмдү алаксытып жүргөм.
Бирок, чоң, акылдуу, билимдүү эле киши
акылынан адашып, алкаш болуп кеткенин
түшүнүү кыйын эле. Өзү башынан эле спирт
ичимдиктерин жакшы көргөн атама
карындашымдын каза болуп калышы жөн гана
шылтоо болду десем деле жаңылышпаса керек.
Тескерисинче намыстаныш керек эле. Элден
деле ойлонсо болмок.
Үй-бүлөдө раматылык карындашымды
кошкондо 4 бир тууган элек. Улуу эжем чоң
окуу жайын кызыл диплом менен бүтүп жакшы
жерде иштеп, нарындык жигитке турмушка
чыгып, азыр бир баласы бар. Алар борбор
калаабызда туруп биз менен көп көрүшө
бербегендиктен атамдын жоруктарын билбей
деле калышты. Ошондуктан апам дагы экинчи
эжемди башка жакка эле турмушка чык деп
колдоп жатат. Улуу эжем өз оокаты менен
болуп, бизге чоң жардам кылып турат. Экинчи
эжем кыз болсо да менин жакын сырдашым.
Быйыл мектепти бүтөм, чоң окуу жайына
тапшырам деп кудуңдап жүргөн кези. Мен
болсо эки жылдан кийин борборго окууга
тапшырганы эжемдин
артынан кетем деп сүйүнүп жатам. Ал эми
кичүү карындашым үч жыл мурун
автокырсыкка кабылып, каза болуп калды. Ал
он жашта эле. Үчүнчү класстын босогосун жаңы
эле аттаган болчу. Атам мурда мектепте орус
тилинен сабак берип, мугалим болуп иштечү.
Ошол кырсыктан кийин жумушун таштап,
такыр эле ичкиликке берилип кетти. Апам
болсо үйдө баарыбызды баккан үй кожейкеси.
Шылтоо болгон кырсык Кичүү карындашымды
баардыгыбыз жакшы көрөт элек. Бардыгыбыз
бактылуу жашап жатканбыз. Атам аны өзгөчө
эркелетип, бардыгыбыздан башкача жакшы
көрчү. Ошентип бир күнү ал шаарга бара турган
болуп калып, карындашымды да мектебинен
уруксат сурап, өзү менен кошо алып кетти.
Алар шаарга кетип жатып, авто кырсыкка
учурашып, карындашыман айрылып
калыптырбыз.
Атам болсо эки кичине жаракат
алганы менен баары эле жакшы болуп, жок
дегенде атамдын аман калганына сүйүнүп
олтуруштан башка арга жок эле.
Карындашымдын каза болушу баардыгыбыз
үчүн чоң трагедия болду. Эч кимибиз ишене
алган жокпуз. Бир айдын ичинде балпайган
апам кадимкидей арыктап, көп ойлонуп, ыйлай
берип олуттуу кант оорусуна чалдыгып калды.
Ал оорунун айынан андан бетер арыктап кетти.
Атам болсо башында чүмкөнүп эле эч ким
менен сүйлөшпөй жатып алганы менен кийин
эки ай өтпөй көп иче баштады. Болгон окуяга
өзүн күнөөлөп, ичип алып көп сүйлөп, көп
ыйлачу болду. Башында макул деп унчукпай
жүрө берип арадан кантип эки жыл өтүп
кеткенин билбей калдык. Мектепке бат-бат
арак жыттанып барган атамды жумуштан да
кетирип салышты. Шылтоого шылтоо кошулуп,
атама көңүл айткан киши көп болду. Мурдагы
өңүнөн кетип, картая да түштү. Анан
акырындап олтуруп көчөлөрдө эс учун жоготуп
мас болчу болду. Эжем экөөбүз элдин бетин
карай албай, апам болсо такыр эле көчөгө
чыкпай, ал тургай кошуналары менен да
жакшы катташпай калды. Канча жолу ыйлап,
уруш чыгарып ушул үч жылдын ичинде апам
төркүндөрүнө жок дегенде эле үч жолу барып
келди. Биз дагы кайра-кайра ыйлап, сыздап,
жалдырасак да болбойт. Бир аз ичкенин
токтотуп калып, кайра эле ичип баштайт.
Такыр акча бербей коёлу десек, шаардан кызы
көрсөтпөй акча салып коёт окшойт, кайдан
жайдан эле ичкенге акча табыла берет. Анын
үстүнө мурдагы окуучуларын кармап алып,
алдырган адат таап алды. Алар аз келгенсип,
эжемдин, менин классташтарыман доолап
ичкени баарыбызды кашайтты. Апамдын
айласы кетип ар кандай зыяны жок деген
дарыларды кошуп берип жаттык. Баары бир
деле болбойт. Бир жумадай ооруп, экинчи арак
ичпейм деп жатып калат да, кайра эле ичкенин
баштайт. Ошентип бардыгыбызды кыйнап,
кайсы бир арактын айынан үй-бүлөсүнүн
жүрөгүн оорутуп, кыйнап жатканын өзү көрүп
турса деле ушунчалык кылып жатканына таң
калып жаттык. Соосунда момун, масында
баатыр Чындыгында ал ичип алгандан кийин
өзүн күнөөлүү сезип жатып калмай учуру бар.
Бирок көпчүлүк учурда көп сүйлөп, арманын
айтканын да токтотпойт.
Ичип келген сайын
бир ыйлап кирсек, “мен силерге бирдеме деп
жатамбы” деп кутулчу адат таап алды. Үйдө
момун болгону менен, талаада баатыр болуп
канча жолу канга боёлуп да келип жүрдү.
Картайганда ким менен урушуп, кимден токмок
жеп жүргөнүн сураштыргыбыз деле келчү эмес.
Бир күнү кечинде дос баламдын туулган
күнүнөн эрте чыгып келе жатканбыз. Досум
айылдын чет жагында жашагандыктан ал
жакта талаа көп эле. Бир маалда досум мага
тигил жакта уруш болуп жатыптыр. Иним айтып
жатат карап келели деди. Барсак эле айылдын
мектебин эки жыл мурун бүткөн үч бала бир
кишини аябай тепкилеп жатышыптыр.
Аларга
тийишпейли дедик. Бирок, жүрөгүм бир нерсени
сезгендей башкача болуп ооруп чыкты. Досума
“учурашып коёлу” дедим. Биз аларга жакындап
калганда, алардын бири мени байкап калып
“Нурперинин иниси” деп артын карабай чуркап
кетип калышты. Бирок, баары бир деле
алардын ким экенин жакшы таанып калдым.
Токмок жеп, канга боёлгон кишинин жанына
барсак, жүрөгүм сезгендей эле атам экен. Эс
учун жоготуп, мас болуп калыптыр. Эч нерсени
билбейт. Токмоктоп жатканын деле сезбесе
керек. Досумдун атына аны жүктөп алып, үйгө
жеткирип
келдик. Апам атамдын кебетесин көрүп алып
ыйлап жиберди. Токмоктогон адамдарды
каргап шилеп баштады. Кызуу кандуулук Өз
балдарындай балдардан токмок жеп, эс учун
жоготуп жаткан атама, бир чети өз атасындай
болгон алсыз кишини токмоктогон балдарга
жиним келди аябай. Дос балам мага “кел
балдарды чогултуп, ал балдарды жазалап
келели, мен улуу агама айтайын” деди. Мен
ачууга алдырып макул болдум. Анан атамды
үйгө таштап коюп анын айылды кармаган
тууган байкесине барып, досум да ачууланып
иштин жайын түшүндүрдү.
Ал дароо эле бир
эки балага чалып аларды алып келүүсүнө
буйрук берди. Арадан жарым саат өтпөй жатып
эле бизден беш жаш улуу, тигил балдар менен
тең курактуу байкелер тиги үчөөнү ээрчитип
келишти. Алар мени көрүп эле түшүнүштү
окшойт, дароо эле кечирим сурап киришти.
Бирок мен баары бир деле аларды кечире
албай, ачуум тарабай жатты. Ошондо досумдун
байкеси “каалаганча сабагыла, билишсин
кандай болот экенин” деди. Араң турган досум
экөөбүз алмак-салмак
тепкилеп жаттык. Алар болсо эч нерсе дебей
туруп беришти. Чарчап, болот го десек, тиги
байке сенин атаңды кандай сабашса, силер
андан эки эсе сабайсыңар деди. Биз бир аз эс
алып, кайра тепкилеп салдык. Ката Эртеси
күнү эч нерсе болбогондой болуп эле сабакка
барганбыз. Төртүнчү
сабак бүтөйүн деп, математика сабаганда
олтурганбыз.
Бир маалда бизди “директор
чакырып жатат” деп чакырып кетишти. Дароо
башкача боло түштүм. Барсак биз сабаган
балдардын апалары олтурушуптур.
Көрсө
бирөөсү төшөктөн тура албай бети башы киши
таанылгыс болуп, көк ала болуп жатып, ички
органдары жабыркап тез арада райондогу
бейтапканалардын бирине алып кетишиптир.
Анан алар өздөрүнчө сүйлөшүп алып, үчөөнү
тең бейтапканага жаткызып, биздин
үстүбүздөн арыз жазып салышыптыр.
Биздин
жашыбыз жете элек, анын үстүнө мектепте
жакшы окуган үлгүлүү балдардан болгондуктан
директор биз тарапта болуп, апама да чалып
коюптур. Апам дагы атамды дароо
бейтапканага жаткызып койду. Анан анализ
тапшырса оорулар биринин артынан бири
чыгып жатты. Балдардын ата-энелери иштин
баарын толугу менен түшүнүшкөндөн кийин
арыздарын алып, бардыгы ордуна коюлганы
менен өзүмдү жек көрүп калдым. Намысыма
чыдабай шаарга эжемдикине баса бердим.
Атамдын аракты таштабасын түшүндүм. Аны
молдого алып баралы десек же өзү болбойт.
Эмне болсоң ошо бол дедик. Эжеме келип
баарын түшүндүрүп,
ыйлап айтып берип
салдым кыздарча. Ал иштин жайын бат эле
түшүнүп, мени шаардагы мектептердин бирине
киргизип, тез арада эле документтерди
бүтүрүп койду. Экинчи эжем мага абдан
таарынды. Аны жалгыз таштап баса бергеним
үчүн дагы деле мурчуюп калат. Бирок, ичинен
түшүнүп жатса керек.
Муну менен мен эмнени айткым келет.
Ушундай зыяндуу арак үчүн үй- бүлөсүн
кордоп жүргөндөр үчүн сабак болсун дейт
элем. Жаштар спирт ичимдиктерине кызыкпай,
андан такыр алыс болушса жакшы болот эле.
Темир.г
odnoklassniki.ru сайтынан алынды.
Баракча 1 - 1
Адамдар эрксиз болуп баратабы?
#3 19 Октябрь 2014 - 21:31
Ммм деп, ойго батып окуп кое беребизби?)
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#4 20 Октябрь 2014 - 02:33
Абдан өкүнүчтүү. Мындан да өкүнүчтүүсү буга окшогон окуя, жашоо-турмуш Кыргызстанда миңдеп саналат. Качан оңолоор экенбиз...?
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#5 20 Октябрь 2014 - 02:55
Аракты ойлоп тапкан адам деле тиги дуйнодо тынч жата албай жатса керек.
#6 22 Октябрь 2014 - 18:30
Арак чынында бир балее экен го. Эркек кишиники да билинбейт,аял киши жумалап только арак ичип жатып калса жаман экен.Мен да ошол тууганыма кантип жардам берсем деп коп ойлоном.
Сулуулук адамдын келбетинде эмес,журогундо болуусу керек!
#7 22 Октябрь 2014 - 18:43
Адам баласын дагы. Алсыздык!
!!!!!
Арылуунун жолу эрк . Эртенки жашоого умут этуу.
#8 22 Октябрь 2014 - 19:17
Оа мындай нерселер болот жашоодо. АТан жинди болсо байлап бак деген соз бар андыктан жаман же жакшы болсода сиздин атаныз дейт елем.
#13 24 Октябрь 2014 - 20:20
Эми ушу балдарым атасыз калбасын деп оз омурун садага чапкан апа, атасынын кейпинен уялган балдар бактылуубу?
Ушунан коро башында ажырашып кетсе болмок. Аракеч атадан коро жогу жогору. ИМХО.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 24 Октябрь 2014 - 20:43
#16 25 Октябрь 2014 - 12:55
#17 25 Октябрь 2014 - 23:58
Арактын кесепетинен канчалаган аталар отуп кетип жатат.Ичпегилечи бизге керексинер.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#18 28 Октябрь 2014 - 05:13
Сабак болчудай нерсени жазыптыр, ушу аракты ичпейле койолучу. Мен дагы убагында берилип баратып токтоттум бирок токтотконум менен мас убагымда кылган нерселеримди эстесем уялчу болдум кашыктап члгулткан авторитетин сапырылып эле кетет экен.
#19 28 Октябрь 2014 - 13:09
Байкуш балдарына эле кыйын. Ичип алгандан кийин озун баатыр сезип журот да. Эмне дешти да билбей турам. Жараткан ар адамдын озуно нысап берсин!
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
Баракча 1 - 1