adalsvards Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 150 (0,86 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1041 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Июль 08
- Кароолор:
- 149 627
- Соңку аракети
- 27 Фев 2022 18:34
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 15, 1987
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Жомоктогу сепил сарай
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
biznes
09 Май 2023 - 02:04 -
kaprizka89
21 Апр 2023 - 18:45 -
Гость
29 Янв 2022 - 23:16 -
patma.mahmud-...
10 Янв 2022 - 12:29 -
arhidey
01 Янв 2022 - 19:04 -
Akyljan12
18 Ноя 2021 - 18:50 -
sternchen
10 Окт 2021 - 10:58 -
Babi.
10 Июл 2021 - 17:33 -
kgman92
23 Мар 2021 - 14:43 -
AZIK01
22 Мар 2021 - 08:00
Мен ачкан темалар
-
Кыз-жигит "счётту" чогуу төлөшү керекпи, же?
Жазылган күн: 1 Мар 2016
"Соңку кабар" жакта бир жаңылык жүрөт го, кыз-жигит кафеде отурушуп, анан эсеби 10 миң сом болуп чыгып келсе, жигит байкуш чы-ыыз кайым болуп кетиптир)
Ушундан улам, достор, суроо...
Силерде кандай? Жаңы таанышкан кыз, же жигит чогуу тамактанып калсаңар, эсепти кандай кылып төлөйсүңөр? Дегеле, ушундай абалда кандай кыласыңар?
-
"Ушуга чейин жетем деген эмесмин" сериясынан :)
Жазылган күн: 17 Ноя 2015
Орустар "дожили" деп коюшат го Анын сыңары, кыргызча "ушуга чейин жетем деген эмесмин" сериясындагы окуялар менен бөлүшөбүз
Бир аз мурун эле турмушка чыга элек курбум жазып, бир жерге чакырды. Анда 10 (!) мүнөттөн 10 (!) адам менен свидание кылат экенсиң), эсептей бер, баары биригип, 100 мүнөт, кыргызча 2 саат дей бер, андан кийин кимиси 10 мүнөт ичинде жагып калса, телефон байланыштар менен бөлүшөсүң дейт)))
Эмне деп жооп жазышымды да билбей отурам курбума? Жигит издеп жатам деп деле айткан эмесмин)))
Ошоо, силер дагы "дожили" сериясындагы окуяларыңар менен бөлүшкүлөчү, "утешение" табайын)))
-
"Жайшуль Махди" - бул эмне?
Жазылган күн: 13 Окт 2015
3 күндөн бери күрүгүү болуп элдин сүйлөшкөнү эле абактан качкан экстремисттер- террористтер, эмне дейт, "жайшуль- махдичилер" дейби, айтор...
Форумда дин жаатында маалыматы көп адамдар бар, мына ошолордон жалпак тилде ушул агымды түшүндүрүп берүүңуздөрдү өтүнөт элем. Булар ким? Кандай максатты көздөшөт? Каалагандары эмне? Салттуу динден айырмасы канча?
Калтырган постторуңуздар баарыбызга пайдалуу маалымат болот деп үмүт кылам.
-
Мырзакматовдон кийин Ташиев алынды жарыштан
Жазылган күн: 28 Сен 2015
Боршайком Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чийди. Ошентип, Мелис Мырзакматовдон кийин өлкөнүн түштүк аймагынын электоратын кармоочулардын дагы бир лөктөрүнүн бири жарыштан алынды.
Ким эмне дейт? Бул канчалык шайлоонун жүрушүнө таасир кылышы ыктымал?
-
"Стажерду" ким көрдү?
Жазылган күн: 28 Сен 2015
Акыркы кезде мындай би-ир көңүлдү жылыткан, маанайды көтөргөн, терең таасир калтырган фильмдердин саны азайып баратат. Спецэффекттер, машина куушмай, атышып-тытышмай, айтор, жугумдуулугу нөл кинолордун тенденциясы күчөп жатат.
Анан Роберт Де Ниро катышкан жаңы фильм тууралуу маалымат окуп калып, премьерасын чыдамсыздык менен күтүп баштадым. Ал - "Стажер " болчу. Премьерасынан бир күндөн кийин эле жетип бардык)
Кыскача: Де Ниро менин сүйүктүү актерлорумдун сап башында. Тээ "Крестный отец" легендасынан бери жактырам) Улгайып калса да, кинолорго тартылууну улантканы өзүнчө даңк! "Стажердо" эң эсте калган эпизоду боссунун алдында көзүн ирмеген кадрлары болду.
Энн Хэтэуэй (ух, айтылышы эле азап фамилия) - мен бул актрисаны жөн гана "Дьявол носит Prada" киносундагычы деп калам))) Андан тышкары "Жейн Остин", "Война невест" фильмдеринде роль жаратканы өзүнчө мактоого аларлык.
"Стажерго" келсек, режиссерлор бир ооздон айткандай, көрүүчүлөрдү ыйлаткан да, күлдүргөн да чыгарма болуптур! Айрыкча, Де Ниро Эннге өмүр бою иштеген жеринин ордун көрсөткөнү бар эмеспи, мукактанып барып, көздөрүмө жаш айланып-айланып, анан жоголуп кетти))) Көп ойлорду жаратты, дал "стажер" персонажына окшогондордун армиясы дагы 50 жылдай актуалдуу болот болушу керек. Иштермандардын армиясы! Пенсияга чыккандан кийин да тынч эс ала албагандардын армиясы))) Биринчи постко эле узунан узун жазууну токтоюн, кийин дагы улантам...
Кинону көргөндөр болсо, оюнуздар менен бөлүшүүнү суранам