Revolyutsiya Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 206 (0,06 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (125 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Апрель 14
- Кароолор:
- 11 630
- Соңку аракети
07 Сен 2019 20:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 52 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 18, 1971
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Диний фанатизм тамырын жайып келет!
Жазылган күн: 28 Янв 2017
Бул тема диний фанат- радикализм, алардын коом учун коркунучу, Кыргызстандагы диний радикализмдин учурдагы абалы, белгилуу дин аалымдары конституцияга каршы чыгып шайлоого барабы, айтор ушул ж.б. тууралуу ой-толгоо, талаш-тартыштар башка жактардан ушул темага кочурулсун деген максатта ачылган тема..... -
Ыплас шайлоолор
Жазылган күн: 24 Янв 2017
Бул теманы буга чейинки шайлоолордогу коз коруно мыйзам бузуулар, шайлоонун шайтан оюндары,шайлоодогу ыпластыктар, 2016 жана 2017 шайлоолорго арналган тема болсун деп ачтым. Кыскасы шайлоого байланыштуу коргон-билгенинер, ой-толгоолор жазылуучу тема... -
7-НОЯБРЬ: Бүгүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү
Жазылган күн: 7 Ноя 2016
Жашасын революция! !! Жашасын СССР!!! Бул революция кыргыз элин кыргындан сактап калып Мекенибизди, мамлекеттуулугубузду кайтарып берди. Карангы элибиздин кат-сабаты жоюлуп 70 жылдык тарыхыбызда жуздоп завод-фабрика курулуп, дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кен казуу ж.б.жолго коюлду. Миндеген чакырым кара жолдор, темир жолдор салынды, автовокзал, ж.д.вокзал, аэропорттор курулду. ГЭСтер курулуп тээ алыстагы чабандын кашарына чейин электр энергиясын тартып барып жарык жеткирди.
Маданиятыбыз онукту, мыкты акын, жазуучу (прозаик), драматург, опера балет жылдыздары, суротчу ж.б.ошол доордо чыгып кино тармагы алтын доорун жашады. Эл кыйын кундорду женип отуп 8 сааттык жумушка жетип, ар танда жузундо кубаныч менен ойгонуп турду. Анткени мамлекет аларга шык, умут тартуулап кам коруучу. Элдин курсагы ток, кийими бутун, ынсаптуу, ыймандуу эле... Анан да темирдей тартип болуп кары-жашы баары мыйзамды сыйлачу...Айтор ошол доорго данк жана данк!!! -
Бийлик чиновниктерге атасынан калган мураспы?!
Жазылган күн: 31 Окт 2016
Же эмнеге чиновниктер бийликтен кетпоо учун бардык ыпластыкка даяр?
Белгилуу болгондой эле президент болобу, депутат, министр же башка ири чиновник болобу бийликке келээри келип алып кайра кетуусу мушкул иш. Убагында Акаев менен Бакиевдин бийлигине каршы канчалаган эл чогулуп митингге чыгып нааразычылыгын билдирип келген. Атамбаевге да ошол кеп. Ал тургай 7-апрелден кийинки телефонгейт маалыматтары элге шардана болгондо да Атамбаев, Бекназаров, Сариев ж.б.кызматын тапшырган эмес. Кийин Текебаев баш болгон бир нече Ата-Мекенчи депутат морадерлукта шектелип журушту. Турктордон миллион долларлык аргымакты пара алган деп айыпталган Бабанов Текебаев менен 1-2 айлык маалымат согушунан кийин кызматтан чегингени менен бугун кайра бийликте. Ал эми жол куруудагы ири коррупцияга шектелген Сариев поезиденттик жарышка камынууда. Айтаарым канчалык чон айыптар тагылса да бийликтеги саясатчылардын креслолорунан ажырагысы келбегени. Болбосо ошол айыптоолор адилет изилденип чын-тогунуно жетип, куноолуулор жазасын албаганы.
Жакында дагы бир "окуянын" бети ачылды. Ошол жол салууда коррупциялык келишимге кол койгон деп айыпталган фигуранттардын бири, транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жол курган кытайлык компаниянын Лексус жол тандабасын 1-2 жылдан бери минип журуптур. Министрликте машине тартыш болгону учун кытайлык компания менен келишим тузуп акчасын толоп машинесин минип жургон имиш. Мындай актануу мектеп окуучусуна да жарашпайт го. Же министрдин актануусуна чын журоктон ишенгендер аранардан табылабы?! !
Башка онуккон олкодо мындай окуядан кийин жетекчилер оз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кетуучу эле. Ал тургай бир канча жыл мурун салыктан качып айрым кирешелерин жаап жашырганы ачыкка чыкса ошол чиновниктер кызматын тапшырганын коруп журобуз. Ал эми бизде миллиарддарды уурдаса алгач уй камагына чыгарышып, кийин сотто куноосу далилденбели деген шылтоо менен кое берилип жатат. Тиги министр жол куруп жаткан компаниянын мулкун колдонгону, бул жерде коррупция жыттанып жаткан жокпу? Замирбек Айдаров кечирим сурап коюп кызматын уланта беруусу канчалык туура, балким ага кылмыш иши ачылганы туура болуп журбосун же биздин мыйзамдар жол бере береби?!! Негизи мындай корунушко коз жумганыбыз туурабы?!! -
Жогорку кеӊештин тегерегиндеги талкуулар
Жазылган күн: 5 Окт 2016
Бугунку депутаттардын "денгээли" , тушунугу, "акылдуу" кеп-кенештери элдин жанына батып турат... Мынча "акылдууну" издеп таап топтоп шайлап алып, эми эки кундо бир "акылдуу" насааттарын угуп отурган элибизге да баракелде... Чубак ажы менен Тынарлардан буларга микрофон тийбей калып жаткан экен, эми ажосу баш, 120 депутаты тош болуп чон программадагы "концерт" башташты... Кечоо чек арада абал курчуп турганда тойлоп кеткенин айталыбы же "автобус менен бардык" деп нааразы болгонун айталыбы, айтор санай келсек депутаттардын "тамашасы" ого эле коп экен, анан да кундон кунго "таланттары" ташкындап осуп жатат элдин оозун Ошту каратып...
Илгери Бакиевдин "Акжолу" Бакиев айткан любой мыйзамды "без проблем" кабыл алып берип турган, ага чейин Акаевчи депутаттар. .. Бугунку депутаттар да элдин ачык каршылыгына карабай Атамбаевдин референдумун колдоодо, шайлоодо аларды эл эмес, Атамбаев шайлагандай. .. Атамбаевди го коруп жатабыз, эл "дагы бир жыл чыдап койолу" деп озун-озу алдап отурат...
Ал эми былтыр гана шайланып дагы 4 жыл "акылдуу" кенеш-насаатары менен комуп салууга даяр 120 депутатты 4 жыл чыдап угасынарбы же таратабызбы? !!
Лично мен учун элге пайда эмес, зыян гана алып келуучу, ар жыл сайын эл билген чыгымы 1 млдр сомго барабар (жен ичинен жегендерин эсептесек эл эмнеге тентип жатканы белгилуу болот) Жогорку Кенешти кармап туруунун эч зарылчылыгы жок. Эгер Кыргызстандын осуп-онугуусун кааласак, уул-кыз, урпактарыбызга кен келечек, жакшы жашоо тилесек анда бугункудой депутаттардын, Окмот, президенттин элге кереги жок... Булар элди кыйнап-тоноп, акыры Кыргызстандын жок болуусуна себепкер болот элди ушул "акылдуулар" бийлей берсе...
Ар бир жаран озунун, жакындарынын жана уул-кыздарынын жаркын келечеги учун курошуусу керек деп билемин...
Комментарийлер
Revolyutsiya ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?