- (8 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Памирлик кыргыздарга жардам берели улуттун жоголушуна кайдыгер карабаган,патриоттор керек экен...
#1 21 Декабрь 2010 - 11:03
Памирден кат
- Кыргызстан жөнүндө кеп болуп калды. Орозбек мырза, Кыргызстан менен Ооганстандын мамилеси кандай болушу керек. Дегеним өткөн жылы кыргыз делегациясы Памир кыргыздарына барып жолугушуп кайтты. Эми бул иштер эларалык уюмдардын көмөгү менен жасаларын айтышууда. Ошол Ооганстандагы кыргыздардын проблемасына токтоло кетсеңиз.
Орозбек Молдалиев: - Ооганстандагы кыргыздардын биринчи көйгөйү – улуттун жок болуп баратышы экен. Себеп дегенде аялдар менен жаш балдардын өлүмү көп болуп, ал жерде табиятка терс диспропорция түзүлүп калыптыр. Табиятта өзү ургаачылар көп болот. Ооганстанда ал тескерисинче экен. Аялдар аз, эркектер көп. Өмүр бою аял көрбөй өтүп кеткен эркектер бар экенин айтып арман кылышат экен. Экинчи чоң көйгөйү ден соолукту караган эч ким жок. Х.Карзайдын өкмөтү эптеп эки тажик дарыгерин жиберген экен. Боз үйдө туруп алып алар элди кабыл алып жаткан экен. Бирок маселе аны менен эле чечилбейт. Билим алуу көйгөйлөрү бар. Медресени бүткөн жаштар келип, ошолор арабча кат таанытып, динге үйрөтүп жатыптыр, ошого сүйүнүчтө экен. Башка материалдык кыйынчылыктары көп экен. Өндүргөн продукциясын эч жакка сата албай, материалдык кыйынчылыктарды башынан кечиришүүдө. Туристтер көп келишет экен Памирди көргөнү. Америкалык бир туристтик компания ошолорго сувенир даярдаганды үйрөтүп жатыптыр. Азыркы ооган өкмөтүнүн кыргыздарга мамилеси жакшы экен. Калкынын аздыгына, квота жетишпегендигине карабай 1 депутатка орун бериптир. Ошол депутат кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп Кабулда жүрөт. Машине барбаган, беш күн атчан жүрүп жетчү жерге эки мектеп салдырып берген. Бирок анын мугалими жок. Өкмөт өзүңөрдүн тилиңерде окуткула, мугалим табыш жагынан жардам бере албайбыз, дептир. Ошол көйгөйлөрүн чечкенге Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү бар. Биз бул жактан дарыгерлерди дары-дармектери менен жиберип, андан кийин бул жакка ал жердин балдарынан- кыздарынан фельдшердик- акушердик окууга киргизип, бир-эки жылда даярдап кайра өз элине жөнөтсөк болмок. Мугалимдерден жардам берсек. Андан кийин мугалимдер, дарыгерлер окуусун бүтүп барып калат. Ошол жагынан эле жардам берип койсок булар абдан ыраазы болгону турат. Биздин акча тыйынга деле алар муктаж эмес. Антсе да гуманитардык жардамдарды алып барган жакшы. Абдурашит кан өзү түшүп келип алып кетти. Ал телекөрсөтүүдөн кайта-кайта чыгып жатат. Бул жакшы, бирок тереңирээк жардам керек. Көчүп келели деген деле ойлору жок. Тилибизди сактап, элдигибизди сактап калсак дешет. Ошону аткарсак мекендештик милдетибизди аткарган болор элек. Х.Карзайдын өкмөтү деле буга абдан ыраазы болот эле. Себеби кыргыздар ал жерде жөн эле жашап жаткан жери жок. Ошол Ооганстандын Кытай, Тажикстан, Пакистан менен чек арасын кайтарып турушат.
- Талант мырза, эгемендик тушунда ушул маселе кез-кез козголуп, анан токтолуп калат. Анын себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?
Талант Разаков: - Кыргызстан өзүнүн чет жердеги кандаштарын унутпашы абзел. Биздики бая Советтер Союзунда эле ушинтип бара коюп, анын көп жылдар бул маселе унутта калып жүргөн. Эми азыр да ошондой акция болуп калбасын деп ойлоп жатам. Бир жолу барып анан бүттү деп унутуп койбосун дейм. Муну системага салыш керек. Жардам жыл сайын болуш керек. Бизде канча чет элдик атуулдар ыктыярдуубуз деп (“волонтер”) жүрүшөт. Эмне үчүн кыргыздардан андай ыктыярдуулар чыгышпайт? Ошол жерге барып, жөнгө салыш керек. Буга ооган өкмөтү каршы болбойт. Мен Ооганстанга барганда ошол кыргыздар жөнүндө мага айтышкан. Алардын кыргыздарга мамилеси түз. Кыргыздын патриот кыз-жигиттери барып өзүбүздүн кандаштарыбызды кыргызча окутуп, жок дегенде 1 – 2 жыл жүрүп келсе элге тамга таанытып. Кыргыздын китептерин, гезит-журналдарын алып барса. Кыргыз деген мамлекет бар экенин таанытып келсе эң эле сонун болмок. Кыргызчылык кенебестигибиз бар. Жеке эле мамлекетке таштап салбай, жекече демилге да көтөрүшүбүз керек. Өз эрки менен иштеп келе турган жаштарыбыз болушу керек.
#2 21 Декабрь 2010 - 11:16
Мумкун"Супер Инфо"кайрымдуулук ишке жетекчилик кылып,уюштуруп берер?
Билдирүүнү түзөткөн: Yuana: 22 Декабрь 2010 - 10:33
#3 21 Декабрь 2010 - 13:32
Барбасак болбойт, жок дегенде беш алты мугалим, бир эки врач барыш керек. Мен азыр Москвадамын, Бул жактагы байкелер менен да сүйлөшүп көрөйүн. Аракет кылайлы бир туугандарыбыз жардам көрсөтөлү.
#4 21 Декабрь 2010 - 15:50
Буюрса колдон келген жардамымды берууго даярмын!
#5 21 Декабрь 2010 - 16:02
#6 21 Декабрь 2010 - 16:08
Бир эки университет менен сүйлөшүп, Супер Инфого бир же эки квота сурап, ошол орундарга Памирден бир нече кыргызды алып келип келип окутсаңар, контрагын өзүңөр төлөп, жатакана менен камсыз кылып, окууну аяктагандан кийин гезитке бир нече жыл иштеп берет деген келишим менен.
Биринчиден жардам болмок Памирдеги бир туугандарыбызга
Экинчиден даяр кадр
Үчүнчүдөн жакшы пиар болмок
Айта кетсем сиздерге эң ыңгайлуусу Манас Университетинин Коммуникация факультети. Даярдоо курсунда кыргыз тилин жакшылап үйрөнөт .
Окууну аяктаган соң сиздерге жакшы бир адис болот.
Сунушума жооп алсам жакшы болоор эле.
алдын ала рахмат
#7 21 Декабрь 2010 - 16:47
#8 21 Декабрь 2010 - 17:49
#9 12 Январь 2011 - 22:34
#10 15 Январь 2011 - 23:39
Men bay emesmin,bjrok minday ish uchun ay sayin kichine bolso da jardamberip turuuga dayarmin. Jon ele "men kirgizmin "dep jar sala bergende emne payda deym da,andan koro ish bashtashsa jakshi bolot ele. El kantip ele jok degende1 somdon bere albasin,bazarda lolu-kayirchilarga dele berip jatishpaybi.
Билдирүүнү түзөткөн: Yuana: 16 Январь 2011 - 16:41
#11 17 Январь 2011 - 14:27
Yuana (15 Января 2011 - 20:39) жазган:
Men bay emesmin,bjrok minday ish uchun ay sayin kichine bolso da jardamberip turuuga dayarmin. Jon ele "men kirgizmin "dep jar sala bergende emne payda deym da,andan koro ish bashtashsa jakshi bolot ele. El kantip ele jok degende1 somdon bere albasin,bazarda lolu-kayirchilarga dele berip jatishpaybi.
Жакшы пикир Юана, Сиз анда мугалимдерди табыңыз, мен кошулам, ай сайын албетте акча берип турам, себеби азырынча ал жакка барып мугалим болууга билимин аздык кылат. Эгер бара турган мугалимдердин тобу болсо, барышсажакшы болоор эле, бирок албетте билим деңгээлин текшерип анан жөнөтүш керек, сапатту билим бериши зарыл. Мен колдойм сиздин пикириңизди, колдоочулар дагы көп.
Же болбосо Суперстандан жардам дегендей уюштурсан, Супер деле жардам берсе керек эле, анчча мынча юридикалык иштерди бүтүрүүгө.
#12 17 Январь 2011 - 15:47
Союз убагында ЖОЖду буткон жаш мугалимдерди чектеп коюшчу, милдеттуу турдо иштеп келишчу
(2 жыл болсо керек эле,бул созсуз турдо аткарылчу да,мыйзамдын кучун корбойсунорбу! ).
Ошондо Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб деген жерлерине (кыргыздар жашаган аймактар) кыргыз
жаштарынын барып иштеп келуусу да каралып, бул иш жузуно ашып, он натыйжасын берген
(ушул тууралуу бир чыгарма бар эле,аталышын эстей албай жатам) экен.
Азыр деле бюджеттик болумду аяктагандарды (Кыргызстандын эле ичине) болот, 2 жыл иштеп келууго.
Бирок... Алардын баары эле болунгон боюнча иштешпей эле да. Ошондуктан оз каалоолору менен
барчулар чыгат дегенге анча ишене албай турам.
Депозит боюнча, контракттын негизинде, мамлекет озу колго алып, меселени чечууго болсо керек.
Менин бир группалашым депозит боюнча Кеминдин Кызыл-Байрагында 3 жыл иштеди.
Айлык акысынан сырткары, банктагы эсебине тушкон акчасы канча экенин билбейм, колуна 70 мин сомдой акча алган.
Жашаганга шарт тузуп берип, картошка айдаганга да жер берди деп жургон.
Ушул сыяктуу кызыктыра турган, стимул боло турган нерселерди ойлоп табыш керек.
Негизи, Туркиядагы, Кытайдагы кыргыздарга да жардам керек болуш керек.
Бирок алардын жашоо-турмушу, шарты жакшыраак экен.
Ал эми мен бара албасам да, колумдан келген жардамымды берет элем.
#13 17 Январь 2011 - 16:17
Мэри (17 Января 2011 - 12:47) жазган:

Өз каалоолору менен чыга турган инисандар көп, аларды табып жөнөтүш керек, Суперстандын форумчуларына сунуш, өзүнчө бир бюджет түзөлү, ошого акча топтойлуда айлыгын төлөп берели өз ыктыяры менен кеткендерге, кандай дейсиңер?
#14 17 Январь 2011 - 22:11
men KG da bolsom uyushturmakmin ar kanday kayrimduuluk aksiyalarin,azir alistaminjakinda da bara albaym,birok internet arkiluu karajat toptoogo jardam bere alam. Sayasattashtirilbagan kayrimduuluk fondusun tuzup,ish alip barsak degen oyum bar.Menin oyumcha pamirlikterge ele emes Kirgizstandik jashoosu nachar adamdarga komok korsoto alabiz(akcha jok bolso da,volonterlordu jiynap barip,sharti jok adamdardin otunun jarip beruugo da bolot)
![:)](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/smile.gif)
#15 17 Январь 2011 - 22:19
Yuana (17 Января 2011 - 19:11) жазган:
men KG da bolsom uyushturmakmin ar kanday kayrimduuluk aksiyalarin,azir alistaminjakinda da bara albaym,birok internet arkiluu karajat toptoogo jardam bere alam. Sayasattashtirilbagan kayrimduuluk fondusun tuzup,ish alip barsak degen oyum bar.Menin oyumcha pamirlikterge ele emes Kirgizstandik jashoosu nachar adamdarga komok korsoto alabiz(akcha jok bolso da,volonterlordu jiynap barip,sharti jok adamdardin otunun jarip beruugo da bolot)
![:)](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Мен да чет өлкөдө элем, ошондуктан өзүм уюштура албайм, анда бир адам табып ошол аркылуу иш кылалы, кандай дейсиңер?
#16 23 Май 2012 - 16:41
#17 24 Май 2012 - 03:50
#18 24 Май 2012 - 05:17
Aбдaн боорум aчыды aлaргa...
Мен былтыр неттен кызыктуу нерсе окугaм елем Вaндaгы кыргыздaр жонундо,Уулу Пaмирден 1983-жылы кочуп келген екен,Туркиянын президенти дa aлaргa жaрдaм берип отуруктaштырып жер бериптир,aзыр aлaр Вaндын Ерчиш деген aйылындa жaшaшaт,видео, суроотторунон коргонумо кaрaгaндa турмуштaры орто дебейин дa жaкшы еле,бирок сaлт сaнaaлaрын унутбaй,кыргыз тилинде суйлошуп,оз урп aдaттaрын бугунку кунго чейин улaнтып келишет екен,aзыргa чейин керек болгон учурдa туркчо суйлошуп бирок турктор менен кыз aлышып-беришбейт екен.
Видеолорун коруп отуруп (бир куну жуктойм) кaрaсaм кийген кийимдери КРдеги кыргыздaрдaн бaшкaчa,булaр кaйсы кыргыздaр,бизде дa ушундaй кийингендер бaрбы деп окусaм,Уулу Пaмирлик кыргыздaр деп жaзылыптыр.. .ошо кундон бу кунго чейин ойлоном Уулу пaмир кaерде еле деп...оооф Фиaнит дaрдымa дaбa болдун,рaxмaт, менин aзыр тилегеним,колумдa кенири aкчa болуп кезууго чыксaм 1-бaрa тургaн жерим Вaн/Ерчиш.Егер КРден Вaнгa зыярaткa келе тургaн кыргыздaр бaр болсо мaгa кaбaр беришсин,бaaрдык нерсе боюнчa жaрдaм берем,кaлa тургaн уй-жaй боюнчa,тил боюнчa,тaaныштыруу иши боюнчa ж.б.
#19 24 Май 2012 - 17:50
Tema a4ylganyna eki jyl boluptur, tezinen jardam bervese, al jerdegi turgundardyn sany dagy da azaiyp baratkandyr!! Kandai kylyp jardam berse bolot??? Deputattardan jardam, toonun kuirugu jerge tiigende kelet !! Andan koro bawka joldorun karawtyrvailyvy???
#20 24 Май 2012 - 18:14
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
- (8 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »