- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Мезгил бизге багынат Мезгил бизге багынат
#1 24 Июль 2018 - 18:43
(сезимдер сүйлөйт)
***
Аэропорт. Кутуу залы.
Эл кымгуут. Бири куткон адамдарын тосуп алып, бири моюн созо копчулуктун арасынан жакындарын издоо менен убара. Кээ бири колуна гул которуп алып, нары'бери басып журот. Дагы бироолору болсо, оор чемодандарын суйроп, сыртты коздой жоноп баратышат. Айтор, баары оз туйшугу менен.
Элден обочороок жерде чачын тобосуно туйгон, артына асынмай сумкасын арык ийнине асып, озуно жарашыктуу койнок кийген, коз айнекчен апакай, сулуу жуздуу кыз турду. Ал да коптун катарында кимдир бироону куткондой, ичкериден чыккан адамдардын ар бирин, умуттуу каректери менен тиктеп, ичкериден козун албайт.
Эмнегедир ал куткон адам кечигип жатты!
Бир ордунда тура албай, кол саатына улам карап коюп, тынчсызданат:
-Балким, келбейм деп чечкендир? Кантип эле ошондой болсун, ал эч качан мени алдамак эмес да?
Жок болушу мумкун эмес, ал келет!
Бирок, мындай делоорусу ишенимсиз эле! Маалымат жазылган экранга барып,кайра жакшылап карады:
-Астана Бишкек 15:40 .
Убакыт отуп жатты. Эл суюлуп, бирин'серин эле адамдар чыгып жатышты. Маралдын ыйлагысы келип чыкты. Канчалык озун соороткусу келген менен, коз жашы ээ'жаа бербей куюла баштады. Ал кутконду жаман корчу. Жашоодо бирден бир жаман коргон нерсеси, ушул кутуу боло турган. Балким сабырсыз болуп, бирдемеге бат эле куйуп'бышып, баардык нерсени бат болуусун каалаганы учун, кутууну жек короттур?
Адамдардын эн арты болуп куткон адамы корунду. Анын кунго куйгон кара тору жузун, кен далылуу узун боюн, куушурулган капкара кашын коруп, журогу туйлап кетти. Ошол бойдон экен. Коздору оттой жанат! Ооба, кыз анын дал ушул, тиктесе орттоп жиберуучудой болгон капкара коздоруно арбалган эмес беле? Жаштуу коздорун алаканы менен сурто,мундуу жылмайып алды:
-Келээринден шек санаган эмесмин жаным!
Чыдабай кетти, колун булгалап кыйкырып жиберди:
-Адилеет??
Адилет жалт карады. Корду!
Копчулуктун арасынан озгочолонуп, аппак койнок кийген, козу, озунон ото тиктеп турган ашыгын корду:
-Асылым!деди ичинен шыбырай.
Колунда которгон жугун, буюмдарын таштай салып, озуно умтула жугуруп бара жаткан кызга карап, бери чуркады.
Жетишти. Экоо тен бирин'бири кучагына кысып, ушунча убакыттан бери жыйылып калган сагынуу сезими кыздан, жаш аркылуу сыртка чыкса, жигиттен жалындуу шыбыр менен чыгып жатты:
-Сагындым сени!
Эч кимде жок, жок тагыраагы ааламда жок кенен кокурок, ысык кучак! Кыз бул мунотторду канча кутподу дейсин?
Качан ушул кучтуу колдор, аны бооруна тартып, бекем кучактаганда гана бутун дуйно тептегиз боло тушот! Баарын унутат! Мейли, кандай гана кырдаал болбосун, ал ушул бейпилдикти эч качан кое бергиси келбейт:
-Мен да сагындым! Эмне кечиктин, келбей коесунбу деп корктум? деди кучагында туруп:
-Кантип келбей коймокмун?
Же убадамдан тайдым беле?
-Жок андай болгон эмес, баарыбир кабатыр болдум Ади?
-Кечирчи?
-Кечирбейм!
-Эмнеге?
-Билесин го кутконду жаман короорумду?
-Билем, ушундай болуп калды,кечир дейм?
Адилет кызды, андан да бекем кысты кучагына. Дегеле, аял затынан башкача жан! Мумкун озу суйгон учун эч кимге салыштыргысы келбейттир?
Ошол эле жыпар жыты! Убакыт, бул жытты озгорто албаптыр! Качан ушул улбурогон назик, кучагынын бир бурчуна аран толгон, арык, кичинекей жандын жанына келсе, ошондо гана тыбырчылаган журогу жай сого баштайт. Бул тынчтык жан дуйносуно майдай жагат жигиттин:
-Кечиресинби жокпу?
Кыз эркеледи:
-Ыкы!
Адилет кызды ийнинен кармап, озуно каратты:
- Эркелегенинден сенин!
Саамай чачтарын сылап, мандайынан ооп койду:
-Аз убактыбызды араздашуу менен откорбойлучу, жаным?
Кыз эми гана эсине келгендей, азыр эле жомоктогудай сезимдери туш келди чачыла, акырын башын ийкеди:
-Макул,журу кеттик! Баса, уйдогулор жакшы отурушабы?
-Баары жакшы, кел озубуздон башка нерсе жонундо суйлошпойбуз?
-Макул, кечир Ади?
-Тен'тен болдук, кана кайда барабыз биринчи?
-Буйрукту мен берем, сен аткарасын!
-Бир созун Акмаралым! Мен сендикмин!
Экоо тен билди, ичтеринде эмнелер болуп жатканын, бирок сураганга даай алышпады.
Ээрчишкен бойдон сыртка чыгып, кыз дайындап койгон унаалардын бирине отурушту. Отураары менен кыз Адилетти бекем кучактап, башын кокурогуно катты:
-Барындын озу бакыт!
Адилет да кыздын чачтарынан шуу жыттады:
-Аябай сагындым!
Эки сагынышкан журокторду ичине салган унаа, аэропорттон акырын узап баратты!
#2 24 Июль 2018 - 20:54
Уйго кирип, жайланышкандан кийин, суроо узатты кыз:
-Бир аз кыйналдым!
-Азыр чай даярдайм, башын ооруган жокпу?
Ашканада анын куйполоктоп чуркап жургонун коруп, ичи эзилип кетти жигиттин:
-Келчи озумо, озгорбоптурсун!
Жакын келип, бооруна тарта берди:
-Дагы деле малина жыттанасын!
Кыз кулуп жиберди:
-Малинадан кыям даярдагам, жейсинби?
-Жок сени жейм!
Адилет кыздын эрдинен ооп, белинен кучактады. Марал шашып калды:
-Ади?
-Коркпо!
Адилет кулуп, кыздын мурдунан чымчып койду:
-Манка!
Кыз кабагын буркой калды:
-Уфф, ушинтип айтпачы, манка эмесмин мен!
-Манкасын, мурдун энирейип, адашкан чымчык кирип кетет!
Марал чебелектеп жиберди:
-Адии ии!
-Мурдунду тепкедей кылып, деги сенин эмнене азгырылдым экен десен?
-Бирок азгырылганын чындык! Кыз териккенин билгизбегенге тырышты:
-Чындык эмес, акыйкат жаным! Сенин жининдин келгенин корсом, ушунчалык эргуу алам десен, тообо?
-Шылдындабачы анда?
-Шылдындаган жокмун асылым, сени эркелетип жатам. Сен ачууланганда абдан жагымдуу болуп кетесин! Кел, жаныма отурчу, эч нерсе жасап убара болбочу?
-Андай дебе, сен менин коногумсун, уят болот да эч нерсе жасабасам, мен тамак даярдаганча жуунуп чык, анан тамактанабыз!
-Ыыыы!
-Адии?
-Макул!
Бар тамагын даярдап, дасторкон жасады кыз. Тамактан аз'аздан ооз тийгендери менен, кыйратып деле жебеди экоо тен. Бири'биринен козун албай, мундуу тиктешет:
-Жашоон кандай манка?
Кыз жылмайды:
-Жашоом жакшы! Озундочу?
-Сенсиз кыйналдым мен!
-Кыйналдым дебечи?
-Билем сен да менсиз кыйналдын!
-А мен кыйналдым дебейм, сенин бар экендигин, сенин журогундо экенимди билуунун озу бакыт мен учун!
-А бул нерсе мага аздык кылат Марал?
-Андай дебе!
-Макул, бул жерде бир гана сенин айткандарын болот!
-Журу анда кечки шаарды коруп келебиз?
-Журу!
Экоо сыртка чыкканда кун кечтеп, шаар ичи туркун жарыктарга толо баштаган эле.
Алардын жолукканы озу чон бакыт! Башка нерселер тууралуу ойлонгулары келбеди, анткени "ушундай кылабыз" деп соз беришкен оздоруно.
Тун жарым болсо да, жетелешип журо беришти. Негизгиси экоо бирге!
#5 24 Июль 2018 - 22:58
Коз ачып'жумганча отту'кетти. Айрылышуу убакыты жакындаган сайын, экоонун тен журоктору тызылдайт. Бирок, сыртына эч нерсе билгизбегенге тырышып, калптан жылмайышат.
Адилет келген кундон тарта, бар убакытын ага болду кыз. Жумушунан суранып, баарын алдын'ала дайындап койгон эле. Убакытты эн сонун откорушту! Эс алуу, суунун бою, шишкебек, андан чыгып гольф талаасына барышты. Бир да саатын текке кетирбей, конулдуу журушту. Кеч киргенде гана экиге болунушот. Марал жигитке озунчо орун даярдап коет. Адилет кыйылат:
-Жаным,жанымда эле уктачы?
-Адикоов, мени да кыйнабачы?
-Эмне болуптур?
-Сезимдер го мейли, ал нерсеге эч ким куноолуу эмес, бирок , мен...
-Озун бил асылым менин! Жигит унчукпай кыздын жузунон суйуп, даярдаган орунга барып жатат.
Адилет мурда чет жака чыгып корбогон. Ал ата'энесине карап, оюн'кулкуго, сырттан билим алууга канча мумкунчулуктор болсо да, эркиндиги чектелуу болчу. Атасы абдан катуу киши. Балким тарбиядандыр, канча ирет оз билгенин жасагысы келип, ата'энесине каршы аракет кылса да , негедир колунан эч нерсе келчу эмес. Ошонун айынан да мынтип эми, суйгон жары озунон алыста журот. Бул бактысыздыка кимди куноолорун билбей буйдалат. Бирок ал азыр кыздын жанында озун ушунчалык бактылуу сезди. Ушул карандай жандын ичи толгон бакыт, бейпилдик! Адилеттин ичинде эмнелер болуп жатканын, коздорунон байкайт, эч качан унун которуп суйлогон эмес ушул маалга чейин. Кыз менен суйлошуп отуруп, озунун жаны жай ала тушконун сезет. Кандай учур болбосун колдойт, катасын жашырбай бетине айтат. Ал менен откоргон ар бир кун, ар бир саат, минутасы бактылуу! Эми кантип мындай жанды унутуп жибере алат? Кантип?
Эртен эртен менен, кайра Кыргызстанга кайтат. Бугун акыркы куну болгондуктан, экоо эртерээк уйго келишти. Марал Адилеттин кийимдерин салыштырып, берип жибере турган белек'бечкектерин туйду. Жигит бир бурчта, кыздын ар бир кыймылын тиктеп, тикесинен тура берди.
Ичи сыйрылды! Бактылуу кылаар адамы озуно таандык болсо да, бирге боло албагандарына кейиди:
-Мына болду, баары даяр!
Кыз куло карады. Кулгон менен ичи орт менен жалын:
-Эмне турасын, отур, мен азыр жолго алчу нерселеринди. ..
Адилет жай басып келип, кызды суйлото койбой оозунан ооп кирди:
-Жок дебечи?деди кулак тубуно шыбырап:
-Ади укчу?
-Жок укпайм, уккум да келбейт, суйлобо!
Жигитти токтотууга эми кеч болуп калган эле.
Кызды кучагына назик кысып, бул дуйнодогу канча таттуу создор болсо, ошонун баарын арнады го чиркин ал туну! Кызда, жигит тараптан келген жалынга туруштук бере албай, сезимдерине багынып бербедиби? Эки дене бир боло жуурулушуп, бирде жетинчи асманга чыгышса, бирде кайра жерге кулап, не деген арзуулар, ой'тилектер айтылбады дейсин?
Тан аппак атканда Марал ойгонуп, жигит тарапка карады. Ал узун кирпиктери, жумулган козун калкалап, жай дем алып, кыздын белине колун арткан бойдон уктап жатты. Энилип бетинен ооп койду:
-Ожорлугундун айынан, коп нерсени туура эмес кылып жатабыз!
Ордунан туруп, жуунганы кирип кетти.
Адаттагыдай эле коп. Кымгуут!
Экоо жай басып, каттодон отуучу жайга жакын жерге келишти. Адилет кыздын колун кое бербей, козун албай жалдырап тиктейт:
-Акмаралым!
-Адик?
-Эч нерсе дебе Марал, эч нерсе сураба дагы?
-Мен сенин созуно турушунду сурайм Адилет?
Жигиттин айласы кетти:
-Бул жашоодо жашап жургонумдун бирден бир себеби озунсун, эмнеге мени кыйнай бересин, айтчы?
-Жаным укчу!
Марал колдорун жигиттин жаагына алып барып, коздоруно карады:
-Биздин жол ушул жерге чейин болчу, муну экообуз тен билчубуз, бир жолу жолуксан андан ары озубузчо кетебиз дебедин беле Ади?
-Кантип?
-Убадандан таясынбы?
-Мен го мейли, сен кантесин?
-Мен олбойм, ушул маалга чейин кандай жашасам, эми да жашайм!
-Асылым!?
-Мен сенин бул жашоодо ордунду табышынды каалайм, анын да бактылуу болууга акысы бар!
-Бизчи? Биздин бактыбызчы?
-Биздин бакыт, биз бири'бирибизди суйобуз! Ошол бакыт! Бирге боло албасак, демек тагдыр эмес!
-Мен бул тагдырга конгум келбейт, бул жетип турган адилетсиздик!
-Болдучу Ади, биз айтышпайбыз дебедик беле?
-Сенсиз омурдун бары кайсы, жогу кайсы?
-Ожорлонбо!
-Моюн сунушум керекпи?
-Жок, сенден мени эч ким тартып ала албайт, сен жон гана шартка кон!
-Анан?
-Буйруганын короорбуз! Мени эми издебе Адилет?
Жигит чыдабай кетти корунот, арык кызды кучактап калды. Аны токтотуунун бирден бир жолу ушул. Болбосо анын создору жанына батып кетти. Ачуу жаш кекиртегине такалып, карманалбай, жаш сыртка агылды:
-Мен окунбойм! Сендей жанды тандаганыма окунбойм!
-Мен дагы Ади! Буйруса баары жакшы болот! Биз турмуштан оз энчибизди алабыз!
-Марал эми байланышпайбызбы ?
-Биз муну алдын ала суйлошподук беле, эмнеге кайталап, сурап жатасын?
Жигит кызды кучагынан бошотуп,башын жерге салды. Коз жашын корсоткусу келбеди. Марал жакындап, жылуу алакандары менен жашын суртту:
-Менден отуп кеттин го, болду эми!
Айрылуу ото оор нерсе ээ? Бирок адам баласы чыдай берет корунобуз бардык нерсеге.
Канчалык ажырагылары келбесе да, ташбоор убакыт, экоону эки тарапка болду. Бири илкий басып, келген жагына кайра тартты. Бири артынан канча ээрчигиси келсе да, ордунан жыла албай тушалды. Акыркы жолу жарк эте карады жигит:
-Марал унутпа, мезгил бизди озгортпойт!
-Унутпайм жаным!
-Сени суйом!
Кыз жашын жута,башын ийкеди:
-Кош!
Адилет каттоодон отуп , ары кирип корунбой калганча карап турду кыз.
Кетти!
Азыр эле кооз корунгон айлана, жылмайган адамдар, заматта козуно комсоо корунуп кетти. Жан дуйносу эншерилип,бир капшыты бош калды!
Акырын артына бурулуп, сыртка карап кадам таштады. Озуно каршы келген адамдар улам жоолоп отуп кетип, танкалып карап, отуп жатышты. Бирок кыз алардын бирине де конул бурбады:
-Биз бактылуу болобуз, мына коросун, биз бактылуу болобуз деп, шыбырап баратты.
Жол катар, оксуп'оксуп ыйлады. Аны биринчи коргон кунун, тагдыр аларды кандай жолдо жолуктурганын эстеп, ал менен откоргон, ар бир секундун коз алдынан откоруп жатты.
Алар бирине'бири, кезигиши керек болбогон шартта туш келишти. Бирок окунушподу, канча кыйынчылык болсо да,кымындай да окунуу болбоду аларда, себеби алар, бактылуу эле ал убакта!
Мумкун бактылуулуктун сыры да ушул, "эч качан окунбойбуз" деген создун теренинде жаткандыр?
*****
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 24 Июль 2018 - 23:01
#6 25 Июль 2018 - 00:41
#7 25 Июль 2018 - 00:45
#8 25 Июль 2018 - 00:46
<
#9 25 Июль 2018 - 03:48
#11 25 Июль 2018 - 10:01
Ишенгиси келбейт, таптакыр ишенгиси келбейт! Кантип бакытынан баш тартып кетип баратат? Коро'билип туруп э?
Баарына козу жетип турат. Эгер бул жашоонун ырахаты эки журоктун бири'бирине ашык болуп, бирге омур суруусу болсо, анда ал ырахат бир гана ушул кызда.
-Асылым! Жашоом менин! Эми мен сенсиз кантем? Эми кантип ар бир танда, сага "Кутман танын менен манка!" дебей ордумдан турам? Кундо кечинде "бейпил тун, жакшы эс ал!"деп кимге айтам? Жоодурай караган каректеринди, жагымдуу жылмайган жузунду, кулгондо, ууртунда пайда боло калган уячанды, мен, кантип унутуп жиберем? Айтчы кантип?
Жок! Сени унутуу мумкун эмес!
Кол булгалап, жаштуу козун ирмебей тиктеп турганын коз алдына келтирди. Кызды коргон акыркы муноттор!
-Аттин! Сенин козундон бир тамчы да жаш агызбайм дечу элем. Тескерисинче, ошол коз жаштарга озум себепчи болуп калдым. Кечир мени!
Ал менен откоргон ар бир коз ирмемде, чындыгында бир да жолу бактысыздык жок болчу. Эми мындан ары, ошол откон мезгилди эскеруу менен гана жашап калаарын элестетип, заманасы таарып кетти. Ордунда тынч отура албай, чебелектеди. Журогу чыркырап, жигитти жерди коздой жетелеп жатты:
-Кетпечи, жанында калчы, эмнеге мени оорутасын! Эмнеге менин каалаганымды жасабайсын?
-Сен да кечир мени журок!
Бул соз эркинен сырт айтылып кетти. Жанында отурган жургунчу, жигит тарапка карады:
-Абалыныз жакшыбы?
Адилет башын чайкады:
-Аны корбойм эми!
Чындыгында конулуно кыл да сыйбай турган. Колунан келсе, жерге отура калып, бакырып ыйлагысы келип жаткан:
-Эмне, корушууго мумкунчулук жокпу?
-Ошондой!
Адилет айнек тарапка башын буруп кетти. Маралы тууралуу эч кимге айткысы келбеди, озунун чындыгы менен гана жашагысы келип турду. Ал жонундо эч кимден, эч кандай пикирдин кереги жок болчу.
Тиги ийнин куушурду:
-Озунуз билиниз!
Жигит ошол калыбында коздорун жумду. Кыздын журогундо эмнелер болуп жатканын туйдубу,айтор ал дагы Маралды биринчи коргонун эстеди.
Эки журок бирдей согуп, качанкы откон жашоолорунда журушту.
Эхх! Кана эми, ушул эскеруулор экооно, бир кездердеги бактылуу кездерин кайрып берсе?!
****
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 25 Июль 2018 - 10:03
#12 25 Июль 2018 - 11:49
Чон энесинин, ачууланган созун уккан Марал, торку уйдон чуркап чыкты. Апасы ыйлап отуруптур. Энеси нары'бери басып, апасынын буюмдары салынган сандыкты ачып, андагы кийимдерди апасынын жанына таштап жатат:
-Кет, биротоло кет, козумо корунчу болбо!
-Эне!
-Эне дебе мени, акылсыз! Конулуно караган уулумду, чырактай балдарынды карабай, таштап баратасын шерменде!
Эмшендеп ыйлай, эшикке карап бет алды. Кичинекей небересин коро сала, колунан жетеледи:
-Журогой балам?
Марал эненин этегине оролошо, буттарынан кучактады:
-Эне, апамды эмнеге урушуп жатасын, эмне тандырдагы нандары дагы тушуп калыптырбы?
Апасы нан жапкан кундору кыжалат болуп калчу. Суюлуп тушуп калган нандарды кайда коерун билбей алдастап калаар эле. Аны коргон энеси, кабагы бурколуп, аларды чокко болсо да бышырып, анан короодо байланып турган итке, аз'аздан берчу. Бирок келинине катуу айтчу эмес. Анда Марал апасына боору ооручу:
-Жерге кирсин , апан эми нанды да жаппай турган болду!
-Эноов?
-Энен сенде айлансын, эмне эрте туруп алдын?
-Уйкум ачылып кетти!
Энеси кыздын курсагын тойгузуп , мектепке жибермек болду. Чачын экиге тыкыйтып оруп койду. Уйбуло мучолору баары ордуларынан туруп, эртен мененки чайга чогулушту. Ар дайым,эрте туруп чай даярдаган апасы бул жолу, кыз эртен менен коргон ордунан козголбоду. Ыйлап жатты окшойт. Энеси болсо апасынын жанына барууга уруксат бербейт. Атасы жерди тиктеп тунорот. Марал журогу бир коркунучту сезгендей, улам ар биринин козуно карайт. Эч кимиси унчукпайт:
-Мектептен кеч каласын кызым?
Энесинин созунон кийин кыз, аргасыз ордунан козголду.
Марал быйыл учунчудо окуп жатат. сабактарды да абдан жакшы окучу. Буга себеп уйбулодогу тынчтык эле! Ар куну ойгонгондо, чон атасынын:
-Оой энирейген аппак кызым, турагой!деп, сакалы менен кытыгылап, опкулогонунон тураар эле! Энеси кагылып'согулуп эркелетип, ата'энесинин жаркын маанайын коруучу ар танда. Эки инисинин чурулдап ойноп, эжесинин чачынан тарткылай жудотуп, таттуу тилдерин угуп,козун ачаар эле!
А эмичи? Бугун булардын бири да жок го? Эмне болгон баарына? Энесинин, эч качан мындай ачууланганын коргон эмес кыз. Чындап эле ушул, эч качан озгорбоочудой болгон бейпилдик бузулабы?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 25 Июль 2018 - 11:52
#13 25 Июль 2018 - 16:15
-Апоов!
Апасы жооп кайтарбады. Колундагы жылуу кийимдерди устуно кийгизип, жонундагы баштыгын алды:
-Журу кеттик?
Марал апасынын жетегинде бара жатты:
-Апа, биз кайда барабыз?
-Шаарга!
-Эмне учун?
-Эми ошол жакта жашайбыз!
-Чон энемдерчи?
-Алар бизди коргону барып турушат.
Жол жээгинде токтоп турган унаага отураары менен, унаа ордунан жылды,сыягы буларды чыдамсыздана кутуп турган окшойт.
Ошол ошол болду. Марал апасы менен, шаарда туруп калды. Себебин тушунууго али жаштык кыла турган. Коп отпой башка уйго кочушту. Бирок эми ал апасы экоо эле эмес, жылдыздуу, кара торусунан келген, бейтааныш адамдын келуусу менен, учоо жашап калышты. Жаны чойро, жаны адамдар, жаны мектеп, башында кызга кызыктуу туюлганы менен , бара'бара бир туугандарын, атакесин, чон ата, чон энесин сагынып, куса боло баштады. Айылга кеткиси келчу. Баары мурдагыдай бирге жашоосун каалоочу. Бирок апасы туюк гана :
-Чонойгондо барасын!деп койчу.
Андан кийин нечен ирет чон энеси келди, атасы келди, бирок апасы когоруп кызын бербей койду. Апасынын, "эгер мыйзамдаша келсем, эки уулумду да алып коюуга акым бар, мен эч нерсе дебегенден кийин, Маралга тийбегиле! "деген созунон кийин, энеси келбей калды. Кыз бирок аларды кутуп, жол карай берчу. Мунун баарына апасын куноолуу деп эсептечу, анткени айылдагы жашоосу озуно абдан жакчу.
Бул уйдогу жашоо деле жаман эмес. Бейтааныш адам ага кундо таттууларды которо келет, эч качан катуу айтпайт.
Апасы болсо Маралдын айтканын аткарып, бополоп остурду. Бирок мындай башаламандыктар, тушунуксуз окуялар, кыздын жанына оор батты. Сыртына чыгарбаганы менен, апасы ар дайым мундуу тартып, эртен менен турганда козу жашылданып калчу.
Ошентип, айылдын тынч жашоосунан , шаардын кымгуут жашоосунда бой жетти кыз. Оор жумуш жасабай, бар аракетин окусуна жумшап, озун гана карап чонойсо да, эмнегедир улбуроп, арык болчу.
Бугун шашылып сабактан келсе, ашканада узун бойлуу, кашы капкара, чымыр денеси кунго тооруккан, коздору жайнаган жигит, апасы менен суйлошуп олтуруптур. Бир караганда эле оттуу каректерине, коздору чагылышып кетти. Бат эле козун тартып кетти:
-Саламатсызбы? деп, башын ийкей учурашты. Апасы ордунан турду:
-Кел кызым, сабак буттубу?
-Ооба!
Марал унчукпай оз болмосуно кирип кетти. Тиги жигит артынан узата тиктеп калды.
Кирип эле , кийимин алмаштырууга киришти. Эмнегедир, колунун титиреп жатканын байкады.
..
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 25 Июль 2018 - 16:17
#16 25 Июль 2018 - 23:07
Апасы козунун тобосу менен карады:
-Эмнеге сурап жатасын?
-Жон эле сурадым! Марал шашып калды:
-Жон эле болсо сурабай эле кой!
Ошол менен соз токтоду, кыз , эмнеге сурап жибергенин озу да билбей, уялып калды.
Эки кун отуп,ал адам кайра пайда болду. Уйдо эч кимиси кирбеген бир болмо боло турган. Ошол болмого жайланышты.
Уйдо кенен басып'туруп конуп калган Маралга абдан кыйын болду. Бутунун учу менен басып,эмнегедир андан тартынып турду. Бирок анын келгени, уй ичи озгочо шандуу боло тушту. Ар кимиси озу менен болуп, дээрлик суйлошушчу деле эмес. Ал тамакка отурганда созсуз бир теманы баштап, кобурашып отурушчу. Марал кошула албай, четте эле калып кетчу. Тез'тез тамактанып, ордунан эртерээк туруп кетууго ашыгат эле. Жигиттин коздоруно караса эле, ичиндеги сезимдерди окуп алуучудай сезилчу.
Эмне себептен келди, качан кетээрин да сурай албады. Апасы адатынча кагып коебу деп ойлоду кыз.
Бугун уйдо апасы жок корунот. Жылдызбек байкеси да(апасынын жолдошу, Марал аны "байке" деп атачу) корунбойт. Сабактан шашып келип эле, бут кийимин туш келди ыргыта чечип, уйго кирди. Болмосунон сулгусун ала, жуунучу болмону коздой жоноду.
Куздун алгачкы айлары болгондуктан, кундун табы али кайта элек, аба ысык болчу. Жууна салып, калган жумуштарын анан жасайын деп ойлоду.
Эшикти ача сала белине сулгу оронгон, жыланач дене менен бет келип,тиктеше тушушту:
-Аппаа!
Кыз алдастап, кайра эшикти жабууну ойлоду. Тиги болсо каткырып кулуп жатат:
-Эмне кыйкырасын, апан жок уйдо?
-Ке, кечиресиз, мен сизди уйдо экенинизди билбегем?.
-Эч нерсе эмес, мен азыр!
Ал кийимин кийип, бир топтон кийин ашканага кирди:
-Бошоду, барып жууна берсен болот!деди кулкусун тыя албай:
-Рахмат, мен анан жуунам, эмнеге кулуп жатасыз?
-Кулсом болбойбу?
-Кулкулуу эмне болду?
-Билбейм, кебетенди коргондо кулкумду токтото албай жатам! Аябай коркуп кеттин го э?
-Кыз балага да ушундай мамиле жасайбы?
-Кызык?
-Эмнеси кызык?
-Мен мурда кийин эч кыздар менен мамиле кылып корбогом!
-Аябай ишендим!
-Эмне?
-Жалганды да эптеген адам айтыш керек!
-Чын айтам мен!
Марал ийнин куушуруп, башын чайкады:
-Мага баарыбир эмеспи? Булардын баарын эмне айтып жатасыз мага?
-Сен озун сурап жатпайсынбы?
-Тообо!
-Атым Адилет, сенин атынчы?
Капыстан созду буруп жибергенге кыз шаша тушту. Бирок билдирбегенге аракет кылды:
-Менин атым Акмарал!
Жигит бул ысымды ичинен бир нече ирет кайталап жиберди:
-Атын озуно жарашат экен!
-Рахмат!
Жигит билегин туруп, идиш'аяк жака карай басты:
-Коош Акмарал, эмне тамак жасайбыз кечкиге?
-Тамакты мен жасабайм, апам жасайт
- Бир жолу сен жасап кое берсен эч нерсе болбойт, алар кеч келет.
-Сиз кайдан билесиз?
-Сенин алдында эле чыгып кетишкен. Бугун тойго барышмак экен, экообузду ынтымакташып, бир тамагынарды жасап жегиле деп кетишти.
Ал кыздын жообун кутпой, тамак асууга киришти.
Кызык, эркек адамдын казан кармаганы кызга аябай оон учурады.
Жуунуп чыкса тамак даяр экен:
-Кел сулуу!
Экоо мурунтан тааныш адамдардай эле суйлошуп, тамактанып жатышты.
Адилет чындыгында акылдуу, токтоо, ар бир созун ойлоп суйлогон, керек жерде тамашалай коюп, конулунду которо турган адам экен. Ал окуусун аяктап, практикага чыгыптыр. Практикасын отосо эле жакынкы кундордо айылга кайтуусу керек экенин айтты.
Ал бул уйдо убактылуу конок экен. Бирок бул уйдун ээсине кандай тиешеси бар экенин айтпады, кыз да такып сураган жок.
Тун бир оокум болсо да, Марал керебетинде ары'бери оонап, уктай албай жатты.
-Адилет! Демек аты Адилет экен да?
Жигит болсо кыздын шынгыр унуно арбалды. Ушунчалык жагымдуу экен уну. Кулагына улам жанырып,тынчын алып жатты. Бул сезимдер Адилет учун да чоочун болчу. Ушу маалга чейин,канча аракет кылса да таанышууга батына албаган эле. Кызды кылгыра тиктегенин коруп,бир жолу Жылдызбек:
-Эмне кызым жагып калдыбы?деп сураган.
-Жоок,эмнеге андай дейсиз?
-Тынч келип, тынч кет деймин да иним!
Ошондо анын эмне айткысы келгенин тушуно албаган, ал тууралуу унутуп да койгон болчу.
Азыр кызды ойлоп жатып, Жылдызбектин ошол созу эсине тушту:
-Эмнеге андай деди экен?
Кеч уктаганга эртен менен ойгонсо саат 8ге жакындап калыптыр:
-Кара баскыр, уктап калган экенмин!
Шаша'буша кийине салып, тамакка да карабай сабагына жоноду.
Быйыл биринчи курстун студенти болчу, келечектеги программист!
Чыга бергенде Адилеттин болмосуно карады. Тошончусу тыпыйып жыйылуу, озу жок экен.
Ууртунан жылмайып алды.
Чуркап сабагына келди. Баарыбир кечигип калыптыр. Курбу кыздарына кийинки парада жолукту.
Чачы таралбай, колуна дептер калемдерин которгон курбусун коргон кыздар,алайып тиктеп калышты:
-Айка сен кечикчу эмессин го, эмне болду?
-Ээ сурабагыла?
-Айтчы?
-Айтсан эмне болду?
Курбулары чурулдай тушту. Марал кулуп айтып жатты:
-Уйдо бир "айылдык" пайда болгон!
-Ии?
-Кайсы айылдан келиптир ал?
-Кайсы жактан келгенин аныгын билбейм, бирок ошонун айынан кенири баса албай калдым уйдо?
-Эмне сени андып жатабы?
-Ой билбейм. Ошол келгенден тарта, озу да тар уйдун ар бурчунан сузушобуз. Кечээ ал эсимде жок, жуунганы кире калайын десем элеее?
Курбулары Маралдын акыркы созуно кулуп жатышты:
-Ой жиндилер десе?
-Дагы жакшы кийимдерини чече салып жонобопсун жуунганы?
-Ошону айтпайсынбы? Озу да аябай кунго куйгон, "капкара" экен десенер эй?
Каптал жагынан, бироонун басып келгени угулду:
-Кхм, кхм. Кыздар сабак башталды!
Марал артына бурулса Адилет турат, жылмайып. Кыз уятынан коздорун жумуп эрдин тиштеди:
-Сиз? Бул жерде эмне кылып журосуз?
Кыздар тушунбой калышты окшойт:
- А сиз кимсиз?
Адилет кыздарга карап кулундоду:
-Мен силердин жаны мугалиминер болом!
Марал баштап баары сабакка киришти. Адилет менен кошо кирген, агайы Адилетти "1айга практикага келгенин, баарын аны сыйлап, сабагын конул коюп угууну"табыштап, озу чыгып кетти.
Адилет озун эркин сезе сабагын баштады. Баарынын козу ошондо:
-Таак балдар, бугун мен силерге озгочо тема даярдадым, себеби мен кеткенден кийин да ар дайым мени эстеп журушунор учун!
"Жылан озунун ийрилигин билбей, баканы майрык дептир"деген ылакапты уктунар беле?
Маралдын башы шылк дей тушту. Уятынан эки бети кызарып, ойдо карай албады:
-Олдум эми, бардык созумду угуп калган турбайбы?
Студенттер туйшолду:
-Бака менен жыландын программисттерге эмне тиешеси бар?
-Мен да ошол себептен дагы, атайын ушул теманы баштадым, ар ким оз ойлору менен болушуп, ушул созду чечмелейбиз. .
****
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 25 Июль 2018 - 23:14
#18 26 Июль 2018 - 10:24
Кыз озун аябай ынгайсыз сезди. Же артынан барып, кечирим сурашын билбейт.
Маанайы жок, конулсуз журду кечке.
Уйго келгенден кийин деле Адилет кызга эч нерсе дебеди. Бири'биринен качып журо беришти. Марал чындап эле кайгырып алды, ал коп эле унчукпай журо алчу эмес, ичи бышып кетчу. Бирок даап да эч нерсе айта албады. Бир чети куноо озундо болгондон кийин, аргасыз эле.
Таарынчак неме окшойт,деди оюнда.
Адилет болсо эч нерсе билдирбей, кадимкидей кулуп' жайнап, анда'санда суроо узатып коюп журду.
Эмнегедир Адилеттин келгени апасына жакпады корунот, озу да суз журчу апасынын кабагы андан бетер кирдеди. Жолдошу экоо арада кункулдошуп коюп журушту. Муну кыз байкады. Деги эмне болуп жатканын тушуно албай, ортодо Маралга кыйын болду.
Адилет ким озу? Эмнеси болсо да, батыраак бардык нерсе жайына тушсо экен?! Уйдогу мындай абал кызга таптакыр жакпай туруп алды. Кайдан да оозун бироо тырмагансып, "айылдык капкара" деп айтты экен? Ошол созу болбогондо мындай болбойт эле.
Эмне мынча жигитти ойлоп туруп алды анан? Ойлобоюн десе болбой жатпайбы?
Анын ар'бир карашын, кыймылын коз жаздымында калтырбай байкап турат. Окуу жайда да коздору менен издей берет. Чыкыйып кийинген, тез'тез басып келе жаткан караанын коргондо гана, озунчо тынчтанып калат. Бардык оюн ээлеп алды акыркы кундору.
Уйдо болсо апасы кызынан козун узбойт.
Убакыт отуп жатты. Адилеттин кетээр куну жакындап калды. Кыздын андан бетер ичи бышып, буулугуп журду.
Сабактан чыгып, маанайы жок, башын бир жагына кыйшайтып келе жаткан. Уйго жакындаганда Адилет кутуп туруптур:
-Сиз?
Марал кутпогон эле, танкалганын жашырган жок:
-Демек, "айылдык" дечи?
-Кечиресиз, мен жон эле кыздар менен тамашалашайын дегем.
-Макул отуп кетти, эч нерсе эмес, негизгиси аманчылык!
-Атайын ушул созду айтыш учун кутуп турасызбы?
-Ким айтты мени кутуп турат деп? Мен деле жаны эле келе жатам уйго?
-Мени кутуп турасыз деп ойлогом мен?
-Жур бир аз айланып келебиз?
Адилет капыстан созду буруп кетчу. Бул жолу да ошентти. Марал уй жакта карап кылчактап, бирок азыр анын айтканыны конбосо, окунуп калаарын билип турду:
-Макул журунуз!
Экоо ээрчишип басып баратышты. Кыз жарытылуу соз деле айта албады, создун баарын ,дээрлик Адилет суйлоду. Анын айткан ар бир созу маанилуу, угуп эле отура бергин келет. Оозун тиктеп, эмне десе да башын ийкегилеп баса берди кыз.
-Акмарал?
-Оув?
-Сенин унун абдан жагымдуу экен?
Кыз коздорун кулундото карады:
-Чын элеби?
-Ооба, ырдай аласынбы?
-Жоок ай. Ал учун да атайын талант керек да?
-Тушунуктуу! Мен бугун кечинде айылга кетем?
Маралдын ичи тыз дей тушту.
-Бугунбу?
-Ооба, жумушумду жыйынтыктадым, эми кетишим керек?
-Качан келесиз кайра?
-Эми келбейм го, менин ордум айылда.
-Айылда эмне кыласыз?
-Ата'энемди карайм!
-Жумушунузчу?
-Жумушумду райондон деле улантсам болот, уйдон барып'келип.
-Шаарга келууну ойлогон жок белениз?
-Ойлогом, бирок баары шаарга кача берсе, айылда ким калат?
-Кызык экен?
-Журу мени менен айылга?
Марал кутулбогон суроого эмне деп жооп берээрин билбей калды. Адилет кулуп жиберди:
-Манка десе, коркуп кеттинби?
-Эмнеге коркоюн?
-Айылга барсам мен да "капкара" болуп калат экенмин деп?
Кыз кулуп жиберди:
-Жоок, мен деле айылдык эле кызмын! А эмнеге "манка" ?
-Ишениш кыйын, жанындан бироо катуурак чуркап отсо, жыгылып кетчудойсун?
Анткени мурдун энирейген!
-Ошондо мен жылан, сиз бака!
Экоо тен кулушту:
-Акылдуу экенсиз бирок?
-А сен ошол акылдан адаштыра турган болдун!
Кыз коздорун бакырайта Адилетти карады. Ал башка тарапты тиктеген бойдон суйлоп жатты:
-Сени биринчи коргонумдо эле, мен учун бейтааныш сезимдерге туш болгомун. Коз алдымдан кетпей койдун, эгер ушул бойдон унчукпай кетип калсам,озумду алдында айыптуу сезип калмакмын, ошого атайын, сени утурлай чыктым. Мен озумдо болгон нерсени дароо моюнума алганды жакшы кором. Балким бул суйуунун келгенидир?
-Ме, мен..
-Сен эч нерсе дебе, сенден жооп да кутпойм!
-Сиз..
-Ооба мен! А эмне мумкун эмеспи?
Адилет кызга жакындады. Кыздан жагымдуу жыт бурр дей тушту. Озун ар дайым эркин алып журчу жигитке, эмнегедир бул жолу аябай кыйын болду. Кыздын колдорунан кармап, акырын мандайынан ооп алды:
-Сен башкачасын!
Марал эки бети ысып, ордунан жыла албай туруп калды:
-Мени менен байланышка чык, макулбу?
Кыз башын ийкегиледи. Адилет кыздын колдорун кое берип, жылмайды:
-Мен барайын?
-Азырбы?
-Ооба, уйдогулор менен коштошуп койдум! Макул кош!
Кыз Адилетти кетиргиси келбей турду. Эмнеге мынча тез кетип жатат? Коп убакытын бекерге откоруп жибергенине ичи ачышты. Эмне учун бул озгочо жан?
-Кетип каласызбы ушинтип эле?
-Биздин жолдор алдыда, эмнеге андай дейсин?
-Билбесем, мен...
-Макул эми уйго бар, мен кечикпейин, кутом сени!
Жигит колун которуп койдуда, адатынча бат'баттан кадам таштап, кыздан узап баратты!
Бирок кайра корушоорун экоо тен дилдеринде сезип турушту.
Кыз илкий басып келип, уйдун конгуроосун басты.
..
#19 26 Июль 2018 - 12:24
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 26 Июль 2018 - 12:27
#20 26 Июль 2018 - 14:27
Fortuna1987 (26 Июль 2018 - 12:24) жазган:
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »