Akylai_aktan (27 Март 2019 - 22:39) жазган:
Анан ушул жердеги кайнене боло элек келиндерге суроо: Ким жаман кайнене болом деп тилек кылат?Бир эле жооп болсо керек жок мен жакшы кайнене болом деген.
Баарыбыз эле жакшы тилек ,жакшы үмүттөр менен жашайбыз.Биздин апалар,кайненелер деле ошондой.Ишенбесеңер жаңы келин болуп келгениңердеги же тоюңардагы кайнененин жүзүн эстегилечи. Элде жок сүйүнүп,баламын башына баш кошулду деп жүргөн болот.Убакыт өткөндөн кийин ,келинге баягы жаңы келгендегидей көз караш жоголот.Эмнеге? Себеби чогуу жашаганда каалайсынбы, каалабайсынбы бири-бириңе 100% жагыш кыйын.
Мисалы эки жат аял бир квартирада жашаса,алар деле бири биринин жаман жагын көрүшөт.Бирок жат болгону үчүн мага эмне,жаман көрүнбөйүн деп айтпаганга аракет кылышат.
А кайнене деген ал күйөөңдүн апасы,сиздин кылганыңыз жакпайбы,көз жумуп кое албайт,айтат. Аны туура кабыл алуу өзүбүздөн.
Өзүмүн апам айтмакчы кайнене болуу кыйын.Деги эле азыркы заманда келинин жамандаган кайнене көргөн жокмун.Тескерисинче кайненени жамандаган келиндер көбөйдү.
Өзүмүн кайненеме келсем,катуу, сүрдүү,бетке айткан ,кыйын аялдардын ордун толуктайт.Сырттан карагандар силер кантип чыдайсыңар деп сурашат.Сырттагы адатын үйдө кылбай коймок беле,урушканда урушат,мактаганда мактайт,өтө адилеттүү,акылман аял.Апамдай жакшы көрөм десем,окшобой калат.Мен үчүн апам жалгыз.Бирок чын жүрөгүм менен сыйлайм,өмүрүн, ден соолугун тилейм.Биздин сыйыбызды атам экөө көрсүн,ыраазы кылсак деп ойлоном.Жаңы келин болгондо катуу айтса ыйлап ,капа болуп жүрчүмүн.А азыр туура кылган экен дейм.Көрсө көөп катачылык өзүмдө болгон.Жаштык кылып көп нерсеге түшүнчү эмес экенмин.Кайнене катуу болсо,келини эптүү болот деген сөз бар беле.Буюрса кайненемдей кайнене болом деп тилек кылам.Кудайым ошол күндөрдү насип кылсын.

100%ак соз мен кошулам. А, тилегим билбегеними акырын айтып, урашпай кеп-кенешин берип акыл-насаатын айтып кызындай корбосо да, жакшы корбосо да жаман корбой дистанция мн мамиле кылсак мен андан артык жашоону элестетпейм.