Күнүмдүк жашоо- тиричиликте ар кандай көйгөй жана кырдаалдардын алкагында түгөйлөрдүн ортосунда чыр- чатак чыкпай койбойт. Бул учурда айрыкча аялзаты сабырдуу келип, ортодогу мамилени бузуп албаганга аракет жасоолору керек. Демек, бүгүн жолдошуңуз менен жарашуунун ыкмаларын үйрөнөбүз.
Психолог адистеринин айтымдарында үй бүлөлүк чыр- чатак учурундагы кеңири таралган кырдаал эч кимиси алгачкы жарашуу кадамын таштагысы келбегендикте болот. Себеби, мырзалар үй бүлө башчысы катары өзүнүн пикирин талашсыз туура деп эсептеп кежирленишет.
Ал эми көпчүлүк айымдар мындай мамиледен жапа чегип калышат, анткени кандай аракет жасаарын билбей калышат. Андыктан психолог адистери мындай кежир жолдошу бар айымдарды сабырдуулукка чакырат. Ошол эле учурда ортодо чыр- чатак болуп өткөн соң, айымдар өздөрү күнөөлүү болуп жаткан маалда деле дароо эле кечирим сурай калуу дагы туура эместигин белгилешет.
Муну менен айымдар өз баасын түшүрүп алышат жана сый- урматты экинчи көрбөй калышы да толук ыктымал.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Жолдошуңуз менен пикир келишпесик болур кер- мур айтышкан соң, тыныгуу жарыялаңыз.
Эч нерсе болуп өтпөгөндөй эле түшкү же кечки тамакка даярданып даамдуу тамак жасап, дасторконду күндөгүдөн өзгөчөрөөк жасаңыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жолдошуңуздун үй бүлөлү досторунан "чай ичип кеткиле"-
деп конокко чакыра коюңуз. Жолдошуңуз дострунун көзүнчө буга чейинки чыр- чатакты козгобойт, кээде таптакыр эле унутуп да калат. Ошол эле учурда сизди сыйлоосу жогорулайт.
Демек, конокторду экөөңүздөр байкабай эле жарашкан абалда узатасыздар.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Жогоруда айтып өткөндөй чыр- чатактын келип чыгышына ар дайым эле мырзаларды күнөөлөгөнгө болбойт, айымдар деле себепчи болушат. Андыктан көпчүлүк айымдар мындай абалга кабылган соң, ачууга алдырып чыр- чатакты чыгарып алып ,кайрадан бардыгын орду- ордуна коё албай буйшайман болушат. Мындай учурда бир нече натыйжалуу ыкмаларды колдонсо болот.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
1- Күтүлбөгөн жерден эле жолдошуңузга туугандардын үйүнө конокко барып келүүнү сунуштаңыз.
Жолдошуңуздун ата- энесиникине барсаңыздар абдан жакшы болот. Себеби ар адам үчүн эне маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Ачуусу тарап, көңүлү көтөрүлүп келет.
2- Романтикалуу кечки тамак уюштура коюңуз. Даамдуу тамак, жагымдуу музыка... Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени сактап калуу үчүн бул эң эле сонун ыкма болуп эсептелет. Андыктан дасмалыңызды кооз жасап алып жолошуңузду жумуштан жагымдуу маанай менен күтүп алыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо белек берсеңиз да болот. Белек сөзсүз түрдө эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү да берилгени жакшы.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Чыр- чатактын себепкери жолдошуңуз болсо....
Эгер чыр- чатакты жолдошуңуз баштаган болсо, анда, белгилүү бир ыкмада аялзаттык ыкма менен аракет жасашыңыз зарыл болот. Болгону аны менен макул болуп чыр- чатакка чопчоң болгон чекит коюп коюңуз. Кийинчерээк,
бир аз убакыт өтүп, жолдошуңуздун кабагы ачылган соң жеңил. Жайбаракат абалда анын бир аз жаңылгандыгын белгилеп айтып коюңуз. Бирок, сеники туура эмес дебеңиз, бир аз жаңылыштың деп айтыңыз. Кээде өтө эле кежир мырзалар болот, алар эч нерсеге "алданышпайт"
. Маселен, ата- энесине конокко барганда, үйгө достору келгенде же жубайы рматикалуу кечки тамак уюштурганда.
.. Мындай мырзаларга жөн эле убакыт бериш керек... Баары өз ордуна келип калат. Жолдшуңуз күнөөлүү болгон учурда сиз кечирим сурабай эле коюңуз. Ал өзүнүн катачылыгын сезиши керек. .
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Смс билдирүү жазып коюңуз...
Ар бир жубайлардын ортосундагы сыр катары кармалган сүйлөшүүлөр жана бири- бирине арналган жылуу сөздөр эмеспи... Жолдошуңузга ошондой жагымдуу сөздөрдөн бир сүйлөмдү смс менен жөнөтүп коюңуз.
Дагы бир маанилүү жагдай, чыр- чатактын чыгышына себепчи болгон айымдар өз катачылыктарын моюндарына ала билиш керек. Бул абдан маанилүү. Себеби кээ бир айымдар өздөрүнө чаң жугузбай, жолдошторун гана күнөөлүү деп эсептей беришет. Бул туура эмес. Өзүңүздүн катачылыкты моюнуңузга алганда гана үй бүлөлүк жашоодо бейпилдик болот. Экинчи ал катачылыкты кайталабайсыз.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Ошондой эле эч качан ата- эне, жоро жолдошторуңуздарды аралаштырып,
аларга даттанбаңыз.
Мырзалар муну абдан жаман көрүшөт. Мындан сырткары, абдан сабырдуу болуңуз эч качан ажырашуу темасын козгой көрбөңүз. Себеби мырзалар өз намыстарын бийик коюшат, андыктан кокусунан ажырашууга макул болуп жибериши ыктымал. Мындай учурда кырдаал кыйындайт.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз .
#5 02 Август 2015 - 13:11
Пайдалуу кенештер экен.Бирок дааагы эле аялдар биринчи кадам ташташ керек.Эхххх.
..
#6 02 Август 2015 - 13:20
Emu-Janyl (02 Август 2015 - 13:11) жазган:
Пайдалуу кенештер экен.Бирок дааагы эле аялдар биринчи кадам ташташ керек.Эхххх.
..
Туура айтасыз.Куйоосу жаман болсо да аялы куноолуу,жакшы болсо да аялдан.Журуп кетсе "иий сөйрүйүп күйөөсүн тарттырып ийди"дешип баягыле аял жаман.Тиги эргул ошондо да "байкуш" ,тамагы жасалбай калса керек да,кири жуулбай калса керек да кайра боор ооруганга чейин барышат.Кантсин бечара дешипчи))Анан эле ушунча жүктү майтарылбай көтөргөн аялзатын "алсыз" дегендерине таңым бар да)
#7 02 Август 2015 - 22:47
Биз кече жолдошум экообуз таарынышып кайра бугун жарашып алдыык)))Менден кетти эле тчно эле биринчи ыкманы жасадым дасторкон жасап жактырган тамагын койуп бердим но ал кечирим сурадыы))
#8 03 Август 2015 - 17:08
Биз таарынышканда,
кантип жарашканыбызды билбей калабыз.
Эки уч кундоп таарынышуу коркутуп суйлобой журоо беруу деген жок.
Уй -булоо болгондон кийин андай нерселер болуп турат да.
Жакшысы экообуз тен бат эле унутуп койгонубузда.
Табиятыманбы негатив ойлорду,стрессти, копко кармай албайм.
Тез эле ойлорумду жыйынтыктап, жолдошумду да,озумду да актап бутум чыгарып коём.
Эки уч кундоп таарынышуу коркутуп суйлобой журоо беруу деген жок.
Уй -булоо болгондон кийин андай нерселер болуп турат да.
Жакшысы экообуз тен бат эле унутуп койгонубузда.
Табиятыманбы негатив ойлорду,стрессти, копко кармай албайм.
Тез эле ойлорумду жыйынтыктап, жолдошумду да,озумду да актап бутум чыгарып коём.
#9 03 Август 2015 - 17:13
Коптон бери бир ыкманы колдонуп журом,майда чуйдо нерселерге баш оорутпай турган болуп.
Болбогон нерселерге эмнеге нерв коротушубуз керек,бир карасан оз ордуна келип,сенин нервинсиз эле чечилип калган болот.
Болбогон нерселерге эмнеге нерв коротушубуз керек,бир карасан оз ордуна келип,сенин нервинсиз эле чечилип калган болот.
#12 15 Август 2015 - 15:34
Мен болсо кечирим сурап эле журо берипмин ал кунолуу болсо деле, срочно самооценканы жогорулатыш керек
#13 15 Август 2015 - 15:41
Бизди балдар жараштырат.
Анан кайын ата кайын энемдин козунчо жакшынакай болуп суйлошуп олтурушубуз керек,болбосо мага тултундап былтындап берген тамагыны ичпейбиз дешсе,жолдошума дункуюп отурбай кирип жат дейт,кирип жатып алса эмне бизди козго илбей атасынбы дейт. Анан айла жок кулуп жайнап олтурганга туура келет. Ошентип таарынышканыбыз деле эстен чыгат.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#14 26 Август 2015 - 13:26
Таарынышып кеткенде эгер күнөө менде болсо, дамдуу тамак жасап, өзүмда жасанып алам. Бирок,такыр билгизбейм.
Таарынган адам болуп сүйлөбөйм, тамак ичип алың деп алдына коюп берип коём. Унчукпай жүрө берем, анан эле өзү жабышып сүйлөп баштайт.
#15 05 Октябрь 2015 - 16:03
Урушуп ,таарынышып калган учурда эн негизгиси САБЫР.Кечинде эки болок жатпоо керек...жана таарыныч узактыгы шейшеп кургагычакты гана моонотто болуш керек делет ислам дининде.
#16 05 Октябрь 2015 - 16:11
Чын чынына келгенде баары бекер болуп калат.Нар жактан конулун сууп калган болсо башынан ылдый алтын куйса да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#17 06 Октябрь 2015 - 18:17
Катуу урушуп кеткен элек. Мен туугандарымдыкына кетип калгам. Анан келдим. Чарчап уктап жаткан экен. Уйду жыйнап анан жанына жатып уктагам. Ал эч нерсени билбей уктап жаткан. Кучактай калсам шарт туруп кыйкырып кетип калды токто десем болбой. Эшикке чыгып бетин жууп токтотконума да конбоду. Ыйлап жатып сонун уктаптырмын.
Эртеси келип жалгыз элем Ким кучактап атат деп кечинде коркуп чыгып кеткем. Шайтансын да сен. Бетимди муздак сууга жууганда озумо келдим деди. Урушуп кетсек же ал же мен эч нерсе билбегендей кучактап алабыз. тултундап тырындап анан жарашып калабыз.
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
#18 07 Октябрь 2015 - 04:05
Gulnazz93 (02 Август 2015 - 22:47) жазган:
Биз кече жолдошум экообуз таарынышып кайра бугун жарашып алдыык)))Менден кетти эле тчно эле биринчи ыкманы жасадым дасторкон жасап жактырган тамагын койуп бердим но ал кечирим сурадыы))
Мага да ошол ыкма кобуроок керек болот окшойт.Выдырук да эми, урушуп кетсек. Таттуу тамактар кобуроок кызыктырса керееееек))
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#19 07 Октябрь 2015 - 09:54
orhideya (07 Октябрь 2015 - 04:05) жазган:
Мага да ошол ыкма кобуроок керек болот окшойт.Выдырук да эми, урушуп кетсек. Таттуу тамактар кобуроок кызыктырса керееееек))
Эркектин курсагы тойгондо жайдары болуп калат гоо ,урушпай эле койунузчу))
Менин куйоом кекчил эмес бат жазылат а мен кокмун.Таарынышышып калсак конулуму которуп тамашалап кулдуруп турат.Анан мен да муйлоп кетем коктугуму унутуп баратам деп суйунуп коем))
#20 08 Октябрь 2015 - 23:00
Биз бугун эрте м.н уруша кеттик. Жолдошум бат эле жазылат, мен журо берем кок беттенип. Азыр келсе озум соз баштасамбы деп олтурам.....)
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »