буттубу
Махабат туткуну
#22 20 Ноябрь 2015 - 22:02
Өлтүрбөй эле койсо болмок
Эгер аягы болсо,аягы деп койсо болмок автор...
Эгераягы болсо анда өтө эле супсак болуп калыптыр... ИМХО.
![:капамын:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
Эгер аягы болсо,аягы деп койсо болмок автор...
Эгераягы болсо анда өтө эле супсак болуп калыптыр... ИМХО.
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))

#23 21 Ноябрь 2015 - 18:09
2 БӨЛҮМ
***
Таң атып, күн бир аз өйдөлөй көрүнгөндө Керемет шашыла туруп окуусунакеткенге даярдана баштады. Ооба, баягы каргашалуу күнү Темирдин колунда калганкичинекей кыз бүгүн жыйырма бирге келип калды. Тайкесинин эрке жээни буралыпбойго жетти. Темир уулу менен кошо Кереметтин да каалаганын аткарып, эчнерседен кем кылбай чоңойтту. Бир гана Темирдин келинчеги Бермет мененКереметтин мамилелери анча жакшы эмес болчу. Бирок, ага Керемет көп деле көңүлбурбайт. Бүгүн түнү болсо, аны көпкө чейин уйку албагандыктанбы саатыныншыңгырагын өчүрүп, кайрадан таттуу уйкуга өткөн эле. Ошон үчүн азыр безилдепколго илингенин кийине калды. Ал шашылса дагы турары менен музыкасын каңкылдатакойгонду адат кылып алгандай. Ошону менен уйкусун ачып кыймылдай баштайт. Даярболгон кезде маанайы жок болсо да, бөлмөсүнөн күлүмсүрөп чыга келет. Анткени«Ар дайым таңды күлүп тос! Ошондо күнүң жакшы өтөт!» деген тайкесинин сөзүдайым эсинде. Мында да тажеңесинин ашканада отурганын көрүп кутман таң каалапжайдары кирип келди. Тажеңеси жооп бербестен өйдө туруп тарелкага куурулганжумуртка салды да ордуна отурду.
- Мен жебейм, кечигип жатам – деди бир чыны суу жутуп чыгып бараткан кыз.
- Сени ким жейт деп жатат?! Андан көрө жумуш таптыңбы? – деди Бермет агатигиле карап. Мындай тажеңесинин силкилдеген мүнөзү, аңтарыла түшчүдөй караганкөздөрү, көңүл калтыра турган сүйлөгөн сөздөрү Кереметке жаңылык эмес.Ошондуктан ал, Берметке жай гана так эте «ооба » деп жооп берди. Кереметда өзү бүгүн сөзсүз жумушка орношоруна ишенимдүү болду. Ал тажеңесинин мындаймамилесин эмнеликтен экенин түшүнгөндөй капа болбочу, анткени Бермет кандайболсо дагы эң жакын адамдарынын бири эле. Кээде Керемет «Бирөө эле сага жакшытажеңесин берип коймок беле!» деген таенесинин сөзүн эстей күлүп, калганынөзүнүн көңүлүнөн алыс ыргытат. Аңгыча аркы бөлмөдөн чыгып келе жаткантайкесинин үнү угулду. Ал: «Мына, мына» деп тажеңесине телефонду кармата салды.Бермет болсо алыскы өлкөдөгү уулунун үнүн укканда кубана «ии, айланайын! » депэзиле сүйлөштү. Керемет дагы агасы менен сүйлөшүүгө камданып, телефондутажеңесинин колунан жулуп алчудай чыдамы чыгып жатты. Бир аздан кийин Бермет«Ооба, уулум курсагың ток жүрсөң болду. Алокуусуна шашып баратат. Мейли, анда…» деп телефонду коё салды.
- Мени сурады го Марат байкем,с үйлө шө т болчумун - деп атайын бербей койгон тажең есине Керемет ызалана көзүнөн жаш мелтилдей окуусунажөнөп кетти.
- Сен дагы бала болуп кетесиң! Берип койбойсуңбу сүйлөшүп ал деп. Эрегишкенкишини тааптырсың! – деди Темир ызырынып.
- Болду, башка сөз айтпа мага! Ансыз деле ушулардын азабын жыйырма жылданбери тартканыбыз жетишет. Дагы жакшы Маратты кайра Австралияга жибердик - дедижаңы эле телефон менен сүйлөшкөн уулун айтып.
- Ай ушу сен бир сайрап бүтпөйсүң го! – деди баягы салынган жумуртканы жейиндеп жаткан Темир столду бир дуңк эттире чаап. Анын кашыгы да тарс эте жергетүштү. Жини келген Темир колун шилтей жумушуна кете берди. Кереметке болушкандатайкеси дайыма тажеңеси менен ушинтип урушуп кетээр эле. Ошон үчүн дагы Берметбилдирбегени менен Темирге катуу таарынып калчу.
Түш ооп калган кезде Керемет окуусунан чыгып тажеңесине айткан ишке жөнөдү.Дареги боюнча таап келген кыз эки кабаттуу имараттын үстүндө «Саякаттурфирмасы» деген жазууну көрдү. Ал бул кеңсеге кирип көзүнө биринчи илинген кызменен саламдашып иш боюнча келгенин айтты. Ал кыз бир аз өйдө баса тушундагыкабинеттин эшигин ачып:
- Апа бул жакта бир кыз келиптир. Жумуш боюнча дейт, чакырдыңыз беле? –деди.
- Ооба, кирсин – деген үн ар жактан угулду. Керемет кирери менен көзүнө төрдөотурган зоңкойгон, толук аялга көңүлүн бурду. Анын чачы кыска, болгондо даагала-сары кылып боёп алган келбети менен ал Кереметке сүрдүү көрүндү. Алаялдын көздөрү ичке болгондуктанбы кара түскө кашына чейин боёп алган сыяктуу.Керемет бөлмөнүн ичинде көп деле буюмдар жок экендигин да байкады. Бир стол,эки отургуч, анан бир диван. Чет жактагы килтейген шкаф дисктер мененсувенирлерге жык толгон. Тиги аял көз айнегин чече, чекесин тоскон көкүлүн колуменен артка сүрүп койду да: - Бул жакка отур. Атың ким болот? – деди. Кыз жоопберди. - Ммм… резюмеңди көрдүм. Эч жакта иштеген эмессиң, төртүнчү курста окуйтэкенсиң. Бир дагы тармакта тажырыйбаң жок, студент болсоң кандай максат мененкелдиң? – деди Кереметке.
- Тажырыйба алып иштейиндеген максат менен келдим. Мен бат үйр өн өм – деген кызды алкөп сүйлөткүсү келбегендей сөзүн бөлдү. Ал аял Кереметке пол жууп иштөөнүсунуштап, мындай иш студенттер үчүн жакшы акча табыштын айласы экенин басмырлай айтты. Кереметөңү түсүнөн ажырагандай бозоро түштү. Ал таптакыр башкача элестеткен эле.Кереметке мындан башка айла табылбагандай бул ишке макул экендигин айтты. Үйүнөкелип кайрадан тажеңесинин «Иш таптыңбы? Качан иштейсиң?» деген жемелөөсүнуккусу келбеген кыз жок дегенден намызданды.
- Мага Гүлбара Сылыковна деп кайрыласы ң. Мен «Саякат» турфирмасынын директору болом – дедиал, эми гана өзүн тааныштырып. - Ал эми бул менин кызым Мулкубатова Нүрг үл .Мен жокто барынакызым жооп берет. Негизинен Нүрг үл визалар менен иштейт – деп баягы ушул кабинетке алыпкелген кызды көрс өт тү. - Кеңсебиз эки кабатболгону менен чакан. Үст үнд ө эки бөлм ө бар. Алардын биринде чогулуш өтк өр өбү з, экинчисинде видеороликтерди көрг өнг ө даярдалган. Ошолжакты этияттык менен тазалап жүр. Паспортуңдун көчүрмөсүнэртең ала кел. Калгандарын кызым түшүндүрөт сага – дегенде Нүргүл «жүр менименен» деп Кереметти ээрчитти. Ал үйүнө жеткенде «орноштум жумушка!» дедитажеңесинин маңдайына отура калып. «Негизинен мен визалар менен иштейт экенмин.Үйрөнгөнчө Нүргүл деген кыз менен болом, анан мага өзүнчө кабинет беребиздешти. Мени маалыматты бат кабыл алып, тез үйрөнөт турганымды байкашса керек»деди чынын айткысы келбеген кыз тажеңесине мактана. Ошентип Керемет жумушкакөбүнчө кечкисин барып жүрдү. Окуусунан чыгып китепканага, анан жумушунажөнөйт. Бүгүн дагы кеч кирип кыз жумуштан чыкканда, ай дагы булут арасынанжарым жартылай көрүндү. Ошондо да шаар дагы деле тынч эмес. Ары-бери машинашуулдап өтүп, кимдир бирөөлөр Кереметке окшоп аялдамада маршрутка күтсө, кайбирөөлөр сейилдеп жүрүшөт. Алардын арасынан жолдо кол кармаша басышкантүгөйлөрдү Керемет көзгө илди. Жолдошубу, айтор жигитиби, кыздын бетинен бетаарчысы менен бал муздакты сүртүп жатса, кыз бал муздагын баланын мурдунунучуна атайлап тийгизди. Анан ал жигит да кыздын сүрткөн бетине кайрадан балмуздак сүйкөдү. Экөө каткырып ары басышты. Аларды караган Керемет дагы күлдү.«Тезинен келсең экен Тынай! Сен келгенде катуу-катуу кучактаймын! » деди кызөзүнүн чет өлкөдө жүргөн жүрөккө жакын адамын сагынып.
- Келчи кызым – деди Темир бир нече жолу өзүнөн кийинкелген Кереметти бүгүн да байкап. Сырттан жаңыдан үйгө кирген кыз тайкесининкаршысына отурду. Тайкеси биринчиден Кереметти эмнеге муктаж экендигин сурады.«Эч нерсе керек эмес» деген Кереметтин жообуна Темир дагы деле ишенбегендейсөзүн улантты. - Акыркы күндөрү үйгө кеч келип калдың го. Биринчи Тынай мененсейилдеп жүрсө керек деп койдум эле, ал азыр Малазияда турбайбы. Анантажеңеңден сурасам ишке орношуптур деди, чынбы? Турфирмада визалардыдаярдайсыңбы? Ал жакка кантип кирдиң? Канчадан бери иштеп жүрөсүң? – дегенсуроолорду берип жатты. Эми болсо Керемет бардык суроолорго тайкесинин көңүлүтолгондой жооп бергендей болду. - Алтышкам! – деди кайра Темир Кереметтиэркелете. - Мен сени иштейм деген аракетиңди баалайм. Азыр мына төртүнчү курстасың,эми бир жыл чыдасаң өзүңдүн кесибиң менен иштесең абдан жакшы болот. Сен азырокууңа гана көңүл бурсун дегеним. Студент кезинде ойноп-күлүп ал. Иштегенижетишесиң. Өмүр аныс деле иш менен өтөт экенин билесиңби?! Бүгүн чалып айт, менбашка иштебейм, тайкем уруксат бербей жатат де. Эртеңден баштап ишке чыкпайсың– деди Темир Кереметке ишенимдүү карап. Керемет ыңгайсыздана, дагы бир күништеп жумушун тапшырып келүүгө тайкесинен уруксат алды.
Эртеси бутту сунуп креслодо отурган Нүргүл күзгүнү алып өзүн карады.Нүргүлдүн бөлмөсү апасынын бөлмөсүнө караганда ыкы – чыкыга толтура болчу.Айрыкча столунун үстүндө тырмак боёгон лактардын түрлүү өңдөрү, колго сүйкөгөнкрем, помада турар эле. Бирок, бул бөлмөдө ал жалгыз эмес. Андан ылдыйкы бурчтабул турфирмада курьер болуп иштеген Кубан деген жигиттин орду бар. Кубан Нүргүлменен курбусундай көп убакыт бою сүйлөшө отура берет. Жада калса Нүргүлгө окшопжаңы алган кымбат буюмуна мактана да алат. Ал документтерди өз дареги боюнчажеткиргенде эле чыкпаса, көбүнчө убактысын чын дилинен ушул бөлмөгө арнайт.
- Бардык эле кыздар боёнуп жатканда сага окшоп ооздорун аңырайтып ачыпалабы? – деди Кубан Нүргүлдүн кирпиктерин, көзүн боёп жатканын көрүп.
- Элестет – деди ал Кубандын суроосуна көңүл бурбастан бир нерсени эстегендей, - баягы күнү жарнама тарткандар сүйлөшүп жатып Кереметти тарталы дейт ай!Жанагы биз тандаган роликке, мени тарткан жатышып – деди аларга нааразы болуп.
- Аны кайдан көрүшүптүр?
- Ой, өткөндө биз кеч чыгып баратканда ал келип калыптыр да.
- Анан?
- Апам дароо жок деди. Ошонукантип тартсын?! Пол жуугуч кыз биздин фирманын жүзү болушу керек эмес.
- Эмнеге кантип тартсын? Жарнамага чыкканда анын чекесине «бул пол жуугучкыз» деп жазып коймок беле?!. Анан дагы Керемет абдан сулуу экен го!
- Ии, аны барыңар эле эмне сулуу дейсиңер?!
- Сулуу болсо, сулуy дейбиз да. Сүйкүмдүү дагы экен. Баягыда назик үнү менен алдыман«Саламатсызбы! » деп чыга келсе жалдырап калыпмын.
- Аның бүгүн акыркы күн иштейт имиш. Тим кой кетсин. Чынында алжарнамаларга тартыла тургандай деле сулууэмес !
- Анан сен сулуусуңбу? Сен өтө арыксың, чачың меникинен кыска, эркек балабул жакта калсын. Жыртып тешкендей эки көзүң бар! – деп каткырганда Нүргүлыргыткан калем сап башына тийди. – Эмне мен туурасын айттым!
- Анын эмнеси сулуу? Же арыкже семиз эмес. Бир нерседен чочугансып көздөрү алайып турат.
- Бакыраң көз десең! Чачы калың, узун. Кирпик тери кайрылып серписе учуп кетчү дөй! Кашы-кө зү кара - деп кошо салды.
- Сен аябай сынаган экенсиң ! Аны сүй үп калган жоксуң бу жекаалап жатасың бы? - деп күл ө ордунан туруп Кубандын кулагына ылдыйлап, - ал бүг үн эртең менен келген жок, демек кечинде эчким жок кезде келет. Ал эми күз өтч үн ү башка жакка жиберип койсоң болот – деп шыбырады. Кубанга бул ой жаккандай эч нерсе дебестен көзүнкысып чыгып бараткан Нүргүлдү бир жылмая карап койду.
Керемет болсо адатынча кечке жакын турфирмагакел ди. Келери менен чаң сордуртуп, пол жууганга киришет. Үстүнкү кабатты жыйнап,астындагы бөлмөлөрдүн бирине киргенде Кубан отурган. Ал Керметти баштан аяккарап суктана кетти. «Ушул менин кызым болсо...» деди Кубан жаман оюнда экөөбирге жүргөнүн элестете. Ал чакасын эшик оозунан ары жылдырган Кереметти карап,аркасына түйүлгөн чачтарын бошото жыттап алгысы келди. Ошондо да мындай ойКубанга биринчи жолу келиши эмес. Ал Кереметти көргөн сайын элжиреп ээрипкеткендей боло берет.
- Саламатсызбы! – дедиКеремет ыңгайсыздана Кубандын тигиле карап отурганын байкап.
- Саламат! Саламат!
- Сиз бүгүн кечке чейин иштейсизби?
- Ооба, бүгүн жумуш көп.
- Мен сизге тоскоол кылбасам керек тезинен жыйнайм.
- Жок шашпай эле кой! Сендей сулуу кыз көздү уялтып гана турбаса, тоскоолкылышы мүмкүн эмес – деп ордунан турду. – Мен ушундай кары көрүнөт экенминби? –деди чаң сүртүп жаткан Кереметке жакындай келип. Ал андан алыстай жылды. - Сен«сиз» деп сүйлөгөнүңөн айтам да!
- Кечиресиз, мен сизди тарынтайын дегеним жок. Болгону сизди жакшытааныбагандыктан айттым.
- Жакшылап таанышалыкпы? – деген Кубан кызды тамга жөлөдү.
- Керек эмес! Менден алыс болсоңуз! – деп өтөйүн деген кызды Кубан колуменен тороду. - Жиниме тийбей, кой бериңиз мени!
- Жиниңиз тез келет экен – деп Кубан биринчи мойнунан жыттай калып, баягыыплас оюн ишке ашырууга белденип аны көтөрө, столго жаткызып өпкүлөй баштады.Кыз бакырып алы келишинче зөөкүрдү түртүп, уруп жатты. Кубан андан бетеркүчтөндү. Андан бетер бетин тытып алган кыздын колдорун бууду. Каршылыккөрсөтүп тырмышып жаткан кыздын топчулары үзүлүп, көйнөгү айрылды. Кубандынжулмалаганынан узун кара чачтары дагы жазыла түштү. Ал Кереметтин колдорунбекем кармаган бойдон мойнунан тарта өпкүлөдү. Эрдинен жыттай акырынтиштегиледи. Анын кылкандай болгон муруту Кереметтин бетин тырмады. Кыздынбара- бара күчү азайды. Бир аздан кийин Керемет алсыздандыбы, баягы жардамгачакырган кыйкырык эмес бир дагы дыбыш чыкпады. Ал кыймылсыз жатты. Кубан болсокөйнөгүн топчулай тамейкисин алып мурдунан түтүн чыгара терезени ачты. Бирок,аны азыр уят албады. Жүзү жашка жуулган Кереметтин жамынганга бир нерсеиздегенин карап тура берди. Тытылган көйнөгүн эптеп жабымыш эткен Керемет бирнече сааттан кийин үйүнө жетип эшикти ачкан тажеңесинин алдына кулады. Эсичыккан Бермет доктор чакыра коюп кызды жуунтуп төшөккө жаткызды. Доктор келип кеткенден кийин да Кереметтин көпк ө чейин дени ысыптемпературасы ылдыйлаган жок. Ал жаңыдан эсинекелгенде баягы каргашалуу нерсе кайрадан көз алдына тартылып, жашынын тамчыларыбиринен арты бири кубалашкандай тоголонду . Жанындаотурган тажең еси муздак сууга марлини салып дагычекесине коюп: «Ыйлаба алтыным» деп колунан сылады. «Жашабагыр! Ал баланы каргыш урсун! Майып болупкалсын! » деди өз үнү н дагы көз үн өн жаш кетип. Дайыма мисирейип жүрг өн Берметтин ыйлаганын Керемет биринчи жолу көрд ү. «Бирок», деди тажең еси кайра, «бизарыз бере албайбыз. Арыз берип ызы-чуу болсо тайкең билип калат. Анын жүр өг ү оорулу экенинбилеси ң. Мындайды укса көт өр ө албас! Тайкең үч үн унчукпа! Ал мына энең экөөңө ргө баш-к өз болом деп ушулжакта жүр өт. Же энең бир бааласачы, темселеп ары жок атаңды ээрчиди.Темирдин болсо жү рөг ү оорулу болупкалды. Инсульт деген кайра кармаса оңбойт. Сени жандилиндей, өз кызындай жакшы көр өр үн билесиң . Айта көрб ө тайкең е» деген тажеңесининколунан Керемет өзүнүн колун тартып алды. Бирок, ата-энесин айтканда дайымаболушуп Бермет менен урушуп кетчү кыз азыр анын сөзүн туура көрдү. Тайкесиндагы чын эле аяды. Ошондо да, Керемет ата-энесине муктаж болуп, алардын азыржанында жоктугуна күнөөлөдү. Аларга таарынды... Аңгыча сырттан табр-тубр добушугулуп, Бермет жашын сүртө бөлмөдөн чыкты. Бир аздан кийин тайкесинин угулганүнү улам жакындады. Тажеңеси экөө бөлмөсүнө кирер алдында Керемет көзүн жумупары карап жатып алган. Темир акырын басып келип чекесине кол тийгизди.
- Катуу сыркоолоп калган турбайбы алтышкам. Эмне кылсам? - деди тайкеси.
- Эми сен эмне кылмак элең? Доктор чакырдым, жазып берген дарыларын алдым.Болду, үйд ө жатканы жакшы –деди Бермет.
- Жанагы балакет жумушкаорношуп кыйналып кетти. Же окудан же уйкудан жок болуп. Чыгыптырбы ал жактан,сурады ңбы?
- Ооба, башка иштебейм депкелиптир.
- Дал бүгүн жумушумдун көбүн айт. Чалып деле койсоң болмок! Өзүмбейтапканага алып барат элем. Же азыр алып барсамбы?
- Ой кабатырланбасаңчы, доктор келип кетти дедим го! Жаткызыш керек болсоөздөрү дароо алып кетишмек. Ордунан козгобосоңчу жаңы уктаганда, жүр чыгалы,ойготосуң – деп Темирди ээрчитти. Тайкеси менен тажеңеси шыбыраша чыгышканданкийин түзөлө жатып көзүн ачканда Кереметтин бая толгон жашы көздөрүнөн куюлаэки кулагынан ылдыйлады. Бул ысык, үнсүз жаштар бир токтоп, бир сызылып көпкүндөр өтсө дагы ага берди...
Түшкү маал. Керемет төшөгүнөн турбады. Шылкыйып эле бүт денеси дагы делеооруйт. Уктаса, ойгонсо Кубан көз алдында тургансыйт. Түндөсү да тынч уктайалбаган Керемет кыйкырып чыккан. Анын түшүнө жанагы зөөкүр кирсе керек. Көзүначса элесинен кетпей бүткөн бою чымырайт. Бермет болсо улам кирип карап коёт.Ал тер жыттанган жууркан шейшебин жаңыдан алмаштырганда эшик шыңгыр этти.Дарбазаны ачкан Берметтин маңдайында бою узун кара тору келген жигит турду. АлТынай эле. Баягы Керемет күтүп жүргөн жигит. Тынайдын дагы сагынычы кучагынабатпай Берметтин көп сөзүнө көңүл бурбастан Кереметтин бөлмөсүнө кирип барды.Журканын бетине жапкан кыз Тынайды көрөрү менен кууду. Анын мындай мамилесинеТынай таң калды.
- Мен айтпадым беле сага көп сүйлөбө, суроо бербе деп. Азыр эч нерсегекөңүлү келбей турат – деди Бермет Тынайга Кереметтин бөлмөсүнөн чыгып ашканагакелгенин көрүп.
- Мен сүйлөгөнгө деле жетишкен жокмун – деди Тынай өзүн эмнеге күнөөлүүэкенин түшүнбөгөндөй. Эмне ойлорун билбей тынчы кетти. Бермет дагы айтпай көпкөтура албады. Ал башка сөзгө бурса дагы Тынай айласын кетирди. Акырында чыдабай,Бермет ага баарын айтып берди. Эмнеси болсо дагы андай жоопту күтпөгөн Тынайдынкөзү алайды, кабак-кашы биригип колу муштум алып, деми кысылды. Эмне дээринбилбей тактайды силкилдете кармап тиши кычырады. «Ким?» деген Тынайдынсуроосуна «Ошол «Саякат» турфирмасында курьер болуп иштеген Кубан дедиби жеКубат, айтор ошол акмак!» - дегенде эле Тынай мындан башка эч нерсе сурабастанэшикти каңк эттире жаап, учкан бойдон жөнөдү.
***
Күндүн нурлары Кереметтин жүзүн кытыгылап ойготтуп жатты. Ал ордунан туруптерезесин ача кере-кере дем алып, көк асманга тигиле карады. Акырын соккон желдагы ойго баткан кыздын чачынан сылап өттү. Бүгүнтөн баштап Керемет баарынунутууну чечип, жакшы ойлорго умтулду. Бирок, жанагы Кубан оюна келсе элекарегинен жаш таммай болду. Азыр дагы элес-булас эсине түшүп жүзүн сызганжаштын тамчылары тык этип ылдый кулап жатты. Кайрадан аны эстебегенгеаракеттенди. Аңгыча болбой тайкесинин: «Керемет! » деп чакырганы угулду. Булүндөн ою бөлүнө түшкөн Керемет тайкесинин маанайы жоктугун байкап ага шашылачуркап келди.
- Азыр мурдакы сен иштеген жерден бир Нүргүл деген кыз чалды. Тынай ды сен үч үн милиция кармапкетиптир го. Ошол чынбы? Сен бир нерсе кылдың бы?
- Мен үч үн? Ты… Тынайды?!
- Ооба, Кубан №4 ооруканада, 27 палатада жатат сурап койгула дейт. Бул эмнеси? Эмне болду? Бардык чындыктыайт азыр мага. Коркпо мен урушпайм – дегени менен Темир жоон чыккан үнүнөнкаардуу көрүндү. Керемет тажең есинин айтканын эсинесалып тайкесин эч нерсе болбогонуна ишендиргиси келди. Бирок, чынында коркуптурган кыздын өңү бозоро түштү. Темир бир нерсе болгонун сезип Кереметтен уламсурай берди. Кыз баягы өңүнөн кайтпай унчукпастан отура кетти. Темир бейкапаржүргөндөй көрүнгөнү менен жини келгенде абдан сүрдүү эле. Азыр дагы чекесибүктөлө Кереметти карап турду. Ортого тажеңеси аралаша Кереметке болуша калып,«Тынайдын башынан чач түшсө деле Керемет күнөлүү бекен?» дегендей сөздөрдүТемирге жаадырып салды. Башын ийкеген Темир сыр билгизбей жумушуна барчудай үйдөнчыкты. Тайкеси Бермет менен Кереметтин сөзүнө күмөндөнө милицияга жөнөгөн. Алжактан Кереметти зордуктап кеткенин биринчи жолу Тынайдан укту. Ошентсе дагы,Темир маңдайында отурган жигитке сыр билдирбеди. «Андайларды өлтүрүш керек!Айбан! » деп жатты дагы деле жини таркабаган Тынай. Темир бир аз галустугунбошотуп кыйнала дем ала баштаган. Тынайдын «Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы?»деген суроосуна «Мен барайын уулум, капа болбосоң. Бул жердин абасы мага жакпайжатат окшойт. Сени бошотуунун айласын издейм» деди ал чыгып баратып. Эптепүйүнө сүйрөлө жеткен тайкеси, - Керемет! Кызым! Керемет! – деп жүрөгүн кармапжыгыла түштү. Анан «Темир эмне болду? Доктор чакыр! Тез бол! Тайке турчу! Тайке!» деген үндөраралашып чала була угула берди. Бир нече саат өтүп Темир ооруканада жаткандакөзүн ачып акырын чыккан үнү менен:
- Бермет? – деди.
- Жүрөктү түшүрдүң го! – деди жанында отурган аялы.
- Керемет кана?
- Сыртта.
- Чакырчы, ал менен өзүнчө сүйлөшөйүн.
- Башка күнү сүйлөшөсүң, азыр болбойт. Сага эс алыш керек.
- Мен өзүмдү сопсонун сезип турам. Өзү мө келгеним качан жөн гана жаттым. Жанатан бери эс албай эмне кылды дейсиң . Чакыр! – деди Темир үнүн катуурак чыгарымыш эте. Берметордунан жай туруп эшик сыртында турган Кереметке кир дегендей белги берди.Палатага кирип, керебеттин жанына тактай коюп отурган Кереметтин башын тайкесиакырын өзүнө тартты. Башын Темирдин көкүрөгүнө баскан кыз аны акырын кучактады.- Коркпо, Тынайды чыгарабыз. Назинин алдында кандай гана күнөөлүмүн мен. Жалгызкарындашымдын кызын коргой албадым.
- Антип айтпаңызчы – деди башын өйдө көтөргөн кыз. Тайке дегеним мененатамдын ордуна атасыз. Мен таарынам сизге дагы ошентип айтсаңыз.
- Керемет! Менин чынында апаңдын алдында чоң күнөм бар! Сенин агаң Дастандын сөө гү жерге берилгенэмес. Ал чарчап калганда Нази төр өт үй үндө эле. Доктор келипжаш баланынсөөгүн кримация кылалы дегенинен ойлонбостон макул болгом. Назинин уруксатысыз. .. Ринат болсо ал кабарды угары мененүнсүз шалдая баса чыгып кеткен. Анын сырттан угулган өкүрүгүнөн мээм чуу дейтүштү. Жанымда апамдын дагы ыйлаганынан дүң болуп Ринаттан сураганга деле ойкелген эмес. Мүмкүн ошол үчүн азыр жазаланып жатам. Мен Назинин көзөмөлүсүзмакул болгом. Ага да айткан эмесмин. Назини улам мүрзөгө барып көз жаш төкпөйунутсун дегем. Баланын күйүтү кыйын... Унутулгус... Ошондо да...
- Тайке…
- Назиге айткан сөзүмчү! «Өлүп эле калбайсыңбы! » деп айткам. Куруп калгыр!Ошон үчүн сөздөн этият бол кызым, ойлонуп сүйлөп жүр. Жөндөн жөн жаман сөзайтып адамдын көңүлүн оорутпа. Өзүң дагы өкүнүп калбаш үчүн сөздү ылгап сүйлө.Мына мени көр… Чыны менен ага өлүм каалады дейсиңби? Мен Назини бактылуу болсоэкен дегем, Ринат менен бактылуу болоруна көзүм жетпеди. Ошондуктан аны башкагатурмушка бергенге шашылдым. Ошол үчүн азыр сенин жеке турмушуңа кийлигишпеймдеп өзүмө сөз бергем. Ошон үчүн сени бош койдум. Тынай экөөңөрдүн мамилеңеркандай экенин билбейм, бирок, ал жигиттин сени коргогону ишенич туудурат. Менага ыраазымын. Азыр эми тажеңеңди чакырчы телефонумду ала келсин – дегентайкесинин колунан өөп Керемет, палатадан чыкты. Андан кийин беш мүнөт өтүпөтпөй Берметтин кулак кескен ачуу кыйкырыгы угулду. Керемет чуркап кирердеэшикти ача калган тажеңеси аны жаакка бир чапты. «Сен күнөөлүсүң уктуңбу! Сен!Өлтүрдүң тайкеңди! » деп Бермет Кереметти от чагылышкан көздөрү менен карайкыйкырып ыйлады. Кереметтин да көзүн жаш ала тамга жөлөнүп, башын колдору мененбекитип бүрүшө отура кетти. Ага жер астын-үстүн болуп, терең чуңкурга зуулдаганылдамдык менен кулап бараткандай сезилди. Тажеңесиндей өкүрүп, жулунуп-жулкунупалгысы келди. Бирок, Кереметтин жүзүн чийген жаш үнсүз кылгырып ага берди... Алдагы жөн акпай, мойнунан кысып муунтуп жатты. Бул убакта ага Берметтинкыйкырыгы, топурап чуркаган врачтардын ызы-чуусу да угулбай калды. Дегелебардыгы үнүн жоготкондой тымтырс боло, көздөрү түнөрө түштү.
Кара түн басып, кара булут каптадыбы? Ошентип Бермет менен Кереметти кайгыалды. Муң алды. Таянар тоосун жоготкон кыздын кайрадан турганга кудуретижетпегендей алсыз... Бермет болсо, ал күндөн бир жума өтөрү менен кийимдеринчогултуп, ныгыра чемоданга салды. Ал бул үйдөн кеткенге даярданды. Бермет баятелефон менен такси да чакырып койгон болчу. Ал чемоданын сыртка чыгарып кайраүйгө кирди. Кичинекей сумкасын колго алып кетип баратканда Керемет алдынантосту. Ал тажеңесинин кетээрин түшүнүп аянычтуу карап турду. Кереметтин жашкатолгон көздөрү деңиздин тереңинен карагандай сезилди. Алар ылдый куюлбай биркөз ирмемди күткөндөй кылгырап карегине толо берди.
- Мен сенин жаныңда жашай албайм. Уулума Австралияга барам. Энең экөөңөрдүназабыңар өтүп кетти дейсиң! Силер деп жүрүп тайкең эмнени көрдү?! Агасынынэмгегин аябаган энең кайдагы бир оңбогур менен качып жөнөдү. Сүйүү деп коёт!Кайдагы сүйүү?! Сүйүүнүн балакетин алабы?! Башкага турмушка чыгарда качып жөнөпүй-бүлөсүнүн бетине көө жапты. Ага өмүрү жаман сүйлөбөгөн Темир бир сөз айтамдеп жыйырма жыл кыйналып акыры мына... Мына... – деди үнү титиреп. - Өзү даөтүп кетти. Энең экөөңөр күнөөлүсүңөр буга! Экөөңөр өлтүрдүңөр Темирди! Сени көрөйүндеген көзүм жок. Өзүң көр, бир чемодан кийимимен башка эч нерсе алганым жок.Бул үй дагы, тиги апаңдын үйү да сага калды. Үй тургундарынан акча алып жашайбер. Мен дагы өзүмдүн тилегиме жетким келет. Жок дегенде калган жашоомдоныракат алайын. Уулум үйлөнсө небере жетелейин. Ушул жыйырма жыл ошол бойдон элеАвстралияда жашадым деп эсептеп, силерди унутам! – деди да өйдө туруп кетипбаратканда Керемет анын бутуна жабышты. Ал« Кетпечи тажең е! Кетпечи!Кечирчи бизди! » деп суранды. Бермет ага болбоду. Жашымелтилдеп, алдына отура кеткен кызга Берметтин эмнегедир боору ачыбады. Чынын да бардыгына Кереметти күнөөлү деп эсептеп, анынбутунан учтаган колдору да Берметке жийиркеничтүү көрүндү. Бермет Кереметтиалынын болушунча түртүп жатты. - Анан дагы Маратка телефон чалып атасы тууралуу айтчуболбо. Коё бер! - деп Кереметтин тырмышып кучактап алган колдорунан бошонгонБермет чемоданын көтөрүп таксиге отурду. Керемет кичинесинде Марат байкесининТемирди чуркап келип «ата!» деп кучактаганда, өзү да аны «ата!» деп калчы. Андатажеңеси «Ата дебе! Тайкең болот! Ата деп коёт. Мараттын атасы, сенин тайкең!»деп оозго чапканы эсине түштү. Ошондо Берметти урушуп таенеси келип соороткон.Азыр аны эркелетип бооруна кыскан таенеси да жанында жок эле. Кереметти баарыжалгыз ташташты. Бир нече убакыттан кийин Кереметке тайкеси келди. «Кереметалтыным тур эми! Тынайды чыгарыш керек. Тынайга барасыңбы? Тынай... Тынай...»деген Темир кызды башынан сылап, бара-бара көрүнбөй калганда Керемет чочуйойгонду. Көрсө, ыйлап отуруп анын көзү илине кеткен экен. Ал туруп бети колунжууп шашыла милицияга жөнөдү. Сураштыра келип Тынайдын ишин караган тергөөчүгөкелди. Эшик тыкылдатып ачканда кабинетте ичи чандайып, муруту эки жаккакайкалаган киши көрүндү. Анын чекесиндеги калдайган чоң калы биринчи көзгөилинди. Ал тергөөчүнүн үстүртөн агарган чачтары да тик тургансыйт. Тергөөчүсаатын бир карап ордуна келип отурду да «Кир!» деди Кереметке. Бирок, ал Тынайтууралуу жакшы сөз айтпады. «Жакында соту болсо бир нече жылга камалатургандыгына кепилдик берем» деди андан бетер кызды бушайман кыла. «Ишин соткожеткирбеңизчи! Ал жакшы адам! Мен арызды алдыртамын» деп жиберди Кереметколдорун ушалай Тынайга кыжаалат боло. «Иии… жакшы адамдын бары бизге келетэмеспи! » деп бир сыйра какшыктаган тергөөчү тушундагы тамга илинген сүрөткөкарады. Ал отуз миң сом берсе Тынайдын иши тез арада жабыларын билдирип акчаталап этти. Тергөөчү эки тарапка кайкалаган муруттарын сүртүп жооп күткөндөйэми Кереметке тигилди. Керемет унчуккан жок. Эми бир балээге кабылгандай өңүбоз ала боло сыртка чыкты. Ал тайкесинин сөзүнөн Кубан жаткан оорукананыэстеди. Керемет ага барууну туура көрдү окшойт түз эле ошол жакка жөнөдү.
- Арызыңды ал! – деди Керемет Кубанжаткан палатага кирери менен.
- Ой, ким келип калган?!Саламдашуу деген барбы? – деди колу, мурду бинттелген Кубан.
- Арызыңды ал деп жатам!
- Эмнеге алат экенмин? Көрдүңбү аның мурдумду сындырды, тишим дагы түштү?!Бөйрөгүм ооруп жатат. Мойнум дагы гипсте. Колумдун эти чоюлду. Анан мен барыпарызымды алышым керек бекен?! Кызык!
- Эркек болсоң согушпайт белең ! Же сенин мага гана алың жетеби?
- Сүйл өг өнү н!
- Мен сага арыз жазганэмесмин. Жазчу болсом түрм өн үн түб үн ө чиритем!
- Күлкүмдү келтирбечи! Кантип далилдей аласың? Андан бери канча өттүдейсиң. Ушунчалык мени жек көрсөң дагы алдыма келиптирсиң, аны сүйөсүң го! Аламарызды, эгерде сен менин сүйлөшкөн кызым болсоң! Жарайбы? Ушул жерден макулдесең, эртең барып дароо арызды алам! Бирок,ойной турган болсоң кайра жазып, мени коркутуу жолуменен алдыртты деймин.
- Бул сөздөрүң сени көргөн сайын кускум келишинин дагы бир далили!
- Ойлон!
- Ойлондум! – деп Керемет Кубанга жакындай келип керебеттин аягындагыкитепти алып мурдуна каңк эттире бир чапты. Кубан мурдун кармап көчөдө уулуганиттей кыйкырып жиберди. Керемет аны жек көрүү менен карап турду да акырын чыгыпкетти. Эми ал кантип акча табыштын айласын издеп, Австралиядагы Марат агасыначалууга аргасыз болду. Агасынын төрт жүз доллар жиберем дегенине аябай сүйүндү.Бирок, эмнеге керектигин жашырган эле. «Тө рт жүз доллар алсамбиздин акча менен он сегиз миң сом болот. Дагыон эки миң сом табыш керек. Баса, үй тургундары бул айга төл өй элек, азыр аларга барайын. Алар тогуз миң беришсежыйырма жети миң болот. Анан айлыгым жок дегенде экимиң чыгар. Кандай болсо дагы мен үч жумадай иштедим»деп ойлоно бараткан Керемет мурун ата-энесижашаган үй гө жетти. Бирок,Керемет ал жактагы тургундар өздөрүнүн буюмдарын ала, качып кетишкенин түшүндү. Эми эмнекылмакчы? Он эки миң табылбай ошол бойдон калды. Көп ойлонбостон Керемет мурдаиштеген «Саякат» турфирмасына келди. Эшик сыртында «Мулкубатова НүргүлТоктосуновна» деген жазуу илинген кабинетке тукулдата кирип барды. Креслосуначалкалаган Нүргүл тырмактарын түздөп отурган. Ал Кереметти таң калгандай мойнунсозо сыноолу карады. Айлыгын алганы келгенин билдирген Кереметтин алдына ал миңсом ыргытты «Калганын айып пул катарында кармап калдым» деди өзүнүкүн тууракөргөн Нүргүл.
- Бул жакка кандай гана бутумбаскысы жок экендигин билбейси ң. Айласызданкелдим – деди Керемет ызалана. - Мага Тынайды чыгарууга акча керек. Милицияданакча сурап жатышат.
- Ммм… Канча сом? - дедиНүргүл колуна кармап турган калем сапты оозуна салып тиштей, буга да кызыгып.Ал керектүү сумманы уккандан кийин өзүнүн акчасын сунуштады. Ошол акчага төртай пол жууп иштеп бересиң деп да шарт койду. Айла канча? Керемет макул болуугааргасыз болгон эле.
Бир күндөн соң акчасын чогулткан Керемет милицияга келип баягы тергөөчүнүнкабинетине кирди. Ал конвертти стол үстүнө коёру менен тергөөчү аны ала көнүмүшадатындай көз иле санап тартмасына салды. Колдорун ушаламыш эте Тынайды экисаат мурун эле кой бергенин айтты. Бул кылган ишине тергөөчү боорукерликсезимин эмес, «баары эле ушинтет, эмнеси бар экен» деген ою менен уятын дакачырды. «Сенин акылдуу кыз экениңди билип эртерээк коё бердим» деп да кошупкойду. Керемет болсо сүйүнгөнүнөн Тынайдын үйүнө кантип жетип барганын дабилбей калды. Ал көпөлөк сыяктуу учуп келип конгондой болду. Дарбазаны ачканТынай Кереметти көрүп сүйүнө кете колдон тарта, ата-энесине тааныштырам дегенойдо үйгө киргизди. Залда чай ичишип Тынайдын апасы, атасы, Гүлбара Сылыковнажана анын кызы Нүргүл отурган.
- Ата, апа, бул Керемет! –деди Тынай кубана, үйгө кирери менен.
- Ооба, бул жанагы биз айтканкыз. Ушул үч үн уулуң уз камалган – дей салды Гүлбара баягы самсалаганкөкүлүн артка сүрүп. Сүйүнгөнүнөн эки чуңкуру бетине тартыла түштү. Жини келгенТынайдын апасы өйдө тура кыйкырып кызды үйдөн кууду. Тынай апасынын токтодегенине болбой Кереметтин артынан түшө жөнөдү. Бирок,ал Тынайды үйгө барышын суранды. Тынай болсо «Саякат» турфирмасынын ээси келипчыгарганын, алар эмнеге жардам бергендигине өзү деле түшүнбөстүгүн, апасыаларга ыраазы боло чай берип отурганын айтып жатты. Керемет бул сөздөргө көпкөңүл бурбастан, кайрадан аны үйүнө барышын сурана кетип калды. Тынай Кереметти көздөрүменен узата карааны көрүнбөй калганчакты ордунан жылбай тура берди. Андан арыал көчө бойлой кыдыра убакыт өткөзүп бир нече саат өткөндөн кийин үйүнө келди.
- Уулум экинчи бул кыз жөнүндө эч нерсе укпайын. Жанына жолоочу болбо! –деди апасы сырттан келген баласын көрүп.
- Эмнеге? Эмнеге сиз агаушундай мамиле кылдың ыз?
- Сен ошол үч үн камакта отурганы ң жетишпейби? ! Атаң экөөб үз калпың а ишенип кайра командировкада экен деп отурабергенибизчи. Гүлбара Сылыковна болбосо, дагы канча отурарың ды ким билет?
- Кайдагы Гүлбара? Мен анытаптакыр тааныбайм.
- Ал сени тааныбаса да жардамберди. Арызды алдырткан ошол адам! Сени куткарган! Ыраазы болсоң чу! Ошондой адамдардын кызын кара! Жакшынакай Нүрг үл деген кызы барэкен.
- Бар болобу, жок болобу магабары бир!
- Көз үңд ү чоң ач Тынай! Ал кызды н өз үнү н ата-энеси бар, ошолоркарасын. Сен эмне анын жеке куткаруучусу болуп ишке орноштуң беле!
- Жок ата-энеси.
- Эми бале баспадыбы! Жетимкызбы? Андай болсо кандай тарбия алмак эле көч ө бойлоп!
- Жамиля! Эмне ызы-чуу кылып жатасың ? Тынчтык бересиң би уулуң а? Эс алабы, бул ыя? – деди үст үнк ү кабаттан түш үп келген атасыаялына. Тынай унчукпастан атасы келгенинен пайдаланып бөлм өс үнө көт өр үлү п кетти.
- Энең керек болсо, ал кызга жолобогуң! – деди апасы Тынайдын артынан. –Анан, бир күнү жанагы жетимди жетелеп келсе көрөм сени! – деди жолдошуна карапсарсана болгон эне.
- Токтот! Жок жерден чырылдабай! – деген атасынын жининен гана Жамилябасылгандай болду. Бирок канча күн өтпөсүн ал кыз апасынын оюнан кетпей,уулунан аны ажыратууну ойлонуштуруп жүрдү. Тынайдын да мүнөзүн жакшы билетэмеспи. Уулу оңой менен ал кызды таштабасын билип турду. Ошон үчүн Кереметтиндарегин таап, үйүнө барды. Ал Кереметти баласынан алыс болушун суранды.«Үй- бүлө дегенди билбейсиң, сен аны бактылуу кыла албайсың» деп жатты ЖамиляТынайдын камакта отуруп жумуштан чыгып калганын айтып. Кереметтин ичи майышыпжатса да өзүн кармады. Чыны менен ал өзүн күнөөлүү сезди. Бутуна жыгылыпсуранайын деген Жамилядан алыс жылган Кереметтин бети чымырап кетти. Ошондонтартып ал Тынай менен жолугуудан качып жүрдү. Бир күнү Керемет жумушунан чыгыпбаратканда Тынайга кокустан жолугуп калат. Анда да кыз Тынайды көрбөмүш болупөтүп кеткенге аракет кылат. Тынай жанына чуркап барып колунан тарта токтотсодагы жабылта берген суроолоруна жооп ала албады. Анын үстүнө алардын жанынакеңседен чыккан Нүргүл келип калып, Керемет өзүнүн колун силкип тарта кетеберген эле. Анын ызаасы ичке толуп буулугуп баратты. Ал мурунку апасы, атасыкарматкан эски аюсун сумкасынан чыгарып кучактап алды. Алардын элеси эсинде жок болсо да ушунчалык аларды эңсеп сагынат. Бир убакта чыдабай тепкичке жетип аюсуналдына алып үңүлд өп ыйлап кирди. Тегерек четтеги адамдарды да карабады. Айлана болсокүүгүм тартып салкын жел ура баштады. Бул бүгүнкү ысыктан кийин эң сонун нерсеэле. Күндүз чакчайып тийген күндөн муздаткычтын ичине жашынып алуу сыяктууойлор да келбей койбос. Ар кайсы жерде турган челекттин суусундуктары датүбүнөн тамчысы акканчакты түгөнүп ичилди. Күндүн ысыгында киши тез суусайтэмеспи. Айрыкча көпкө көчөдө жүрсөң териң куюлуп, денең жабышып, оозуң кургапкетет. Бир гана нерсе өзгөрүүсүз. Кечинде деле ары-бери өткөн адамдаркүндүзгүдөй эле бир жакка шашылып жөнөшөт. Көбү эле ыйлап отурган Кереметтикөрүп боору ачыгандай карашат. Бирок, алар «эмне болду?» деп сураганга делеубактысы жоктой. Кереметтин да алар менен иши болбогондой үңүлдөй берди. Бирубакта жанына 25-26лар чамасындагы бою узун, мурдукырдач келген жигит келип отурду. Ал Кереметти бир жылмайып карап алды да:
- Мынча сагаэмне болду? – деди жай гана.
- Өзүңүздүн жолуңуз менен кете берсеңиз! - деген кызандан бетер үңүлдөдү.
- Мен сага жардам бере аламбы?
- Мен жөн гана ушинтип ыйлап алгым келип жатат. Сизгетоскоол кылбасам керек!
- Менин атым Хаим. Мүмкүн жакшы жерге отурупсүйлөшөттүрбүз? Сен мага айтып берсең эмне болгонун, колумдан келген жардамымдыберем.
- А сиз эмнепериште белең из?!
- Ошондойго… Мен тээтигил машинада баратып сени көр үп калып токтоттум. Чоң эле кыз көч өд ө отуруп аюсун кучактап ыйласа кызык көр үн өт экен. Бир ооз сурайын дедим. Кайсы «чечилбес» көйгөйгө ыйлап жатасың? Жумуш керек эмеспи? Мен сага иш берет элем. А мүмк үн мени менен жөн гана сүйл өшк үң келет. Андай болсо курсагым курулдапжатат , могул турган кафеге кирбейлиби?
- Сиздинкурсагыңыз менен ишим жок!
-Коркпо мен жаман адам эмесмин. Ушинтип кээде өзүм жөнүндө ойлоп коём – деп кайра жылмайды да,- кааласа ң жардамымды кабыл аласың , каалабаса ң жок. Макулсуң бу? Турэми! - деп кызга турганга жардам берип алар кафеге киришти . - Уруксат этсең сен үчүн заказ кылып коёюн – деди Хаим,көңүлсүз кызды карап.
- Сиз кыргыз тилинде жакшы сүйлөгөнүңүз менен акцент барэкен. Кыргыз эмес дейин десең кыргызга эле окшош экенсиз. Бирок атыңыз башкача.
- Туура айтасың. Аны байкаган экенсиң. Өзүм өмүр боюАнглияда жашаганым менен апам кыргыз. Ошон үчүн тилди жакшы билем. Апам менендайыма кыргызча, атам менен англис тилинде сүйлөшчүмүн. Таенем дагы Англиядажашаганы менен жалаң кыргызча сүйлөйт. Бул жакка келгениме бир жылга чукулдапкалды, тилди барган сайын жакшыраак өздөштүрүп келе жатам. Бул мени кубандырат. Эми сен айтарсың атың ким?
- Керемет.
- Кереметсага эмне болду? Эмнеге тепкичте ыйлап отурдуң ?
- Өт ө эле көп нерселер болуп кетти. Алым жок башка чыдарга.Билбейм эмне кылам… Каяка барарымды да билбейм.
- Сага ишкерек, мен аны дароо түш үнд үм. Бул жакта фирма ачканыма үч айдан өтүп калды. Аны бир бала иштетипжатат. Мен бул жакка келген турфирма аркылуу ал балага кезиктим. Азыр 2-3 адамиштейт . Сен дагы мага керексиң . Иштесең айлыгыңды жакшы төл өп берем. Эгердеокууса ң ишке окуудан келип иштей берсең болот. Сенин иш күн үң түшкү 1 ден кечки 7 ге чейин болсун дейли, жарайбы?
- Мен эмнеиш кылышым керек болот? – деди Керемет кызыга. Хаим чет өлкөдөн келгенкийим- кечелерди чоң дүкөндөргө сатуу жана кыргыз буюмдарын ошол эле өлкөлөргөжөнөтүү керектигин айтып жатты. Анан ушул жактан убактылуу жашаганга үйтапканга жардам сурады. Керемет дароо: - Мен берем үй үмдү - деди.
- А сенкайда жашайсың анан? Ата-энең эмне дейт?
- Эки үй үм бар, бирөө нү убактылуутургундарга берчибиз бирок, алар качыпкетишти.
- Качып?Буюмдары ңды кошо уурдап кетишиптирби?
- Жок, төл өб өй качып кетишти.
- Аа, андаалар ыймандуу качкындар экен! Ии ошентсең - деди Хаим Кереметтин жылмайганын көр үп. – Болду андабул маселе да чечилди. Мен алдын ала төлөйм. Эмесе үй үңө жеткирип коёюн ата-эне ң кабатырланып отурушса керек.
- Өзүм жетем - дедиКеремет башын ылдый кыла.
- Анда эртең бул дарек боюнчакелеси ң – деди Хаим ага визиткасын сунуп .
- Сизгекантип кайрылсам болот?
- Хаим депайт. Атасынын аты менен кошуп айткан бизде жок. Менин атым израиль тилиненкоторгондо «өм үр» дегенди билдирет. Израиль тилиндеги ат менен англис тилиндегиатамдын атын кошуп айтса күлк үл үү болотко. Ошон үч үн Хаим деп айтабер.
- Хаим агадейин уруксат берсең изж өн гана атыңыздан айта албайм.Хаим ага сизге суроо берсе болобу? Бул жакка Англиядан эмнеге келдиң из чакан фирма ачыш үч үн элеби?
- Бул жаккакелерде фирма ача турган оюм дагы жок болчу. Мага керек адамдарды издеп жүрөм.Фирманы болсо бош жүрб өй бир нерсе менен алек болуу үч үн гана ачкам. Бирок, барган сайын бул дагы меникызыктырып баратат. Ошондо-оо й… - деди Хаим оор үшкүрүнүп,ар жакта дагы бир сырын жашыргандай.
Эртеси күнү түш ооп калганда, Хаим Керемет менен жумушкакелер замат «Менин кабинетиме чакыр барын» деди кире бериш жерден өтүп киргендеГүлзат аттуу кызга кайрылып. Бир нече мүнөттөн кийин Хаимдин кабинетине экөөкиришти. Хаим Кереметти алар менен тааныштырды. Бирөөсү Асан байке айдоочу жанаменеджер Гүлзат эле. «Экөөңөр элесиңерби? » деп калды Хаим дагы бирөөнүкүткөндөй эшиктин оозун карап. Аңгыча сырттан кечирим сурап кирип келген Тынайсөзүнүн аягына жетпей Кереметти карап калды. Күтүүсүздөн Тынайды көргөн Кереметтин да жүрөгү катуу сокту. Бетикызыл алып, көздөрү ылдый карады.
- Силер бир-бириңерди тааныйсыңарбы? - деди Хаим.
- Жок! Тааныш эмеспиз – дей салды Керемет шашыла жоопберип. Хаим Тынайды да Керемет менен тааныштырды.
- Сиз менентаанышканыма кубанычтамын – деп Тынай Кереметке колун сунду.
- Мен дагыабдан кубанычтамын – деди Керемет дагы Тынай менен кол алыша.
- Андаэмесе барың ар кубанычта болсоң ор мен дагы кубанычтамын. Ишиңерди иштейбергиле, Керемет экөөб үз менин үйг ө жайгашуум боюнча маселени чечкени кетебиз - деди Хаим Керемет мененкабинеттен чыгып баратып.
Кеч кирип Керемет адаттагыдай «Саякат» турфирмасынакелди. Анын баягы Нүргүлдүн шарты боюнча түзүлгөн карызынын убактысы аягын чыгаэлек. Бирок, бүгүн Керемет бирөө кеңсени жаңыдан тазалап койгонун көрдү. Булучурда кабинетинен Кубан чыгып:
- Кандайсың? Сен эс алсаң болот, мен бир кызды чакыртыпжуудуртуп койдум – дегенде Керемет эч нерсе жооп бербестен бурулуп тышка кетипбаратты. Артынан Кубан кайрадан, - Керемет! – деди чуркап келип.
- Эмне мени сага рахмат деп айтканымды күтүп турасыңбы? –деди токтогон кыз Кубанды карап. Андан жооп болбогондуктан, сыртка чыгып кетти.Сырттан кече ушул убакта Кереметке жолукканын эстеп келген Тынай алдынан тосо,аны сөзгө тартканга аракеттенди. Бирок, Керемет ага көнгөн жок.
- Керемет –деп Тынай кетип бараткан кызды колдон алды.
- Коё бераны! – деди баятан акырын буларды карап турган Кубан.
- Эмне? Сенким экенсиң ?! Кийлигишпей ары тур уктуң бу? – деди Тынай ага.
- Менжигитимин!
- Сен -деди Тынай Кубанга басып келе аны жакадан алып, - сени кайра мурдагы дарегиңбоюнча түзөткөнү жиберейинби? !
- Коё бер!Ал чынды айтты. Кубан менин жигитим! – деди Тынай үч үн корккон Керемет шашыла ортого түш үп. Кыжыры кайнаган Тынай Кубанды силке коё берди. Кубан болсо Кереметти ийнинен кучактаймашинасына узата барып эшик ача отургузду. Алардын артында эч нерсе дей албайкалган Тынай муштумун түй үп көпк ө турду. Анданалыстагандан кийин Керемет машинаны токтотту да, «Тынайдан кутултсам дагы рахматайтпайсыңбы? » деген Кубанды бир жалт карап машинадан түшүп аялдаманы көздөйбаса берди.
Кубандын айтканына ишендиби, ишенген жокпу же Кереметкеэрегишкени болдубу, бир нече күндөн кийин Тынай жумушуна Нүргүлдү чакырды. АлНүргүл келгенде алдынан тосуп чыга «Нурум менин, келдиңби?! » деди эркелетежайдары бетинен өбүп. Акырын Кереметке да көзүн салды. Керемет аларга көңүлбурбагандай калем сап кармап жазымыш этти. Тынай өзүнө көңүл бурдуртайындегендей Кереметти кофе алып келишин сурана Нүргүлдү белинен кармап кабинеткечогуу киришти. Кабинетке киргенде Нүргүл сумкасын креслого ыргытып жини келетүштү. Ал Кереметтин Тынай менен чогуу бир жерде иштээрин билген эмес. Нүргүлдүничи таарып Тынай менен уруша кетти. Кереметтин бул жакта болгону аны аябайкапага салды.
- Сени абдан сагындым! – деди Тынай урушуп жаткандарынбилгизбестен эшик тукулдата кофе алып келген Кереметти көрүп. – Анан кечегизаказдардын отчётун тапшырыңыз – деди ал кофени коюп кетип бараткан Кереметке.Чынында Керемет Тынайды абдан кызганды. Бирок, бул сезимин жашырып, акырын ганабашын ийкей кабинеттен чыкты. Нүргүл болсо Тынайды бул жакка калп элечакырганын түшүнүп, Кереметти жыйнасын дегендей атайлап кофени жерге төгөсумкасын асына чыгып кетти.
Кайрадан кеч кирди. Кайрадан Керемет пол жууп «Саякат»турфирмасында жүрдү. Ага бүгүн Кубан жардам берип суусун алмаштырып, Кереметчарчап отуруп калган кезде өзү кошо жуушту. Эртеден бери жини таркабаган Нүргүлда бул жакка жетип келген эле.
- Керемет мен сени менен сүйлөшкөнү келдим атайын – дедиНүргүл Кереметке Кубандын ары жагында турганын көрүп. - Сага сунушум бар.Эгерде сен тигил жумуштан чыксаң мендеги карызыңдан иштебей кутуласың. Кандайдейсиң?
- Керек эмес. Бул жакта эми бир жарым ай иштесем, менөзүңдөн дагы кутулам – деген Кереметтин жообуна Кубан шыңк этип күлүп жиберди.
- Тынайдын жанында жүрүп, аны тартып алам деп ойлобо! Сенал менен боло албайсың уктуңбу? Мен болтуртпаймын. Тынай сага келген учурда даата-энеси эч качан сени кабыл албайт.
- Сени ата-энеси кабыл алса да, Тынайдын жанында ар убакболсоң да, сен эч качан анын жүрөгүндө жашабайсың! Анын оюн ээлей албайсың! –деди Керемет эми өзүмдү башка сенин алдыңда басынтпаймын дегендей Нүргүлдүнкөзүнө тике карап.
- Эмне? Сен... – деп жулмалашууга даяр болгон НүргүлдүКубан кармап Кереметтин алдына тура, аны тосуп калды. Нүргүл Кубанды чапкылап,- Сен, сен дагы ушуга болушасыңбы? – деп жатканда чыгып кете берген Кереметтисырттан кайрадан Тынай күтүп алды:
- Керемет эч нерсе айтпайм, кеч болуп калды жөн гана сенижеткирип коёюн. Сен үчүн корком. Өзүң жалгыз кечинде жүрө бересиң – деди чыныменен ага кыжаалат боло.
- Убара болбо, өзүм жеткирем – деди тепкичтен түшүп,машинасынын жанына барып эшигин ачкан Кубан, кеттикпи жаным? – деди Кереметке.
- Экөөңөр тең мени өз жайыма койгула! – деген кыз өзүнчөбасып кете берди.
- Акыркы жолу сага айтып жатам Кереметтин жанына жолобо!– деди Тынай Кубанга жакындай келип.
- Кызык, эмне үчүн? Эмне билесиң сен Керемет жөнүндө?Айтчы? Ал азыр бардык сырларын мага айтат. Билесиңби бул жакта эмне үчүн иштепжүргөндүгүн? Билбейсиң! А мен билем! Сен үчүн кыйналып жатат. Сени милицияданчыгарам деп 12 миң сом Нүргүлдөн алган. Нүргүлдүн шарты боюнча акчаны бул жактатөрт ай иштеп карызынан кутулам деген келишимге кол койгон. Ансыз дагы Керемет чынчыл адам. Ии, эмне болду? Өз үңө келдиң би эми? – деген Кубан машинасына отуруп дүрүлдөтөайдап кетип калды. Аңгыча кеңседен чыккан Нүргүл Тынайды көрүп кучактай калды.Тынай аны Кубандын сөздөрүн эстеп жийиркене түрттү. Нүргүл мындай мамиленинсебебин билгенден кийин күнөөлүү эместей ыйлай жабыша берди. Анын көздөрүнөнаккан жашы боёкторун агызып бетин шыбады. Колу менен көзүн сүрткөн сайын боёгужайылганын өзү да байкабады. «Ал башка келбей эле койсун, эми карыз эмес» депжатты Нүргүл улам алыстаган Тынайга жакындап. Тынай Нүргүлдү жек көрүү менен карады.Колун чөнтөгүнөн чыгарбай турган Тынай башын өзүнө жөлөгөн Нүргүлдү түртүпжибергиси келди. Бирок, ал ачуусун кармап, бир жагынан Нүргүлгө боору ооруду.
***
Бүгүн Керемет жумушуна эмнегедир маршруткадаотуруп баратты. Башка күндөрү отурмактур эшигинин оозуна кыпчылып келчи.Маршрутканын айдоочулары «жылгыла, жылгыла, арты бош» деп коюшат биринин үстүнөбири минип, айнекке жабышып баратса да. Мына ошондо ызы–чуу башталат. Элдин«болду тыга бересиңби, маршруткаң чоюла тургансып?! Бадыраң туздагансыбайтоктотсоң боло салганды! Жыгач ташып баратасыңбы? ! Каяка жылалы? Сенин үстүңөотуралыбы? !» дегендери угулат. Айдоочулар ал сөздөргө көңүл деле бурушпайт,андайды күндө угат эмеспи. Элди чыны менен жүк жыйгандай маршрутканын салонутолуп турса да сала беришет. Анан дагы «күзгүнү жаап калдың, арттагымашиналарды көрбөй калдым, жыл» деп коюшат. Айдоочунун күзгүсүн тосуп калганкиши бут коёрго орун таппаса да башкаларды түртүп жылымыш этет. Ошондо айнектинжанында тургандары айнекке жабышып, ортодогулары жок дегенде бири–бирининколтугун жыттап, эптеп барчу жерлерине жетишет. Ошол колтук астында тумчугупкеле жаткандардын бири «токтоп кой» дегенин айдоочу укпай деле калат. Ананбаягы киши «өтүп кетпедимби, токтобойсуңбу» деп урушса, айдоочу «эртерээкайтпайсыңбы! » деп кыйкырат. Ушулардын барын ойлоп Кереметтин бир жагынанкүлкүсү келсе, бир жагынан ыйлачудай нерсе. Азыр болсо айдоочу телефон мененсүйлөшүп «бопбош баратамын, киши жок!» деп койду. Керемет айланасын карасаорундарда отургандардан тышкары, сегиз адам туруп бараткан. Эшик оозуна илинипбарып жүргөнгө салыштырмалуу азыркы көрүнүштү чыны менен бопбош деп айтуугаболот эле. Мунун барын ойлонуп бара жаткан Керемет ишине жетип маршруткадантүшүп калды. Ал эми жумушунда күндөгүдөй. .. Керемет келгенде Гүлзат орунтапшырып Асан байке менен заказдарга кетет. Ошентип жаңыдан Керемет ишинекиришкенде сырттан бир бейтаныш аял кирди. Ал күлүмсүрөй саламдашты. Булкычырап кийинген бою узун, түзөлө баскан арыкчырай аялдын жашын айтуу кыйынэле. Өзү жаш көрүнгөнү менен колунун бырышы таптакыр башканы айтып турду. Алаялдын жылмаюсу да Кереметке жасалма сыяктанды. Себеби, ары ойлуу көздөрүндөмуң тартылып тургандай. Керемет аны кийим заказ кылганы келген го деп ойлоду.Бирок, ал аял Хаимдин апасы экенин айтып, үстүнкү күрмөсүнүн топчусун бошотодиванга отурду.
- Англиядан келдиңизби? Чарчагандырсыз. Эс алыңыз – дедиКеремет шашыла чай даярдап.
- Ооба,Англиядан. Бир аз чарчадым. Хаим канчада келет?
-Негизинен ал көп келбейт. Бүг үн чет өлк өг ө жибериле турганкыргыз буюмдарынын тизмегин алат. Ошон үч үн гана келет – деди Керемет чай менен печеньени алдына коюп жатып. -Кааласа ңыз Хаим аганын кабинетине өтсөңүз болот. Уулуң уз сизди абдансагынса керек бир жылдан бери көрб өс ө. Сиз дагы чыдабай келдиң изби? – деди өзүнүн ордуна отуруп жатып.
- Ооба,жарым саат көрб өс өм сагынып кетчимин. Эми бир жыл деген мага кылымдан артык созулду.
- Хаим агада сизди чыдамсыздык менен күтс ө керек. А мына Хаим ага - дегиче болбой ал апасын көрс ө да, эч нерсеболбогондой Кереметти чакырып кабинетине өт үп кетти. Апасы да кабинетине баласынын артынан кирипбарды .Бирок, көпкө отурган жок, ал көңүлсүз ызаасы келип кеңседен тез чыгып кетти.Бир аздан кийин Хаимдин кабинетине Керемет кирип барды да, - билем, - дедидемин ичине тартып үшкүрүнө, - идеалдуу адам жок экендигин. Бирок, мен ишенгем.Мен сизге ишенгем. Мага жардамга күтүүсүздөн периште сыяктуу асмандантүшкөндөйсүз. Бүгүн сиздин апаңызга кылган мамилеңизди көрүп, сиз жөнүндөгүойлорум бир заматта өчтү. Апаңызды кандай акыбалда кеткенин көрдүңүзбү? Биржылдан ашып көрбөгөн энеңизден саламыңызды аядыңыз го! Сизди сагынып келсе…
- Керемет болду! Өзүңдү ким сезип алдың? Апам экөөбүздүнортобуздагы мамилени өзүбүз чечип алабыз!
- Менинкийлиг үүш үг ө акым жок, билем. Бирок, сиздей апасына мамиле кылганадамды көрг өн эмесмин.
- Бул сенин ишиң эмес! Сен өзүңдүн апаңа жакшы мамилеңдикыла бер!
- Барболсо кылат элем! - деди Керемет чыгып баратып . Хаимдин ал сөздөрү Кереметти таарнытып көңүлүнтүшүрдү. Аны сезген Хаим ыңгайсыздана беш мүнөттөн кийин кабинетинен чыгыпКереметтен кечирим сурады. - Эч нерсе эмес.Чынында сиздин жеке ишиңизге кирише турганга акым жок, мени кечириң из! – деди Керемет дагы. Хаим анын ата–энеси жөнүндө сурай кетип, жоопалганда кызга боору ачый кайгылуу үшкүрүндү .
– Мен деле сагындым апамды... – деп калды Хаим ойгобаткандай диванга отура кетип. Ал апасына кылган мамилесине өкүндү. Ошондо даапасына болгон таарынычы кетпегендей. – Билесиңби? Мен көптөн бери сенден бирнерсе сурайын деп жүргөм– деди кайрадан Кереметке кайрылып. - Экөөбүз биринчитаанышкан күнү эсимде, мага үй сатып алуу кажет эмес дегеним. Бирок, сенин үйүңбир өзгөчө. Кантип айтсам?! Муну сага сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Сентүшүнүш үчүн менин ички дүйнөмдү сезишиң керек. Ал үй мага абдан жакын. Менанда мурда жашагандаймын. Түшүнүп жатасыңбы? Ал үйгө баргандан бери ушундайсезимге тутулдум. Мени эсимен танган го деп ойлоп жатсаң керек. Бары бирсуранам, азыркы мен жашап жүргөн үйдү мага сатчы. Сураган бааңдан үч эсе көпберейин.
- Ата-энем мен экиге чыга электе каза болушкан. Ал үйата-энемден калган жалгыз элес. Ал үйдө азыр дагы алардын жыты бардай.
- Демек, сатпайсыңбы?
- Кечиресиз...
- Макул, анда мен ал үйдө көбүрөөк жашаганга аракеткылайын – деп жылмайды да, - мени дагы бир нерсе кызыктырат – деди. – Ачкычкажабалып турган бөлмөдө эмне бар?
- Ата-энемдин сүрөттөрү, буюмдары, оюнчуктар... – дедиКеремет дагы бая Хаимдей оор үшкүрүнө өткөн кеткенди анча-мынча элес алып.
***
Күндөр өттү. Жумушуна бүгүн биринчи жолу барынан эртекелген Нүргүл белин таяна бөлмөнүн ортосунда турду. Колун бирде ары шилтеп,бирде бери шилтеп жумушчуларды башкарып жаткандай. Ал чачынын түптөрүнөн уламтүртүп өйдө көтөрүп койгонго да жетишип жатты. Жанында турган чоң күзгүгөкаранып түзөнүп да койду. Көйнөгүндөгү агала болуп көрүнгөн жерин акырын силкиптазаламыш этти. Жумушчулар болсо майда-чүйдө буюмдарды аркы-терке ташыпжатышты.
- Муну дагы ошол бөлмөгө алып баргыла. Сувенирди коюп койал апамдыкы – деди Нүргүл жумушчуларына. Анан колдорун учкаштыра жаңыдан киргенКубанды байкап маңдайына басып келе, - Сен башка директор эмессиң! Ошондуктансенин буюмдарың бул жакта турбайт – деди ага.
- Ошондой де!
- Дал ошондой!
- Нүргүл бир кеңеш берейинби? Алдагы көзүңө чапталганпласмас кирпиктериңди алып эле койчу! – деп каткыра күлдү.
- Айбан! – деди Нүргүл бети кызара, Кубанды ызырынакарап.
- Ха-ха-ха! Анан? Сен каалаганда директирликтен түшүрөмдеп жатасыңбы? Муну мен Гүлбара Сылыковна менен Кытайдан келгенде сүйлөшөм.
- Сен айтып жаткан Гүлбара Сылыковна - менин апам!Апамдын келгени качан! Ал өзү ансыз дагы сени ордуңан бошотууга каршы эмес. Сенбул орунга милициядан Тынайга жазган арызыңды алыш үчүн гана отургансың. Аныдагы унутпаган чыгарсың.
- Демек, силер мени пайдаландыңар. Гүлбара СылыковнаКытайда эс алганча мени иштетип, эми мени эч нерсе болбогондой таштап салганжатасыңарбы?
- Барын бузган өзүңсүң! Тынайга Кереметке берген акчажөнүндө сен айтканыңды билем.
- Кептин бары ушунда турбайбы… Мен аны айтпайм деп сагасөз берген эмесмин.
- Андай болсо Кубан, сен өзүңдүн мурдакы ишиңди иштейберсең болот. Босогонун түбүндөгү кабинетке отурасың. Сен эми кайрадан төмөнтүштүң.
- Рахмат! Сага теңелип сенден төмөн түшпөйүн. Башка жумушиздеймин силер менен иштөөгө болбойт - деп бурулганда
- Тапканда Кереметти кошо ала кет! – деди Нүргүлтөбөсүндөгү көз айнегин колуна алып. Кубан ага жакындай келди дагы тамга жөлөймойнун алаканына салып кысты:
- Кереметкежамандык кылууну ойлордун алдында мени эсте! Мен сени өз колум менен өлт үр өмү н! – дедикыжырлана. Кубандын колунан суурулуп мойнун кармаган Нүрг үл жөт өл ө кетти. Бир аздемин басып:
- Жамандыккыларда дейсиң би? Ха-ха -ха! Жамандык кылардын астында! Боорумду эзбечи! Аны зоордуктаган сен эмес белең ?! Ха-ха-ха– деп каткырып күлгөн Нүргүлгө эч нерсе айта албаган Кубан чыгып кете берди. Машинасына жакындай эшигиначканда шыңкылдап күлгөн Нүргүлдүн үнү кайрадан кулагына жаңырды. Кабагын төртбүктөгөн Кубан машинасынын эшигин тарс эттире жапты да, ар кыл ойго батып жолжээги менен жөө баратты. Ага шыңкылдап күлгөн Нүргүлдүн үнү тынбай угулуп«Боорумду эзбечи! Аны зоордуктаган сен эмес белең?! Сен эмес белең... Сен эмесбелең... Сен эмес белең...» дегени улам жаңыра берди. Ага кошулуп ошол күн эскетүшө Керемет да «коё бер, коё бер мени» деп кыйкырды. Бир убакта отура кеткенКубан катуу бакырып алды окшойт, башын кармап чачын жулуп алчудай мыкчыптартты. Ал өмүр бою өкүнөр иш кылганын эми гана түшүнгөн чыгар. Эми гана...Кереметти көргөн сайын дүк эткен жүрөгүн сезгенде... Мурдаарак аны эмнегеукпаган? Же анда өзүнүн жүрөгүнө Кубан кулак төшөбөгөн го! Ушул күндөн тартыпөзүн жек көрө баштаган Кубан азыр Кереметтин каршысында турду.
- Сен??? – деди суроолу Керемет аны көрүп таң кала.
- Эмнеге келдиң дебе, өзүм билбейм. Жөн гана жолдобаратып. .. Мен сени көргүм келди. Сага айтканы… келдим... Мен айтам… Сүйөмсени! Мен эми сенин жамалыңсыз тура албайм... Сен мени кечиресиңби? Кечиресиңбибир күнү?
- Жок. Кандай сени жек көрсөм, дагы деле ошондой жеккөрөмүн. Сени көргөн сайын ал күн улам көз алдыман өткөнсүйт. Сен колуңдан келетурган нерсе мени менен жолуугу издебөө. Ар бир көргөн сайын ушул акыркыкөргөнүм болсо экен деймин. Сени таптакырунуткум келет. Бирок, сен кайрадан көз алдымда турасың. ..
- Татыктуумун сенин айткан сөздөрүңө, сенин жек көөрүңө –деп бир аз унчукпай калган Кубан Кереметтин көз карашын үмтөткөндөй көпкөтурду. Кыз үндөбөдү. Кубан кайра баягы келген жолу менен артка кайтып баратты.Керемет ойго чөмүлдү. Кубанга эмнегедир боору ооруду. Кубандын артынан барып«Кечирдим! Мен сени кечирдим! » деп айткысы келди. Бул учурда Керемет «Кызым!»деген үндөн улам чочуй кетти. Ал жанына Хаимдин апасы турганын эми байкаганэле. «Өзүңдү жакшы сезип жатасыңбы? Мен чочутуп койдум окшойт. Баягы күнүкелбедим беле эсиңдеби? Хаимдин апасымын» деди кайра. «Аа... Ооба» деген кызордунан тура калды. Хаимдин апасы сумкасынан конверт алып чыга Кереметкекарматып, баласына берип коюну өтүндү. Кереметти кимдир бирөөгө окшоштургандайтигиле карап, бирок эстей алган жок. Кандай болсо дагы бул маңдайында турганжылдыздуу кызга ичинен жакшылык тилеп кайрадан узак сапарга жол тартты. Алкеңседен чыгарда да уулунун караанына зар болуп, кабинетине көз сала кетеберди.
Кеч кирип Керемет да жыйнала баштады. Катты кечиктирбей Хаимдин үйүнө алыпбарып берүүнү чечкен кыз, аны сумкасына салды. Бүгүн чет өлкөдөн келгенкийим- кечени өзү текшерип кайра кеңсеге кайткан Тынай Кереметти колдон алаээрчитип машинасына отургузду. Алар экөө тең үндөбөй баратышты. Экөө тең бирге болуунун жолун издегендей ойлуу. «Эмне деп баштасам? Эмне деп айтсам?» деген Тынай бир жолду, бир Кереметти карап жатты.Керемет Тынайдын көз карашын сезсе дагы ал тарапты карай албады. Кереметтинкөздөрү Тынайдын көздөрү менен чагылушуудан коркту окшойт. «Керемет! » дедиТынай үйүнүн эшик алдына жеткенде машинадан чыгып бараткан кызга, «дагы бир азотура турчу» деп сурана. Тынайдын колун сезген Керемет машинанын эшигин кайражапты. «Сени жакын деп айтайын десем, алыссың... Сен менден алыссың. Колуңдуколума алсам дагы, өзүңдү көкүрөгүмө кыса албайм. Сен жанымда отурсаң дагыбашыңды ийниме жөлөбөйсүң. Ошон үчүн сен менден алыссың... Ар бир кыймылыңды, көз ирмемиңди көрүп турсам дагы, ар бир демиңди тутсам дагы эмнегедир сенменден алыссың... Эмнеге? Экөөбүздүн ортобузда көрүнбөгөн дубал бардай. Эмнегесен менден алыссың?» деген Тынай анын колун алаканына жанагыдан бекем кысты.Алар ушинтип отурганча түн кирди. Жылдыздар асманга толо чыкты. Тынай жанындауктап калган Кереметке костюмун жаба аны карап отура берди. Экөөнүн мурунсейилдеп жүргөн кезин элес ала Тынай жылмайды. Ал учурда Керемет шок кыздайсекирип Тынай менен сөз талаша кетчү эле. Бирок, бул кыялы Тынайга жакчу. Андаал Кереметти бир жагынан эркелете, бир жагынан ансайын күчөп тамашага салыптаарынып калган кызга күлүп калчу. Ошондой күндөрдүн бири азыр дагы тык этипэске түштү:
- Таптым, таптым муну Ларошфуко айткан! – деди Кереметсүйүнө кетип.
- Ооба, туура.
- Эми мен айтам «Сүйүүнүн бир сааты – бүтүндөй бир өмүр».
- Ммм... Муну дагы Ларошфуко айткан.
- Туура эмес.
- Эстедим Бальзак!
- Ооба!
- Менби?! «Буга чейин кимде ким өзүн сүйбөсө, ал башканыда сүйүп жарытпайт».
- Гюго?
- Туура эмес.
- Шекспир!
- Жок! Таппадыңбы?
- Таппадым.
- Роттердамский! Эх, жашсыңда! – деп тамашалап күлүп койду.– Сен утулдуң ошондуктан кайра мен айтам. «Сүйүү бирөө эле, бирок анынжасалмасы миң».
- Ларошфуко!
- Азамат!
- Менин кезегим! «Сүйүү дүйнөнүн негизин курат. Дүйнөгөжаңы келгендер аны эскиртпей улам жаңыртып турат...».
- Бальзак!
- Жок.
- Утулдум.
- Сен ушинтип бат эле утуласың. Аны Вольтер айткан.
- «Сүйүү жөнүндө сөз менен айтпайт».
- Анан кантип айтыш керек?
- Көз караш менендир, ал адам жанында турганда жүрөгүнүнсогушу эле айтат. Ал эми жогорудагы сөз Сергей Есенинге таандык. Ошентип сендагы утулдуң!
- Сен утулган болчусуң! Куу экенсиң мындай болбойт - депкаткыра күлүп кетип бараткандары эске келген. «Кызык!» деди Тынай ичинен өзүнөтаң калып, эмнеге Кереметти сүйөрүн ага эч качан айткан эмес. «Чын эле сүйүүжөнүндө сөз менен айтпаса керек» деди ал кайра, өзү менен өзү сүйлөшкөндөйкүбүрөнө. Ошентип таң дагы атты. Түн ичинде ар кыл ойго баткан Тынай машинаичинде уктап калган. Ал бетине тийген күндүн нурунан улам ойгоно көзүн ачкандаКеремет жанында болбоду. Ал байкатпастан Тынайдын костюмун кайрадан өзүнө жаапчыгып кеткен эле.
Керемет кечеги бербей калган катты алып дароо Хаимдинүйүнө жөнөгөн. Таң атпай ким келди экен деген ой менен эшикти ачкан Хаим:
- Аа, Керемет! – деди кызды көрүп таң кала.
- Мен апаңыздан кат алып келдим. Кече таштап кеткен, өтөмаанилүү деди.
- Кат?! Кир, кир өзүңдүн үйүң го! – деди колуна каттыалган Хаим. - Апамдан кат! – деди ушул сөздү кайталап. Сен ата–энеңдин атыжөнүн билесиңби? Билесиң. А мен билбейм.
- Кечиресиз? – деди Керемет бул Хаимдин суроо-жообутүшүнүксүз болуп.
- Апаңдын атын, атаңдын атын дейм?
- Назида, Ринат – дегенде Керемет, Хаим акырын гана башынийкеди.
- Жок дегенде аты жөнүн билгенде тапмакмын. Азыр үмүтүмдүүзгөндөймүн. Мен кайрадан Англияга кетем. Сен ишке бара бер, Тынай экөөңөргөсөзүм бар – деди Хаим бири-бирине чаташкан ойлорун сыртка айтып.
- Сизге жардам бере аламбы? – деген Кереметтин суроосунаХаим акырын гана башын чайкады. Ал чыгып кеткенден кийин столдун үстүндө жатканапасынын катына көзү илинди. Хаим чапталган конвертти ачып, диванга отура окуйкетти.
«Уулум чынында сага мени кечирсе керек деген ишенич мененкелгем. Абдан сени сагындым. Мурдагыдай окуудан келип бетимен өөпкучактаганыңды сагындым. Каткырып күлгөнүңдү сагындым. Сен чоңоюп барын эстепчындыкты талап кылат экениңди такыр элестетпептирмин. Ошол бойдон эле барынунутса дегем. Сенин азыркы кылган мамилең мага абдан оор. Мен сага бардык айта турган нерсени ушул кагаз бетинетү шү рүүн ү чечтим. Барынжаштыкка шылтай албайм. Мен чынында чалкалапжашагым келди. Ошон үч үн махабат эмес, дүйнө-мүлктү тандадым. Кийин атаң башкага үйл өнг өнүн укканда өк үнгө нү мдү айтпа. Мен дагы турмушка чыккам. Бирок, атаң экөөб үз кайрадан жолугуп жүрд үк. Ошондон тартып мен аны эч кимге бергим келбеди. Апаңдан да кызгандым. Ошон үч үн аларды ажыраштурууга аракет кылып экөөн үн ортосуна бүл үк салдым. Ананменин кылгандарым билингенде атаң мени таштады.Эмне кыларымды билбей өз үмдү жоготтум. Ошентип сени уурдоону ойлодум. Cен анда ак кан оорусуначалдыккан болчусуң. Кионго эгерде баланыуурдап алып кетсек аны менен бирге болом деген элем. Ал менин бул оюма көн үп, кантип билбейм,сенин докторуңду да коркутуунун айласын тапты. Ал доктор сени ата–энеңе казаболуп калды деп айткан экен. Ошентип акча берип тез арада күб өл үк жасатып, өзүнчө учак жалдап чет өлк өг ө сени алып чыктык. Дарылоого чыгарып бараткандыктанбизди деле катуу текшерүүгө алышпады. Бир жагынан бул менин Ринатты кектегенимболчу. Эч качан сени таштабайм деген сөзд өр үүч үн, бирге бактылуутурмуш курабыз, бүг үн айтам Назидага, эртең ден баштап ардайым бирге болобуз деген сөзд өр үүч үн! Ооба, эстей албай жаттың беле? Атаңдын аты Ринат, апаңдын аты Назида. Сенин толук, чыныгы аты жөн үң Исматов ДастанРинатович!
Мен балагаделе жакын эмес элем. Бирок, сени ушунчалык жакшы көрд үм. Биринчи Германияга барып сенин өм үрүң үч үн күр өшт үм. Ошол жактансени операция кылган еврей доктор сага «Хаим» деген ысымды ыйгарды. Бактылуубала экен өм үрү да узун болсун деди. Андан аркысын өз үң билесиң . Башында сага мени кабыл алуу өт ө оор болду. Бирок, бара-бара көнд үң. Сегиз ай өтүп сен ооруканадан чыкканда мен кайраданКыргызстанга чоң үмүт менен келдим. Ринатты көргүм келип силер жашаган үйгөбардым. Эшикти сакал-муруту чачырап өскөн Ринат ачып мени көрөрү менен алдыматизелей отура калды: «Кет! Сен мени кантип кыйналып жатканымды көргүң келипкелдиңби? » деди да колумдан ала жетелеп сенин бөлмөңө киргизип, «көрдүңбүоюнчуктардын тизилип турганын, эч ким ойнобой?! Булар чачылып ар кайсы жактажатчы эле... Эми болсо аларды чаң басты. Көрдүңбү?» деди оюнчуктарды ыргытабаштап. Ал кайрадан оюнчуктарды чогултуп барын кучактап алып ыйлады. Өзүоюнчугун бирөөгө тартырттып койгон жаш баладай үңүлдөп ыйлады. Арасынан бираюну көрсөтүп, «Муну карындашына бермек. Ушул аюну карындашына берем дебедибеле! !!» деп катуу бакырып көзүнөн жаш куюлганда муун-жүнүм калчылдай эшиккечуркап чыктым. Ошол бойдон кайрылганым жок. А сен Ринатты, Назиданы дагыунуттуң. Менин тилегим ошол болчу. Аларды унутуп эч качан эстебей калса экендегем. Кийин ар кандай элестерди айтып калдың. Түшүңдө дагы Ринатты, Назиданыкөргөнүңдү айтып жүрдүң. Сен түшүнбөсөң дагы мен анын барын түшүнчүм. Ошол үчүнтүшкө кире берет деп сени дароо башка нерсеге алаксытчымын. «Тү шү м эмес чыны менен болгондой, бир аял менен бир кишижетелеп паркта бараттым. Эмнегедир атам экөөңөр эмес экенсиңер, таптакыр бөлөкадамдар» деп жүрдүң. Канчалык корксом сен ошончолук аларга жакындады ң. Алар сага элес-булас көр үн ө беришти. Кионсени алып качканга жардам бергенине мен ыраазы болсом дагы, сага бул жактачыныгы ата-эне ң жашай тургандыгынайтканына нааразымын. Сен бул жакка кеткенден бери ал экөөб үз чогуу турбай калдык.
Бир жыл өтүп сага жолуккандан кийин, мен сага барын айтыпбермейинче сен атаңа, апаңа жолукмайынча мени кечирбесиңди түшүндүм. Менин бир гана каалом сенин кечирүүң . Ринат менен Назида жашаган дарекке да бардым. Бирок, көт өр үлө албадым. Кантип мен азыр алардын көз үн ө карайм. Уулуң ар тирүү десем… Ошон үч үн эми өз үң бар. Алар Тыныстанов көч өс үндө гү 46 үйд ө турушчу. Экинчикабат 24 эшик. Билбейм көч үп кетишпесе табасың . Эгерде бул катты көрс өтс өң алар сагаишенет. Эгерде далил талап кылса мени менен байланышсын. Дагы бир айта кетчүнерсе, эгерде карындашы ң же иниң бар болсо,э септе генде ал азыр 21-22 де. Бул катты жазуу мага өт ө оор уулум. Кандайболсо дагы сен менин уулумсуң. Эң негизкиси меникечирсе ң болду. Сен аларга жолуксаң дагы суранам мени унутпа. Убакыт өт үп тирүү болсом, апаңа кайрадан күлк үңд ү, кучагынды белек кыларсың . Аман бол уулум, сени күт өм! » деп аяктаган каттын акырына чыкканча тери куюлуп,көкүрөгүн тешип чыгуучудай соккон жүрөгү Хаимди өзүн кошо титиреткенсиди. «Назида,Ринат» деген Кереметтин үнү да жаңыра калды. «46 үй, 24 эшик» деди Хаим дагыделе калчылдап, өзү дал ушул дарек боюнча жашап жатканын эстеп. Ал эмнекылаарын билбегендей бөлмөнүн ичинде эки жакка баскан Хаим бир аздан соң сырткачуркап чыкты. «Керемет! Керемет!» деп кыйкырды чыны менен тээ алыста кетипбараткан карындашын көрүп жүгүрө. Керемет дагы бүгүн өтө кызык көрүнгөн Хаимгеэмне кылып жардам берүүнү ойлонуп подъездин тепкичинде бир нече мүнөт отурганэле. «Керемет! » деп улам жакындаган үндү уккан кыз артын караганда Хаимдикөрдү. Ал чуркап келе көздөн жаш куюлта Кереметти бекем кучактап калды. Агасыушинтип карындашын кучактап көпкө тургусу келди. Керемет Хаимдин улам«Карындашым! Карындашым! » дегенин угуп эч нерсе түшүнө албады. Үйгө жетелеп келгенХаим бая дивандын жанына түшүп калган катты Кереметке окутту. Кереметтинкөзүнөн жаш кылгырап, бир ишенип, бир ишенбей кайрадан катты окуй берди. «Агатай! Менин агатайым! » деп эркелей кетти эми ганаагасына жөлөнө, баягыдай аюсун кучактап ыйлап отурган кичине балача. АнанКеремет бекилген бөлмөнү ачты дагы экөө эски сүрөттөрдү көрүп, балачактагыоюнчуктарды карап отурушту. Кубанычы менен бөлүшкүсү келген Керемет Тынайгачалып, «Мен агамды таптым! Хаим менин агам!» деп жатты. Агасы да: «Жок, мен Дастан агасымын. Дастан! Биздин үйгө келсең Тынай!» деди Керемет менен жарыша сүйлөп.Алар бири-биринен сөз талашып каткыра беришти. Тынай толугу менен эч нерсетүшүнбөсө дагы эмнегедир Кереметтин үнүн уга кошо кубана берди.
***
Арадан бир нече жума узап Керемет менен Дастан жакында Австралиядан Маратагасы келе тургандыгын угуп абдан сүйүнүштү. Дастан тууралуу да Марат агасынакабар айтылган эле. Ошол үчүн Мараттын дагы Кыргызстанга келгенге шаштысыкетти. Агасы келээрдин алдында Дастан менен Керемет үй буюмдарын жаңыртып күндөдүкөн кыдырышты. Бүгүн алар жол боюна машинаны токтотуп сын алгы тандапжүрүштү.
- Билесиңби, мага эки-үч күндөн бери сонун ой келип жүрөт. Бардык күчүбүздүошого жумшайлы. Биздин компанияны сенин атыңан атайбыз. Мыкты тикмечилердичакырып кийизден болобу, жибектен болобу кийиимдерди тиктиртип чет өлкөлөрөжиберебиз. Ар кайсы өлкөдөн өзүбүздүн дүкөндөрүбүздү ачабыз. Мына ошондо «Керемет»деген марка дүйнө жүзүнө белгилүү болот! – деп жатты сыналгыларды карап, алдыгакойгон пландарын айткан Дастан. Бул учурда жаңы эле кардарларын жөнөткөн жигит:
- Сиздерге жардам керекпи? Кандай сыналгы каалайсыңар? Керемет... – дептоктоп калды.
- Сен?! Мага эч нерсе жаккан жок ага кетели – деди Керемет бул жактанКубанды көргөнүнө таң кала. Дастан карындашынын сөзүнө макул болгондой чогуусыртка чыгышты. Бая нес болуп туруп калган Кубан алардын артынан чуркап чыгып,Кереметтен кечирим сурады. Дастан аларды өзүнчө калтыра жолдун аркы четиндегимашинасына жөнөдү. Кубан ал күн үчүн өзүн өзү жек көрөрүн айтып, андан ары оюнжыя албай кекектене унчукпай калды. - Мага бары бир... Сен эмнени сезип жатсаңдагы бары бир. Эгерде биз дагы жолугуп кала турган болсок танымаксан болуп өтүпкетчи суранам – деп Керемет бурулуп жолдон өтүп баратканда, жанатан аңдыпылайыктуу убакыт күтүп отурган Нүргүл атайлап туура аны көздөй машинасынзуулдатып айдады. Аны байкаган Кубан чуркап Кереметти четке түрткөнү жетишкен.Нүргүл болсо алдынан чыга калган Кубанды сүзүп, айдап кете берди. ЖыгылганКеремет дагы шашыла ордунан тура калып Кубанга чуркады. Дастан да алаңдай тезжардам чакырып ооруканага жеткиришти. Бир нече саат өткөн соң операцияданчыккан доктор аны аман алып калышкандыгын айтты. Бирок, ошондо да Кубандынабалы оор экендигин билдирди.
- Анын бир бутунун сөөгү майдаланып кеткен, азыр шишип тургандыктан агаоперация жасоо мүмкүн эмес. Бул абдан оор операция болот, ошондо да аманкалгандыгына сүйүнүп үмүт үзбөгүлө - деди доктор. Жана кан агып, жолдокыймылдабай жаткан Кубанды эстегенде, азыркы кабар чыны менен үмүт берди. Кечкирип, өзү ооруканада түнөгөн Дастан карындашын урушумуш эте үйгө жиберген.Бирок, үйүндө Кереметтин уйкусу качып бары бир тынч ала албады. Ал таңдынатышын гана күткөндөй ойлуу. Анын үстүнө сырттагы жааган жаан басылбай уламдобушун чыгара ылдамыраак тыкылдады. Ооба, баятан жаанга даярданган асман азырбулутун чогултуп төгүп кирген эле. Ал булуттарды жана ышкырып учкан шамал дагы айдай албаган. Үйдүн ачылып тургантерезесинен гана салкын жел парданы желпилдете үйлөп, улам өйдө көтөрүп жатты.Адатта түнү ушинтип башталган жаандан ойгонуп кетчү Керемет, бүгүн аны тосупалды. Агасынын айтканынан үйгө баса бергенине өкүнгөндөй ал таң атаары мененкайрадан ооруканага жетип келди. Бул учурда агасынын жанында Тынай дагыолтурган. Аңгыча болбой, аларга доктор жакындапкелип:
- Бул жерде Тынай деген ким? – деп сурап калды.
- Мен – деди Тынай дароо, таң калса да.
- Анда тиги жигит сизди чакырып жатат.
- Мени? Кубанбы?
- Эгерде бул жерде барыңар Тынайболбосоңор сизди. Сизге беш мүнөт, аны көп кыйнабаңыз – деп доктор ары басыпкетти. Бир аздан соң Кубандын палатасына кирген Тынай:
- Жок кыймылдабай жат – деди мойнун созгон Кубанга буту өйдө асылыпжатканын көрүп.
- Билгем, сени Кереметтин жанында экениңди. Ааай! – деп ийди жаны ооруганКубан. – Эгерде Керемет менин мындай абалымды көрсө ыйлар эле. Канчалык жаманкөрсө да билем го, боору ооруп ыйлайт. А мен анын ыйын карап жата албайм. Тураалсам, назик жүзүнөн көз тамчысын сүртөр элем.
- Мени эмне чакырдың?
- Мага чөнтөк телефон керек. Меники талкаланган бойдон – деди улам онтопсүйлөп. Тынай өзүнүн номерин алды дагы телефонду жанына коюп:
- Сүзүп кеткен машинаны эстеп калган болсоң аны табат элек. Дастан менен Кереметкызыл ауди экенин гана билишет – деди.
- Аны эч ойлонбогула. Ал адам эми бир дагы силерге кесирин тийгизбейт.
- Сен аны ким экенин билдиңби?
- Кызык сүйлөйт экенсиң. Ушул жерде жатып кайдан билмек элем?
- Сага дагы бир нерсе керекпи?
- Керек эмес.
- Сакая бер! – деп Тынай эшикти ачып кетип баратканда
- А сен бактылуу экенсиң! – деди Кубан Тынайга.
- Сен дагы! – деп Тынай чыгып баратканда эс-учу чыккан Кубандын ата-энесишашыла кирип келишти.
Бир нече күндөн кийин кечке жуук ооруканага Нүргүл келди. Кубандын абалы мурдагыга карагандажакшыраак эле. Баягыда асылып турган бутунун шишиги тарап, дагы бир операцияжасалган. Бирок, ошондо да бирөөнүн жардамысыз бутун жылдырганга дагы деле алыжетпегендей. Нүргүлдүн келишин жанатан күткөн Кубан жаны ооруп турганынакарабай аны көрүп сүйүнө мыйыгынан жылмайды.
- Мына, ал! – деди силкинген Нүргүл колундагы баштыктыКубанга берип.
- Ичиндеги кутучаны алып чыгып берчи – деди Кубанонтолой.
- Жетишет Кубан! – деди Нүргүл баштыктан чыгарганкутучаны колуна карматып туруп, ары басты. – Сен айткан нерсени алып келдим,кайдагы бир лөкүйгөн желмогуз менен жолугуп. Сөгүнгөнүн кантейин анын! Акчамдыколуман жулуп алып эсептеп отурганычы. Анчалык кымбат эмне бар бул кутучаныничинде?
- Сага кызыкпы?
- Күлүп жатасыңбы? Менин акчам кетти буга! Мен! Жердинтүбүнө барып алып келдим. Эмне алып келе турганымды билбей! Сен бир гана магаарыз жазбаш үчүн. Болду жетишет! Ушуну менен экөөбүз эсептештик. Сөзүңөтурбасаң өкүнөсүң! Сенин бул кутучаңа мен көп акчамды жумшадым – деди Нүргүлсумкасын көтөрүп кеткен жатып.
- Токто, ушунчалык бул жакта эмне бар экендигин билгиңкелсе? ! – деди Кубан бекем скочтологон кутучаны ача, тапанча алып чыгыпНүргүлгө мээледи.
- Мээң ордундабы? Тапанчаны ал менден!– деди жүрөгүтүшкөн Нүргүл алаңдап.
- Эсептешкенге шашылба! Бул тапанчаны сен өзүңө алыпкелдиң!
- Сен ата албайсың, сен атпайсың мени! – деди Нүргүл акырын артка кадамшилтей баштап.
- Өзүңдү ишендирип жатасыңбы же мениби?
- Суранам ат-па... Сөз берем мен Кереметке жакын жолобойм – деди Нүргүл теркуюла эриндери калчылдай көз алдында турган өлүмдөн коркуп. Ушунчалык жек көрүүменен караган Кубандын көзүнөн чын эле ата ала тургандыгын түшүнгөн Нүргүлкачып жөнөгөндө далысына тийген октон жерге кулады. Бир заматта тапанчанындабышынан бардыгы дүрбөлөң боло түшүштү. Элдин бары ызы-чуу боло чогулуп,палатага үйүлүштү. Кан агып жаткан Нүргүлгө бардыгы жүгүрүшүп, бири Кубандыкөзүнүн агы менен караса, бири андан коркуп турду. Кубандын жашы салаалап агыпызы-чуу болуп жүгүрүп жүргөндөрдү жылмайынкы карады. Анткени ага Кереметти бирбалээден кутулткандай сезилди.
Бир апта өтүп Нүргүл жөнүндөгүкабар Тынай менен Кереметке дагы жетти. Иш менен алек болуп бейкапар отурганТынайдын телефону шыңгыр этип, Гүлбаранын кайгылуу үнү угулду. Бул чалууданкийин Тынай өзүн жоготкондой эмне кыларын билбей туруп калган эле. Ал Кереметэкөө тең шашыла Нүргүл жаткан ооруканага жетип келишти. Кире бериште ГүлбараСылыковна отуруп Тынайды күтүп жаткан. Тынай Нүргүл жаткан палатага кирип,Керемет кире бериште калды.
- Келдиңби Тынай? – деди эптеп башын көтөргөн Нүргүл аныкөрүп. – Кандай жакшы! Сени кайрадан көрүп жатканым. Мага ок тийгенде эмнегедирэң биринчи сен оюма келдиң. Дагы сени көрбөй каламбы деп корктум. Ал күндөнбери сени күттүм. Мени колумдан учтачы.
- Нүргүл....
- Кармагың келбей жатабы? Албетте, Кереметти мен коюпкетейин дегенимди билдиң да. Кубан айттыбы?
- Билген эмесмин. Азыр эле өзүң айттың... Өткөндө Кереметкызыл ауди десе сен такыр оюма келбептирсиң. Эмнеге анттиң? Бирөөгө ор казсаң,өзүңө көр казасың деген бекеринен айтылбаса керек.
- Сени жанымда болсун дедим. Менин жанымда... Керемет жокболсо, сен мени менен болот деген ой келди. Чынбы? Ал жок болсо...
- Керемет бар! Ансыз өмүрүмдү элестете албайм. Сен мениунут. Келечегиңди ойло. Сен дагы турмуш курасың, балалуу болосуң.
- Кубанга күйөөгө чыгасың деп кой дагы – деген Нүргүлкаткыра күлдү. Бирок, далысы ооруп кеттиби онтой токтоп калды. Тынай үндөбөдү.Кире бериште болсо баятан сөз баштай албай олтурган Гүлбара:
- Кечирим сурайт деп күтүп турасыңбы? – деди Кереметтикарабастан түз эле дубалга тигиле.
- Жок, мен Тынайды күтүп жатам.
- Биз ижарага алган кеңсенин ээси азыр сен экенсиң го.Бизди ал жактан чыккыла деп кууп жатат. Ижаранын убактысын узартпайбыз, сатыпсалдык дешти. Башка кеңсе издегени азыр чамам жок. Иш токтоп турат. Эртеденкечке кызымдын жанындамын.
- Аны мага агам алып берди, өзүм дагы жакында билдим.Бирок, ал кеңсе мага керек эмес. Аны менен жакшы эмес элестер байланыштуу. Андыктан биз аны сатабыз. Сизге бир ай убакыт берели. Бир айда башка кеңсетабасыз деген ойдомун – деди. Бул үчүн Гүлбара ага аянбастан рахматын айтты. Алөмүрүнүн көңтөрүлө түшкөнүн билди. Эч качан ушундай болоорун элестеткен эмесэле. Эч качан ушул жанында отурган кызга рахмат айтаарын ойлогон эмес. А биркездерде бул кыз ага жумуш сурап келбеди беле. Ошондо аны басынтып, өзүнө теңэместей карап, пол жууганга гана татыктуу деп чечкен болчу. Эми азыр баарыбашкача орунга туруп калган сыяктуу. Бул дүйнөдө күтүүсүз нерселер көп болотурганын эми гана туюнган мурдагы сүрдүү аял азыр Кереметке кейиштүү көрүндү.Аңгыча Тынай палатадан чыгып экөө бирге жөнөштү. Алар жаңыдан үй алдынажеткенде Марат байкеси менен Дастан да аэропорттон чогуу келишкен. Кереметмашинадан түшүп эле Марат байкесинин мойнуна асыла кучактап калды. Экөө теңТемирди эстеп бир сыйра көз жаш сызышты.
- Бул жеңеңер болот! – деди Марат бир аздан кийин артында турган акжолукчан келинди алдына тартып. – Аты Самира. Силерге күтүүсүз белек болсун дептелефондон айткан эмесмин – дегенде Керемет сүйүнө кетип жеңесин да кучактады.
- Ал эми бул биздин күйөө балабыз! – деди Дастан алардын жанында турганТынайды көрсөтө. Тынай ыраазы болгондой Кереметке жакын жылды. Экөө бири-биринежылмая карашты. Агалары менен жеңеси да күлүп калышты. Баятан бери отурганБермет тажеңеси дагы машинадан эми чыгып, көз жашы толо аларды кубана караптурган эле...

#26 23 Ноябрь 2015 - 20:19
Козумдон жашы чыгып чыгып окудумго,ар бир адамга Аллах озу ыйман берсин.
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#28 25 Ноябрь 2015 - 13:11
БУТТУБУ ошондо??
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#29 25 Ноябрь 2015 - 13:14
Бала канчалык ширин болоорун балалуу болгондо гана билесин. балам кичине ыйласа боорум ооруп журогум жарыла жаздайт. Даськунун олумуно аябай ыйлагым келди. Балдарыбыз оорубай омурлуу болсун ылайым !
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#30 25 Ноябрь 2015 - 13:28
ыйлап алып окуп атсам кайненем не болду сага дейт. айталбай ыйладымго...
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#31 25 Ноябрь 2015 - 17:43
Ииииий,олло кызыгып окуп жатсам бутуп калды да...Мурдум шырыктап отурат элем
#32 26 Ноябрь 2015 - 01:06
Аябай сонун чыгарма экен, ыйлаттыго. Балдарыбыз аман болсунчу, ата энебиз аман болсун!