Салам суперчилер!
(1)Детектив повесть,аңгеме кандай жазылаарын билгендер барбы?(2)Повесть,
аңгеме,роман канча барактан жазылат?Билгендер ой бөлүшкүлө
Баракча 1 - 1
Детектив жазуу
#2 25 Ноябрь 2018 - 11:34
Детектив адабият - (лат. detego ачуу, иликтөө)
чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле
чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шумдуктуу,
курч окуялардын жана мыкаачылык кылмыштын
негизинде жазылган чыгармалар. Детектив
адабияттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк
карымкатыш, соода-сатык күчөгөн кезде
кылмышкерлер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо,
бейкүнөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту
дүрбөткөн көптөгөн материалдардын басма
сөздөрдө кеңири жарыяланышына байланыштуу.
Адабияттын бул түрүнө америкалык жазуучу Э. По
(1809-49) негиз салган. 19-кылымдагы детектив
адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У.
Коллинз (Франция),A. Конан-Дойл жана башка
Кыргыз жазма адабиятынын өнүгүш тарыхында
саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан.
Детектив адабияттын айрым үлгүлөрү (мисалы, М.
Жоошбаевдин «Канжар» повести) жарала баштады.
Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар
ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата»,
1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998)
кайрылган.

#3 25 Ноябрь 2018 - 11:38
Повесть — көркөм адабияттагы эпикалык түрдүн бир
жанры; көлөмү, турмушту сүрөттөө жагынан роман
менен аңгеменин аралыгында турат. Сюжеттин
борборун баш каармандын тагдыры ээлейт,
чыгармадагы негизги маселе ошол каармандын өмүр
тагдыры аркылуу чечилет. Повестте доордун татаал
карама-каршылыктары романдагыдай кеңири
планда камтылбайт, негизинен анын урунттуу
учуру гана көрсөтүлөт. Мисалы, К. Баялинов
«Ажар» повестинде Ажардын оор тагдыры аркылуу
Октябрь революциясынын алдындагы кыргыз
аялдарынын теңсиз турмушун, социалдык күрөштү
ачык көрсөткөн. Адабиятта ички структурасы,
камтылган мазмуну боюнча ангеме (Н. Гоголдун
«Шинель») жана роман (Ч. Айтматовдун
«Гүлсарат») жанрына жакын Повесттер бар. Ошондой
эле анын ыр түрүндөгү (Б. Сарногоевдин «Баяс», М.
Сейталиевдин «Медина» ж. б.) үлгүлөрү да
кездешет.