Күйөөм башканы сүйүп жүрөбү? Кенеш күтөм.
#1 01 Июль 2019 - 01:24
Саламатсыздарбы? Кайрадан бул жакка баш бактым. Ичимдеги топтолуп калган арыз-мунумду сүйүнүчүмдү бөлүшкүм келди. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп күйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Биринчи наристебизди күтүп жатабыз. Бул менин сүйүнүчүм. Боюмда болбой жатып үйлөнгөнүбүздөн үч айдан кийин болду. Абдан сүйүнүп жатабыз. Кайын эне, кайын атамдын кубанычында чек жок. Баары сонун. Бир гана акыркы бир айдан бери күйөөм өзгөрүлүп кетти. Качан көрбөйүн ой басып жүрөт. Мурдагыдай көп эркелетпей да калды. Бир жерин ооруп жатабы? десен, жок эч жерим ооруган жок деп түнт гана жооп берип коет. Түндө кеч келет да арты карап жатып алат. Бирөөнү таап алганбы деп кызганган жаным телефонун текшерип да көрдүм, шектүү эч нерсе таба алган жокмун. Мурда баардык нерсесин ачык айтып ортобузда жашырган эч нерсебиз жок эле. Кенеш бергилечи? Эркек адамдын мындай тез өзгөрүлүп кетүүсүнө эмне себеп? Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш - алты ай болду. Ушул убакка чейин бир да жолу олуттуу урушкан эмеспиз жана урушкан да жокпуз. Мен аны чындап сүйөм, ал дагы сүйөөрүнө ишенем. Эмне кылаарымды билбей калдым. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот?
#2 01 Июль 2019 - 08:31
zhesika (01 Июль 2019 - 01:24) жазган:
"Чай куйган кимдин милдети" деген темадагы жазганыңды жолдошуңа окутуп койсоң күйөөн соонун болуп өзгөрүп калат!
#3 01 Июль 2019 - 13:09
Сенин кайн ата энене болгон мамилен да эринди озгортот билип кой!!!
Мин эрин менен суйушуп олуп баратсанда ата энесин сыйлабасан кызматын кылгын келбесе суйуун "талак" ушул бир эле соз менен очот.Сен озгорсон анан эрин озгорот!! !
Болунуп башка жашасамда дагыле кайн энемдердин кирин жууп нанын жаап келем эшиктерин шыпырып уйун жыйып чан полун жууп. Оло турган деле иш эмес жакшы ойлонуп карасанчы. Эки балам жыйган жагымды артымдан чачып турат.))
Айылдагы келиндер экенда эээ кир машинанын сыкмайы бар деп суйунуп арыктагы суу акканына шугур кылып 7.8 адамдын кирин жууган)))) Талагада барат нанды жабат дункулдотуп тамакты кылат иштегендер ишине жетишип барат баласында багат.
Мал болсо малды саап талаага апарып байлап келе калып сут пышырып сут тартып кечке бир тынбайт комнатасына кирип чарчап жатканда эржанивар келет тунку сменге.))
#4 02 Июль 2019 - 02:38
#5 02 Июль 2019 - 03:29
Жолдошуң форумчу эмес беле? Адашып ошол билдирүүңдү окуп алып кетсең кетип ниетиңе жет дегенго сыягы
#6 02 Июль 2019 - 04:33
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
#7 02 Июль 2019 - 14:35
Карыганда көрөсүн айланып өзүнө келет деген тааризде жазыпсынар кээ бирөөнөр. Мен ансыз деле болочок келинимдин мени менен бирге туруусун каалабайм. Ар бир адам өз жашоо жолун тандоого укуктуу. Мен өмүр бою кайнене кайнатам менен бир үйдө жашоону каалабайм. Көпчүлүк келиндердин ою да ушу. Жөн гана алар муну сыртка чыгара беришпейт. Эгерде сиз да келин болсонуз өз.нчө жашасам деп жок дегенде бир ойлонгон чыгаарсыз. Кайнене кайнатамдар жакшы адамдар, ошондой болгон күндө да бул жашоо бул өмүр эркиндикти сүйөт. Ошону менен катар кайын журтка кылган кызматтын да өзүнчө орду бар. Алардын үйүнө барып колдон келген жардамынды берип турсан да болот го. Мен азыр албетте убактылуу атамдар менен туруп жатам. Бир эки жылда бөлүнүп кетүү пландарым бар. Бирок эч конфликттүү жол менен эмес. Көндүрүү, түшүнүшүү жолу менен чечебиз. Күйөмда бул пикиримди жактап атат. Анткени ал эркин ойлонгон адам. Экөөбүздүн сүйүүбүз мына ушул себептен дайыма өчпөйт деген ойдомун. Сонунда айтаарым бири бирибизге ыпылас сөздөрдү айтуудан алыс бололучу. Анткени бал таттырган да уу таттырган да сөз. Бири бирибиздин ойлорубузду сыйлап үйрөнөлү. Баарынарга жакшылык каалоо менен Жесика. 17.03.2019
Мындай катынды сразу эле кетирмекмин бала туй элегинде эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Kara-kulzha: 02 Июль 2019 - 14:35
#8 02 Июль 2019 - 17:26
#9 02 Июль 2019 - 17:33
lightning57 (02 Июль 2019 - 04:33) жазган:
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Рахмат сизге, сиздей интелекти жогору адамдар көп болгондо Кыргызстан эчак онолуп кетмек.
#10 02 Июль 2019 - 17:34
zhesika (02 Июль 2019 - 17:26) жазган:
Колго баруу олло зарылбы э?
#11 02 Июль 2019 - 17:40
n.nurzina (01 Июль 2019 - 13:09) жазган:
Сенин кайн ата энене болгон мамилен да эринди озгортот билип кой!!!
Мин эрин менен суйушуп олуп баратсанда ата энесин сыйлабасан кызматын кылгын келбесе суйуун "талак" ушул бир эле соз менен очот.Сен озгорсон анан эрин озгорот!! !
Болунуп башка жашасамда дагыле кайн энемдердин кирин жууп нанын жаап келем эшиктерин шыпырып уйун жыйып чан полун жууп. Оло турган деле иш эмес жакшы ойлонуп карасанчы. Эки балам жыйган жагымды артымдан чачып турат.))
Айылдагы келиндер экенда эээ кир машинанын сыкмайы бар деп суйунуп арыктагы суу акканына шугур кылып 7.8 адамдын кирин жууган)))) Талагада барат нанды жабат дункулдотуп тамакты кылат иштегендер ишине жетишип барат баласында багат.
Мал болсо малды саап талаага апарып байлап келе калып сут пышырып сут тартып кечке бир тынбайт комнатасына кирип чарчап жатканда эржанивар келет тунку сменге.))
Нурзина айым, атыныз жакшы экен, бирок затыныз жакшы экендигинде шегим бар. Мен кайын эне кайын атама кызмат кылбай жүрөм, сыйлабай жүрөм деп эч качан айткан эмесмин айтпайм дагы. Жаман өзүн мактайт болуп кылгандарынызды кыдырата тизмектепсиз. Бали дейм, бирок баардык эле адам сиз баскан из менен басууга милдетүү эмес. Бактыныз бөксөрбөсүн.
#12 03 Июль 2019 - 03:04
lightning57 (02 Июль 2019 - 04:33) жазган:
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
Эээ жаман туура айттыныз, акылдуу, ыймандуу, айдай, кундой форумчулар ото коп да. Бир нерсе айтсан, историянды жети атана чейин изилдеп, озун унутуп калган билдируулорунон бери суйроп келип алгандар бар . Молодцы!
Т.б: суйсо сумуройуп калсын, озунорду карап, озунорду ойлогула, куйоом деп эле бир жолу ага сыйынып албай, кээде ото коп конул болсо да кысылып кетесин го, жайына койунуз.
#13 03 Июль 2019 - 10:43
Ал эми флуд катары, максатсыз ачылган темалар жабылып, авторлоруна чара көрүлөт. Бардык колдонуучуларга ЭСКЕРТҮҮ!
#14 03 Июль 2019 - 11:39
#15 03 Июль 2019 - 15:11
zhesika (02 Июль 2019 - 17:26) жазган:
Куйоонузго эмне болгонун билбедим. Бирок, азыркы абалдагы сиздин алдынызда бир эле чон милдет бар экен. Ал ичиниздеги туйулдукту аман-эсен колунузга кармоо. Ар бир уйдун тундугу башка, системасы башка. Бири боюнда болдун деп коколотот, бири козукпосун деп билмексен болуп коет ж.б. Баланы колго кармаган кандай бакыт экенин билеринизге аз калыптыр, ошондуктан озунузго карап, болбогон нерселерге нерв корото бербей жакшы музыка угуп, жакшы тамактаныныз деп эле айтаар элем. Сабр болсо баары ордуна келет. Сен карабай койдун, колго апарбай койдун деп уруш чыгарып тынчтыкты бузганга себеп жок. Жол жургондо, колго тушкондо бала козголуу мумкунчулугу да бар кудай сактасын тфу тфу. Аман эсен эки болунуп алгыла)
#16 03 Июль 2019 - 16:02
Ата -энени жалгыз калтырып кеткен жакшы эмес. Күйөөңө келсек, демек"айтсам да бул түшүнбөйт" - деп сага сырын айткысы келбегендир. ..Күйөөңдүн ойлорун да сыйлап укканды үйрөн
#17 03 Июль 2019 - 16:05
Ата -энени жалгыз калтырып кеткен жакшы эмес. Күйөөңө келсек, демек"Айтсам да, бул түшүнбөйт" - деп сага сырын айткысы келбегендир. ..Күйөөңдүн ойлорун да сыйлап укканды үйрөн .
#18 03 Июль 2019 - 21:50
Бизди ата энебиз,аксакалдарды сыйла,кайнене менен кайнатаны сыйла ошолордон бата ал,ошолордун батасы менен агарып,когоросун деп кулагыбызга куйяр эле..
.Мени андай сыйласан,кайнененди ушундай сыйла болбосо мага ушундай тикерендейсин эртеге куйоого кетсен,кайненендин шору го.Болбосо сени келин кылган кайненендин шору деп койушар эле.Тике караба,тик суйлдобо,кайнене кайнатага бетин менен кирип,бетин менен чыгып кет,арканды салба дешер эле.Кайнатанын кусуру каттуу болот. Ата каргышы ок,эне каргышы бок дешер эле.Ошондо бала болсок да кайын журт деген озгочо адамдар болорун,жакшы болсок агарып когорорубуз, жаман болсок каргышка калып каттуу азап чегерибизди сезсек керек эле.Келин деген кылып кызматы менен тороп баласы менен жагарын байма бай айтылаар \эле.Кыргыз болуп торолуп,кыргыгыз болуп ак бешике болонуп,эне суту менен,эне мээрими менен кыз бала келин болорун,жакшы келин болуш керегин энеге соз тийгизбей зирек болушубуз,тын болушубуз керек экенин.Эшигин коруп торуно от,энесин коруп кызына от деген соз менен апакебизге соз тийгизбей жакшы келин болушту арзуу кылып чонойдук.Азыр биз кыздарыбызга ушундай тарбия бере алдыкпы ?
Келечек муундарыбызга азыркы жаш энелер бере ала бекен ?
Мен оз ойум,оз арзуум бар,мен утуройуп кундо чай бергенче кулуп туруп чай бергеним артык деген создун манызын чагып корчу? Сен азыр жашсын келининди колуна кармагын келбейт эркин жашаткын келет ал туура,Бирок азыркы бополоп бакан балан уйлонуп аял алганча сенин жаштыгын да карап турбай,саамайынды ак аралап,аттин белин оору бекчейип,эки козун чекчейип карылык кирип келет.Ошондо сага да жаркылдап чай сунган,энекелеп жаркылдаган келин керек кызым....
Жашын откон сайын балдарынан мээрим издейсин...
Бул жазганым бирооно эмес баарына сабак убактым болбой калды кийин улаармын....
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 03 Июль 2019 - 21:52
#19 04 Июль 2019 - 00:06
lightning57 (02 Июль 2019 - 04:33) жазган:
Озунордун алып жургон "мусорлорунар" менен ишинер жок дагы,бироону сындаганга жол болсун
турайтасын мите курттар озун анаконда сезип шмаралар десе
#20 04 Июль 2019 - 05:40