Pelargos Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 405 (0,17 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (131 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Декабрь 17
- Кароолор:
- 18 786
- Соңку аракети
- 30 Мар 2020 02:00
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 14, 1993
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Даниил Урицкий деген Данияр Усеновбу?
Жазылган күн: 28 Июл 2018
Д. Усенов дагы деле Бакиевтерге иштеп жургон экен да. "БНБК" Бакиевтерге тиешелуу бизнес. Адашпасам бул туурасында К. Бакиев озунун китебинде жазса керек эле. "Учурда 1 миллиард долларлык чон бизнес долбоордун устундо иштеп атам. Буюрса Китайдан инвестиция тартып агро онор-жай комплексин курабыз. Ушуну Кыргызстанда ачсак болбой беле" деген сыяктуу кылып, окунгон жайы бар эле. -
Темасы: Жылдыз болгум келчү, айла жок компьютер чукуп отурам
Жазылган күн: 28 Июл 2018
Bazana (28 Июль 2018 - 00:52) жазган:
Ээ мен деле аябай китеп окучумунда, уйдун тамына чыгып жашынып алып окуган кундорум ай)) Ошондо жазуучу болгум келчу , бир куну ангеме жазып баштагам анан эле соз таппай уланта албай калсам болобу)) , чоон дептерге ачып баштагамда, автору тугунчо деп, ошол бойдон жаткан ангеме дептерим бир кун эле жаза калайын деп ача койсом эле чыгармам аягына чыгыптыр, агам улантып бутуруп коюптур , ошол ошол болду жазуучулук кыйын экенин агада талант керек экенин сезгем, сериял жазгандарга данк жана дунк.
-
Темасы: Чыгаан журналист жигитибиз каза тапты.
Жазылган күн: 28 Июл 2018
Pelargos (23 Июль 2018 - 00:43) жазган:
Сонку кабарга конул бурбай эле акчындап форумга кирип кеткен экенмин.... Кайра чыгып баратып окуп калдым. Нес болдум. Чындап оор тийди мага. Чындыкты чыркырата айткан, кыргыздын кыраан жигити эле. Азаттыктын башка журналисттеринен айырмаланып Кудайга болгон ишеними бар бала эле. Ээх... Жараткан ырайымына алып, бейишинен насип кылган болсун. Кош бол, Улан!!!
Туура эмес шекшип атсам Кудай озу кечирсин, бирок кырсыктады дегенге эч эле ишене албай турам. Канчалаган ууру миллионерлердин уурулугун ачты эле. Суу астына тартып кетпеди бекен суучул (водолаз) кейпин кийген киши олтургучтору. .. Оюм туура эмес болсо Жараткан озун кечире кор. Расмий версияга ишене албай турам..((
Болду бугун эч нерсе жазбайм.((
Уландын олуму боюнча "Азаттыктын" иликтоосун кордум. Видео козомолго тушуп калган кадрлар бар экен. Киши колдуу эмес, чындап эле кырсык болгондой таасир калтырды мага. Сууга да сузо алчу эмес экен.(( Кооптуу жерлерге эскертуу белгилерин коюп койбогон пансионат ээлеринин алешемдигинен келип чыккан кырсык десек болчудай экен...
Кандай болгон кундо да кыргыздын бир кырааны кетти. . Жараткан бейишин насип кылган болсун. -
Темасы: Күйөөӊөр тапкан акчасын кимге берет?
Жазылган күн: 28 Июл 2018
-
Темасы: Форумдагы жаңылыктар
Жазылган күн: 28 Июл 2018
Мен кеттим...
Чынгыз Айтматовдун "адамга эн кыйыны кун сайын адам болуу" деген созу бар го. Форумда журуп бул создун таамай айтылганына дагы бир ирет ынандым. Бул жерде мага кун сайын адам болуу оорго туруп атат. Ылай ыргыткандарга ылай ыргытып атып, кантип белчемден баткака батып калганымды сезбей калып атам. Бул биринчи себеби.
Экинчи себеби, бир форумчунун "здесь было зверски убито время!" -деген статусун окуп калдым эле. Ошол соз чындап ойлонтту. Форум эмне экенин биле электе ото коп китеп окуйт элем. Форумга киргенден кийин окуган китептеримдин саны кескин кыскарды. Дээрлик жокко эсе болуп калды. Анча-мынча ыр кураштыра коймоюм бар эле. Ал да токтоду. Бул жака кеткен кайран убактымды пайдалуу нерселерге жумшоону чечтим. Толук деградация болуп, жок болуп кете электе акылыма келейин.))
Форумда болгону сегиз ай журсом да эл оозуна алынып, популярдуулука жетиштим . (Мен кеткенден кийин деле "бул паланчанын кошумча ниги, тукунчонун беткабы" дешип, атым бир топко чейин жоголбосо керек деп ойлойм. Ал тургай жаны катталгандарды да "сен Pelargos" дешип....). Бирин-экин санаалашка кошо коп сандаган душман чогултканга да улгурдум. Буга кобунчо чындыкты, акыйкаттыкты, калыстыкты суйгонум себеп болду. Чыныгы жашоодо деле бир адам экинчи бироону алдап атса, кайдыгер болуп, кыя отуп кете албай, "жалган айтып атасын" деп бетине айтып, алдап атканына да, алданып атканына да жек корунгон учурлар коп болгон. Бирок бул мунозум учун эч качан окунбойм. Сыймыктанам.
Бир чети форумду таштап кетким келбей турат. Ага да себептер бар. Реалда дагы мен жок болсом эле жумуш бутпой, маселе чечилбей калчудай болуп, мен жок болсом эле жакындарымды, досторумду бироолор капа кылып кое тургансып кабатырлана берем. Кыскасы мен жок болсом эле асман жерге тушуп кете тургандай озумду ото эле керектуу адам элестете берем да. (Бирок чын-чынына келгенде кереги жок эле бироомун ). Азыр да ошондой сезимдер болуп атат. "Фантомас менен Олвейс ар турдуу никтери менен келип, "чала молдолор, тигиндей, мындай" дешип, жалгандарын айтышып, тили узун немелер диндештеримди кекетип, басынтып кетишсе менден башка ким жооп берет" депчи. (Албетте куру убайымга тушуп атам. Жооп берчулор созсуз бар).
Бугун саат "18:00" гa чейин форумда болуп, туйунчокторумду туйунуп, бутпой калган купуя каттарды аягына чыгарам. Анан биротоло "Супер-Инфо" менен коштошом. Окубайм дагы. Окусам эле тил кычышып, билдируу жазганга туура келет.)) Болбосо Суперге эч кандай нараазычылыгым жок. Баардык админдерге ыраазычылык. Силер суперсинер! Форумчуларга да ийгилик.
Комментарийлер
Pelargos ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?