Akak13.94 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 22 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Август 18
- Кароолор:
- 4 263
- Соңку аракети
- 13 Фев 2019 02:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Август 15, 1994
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 3 Фев 2019
Лилия Кудайбердиева эженин калемине таандык ангеме.
( Аңгеме )
1-бөлүм.
Жаздын жамгырлуу күндөрү артта калып, күн ысып, жай мезгили жакындап калган учур. Кечээ эле жамгыр жааган күндөрү аба - ырайы салкын тартып турса, бүгүн күн чайыттай ачылып, ысыды. Күндө салкын абага карап жылуураак кийинип жүрчүлөр, бүгүнкү ысыкка ысып - тердеп, күндүн ысык нурунан көлөкөрөөк ,салкын жерге качкысы келет.
Эрте менен күндүн ысыгы көп байкала электе, атайын убактымды арнап, шаарыбыздын чакан базарына келдим. Максатым - өзүм үчүн керектүүлөрдү, анан үй - тиричилигине керектүү буюм - тайым сатып алуу.
Аял заты кийимге жакын келебиз го. Кийимдерди аралап, алчумду алып, тезирээк чыгууга аракеттендим. Биринен - бири жакшы көрүнөт. Кыдыра берсең, суктанууң түгөнбөй, кызыгууң арта берет , атүгүл жакканынын баарын алгың келип кетет. Сатып алган жеңил, гүлдүү кездемеден тигилген жеңдүү көйнөк өзүмө абдан жакты. Көңүлүм ачыла, ар түрдүү үй - буюмдары сатылчу тарабына бастым .
Бул тарапта күнүмдүк тиричиликке колдонулуучу кол менен жасалган буюмдар, ар түрдүү бузулган тетик - аспаптарды оңдоочу устаканалар, ортоңку аралыктарында мөмө - жемиш, жашылча сатылган катарлар бар эле. Бул жерден да куру өтпөй, балдарыма жашылча - жемиштерден сатып алдым. Эми үйгө кайтуу керек. Көтөрүнчүм оор болуп, тезирээк үйгө кетүүгө ашыктым. Бул убакта базарга келген элдин агымы көбөйүп , тар жолдордон тезирээк басууга мүмкүн эмес. Күн да ысып, бир аз калыңыраак көйнөгүмдөн ысып бараттым . Мен бараткан чыгуучу оң тарапка чыккан адам көп болуп, алдымдагы аялдардын артынан акырын бастым. Шашпай баскан үчүн базардагы ар түрдүү көрүнүштөргө көз салып бараттым . Ушул учурда көзүмө тааныш караан урунду. Көргөн көзүмө ишенбей, дагы жакшылап карадым. Ооба, жаңылбадым. Бул менин тээ балалыктан бирге ойноп, бир класста окуган курбум эле. Аны көргөндө сүйүнүп, кыйкырып жибере жаздадым. Чакырып да жибергим келди. Бирок, бир күч мени токтотту. Андан көзүмдү албай, баса бердим. Ортодогу жемиш саткан катар эле болбосо, аралыгыбыз жакын . Адам кандай сезгич ээ! Менин караганымды сезгендей, курбум да биз тарапка көз жүгүрттү. Көз албай турган каректер чагыла түштү. Бул көздөрдүн чагылуусу секунддарга гана созулду. Экөөбүз тең көздөрүбүздү ала качтык. Бири - бирибизди көрбөгөндөй, тааныбагандай түр көрсөтүп, өтүп бараттык. Таанып турсак да, байкабагандыкка салдык. Эгер курбумдун көзүнөн бир аз эле сүйүнүч, кубануу байкасам, мен баарын таштап, ага карай жүгүргүм келип турду. Менин толкундана, сүйүнүчтөн таң кала карап бараткан каректериме жооп болгон жок. Ачык маанайым чөгө түштү. Бир кездеги өтө ынак, сырдаш курбулар, арадан көп жылдар өтсө да, тээ бир канча жыл мурунку эски таарынычтарын унутушпаптыр. Алда качан унутулган балалыктагы күндөр эсиме келди... Бүгүнкү ачык маанайым бузулуп, ичим муздай түштү. Үйгө кайттым.
Үйгө келип, үй жумуштарын аткарып жатып да, кичинекей уулумду эмизип жатып да , курбум экөөбүздүн бүгүнкү кездешүүбүздү унута албай, көз алдыма элестете бердим. Адатта баламды эмизип жатканда анын менден көзүн албай, эркелей карап, кылкылдата сүттү жутуп жатканына дене - боюм балкып, элжиреп уулумду тиктеп, баарын унутат элем. Бүгүн анте албадым. Катуу ойго салган бүгүнкү кездешүүнү унута албай жаттым. Балалыгымдагы ...жок, өспүрүм курагымдагы учурдун баарын сыдырып өткөрүп баштадым ...
***
Нуржан экөөбүз бир класста окудук. Мектепке чейин мен аны таанычу эмесмин. Экөөбүздүн үйлөрүбүз алыс болгондуктан, бизди мектеп тааныштырган. Мотурайган кезибизден катарлаш парталарда отуруп, сабактарда бири - бирибизди колдоп, жардамдашып, экөөбүз бири - бирибиз менен жакшы келишет элек. Мен көп сүйлөбөгөн тартынчаак кыз болсом, Нуржан эркек мүнөздүү, бетке айтып сүйлөгөн кыз эле. Катарлаш отуруп, сабактарда бири - бирибизге жардам берип жүрүп, мамилебиз бара - бара жакын достукка айланды. Сабак бүтүп таркаганыбызда гана, экөөбүз эки жакка бөлүнчүбүз. Окуу аяктап, каникул болгондо бири - бирибиздин үйлөрүбүзгө барып ойноп, ээрчишип ойноп жүрө берээр элек. Экөөбүздүн достугузду ата - энелерибиздин баары билчү. Кимибиздин үйүбүзгө барбайлы, ата - энебиз өз кызындай кабыл алышчу. Ошентип, биз ынтымактуу курбулардан болуп чоңое бердик. Жылдар жүгүрүп, биз жогорку класска да келип калдык.
Нуржан химия, физика , алгебра , дене тарбия сабактарынан мыкты болсо, мен тарых, география, адабият сабактарынан көбүрөөк жакшы окуйт элем. Окуган сабагына карай да кесип тандайсыңбы же табиятыңданбы, мен чоңойгондо аскер кызматчысы болууну кыялданаар элем. Мен кыялдарымды Нуржанга айтып, ал мага айтып, окууну бүтсөк, чогуу бир шаарга барып, өзүбүз жактырган кесиптин окуусуна окумай болуп кыялданаар элек.
Сабакта отуруп алып да , келечегибиз жөнүндө сүйлөшүп баштачубуз.
— Нуржан, а сен кандай кесипти тандадың?
— Мага койсо го, мен дүйнөнү кезип жүргөн, бир орунда токтобогон кесипти тандаар элем, Жайна ... Котормочу болсомбу ...же агент болсомбу, хи - хи ! Бирок, мага спорт да жагат. Мен ойлогон кесипке атам каршы. Окууну бүтсөк билинет го...
— Ооба, Нуржан, дагы бир жыл окусак, окууну да бүтөбүз. Аз калды ээ! А мен аскер формасын кийип иштегим келет.
— Ха - ха! Сен созулууп жүрсөң, кантип аскер формасын кийип иштейсиң! Аны үчүн курч мүнөздүү, тарсылдаган кыз болушуң керек. Сен жоош , назиксиң Жайна.
— Ооба, бирок сен иштесең болот ээ ? Сен дене тарбиядан мыктысын, мүнөзүң да эркектей. Балдардын баары сенден коркушат. Форма кийип алсан, андан бетер сенден коркуп калышат . Анда эч ким жактырбай коет го , Нуржан?
— Хм! Корксо корко беришсин. Мен башка кыздарга окшоп, мени балдар жактырсын дебейм. Мага балдардын эч кимиси жакпайт! Мен мектептен кийин чоң окууга окуп, иштеп алгыча чейин эч кимди жакшы көрбөйм. Түшүндүңбү, Жайна?
— Ооба ... Мен да эч кимди жакшы көрө элекмин, Нуржан. Билесиңби, биздин кыздардын кээ бирлери балдар менен сүйлөшүп калышкан. Алар мектепти бүтсө күйөөгө чыгышат да. Мен да биринчи окуп, анан күйөөгө чыгам. Ага чейин эч кимди ойлобойм. Апам да ушинтип айтат , "балдарды ойлобо " деп...
— Ооба да, ага чейин тиги Аселдей болуп, "сүйүп калдым " деп, азап тартып жүрөлүбү ээ?! Хи - хи!
Эх, кыз кыялы ! Кандай асыл, аруу, тунук , баеосуң !
Дал бүгүн " эч кимди жакшы көрбөйм " деп отурган эки курбу, сүйүүнүн айттырбай келээрин капарына да алышпады. Сүйүү сезими байкатпастан кирип келип, эч нерседен бейкапар уктап жаткан сезимдерин кытыгылап ойготоорун билишпеди. Жүрөктү ээлеген ал сезим - күнү - түнү уктатпай, көңүлүн дегдетип, сагынтаарын билишпеди. Сезимге баш ийип, бүгүнкү асыл максаттар башка нукка бурулуп, өзгөрөөрүн билишпеди. Махабат үчүн от - жалын болуп, акыл - эсти жоготууга чейин барууга мүмкүн экендигин билишпеди. Дагы көп - көп билбегендери бар экенин билишпеди ... Сүйүү учүн адам - күтүлбөгөн чечимдерди чыгарып жиберээрин билишпеди ... Сүйүү үчүн - адам тагдыры өзгөрөөрү мүмкүн экендигин билишпеди ...
Нуржан экөөбүз сүйлөшкөндөй эле, экөөбүз башка кыздардай болуп балдар менен кат деле жазышпадык. Достугубуз бекем болуп, сабактардан жакшы окуп, мектепти бүтүрүү жылдарына да жакындап бараттык. Нуржандын менден башка жакын курбусу жок эле. Менин да Нуржандан башка жакын курбум болбоду. Негедир, экөөбүз тең башка кыздардай болуп көп сүйлөп же балдар менен достошууну да билбедик. Оюбуздун баары жакшы окуп, сүйгөн кесиптерге ээ болуу эле.
Бирок, өзүбүз ойлогондой " жакшы көрбөйм " деген сөзүбүз, жөн эле абага айтылып калган сөз тура. Так ошол "жакшы көрүп калуу " , "сүйүп калуу," достукка кастык кылды. Баары күтүүсүз башталды.
Ошол күнү - майрам күн эле. Шаарыбыздын борбордук көчөсү шаңга бөлөнүп, музыка жаңырып, атайын уюштурулган майрамдык оюн - зооктор болуп жатты. Кызыктарды көрүү үчүн келген көчө жайнаган элдин арасында , Нуржан экөөбүз да жүрдүк.
Кызыктардын баарын бир кыдырып чыкккан соң, экөөбүз чарчадык . Биз сыяктуу жүргөн жаштар абдан көп экен. Өзүбүздүн мектепте окуган балдар - кыздарды көрүп, саламдашып коебуз. Башка мектепте окугандарды болсо сын көзүбүз менен карап коебуз. Котологон элдин көптүгүнөн, ызы - чуудан чарчап, четирээктеги суу саткан жерге келип, суу ичкенче туруп калдык . Биздин артыбызда балдар келе жаткан. Алар да биздин жаныбызда, суу ичип калышты. Көңүл деле бөлбөдүк.
— Кыздар ! Кандайсыңар ?
Артыбыздагы үч бала бизге кайрылышты.
Күтүүсүз балдардын суроосуна мен жооп бере албай турдум. Эркек мүнөз Нуржан дароо жооп берди.
— Жакшы!
Нуржан балдардан тартынбай, көздөрүнө тике карап жооп берди. Балдар менен биринчи жолу минтип көчөдө сүйлөшүп жаткандыктан, мен уялып турдум.
Үч баланын бирөөсү Нуржанга окшоп, шарт сүйлөгөн бала экен.
— Кыздар, силер менен таанышып албайлыбы? Байкашыбызча, силер биздин кошуна мектептин кыздары окшойсуңар. Тааныш болуп жүрөлү. Кандай дейсиңер? Болобу?
— Таанышсак таанышып кое беребиз. Анын зыяны деле болбосо керек!
Бул жолу да Нуржан жооп берди.
Жанагы тартынбай сүйлөгөн баланын бою узун, кара тору, толмочураак экен. Урмат деп таанышты. Анын жанындагы бирөөсү бою кичине, арык, буудай ыраңдуу экен. Белек деп таанышты. Үчүнчү бала экөөнө караганда сымбаттуу, орто бойлуу, чачтары капкара экен. Кийген кийимдери да жарашып, жанындагы балдардан айырмаланып турат. Үстүндөгү спорттук костюму өзүнө куюп койгондой жарашыптыр.
— Жайна!
— Илгиз!
Анын колдоруна колум тийгенде, уялып турсам да, тике карадым. Көздөрү капкара, кирпиктүү экен. Калың каштарын , кыйгач түшкөн чачтары бир аз жаап калган. Менин колдорумду кармаган Илгиз , күлмүңдөй карады. Сырдуу караган жагымдуу көздөр. Көзүмдү ала качтым. Мен өзүмдү башкача сезип , уялып кеттим...
Демейде тарсылдап, бетке сүйлөп турган Нуржан, бул балдарга жумшак сүйлөп, жоошуп калды. Анын мындай өзгөргөнү мени таң калтып койду. Балдар биз басчу жакка кошо ээрчип басышты. Урмат бакылдап сүйлөп, алдыга түштү. Тартынып басып бараткан мага, Илгиз көбүрөөк сүйлөп жатты. Илгиз балдардын сүйлөп жаткан сөздөрүн, мен да алардын сөздөрүн укпадым. Көздөрүбүз уялыңкы тиктешет. Анын жагымдуу көз карашынан көзүмдү алалбай, суроолоруна жооп берип жаттым... Бирок, биз үйгө кайтуубуз керек...
Балдар менен жылуу коштоштук да, үйлөрүбүзгө кайттык ...
Сабактарымды даярдап бүтүп, уктоого камындым. Караңгы үйдө Айдын жарык шооласын карап жаттым. Ар дайым жатып алып эртеңки болоор сабактар жөнүндө ойлоп жатсам, бүгүн ал ойлор менде жок. Мен бүгүнкү балдар менен болгон таанышууну, Илгиздин капкара, күлмүңдөгөн көздөрүн элестетип жаттым. Анын көздөрү дапдаана тартылып, жылмая тиктеген сырдуу көз карашы азыр да жанымда тургандай ... Уйкуга көшүлүп, жумулуп бараткан каректеримде да Илгиздин каректири турду...
Ошол күндөн баштап үйдөбү, мектептеби Илгиз жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштадым. Ал жөнүндө менин бар билгеним, башка мектептин жогорку классынын окуучусу. Аны канчалык ойлогонум сайын, көргүм келе берди. Бир күнү жолуксун деп тилеп, күтө баштадым. Бирок, ал да мендей болуп, мен жөнүндө ойлонуп, жолугууну эңседиби, мага белгисиз эле ... Ал мени жактырганын толук сезип турдум ...
УЛАНДЫСЫ БАР. -
Кандай кылсам туура болот?
Жазылган күн: 10 Авг 2018
Саламатсыздарбы! Ушул жерге озумдун жашоом туралуу абдан жазгым келчуу. Кече эле катталдым. Эмесе соз башынан болсун. Папам 3жашымда каза болуп калган. Менден уулу эжем бар. Папам каза болуп калгандан кийин мамам экинчи куйого тийип андан бир эркек торогон. Бирок ал турмуштан деле жыргаган жокпуз. Себеби экинчи папам аракты коп ишчуу. Ичип келип алып мамамды сабайт же иштебейт. Кычыраган кышта эжекем мамам учообузду (иним торолгонго чейин) мамамды сабап туруп эшикке чыгарып коет тан атканча сарайда ушуп уктайбыз. Айтор кичинекей кезимде эле корбогондц коруп чонойдум. Чон атамдар бизге жакын тургандыктан кээде чыдабай качып кетчум. Чон апам катуу киши болчу биз барсак жактырчуу эмеч эмне келдинер деп. Ошентип кичинемден акчачылыкты уур токмокту эч жакка батпай эч кимге жакпай чонойдук. 1чи класска барган да ар кайсы школдо окудум 1жылда эле 3школ котордум. Анан чон атам бизди аяп эжекем экообузду 2классымда интернатка откозуп койду. Ошентип эжекем экообуз интернатта окуп калдык. Арада иним да чоное берди. Айтор интернаттан желе жыргаган жашоо коргон жокпуз. 6классымда мамам экинчи папам мн биро толо ажырашып кетти. Иним окуруп ыйлаган бойдон калды. Мамам Бишкекке кетти иштегени. Иштеп журду кафелерде. Анда телефон деген деле жок. 1 2жумада бир келет. Эмки жума келем деп кетет да эжекем экообуз интернаттын дарбазасына чыгып алып мамамды кутобуз келбейт. Анан 8классымда мамам бизди тайжеме таштар Москвага кетти иштегени. Биз калдык. Кундор ото берди мамам Млсквага кеткени мн иши жакшы болбой койду. Эжекем 11классты аягына чейин бутпой ал да кетти Москвага мамам экообуз бирге иштеп уй алабыз деп. Мен калдым. Инимди 3классында алып келдим папасынан. Байкуш иним жапайы болуп арыктап кетиптир, нан жесе суйунуп журот. Иним тайжемдикинде калды мен интернатта окуйм. Окуп жургондо окуучулардын алдынкылары, активистка болчум. Менсиз школдо бир да майрвм оичу эмес баарына катышчуумун.
9классымда президент школа болдум. Анан 10класста чоноюп кыздар мн жинди боло баштадык. Жигиттер мн суйлошуп спитрное ичип дегендей. Окуп жургондо эле жигиттер коп соз айтышчу. Бир агай бар болчу ошол мага ар дайым женил ойлуусун десе жиним келе берчу. Бипок чынында эле женил ойлуумун. Бироого бат алданам. Суулу кызсын, фугуран, коздорун соонун деп 1 2комплимент айтып койсо эле ээрип калчуумун. Кээде отуруп мамама жиним келет эркек деп журуп бизди ваще тарбиялабаганына. Эне мээрими кандай болот, энен мн отуруп сырдашкан кандай болот билбейм эч нерсесин. Анткени мамам эркектерге жакын болчу бизге коп конул бурчу эмес. Эркектерди багып эле журчу. Бизге кыйратып деле кийим кече алып берчуу эмес. Ар кандай эркектер мн жургонун коп кордум башкасында кордум эстесем ыйлагым келет. Бизге эненин тарбиясын берген эмес ар кимдин колунда эле чонойдук. Ошентип 10класста чоное баштадык кыздар менен. 11классымда озумдон 5 6жаш чон бир бала мн суйлошчум. Ал бир куну уйуно алдап келип кыздыгымды алып койду каршы корсотконумо карабай. 11кл кыздыгымдан ажырадым. Озум да арак коп ичип жигиттер мн коп суйлошо баштадым. Школду буткондон кийин Бишкекке барып окууга тапшырдым. Офисте иштейм компьютерде отуоам деп кыйратып экономистке тапшырдым. Мамам 11классты ийгиликтуу буттун окууга оттун жмне алып берейин деп калды эч нерсенин кереги жок акча салгыла колго барып эс алам дедим. Макул деп акча салды иним мен классташ кызым болуп колго 3кун эс алганы кеттик. Барып жакшы эс алып келдик. Колдон кеч чыкканга байланыштуу шлагбаумга келсек Кара балтага кетчуу таксилер токтоп калыптыр. Не кылабыз деп турсак бою узун бир бала келип Кара балтага кетебиз деп калды макул деп машинасына отуруп кеттик. Жолдон таанышып калдык 82жылкы Чалдовардык бала экен. Номеримди сурайт берип койдум. Алар да колдон эс алып келатышыптыр. Эртеси уй жыйнап жатсам чалып калды. Экообуз суйлошуп калдык ошентип. Бир жумадан кийин туулган кунум болуп калды 18ге чыготам десем гул которуп анда сенсорный телдер жаны чыготкан самсунг падарок кылды. Мен аны жактырчуу эмесмин страшный болчу. Телге атын ужас деп жазып койгом уйдогулор да ужас дешчу азыр эстесем озумо жиним келет. Жинди эле кыз экем акылым кыска болчу экен. Бирок журогу таза аябай жакшы бала болчу азыр аябай окуном ошого эле бир жеримди кысып куйого тийип кетпей деп. Ошентип 18жашымды полный откоруп берди. Окууга оттум десем уй жакка келип 5000с берип таштап кетти кийинип ал деп. Кы1раьып кийинемби жыргаш керек да. Кайран кекиртегиме кетет баары. Кв чынтым окуума жакыныраак. Хозяйка мн апашка деп койчум намаз окуган классташ кызымдын чон апасы болчу. Кв эжекелер мн да жакшы болуп алдым. Окуу башталды мына сага анан жашоо свобода ушул экен дедим да. Кутурлум чон атамдар акча берет мамамдар акча салат тиги ужас жигитим жок дегенде 5000с таштап кетет жума сайын. Анан ким кутурмак эле мен да. Окууга такси мн барам келем, кафеден тамактанам айтор жыргадым ойлодум шаардын жашоосу ушул экен деп корсо анын баары сыноо болуп келет экен да адам баласы которо алабы ушуну деп которо албаса бир паста эле алып коет экен. Шаарда эми ар кандай жигиттер мн тааныша баштадым. Бир куну тиги ужасым машина алып берейинби дейт машина айдаганды билбесем не кылмак элем лучше ноутбук аоып бер ошол мага керектуурок десем эртеси которуп келип калыптыр. Айтор ал байкуш бир созумду эч эки кылчу эмес. Мамам экоо телефондон эле подружка болуп алышкан. Ал байкуш колумду кармаса эле жиним келе берчу. Баары ойлошчу сага ушунча кылып жатат значит экоонор жатып журосунор деп чынын айтсам экообуз даже обушкон эмеспиз. Группалаштардын арасынан 3кыз болуп дос болуп калдык. Шаарга келген сайын алардында конулун калтырбай кафеге киргизет. Аны мн эмне гана кундор откон жок. Айтор ошентип журуп бир куну бир бала таанышып аны жактырып калдым. Ал болсо ужасынды ташта таштабасан сени мн суйлошпой коем дейт. Ужастан качып журуп башка кв кочуп кутулдум экообуз ваще суйлошпой калдык. Бирок тиги бала мн 2ай эле суйлошуп суйлошпой калдык. Карв балтадык эски тааныш байке бар болчу (ичимден жакшы корчум аябай бирок айтчу эмесмин) бир жолу уйуно чакырып калды. Бардым жалгыз жашайт экен. Бир аз пиво ичип отуруп жаттык, дагы бир жолу чакырды дагы жаттык. Дос баласы бар болчу ал да мени жактырчу соз айтып журчу бирок анын уй булосу бар болчу. Ошентип журуп октябрда чон атам коп отпой эле 10кундон кийин чон апам каза болдуп калды. Эжекем келди Москвадан 1ай журуп кыркынан кийин кетти кайра. Мамам экоо иштеп журушту алган эч нерселери жок. Кыска эле жазайынчы ээ. Ошентип жаш башымда шамалдан башка эч нерсе жок жырган клубдарга кафелерге барып коюп журдум. Окууга деле конул жок. Ошентип атам каза болгондон кийин боюман бутуп калды. Ага деле конул бурбай эч нерсени ойлонбой эч кимге айтпай журо берем кыйраткансып. Чынын айтсам кимден экенин озум да до сих пор билбейм. Жанагы байкеге барсам меники эмес деп мойнуга албай койду. Болом бар болчу шаарда жашачу ошого айттып 5ай болуп калганда. Ал болсо урушат айтпайсынбы мамандарга деп. Иши кылып экообуз суйлошуп отуруп эжекеме айтмай болдук. Эжекеме айтсак ал шок. Мамама айтпай алдап алдыр деп акча салды аны да жок кылып салдым алдырбай. Ошентип маам да билди анан тайжемдер билди. Айтор укпаган создорду уктум сокту урушушту. Маам алдыр деп акча салды барсам эч ким албайт экен анткени 6ай болуп калган. Аягында эч кимге айтпай торомой болдум. Окуумду да до конца бутурбой Кара балтага келдим. Тааныш туугандардан жашынып журуп тородум. Маам келди Москвадан. Ал мени дагыле жегенин койбойт. Кыз тородум. Атасы жок кылып кимден экенин озум билбейм. Ошентип кызымды 7ай болгуча багып чонойтуп кетти кайоа Москвага. Ал ортодо эжекем да турмушка чыкты. Кызым 2ге чыкканда эжекем кыз тороду. Мен шаарда иштеп журдум окум калды ошо бойдон. Чынын айтсам башында окуганга ваще желания жок болчу жон эле тапшырып алдым лучше мен Москвага барып иштесем учоолоп батырак уй алат белек деп ойлонуп коем. Ошентип шаарда иштеп журуп бир байке мн суйлошуп журдум ал мага постоянно эркек тороп берчи дей берчу. Созуно конул деле бурчу эмесмин. Дагы боюма бутуп калганын билдим. Дагы жиндилик кылып эч кимге айтпай журо бердим. 6ай болгондо болом билип калды байкем. Анан коруп алгыла мировая война башталды кайра. Маамдын бир характери бар бир косяк кетирсен эле сени которуп жардам бергендин ордуна сендей кызым жок эмне кылсан ошо кыл деп коет. Кайра ошентип койду. Ойлонуп журом туштон кийин не кылам деп. Ичим челкейип калган 8ай болуп. Айылдан кетишке туура болду. Кара балтага келип кайра кв чыгып жашадым. Ойлонуп журом не кылсам деп баланын атасы жок болуп кетти айтайын десем. Анан бала бакчууларды издей баштадым сураштырып. Таластагы болом бир уй булоону таап берди. 40жашка келип калыптыр ваще торой элек экен. Бала багып алабыз акчасын деле толоп беребиз дептир. Эптеп алар мн суйлошуп эртен шаарга кел деди учетко тургузайын дейт. Макул деп эртеси бардым 9ай юолцп калган. Поликлиника га барып акча берип суйлошуп анализдердин баарын тапшырып учетко турдум. Кечинде жатсам ичим ооруй баштады. Кызымды кечке которуп жургонго деп коем. Туну мн ооруп чыкты. Эртеси дагы поликлиника га бардык ичим туну мн оорцп чыкты десем карап эки палец ачылып калыптыр срочно больницага барып жат деп направления жазып берди. Ызы чуубуз. Кызым жаным да эч нерсени тушунбой журот. Таксиде кетип баратып дочамды банып алчу эде уйуно алып кетмей болду. Макул болуп больницага келдик мен жатып калдым кызымды ыйлаткан боюнча алып кетти. 4сааттан кийин эркек тородум. Атасына окшош сапсары. Женил тородум. Баланы жаныма алып жаттым эмиздим бергим келбейт бирок бериш керек. Бир кызымды аран багып журом бир кусок нанга жетпей квартиралап же жардамым жок болсо. Шарьым жок эле оюмда кантип багам азыр баланы кызымды жетелеп алып каяка барам деп 3кун ойлонуп жатым акыры бере турган болдум. Тайжем боломдор чалып алып бербе ар бир бала оз ырыскысы мн багылат коркпо дешет мен коркуп турцп алдым не кылам бага албайм деп. Мени менен жашап жокчулукту коруп жашаганча бала зар болуп жургондордун жалоыз эрке баласы болсун дедим. Мен сага эч нерсе бере албайм ошолор сага баарын оюндагынын баарын берет деп озумду алдап жаттым. 3кун дегенде чыгарып кетти арыз жаздырып алды таксиден, колума 30 000сом санап берди. Баланы акыркы жолу эмиздим да бердим. Эже суралы акыркы жолу жакшылап ойлондунбу кийин келбейсинби окунбойсунбу деп жок дедим эки бала менен мен эч жака батпайм бара турган жашай турган ичип жей турган эч нерсем жок деп жооп бердим да берген акчасын алып тушуп кеттим. Жанында женеси бар болчу ал барып мени таксиге салып бир сийра продукты алып берип узатты. Мен кетип баратам таксиде айт болуп жаткан болчу ошондо. Шолоктоп ыйлап баратам жарым жаным калып калгандай болуп эле артка кайрылып барып алып кетип калгым келет бара турган жерим жок болчу. Байкемдин уйуно бардым эжекем чаоып калдыне болдун деп ал чалганда коронун аягына барып алып окуруп ыйладым унумдун болушунча канча ыйлаганымды билбейм кызым мени издеп келгенде эсиме келдим. Окуруп жинди адамча эле жч нерсе деп суйлобой олгум келип ыйлай бердим. Эжекем да тигил жактан ыйлайт. Мамам чалды берип салдым десем сени ушунчалык мерез таш болр экенинди билген эмесмин шерменде деп туруп очуруп койду ого бетер туз сээп журогумо. Мен бул жакта олуп жатканым менен иши жок. 3 4кун соолуп жаатым эч нерсе жебей ичпей тируунун олуп киши болуп журдум. Байкем женемдер сурап коет сага не болгон деп оротам почкилерим оротат депп койдум. Кызым учун эле туруп журдум. Эмчегим шишийт ооруйт журогун жарылып канап туоса башка ооруларды сезбей делк калат экенсин андай учурда. Кайра мамам мн суйлошуп кызым экообузго билет алып Москвага кетмей болдум. Алган акчаны кармагым да келбейт ыргытып тытып салгым келет бирок кетиш керек болду Кыргызстандан. Поездке билет алып кеттим кызымды алып алып. Ал жакка барган да деле жыргаган жокумун мамам мн кундо урушам ишим онолбой койду. Маамам болсо откон кундорду эстетип кайра кайра кайталап эле жеп салды кишини. Жетип кеткенде каяша айтып катуу суйлоп салам ушунун баарына сен куунолусун энедей болуп биздин жаныбыз да болуп нормальный тарбиянды берсен мындай болбойт болчу сен кунолусун деп мамамды кунолойм. Адамдар ката кетиргенден кийин аягында куноолуу адамдарды издеп баштайт экенбиз да. Мен болсо жашоомдун ушундай болушуна мамамды куноолоп туруп алдым. Ошентип Москваны деле кыйраткан жокмун.
Комментарийлер
Akak13.94 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?