ales Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 315 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (126 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 28 Ноябрь 12
- Кароолор:
- 23 152
- Соңку аракети
- 16 Фев 2024 11:14
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 40 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 10, 1984
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Кыргызстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
raia
23 Мар 2024 - 19:36 -
myrzayym
16 Июл 2020 - 21:25 -
S-legacy
23 Ноя 2019 - 03:47 -
Munarka
12 Сен 2019 - 18:16 -
ibadat2005
08 Авг 2019 - 17:13 -
Nurbek555
30 Июл 2019 - 16:13 -
La-lak.08
18 Июн 2019 - 22:36 -
baktyluuluk
27 Май 2019 - 04:30 -
klarisa
09 Мар 2019 - 17:32 -
unt_75
14 Фев 2019 - 10:43
Мен ачкан темалар
-
Лидер болууну самагандар үчүн жумуш!
Жазылган күн: 8 Мар 2019
Сиз лидер болгуңуз келеби? Сиз башкаруучу мүнөзгө ээ болуп, бирок энергияңызды кайда коротууну билбей жатсаңыз, анда бизге келиңиз!
Биз сиздерге төмөнкүлөр боюнча бекер сабак өтөбүз. Каалоочулар үчүн онлайн түрүндө.
Бекер сабактар:
* Психологиялык сабактар
* Ораторлук чеберчилик
* кыргыз тилинде сабаттуу жазуу
Каралган маселелер:
* карьералык өсүү
* бизнес түптөө
* чет өлкөгө эс алуу
Эң башкысы:
* Декреттик айлык
* Балдарга пособье каралган.
Эгерде сиз жөндөмдүү, бирок ЖАЛКОО болсоңуз, биз сизден жалкоолук мүнөзүнүздөн арылууга жардам беребиз!
Сизге жактыбы? Анда 18-00дон 21-00го чейин 0707266494, 0559157153 номерине кайрылыңыздар.
Биздин командабызга кошулуңуз! -
Тез арада квартира берилет
Жазылган күн: 25 Авг 2017
Тез арада бир болмолу квартира берилет. Политех тарапта.Баасы айына 12000 сом.Уй-булолуу адамдарга.тел: 0707266494; 0770585554: -
Кыргыз Мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театры.
Жазылган күн: 17 Мар 2016
Теманы туура эмес жерге ачкан болсом, тууралап коёсуздар деп ойлойм.
Саламатсыңарбы урматтуу форумчулар. Адам баласы айла-чөйрөсүнө жараша калыптанып, өз деңгээлине жараша инсан болуп калыптанат эмеспи. Мындан 3-4 жыл мурун кенедей балдарыбыздан бери саясатты сүйлөп, митинг, пикет деген сөздөрдү шокалад, конфет дегендей эле жаттап бүтушту эле. Кудайдын кулагы сүйүсүн, ошол көрүнуштөрдөн кутулдук окшойт. Биздин келечек болгон балдарыбыз аман-эсен болуп, жаркын жашоодо гана жашашсын!
Балдардын келечеги биздин колубузда! Андыктан балдарыбызга, бөбөктөрүбузгө жакшы тарбия берүү, кең келечек тартуулоо биздин милдет! Эгерде сиздер дагы менин ураанымды колдосоңуздар, анда бөбөктөрдү компьютерден, уюлдук телефондон бир күнгө болсо да, бир саатка болсо да алыстатып, биздин Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрына келиниздер!
Ар бир жуманын жекшемби күнү саат 11-00 до орус тилинде, 12-00 до кыргыз тилинде , биздин театр кичинекей бөбөктөрдү кучак жайып тосуп алмакчы. Билет баасы 3 жаштан өйдө 100 сом.
Сиздер келген соң ой-пикирлеринизди бул жакка жазсаңыз, сиздин сын пикирлер биз үчүн абдан маанилүү.
-
Коомдук транспорт.
Жазылган күн: 16 Мар 2016
1. Форумда коомдук транспорттун кызматын пайдалангандар көп эле болсо керек. Жаштарды тартиптүүлүккө, ыймандуулукка, кичипейилдикке үндөгөнүбүз үндөгөн. Азыр жаштар (окуучулар, студенттер) мурдагы жылдарга (2-3 жыл) салыштырмалуу ыймандуу боло башташты. Каттамдык маршруттун акыркы орду гана жаштар үчүн экенин эч ким айтпаса да, салтка айлангандай көрүнүш. Эки-үч жыл мурун: "Ай турагой, мага орун берчи..." деген эжекелер, азыр унчукпай эле унаага кирээр замат орундук таба алат.
Айтайын дегеним, ошол кээ бир улуу муундагы адамдардын маданияты. Орун берген адамга "рахмат! " деген бир ооз сөздү да кээде аяшат. Далысындагы оор рюкзагы бар мектеп окуучусу орун берсе дагы унчукпай отуруп алган эжекелерди, агаларды көргөндө көңүлүм сууй тушөт. Алардын рахмат деген сөздү айтпай койгону үчүн эмес. Жок дегенде ошол окуучунун, орун берген адамдын колундагы оор баштыгын колуна кармап алайын дебегени кандай дейсиздер?
Бул оройлук, менменсинүүлүк, текеберлик деп билем. А силерчи? Бизге үлгү болуучу адамдарыбыз өздөрүн орой алып жүрсө, заманабыз эмне болот? Кыргыздын келечеги кандай болот?
Улутту бөлүү эмес, бирок орус улутундагы улуу адамдар жеке менин көз карашымда, бул көрунуштө өздөрүн абдан маданияттуу алып жүрүшөт. Орун берген адамга болгон ыраазычылыгын айтып отурат да, колуңдагы оор болобу жеңил болобу сумкаңды алдына алып алат. Же, оройлук биздин каныбызга сиңген мунөздөрдүн бириби?
2. Эми коомдук траспортту башкарган айдоочулардын одоно эреже бузууларын сөз кылсак. Албетте, баарыбыз эле билебиз, унаа башкарып баратканда, телефон менен суйлөшүү эреже бузуу экенин. Бирок, баарыбыз эле бул эрежени эбак эле унутуп калганбыз. Качан гана ГАИ дегениди көргөндө телди ката калган айдоочуларды көрүп эле жүрөбүз.
Качан көрбө, коомдук транпортту (каттамдык унаа, маршрут) башкарган айдоочу, унаа башкарып баратып: "Эй каякка жеттин? Мен баланча жакка жеттим. Э.... дурайын тигил чоюп жатат...", же " Тигини жай айда деп айтып койчу" , "Баланча жерде ГАИ бар экен" ж.б. Деги койчу колдорунан телефон деген эме тушпөйт. Бир жагынан акча санап, бир жагынан кирип жаткан кишинин санын эсептеп, бир жагынан телефонго жооп берип, бир жагынан ат чабышка тушкөнсүп, үчунчү сызыктан, күтүүсүз бурулуштарды жасап, упай топтоп жаткансып, тосуп турган кардарлдарды да салганга үлгүрөт. Кокустан кардар көрө калса алтын көрө калгандай, тормозду дароо басышат. Унаадагы адамдар бири-бирине кептелип, ичтери түйүлүп, кээ бирин колдору кармоочтон ажырап калган учурлар толтура эле эмеспи?
Деги эле буларды ким көзөмөлдөйт? Депутаттарбы? Алар коомдук транспортко отурбаса мындай баш аламандыкты кайдан билсин? Жол эрежесин бузуп жаткан айдоочуга кандай мамиле кылсак болот? -
Жаркын жашоонун башаты.
Жазылган күн: 24 Ноя 2015
Кээде отуруп өзүмчө күлкүм келет. Адатымча жылмаям, бирок калп эле же жасалма эмес, чын дилимден... Кайсы бир жагымсыз, коркунучтуу окуялар түш сымал артта калгандай. Кээде элес-булас кээ бир кара түстүү картиналар эске түшсө, ал окуяны кайсы бир жерден окугандай мамиле кылам да, баары бүттү дегенсип, өзүм байкабаганым менен терең дем алып коёт экенмин.
"Жаны жашоо" алгач күчтүү каалоодон башталды. Мен кааладым, аракет кылдым, аткардым.
Ушул бөлүмгө кайсы бир кезде арзууга толуп, бактыга балкыган, арманга чөгуп, аянычтуу күндөрумдү жазсам, баары артта калганын кубануу менен айткым келет!
Бул темада мага жардамга келген психологиялык китептерден үзуп жазып, өзүмдүн тажрыйбамдан бөлушкүм келди. Алдын ала айта кетейин, убактым тар. Ошондуктан, аз-аздан болсо да кээ бир адамдарга сабак катары тамга издери калса дейм.
Комментарийлер
ales ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?