Бул өзгөчө аталыштагы салатты күйөө баласын конокко чакырган кайын энелер көп жасашат экен. Абдан даамдуу салат.
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти (сууга бышырылган)- 150 грамм
Козу карын (консерваланган)- 1 банка
Жумуртка (сууга бышырылган)- 6 даана
Сабиз (чийки)- 1 даана
Грех жаңгагы (майдаланган)- 1 чай кашык
Зайтун майы- 50мл
Лимон ширеси- 2 аш кашык
Сыр (катуу)- 30 грамм
Салат жалбырагы- 1 боо
Туз, кургак калемпир- татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Эт, козу карын жана жумуртка тилкесинен узун жана ичке тууралат.
Сабизди чийки бойдон узунунан сүргүчтөн өткөрөсүз.
Жумуртканын сарысына туз, калемпир, зайтун майын жана лимон ширесин кошуп миксерден өткөрөсүз.
Бул чыкка (соуска) керек.
Даяр болуп тууралган азыктарга салат жалбырагын кол менен үзүп саласыз жана ага соусту кошуп аралаштырасыз. Эң үстүнө сүргүчтөн сырды өткөрүп коёсуз. Калганын өзүңүздүн фантазияңыз менен кооздоп аласыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:04