– Мен II топтогу майыпмын. 8 айымда кулап, бутум чыгып кетиптир. Дарыгерге алып барышса, ал менин бутумду туура эмес салып койгон экен. Бутум кыйшык бүтүп калгандыктан,
чоңойгондо кайра сындырып, түздөтүүгө аргасыз болдум. Бирок экинчи дарылаган дарыгерим да жасалма сөөктү туура эмес коюп, жараатым ырбап кетти. Ушул күнгө чейин 11 оор операцияны башымдан өткөрдүм.
Менин берейин деген суроом: дарыгерлер кайдигер мамилелери үчүн жаза алышабы? Мен кайрадан алардын бирин таап, сотко берсем болобу? Сот менин оорума кеткен каражатымды дарыгерден өндүрүп алганга жардам бере алабы? Шахрезада,
Бишкек шаары.
– Эгерде дарыгер профессионалдык милдетине кайдыгер мамиле жасап, анын кесепетинен адамдын ден соолугуна орчундуу зыян келтирилсе,
сот жообуна тартылат. Бул үчүн төмөнкүдөй жагдайлар болушу керек:
“Дарыгердин кайдыгерлигинен адам ден соолугунан ажырап, эмгектенүү мүмкүнчүлүгүн жоготту” деген медициналык далил-тыянак болсо;
Болуп өткөн окуядан үч жыл өтпөсө.
Жогоруда берилген далилдер болсо, дарыгердин үстүнөн арыз менен сотко кайрылса болот. Демек, операция жасатканыңызга 3 жыл боло элек болсо, сиз ден соолугуңуз үчүн кеткен моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүрүп ала аласыз.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1