ЭКУ жолу менен бойго бүтүрүү ЭКО (экстракорпоральное оплодотворение)
#22 24 Июнь 2015 - 13:29
Шариятка такыр туура келбейт! Кудай бербегенди озубуз жасайм деп оолугуу куноо,андан коро бала багып алуу мин эсе сооптуураак.
#23 26 Июнь 2015 - 15:40
Менимче шариятка туура келет Нурия. Анткени эко паталогия болгон учурда жасалуусу бул табигый корунуш. Шарият адал нерсеге жооп берет. Анткени ЭКО дон жаралган баларда ата энеси болот кадимкидей эле.
#24 01 Сентябрь 2015 - 05:36
Мен бир эжени коргом алматыдан жасатып келип кыз торогон.экинчисинда жасатып келип кыз тороду азыр кыздары чоноюп калыптыр.жашы 34-36 эже болчу.
#26 11 Октябрь 2015 - 12:22
Кээ бир айласы жоктор учун жакшы эле деп тушуном. Акчам болсо мен деле ошол жол менен кыз тороп алмакмын
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#27 02 Ноябрь 2015 - 21:07
Аллахым берерин унутбасын, эми айла жоктун иши заарыкандарга Аллахым шыпаасын берсин
#28 08 Ноябрь 2015 - 13:19
Кудайым баарыбызга береерин унутпасын.
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#29 11 Ноябрь 2015 - 14:38
Эконун жардамы менен бир кыз, бир уулду болдук. Албетте бул Аллахтын амири менен эко жолу балалуу болубузга себепчи болду.
#30 03 Февраль 2016 - 08:57
кайсыл жакта эко жасаттыныздар,
жыйынтыктар жонундо жана финасы маселеси жонундо болушо кетсениздер
#31 03 Февраль 2016 - 20:50
#32 04 Февраль 2016 - 00:14
ЭКО-жасалма уруктандыруу.
(балалуу боло албай жургон жубайлар учун)
Эркектин активдуу спермасын алып,аялдын жетилген энелик уруктусу (операция жолу м-н алынат) м-н кошот.
Даяр болгон урукту аялдын маткасына салат.
ЭКОдон торолгон балдар, башка балдардан эч кандай айырмаланбайт.
Слабый,акыл кем деген создор жон кана ушак.
Бишкекте клиника Асымбековада ж-а Репродуктивного здоровья ВРТ жасалат.
Аялдан яц кл алыш (оперц жол м-н) 1500$
Уруктандырып маткага салуу 3000$ общий 5500$ дары-анализдерин кошпогондо.
1-тушуп калса ,2-потыткасы 3000$ болот экен.
Турцияда 1ай ошол жакта болуп,4200$

Никогда не сдавайся.
#33 04 Февраль 2016 - 00:16
#34 09 Февраль 2016 - 22:25
Nasi1981 (11 Ноябрь 2015 - 08:38) жазган:
Эконун жардамы менен бир кыз, бир уулду болдук. Албетте бул Аллахтын амири менен эко жолу балалуу болубузга себепчи болду.
Каяктан кылдырдынар эле?
Айта кетсен аябай керек болуп жатат?
Билдирүүнү түзөткөн: gulkar: 09 Февраль 2016 - 22:29
Никогда не сдавайся.
#35 09 Февраль 2016 - 23:59
#36 10 Февраль 2016 - 14:54
#37 19 Март 2016 - 20:29
ЭКО( экстрактопоральное оплодотворение) б.а жатындан сырт уруктандырууну биздин олкодо бир эле Бишкекте жасашат. Гульнара Асымбекованын клиникасында о.э жаны ачылган АнкаЛайф клиникасында.
Баасы 3500-4000 доллар. Бул жалпы баасы. А эгер донордун уругун керектесениз анда кымбатыраак.
А эгер уруктарыныздар оз алдынча осо албай ага стимуляция кылып остурсо анда да кымбат. Себеби кучтуу гормондорду берип остурушот. А эгер жатын анча бала которо албаса ага да дары беришет. Эн кымбаты чонойгон уруктуу алуу- пункция . Мест анестезия менен жасалат. Атайын пробиркада остуруусу аны салуусу подр табл болуп отуруп бир топ болуп кетет. Мындан сырткары кансультация и анализдери.
Ошентип отуруп баш аягы 5000 доллар менен коркпой вступать эте бериниздер.
[size="2"][/size]
#38 19 Март 2016 - 20:30
Алматы жана Москва шаарларында да мыкты жасалат.
[size="2"][/size]
#39 18 Апрель 2016 - 21:57
ЭКО жасаардан мурда трубаларында проблема ьолсо кесип салып туруп анан ЭКО жасалаткен.
Антпесе бойго бутпрйт же оспой калышы мумкун экен. Вот так вот.
#40 04 Январь 2017 - 04:36
. Изилдөөлөргө караганда ЭКУ жолу аркылуу төрөлгөн балдар аллергия жана инфекцияларга туруксуз болушат.
2. Эгер адис урукту жатынга салганга чейин генетикалык изилдөөлөрдө ката кетирсе, бала кандайдыр бир генетикалык оорулар менен ооруп калышы мүмкүн. Негизи бул балдардан олуттуу генетикалык оорулар менен ооруганы көп кездешет.
3. Баланы невропатологдун көзөмөлүнөн өткөрүү керек. Анткени жасалма жол менен кош бойлуу болгон эненин курагы бир топко барып калган же организминде көйгөй жаралган болот. Ошондуктан төрөт учурунда кыйынчылык жаралып, баланын борбордук нерв системасында бузулуу болушу мүмкүн.
4. Эгерде ата-эненин тукумсуздугу же башка оорулары генетикалык бузулууларга кабылса, анда бул оорунун балага өтүү коркунучу бар.
ЭКУ жолу менен төрөлгөн баланын өзгөчөлүгү:
1. ЭКУ жолу менен туулган бир тууган балдардын баары уникалдуу болушат. Булар жыныс жагынан, курагынан, ар кандай жөндөмү жагынан да бири-бирине окшошпойт. Керек болсо бир уруктан чыккан эгиздер да.
2. Ата-энесинен көп көңүл бурууну талап кылышат. Ага жараша ата-энеси жетилген куракка келип балага тарбия, мээрим берүүгө толук даяр болуп калгандыктан көптөн күткөн бала бул жагынан баарынан камсыз болот.
3. Эгерде эне ЭКУ жолу менен көп жолу төрөсө, экинчисинен кийин көпчүлүк балдар аз салмакта төрөлүшөт.
4. Эненин жашы кырктан өтүп кош бойлуу болгондо, ага ар кандай оорулар жармаша берет, бул баланын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн.
Баланын андан кийинки өнүгүшүндө да бир топ айырмалар бар экени имиштерде айтылып келет. Бирок ЭКУ ыкмасын ишке ашыргандар ага макул эмес. Аларга токтолсок:
1-имиш. ЭКУнун жардамы менен бойго бүткөн бала алсыз болот жана дарылоонун жардамысыз өз алдынча ата-эне болууга жөндөмсүз келишет. Атасы менен апасы тукумсуздук менен жабыркагандай эле, бала да жабыркайт дешет. ЭКУ ыкмасы менен биринчи бала мындан отуз жылга жакын убакыт мурун туулган. Ал бойго жетип, 2007-жылы репродуктивдүү технологиянын жардамысыз эле өз алдынча ден соолугу чың бала төрөгөн. Мунун баары баланын ден соолугу чың келечеги бар экенин далилдейт. Бул процедурага ыраазычылык билдирсе болот, анткени ушул учурга чейин үч миллиондой бала жарык дүйнөгө келген. Бул балдар кадимки балдар сыяктуу эле жашап кетишет.
2-имиш. «Пробиркада жаралган бала» ден соолугу алсызыраак болуп, ооруй берет. Эгерде көп жылдык изилдөөлөргө карасак, ЭКУ жолу менен төрөлгөн балдар көп эле ооруй беришпейт.
3-имиш. Акыл-эсинин өнүгүшү жактан артта калат. Бул жерде баары тескерисинче десе болот. Мындай процедуранын жыйынтыгына караганда, ал балдар эрте сүйлөп, эрте басат, адамдар менен бат тил табышып, окууда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшөт. Ал ата-эненин көптөн күткөн баласы болгондуктан ден соолугуна өзгөчө чочулоо менен мамиле кылып, акыл-эсине, физикалык абалына абдан көңүл бурганына байланыштуу болот.
4-имиш. Эгерде ЭКУ процедурасында донор клеткасы колдонулса, анда жубайлардан генетикалык жактан «чоочун» бала туулат. ЭКУ ыкмасы менен бойго бүтүргөн клиниканын адистери донор материалды олуттуу көрсөткүчтөр болгон учурда гана колдонушат. Экстракорпоралдык уруктандырууда да жубайлардын өзүнүн жыныс клеткалары колдонулат. Эгерде аялдын уруктугу жок болсо гана донордук клеткасыз ишке ашпайт. Эркек тукумсуздуктун эң оор түрү менен жабыркаган учурда да ата боло алат. Натыйжалуу ыкма менен анын сперматозоиддери тандалып алынат. Донор жаш, ден соолугу чың, генетикалык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана пайдаланылат.
Жакшы жагы: ЭКУ жолу менен туулган балдар жароокер, акылдуу, өзүнө ишенимдүү болушат. Бул нерсени ата-эненин баланы көп убакыт зарыгып күтүүсү менен байланыштырышат. Ата-эне каалаган, көптөн күткөн, пландалган балага көп көңүл бурат, кам көрөт, эркелетет, жыйынтыгында бала мыкты өнүгүп, бактылуу болуп чоңоёт.
Кесарево жолу менен төрөлгөн баланын өзгөчөлүгү
Ден соолугу:
1. Баланын ден соолугунда да, өнүгүүсүндө да көйгөй болот. Ал тынч уктай албайт, бат-бат кежирленет, ыйлайт. Жакшы сүйлөй албай гиперактивдүү болуп калат.
2. Башка балдарга салыштырмалуу ден соолугунда көйгөйлөр көп болуп турат. Бул эненин оорусуна байланыштуу, аялдын кош бойлуу учурундагы таасиринен улам болушу мүмкүн.
3. Табигый жол менен төрөлгөн наристелердин жашоо жөндөмдүүлүгү мыкты болуп, тез эле ирденип кетишет. Ал эми кесарево менен төрөлгөн балдарда бул табигый процесс жок болгондуктан жашоого көнүүсү кыйыныраак болот.
4. Дем алуу жолунун, пневмония, бронхит оорулары менен көп оорушат. Анткени карындагы суу наристенин өпкөсүнөн толук чыкпай калат. Ал эми табигый төрөттө бала төрөлүү учурунда суюктук өпкөдөн чыгып кетет. Изилдөөлөргө караганда кесарево жолу менен төрөлгөн балдарда астма оорусунун коркунучу 20 пайызга жогору. Айрым маалыматтарга караганда алардын арасында аллергия оорусу менен жабыркагандар да көп.
5. Неврологиялык да көйгөйлөр болушу мүмкүн – жогорку тонус, баштын ичине кан куюлуу, гипоксия, вегетативдик нерв системасынын ишинин бузулушу.
6. Бул балдарда ичегидеги дисбактериоз көп кездешет, ал энесинен ичеги флорасын алууга жакшы мүмкүнчүлүк болбой калганын билдирет. Кесарево жолу менен туулган баланы эмчек эмгенге көндүрүү да кыйынга турат.
7. Кыйынчылыктан коркушат, чечкинсиз болушат, кыйын кырдаалдарда бирөө жардамга келип, аны сактап калышын күтүшөт. Буларда чечим кабыл аларда дайыма көйгөй жаралат.
8. Төрөт учурунда эненин каны сүйүү гормонун бөлүп чыгарат, кесарево жолу менен төрөлгөн бала ал нерсеге ээ боло албай калат. Андыктан өзүн да, айланасындагыларды да сүйүү жөндөмдүүлүгү бузулат.
9. Кесарево жолу менен туулган балада, эне-бала байланышы да бузулат. Анткени анда төрөлөрү менен башка балдар сыяктуу энесинин көкүрөгүнө жатуу мүмкүнчүлүгү жок болот.
10. Булардын тамак сиңирүү жана нерв системасы жетиле элек болот. Андыктан алар ыйлаак жана тынч эмес болушат.
11. Баланы эненин ичинен бат алып койгондуктан кан басымдын өзгөрүшүнө көнө албай калышат. Кош бойлуу учурунда же төрөт учурунда эненин оорусунан улам гипоксия болсо, баланын баш сөөгүнүн кан тамырлары жарылып гематоманы пайда кылат.