kyialkech2016 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 773 (0,27 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (246 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Декабрь 16
- Кароолор:
- 19 531
- Соңку аракети
- 18 Июн 2017 16:18
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Январь 1
- Кызыгуусу:
- Абдан коп
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Апамдын журогундо
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
trabzon11
27 Авг 2020 - 05:29 -
Armin_97
01 Окт 2019 - 23:51 -
Excuse-me
08 Фев 2019 - 17:20 -
sai91kg
20 Ноя 2018 - 17:07 -
Jazdyn_tany
27 Июл 2018 - 12:00 -
Jypara55
28 Июн 2018 - 13:11 -
aizireshka
24 Май 2018 - 18:04 -
Sasha121
01 Май 2018 - 13:40 -
Nurbolot97
29 Янв 2018 - 14:31 -
chyrok
13 Янв 2018 - 12:24
Мен ачкан темалар
-
Орус тилин үйрөнөбүз. (Билгениңер менен бөлүшкүлө)
Жазылган күн: 2 Май 2017
Учурда форумда улам улам эле орус тили тууралуу темалар ачылып келет. Бирок ага зээригебизби же кызыгуу жокбу айтор кыйратып деле эч кимибиз жазбайбыз. Бир жагынан туура, орус тилинин баардык создорун которулуусун жазып чыгуу опол тоодой эмгекти талап кылат. Ал учун баарында эле убакыт жок. Ошентсе да орус тилин оздоштуруп кетуунун жол жобосу, негизги билууго шарт болгон алгачкы кадамдарды жазып койсок. Орус тилин билгендер учун жепженил эле сезилээр, бирок жаны уйрончукторго кичине болсо да жардам болоор.
.
Орус тили дуйнодогу чон деп эсептелген алты тилдин бири катары дуйноодо, жана мурунку постсоветтик олколордун ичинде мааниси жана рольу чон. Орус тили мурунку СССР элдерине, коомдук алдынкы идеяларга, дуйнодогу жана орустун илимий ой пикирлерине, маданий байлыктарына ортоктош болууга жардам берет. Коомдук жана башка иш аракеттин баардык чойролорундо орус тилин билуу зарылдыкка айланууда. Анткени жашоо турмуш улам интернационалдашып барат.
.
Бул теманы атайын орус тилине арнап, орус тилинде суйлошуу учун негизги создуктор жана суроо жоопторду, кенири колдонулуучу соз айкалыштары ж.б жайгаштырып турабыз. Темада материалдар суйлошуудо пикир алушууда коп козголуучу ото зарыл темаларга болуп жайгаштырылат. Ал эми эн акырларында жайгаштырылчуу создук словарь орус тилинде соз байлыкты кобойтууго жардам берет.Ошондой эле фонетикалык жана граматикалык эрежелер б-ча да маалыматтар жайгаштырылат.
-
♥♥♥Арзыбек менен Арзыгүлдүн сүйүүсү.♡♡♡
Жазылган күн: 16 Мар 2017
Кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл турмуш
курууга макул болсо, Кытайга барып жашоого
даярмын, - КРнын Эл артисти А.Бедияров
(маек)
.
Кыргыз элине кеңири белгилүү
мукамдуу обондорду жараткан обончу, ырчы,
КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров быйыл
65 жашын белгилөө алдында турат. Учурда
ырчы бешинчи ырлар жыйнагын чыгаруу
аракетинде.
Ал өзгөчө «Күлгүн жаш» ыры менен эл оозуна
алынып, ал ыры элдик ырга айланган.
Кайталангыс талант ээсинин обондорунда
камтылган каармандары, жашоосу, бүтпөс
дастанга айланган махабаты тууралуу маектешти.
.
- КРнын Эл аристи канча жашынан ырдай
баштады, кантип чыгармачылыкка аралашып
калды?
.
- Мен мектепте окуп жүргөнүмдө 7-8-класстан
тарта музыкага болгон кызыгуум арта
баштаган. Айылдаш агаларымдын аккордеон,
комуз черкенине кызыгып, аларды ээрчип
жүрүп үйрөнгөм. Кызыгуумду байкаган ата-
энем аккордеон сатып берип, кызыгуум ого
бетер арткан. Кичине кезимде көп
ооругандыктан дарыгер болом дечүмүн. Кийин
Бишкек шаарындагы Медициналык институтка
тапшырып, өтпөй калдым. Көгөрүп жүрүп 3
жыл катары менен тапшырдым. 3 жыл тең ал
окуу жайга өтпөй калдым. Баары бир дарыгер
болом деп Жалал-Абад шаарындагы
медициналык окуу жайга тапшырып, окуумду
бүтүрдүм. Окуу жайдагы маданий иш-
чараларга катышып жүрүп, көркөм жетекчи да
болдум.
1994-1995-жылдары Алымкан Эгембаеванын
«Эне тилеги» деген ырына обон чыгардым,
андан кийин эле 4-5 ырга обон жаратып,
чыгармачылыкта тушоом кесилди. Ал учурда
Ош телеберүүсү бар болчу, алар менин
ырымды элге жарыя кылышты. «Күлгүн жаш»
деген ырымды эл жакшы кабыл алды. Элге
Сузак маданият бөлүмүндө ырдап жүргөндө
жетти. Ырларым Саламат Садыковага жетип,
ал бүтүндөй кыргыз журтчулугуна жеткирди.
Андан кийин Динара Акулова ырдап чыкты.
Ошентип обондорум элге сиңди.
«Күлгүн жаш» ырымды эл жакшы кабыл алып
жатканда Сузактагы Карл Маркс деген
мектепте катардагы мугалим болуп иштеп
жүргөм. Аталган мектептин директору
К.Эрматов мектепке дарыгер, мугалим да
керек экенин айтып, мага шарт түзүп берген.
17 жыл үй-бүлөм менен иштедим. Ырларым
элге таанылып, өзүм мугалим болуп жүргөн
мезгилде акын, дастанчы Ж.Алыбаевдин кеп-
кеңеши менен шаарга келип, чыгармачылыкка
кириштим. Кыргыз элине белгилүү болгон
Шахра Талипова, Н.Койчуманова, А.Эшбаева,
Г.Өмүрзакова, Кутман Жолдошов, Базарбай
Мадумаров сыяктуу чыгармачыл адамдардан
куралган «Күлгүн жаш» фольклордук
эстрадалык топ түзүлдү. Ушулар менин
чыгармачылыкка баш байлаган обондорумду
жумурай журтка жеткирди. Мындай ырчылар
бар үчүн мен ырдаган эмесмин.
Шакирттеримдин, санаалаштарымдын
түрткүлөөсү менен 2004-жылдан тарта өзүм
ырдап калдым. Өзүм 20дай ырымды ырдап
жүрөм.
.
- Кайсыл акындар менен иштешесиз?
.
- Өзүмдүн ырларымды, ырларга чыккан
обондорду кошкондо 150дөй чыгарма болуп
калды. Негизинен Н.Алымбеков, Э.Ибраев,
Абдисатаров, Б.Карагулова, С.Стамбеков,
А.Бегимкулова сыяктуу акындардын
ырларына обон чыгарам.
.
- Арзыбек мырза, эми ырлардын
каармандары боюнча айтып берсеңиз?
.
- Алгачкы жолу «Эне тилеги» деген ырга
жараткан обонум ак сүтүн берип чоңойткон өз
энеме арналган. «Туулган жерим», «Издерим
калды сенде» деген ырлар өзүм өскөн Сузак
районундагы Кызыл-Сеңир айылына
багышталган. Негизинен менде сүйүү темасы
басымдуу. Чыгармачыл адамдын сүйүп
турганы жакшы, себеби көп чыгарма жаралат.
Ыр каармандарына болгон жагымдуу
учурларды, ашыктык сезимдерден толгонуп
жаралган да. Каармандардын ысымдары
сезимде эле кала берсин, алар да үй-бүлө
күтүп калышкан. Негизи менин ырларымда
4-5 каарман бар, аларга экиден, бештен
ырларды, обондорду жараттым. Арасынан
бүгүнкү күнгө чейин далай обондорду
жаратуудан чарчабаган кытайлык кыргыз
кызы да бар.
.
- Сиз кытайлык кыргыз кызы Арзыгүлдүн
ысымын көп жерде айтып жүрөсүз. Ал кызга
болгон ашыктык сезимиңиз бар чыгар?
.
- Ооба, каармандардын ичинен Арзыгүл Турган
кызына арнаган ырларым көп. 2004-жылдан
эле менин ырымдын нугу кытайлык кыргыз
кызына бурулган. Ондон ашуун ырлардын
каарманы ошол.
http://static.[moder. ..8e0ebfe5631.jpg
- Чындап эле жүрөгүңүздү ээлеп алган го..
.
- Ооба (күлүп), ал кыз жүрөктө жашап
калганы үчүн 2004-жылдан бери ошол кызга
арнап көп ырларды жазып жүрөм. Сезимде
жашап жүргөн каарман болду. Өкүнүч, арман
менен жашап жүрөбүз. Экөөбүз турмуш куруп
жашай албайбыз, ал көкүрөктө гана жашайт.
Арзыгүл 2003-жылы менин
чыгармачылыгымды сыйлай турганын,
ырларымды аткарып жүргөнүн билдирип,
Кытайдан өзүнүн ырдаган клиптерин кошуп,
кат жазып салып жибериптир. Ошентип
байланыш түзүлүп калды. Бийик жерде туруп
ырдаган жери бар экен, түшүмдө ал экөөбүз
ошол бийиктикте туруптурбуз. Ошондон улам
«Түшүмө кирдиң түндө сен» деп ырдап
чыктым. Тойлордо анын сүрөтүн көрсөтүп,
ырдап жүрүп эл деле билди. Арзыгүл өзү да
бул ырды Кытайда ырдап жүрдү. Кытайлык
кыргыздар «ушул ырыңды Арзыгүл
ырдагандан кийин 2-3 тепкичке көтөрүлдү»
деп айтып жүрүштү. 2004-жылы бизге Кытай
мамлекетинен чакыруу келип калды. Күйүп-
жанган биздин чыгармачыл топ Кытайга
барып, 27 күн жүрдүк. Биз Порт-Артур
шаарында болдук. Арзыгүл Үрүмчү шаарында
экен, бизге келгенге убактысы болгон жок.
Айрымдары намысы жол бербей жатат окшойт
дешти. Ал жакта Нуртокто Дубаналы деген
акын жигит бар. Бир күнү «Өмүрлөш болсоң
кара жан» деген ырын көтөрүп келиптир, ага
обон жараттым, ага да келген жок. Андан
кийин ал жигит «Таарындым сага бул ирет»
деп ыр жазды, ага да обон жаратып, ошентип
таарынып келе бердим. Анын да иши бар да.
Кийин байланышып жүрдүк.
2008-жылы ал кайрадан Кытайга бизди
чакырды, бирок бара алган жокпуз. 2010-
жылы май, июнь айларына аларды чакырып
жатканымда бизде кайгылуу кырдаал болуп
кетти. Ошентип жүрүп 2011-жылы
Кыргызстанга биринчи жолу Арзыгүл келди.
Жалал-Абад, Ош шаарларында биргеликте
концерт койдук. 2012-жылы 60 жашка
толгонумда чакырсам келди. Анда да чоң
программадагы концертти элге тартууладык.
Өзүмдүн үйүмдө жүрдү, жубайым чыгармачыл
адам катары мени туура түшүнөт.
Чыгармачыл адам сүйүп турбаса күчтүү, элге
жеткиликтүү чыгарма жаралбайт. Жубайым
«ашык болсоң бол, бирок кетип калба» дейт.
Үй-бүлөм, балдарым, неберелерим бар. Эки
мамлекеттин жашоосу эки башка,
менталитетибиз башка эмеспи. Ошондой эле,
ал менден 25 жашка кичүү, үй-бүлө күтө элек
бойдок кыз, менин жашым болсо 65ти таяп
калды.
http://static.[moder. ..79226deca55.jpg
- Ал кыз сизге турмушка чыгууга макул болуп
калса кандай кадамга барасыз?
.
- Бул нерсе жашоодо чындыкка айланышы
кыйын. Ага деле балким жагаттырмын, ким
билет. Өткөндө байланышып, «түшүмдө жаңы
пальто кийип алыптырсыз» деди. Анын түшүнө
кире баштасам, эми башка нукка бурулат
окшойт го деп жүрөмүн. Арзыгүл менде көңүлү
болуп, турмуш курууга макул болсо балким
Кытайга барып, жашоого деле макул болсом
керек. Албетте, үй-бүлөмдү калтырбайм,
аларды кем кылбай, каралашып турмакмын
да. Экөөбүздүн жашыбыз тең өйдөлөп жатат.
Арзыгүл биринчи келгенде да көбү үйлөнүп
албайсыңбы дегендер болду, мен тамаша
иретинде «баары али алдыда» деп күлүп коюп
жүрөм. Канчалык алоолонуп күйүп, өрттөнгөн
сайын жакшы чыгармалар жаралат. Бул кыз
менин чыгармачылымды байыткан инсан
болуп кала берет.
.
- Биздин жигиттердин бирөөсүнө турмушка
чыгып калса кантесиз?
.
- Мен ашык болуп жүрсөм, башкасы алып алса
кандай болот? Анда мен кантип жашайм
(күлүп)? Багы ачылып калса жакшы, бирок
менин айылыма эмес, биздин облуста дагы
болбошу керек. Биздин турмуш шартка
көнөбү, маселе ошондо болууда. Ал мени
чыгармачыл адам катары тааныйт. Быйыл 65
жашымды белгилеп, чоң программадагы
концерт коюуну пландап жатам. Арзыгүл
мүмкүнчүлүгү болсо келе турганын айтууда.
-
Интернеттен байыйм десең, анда...
Жазылган күн: 11 Мар 2017
Салам жалпы интернет суйуучулор.
Айтайын дегеним, учурда интернет желесинде ушунчалык толуп кетти "интернетте акча тап" деген шилтемелер. Мындай ойлонуп коргулочу, интернетке кирип кнопка баскылап отура бергенге эле кунуно 1000-5000толой берсе ошол сайттар, алардын жаны калабы? Эгер ушунчалык эле аларга шилтеме таркатуу керек болсо бир сайтка он адамды жумушка алып айлык толоп 100минден отургузуп коюшбайт беле "туну куну ушул сайттан чыкпай шилтеме таратып олтур ар кайсы сайттарга" деп. Ошентсе 100мин толосо олурат эле ошол ишке алган адамдар эч жака жылбай.
Реалдуу жашоодо эртеден кечке физически да психически да куч сарптап тытынып иштеген кара жумушчубу таза жумушчубу, мугалимби окумуштуубу таппайт ошол интернеттеги жомок акчаны саатына 5000рбльду. Анан кантип эле оюнда иштеп жатам деп туну куну интернет чукуп олтурган, оюнда эч нерсе жок, же кандайдыр планы жок кнопканы баскылап олтурган адамга саатына миндеген акчалар асмандан тушуп турмакбы?
Туура интернетте акча тапса болот.
.
Бирок ошол алдамчылар убадалагандай эмес секундуна акча жаабайт эч качан. Кантип тапсан болот? Мисалы озун сайт ачып сайтындын рейтингин которуп популярдуу кыла алсан жарнамаларды жайгаштырып акча табасын. Кандайдыр товарды же компанияны жарнамалап ошолордон акча аласын.
Же болбосом социалдык тармактарда жылдызга айланып, сага жазылган достордун саны 100миндеген болсо, сага лайк баскандар коп болсо ошонун артынан да жарнамаларды жарнамалап акча тапсан болот. Канча табышын сенин жарнама беруучу тарап мн келишимине карайт.
.
Же болбосом Ю.т.юбдан канал ачып ал аркылуу акча тапсан болот.
Албетте кандай багытта болбосун чон эмгек, фантазия, изденуу керек озунду же сайтынды таанытуу учун.
Алдамчылар убадалагандай клавиша баскылап кирип чыгып журо бербейсин.
Алдамчы шилтемелерге убакыт кетирип бекер эле зыянга учурабагыла демекчимин. -
Исландия кыздарына үйлөнсөң айына 5000€ берет экен
Жазылган күн: 3 Янв 2017
Жигиттер бул тема силер үчүн. Эгер Исландия өлкөсүнө барып, ал жактын кыздарына үйлөнүп, жакшы бай Европа өлкөсүндө жашагыңар келсе каалоочулар Исландия кыздарына үйлөнгүлө, да айына 5миң евро алып байып кеткиле. Бул жакшы мумкунчулук.
Туура кээ бирлер намыс деп чыгышат. А бирок кур намыстын кереги эмне? Орусияга барып болбогон акчанын айынан өзүнөн 15-25-жаш чоң апаңар тендуу аялдарга кошулуп жашап алгандан коро жакшы нерсе. Кыздар чет олкого тийип кетишти ж.б деп олтургандан коро силер да чет олкодон бактынарды тапкыла.
.
Исландия будет платить 5000 евро в месяц иммигрантам, которые женятся на Исландских девушек.
.
В Исландии катастрофическая демографическая
ситуация – женщин здесь практически в два раза
больше, чем мужчин.
Понимая, что такими темпами остров скоро
превратится в царство амазонок, правительство
Исландии приняло решение выплачивать по 5000 евро
каждому иммигранту, который возьмет в жены
местную девушку.
.
Отметим, что коренных исландских мужчин трудно
привлечь таким предложением, ведь средняя зарплата
здесь составляет 10 800 евро и вступать брак еще ради
5000 никто не горит желанием.
Кроме этого, по данной программе подразумевается
автоматическое получение гражданства. Так что, если
Вы мужчина и у Вас есть желание перебраться жить в
богатую страну и найти себе там роскошную исландку –
дерзайте!
. -
Өмүрүмдөгү эң трагедиялуу сүйүүм.
Жазылган күн: 23 Дек 2016
Студенттик күндөр аяктап, мен да башкаларга окшоп кайсы бир мекемеден иш таап туруктуу иштеп кетүүнү эңседим. Бирок жумуш табуу оңойго турбады. Жумуш жакса маянасынын аздыгы мага жакбайт, маянасы жакса жумуш жакбайт же кабыл албайт. Айтор издештирип отуруп бир жерге жумушка орноштум, маянасы көп болбосо да аз эмес орточо. Жумушка кесибим туура келбесе да өзүмдүн кызыгуум менен өздөштүрүп кеттим. Окшош күндөр өтүп жатты, жумуш үй, үй жумуш окшош көчөдогү багыттар. Күз айлары айлана сапсары тон кийип алгандай. Мээлүүн соккон желге шуулдаган жалбырактар, желбиреп дарактардан үзүлүп жерге карай түбөлүк уйкуга камынган жалбырактар. Күндө жумуштан чыгып атайын паркка кирип жарым саат бир саат ойлонуп олтурмай, таттуу кыялдарга батмай адат эле. Бөйпөндөп ата-энесинин колун кармап бараткан оюнда жамандык жок жаш балдар, бири бирин колун кармап, жетелешип бараткан таттуу сүйүүгө берилген жаштарды, кайыр сурап бараткан кундо корчуу аялды, ар кандай адамдарды карап отуруп кээ бирөөнө бооруң ооруса, кай бирөөлөргө суктанып дегендей.
Ушундай окшош күндөрдүн биринде адаттагыдай өз жумуш оордумда отурам. Аңгыча эки кыз кирип келди...
Комментарийлер
kyialkech2016 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?