jumaijanym Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 69 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (19 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Июнь 14
- Кароолор:
- 6 030
- Соңку аракети
- 03 Ноя 2016 14:03
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Апрель 28
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапары.
Жазылган күн: 17 Мар 2015
Атамбаевдин Молдовага сапары суроо жаратты
Жарыяланган учуру: 17.03.2015
Айданбек Акмат уулу
Алмазбек Атамбаев, "Манас" аба майданында. 15-май, 2012-жыл
Жекшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга сапарынын алдында Кишиневде болгону тастыкталды. Бул жашыруун сапар түрдүү ойлорду жаратты.
Молдова олигархынын менчик учагы менен кыргыз президенти Молдова борборуна барышы түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда. Оппозиция президенттин сапары тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылды.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 15-мартта Санкт-Петербургга жөнөп кеткени расмий түрдө кабарланган. Орусиянын экинчи борборуна сапар өтө чукул жана даярдыксыз жасалганы да маалым. Мына ошол сапарында Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербугга эле эмес, Молдовага да бейрасмий сапар менен барып келгени тастыкталып жатат.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санкт-Петербург, 16-март, 2015
Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков бул маалыматтарга жооп берип жатып, “Азырынча Алмазбек Атамбаевдин Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусуна комментарий берүү мезгили келе элек. Бирок президенттин бардык ишмердүүлүгү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына байлангандай эле бул сапары да улуттук кызыкчылыкка багытталган. Бул акыры келип эл аралык аренада кыргыз мамлекетинин аброюн көтөрөрүнө ишенем” деп билдирген.
Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Алмазбек Атамбаев Кишиневго жекшемби күнү Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка таандык "Нобил эйр" компаниясынын "Эмбраер легаси 650" учагы менен келип конгон. Молдовада Атамбаев ишкер, депутат Владимир Плахотнюк менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Башка расмий адамдардын бири менен да жолугушкан эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков президент менчик учак менен учуп, жашыруун сүйлөшүүлөр жүргүздү деп сынга алды:
Равшан Жээнбеков
- Мурда бизде Бирштейн деген адам кайра-кайра жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүп, ошонун азабынан азыркыга чейин кутула албай Кумтөр биздин мамлекеттин чекесине чыккан чыйкан болду. Азыр дагы кандайдыр бир деңгээлде ошондой окуя кайталанып жатат. Президент Атамбаев кайсы бир чет өлкөлүк компаниянын менчик учагы менен учту. Экинчиден, ошол чет элдик компаниянын учагы менен учуп барып, жашыруун түрдө чет элдик олигарх менен жашыруун сүйлөшүү жүргүздү. Бул эгемендүү мамлекеттин президентине кадыр-барк алып келе турган нерсе эмес.
Равшан Жээнбеков ал менчик учактын акысын ким төлөгөнү, Кишеновдо эмне жөнүндө сүйлөшүү болгону ачыкка чыгышы керек деген талапты кошумчалады.
Владимир Плахотнюк
Алмазбек Атамбаев Кишиневдо жашыруун сүйлөшкөн Молдова олигархы Владимир Плахотнюк тууралуу молдовалык эксперт Игорь Боцан “Азаттыкка” буларды айтып берди:
- Анын эмне менен алектенгенин айтуу кыйын. Бирок ал Молдова республикасында өтө таасирлүү адамдардын бири. Ал эмне жасабасын көшөгө артынан жасайт. Анткени ал жөнөкөй депутат. Ага жарандардын 90% ишенбейт. Ал Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал бул партияны каржылай баштагандан кийин партия 15% добуш алды. Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча Плахотнюк коррупциялык рычагдар аркылуу Молдовада баарын көзөмөлдөп турат. Көшөгө артынан сот системасын да, банк системасын да, бийликтеги адамдарды да көзөмөлдөп турат деген имиштер Молдованы каптап жүрөт.
Игорь Боцан Алмазбек Атамбаевдин Плахотнюк менен жолугушуусундагы сүйлөшүүлөр тууралуу ачык маалымат жок болгондуктан, Молдовада да ар кандай божомолдор жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бирине ылайык, Плахотнюк Атамбаев аркылуу орус президенти Владимир Путинге кандайдыр бир кат жөнөттү. Экинчиси - банк тармагында кызматташуу боюнча сөз болду.
Кыргызстандын атайын кызматтарынын генералы Артур Медетбеков президент Алмазбек Атамбаевдин менчик учакта учушунун өзү калпыс көрүнүш деп атады:
Артур Медетбеков
- Коопсуздук жагынан алганда бул абдан чоң ката жана туура эмес. Президент эч качан ишкердин, ал гана эмес башка президенттердин учагына түшпөшү керек. Өзүнүн коопсуздугун сакташы зарыл. Экинчиден, ким менен сүйлөшүү өзүнүн иши, бирок улуттук кызыкчылык, экономикалык жагынан алганда бул чоң бүдөмүк ойлорду жаратып турат.
Артур Медетбеков мурунку президенттер тушунда Бирштейн, Левитин, Березовский сыяктуу адамдардын жең ичинен көмүскө сүйлөшүүлөрү Кыргызстанга абдан чоң зыян алып келгенин эске салды. Ал ошондой эле Молдова олигархы Плахотнюктун Кыргызстанда кен, паспорт сыяктуу документтерди чыгарууда кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн белгиледи.
Молдова республикасында саясий күчтөрдүн арасында кайсы багытта өнүгүү боюнча айыгышкан күрөш жүрүп келатат. Алардын бир тарабы Европага, Румынияга ыктаса, экинчи тарабы Орусия башында турган Бажы биримдигине тартып турат. Жакында эле болгон парламенттик шайлоодон кийин европачыл партиялар коалициялык көпчүлүктү түзүп, өкмөттү кураган. Бирок орусиячыл партиялар да жөн жаткан жери жок. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапарын Евразия аймагындагы интеграциялык жараяндардын тартып, жеке ишкерликке чейин байланыштырууга болот.
Тектеш макалалар Кыргызстан
13 Comments
Шеринеге пикир билдирүү
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 15:59
Молдованын президенти тосуп албаса же суйлошпосо анда эле абийирдин кеткени... бул биринчиден, экинчиден менин оюмча Путиндин тапшырмасы менен барып посредничество болуп атат...
Жаналы
Март 17, 2015 15:34
Мунун артында биздин кызыкчылык жок,орус падышасына кол бергени баратып,анын амирисиз жарым жолдо"шыпырылбаган" жерге конбойт эле, бул "эки баштуу" герб ээсинин тапшырыгы ,тагыраагы Молдованын орус тилдуу аймактарындагы кызыкчылыктарына барып такалат. Show less
Тимур каяктан: Бишкек
Март 17, 2015 14:18
Тангору, бир жылда мамлекетте аркандай тармактар бойунча, минден ашык суйлошуулор болот. Бирок бироосунонда жыйнтык, же жылыш жок. Суйлошту, же суйлошот дейт, кыпындай да пайдасы жок, и ишке ашпайт. Ахмактар тажататтурган болушту куру создору менен... Show less
анатолий ли каяктан: остров
Март 17, 2015 13:41
Бул озу мамлекетте президентпи ким озу,бир убакта Келдибеков дем алыш куну Дубайга учуп барып келсе Текебаев айтып чыккан эле,жогорку мамлекеттик жетекчилердин иштери ачык болсун деп,анкени шектенуу болгон Колбаевге барып жолугуп келди деген.Улуу-урматтуу Омурбек Чиркешович, эми эмне болот Аша бир ишкердин учагына тушуп барып жатса(мамлекеттики эмес).Келдибековдой ушуну которуп чыга аласызбы,жашыруун эмнени суйлошту,жок дегенде бир билдируу (отставка эмес как Келдибековдой) менен чыга аласызбы,же озунуз айткандай Ош шаары озунчо сицилияга айланды дегендей,бийликте да озунчо сицилия болубаткан жокпу.Анткени бир мисал Батукаев маселесинде Ата-Мекен элге куйумуш болуп корунсо да Аша менен Саляновага кир жугузган жоксунар,айланайын Текебаев парламентте эртен ушуну которуп озунду бир корсотчу. Show less
макс
Март 17, 2015 12:43
,боло берет турмушта особенно кыргызга деген принцип менен жашайт АША
Бек каяктан: Ош
Март 17, 2015 12:13
Эл жеринин камын коруп ,келечек учун маанилуу иштер м-н жургон адамдарыбызга кудайым куч-кубат берсин.
сагын
Март 17, 2015 12:08
Бул сапар Кыргызстандын эл аралык денгээлде кадыр баркынын жогорулашына туртку болот. Себеби, Орустар Мен Молдовиянын мамилеси азыркы учурда ото оор аыбалда. булардын ортосуна Кыргызстан ортомчу болуп, экоонун мамилесинин жакшырышына салым кошкону бул эн жакшы иш. бул бир гана кыргызстанга аброй алып келет. Ал эми 10 кун боюу эч ким менен жолукпай журуп, биздин президент менен Путиндин жолугуп жатканы да, биздин президенттин кадыр баркынан кабар берет. Show less
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 11:51
АША президент эмей эле оз кызыкчылыгын коздогон олигарх. Же созго же ишке жок....
Омар
Март 17, 2015 11:14
Равшан Жээнбеков сен эмнеге ушунчалык,кыргыз элине душмансың. АКШ сура деп атабы,АША Кишиневко эмнеге барганын? АША кыргыздын кызыкчылыгы м-н барганына биз ишенебиз. Ал эми сен АКШга кыргыз үчүн баганыңа ишенбейбиз. Ташкентке элиңе газ бербей,кемсинтип аткан,мамлекетке, кайсыл бетиң м-н барганыңа түшүнбөйбүз. АША жаман ой м-н,өзү үчүн Кишиневко барбаса керек. Ошону эмнеге барганы сага эмес батышка керек. Ошону үчүн секрет десе дагы болбой. Айткын ачык деп доогурунуп атасыңар. Күмтөр болбойт коркпо. АША эле туура эмес жолдо баратса. Мен мен деген эл патриттору парлламенте олтурат. Кымбаттуу Равшан мырза кичине болсо дагы элиңди ойлосоң боло. Сага 2000-2010 жыл жок. Эл түшүнгөн. АКШга кичине мен КР кызыкчылыгын сатпайм деп,койсоң боло кудай үчүн. Таластыктар кыргыз элим дегенде,жата калып өлүп берчи эле. Сен кайдан чыктың экен. Show less
Аты-жөнү жазылбаган
Март 17, 2015 10:59
Атамбаевде иши болсо олигарх озу келбейби Кыргызстанга, Аша ал жака акажан бизге эмне кызмат бар деп озу кулдук уруп барышы президенттин иши эмес Ашанын аброю калбай баратат
Молдовандын тууганы каяктан: Кишинев
Март 17, 2015 10:43
В начале 2013 года, Премьер-министр Молдовы Владимир Филат утверждал что Плахотнюк получил должность первого вице-председателя парламента, имея за спиной офшорные фирмы, украденные деньги и преступления, за которые он ответит. Show less
Комментарийлер
jumaijanym ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?