- (227 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1 03 Февраль 2009 - 06:00
сузбу,жамакчысызбы, ж
е жон эле ырга шыктуусузбу, кокурогу
нуздо ырыныз кайнап оргуштап батпай атса,ушул жакка келип тогунуз.Оюн эрежеси кадимки эле айтыштыкындай. Кана анда баштай бергиле...
#2 03 Февраль 2009 - 13:10
Алыстан айтам саламды.
Ордолуу элим аманбы.
Баарына айтам саламды.
Айтышаарга жоо тапбай,
Тирешээрге зоо тапбай,
Турганга айтам саламды,
Эл журт түгөл аманбы?
Талантын эл бааласын,
Атын чыгып даңк алгын.
Мыкты деп чыккан сөзмөргө ,,
Үстүнө чекен жабылсын,
Онорун менен баалангын,
Эл уулу деп батаа алгын.
Баштайлы анда сынакты,
Ордого кимдер чыкмакчы.
Моорун болсо тилинде,
Соолун болсо козундо
Чымынын ойноок бар болсо,
Чыга кал турбай ортого.
Кана баштадык анда мен билек түрүп чыга калдым
#3 03 Февраль 2009 - 16:13
#4 03 Февраль 2009 - 21:14
Комуздун кылын сыдырдым.
Ойлордун издеп асылын,
Форумдун баарын кыдырдым,
Акыры келип «Супер»ге,
Жолоочу болуп тыгылдым…
Ассалому алейкум,
Оргуштатып ыр жазган,
Акын достор аманбы,
Уйкаштык менен жамакка,
Жакын достор аманбы.
Юзер, бузер, модер…лер,
Жалпына айтам саламды!
Комокъйдо ыр болсо,
Коодондон аны тоголу.
Комускодо сыр болсо,
Копчулук менен бололу.
Татттуу создон айткыла,
Уккан кулак суйунсун.
Тамашаны салгыла,
Каткырып ой-да кулушсун.
Урунттуу создон жазгыла,
Унутпай эстеп журушсун…
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 03 Февраль 2009 - 21:16
#5 03 Февраль 2009 - 21:19
Четте карап турбайын
Жакшы создон кеп баштап
Жаман жакка бурбайын.
Адегенде шашпастан
Саламдашып алайын.
Форумда чыккан айтышка
Саламды сага айтайын.
Ата салтын улаган
Берметтен созду кураган
Бул айтышка форумда
Чыгат го дейм коп адам.
Кыргыз учун куйомун
Эл жеримди суйомун. Жаны жылдын алдынан
Мен каттоодон отконмун
Анчамынча чиймелеп
Жакшы создон термелеп
Аранарда журомун.
Бололекмин токмо акын
Токмомун деп мактансам
Болуп калам го "опко" акын.
Кумар алган айтыштан
Акындар менен айтышкан
Жакшы соз менен чабышкан
Жакшылыкка жабышкан
СССР мен болом.
Кыйшайганды тузоткон
Бузулганды ондогон
СССР мен болом.
Майин создон баштаган
Бура суйлоп какпаган
СССР мен болом.
Чабыттап оюм-тилегим
Болсом дейм журттун тилеги.
Озумду эле мактабай
Алымсабак кезегин
Кийинки чыкчу акынга
Кезегимди берейин..,
#6 03 Февраль 2009 - 21:59
Уюткулуу журтумда.
"Кыйшык отуруп, туз кенеш" деп.
Айтылбас эл оозунда.
Мен жокмун токмо жагына,
Жактырам жамак салганга.
Созго созду кынасан.
Уйкашат созун ырында.
Нигинди болсо Жека деп,
Оз атын болсо Жаныбек,
Мактадын жакшы озунду,
"Айткан созго бекмин" деп.
Коро жаттык аны да,
Уккун досум мындай кеп.
Саламдашуу салт гой кыргыз элде.
Же сенде тартип жокбу берген эне?
Коркутуп сурмолукко салба Жаке.
Менде да бар сенде болгон нерсе.
Айтыштын кылып жобосун,
Озунду айтып отупсун,
Тенине албай башканы,,
Мени алжыган чалдай корупсун.
Карабай суйлоп оозуна,
Аалжыпсын оюн башында
Эми чыкса менден кеп.
Менден досум таарынба.
Асылдын Жаке атыма?
Озунду сезип башкача,
Ууз суттуу бобок экенсин,
Эбин барда этегинди калкала.
Токтогул менен Барпы агам.
Буюрса ошолордун жолун басам.
Журтумдун коксогон уулу болуп.
Эл кулуну деп кыргыздан бата алсам.
Келжирейсин коомду козго илбей,
Кыйынсыйсын колундан бок да келбей.
Ээ-эй таарынба балакай озундон кор.
Баш кесмек бар бирок жок тилди кесмей.
____________________
__________________
Атына заты келип Анара айым,,
Айтышам деп колунда комуз дайын.
Ар бирине сын берип кыска нуска,
Форумдан чыккан биздин мырза айым.
Комузун дынгыратып vais келген.
Дангыр жолду айтышам деп басып эчен.
Созго созду кынаштырып кепке чечен.
Бул да болсо биздин мырза эрен.
PS: Тамашаны туура тушунмой. Адамдык укук абийрлерге шек келтире турган создорду жазууга уруксат жок. Алга анда чечендер!
Билдирүүнү түзөткөн: Prince: 03 Февраль 2009 - 22:00
#7 03 Февраль 2009 - 22:51
Кеп учугун жылдырдым,
Айтышам деген досторду
Угууга мен да дилгирмин.
Адегенде аз суйлоп,
Озумдун жайым билдирдим..
СССР досум тема ачып,
Чон айтышты баштаптыр.
Узулгонду улайм деп,
Ортого ураан таштаптыр.
Эл жер учун куйом деп,
Кетменди узун саптаптыр.
Келтире суйлоп кыйла соз
Кеп озогун баптаптыр.
Жакшы соз менен жыланды,
Чыгарам дейт ийинден.
Жаман айтпай жигиттер,
Чыкпай жур дейт чийинден.
Чан чыкса да тилингден,
Чан чыкпасын кийимден...
Айтышка кирген жигиттер,
Биринерден бирин Эр.
Сагызгандай шакылдап,
Сайрап турсун тилинер.
Шерменде кылбай элиме,
Колдоп турсун пиринер.
дынгыр-дынгыр, дынгыр дынг...
анда эмесе туугандар, ат тезегин кургатпай
айтышты ары жылдыргын...
#8 03 Февраль 2009 - 23:46
Ырдын минген жоргосун
"дынгыр,дынгыр" чертесин
Колуна кармап комузун.
Орго чаап барасын
Онордун минип жоргосун.
Айтыш онор жагынан
Алымкул атан колдосун
Жамактап айткан жагынан
Женижок ата колдосун.
Тогуп айткан жагынан
Токтогул атан колдосун.
Узун-узун кеп айтат
Бура баспай туура айтат
Токмолукту уйроткон
Турган жерден шыр токкон
Вайстын баскан изинен
Жалбырак эмес ыр оскон
Мен эми сенин жанында
Болуп турам колокон....
Принц жана Жека,Аечка
Вайс алтообуздан башка
Супер.kg форумда
Чыгабы акын айтышка?
#9 04 Февраль 2009 - 10:38
Вайс алтообуздан башка
Супер.kg форумда
Чыгабы акын айтышка?
Салам айтам жалпына.
Алды жакта айтышып кеткен акындарыма.
СССР досум жакшы тема ачыпсын.
Чачылганды курайм деп
Узулгонду улайм деп.
Форумдан чыккан акындардын.
таланттын сен баалайм деп.
Принс досум айтыпсын.
Колдосо арбагы улуу акындан.
Боломун деп чон акын.
Тилегине жете кор
Кызгызды дуйного тааныткан.
Намысын бекем сактаган
Улуу акын бологор.
Жаныбек деген акын бар.
Башканын албай тенине
Мактанчаактык жайы бар.
Алым сабак айтыштын
Жол жолбосун уйроткон жайын бар
Жапжаш турган Принсти.
Чалган тенеп койгон жайын бар
Жоке мындай кылганын уятко.
Эми Жоке Анара деген сулууну.
Тенеп салбагын
Каарып бырыш басакан кемпирге.
Анте берсен Жоке дос
Акындардын баарысы
Жалпылап сага асылат.
СССР досум айтыпсын.
Алтообуздан башка
Барбы деп акын айтышка
Жетинин бир кыдыр деп.
Жетинчи болуп кирдим айтышка
Кыргызымда акын коп.
Алым сабак айтышка.
Ыбрайдын ырчы уулу Токтогул
Барбы акындар.
Санасан жетбейт санагын
Кыргыздан чыккан акынга.
Бир эки ооз соз айтайын
Эми озум жонундо
Атым менин Эдил
Торолгом Талас жеринен
Боломун Манас элинен.
болбосомда Манастай
Болсомдейм акын Атайдай.
Кечиргиле акындар
Курган убакыт менде тар экен
Берейин эми кесекти
Кийинки келген акынга
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери
#10 04 Февраль 2009 - 11:38
Калайык журт, калкыма
Турмок турмок ыр жазган
Айтышка чыккан акындарга
Келип калдым саксайып
Оймону бутуп антарып
Акындардын айтышына
Мен дагы туштум чамданып
Баштайын созду озумдон
Боломун Кетмен Тобо ороонунон
Акындарга байыткан,
Жарыкты беген калкыма
Туулгам Токтогул шаарчасында
Жолун жолдоп бабалардын
Чертемин комуз аспабын
Ырдаймын кыргыз ырларын
Жазамын журок сырдарын
Мактай бербей озумду
Берейин кезекти кийинкиге... ........
......
#11 04 Февраль 2009 - 12:25
#12 04 Февраль 2009 - 20:35
Мына эми башталды
Кызыктырып далайын
Форумдагы жаштарды.
Жакшы создон келтирип
Кыздар катуу баштады.
Ийги тилек,ой менен
Жакшы ишти баштадык.
Акындыкты которуп
Жалпыбыз ураан таштадык.
"Автомат" деп данк алган
Женишбек акын эмеспиз
Турган жерден ыр токкон
Тууганбай акын эмеспиз.
Жети кун тынбай ырдган
Женижок акын эмеспиз.
"Гозал кыз" деп сыздаган
Барпы акын эмеспиз.
Шиберден бери жоо баскан
Токтогул акын эмеспиз.
Канча аракет кылсак да
Эми биз аларга жетпейбиз.
Онорунуз орго чаап
Талантыныз ташкындап
Таамай суйлоп турсаныз
Мумкун сиз да жетээрсиз.
Акын айтыш онору
Аталардан калган салт
Аны улаш кадырлап
Жаны муун,бизге-шарт.
Бабалар раазы болсун деп
Жакшылап ырдан тоголу.
Чукубай быкый-чыкыйды
Салмактуу создон терели.
Жаштарга насаат болсун деп
Айталы санат-термени
Комокойдо ыры бар
Кокурокто шыгы бар
Акындар баарын кел бери.
Тамаша кылган эл-журтка
Тамшана ырдап берели.
Кымбатым кыргыз калкымда
Аз эмес,акын коп откон.
Биримдик учун,кут учун
Той,аштарда ыр токкон.
Курдолдуу кыргыз калкымдын
Азыр да уучу куру эмес.
Ашыраалы,Тууганбай
(жандары болсун жаннаттан)
Элмирбек менен Амантай
Замирбек менен Эстебес
Женишбек бар женилбес.
Кулук чыкчу кунандар
Азамат менен Аалы бар.
Форумдагы баарынар
Жумурай журт жалпынар
Жашы менен карынар
Кезекти мен да берейин
"Ыр кесени" кабыл ал........
#13 05 Февраль 2009 - 22:03
Акын досум аманбы?
алды менен озуно
Айтайын ырдап саламды
асмансынбы, жабагым.
созум ук менин каралдым
табышмак бугун узатам
Чечмелеп айткын ардагым:
Адамзмат пендеси
Суйгон нуру ким болот?
асман менен закымдап.
Жургон нуру ким болот?
Арасында мунарык
Кирген нуру ким болот?
Асман жерди жаркыткан
Ачык нуру ким болот?
Асман жерди буркогон
Сасык нуру ким болот?
Жан буткондун баарысын
Тазалаган ким болот?
Жарды дебей,бай дебей
Жабыр кылган ким болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей
Турган нуру ким болот?
Анардын тапта домогун
Менин атым Анар кыз
Ченеп мага жологун.
#14 05 Февраль 2009 - 23:22
Катуу чыкты ырыныз
Табышмак айтып сиз бизге
Аябай ойго салдыныз..,
Аракет кылып коройун
Чечмелеп эми берейин
Туура тапсам кана эми
Четинен баштай берейин:
Адамзат пендеси
Суйгон нуру кун болот.
Асман менен закымдап
Жургон нуру тун болот.
Арасында мунарык
Кирген нуру тан болот.
Асман жерди жаркыткан
Ачык нуру ай болот.
Асман жерди буркогон
Сасык нуру буу болот.
Жан буткондун баарысын
Тазалаган суу болот.
Жарды дебей,бай дебей
Жабыр кылган жут болот.
Эл ортосун ынтымак
Кылган нуру кут болот.
Бир ордунда кебелбей
Турган нуру кыт болот.
Же болбосо журт болот.
________
Жалпынардын коону учун
Жарымы тогун,жармы чын.
Акылга дыйкан эмесмин
Акыл кенчи эмесмин
Дараметке жараша
Аечкага жооп бердим.
Табышмактын жообуна
Башкалар эмне дээр экен
Анда эмесе башкага
Болбойт го кезек бербесем..... .
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 05 Февраль 2009 - 23:25
#15 07 Февраль 2009 - 14:38
Кулак салдын сен жигит
Кандай кыйын акынга
Тендедин ага ырахмат
Ата тегим Таластан
Манас ата бабадан
Киндик каным тамган жер
Токтогулдук болом шер.
Жазгым келди бугун мен
Ильхом менен алышып
Жигиттерге ыраазы
Эженер айтат бугун кеп:
Жакшынын баары корс болбойт
Жамандын созу жоош болбойт
Жети атанды сен билсен
Ошол болот жигиттик
Оймок ооз, кумар коз
Суйуп турсан жигиттик
Киши болор жигиттин
Киши менен иши бар
киши болбос жигиттин
Киши менен иши жок
Достор тирек болгон сон
Эч нерседен тартынба
Сыр чечишип,туйушкон
Сырдашын болот акыл чач.
Азамат болгон жигиттер
Туура суйлойт оз кебин
Ары жок ишке барганча
Артык кор андан олумду
Пейли бузук кишиге
Ички сырын айтпагын
Алты санын соо болсо
Бекер карап жатпагын
Макал-лакап кошкум келет
Айтышка бираз жан кирсин деп
Эки ат минген кеч калбайт
Элдуу тулку ач калбайт
Этекти кессен жен болбойт
Эзелки душман эл болбйт
Жигиттерге кыз жакшы
мунушкорго куш жакшы
уктасан жатып туш жакшы
Оокат кылсан кун жакшы.
Болду эми, жон койсо токтотпойт
Жигиттер урушуп экинчи жолотпойт
Акылдуу аял болгончо
Акылсыз жанымда болсун дейт
Суранам мен бугун жигиттерден
Мактасан аялзатын дайыма сен
Мактоого татыктуубуз карап корсон
Жан берет ал соз учун эгер кутсон
Болдуго соз байлыгым мен туготтум
Жигиттер барсынарбы, ыр узаткын!..
#16 08 Февраль 2009 - 17:01
Кандайсын досум Жекабай
Жаман болду аябай
Инетиндин алдагы
Трафиги бутуп калганы.
Соз байлыгын тугонбой
Казып тур ыр казнаны.
Сен жазчу сонун ыр саптар
Ишенемин,бар дагы.....
Жазышы жакшы жазыпсын
Кыйла нерсе жазыпсын
Бутту деп инет трафигим
Кыска айтканга шашыпсын.
Эки ыр жаздын болгону
Конулумо толгону
Жыйынтыкты сурайсын
Шашма экенсин онбогур.
"Жемеге" тоюп достордун
Качтынбы же айтыштан?
Тамашага тамаша
Жооп берип кайра айтышсан.
Чыгалек жатып айтышка
Жыйынтык деп шашылган
Токтой тур бираз сен досум
Кобойсун акын айтышкан.
Оо Аечка кыз азамат
Кармаган жерден кан чыгат
Жазган ырын окусан
"Клавасынан" чан чыгат.
Коп жерде досум экообуз
Тушунушуп журобуз.
Тартылса кыргыз сериал
Бирбирибизди суйобуз.
Ээрчишип кулку "темада"
Шарактап бирге кулобуз.....
Издешип кундо форумда
Жоголсок эле бирообуз.
Сен дагы далай соз айттын
Кыйшык эмес туз айттын.
Тамаша айтсам чыдаган
Кайра мени сыйлаган
Досумсун,бирок эмнеге
Ырларын жалан макалдан?
Кыргызда жакшы макал бар
Жаман эчки сакалчан
Жаман киши макалчан.
Сен ушуну унутуп
Калдын го дейм садагам....
#17 09 Февраль 2009 - 02:30
#18 09 Февраль 2009 - 10:58
Сунамын аябай саламымды
Жоопторуна мен ынандым
Корушконго шашылып кубандым
Кыз намысын талашып
Башынан ат салыштым
Аракет кылып айтышып
Кай жерде сенден калыштым?
Акындын баарын сынапсын
Озун ким экенин айтпапсын
Тийишкендей мен сенин
Эминенди алыпмын?
Форумдан издедим озумо тен
Соз десе,ой десе маган жеткен
СССР жигитти изилдеп мен
Ойлодум болот бекен ал мага тен
Салттуу акын деп журсом
Соз баштадын сакалдан
Сакалы жок аялды
Кууйт бекен форумдан?
Абайла жигит чаманды,
Айтышсан сенден каламбы?
Кыздын созун бурмалап
Сен таптынбы катамды?
Тикенектей жигит созун
Тийиштин кой десем озун
Сайып койсом безине
Сайгактап кетип журбогун
Болжошконум жогунан
Бойго жеткен курагым
Коп жигитти тааныйсын
Мага жакчу жигитти
Коруп озун сынап бер
Эми эмне деп ырдайсын,
Айтып кетчи планын?
Бирок жигит унутпа
Жакпайт мага бироо да
Болсо жигит сендей болсун
Аялзатын сыйлаган улуу болсун
Эгер менден коркпосон
Чыккын чечен айтышка
Утуп алсан эгер сен
Белегим бар-ал озум мен.
Эгер жигит утулсан
Анда, жаным шашпагын...
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 09 Февраль 2009 - 11:04
#19 09 Февраль 2009 - 18:27
#20 09 Февраль 2009 - 21:44
Тушунбой катуу кетипсин
СССР акындын ырын
Окуп корчу кайрадан
Жеканы суйуп СССР олуптурбу
Же "Голубой" болуптурбу?
Сериалда суйот мени
Билбей кошулган форумга куноон сенин
Ылгай турган акындарды сенсинби?
Макул болчу жообуна менминби?
Кечээ келип тор меники деп
Алтын бала ойлончу, убакыт бердик.
Макалсыз адам болбойт, эгер билсен
Билемин деп мактангым келди менин
Кыйын болсон макалдан сен ыр курчу,
Мен сынабайм, эркекче соз беремин
Бир форумда баарыбыз тен журобуз
Чогуу кулуп,ыйлап, сынды тен болобуз.
Эгер бизге кошулсан, кош келипсин
Болбосо, анда жигит кечир мени.
- (227 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »