Жашы жете электерге сатууга тыюу салынган!
#1 28 Ноябрь 2012 - 13:19
Биздин Кыргызсанда эмнеге андай эмес? Каалаган жериңден каалаган тамеки, сыра, арак алса болот. Жашың 10до болсо да. Азыркы учурда 4-5инчи класстын окуучулары тамеки тартып жүрүшөт. Бир жолу угуп калдым, 7-класстын окуучусу арак ичип алып, мектептин алдында жатат кусуп деген сөздү. Бул бала өзү сатып алган да арагын. 18ге толо электерге сатпай койсо, ал кайдан сатып алат бул нерселерди? Агасына айта албайт, тамеки, арак алып берчи мен ичемин деп.
Тыюу салынгандарды саттырбай койсо, жаштар да оңоло баштаса керек? Эменеге биздин ИИМ бул маселени карабайт?
#2 28 Ноябрь 2012 - 16:53
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#3 28 Ноябрь 2012 - 17:54
#4 28 Ноябрь 2012 - 23:58
Bizde oshondoy tartip kerek.
#5 29 Ноябрь 2012 - 01:54
lira (28 Ноябрь 2012 - 23:58) жазган:
Bizde oshondoy tartip kerek.
Ошондой тартип эмес, башкасын деле кыла алышпай атат го, сиз айткандай тартипке Кыяматта жетет окшойбуз.
#6 29 Ноябрь 2012 - 08:32
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#7 29 Ноябрь 2012 - 10:28
#8 29 Ноябрь 2012 - 23:02
#9 30 Ноябрь 2012 - 10:14
sestra (29 Ноябрь 2012 - 23:02) жазган:
ИИМ карабайт депсиз, жашы жете электерге сатууга тыюу салынат (продажа несовершеннолетним запрещена) деген созду жон жайдан эле жазды деп ойлойсузбу? Бул да болсо МЫЙЗАМ. ИИМ козомолдошу шарт болсо керек.
#10 22 Январь 2013 - 19:52
#11 26 Март 2014 - 13:13
B.B.916 (28 Ноябрь 2012 - 13:19) жазган:
Тамеки, спирттик ичимдиктер, деги эле баардык нерсе (жашы жете электерге сатуу тыюу салынгандар) ар өлкөдө сатылат. Бирок, биздин эмес, башка мамлекеттерде жашы 18ден өткөндөргө сатышат. Мисалы, сатуучудан тамеки алам десең, 18ге толгонсунбу? деп сурайт сөзсүз. Эгер жаш болсоң.
Биздин Кыргызсанда эмнеге андай эмес? Каалаган жериңден каалаган тамеки, сыра, арак алса болот. Жашың 10до болсо да. Азыркы учурда 4-5инчи класстын окуучулары тамеки тартып жүрүшөт. Бир жолу угуп калдым, 7-класстын окуучусу арак ичип алып, мектептин алдында жатат кусуп деген сөздү. Бул бала өзү сатып алган да арагын. 18ге толо электерге сатпай койсо, ал кайдан сатып алат бул нерселерди? Агасына айта албайт, тамеки, арак алып берчи мен ичемин деп.
Тыюу салынгандарды саттырбай койсо, жаштар да оңоло баштаса керек? Эменеге биздин ИИМ бул маселени карабайт?
Суроого Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Жашы жете электерге спирт, табак азыктарын саткандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-1 беренесинин негизинде чаралар көрүлөт. Жашы жете электерге алкоголдук продукцияларды сатуу.
Он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды сатуу, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - ушул иш менен алектенүү лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2013- жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жашы жете электерге алкоголдук жана тамеки продукцияларды сатууга тыюу салуу боюнча иш-мерчемдер түзүлүп, бир катар иштер өткөрүлгөн. Мисалы: 2013-жылдын 17-18-декабрь күндөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасына караштуу мамлекеттик салык кызматынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагынан 35 соода-сатык түйүндөрү текшерилген. Текшерүү мезгилде Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-1-беренесин колдонуп 10 соода-сатык түйүнүнө актылар түзүлдү.
#12 20 Июнь 2014 - 08:08
Негизи бизде чондорду жашы жетелектердин тагдыры кызыктырбай эле акча кызыктырат окшойт. Айтайын дегеним 18ге чыга электерге спирттик ичимдиктер жана сигарета сатпагыла деген мыйзам болсо деле сата беришет. Биздин олкодо ушул мыйзамды аябай кучуно киргизиш керек жада калса кочодо (рейд дейт беле) сменада жургон милиция кызматкерлерине да ушул жактан (укук дейтби же приказ дейтби) бериш керек текшерууго. Сатуучуларга катту уктуруш керек сатып жатканда жаштардан документтерин текшерууго. Жана да кечки саат 11ден сон спирттик ичимдиктерин сатууга тыю салыш керек. Бул тема боюнча кыймыл жасалбаса соз боюнча кала берет! Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки саткандарга штраф олчомун кыйла эле жогорулатуу зарыл. Ал эми тамеки заттарын витринадан такыр алып салуу койдурбоо керек! Тамекинин ордуна жон гана бир барак тизме илип койуу керек. Коомдук жайларда аялдамаларда тамеки тартууга тыю салуу зарыл жана штрафтарды киргизуу керек.
Билдирүүнү түзөткөн: LoLoPePe: 20 Июнь 2014 - 08:28
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#13 20 Июнь 2014 - 08:25
dina (29 Ноябрь 2012 - 07:28) жазган:
Дина эже туп тамыры менен жок кылып сала анда адамдар "в ручную" жазай башташат анан ал анданда зыяндуу болот. Тамеки менен Спирт ичимдиктеринин баасын жогорулатуу керек.
Билдирүүнү түзөткөн: LoLoPePe: 20 Июнь 2014 - 08:30
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#14 20 Июнь 2014 - 14:28
LoLoPePe (20 Июнь 2014 - 08:25) жазган:
Андан да жакшы жолу алардын зыяндары жөнүндө жакшылап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Айрыкча мектептерде. Медиктердин лекциялары, атайын видеолор ж.б.у.с. колдонушса жакшы болот. Алкоголь ичимдиктеринин реалдуу зыяндарын толугу менен түшүнгөн адам аны колуна да кармабайт.
#15 20 Июнь 2014 - 14:40
Daud (20 Июнь 2014 - 11:28) жазган:
Биз улуу муундагылар ошол нерселерди озубуз аркылуу жеткирсек да болот. Кичуу муундагыларга зыян деп кулагына куйуп далилдеп берген кундо да, алар биздин жолду жолдойт эмесби. Биз аларга зыян деп анан озубуз буркурата тамекини тартып, кочо-койдо келпийип ичип журсок, аларга зыян деп кулагына куйганыбыз тыйындай да болбойт го
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#16 20 Июнь 2014 - 15:49
#17 20 Июнь 2014 - 16:25
#18 20 Июнь 2014 - 20:12
Бул продукцияларды саат 22:00дон кийин сатууга тыйуу салган, 18 жашка чейинкилерге сатууга тыйуу салган бир эле Россияны алып королу. мисалы Москвада мен да болгом, коргом бирок аларда жаштар биздин жаштардан отот, алкоголдук ичимдик мн гана чектелбестен наркотикалык заттарды да колдонушат. Мен ойлойм закондон эмес, адамдын озунон. Дуйно таанымынан, чойросунон, ата-энесинен зависит. Дагы мени коптоп ийбегиле оз оюмду жаздым, мага карата комментарий лердин кереги жок. Ой андай мындай дегендер ар бир адам тарбияны озунон баштоо керек.
#19 25 Август 2015 - 23:37
#20 26 Август 2015 - 00:08
Рф алкоголь, сигарет, ал тургай энергетик ичимдиктерин 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салды, иш жузундо да мыйзам так аткарылат, сатышпайт.