kadam Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 98 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (53 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Февраль 11
- Кароолор:
- 15 407
- Соңку аракети
- 06 Май 2021 16:54
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 61 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 10, 1962
- Кызыгуусу:
- сууда сүзүү, балык кармоо,
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Жалгыздык
Жазылган күн: 16 Мар 2019
Кечээ эле үйдү үч көтөрүп ызы-чууга кылган неберелерим эми алыста... Кечээ эле маңдай-тескей отуруп кобурашып чай иччү уул-келиним алыста...Үйдө тымтырс...бир гана өзүмдүн дем алганым,молдонун азан чакырганы угулат. Жымжырт баары...Бир заматта заманам куурулуп, жалгыз калам деп эч ойлогон эмесмин. Тагдыр жазмышпы билбейм? Баарынан да жашың өтүп калганда буга көнүш өтө, өтө эле кыйын экен. Жашоомдун барактарын түнү бою барактап чыгам...Биз сонун үй-бүлө болчубуз. Сүйүшүп жүрүп баш коштук. Биздин үйлөнүү тоюбузга жатаканадагы баардык студенттер келишкен. Окууну бүтүп, борбордо иштеп калдык. Аңгыча жаштарга борбордон там салууга жер тилкесин бөлдүрүү кыймылы күч алып, өкмөт жер бөлүп бере баштады. Элдин шары менен жер тийип, эки бөлмө там салдык. Жашообуз жакшы, эки уулду болдук. Социализм системасы кыйрап,баарыбыз базарга чыктык. Ал иш биздин колдон келбейт экен, кайра эле көнгөн мугалимдигибизге бардык.Айлыкты 4-5 айлап албай калчу болдук. Күйөөм иштен чыкты. Бир чоңдун кеңешчиси болуп иштей баштады. Акырындык м-н карыздан кутулуп, оңолууга өттүк. Санаа жок, иштеген иш, жашаганга үйүбүз бар. Балдар бала бакчада, биз жумушта. Күйөөм да элге аралашып, кадыр-,барктуу боло баштады. Жүргөн жери отуруш...Аны деле аңдап билбейм. Бирок элден уга баштадым. Күйөөң тиги м-н муну м-н базарлап жүрөт.Эки үч жолу жумушунан улуу аялды көп көрчү болдум. Маани деле берген эмесмин. Сиңдим айтып келди, жездемди көрдүм, бир аялга шуба алып берип жатты.Ичим тызз дей түштү...Жолдошумун үйгө конбой калчу адаты пайда болгон. Акыры билинди...Ызы- чуу чыр чатактын аягы ажырашуу м-н бүттү. Бүттү баары...Тогуз жашар, эки жашар уулдарым м-н калдым.Бир кезде балдарын жанындай көрчү атакебиз эми балдарына карамак турсун,уялбай 6 айга 90 сом алимент салыптыр. Мингени мерседес, кийингенин айтпай эле коёюн. Өзүнөн 10 жаш улуу аялдын 4 баласын багып кетти. Эки уулумду багып-чоңойтуш оңойго турган жок. Эки жыл катуу стрессте болдум. Үйгө келген туугандарымдын мемиреп уктап жатканын көрүп, суктанаар элем. Мен да ушулардай болуп, санаа тартпай тынч уктаар бекем?Белди бекем бууп,ишке катуу кириштим. Ишимден сырткары,чет элдиктерге сабак бере баштадым. Баягы 2 бөлмө үйдү чоңойттук, короону өзүбүз сокмо уруп тостук. Ар бир ишти балдарым м-н чогуу кылабыз. Балдар чоңоюшту. Улуусу жакшы окуу жайга өттү.Кичүүм техникумду бүтүрдү. Улуу балам кайнатамды тартып жоош, окууга, музыкага шыктуу. Кичүүсү окууну жаман көрчү, бирок адамдар м-н мамиле түзгөндү, сүйлөшкөндү жакшы билет. Кичүүм биринчи үйлөндү. Келиним жакшы чыкты. Колумда бир топ жыл чогуу жашадык. Эч бир кынтыксыз оокат кылган, оюмдагыдай сырдашым, жан биргем болду. Татынакай эки неберелүү кылды. Туруктуу иши болбой, уулум бир топ кыйналды. Ошондо да, сен таппайсың, аны кием, муну кием дебеген сабырдуулугуна баа бердим. Улуу балам бойдок...Өзү момундугунанбы, башкаларга окшоп кыздын артынан чуркачу эмес. Соцсеттен бир кыз м-н таанышыптыр. Өзүнчө эле мулжуңдап калыптыр.Бизге жага бербей, сөз м-н чымчылап жүрдүк. 8-мартта шаабайы сууп келди. Кичүүм айтты, тиги кыз берген белегин жактырбай кубалап ийиптир. Ал эмнеси?-деп койдум ичимен.Санаага батып, азып кетти уулум. Апрель айы болуп калган, үйгө токтобой калды. Экөө жарашыптыр дешти. Аа жакшы болуптур.Орозого жакындаганда уулум кафеге чакырды. Бардым, аябай сырдашып сүйлөштүк.-Апа үйлөнбөсөм болбойт, кыздын боюнда бар.-Мейли, өзүңдүн да жашың келип калды, үйлөнсөң үйлөн.Качан тааныштырасың? -Азыр келет. Жакшынакай кийинген өңдүү-түстүү кыз келди.-Здрасьте. -Ии келегой. Уулумду чындап жакшы көрөсүңбү?- Жылмайып койду.- Жашоодо өйдө-төмөн болот. Бирде бар, бирде жок чыдайсыңбы? -Ага. -Эми кандай бүтүмгө келели?- Я скажу своим родителям, но боюсь.-Ии эмнеге? -Думаю, они будут против.-Эч нерсе болбойт, көндүрөбүз. Бир жумадан кийин дагы жолуктук.Ыйлап алыптыр. -Эмне болду?-Родители против.-Эмне үчүн? -Он оказ-ся не богат.Биз сени богатый женихке беребиз. Кулагыма угузба дешти.-Чакыр ата-энеңди, бизди көрбөй туруп, кайдан билет? Бетме-бет жолугалы? -Вы только не говорите что я беременна. -Айтпайм. Сен чакыр,аларды көндүргөн жагын өзүм алайын. Мындайды күтпөгөн жаным, аябай жаман болдум,бизди кемсинткенине. Кийинки жумада жолуктук. -
Сен болбосон...
Жазылган күн: 2 Янв 2016
Канча бир жылдан кийин аргасыз жолукмак болдук.Көрөйүн деген көзүм жок, бирок жолугушубуз керек. Ал ишке чекит коюшубуз керек... Кирпик какпай таң аткыча ойлонуп чыктым. Сенин мага карата кылган жоруктарың, ишенимге кирип алып тагдырымды талкалап,үй- бүлөмдү бузганың- баардыгы көз алдымдан өттү.Кызык?. .. Сага деген кек сактоо,ызалануу, жинденүү менде калбаптыр. Убакыт дарылаптыр. Жүрөгүм жамандыкты туткундап албай, бошотуп коё бериптир. Мен ыраазымын сага! Эгер сен үй-бүлөмдү бузуп кетпесең, мен дагеле баёо ишенчээк, маңыроо боюнча “оозумду ачып” жүрө бермекмин. Эже-инидей болуп ээрчишип чогуу жүргөнүңөрдө түк арам ой саначу эмесмин,башкалар экөөңөрдүн өзгөчө жакындыгыңардан шектенишип кеп козгошсо да аларды четке кагып койчумун.Себеби ортодо 9 жаш айырма бар эле да. Ак нанымды коюп,берээрге ашымды таппай калаар элем үйгө келсең. Экөөң үй-бүлөңөрдү, эл эмне дейт деп ойлогон жоксуңар. Канчалык бул ушак деп актанып жашырууга жандалбастасаңар да акыры баары белгилүү болуп ачыкка чыкты. Анда да кабагым кашым дебей кайын-журтумдун алдында какшанып турдуң,кудайдын жазганы ушу экен, мени эми эжеси эмес аялы катары тааныгыла деп... Сөз жетпейт сенн кылык-жоругуңа. ..Мен ыраазымын сага! Ак жеримен жаманатты болуп, "эрин тарттырган, эри таштап кеткен аял" атка конуп, көз жашымды көлдөтүп жүрүп чыйралдым.Кенедей эки балам м-н жалгыз калганда түнү м-н көз ирмебей "эртең балдарыма кантип тамак таап келем"- деп ойлонуп далай таңды атырдым,Жетишпегендиктин айынан бели ката элек балдарым, каникул учурунда бири автомойкада, бири Ош базарында тачки сүйрөп иштешти. Бир күндүк таап келгендери 20-30 сом болсо дагы, бул биз үчүн чоң киреше эле. Жарыбаган мугалимдин акчасын карап отура бербей, акырындык менен кирешенин жолун тапканды үйрөндүм. Кошумча сабак бере баштадым.Балдарым- менин туу туткан медерим,кеңешчим, жардамчым болушту. Кыштын узун түндөрү жарык өчүп калганда баарыбыз жатып алып “Надежданы” ырдачубуз. Бул ыр биздин үй-бүлөнүн девизине айланды.
Сен гана эмес сага кошулуп башы айланган балдарыңды, көрүп билип турушса да кой-ай дегенге жарабаган өзүңдүн апаңдын, бир туугандарындын, өз атасын кууп чыгышкан эрезеге жеткен уул-кыздарындын кылган кыянатчылыгы, эки жүздүүлүгү- ушундай да адамдык сапаттар болоорун далилдеп көзүмдү ачты.Бул жашоодон мен өз ордумду таптымбы?-деген суроо көп түйшөлттү.Көп изденип окудум, тренинг семинарларга катыштым..Мурда күйөөмдүн оозун тиктеп көнгөн жаным, жалгыз бойлук турмуш, эми максат коюуну,чечимди өзүм чыгарууну,бүйрө болууга, сарамжалдуулукка, үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоого үйрөттү.Шаарда чоңойуп, курулуш иштеринен алыс болгом, “башка түшсө байтал жорго болот”-дегендей, уулдарым м-н бирге ылай тебелеп дубал тургуздук. Бул менин алгачкы Жеңишим эле.Кошуна-колондор келип көрүшүп мактап кетип жатышты.Бул мени аябай шыктантты.Баягы кичинекей там эми оңдолуп чоң тамга айланган. Адамдарды тике карап талдоону, мамиле кылууну, ак караны ажыратып билүүнү үйрөндүм. Мен ыраазымын сага! Турмуш бизди такшалтты, бышырды.
Бирок, сен балдарымдын атасына татыктуу жар болуп бере алган жоксуң. Анын тапкан–ташыганын өзүңө каттатып алып, кууп көчөгө чыгарып койдуң. Ал аз келгенсип уулуңдун ордуна милицияга салып берип каматтың.Бир кезде далай кыз-келинди суктантып керилген жигит, эми чачы жыдыган, жумушу жок, эптеп жатаканада күн көрүп жүрөт. Мен ыраазымын сага! Жашообуз өз ыргагы менен өтүп жатат. Уулдарым бой жетип татыктуу билим алышты. Мен ыраазымын сага! Сен минтпесең, менде мынчалык Өсүү! Өнүгүү! Жетишкендик! Ийгилик! болмок эмес. -
Келин келди...
Жазылган күн: 28 Авг 2014
Жашоо маңызы ушул экен. Кечээ эле биз да жаңы тутүн булатып турмуш курдук эле. Кечээ эле балдарым чымын-куюн болуп көчөнүн чаңын ызгытып ойноп жүрүштү эле. Бүгүн минтип уулдарым бой жетип, замандын илебиби же буйруганыбы, улуусунан озунуп кичүү балам үйлөндү. Эч ойдо турган кезде, сюрприз болду ..... Уулдарымдын туруктуу иштеген иши жок эле. Жаштык кылып сезимге алдырып коюшкан экен, келин кош бойлуу болуп келди. Башкаларга окшоп териштиргим келген жок, Алланын буйругу - анысына мейли деп, колдо болгон шартыбызга жараша салтты жасап алдык. Мурун эч нерсени этибар албай жашачу элек, келин келгенден бери жашообуз жаңы нукка өтүп менин жашоомдун жаңы барагы башталды. Сөздүн ачыгы: балдарды жалгыз өстүрдүм, ошол себептүү чечимди да жоопкерчиликти да өзүм кабыл алам. Тапкан да мен, баккан да мен .... Азыр баарыбыз чогуу жашайбыз, колдон келсе бөлүп салат элем, шарт жок. Келиним жакшы чыкты, оокатты айттырбай кылат. Кээде болуп калат анча-мынчалар, көз жуумп коём. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр татуу мамиледебиз. Тилегим: экөө ынтымакта болуп көп жашашсын. Уулум жеңил ой м-н сүйлөшүп жүргөн экен. Кызы кош бойлуу болуп калганда мага айткандан коркуп жүрүптүр. Достору андай кылбай айт деп мажбурлашканда гана айтыптыр. Эми турмушту түшүнүп, олуттуу болуп коз карашы өзгөрүп калды. Баягы эркелиги жок, максаты пайда болуп, оокат кылайын, бүлөмдү багайын деп аракет кылып жатат. Буйруксуз аш болбойт деген чын экен. Мен азыр Аллага аябай ыраазымын, келиндүү кылганына, жашым элүүдөн өтүп, баягыдай оокат кыла албай калгам. Кошуна колоң- эл журттун баары ыраазы болуп жатышат уулума рас болбодубу деп. Эл эмне дейт деп чочулаган уулум, элдин колдоосун укканда көңүлү көтөрүлүп, алга умтуулусу, шыктануусу ойгонуп жатат. Мени сүйүнткөн нерсе, үй- бүлөмдүн жакшы нукка багыт алганыбыз, уулумдун жакшы жакка өзгөргөнү, келинимдин жакшы чыкканы, кудаларым м-н тил табышканыбыз .. Бул өмүрдө байлык, мансап роль ойнобойт экен. Дүйнөдөгү чексиз баалуулук -ҮЙ-БҮЛӨ. ҮЙ-БҮЛӨҢДҮН ЫНТЫМАГЫ -. ЖАШООНДУН ЖЫРГАЛЫ Замандаштар, жашоомдогу жакшы жаңылык м-н бөлүшкүм келди.
Комментарийлер
sterva
27 Авг 2015 - 08:28