Адамдын терисин кайнак сууга, үтүккө, чокко күйгүзүп алса эмне кылыш керек?
Элдик ыкма болсо жаза кетсеңер жакшы болмок. Биринчи медициналык тез жардамды дагы. Алдын ала ыраазычылыгымды айтам!
Адамдын денеси күйүп кеткенде эмне кылса болот? Кеңеш бергилечи. Билип алгым келип атат.
#3 29 Март 2012 - 12:42
Мен да билгендеримди кошо кетейин картошканы мапмайда кылып тверкадан өткөрүп алып ошол күйгөн жерге коюш керек.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#4 29 Март 2012 - 16:49
Сөзсүз түрдө күйгөн жерге каздын майын сүйкөш керек. Ошондо денеде тырык калбай таза айыгууга мүмкүнчүлүк бар. Эгер өтө эле өтүшүп кетпеген болсо.
#5 29 Март 2012 - 22:33
Birinchi jardam bul kartowkanyn kabygyny kuigon jerge uturu janylap koiuu kerek.Anan kazdyn maiyn surtuu kerek kuigon jerge owondo kuigon jerde tak je bolbosom tyryw bolup kalbait .
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#6 07 Апрель 2012 - 19:31
Халикан деген дары бар. Тяньши компаниясынын.
Ошону куйгон жерге сепсенер оорутпайт жана жаны тери пайда кылат
#7 18 Апрель 2012 - 06:33
Мен кызымды күйгүзгөндө өзүм шок болуп семичканын майын сыйпай бергем,анан доктурга кеткенбиз.Андай убакта картошка да эч нерсе мээңе келбей калат экен,билчүүмүн аны деле каякта чырылдап ыйлап жаца картошка ачып отуруп албайт экенсиң.Эң жаман ситуация экен да жардам бере албай тыбырчылап,
кошо ыйлап,күйгөндөн кудай сактасын.Болинцага келсем доктурлар эне сүтүнүн акысынан айрылдың деп жинге тийишет,ал убакта өзүң эле кечмек түгүл,даже өлүп алайын деп да ойлоп кеттим.Экинчи балам бойумда бар болчу ал болбосо жок болмокмун.Каздын майын азыркы күнгө чейин сыйпайм,бирок шрам кеткен жок.9 айында күйгөн,азыр 6 жашта.Ар бир энеге каалбайм баласынын күйгөнүн,жаным чыгып кетет эстесем.
#8 03 Январь 2014 - 17:00
Эскертуучу нерсе паста койбонуздар!
Териде коптогон клеткалар бар, алар жабыркап калышы мумкун ошондуктан тезинен ооруканага баруу керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 06 Январь 2014 - 01:52
Куйгон жерге сразу(айылда болсо)уйдун жаны(мумкун болушунча)богун коюшкерек деп укканым бар эле,анан каздын майын сыйпаса тырыгы жок айыгат дешчу...иш жузундо колдонуп коргон эмесмин.
#11 06 Январь 2014 - 03:56
#12 06 Январь 2014 - 12:15
Каздын майы да абдан жакшы натыйжа берет. Анан фурациллин деген дарыны сууга чылап ошол менен эле чайкай бериш керек, күйгөн жерди. Ал былжыр чел кабыкты катытып эртээрээк айыктырат.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#13 07 Январь 2014 - 05:31
Май, паста суйкоп, же муздак сууга салбаныздар.
Май-ашыкча этти пайда кылат, тарам-тарам кылып. (ото катуу куйгондочу).
Паста-Канат мырза айткандай.
А муздак сууга салгандан кийин атышканы убактылуу суудан чыкканча гана басылышы мумкун, бирок, ачышканы кучой берет.
Жакшысы Пантенол, мазь жана пенкасы.
Каздын майын деле коп колдонгон болбойт экен, байкемдин кызы сильный ожог алган, кечке каздын майын суйкой беришип, ашыкча эттер кадимкидей шрам сыяктуу тарам-тарам болуп, пайда болгон. Врачтан тил угушкан байкуштар...
В каждой шутке есть доля правды...
#14 08 Январь 2014 - 01:34
Куйгонго адамдын заарасынан откон дары жок.Куйгон замат ысык (свежий) заара менен жууш же суртуу керек.Канчалык ачышса ошончо жакшы.О.э. тузду коюу суртуп, катуу чаап уруу керек.Мында да канча ачышса ошончо жакшы.
#16 09 Январь 2014 - 11:24
Медицинанын тили менен адамдын териси же органдарынын жашоо тиричиликте күйүп калышы термикалык жана химиялык болуп бөлүнөт. Биринчи түрүнө – кайнак сууга, ысык парга, отко, ысык темирге күйүп калышы кирет. Мындай учурда теридеги клеткалар өлүмгө учурашат. Температуранын ысыктыгы канчалык жогору болсо күйүп калуу коркунучу ошончолук тереңдейт. Күйүккө жараша төмөнкү даражаларга бөлүнөт.
1-даражадагы күйүккө – теринин кызарышы, 2- териде майда томпокчо суу толгон шарлардын пайда болушу, 3-тери клеткаларынын көп бөлүгүнүн өлүшү, 4-теринин терең катмарына чейин күйүп калышы. Күйүктүн мындан аркы оорчулугу күйгөн аймактын чоң же кичине болушуна жараша.
Биринчи жардам – ысыктын табын токтотуу жана оорууну басаңдатуу максатында күйгөн жерди үстүнөн муздак суу менен муздатуу. Жабыркаган териге муздак суу, муз же карды 10-15 мин. кармап туруп, таза, кургакталган таңгак менен жаап кургатуу керек.
1-даражадагы күйүктү муздатылгандан кийин 40% спирт же одеколон менен аярлап тазалоо керек. 2-даражадагы күйүктү спирт менен аярлап тазалап, таза таңгак менен таңуу керек.
3-4- даражадагы күйүктү муздатылгандан кийин врачтын көзөмөлүсүз эч кандай кадам жасоого болбойт. Ошол күйгөн жерлерге кийимиңиз жармашып турган болсо муздак суу же муз менен муздатып, кийимди чечпей туруп кайчы менен тегерегинен кесип таштоо керек. Жабыркоочу эсин жоготуп койбогон болсо 2 таблетка анальгин ичирип тез арада ооруканага жеткирүү зарыл.
Денеңиздин көп бөлүгү күйгөн болсо күйүктүн даражасына карабастан врачтын көзөмөлүндө болуу шарт. Таңууга мүмкүн болбогон учурда микробдор жукпашы үчүн таза шейшепке ороп алып барса жакшы.
Эгер тери 3-4- даражада күйүп врачка тез арада кайрылууга шарт жок болсо таза бинтти нашатыр спиртине салып күйгөн теринин тегерегин тазалап, жармашкан кийимдерди чыгарып салуу керек. Кир болгон жерлерин перекись водородуна бинтти малып терини тазалоо керек. Чоң шарча болуп суу толгон жерлерди жаруудан алыс болуңуз. Тазалап бүткөн соң жабыркаган жерге стрептоциддин эмульсиясын же фурацилиновой мазь сүртүп бошураак таңыңыз.
Эгерде жогорудагы жолдор менен бет, каш күйгөн болсо (Кудай сактасын), анда үстүртөн зеленка менен сүртүлөт.
· Ал эми элдик медицинада күйгөн жерди заара менен сүртүүнү кеңеш берет. Андан соң бинт менен таңып үстүнөн кургатпай улам-улам заара менен суулап туруш керек дешет. Оор күйгөн мезгилде бул ыкманы бир нече күн жасоо керек.
· Дагы бир дарылоо жолу- картошка менен. Картошканы майдалагычтан өткөрүп алып, согу менен таза бинт же чүпүрөктүн бетине коюп күйгөн жерге таңылып коюлат. Кампрестин муздагы кетип жылып баштаганда алынып кайра жаңыртылат.
· Чай менен да дарыласа болот. Кара же көк чайды демдеп алып, 15 °С абалына келгенче муздатып күйгөн жерге тамчылатат же бинтти нымдап коюп коюш керек. Бинтти кургак абалга жеткизбей бат-бат чай менен нымдап туруу зарыл, бул шарт 10-12 күнгө созулат.
Химиялык күйүктүн түрүнө кислотага же щелочтуу заттарга күйүү кирет. Мында биринчи жардам - тез арада сууну көптөн куюп жууп салуу. Кислотага күйгөн мезгилде кадимки ашкана соодасын аз өлчөмдө сууга аралаштырып (1ст.сууга 1 чай кашык соода) жууп салуу керек, ал эми щелочьго күйгөндө кислотанын (лимон, борной) аз өлчөмдөгү аралашмасы менен же уксустун (суунун 50дөн бир бөлүгү уксустан турат) аралашмасы менен жуулат.
Эскерте кетчү нерсе тазаланбаган окцид кальциясына (негащенная известь) күйгөн убакта суу тийгизүүгө болбойт. Бул көбүнчө курулуштарда, аскер куралдарында кездешет.
Көз кислотага күйгөн учурда суунун жай агымы менен жууп салуу керек, андан соң 2% ашкана соодасынын аралашмасы менен жуулат. Щелочько күйгөндө көп өлчөмдөгү суу менен кайталап жууп, 2% борной кислотанын кошулмасы менен же сууга уксустун аралашмасы менен (суунун 50дөн бир бөлүгү уксустан турат) жууп салуу керек.
Эгер тамак (горло) күйгөн болсо оливка майын, май аралашкан суу, айранга чийки жумуртканын аралашмасын ичүү сунушталат.

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#17 24 Ноябрь 2015 - 13:47
Өткөндө инеттен Казакстанда (Тараз шаарында), анан Монголияда өзүн-өзү өрттөгөндөрдү өчүрөм деп аракет кылгандарды көрүп тан калдым. Ким билет - эгер адам күйүп баратса ошентип чапкылап өчүрүүгө аракет кылган туура эмес болуусу керек? Кайра жалын каптап, өрт күчөбөйбү? Туурасы - ошол куртка болобу, жууркан/плед болобу бекем кымтып алса аба кирбей өрт да өчөт болсо керек?
> Mен эл менен <
#18 24 Ноябрь 2015 - 15:54
Эн жакшы жардамга туз келет. Бир аз колду куйо тургандай ысыкк суу жасап (биротоло ыссык эмес) туздан салып аралаштырып туруп марля менен же таза материал менен сууну синирип алып куйгон жерге басат. Бир аз ачышат бирок чыдоо керек. Эн жакшы жардам ушул парсанак да болбойт и так да болбойт. Мен озумдун башымдан отту и башка да бир экооно тез жардам корсотком. Каздын майын да жакшы так калтырбайт деп коюшат. Ото шылынып калса Актовегин деген мазь да жакшы жардам берет батыраак оз калыбына келгени жардам берет.
#19 05 Август 2016 - 17:28
ар бир адам ар кандай жазыптыр.менин бутум куйгон кайнак сууга тиземен ылдый кызыл ашыка чейин.биринчи муздак суу эле куя бергем чыдатпай ооруганына анан суу чыккан жердеги ылайдан жапкам олло ачышкан кийин айыккыча каздын майын бир кундо бир суйкоп турчумун ошо азыр тырык жок...
#20 05 Август 2016 - 17:35
Эн Жакшысы ак май менин кичинекей укам кайнак сууга куйуп калган ошондо Апам ак майды артынан сыйпаган тез эле кайтып кеткен эч нерсе болбой